Биз үй- бүлөбүз менен кечээ Жаңы жыл тоскон жокпуз.
Күндөгүдөй чарчап жумуштан кайтып келе жатсам кошунам машинесин от алдырып, дарбазанын сыртында турган экен. Өзү жашы менден кичүү, бир аз толмоч келген жигит. Сакал коюп алганын жакындан бери байкадым. Өзүм маанайым суз, ойго батып чарчап келе жаткам. Маңдайымдан чыгып колун сунганда оюмдан бөлүндүм.
— Ассалому алейкум! Жакшысызбы?
— Алейкум салам, шүгүр, жакшы иним.
— Караңызчы, тиги кошуна акча чогултуп жүрүптүр. Айыл эли чогулуп балдарга балаты даярдап, белек- бечкек кылып кечинде ойноп жыргайлы дейт. Мен айттым, бул биздин майрам эмес, каапырлардыкы дедим. Мына күтө турсак Нооруз келет жакында. Туурабы байке?
— Туура…
— А сизчи, үйгө балаты орнотуп даярдык көрдүңүзбү?
— Кайдан, андай даярдык көргөнгө акыбалым деле жок. Күндөгүдөй эле олтурабыз го…
-Туура байке, туура айтасыз. Мен дагы балдарыма оолукпагыла деп айттым. Туура, буга чейин мен дагы тосчу элем, эми гана түшүндүм…
— Болуптур эмесе, мен барайын.
— Болуптур байке…
Жаңы жыл тосмок кайда, азыр балдарым эмне жейт деп ойлонуп келе жатсам. Үйгө кирсем кенжем уктап жатыптыр. Келинчегим үйдүн бурчунда кир жууп олтурат.
— Келдиңби?
— Ооба, балдар кайда.?
— Алар жылгаяк тээп жүрүшөт.
— Касым, чалайын десем бирдигим жок. Самын түгөнүптүр, кир көөрбөй жатат. Тигил жакынкы дүкөндөн алып келе каласың балким.? Бала ойгонгуча жууй салайын.
— Жаным, чөнтөгүмдө он беш тыйыным калды. Баягы дүкөндөгү карыз алдыман чыгып карызды сурады. Болгон акчаны бердим. Дагы эки жүз сомдой калды окшойт. «Жаңы жылга чейин берем деп айткан келинчегиң!»- деп кыйкырат.
— Каап, ал такыр эстен чыккан тура. Берип туура кылыпсың, ачка олтурсак да тынч олтурлы. Анда, кайра- кайра сууга чайкап жайып салайын. Эртең кургабаса жумушка эмне кийесиң?
— Сен кайда, ысык сууга чайкабайсыңбы?
— Суу ысыткыч эскилиги жетип күйүп калды. (Кипятильник) ансыз да тамак жасаган плиткага кайра- кайра суу ысыттым. Ал бузула турган болсо тамакты эмнеге жасайбыз.? Эшикке эле чыгып, ары-бери муздак сууга чайкай салайын…
Байкушум, бир чара кирди көтөрүп сыртка чуркап чыгып кетти. Үй да муздак . Баса, көмүр да түгөнгөн эмес беле. Үй жылыткан ток печканы акырын уулумду ойготуп албайын деп басып барып күчтүүсүнө коюп койдум. Байкуш келинчегим чырактын акчасы көбөйүп кетет деген го. Дагы ушул мендей жүдөмүштү чанбай ээрчип жүргөнүнө рахмат.
Башым катты. Эмне кылуу керек.? Жөлөнүп- таянаар ата-эне энем болсочу. Кечээ балдарым Жаңы жылда эмне белек берээримди сурашты. Башка учурда дурустап таттуу, күн сайын эттүү тамак деле жешпейт. Эңсеп калышкан да. А бүгүн, алар үчүн өзгөчө күн болуп жатат да. Досторунан угат. Сыналгыдан көрөт. Белек алгылары келет. Каныбызга сиңген Жаңы жыл майрамын кантип эле «Биздин майрам эмес, туура эмес!» — деп урушмакмын. Бала да. Бул нерселерди түшүнүүгө али эрте…
Башым маң…
— Касым, сага бир ой айтайын. Бүгүн олтуруп ойлонуп ушул нерсе келди оюма.
