2-БОЛУМ.
*******
— Иш да иш, шефти алып келдим. — Кундуз эмнеге иштен чыгам деп жатат? — Озу билет да. — Кой-кой, эркектер аарыдай чагып коесунар да билмексен болуп каласынар, жакшынакай ишинен чыгарып алып эмне кыласынар? — Жаш бала м.н апама кыйын болуп жатпайбы? — Баса элекпи? — Жок,али сегиз айлык эми болду. — Жаш экен. — Ошондуктан озу чыгам дегенго? — Шамбет эки жагын карана Кундузду издегендей болуп калганда Айжан: — Ал болмодо, коноктор туношот экен, туну м.н коноктордун козун карайбыз го, анан калса директор дагы коркуп жатат окшойт, быйылкы тол кырылып,олум- житим коп экен,ордунан ыргып кетемби деп булкулдоп жатат, — Айжан шыбырап козун кысып койду.
— Эсебин табат да,алар да адамдар, мындайдын далайын тынчыткан. — Ким билет? — Кой, мен Кундузга жолугайынчы. — Сагынып кеттинби? — Айжан тийише кулуп койду. — Жон эле жолукпайынбы, — Шамбет ага жооп кыла кулуп ары кетти, Кундуз диванда ойлуу отурган, куйоосун коруп тура калды, — Эмне болду? — Эч нерсе,шеф м.н келдим. — Аа-а. — Сен эмне, жумуштан чыгам дедин беле? — Ооба,-деди Кундуз суз. — Озун бил, чыксан чык,иштей бер,-деди Шамбет анын жанына отуруп, ошол убакта <комиссия келди>, — дешип дурбоп калышканда Шамбет сыртка чыгып кетти, конок болмодо тамак аш жайнап кабарчы м.н райондун жетекчилигинен келгендер ичке кирип орун алышканда колхоздун атка минерлери Бектурсун Доолоталиевичтен ылдый орун алышты. Ошол туну алардын оозунда, колунда майлап жайгарып баары жайында дедиртип документтерин бутуруп жолго салышты. Ал куну Кундузду Шамбет озу алып кетти. Бектурсун унчукпай кала берди,алардын сырын жакшы билген Айжан м.н Сагын бири-бирин тиктеп коюп оз-оз уйлорундо кала беришти. Бектурсун Доолоталиевич озунчо бир ой ойлонуп жатты, анын оюнда Шамбетти эптеп жок кылуу эле: <Кандай кылып козун курутсам экен, Кундуздан ажырабаштын бир гана жолу Шамбет, аны же турмого каматып,же озунун козун тазалоо керек, эч ким куноолуу болбогондой кылып>,- деп ойлонгону м.н кандай кылаарын билбей жатты. Эртеси Кундуз кундогудой эле Шамбет м.н жумушуна чейин жетип калып калды,эчнерседен капарсыз оз ишине жоногон Шамбет: <Эмнеге уруштум экен, татынакай аялымды кимдендир кызганганым го. Кой,балабыз турат,иштей берсин>, — деп конулдуу ышкырып коюп озунун шефининд жоноду. Кундуз келсе эч ким жок экен, ойлуу ичке кирип диванга жатып уктап кетти,ангыча Айжан м.н Сагын келип калды, алар ар кайсыны айтып тамашалашып отурганда Жунус келип калды. — Кундуз,мейманканага керектуу буюмадар келиптир, озун барып керектуулорун алсын дейт шеф, калганын бала бакчага берет экен,- деди баш багып эле. — Макул,- деди да сыр билгизбей тура жоноду, ал билет Бектурсун атайын чакырчу, чынында материалдар келген, мурун дагы келип Кундуз жаны-жаны одеал м.н жаздыктарды алып калган, эми дагы ошондон пайдаланаарын сезип кудундай кетип жатты. Жунус адегенде эле Доолоталиевич кутуп турган жерге алып барды да озу калып калды, Кундузду арт жагына отургузду да озу айдап алып ээн жакты коздой айдап жоноду. — Кундуз,мен сени м.