?ЖЕТИМДЕР
5- БӨЛҮМ
x x x
Нурлан менен Ракаттын үйүнөн чыкканына бир жылга убакыт болду. Ай айланып, жыл тегеренип олтуруп 1926-жылдын
аптаптуу саратаны да келди. Жан жыргаткан жакшы кабарлар эл арасында көп айтыла баштады. «Баланча жерде мектеп ачылыптыр.
Анда өңчөй кедей-кембагалдардын балдары окуйт экен, – деп бир даары айтса, бир даары жаңы уюшулган артель жөнүндө даңазалап
сүйлөшөт. Кедейлерге кенендик берилиптир. Артелге өздөрү кожоюн, өздөрү ээ болгон имиш. Мал-жанын бир жерге топтоп, тапкан-ташынганын бир жерге жыйнашат экен. Артелге киргендер андан каалаганынча кийинип-ичинип, жыргап-куунап калышыптыр» деген сөз Шайымкүлдүн да делебесин козгой баштады.
Эненин көңүлүн балдардын кусалыгы басты. Уул-кызын көрсөм дегенде ак эткенде так этет. Пишпектеги жаңы артел уктаса түшүнөн, ойгонсо өңүнөн кетпес болду. Ошол тарапка балдарыма чөйрөлөп барсам деген ниет энени жетелеп туруп алды…
Үзүк-туурдугу сан-сан болгон кара алачыкты чечип, болгон оокатын кошо таңып, Сайкал энеге аманат кылып, сандыкка салды. Жаңыдан селбип каптаган кичинекей кызыл төшөккө кошуп, эски кара көлдөлөндү таңып жолго даярданды …
Илкий-салкый, жөө баскан бул жөө жүргүнчүлөр Көк-Мойнок тоосун жаңы гана эңкее бергенде күн уясына жашынды. Айлана
уламдан-улам күүгүм тартып, караңгылык өзүнүн жылчыгы жок кара пардасын жер бетине тегиз тарта баштады.
Эми эле бетинде токумдай булут жок көгүлтүр көлдөй суйкайган жылдыздуу кең асманды сурдантып, кара булут каршы-терши удургуп, чагылгандар чартылдап, замананы кууруп, үрөйдү учурду. Адегенде шамал аралаш дыбыраган жамгыр арбыгандан арбып олтуруп
катуу жаанга айланды. Шайымкүлдөр коргологон караган бута, ыктоо жер эми аларга калканчы боло албай калды. Туш-туштан шаркыраган тилсиз суунун дабышы көбөйгөндөн көбөйүп, кыян жүрүүчүдөй болуп баратты.
Токушту төшөккө ороп, бооруна бекем кыскан Шайымкүлдүн ээги-ээгине тийбейт. Көзүнө чейин суу болгон аялдын шайы бош, кабагы бүркөө.
Ал түнт токойдун чытырманында туруп, мергенчинин жытынан корккон жаралуу маралдан бетер көздөрүн жашылдантат.
Кол_башындай жүрөгү кой башындай болгонсуп жайма-жай согот.
Үч күндөн бери ашуу ашып, таш басып алсыраган аялдын дени өлүңкү. Шайымкүл бардыгын унуткан немедей. Азылууга алдырбас, жарактуудан жалтанбас баатырга окшоп беймарал сумсаят.
Ал азыр өлүм менен өмүрдүн ортосундагы айырманы ажырата билбеген макулуктай, эрибеген кара таштай. Көздөрүнүн асты-үстү
ак баржак. Соолуп бараткан булакка окшоп, каректери терендеп, караңгынын ичинде
жылт-жылт этет. Ал ыйлабайт да, кыймылдабайт
да. Өлдү десе тирүүдөй, тирүү десе өлүүдөй, жансыз сөлөкөт.
Күндүн батышы менен жааган жаан таңдын эрeсeрeсинде тып токтоду. Шамал айдаган булуттар камгактай учуп биринин артынан
бири тоо башын көздөй үзүлүп-үзүлүп көчүп баратты.
Шөлбүрөп көзүнөн бери сыгып алма суу болгон энелүү бала илкий басып кайра жолго чыгышты.
