ЗОНАДА ОТКОН ОМУР. 1 бөлүм

https://kyrgyzcha.site/?p=51541&preview=true Кызыктуу окуялар.

ЗОНАДА ОТКОН ОМУР.

1-БОЛУМ.

*******

 

Бир мин тогуз жуз токсон жетинчи жылы турмодон <Кукук> деген кличка менен бошонуп чыкты, шарак этип ачылган тумонун эшигинен олбурлуу, кабак-кашы бийик,бироого эч кандай жакшылык кылбоочудай корунгон кырктардагы адам чыгып, кооноргон койногунун кокурогун эки жакка ачып койгон, жонунда эскилиги жеткен капчаны которуп алган, эки жагын карана эркиндике чыгып, таза абадан кере жутуп алып кадамын жай шилтеп жоноду. Кайда бараары озуно дагы белгисиз,айылга баргысы келбеди,апасы эбак олгон,аялы бир баласы м.н куйоого тийип кеткенин уккан:<Кайран омур>,-деп оор курсунуп алды. Бул бир кезде жалган корсотмо м.н озун-озу турмого тушууго аргасыз болгон Шамбет эле. Тааныштары аны эбак унуткандыр, туш келди басып баратып:<Кой, айылга барып апамдын мурзосуно куран окуп кайтайын>, -деп ойлоду да аялдамадан туз кете турган унаага отурду. Айалы демекчи шаардын эле четиндеги озу туулуп оскон,балалыгы м.н откур курагы откон жери Кун-Туу айылы. Атасын коргон жок,торолгондон алты ай откондо ооруп коз жумган экен, Шамбет чет жактагы дункуйуп комсоо, кунарсыз унсуз жаткан тааныш корустондон тушунда тушуп калды. Андан ары бир топ басуу керек, мээ кайнаткан ысыктан бутундагы батинкасы тердетип жиберди. Тердеп-терчип эптеп дондогу корустонго жетти,озгорулуп занкайган кумбоздор,баалу таштан жасалган эстеликтер толуп кетиптир. Апасынын мурзосун кайдан тапмак,апасынын коргозгон ташы м.н короологон эски мурзону таап келип четине отурду.анан ата-энесинин арбагына багыштап куран окуду. Жанындагы бышкан кыштан салынган кумбоздун колокосуно копко отуруп откон омурун.коз алдынан откоро баштады…

Сайкал абдан жашында турмушка чыккан,ал кезде тортунчу класс билим барларды алыска айылдын балдарын окутууга мугалим кылып койчу. Сайкал ошентип зээндуулугунон улам балдарды окутуп жургондо атасы кучко салып куйоого берип койду, уч эркектин ичиндеги жалгыз кыз,атайын кыз Сайкалдай болсун деп атын Сайкал коюшкан. Он бешинде куйоого тийген Сайкал жашоо,турмуш эмне экенин деле анча биле берчу эмес,бактыга жараша кайненеси жакшы болду,анткени Чыныбай алардын жалгыз уулу эле. Чыныбай келе жатканда жуктун бурчуна кире качып аябай коркуп журду, анын бул кылыгына кулкусу келип:

— Сайкал, сен менден качпа,мен сенин куйоонмун да,-деп бир куну бекинген жеринен тартып алды. — Корком да сенден.