— Келчи, колуңду жылытып алчы. Эмне ой экен ал?
— Касым, барып менин телефонумду сатып келбейсиңби? Балдарга белек ал. Калганына келишинче үйгө тамак-аш алалы. Көмүр, эгер акча жетсе?..
— Кызым кантип окуйт анан? Сеники менен окуп турат да. Кандай дейсиң?
— Сенин телефонуңду араң албадык беле? Сабак окуу үчүн? Жакында эле кутулдук акчасынан. А, менин телефонум эски, кызымдын сабактарын, жанагындай программаларын көтөрө албаса керек.? Жакшысы меникин саталы. Канча болсо да эптеп жеткиребиз.
— Макул. А, баса Чынара эже акча топтоп жүрүптүр. Кечинде балатыга. Сени келгенде берет деп койдум эле…
— Макул, мен кеттим. Барып сатып көрөйүн.
Касым 39 жашта (каармандын аты өзгөртүлдү) Келинчеги Сейил менен шаарда батирде турушат. Үч баланын ата-энеси . Касым курулушта иштечү, акыркы жылы бийиктен кулап оорукчан болуп калды. Азыр бут кийим тигип эмгектенет. Сейил бала багып үйдө.
Ош базар алдындагы үйүлгөн жигиттер бүгүн көрүнбөйт. Демейде кара таан болуп турушчу эле. Чет жакта турган жигит оюмду окугандай эле жаныма жетип келди.
— Байке, телефон сатасызбы?
— Ооба…
— Кана, көрөйүнчү. А, абдан эски тура. Мындай телефондор азыр чыкпай калган. Капа болбоңуз, абдан арзан болуп калат. Ала албайм. Кайра сата албай калам да…
— Арзан болгондо канча?
— Сегиз жүз сом.
— Жок дегенде миң сомго ал иним. Кандай дейсиң?
— Жок байке, болушу сегиз жүз. Кааласаңыз башка бирөөлөргө да көрсөтүп көрүңүз.
Каап, эми кандай кылсам экен? Сегиз жүз сом акча эмнеге жетмек эле…
Башка арга жок. Үйдө балдарым күтүп жатат. Дагы бирөөлөр көрүп, алабы деген үмүттө жарым сааттай турдум. Бирок эч ким алган жок. Аргам түгөнүп баягы жигитке саттым. Балдарыма да белек ала албай, ченеп эле шириндик алдым. Бир кап көмүр, төрт нан, такси акысы, ошону менен эч нерсеге жетпей үйгө келдим.
Келинчегимдин кареги жанып, балдарым менен тосуп алышты. Бар нерсебизди ортого коюп, үйгө от жагып олтуруп калдык.
-Ата, Кабылбектин үйүндө чоң балаты бар экен. Балатыда кооз оюнчуктар илинген. Мен суранып араң гана терезеден көрүп келдим. Баса, чоң жолго дагы балаты орнотушат экен, эчаак эле орнотуп коюшкандыр. Биз барып көрүп келеличи.? Инимди алып алайын, бул дагы көргүсү келет…
— Кызым. Балатыга барбай эле коёлу. Улуу кызым оозумдагы кепти жула сүйлөдү. Канткен менен акылына кирип калган да.
— Акмарал. Экөөбүз убадалашпадык беле? Унутуп койдуңбу?
— Эмне болгон убада?
— Акмаралды бүгүн кечке чана менен сүйрөп ойноттум. Мени кечке чана менен сүйрөсөңүз, балатыга барам деп ыйлабайм деген.
