Пример HTML-страницы

Журок тандаган инсанды, тагдыр тандабайт экен!

https://kyrgyzcha.site/?p=59999&preview=true Кызыктуу окуялар.

………………………..Сабактан келе жатабыз…курбу кыздар, балдар аралашып, ызы-чуу …мектепте болгон бир маанисиз нерселерди талашып…мен адатымча аларды четтеп басып, создоруно маани да бербейм. Музыка уккан адам болуп наушникти музыкасыз эле кулагыма салып алгам, оюмдун баары уйгу — туйгу…кээ бир тушунгондой досторум, болдучу сен азыр жашсын! Эмне эле мундуу журосун? Бугун мени менен сабак даярдагын келеби?- деп сурашчу. Мен үн катпастан сыртымдан адатымча калп жылмайып койдум…ошентсе да ал ичимдеги кайгыны сезгендей бир аз минутка карап турду да бурулуп кетти. Мен баары бир үн чыгарбадым…жашоонун ушунчалык ачуусу, таттуусу, азабы , жыргалы, арманы, кубанычы, кайгысы, суйунучу бар экенин билип, жашоонун жандырмаксыз жеринин суроосун улам кайталап, жандырмагы жок табышмакты, сынган көңул бутолбостугун билгендей билсем дагы, себепсиз кыйналып убаралана берчуу мага, кун сайын эрте менен «альхамдулиллаах» деген созду айткандай эле адат болуп калган…

Кээ бир куну сабак учурунда классташтарым: сен ойлоно бербей мугалим берген тапшырманы оку деп да айтышчу…мен окуйт элем.

Ошентсе да: Сен окугун! Мен озум билем! Анткени сен мугалимден сабак алсан, мен жашоодон сабак алдым, деген кыскача жоопту айтып коюп олтура берчум…уйго келгенде, сабагымды окуп, бош болуп эс алаар убагымда сайтка кирип, мени менен озун алаксытчу инсанга конул буруп, мен да алаксып алчум.

Убакыт откон сайын ошол сайттагы инсанды кобуроок эстеп, ага кобуроок конул буруп калдым…ал болгон акылын, билген нерселерин эмнегедир мага уйротуп, жылуулугун кучото берди. Мен ан сайын билбеген нерселеримди андан гана сурагым келчу. Ал убактысын аябастан мага ото аяр мамиле жасачу. Жазган создорунун ар бири озунчо маанилуу, тушунуктуу жана бир кем дуйнонун сыноосун башынан откоруп жаткан сыяктуу кайгысын да жашыра албай кетчу. Мен кээде сайтта болгон кезде да ага жазбай, жооп айтпай коё берчум…ал капа болчу эмес………………..

…………Жуманын ишемби куну эле. Сабактан бошоп эле эмнегедир шашкалактап сайтка кирдим. Ал инсандан толтура билдируу келиптир. Ачып карасам: адатынча конулумду алуучу создорду эсепсиз эле жазыптыр да…жолугууга чакыраарын жазып коюптур. Мен анын тамаша создоруно жооп бердим да, акыркы суроосун жоопсуз калтырып койдум. Ал да созго алаксыгандай, кайталап сурабастан тамашалашып олтура берди. Ичимден канчалык кыйналбайын, создоруно жылмайган смаиликти жонотуп койчум.

Кундон-кунго ал менен таптакыр эле жакын болуп калдык. Сабак даярдаган учурда да жардам берээрин айтып конулумду алчу. Мен да ага татаал суроолорду узатып башын айландырып да койчу элем…ал аракеттенип жатып жообун таап алчу. Мен да аны мактап койчу элем.

Ал ан сайын кубанып мага уйрото баштачу……….Ушул сыяктуу кайталанган кайгыга каршыдай кундор отуп жатты. Мен ал инсан менен жазышпай калсам эле сагына турган болдум. Сагынуу кандай гана кучтуу сезим! Мен аны сагынбаганга аракет кылдым. Бул сагынуу эмес, жон гана ага көнуп калгандыктан жоктугуна уйроно албай жатам го,-деп озумду алдап алаксытып койдум.

Бирок кайдан?! Журок берген буйруктан баш тарта албайт экенбиз…куса болбоюн десем да куса болуп, арманга толгон, азапка жанчылган, жашоого муздаган журок ал инсанды эңсей берди. Ал билдируу жазса кубанып кетем…ал да мага очошкон сыяктуу: сага куса болуп кеттим,-деп кыйнай берчу болду… кийинки убактарда мен ага таптакыр эле байланып калдым…………………

…Бир куну ал мени жолугууга чакырды. Мен убакыт таап ага жолуккум келди. Бирок мен ойлонуп коройун убактыма карайм деген жоопту айттым. Ал ущунчалык отунду…мен жок дей албадым. Ал кун да келип мен жолугууга даярдана баштадым.