— Эмнеге коркосун,мен сени жакшы кором, аялым болуп калдын, эми сен мен келе жатканда тамак даярдап, кийимдеримди таза жууп тосуп алышын керек, — деди бооруна кыса. Жыйрма бешке чыгып болуп толуп турган кези,озу дагы курошко чыгып,улак тартып баатыр-балбан мучолуу Чыныбай келинчегин озуно тартып, жаштыгын,балалыгын эске алып эркелетип алчу. Бирок ата-энесинин козунчо кайдан,алар бир аш-тойлорго кеткенде ээндетип жанында боло калчу, ыймандуу жигит келинчегин акыры озуно кондуруп алды. Атасы Кулунбай м.н апасы Шаарбу да келинин кызындай коруп уктаса уктадын дебей тим койчу,эки жылга аяк басканда гана боюна болуп ушул Шамбеттин атасы Кадырбайды торогон. Келининин козун карап,дагы тороп,тукумубуз кобойсо деп тилеген ата-эне Кадырбай онго чыкканда катар-катар отуп кетти. Кадырбай торолгондо Чыныбай м.н Сайкал али жаш эле,ата-энеси отуп,турмуштун ысык-суугуна баштан откоруп калганда гана уулунун жалгыз болуп калганын сезип кейип журушту. Бирок элдин,улуулардын айтымында булардын тукумуна каргыш тийип:<Тукумун оспосун,оссо бирден ашпасын>,- деп ата-бабасына чейин каргыш кеткенин айтып калышчу. Кадырбай жыйырма бешке чыкканда аны уйлондуруп оздорунчо уй салып беришти, Толгонай апаппак жуздуу, эки бетинин отуна эндик сыйпагандай тарам-тарам кызылы бар толукшуган, он жетиге жаны чыккан кыз, Кадырбайга бир корсоткондо жагып калды да уйлонду. Ата-бабадан келе жаткан салт м.н кызды кол м.н жар-жар айтып,энеси м.н женеси кошок кошуп,чачын экиге болуп уйдон узатышты. Сайкал кайненесинен таалим алгангабы же оз энеси салт-санааны, урп-адатты билген аялбы,ото жакшы аял эле. Кырчындай куйоосу олгондон коп отпой эле тошоко уч кун жатып коз жумду. Кадырбай ошондо гана жетимдик эмне экенин сезди, колдорунда эки айлык уулун эрмек кылып кайгы касиреттен кутулуп баштаган,бирок тагдырдын тайгулук ташыбы уулу Шамбет алты айлык болуп калганда оорубай туруп эле бул омурдун кызыгын эми суроордо отуп кетти. Толгонай коз жашын колдотуп,уулун бооруна кысып он жети-он сегиз жашында жесир калды,же агаларына барып,же эжелерине даттанбады, жалгыз Шамбетти канат-бутак кылып жашап калды. Колдогон коз жаш кургап,улам жылдар откон сайын уулу чоноюп караан болуп баратты,ал кезде унду килдеп берип Хрущевдин заманы болуп турган,чакмак канты озу ичпей уулуна чагып сактап берээр эле.Мектепке окуп калганда озу жетелеп барып,сабактан чыгаарда барып кутуп туруп алып келчу. Ошентип жылдар жылып отуп Шамбет мектепти бутту,сабакты жакшы окуган жок,эптеп профтех училищасына кирип шопурлуктун куболугун алып иштей баштады. Толгонай он сегиз сом пенсиясы м.н кун коруп жыйган-тергенин чогултуп келин алды,келини жаман чыкан жок,озуно кайрымдуу, болгону торобой беш жыл журуп анан уул тороду, ошондо кубанганын айтпа:

— Каралдым,уулумдун тукум улаары,-деп наристесинин чекесинен ооп келинине ак батасын берген эле.Шамбет журуп-журуп директордун шопуру болуп калды. Директор абдан каардуу адам, Шамбет ага жагып калды,чондор келсе атайын мейманканада тосуп кой союп келин-кыздар кызмат кылат. Шамбет аялын мейманканага иштетип койгон, Бектурсун Доолоталиевич Кундузга козун агытып калып, Шамбетти колдоп,узак жакка жумшап журуп бир айдан кийин эле кайра Шамбетти совхоздун ветврачыным шопуру кылып озу башка шопур алды. Убакыт откон сайын Кундуздун туру озгорулуп, кузгунун алдында кетпей,уулу Аргенди кайненесине берип жумуштан бошобой кала турган болуп. Жумуштан кеч келип, эрте кеткен Шамбет аялына анча конул болуп же этибар алган жок. Бир кун кеч келсе жаш бала м.н апасы Толгонай жалгыз отуруптур,эки жакты карап айалын изденен Шамбет: Апа, Кундуз кайда кеткен?- деди уулун энкейип ооп жатып.

— Кечигип жатат го балам,дагы коноктор бар го?

-Эмнеге?-Шамбет ачуулу сыртка чыгып кетти,ал мейман канага жономок болуп машинасын от алдырып дарбазадан чыга бергенде алдынан Кундуз корунду,ачуулуу Шамбет дароо унааны токтотту да тушуп жетип карыдан алды,-Кайда журосун ыя?