н жакшылап суйлошойун дедим эле, — деди коптон кийин Бектурсун Доолоталиевич. — Эмнени? — Биз жакында кетишибиз керек. — Кайда? Кантип?! — Сен качып кеткен болосун, мен сени шаарга дайындуу уйго жиберем,мен кийин барам. — Ата-энемдер эмне дейт? — Эчнерсе дебейт, кийин кабарлашып аласын. — Сиз мени баары бир жон гана эрмекке алып кетесизби? — Ал эмне дегенин, мен сени жакшы короорумду билесинби? — Ооба билем, бирок сиздин уйбулонуз бар, мен сизди канчага чейин кутуп омур откором,кокус боюма болсо атасы сиз экенинизди айта албай,балдарым нокотек торолобу? — деди Кундуз куулук м.н Бектурсун Доолоталиевичтен так жооп уккусу келип. — Бир аз чыдасан мен жанында болом,уйбулом айылда калат,колхоздон кетуунун амалын ойлонуп жатам, жакында аялымды санаторияга жонотом,анан сени шаардагы досума тел.чалып дайындап райондон озум узатам. — Баламды кантем Шамбет мени ит м.н издейт,ансыз дагы ал эчтеке укпай журот,элдин кобу билип калды, кайсы куну олтуруп коет деп озум дагы коркуп журом. — Ким билип калыптыр? — Корбойт деп ууру кылба, укпайт деп ушак айтпа деген… — Кундуз,мен сени куйоондон кызганып журуп отомбу,андан коро сени алып кеткеним жакшы, -деди Бектурсун Доолоталиевич унаасын токтотуп арткы эшигин ачып Кундуздун жанына келди, — Келчи адегенде сагынычыбызды таркатып алалы, — деп келинди кучактап басып калды,- Сенин айындан бут жумушту таштагы келип журот,жаным! — Кадыр-баркынызды бир аял учун тушургунуз келеби? -деп Кундуз улуу киши экенине карабай бут денесин бош таштап дилин,журогун тартуулап кыткылыктап жатты. — Сен учун баарына барам, партиядан чыгарса да кайылмын! — Ыраспы? — Чын айтам Кундуз, мен башкаларды башкарганым м.н, сенин алдында бир эркекмин,- Жанталаша опкулоп жатканда Кундуз унун чыгара онтолоп колдорун карлуу эркектин жонуна бекем аткый акыштанып жатты. Копто барып шалдая кучакташаып жатып калды да жерге тушуп суу жээгине барып жуунуп келип Бектурсун ала келген тамактардан жеп, ширин винодон ичип кучакташа опкулошуп дагы копко отурушту.
СЕЗИМ СЕРЕСИ.
— Менин куйоом ушунча эл уккан созду укпай керен болуп журот,кайненем билет экен,этият бол деди, — Кундуз Бектурсунду карабай туруп айтты. — Кантип,кайненен угуп калыптырбы? — Эбак угуптур,кетейин десем кетирбей койду. — Анда кайненен жакшы киши го,болбосо баласынын козуно чоп салган келинге жакшы айтмак беле? -деп Бектурсун Доолоталиевич ойлонуп калды. — Ооба,кайненем абдан жакшы аял, эсин барда этегинди жый деп кайра акыл айтты,- Кундуз улутуна карады,- мейманканага жабдуулар келгени чынбы? — Ооба-ооба, каалаганынды кечинде Жунус м.н жеткирип ал, жакшы матрацтар м.н одеалдар келиптир. — Макул ,сиз эмне десениз ошондой болот, — Кылыктана кулуп койду, — Агай, мага бир кой керек болуп жатат. — Качанкыга?- Уч кундон кийин баламдын туулган куну. — Уйуно жеткирип берейинби? — Ой жо-ок,кайненем ошондо мени кандай кылаар экен,ансыз дагы кебез м.н муздап отурат. — Анда кандай кылабыз? — Сойдуруп берсениз эле мейманканадан озум алып кетем. — Болду,сен каалагандай болот,кана эмесе кандай деп чечтик? — Бектурсун келиндин ээгинен ала озуно каратып коздоруно тигилди, — Балан экоонорду бир жумадан кийин жонотконго макулсунбу? Билбейм,ойлонуп кором,сизге таянып жылуу очогумдан айрылып калбас бекенмин,мин ойлонуп бир кесуу керек мындайды. — Туура айтасын жаным,бирок сени мен талаага таштабайм. — Убакыт корсотот,мен дагы ата -энемди, Шамбетти ойлошум керек, аялы бироону ээрчип кетсе намысынан бир нерсе болбойбу, сиз м.н кастамып бир балээ болуп кетпейби…