Күндөкүгө караганда Шайымкүлдүн шайы бүгүн таптакыр бошоңку. Дал ортосу куушурулуп, тула бою чыйрыгат. Мезгилсиз тердейт. Жүрөгүнө эч нерсе чаптайт. Жаны
жер тартат. Демейде энеге
анчалык салакасын тийгизбей кез-кезде жыгылып туруп өзү басын
келаткан кичинекей Токуш ташыркаган кулундай аяк шилтей албай калды…
x x x
Эски кебезден эшип жасалган билик күйөр-күймөксөн болуп жансыз бүлбүлдөйт. Уламдан улам үйдүн ичи ала көлөкө тартып карангылык өкүм сүрүүдө. Күйүп бүтүп бараткан тоң май кургаган сайын түтөгөн кебездин коңурсуган жыты каңылжарды өрдөйт. Эки жашар
Токуш мергенчинин тайганынан жыт алган коёндун бөжөгүнөн бетер бакыракай көздөрүн алаңдатып эки жагын чочулай тиктейт.
Азып-тозуп, арып-ачып келген Шайымкүл ушул жаман үйгө кирген. Эскилиги жеткен бул тамдын төөнүн көзүндөй болгон кичинекей
терезелери айнексиз. Кажып бүткөн каалгасы оңчулуктуу жабылбай, адамдын колу тийген сайын кайч-куйч этип кыжырды келтирет. Үйдүн үстүнө чатырча кылып жабылган эски камыш өз өмүрүн жашап бүткөнсүп эки капшыты кабырылып, ичин көздөй түшүп кеткен.
Адам турат деген аты болбосо төргө жыйылган төшөнчү, жерге салынган кийиз жок. Бул үйдүн бар болгон байлыгы эски кара көлдөлөң менен кичинекей баякы кызыл төшөк. Серейген эне менен бала.
Жерге тегиз төшөлгөн алешем кургаган шыралжын.
Оң ыптада өлүк-салык болуп жаткан энесинин колтугуна башын каткан Токуш өпкөсүн кагат.
— Э-не! Э-не-ке!
Шайымкүл көзүн алсыз ачып, эти кетип сөөгү калган тарамыштуу арык колдору менен Токуштун колун кармаламыш болду. Оозун
кыбыратып ага аянычтуу карап, тунарыңкы көздөрүн жашылдантты.
Анан кайрадан жанын жай алдырбаган баякы ырайымсыз каргашалуу кургак жөтөл башталды. Тыктык, тыктык. Эненин чекесинен
тер чыпылдайт. Жөтөл күчөгөндөн күчөй берет. Эрди кебeрcип, таноолору кылчылат. Шайымкүл узакка созулган бул жөтөлдү тыймакчы болуп, эрдин кымтып бир демге дем албай туруп, оозун бир ачып алды. Көөдөнүнөн атылган көк буу бур этип, эриндери көгөрүп кетти.
Эне сулк жатты. Токуш кайра баштан көз жашын мөлтүлдөттү.
— Э-не! Куйсагым а-чычы. — Эне жооп бербейт. Кыз ээгин эмшиңдетет. Шайымкүлдү тарткылайт…
Үйдүн ичи көрдөй караңгы. Энесин тырмалап кыңылдаган Токуштан башка тирүү жан жок. Бала сестене баштады. Эки жагын элең-
деп, көздөрүн аландатат. Анын наристе жүрөгү титиреп сокту. Ачык терезеден чачы саксайган, көздөрү кыпкызыл, тиштери орсойгон мо-
кочолор карап тургандай көрүнөт. Алар уламдан-улам тарамыштуу узун колдорун өзүн көздөй сундурушкансыйт. Көздөрүн катуу жуумп башын энесинин көкүрөгүнө коюп колун анын муздак эмчегине сойлотот.
Азыр эле көзүнө түрү суук алда немелер көрүнүп, бир жактан курсагы ачып ыйлап жаткан Токуш солуктап жатып уйкуга кетти.
Султанбек менен Зайракан Ак-Теректен келатышып өз үйүнө бурулушпастан түз эле Шайымкүлдүкүн көздөй бет алышты. Султанбектин аталаш агасынын өлгөнүнө бир жумадан ашкан. Бир боор деген бир боор да. Топурак кимди суутпайт. Ыйлап-сыктап, күйүп-бышып олтуруп акыры үйлөрүнө кайтышкан.
Эшиктин алдында көзүнөн бери ботала болуп бети-башын колу менен сүртө берип, кир аралаш жаш катып, суркуну качкан Токушту
көргөндө эрди-катындын эси эндирей түштү. Султанбек баланы жерден дароо көтөрүп алып, үстү-башын күбүмүш болуп, бети-колун жүз
аарчысы менен сүрттү. Зайракан топуракка аралашып жерде жаткан кетик кара чөйчөктү колуна алды. Ичинде каңылтыр болуп аяктын
бооруна каткан бирдеменин жугу жүрөт. Сыягы Шайымкүл кушканадан алып келген канды сууга кууруп артканын кызы жесин деп
ушул кара аякка салып койсо керек. Бул анын акыркы табылгасы болучу. Мындан кийин Шайымкүл жаткан жеринен туруп, үйдөн
карын чыгууга жарай алган эмес. Мурда эле эки өпкөсүнөн кагынып түзүк айыкпаган аялдын оорусу кайтоолдоп кармады. Ал эти от менен жалын болуп эс-учун билбей жыгылды. Адегенде жөтөлгөн сайын
көкүрөгүнөн буртулдап типтирүү кан түшүп келип, кайра кан тургай
какырык чыкпай, жан терин келтирген кургак жөтөл пайда болду.