-Сага жин тийдиби,жумуштан кеч чыктым.-Жалгыз калып эмнени бутуруп журосун?

-Коноктор келиптир, Айжан м.н Сагын учообуз калганбыз,-Кундуз корккон турдо элендей жооп кылды.- Жоо келдинерби? -деди Шамбет жоошуй. -Жок,машина келе жаткан экен,жолдон тушуп калдык.- Мындан ары мынча кечикпей баса бер!-деди да кайра унаасын айдап уйуно кирди, Кундуз коркконунан калчылдап кеткен эле, дарбазадан кирип <Ох>,-деп алды,анан колундагы которгон баштыгын которуп кайненеси отурган болмого киргенде:- Балам кайда журосун, кечикпей келсен боло, Шамбет издеп кетпедиби,-деди наалый Толгонай. — Мен ойноп журуптурмунбу, эртек кел,эртек кел дешет,- Кундуз кайненесине бултундай ички болмого кетээрде артынан кирип келе жаткан Шамбет жини келе бакылдады: -Бу сенин тилин узарып калган го, мага тил кайры андан коро апам сага эмне кылды? — Мен ойноп жургонсуп экоонор тен асыласынар. .. — Болду,мындан ары иштебейсин, карыган неме бала карап кыйналып калды,буту чыгып озунчо болгуча уйдо отур!

— Эмнеге иштебейм,уйдо олтурсам буларды ким бермек эле?деп Кундуз баштыгындагы семиз этти табака салып булкунганда Шамбет кайрадан жинденип кетти. — Мен сени ачка кылдымбы, сенсиз дагы баарын озум алып келип жатам, тапканынды милдет кылбай уйдо отур! — Кой балам, мен учун урушпагыла, иштесе иштей берсин, бармактай баланы бакпаганда эмне, кыйналган деле жокмун, — Толгонай уул-келинин урушуп кетеби деген ойдо басмак болду, — Иштеп оокатынарды кыла бергиле. — Иштебей эле койсун. — Болуптур, иштебесе иштебей эле койдум, — Кундуз урушту ырбатпайын деген ойдо кийимин алмаштырып келип дасторкон жайып чай алып келди, Шамбет апасына кейитпейин дедиби унчукпай отуруп калды. Ошол бойдон соз уланбай Кундуз ичинен кыжаалат болуп Доолоталиевичтин озуно шыбырап:<Алтыным, сен меники гана болушунду каалайм, куйоондон ажырашсан сени шаардан уй алып киргизип коюп билгизбей журо берет элек>, -деп моюн башынан опкулоп жалынганы кулагынан кетпей тымызын ултунуп алды:<Олуп кеткир,баламды алып Бектурсун м.н макулдашып таптырбай кетпесемби> ,-деп куйоосуно жини келип алды. Тан заарынан Шамбет кеткенден кийин келинине:- Балам, эр деген тескейт,кызганат, силер азыр жашсынар, эртерээк келип жур,-деди аста ун катып.- Мен эмне ойноп журуптурмунбу, минте берсе баламды баламды алам кетем,же мен бироо м.н кетип жаттым беле, керээлди кечке кол бошобой иштейм,калган катканды которуп келем.- Кой айланайын, мага булкунбай уйбулонду сакта,кетем десен кетесин,сага эр жокпу, Шакенге катын жокпу. Ортодо мына бул балага кыйын болот,-Толгонай саал ачуусу келгендей чыйрыга суйлоду.- Кетсен женил баа болосун, Шакен жокто айтайын,сенин директор м.н ушак болуп баратканынды бир гана уулум билбейт,-дегенде Кундуз бир саамга нестее тушту да:

— Айткандар балакетим алсын,сиз ошого ишенип Шакенди тукургунуз келип жатабы?- деп алая карадым. -Аа-а балам ай,мен силерди бузуп эмне кылам, кара чечекейимдин алганы козуно чоп салып жургонун угуп ичим ачышса да неберемди ойлоп, уйунор бузулбасын деп тилимди тишиме катып отурам,эсин барда этегин жый!