— Ооба, ошенткенмин. Анда терезеден карайынчы. Бир эле көрүп алайынчы?
Келинчегим экөөбүз бири бирибизди тиктеп коюп ичибизден өрттөнүп олтурдук. Балалуу болгон соң балалыгын бактылуу өткөрүү милдетибиз эмеспи. Минтип жокчулук жондон тилип турган учур. Буга мен жалгыз өзүмдү күнөөлөйм. Келинчегим өз милдетин кылып, бала төрөп үйдө багып олтурат. Мен жарытып таап келе албагандыгым мына ушул күнгө алып келди. Үч баламдын кыялдары, таттуу тили жүрөктү элжиретет.
Айылдагы балатыга акча кошо албагандыктан балдарымды да үйдөн чыгара албадым. Терезеден мостоюп карашып тим болушту.
Бала кезден чогуу өскөн айылдык жигит бар эле. Абдан бутуна туруп, азыр шаарда ресторан иштетип, дүкөндөрдү ачты. Экөөбүздүн келинчегибиз да курбу. Ар дайым майрамдарда, туулган күндө чогуу олтурчу элек. Баарын өзү көтөрүп, көп учурда мага жардам берчү. Азыр ичимден ошол дос баламдан үмүт кылгандай болуп олтурдум. Кокус коңгуроо кылып, чогуу тосолу десе кана дедим. Өзүм эки ирет чалсам алган жок.
Бүгүнкү Жаңы жыл күндөгүдөй күндөрдүн бири болуп, балдарым майрамдык маанайды сезе алышпады. Саат түнкү бир, балдарым таттуу уйкуда жатат.
— Сейил ..
— Оу, сен дагы уктай албай жатасыңбы?
— Ооба. Баса, Мараттар эмнегедир чалган жок ээ? Мен чалсам дагы албай койду.
— Ии, сага айтам деп эсимден чыгыптыр. Өткөндө эле таарынышып кайра жарашышпады беле? Кийин Дубайга эс алганы барышкан да. Ошол жактан келип эле катуу уруша кетишиптир. Мына, мага кат жазган экен телефонго окусаң….
Кандайсың Сейил? Бала- чакаңа, бактылуулукка толгон чакан үйүңдө жыргап баягыдай жашап жаткандырсың? Сага көз артам. Мени сураба. Абалым баягыдан да оор. Марат обу жок кызганып уруп койду. Бетимде тамтык жок. Ооруканадан кечээ чыктым. Сага чала албагандыгым да ошол. Өзү ар кандай аялдар менен жүрүп, үйгө түнөбөй машинасына толтуруп кыздарды салганын билбей дагы, мени кызганып коёт. Эми жашай албайбыз. Апам катуу кийлигишип урушуп калдык. Балдарымды алып өзүмчө турмай болдум. Тойдум ушунун байлыгына. Баягы студент кездей эле чакан бөлмөдө, бирок бактылуу жашасак эмне. Барчылык бузду Маратты. Мени көзүнө илбей калды. Сени сагындым. Сенин оту күйбөй түтөгөн үйүңдү сагындым. «Шубаң ыш жыттанып калат, отум күйгөнчө сыртка чыга турчу»- дегениңди эстеп күлөм. Үстүндө кымбат шубасы бар, бирок жүрөгү муздак курбуң сенин жөнөкөй жашооңо суктанат. Сейил, сен бактылуусуң. Ушуну биле жүр. Азыр жүрөгүмдөн ачынып сага кат жаздым. Тойдум курбу ушул жашоого. Мага чалбай тур. Өзүмө келип алган соң сага барам…
ЖОКЧУЛУКТУ БАКЫТ ДЕП бил курбум…
— Чыдабай чалдым, телефонду көтөргөн жок. Абалы кандай болду экен.? Абдан тынчсызданып жатам.
Көзүмдөн жаш кылгырып, келинчегимди боорума кыстым.
Кыскартылды