«Эки-үч күндө эле кайра келебиз. Султанбектин агасы чакыртып жибериптир» деп бейкапар кеткен коңшусун күтө берип Шайымкүлдүн
чыдамы кеткенин булар кайдан билсин…
Султанбек менен Зайракан аялдын өлүп жатканын көрүп өндөрү
өчө түштү. Шайымкүлдүн баш жагына олтура калып ыйлап жиберди.
«Шордуунун шору каткан турбайбы. Минтип тез эле өлүп кетээрин ким билди. Мурун эле үстүбүзгө киргизип алалы десем, карап туруп
ар кимиси жолдон чыгарышпадыбы. Үйдүн ачкычын деле колуна берип кеттим эле. Бирдеме алып жегенден батына алган эмес го бул таалайы жок. Олда, жокчулугуң менен куруп калган дүнүйө ай».
Зайракан күйүп-бышып жатты. Султанбек Токушту көтөргөн калыбында сeлeйип үнсүз турду…
Энесинен биротоло ажырап, ыбаа карар жакыны жок кичинекей Токуш эми Султанбек менен Зайраканга биротоло бала болуп кала
берди. Ал кезде Токуштун балбылдаган көзүнөн башка адамдын ичин жылыта турган кенедей балалык сүйкүмү жок болучу. Байкуш кыздын төөнүн ширисине окшоп кадимки өңү бир укмуш. Буттары чийдей болуп карганын эле шыйрагы. Чарадай болгон чоң башын алманын сабагына окшогон ичке мойну зорго көтөрүп тургандай. Ушул кичинекей мусапыр Токуш баш маана кылган Зайракандын бир асыл касиети колунан көөрү төгүлгөн уздугу болучу. Эскини эптеп, жаңыны
ого бетер жараштырып, келишимдүү кийимдерди тигүүчү. Кол өнөрү
менен тырмагын түгөтүп өз оокатын тың кылган зымпыйган сарам
жалдуу ургаачы эле. Ал жөнүндө айылдаштары «Султанбекти Султанбек кылган Зайракан. Жакшы адам бир жеринен кем деген ушул,
Асылдыгына жараша аркасынан ээрчиткен перзенти жок байкуш келиндин. Жараткан
чөп-чарга, курт-кумурскага, каркылдаган каргага, куркулдаган кузгунга, ит менен кушка берген баласын Зайракан өңдүү перинин кызындай болгон жакшы ургаачыдан неге аяйт» деп өздөрүнчө кудайга нааразы болушчу.
Султанбектердин кыз багып алганын уккан жакшы санаалаштары «бешик бооң бек болсун» айтып келип жатышты. Баладан көзү
каткан эрди-катын колунда бар оокатын дасторконго көнтөрө төгүп
Шайымкүлгө атап куран окутту.
Балама батаңарды бергиле. Шайымкүлдүн арбагына багыштап дуба кылып койгула, айланайындар. Ал бизге ыраазы болсун.
«Бирөөнүн тоогун жесең каз байла» дегендей, кара башыл бала эмес,
улак алган жерге да жол айтат тура. Түн уйкумду үч бөлүп түндө
туруп бул байкуштун бешигин терметип убарасын тартпадым, же кирпигин жууп энелик эмгегимди сиңирбедим. Даяр бала алдым
деп кантип унчукпай коёюн, — дейт жаңы төрөгөн аялдан бетер маңдайынан тер чыпылдап албырган Зайракан.
Бала болсо да Токуш энесине катуу аза күттү. Ал эч кимге ачылып балалык мээримин жаркытып күлбөйт да, сүйлөбөйт да. Туруп-
туруп эле өзүнчө букулдап ыйлап; буулугуп эчкирет. Кээде алдына келген тамакты жарытып ичпей, жагалмайдан коруган бөдөнөчө Зайракан менен Султанбектен чочулап көздөрүн алаңдатып, жалжылдай берет. Алардан оолактап боюн салбайт.
Кээде уктап жатып да ыйлайт, энесин чакырат…
Уландысы бар…