— Жыйбасам билгенинерди кылгыла,мен торкунумо кетем!- деп уулун уктаган жеринен алып кийинте баштады. Отурган жеринен козголбогон Толгонай токтоо:

— Торкунуно эмне деп барасын балам, Шакен сени чекене чертпесе,же директор м.н созун бутуп калды беле,ошондо дагы атан жаман киши эмес,жылан чакпай,жылкы теппей жетип барсан намысынан бирдеме болбосун,али торкундорун дагы баарын уккандыр?- деди эле отурган жеринен козголо албай ыйлаган бойдон кайненесин жузун тик карай албай уулун кучактап солкулдап жатты. Копто барып уулу Аргенди жаткырып коюп сыртка чыгып кетти, ал жумуштан чыгууга арыз таштамак болуп канторго барды, Бектурсун Доолоталиевич келе элек экен,секратар кыз аны коруп:

— Эже,кандай жумуш м.н келдиниз эле? — деди кулумсурой. — Жумуштарым бар. -Сиз дагы кабинетке келет экенсиз ээ? — Эмнеге келбейт экенмин? — Кундуз аны алая карады, Кыял деле бир куйоодон чыккан келин болчу,озуно конул болбой Кундуз м.н журот деген ушакты угуп озунчо ич куйдуулугу бар эле. —

«СЕЗИМ СЕРЕСИ».

Доолоталиевич балким сизге озу жолугаар, — деди кекээрлуу. — Байкап суйло Кыял,болбогон созго…

— Эмне болуп жатат биерде?- деп директордун жардамчысы Калысбек Нурманбетов чыга калганда эки келин унчукпай калды. — Мен жумуштан кетууго арыз таштайын дедим эле, -Кундуз мукактана карады. — Секретарга таштап кете берсениз болот,- деп Калысбек дагы сырдуу жылмайып койду. — Жарайт,- Кундуз калем кагаз алды да эми арыз жаза баштаганда сырттан уч-торт адам м.н Доолоталиевич кирип келди да Кундузду коруп:

— Кундуз,тезинен мейманканага бар, райондон кишилер келе жатат, сыртта машина бар,- деп коюп кабинетин ачып кирип кетти. Кундуз эмне кылаарын билбей Калысбек м.н Кыялды караса алар ийин куушуруп тим болушту,бирок Кундуз бул оюнду терендеткиси келбеди, Шамбеттин кыялын билч6,кокус билип-туюп калса олтургондон кайра тартпайт. Алдындагы кагазга арызды жазды да Кыялдын алдына таштап чыгып кетти,бир кезде Кыялды директор чакырганда кирип: — Чакырдынызбы? — деди. — Нурсейитога кеттиби? — Ооба. — Жакшы,сен дагы даярдан,конок тособуз,колхоздун олум- житими боюнча текшеруу келе жатат, зоотехник кайда? — Азыр эле кетти, кашарларды кыдырууга. — Жакшы,иштей бер. — Бектурсун Доолоталиевич. .. — Эмне болду? — Нурсейитова жумуштан чыгууга арыз ташта…