— Коркпо,баарын бутуром,менден шек албай турган болот. — Ага жамандык кылбаныз. — Андай жаман ой жок,-деп Бектурсун ойлонуп калды. — Эмесе кеттик,сиздин иштериниз калдыго? — Кундуз ордунан турду,- Карыган кайненем жаш бала м.н кыйналып да журот. — Макул кетели, сени мейманканага Жунус жеткирет,азыр барып тиги матрацтарды алып келгиле,-деди. Ошол туну Кундуз уйуно жаны матрац м.н одеал,тошокторду, жаныз жаздыктарды тушуртуп алды. Токтокан ичинен баарын тушунуп турду,жаман жол м.н келген буюмдун жакшылык алып келбесин билип жатсада ундободу. Шамбет келгенде коруп: — Ой буларын эмне?-деди. — Мейманканага келиптир, Айжан экообуз болуп алдык, жакында эле алмашканбыз, -деди Кундуз,- Колдон келип турганда алып-алып коеюн. — Кийин растрата болуп журбо. — Кам санаба,мен уурдап алыптырмынбы? — Ушунчаны алганын учун соттолосун го? — Соттолбойм этпейм,коп болсо уч матрац,уч жаздык,уч тошок алдым да,ошондон короп кетмек беле? — Директор билип калса эмне дейт билесинби,озубуздуку деле жетет,экинчи албай жур!-деп эшике чыгып кетти. — Макул эми албаса албай эле койдум,- деп уй жумушуна киришип кетти, баласын жуундуруп,тамак жасап жаны тынбай ишин бутуруп журуп ойлонуп жатты: <Бектурсундун айтканына конгонум туурабы же жылуу ордумдан козголбой кала берсемби, Шамбет деле жакшы адам,бирок биз бири-бирибизди суйгон эмеспиз да, атамдар эле болбой койгон, кандай кылсам экен, тобекел деп басып кетсемби,анда баланы таштап эле коюшум керек>, — деп ойлонуп жатып тамак берди,уйун жыйыштырды. Тошок салып кайненесин жаткырды,андан кийин озу ортого баласын алып жатып алды. — Баланы бешикке эле болоп койбойсунбу? -деди Шамбет кирип келип. — Болобой эле коеюнчу,апам да кечке болойт,эркин жатсын. — Эчтеке болбойт.бала деген бешикте эле чоноет,болоп кой,-деп кынкая жатып уулун ооп койду,- Илгери куну-туну м.н бешике болоп коюп иштешкен да. — Ии-ий,мен деле чарчадым,койнубузда жата берсинчи.- Анда ары жагына ал,- деди Шамбет, — Оз аялымдын жаннына кен-кесири жата албаймбы?- Шамбет Кундузду кучактап озуно тартты,- Келчи бери. — Жон жатчы,кундо эле жанындамын го? — Кундуз конулсун анын колун туртту, — Эс ал андан коро. — Кантип.аялым жанымда жатса жон жатамбы?- деди да уулун озу которуп четке жаткырды, — Жаным менин,бири-бирибизге байланыштырган ушул нерсе да, мунсуз жашоо кызыксыз, — деп опкулоп жанталаша ычкырына колун сойлоткондо Кундуздун коз алдына Бектурсун элестеп. Шамбет анысын байкабай оз ишин бутуруп ооп-ооп алып жатып калды. Кундуз дароо баласына караган болуп бурулуп жатып:< Эмнге койнундагы никелешкен эринден дагы ботон эркек жакшы корунуп калат,мен Шамбетти жактырбай баратамбы,балалуу болуп калгандан кийин тынч эле уйдо журсом болмок экен>,-деп ойлонуп жатып кеч уктады. Бектурсун тынымсыз ойлонуп жатып бир ойго токтолду. Эртеси мал доктур Нурмат Асановду озуно чакырды. — Нурмат,эртен сенин шопурун, м.