Жоноп бара жатып сайтка кирдим, ал да сайтта: биз белгилеген жерге жолдо бара жатам деп жазыптыр. А мен сени кантип тааный алам дедим. Ал мен ак рубажка, кара классический шым колумда бир роза, ошол менмин деди. Бир аз жазышканча эле кезигуучу жерге келип калыптырмын. Сен кандай кийимченсин? Сени кантип тааныйм деп сурап калды. А мен аны алыыс сол тарабым жактан турганын кордум…Кызыл койнокчон экенимди айттым. Ал айтаарым менен эле айланасын карап мени бат эле корду…сыдырым шамалга узуун койногумдун этеги ары- бери желбиреп жатты. Ал жакындаган сайын кандайдыр бир толкундоолор журогумо тынчтык бербей, денем чымырап, кызыктай сезимдер жан дуйномду титиретип жатты…сайтта ар кайсы тамашаны айтып ага соз бербечу элем, а азыр козуно тике карай албай турдум….ээрчишип алып копко журдук, бир соз да айта алган жокмун. Ал суроо берсе кыскача гана жооп берем, болбосо үн катпайм. Улам шамал катуулап коёт…катуулаган сайын койногумдун желбирген үнү угулуп жатты. Ангыча асман каптаган булут коюуланып , мелүүн сызган шамал уйгу-туйгу болуп, ушуто сого баштады. Себелеген жамгырда тамчылар менен сырдашып басканды жакшы коргондуктон, жамгырдын жаашын каалап жаттым. Бирок жамгыр мен каалагандай болбой катуу жаап кирди…ушугондуктон эки колумду бириктирип, жай басып калдым. Ал байкады да, устундогу жакетин чечип мага жаап, жылуу колдору менен чачтарымды оңдоп, саамайымдан бир ирет жалооруй карап сылап койду. Тутанган сезим кучошуп, денем чымырап, дагы да үн ката албайм.

Мага жапкан жакети мени жылытпаса да, бирок бул жасаган мамилеси журоктогу музду бир ааз болсо да ээриткендей болду.

Улам козумо карап: эмне каалайсын? ушугон жоксунбу? кафеге кирелиби? -деп сурап жатты. Мен «жок» деп айтуу да оор болгонсуп, башымды гана чайкап койдум. Ойлор менен курчалып бара жатсам, жылуу учураган колу менен мени жетелеп шаша басты…мен озумду ынгайсыз абалда сезип, аны бир колумду бир карап тан кала туштум. Ал ойлуу тиктеди да, колумду кыса кармап: суу болобуз, тээтиги бактын тубуно барып туралы жамгыр азайганча, деп ан сайын катуулап басты. Бактын тубуно жетип, чачтарын суу болгон жокпу деп сылап жатты…а мен жерге тигилген козумду которо албай жер тиктеп үн катпай тура бердим. Оң колун моюнумдан орой кармап бооруна акырындаап тартып, бекем кысып алды……………….

… «Атың очкур суйуу…! Кайталап суйбойм, сага женилбейм!»- деп ызаланган журок бул жолу да сезимге, махабатка оной эле багынып берди.

Суйбо, ашыкпа, кусаланба, ойлобо, алыста, унут!…дегеним менен журок байкуш анте албай койду, баш ийбеди. Кайра эле багынууга мен аргасыз болдум. Корсо махабат, сезим, журок булар бир тарапта экен…мен жалгыз! Аларга баш ийбей, суйбой коё албадым. Канчалык суйбоюн десем да, журогум ашыгып туруп алды…….

…….кун сайын ал инсанды ойлобоюн деп озумду ар кандай нерселер менен алектенем. Сабактар менен болуп журуп таптакыр эле унутуп салгым бар. Бирок кайдан?…минут эмес секунд сайын да оюмда. Классташтарымдын баары «мынча коп ойлонот» деп айтпаганы жок…