— Эмнеге? — Доолоталиевич ордунан тура калды. — Билбейм. — Алып кел арызын. — Жарайт.- Кыял кабинеттен чыгып барып арызды алып кайра кирди, директор ачууланганыбы, же Кундуздун кеткенине ичи ачышып турабы, айтор колдору калтырай кагазды сыдыра окуп кирди да башын которуп: — Бара бер,- деди Кыялга, — Шоферду мага чакырчы! — Жарайт. — Да-да-да,демек себеби бар экен, баласы жаш,кайненеси кары-ы, — деп Доолоталиевич ызалуу, кыжырлуу жылмайып жанындагыларга кайрылды, — Демек иш чачтан коп, малдын олуму мындан, колхозчулар себептери бар. — Ошондой, Бектурсун Доолоталиевич, — деди бири ордунан копшоо. — Уруксатпы,- деп баш бакты ошол убакта шоферу Жунус, — Кир,сен азыр барып Нурсейитованы чакырып мейманканага алып бар, бугун эртен иштеп берсин де, анткени райондон текшеруу келе жатканын тушундур. — Жарайт, туз эле мейманканага алып барайынбы? — Ооба,туз эле. — Макул.- Жунус кайра чыгып кетти. — Эми экоонор текшеруучулорду жакшылап тосконго аракет жасагыла, кабарчыларынан этият болгула, кыскасы ишти иги-жиги жок бутуруубуз керек,олум- житимдин коптугу обласка жетсе биз онбойбуз. — Жарайу.кетууго уруксатпы?- Тигил экоо ордуларынан тура калышты. — Жоногуло,- деди ачуулудай бурк этип Доолоталиевич, алар чыгып кеткенден кийин кыжаалаттанып, отуруп кайра туруп кабинетинде ары-бери басып жатты: <Жо-ок Кундуз,мени минтип таштап кете албайсын, аялым м.н балдарымдан да ашык коруп сен деп жашап калганымда сени эч кайда кетирбейм, жакында Гуляны санаторияга жонотомун дагы экообуз качып кетебиз>, — деп тынчы кетип жатып ордуна отуруп устолду бир муштады. Тарс эткен добуштан улам Кыял кирди: — Бектурсун агай, сизге эмне болду? — Эчтеке, ордуна бар!- деди эле Кыял кайра чыгып баратканда аны токттоту, — Кок чай демдечи. — Жарайт. — Баса,сен кете элексинби? — Мейманканага жоо бара албайм го? — Анда Жунус келсин,- деди да башын мыкчып отуруп калды, Кыял кок чай алып келип сунду эле, — Бара бер,- деп койду. — Агай, Нурсейитова кетем дегенине ушунча капаландынызбы? — Кыял козун сузо кылыктуу карады. — Эмне-э? — Ушактар жетсе керек… — Кандай ушак? — Сиздер жонундо, билесизби элдин козу корогоч, кулагы узун, журогу сезгич келет, анын уйбулосу бар, — деп Кыял кыска юбкасынан корунгон шыйрактарын учкаштырып туура жактагы отургучка отуруп алып атайын озун корсун дегендей жылмайды. — Биз жонундо кандай ушак,ал оз ишинде,- деген м.н директор секратарынын созун ойлонуп калды:<Демек ушундай экен да,куйоосуно да жеткендир, жумуштан чык дегендир>. — Агай, бойдоктор турса куйоосу барлар…

— Токтот созунду!- Бектурсун устолду муштап жибергенде Кыял ыргып турду. — Кечиресиз,-деди да кабинеттен шашыла чыгып кетти. Бектурсун Доолоталиевич тынчсызданып жинденип жатканда кабинетти тыкылдатып калды. — Кир. — Аксакал, Нурсейитованы алып бардым,-деп Жунус кирди. — Жакшы, кеттик анда, — Бектурсун кубангандай ордунан ыргып турду, — Туз эле мейманканага жеткир дагы,мен дайындагандарды алып кел. — Жарайт, аксал,-Жунус аста жылмая жетекчисинин артынан чыгып, ээрчише машинага отурушту. Алар мейманканага келгенде Кундуз конулсуз болмолорду желдетип, отургучтардын чанын суртуп жургон. Бектурсун Доолоталиевич Жунусту жонотуп жиберип мейманканага кирип адегенде ашканадагыларга жолугуп келээр меймандарга кандай кам коруу керек экенин дайындады да кайра болмолорду кыдырып Кундузга жолукту. — Кундуз, эмнеге иштегин келбей калды? — Шартыбыз ошондой болуп жатат…. — Кундуз, биз суйлошушубуз керек, азыр иштей бер,кечинде жолугабыз. — Болбойт агай, куйоом кечикпей кел деп урушуп жатат. — Эчнерсе болбойт,ошону чечебиз, -деди да Доолоталиевич чыгып кетти, Кундуз унчукпай кала берди, ага баары бир болчу мансаптуу адамдын аялы болу ал учун бакыт эле…

Шамбет кечке ветврач Кенгелдиев м.н журуп кечинде аны мейманканага алып келди, Кундуз оз ишинде жургон, Айжан м.н Сагын тамак-аш жасап жаткан, Сагын Айжанга шыбырап калды эле ал Шамбетти карап алдынан тосо тамашалап калды. -Келген экенсиз, жок жоготтунузбу?

 

 

Досторуңуз менен бөлүшүңүз..........

КЫРГЫЗЧА САЙТ ⚜️