н менин шопурум болуп кийикке чыгып келели,райондон чалышса бизди жайлоодогу малды текшерип кыдырып журот деп коет, кандай дейсин? — Жакшы болот эле,аксакал, — Нурмат кубанып кетти,- Сиз дагы биз дагы кун- тун дебей партиянын ишин аткарабыз деп журуп озубузду унутуп калгандай болдук. — Анда даярдан,ала тургандарды озун бил. — Жарайт, ошондой кылбасак болбойт.- Мылтык бар бекен, бир мылтык алып ал, тамаша кылып келели. — Мен барайын анда, — Нурмат тура жоноду. — Камына бер, -деп Бектурсун Доолоталиев мыскылдуу жылмайып алды:< Сени шашпа,ушул тоолордун арасында арбагын кала турган болсун,сен жок болсон Кундуздун башы бош болуп каалаган убакта жанымда болот>, -деп алаканын жанып алды. Шамбетти билмексен болуп жатып таштап, эсебин тапкысы келип турду, бирок окуя тенирден тескери болуп, качандыр бир кезде озуно мылтык болуп атылаарын сезбеди. Кундуз ушул кезде даярданып директодун айтканына конмок болуп бир чечимге келди. Баласын эмчектен чыгармак болуп эмизбей сут берип жатканда Толгонай: — Ээ балам баланы эмитен эмчектен чыгарбай эле койсончу?-деди. — Кечке иштеп журсом ачып деле калат экен апа,андан коро чыгарып койгон жакшы го,жакпайда калат экен, чоноюп калбадыбы — Бала эмчек м.н бала, эрте чыгарып койсон чыныкчал болуп калат,-деп Толгонай кейип калды, Кундуз аны кейигенин капарына дагы албай:< Шашпа, бала сенде калганда коросун, мен сыртынан карап турам, Шамбет башка аял алганда гана келип озум алып кетем>,-деп ойлонуп оз ишин кылууга отту. Коншу -колону кеп кылып,эшикке чыккандан тартынып калган,кетээрине бир жумадай эле калган болчу,озунун апасы келип калды. Карабек бир айылга кадыр-барктуу адам, Шааркан жибектей созулган аял эле,беш баланы чонойтуп,оз- оз тууруна кондуртуп койгон, Кундуз тортунчусу, андан кийин дагы бир уулу бар, бакыбат жашашат, Карабек жаш кунунон эле совхоздун майда иштеринде иштеп журуп пенсияга чыкан. Шааркан алдында аял салбаган уз эле, картайса дагы шырдак оюп, кийиздерди тур салып жан киргизет. Шааркан кирип келип Толгонай м.н учрашып орун алды: — Кудагый,жакшы турасынарбы, денсоолугунуж жакшыбы? — Кудайга шугур, жатабыз кудай деп. — Ооба,аз калган омурдо уул-келинден айтсынчы. — Анан амей,сокурдун тилегине эки коз дегендей менин дагы тилегим ошол,карыганда балдарга жаман корунбой коз жумсам деп отурсам,- Кейий суйлоду,- деп Кундузду карап койду, — Коп жашап балдарга жаман корунуп калган жаман. — Кой кудагый,али куулуу-кучтуусуз, ушулардын торунон сый коруп,бакыбат жашай бериниз,- Шааркан дагы Кундузду карады,- Сизди сыйлап бакса, оздору да балдарынан сый корот.- Кудайга айланайын, Шакенимди кандай гана азап м.н бакпадымбы, согуштан кийинки оор кез, машак терип буудай,жугодудон атала жасап ичип,нанды комоч кылып ушу балам ачка болуп калат деп озум жебестен катып коеор элем, — Оор дем алып алды, Кундуз апасынан козун ала качып дасторкон жайып чай алып келди:<Апам дагы бир кеп угуп келген го,эми эмне деп жооп берем,чай берип коюп жумушка кетип калайын>,- деп ойлонуп жатты ичинен. Кудагыйлар копко суйлошуп жатып анан кетмек болду. Кундуз апасыны узаткан болуп сыртка чыкты, Толгонай Аргенди алып отурган. — Кундуз, сенин артындан эмне деген соз ээрчип журот? — Эмне деген соз экен? — Билмексен болгонунду кой да, ушунчанда жыйыштыр! — Сиз эмнени айтып жатасыз?- Кундуз дагы кабак-кашын тырыштыра суроо узатты.