Бир куну сабактан сырткары кошумча ийримге бардым. Аяктаган сон кайтып келе жатып, ал инсандын аялдамада ойлуу олтурганын кордум…чынында эле мен сыяктуу катылган арманы бардай. Жанына бара албай, же ары басып кете албай жалооруп карап туруп калган кезде кокусунан телефонума конгуроо келип калды. Мугалимден болгондуктан шашыла басып ала коюп , жооп берип жатсам ал мени корду. Ичинен кубангансып кайгы баскан коздору менен жылмая карады. Жаныма келди, колун сунуп учурашпастан, мандайымдан жакын келип суйуп койду. Бирге басып аллеяны коздой жонодук…канчалык сезимдерин билдирбесин, бирок кийинки келечек жонундо бир да ооз ачкан эмес. Ал мени ото жааш кыздардай корчу. Кичинекей сыяктуу кылып эркелетчу. Жанаша басып баратсак эле кокусунан мурду канап, жерге сулады. Денемдин баары титиреп, козум жашка сууланып, агатай деп ары-бери бетине чапкыладым…козун ачып: коркпо! Коркпогун!…деп ордунан козголду. Арандап жөлөп барып олтургучка олтурдук. Сумкамдан сууланган жуз аарчы (влажная солфетка) алып калтыраган колдорум менен аарчып жаттым… коздорумдогу ачуу жаштар улам тамчылап жатты. Козумо тигиле карап, ыйлабагын! Ыйлаба…мага жон гана ыссык отуп калгандыр, деп аккан жаштарымды акырын аарчыды.

Ичинде кандайдыр жаман нерселер бар экенин дайыма байкачумун…бирок ар бир эле инсандын озунчо кайгысы бар экени мен учун тан калыштуу деле эмес болчу……………………

…кундор отуп жатты…биз экообуз жашоодогу эн мээримдуу, эн конулчоок жана назик инсанбыз деп эсептечубуз. Дуйнодогу кучтуу сезимдердин бардыгы бизге гана насип эткен сыяктуу, биз бири-бирибизге ото аяр элек. Мээримине жылуулугуна тез эле суусап калчум. Анткени аябай эле көнүп калгам.

…сырдуу табиятка окшогон жашоонун кундору да токтобой отуп жатты. Биз мурдагыдан да бири-бирибизге ущунчалык арбалып калганбыз. Бир кунду белгилеп жолугушууга чакырмак болду…мен макул болдум.

Мени бир суунун жээгине алып барды: мен бул сууну караганда эс алам. Жалгыз калганда ушул жерге кел,-деп жалооруй карады. Мен унчукпастан башымды ийкедим. Ал жерде жалгыз түп дарак бар экен…ушул менен сырдашам, деп ойлуу тиктеди. Ал жерде бир нече убакыт журуп, кайра кайттык. Суунун жээгинен жолго чыкканча бир топ убакытча бар эле. Жээктен бир аз узап, жолго жакын калган жерге жеткенде, токтоп калды…бул жерден суу тарапты карасан! озунчо эле керемет,- деп айтты. Мен тигиле карап турдум. Ал да имериле карады, арт тарабымда тургандыктан, эки колун белимден ороп кучактап алды. Кучактаган колдорун мен да кыса кармап алдым. Бир азча турган кезде, колума жылуу тамчылар байкалды карасам кызыл ала кан тамчылап жатыптыр…коркконумдан энтигип бурулуп карасам, мурду канап, мен бурулуп ага суйлогончо оозунан да кан атып, ак көйнөгумдун жака тарабын кызыл ала кылып, жерге сулады…айланамды улам карап унумдун болушунча кыйкырып ыйлап жаттым. Козунду ач! Ойгон! Деген созду да кыйналып айтып оксуп ыйлап жаттым. Бетине чапкылап жатып колдорум кызыл канга боёлгон. Улам койногумо сыйпап салып кайрадан эле кызыл ала жузунон сылайм. Акырындар козун ачты…антпечи! коркутпачы! жакшымын дечи!- дедим шолоктогон ый мн. Кызыл канга боёлгон колдору менен жузумду сыласа да каршылык бербедим. Анткени ал акыркы жолку эле…ошентип жатып да кызыл ала болгон көйнөгумдун жакасын кармап, «кечир» деген акыркы унун чыгарды. Чеги жок дуйнонун эн тар жери мага буюргансып, унумдун болушунча «жоок» деп кыйкырып ыйладым. Жолдогу машиналар, адамдар ызы-чуу менен келип, курчап тургандыгын да байкабаптырмын. Ангыча мени бейтааныш адамдар колумдан кармап артка тартып жатышты. Ызада турган дуйном булкунуп баш бербей жаттым…жашоо ущунчалык адилетсиз деген созду кайталап журсом, мерээз, мыкаачы экендигин да корсотту…

Журок тандаган инсанды, тагдыр тандабайт экен!………………………

Досторуңуз менен бөлүшүңүз..........

KYRGYZCHA SITE