— Кокус атан укса намысынан олот, Шамбетчи,ал укса сени соо койбойт,намысынан олтуруп коюшуда мумкун,- дегенде Кундуздун журогу болк этип алды. — Апа…
— Болду, ушундайда тыйыл, куйоон элден кемби, келбеттуу жигит, ырысынды теппе кызым,биздин жашообуз болок, дайым сени коргоп жанында боло албайбыз, эркек журсо эчтеке эмес, аялдын шерменде болгону жаман, никелуу ээрин бар туруп эриндин козуно чоп салганын акылсыздык, женил ойлук, — деди да Кундузду суйлотпой басып кетти, Кундуз ыйлагысы келип туруп калды:< Чын эле,эгерде Шамбет билсе олтуруп эле коет>, — деп ойлонуп зынгырай ичке кирди: — Кудагый кеттиби,балам? — Ооба кетти. — Эми жумушка кетесинби? — Азыр барам, тамак жасап коеюнбу,апа? — Ошент балам, тушто ысытып ичип алалы,- деп Толгонай Аргенди кошуп айтты. Кундуз ундобой сыртка чыгып газга тамак жасады. Анан кийинип, жасанып алып ишине жоноду. Бул куну Шамбет, Бектурсун Доолоталиевич м.н Асанов Нурмат болуп тоого кетишкен, Бектурсун шопурун алган эмес,учоо тоого барып эс алмак, Шамбет таштан кемеге жасап куурдак жасап, чай кайнатты, анткени Бектурсун айткандай Нурмат керектууну ала келген. Жайдын орто чени кун ысып турган. Чакан дасторкон жайып ала келгендеринен ичип жатышты, айрыкча коньяк ичип бир топтон кийин кызуу болуп калышты, Шамбет азыраак ичип аларды ээн коюп тоо башын коздой жоноду. Бектурсун кызып калгандай тур м.н жамбаштай жатып алды. Ал бир ыгын табуунун амалын ойлонуп жаткан, бирок дари чыдабай эмне кылаарын билбей жатты. Шамбеттин артынан Нурмат да кеткен, бийик жерге чыгып алып эки жакты карап суктанып жатышты. Бектурсун ордунан туруп тигиндейрээктеги бадалдын тубуно жашынып алып аларды карап турду, Шамбетте мылтык жок эле, Нурматта чып этме бар болчу,экоо ылдыйлап келе жатканда Бектурсун Шамбетти мээлеп туруп атып жиберди эле ок ага тийбей эле Нурматка тийип жыгылып тушту, корсо дал журокко тийген экен, коркуп кетип ордуна келип жатып калды. Шамбет Нурматтын башын ойдо кылып алып: -Нурмат аке,Нурмат аке,эмне болуп кетти?- деп башы шылкылдап козу антарылган Нурматты которуп жоноду,- Бектурсун аке. Бектурсун Доолоталиевич! — деп ыйлап келе жатты. — Эмне болуп кетти?-деп жакындаганда чоочуп ойгонгон болуп башын которду Бектурсун. — Ким атты,мына эми кантебиз? — Эмне болуп кетти? — Чоочугандай суроону кайталады. — Атып койду.мен тигил жакта кимдер барын байкап келейин,- деп жаткырып коюп ары жакка жугурду,ошондо аны артынан атып койгусу келип барып кайра токтоду:< Оюндан от чыгардым, бир кишинин каны мойнума жуктолду,мунун мойнуна жуктоп каматып жибериш керек>,-деп ойлоду да Нурматтын ачылып калган козун жаап,бетине озунун костюмун жаап койду,анан жерде тошолгон тошоктоду унаасына салып, дасторконду жыйды. Ангыча Шамбет келип калды. — Эмне,бироо жарым бар бекен?-деп Бектурсун ага карап. — Эч ким корунбойт,- Терин аарчый аргасы кеткендей карады. — Эми эмне болот.ким атышы мумкун? — Билбейм,балким суур же коен атабыз дегендер кайытып алгандыр? — Эмне болгондо да жооп берууго туура келет.- Ким жооп берет? -деп Бектурсун Доолоталиевич Шамбетти козун чакырайта карады,- Сен озун татып койгон жоксунбу?
Уландысы бар…