ЖЕТИМДЕР 22 бөлүм 

?ЖЕТИМДЕР
22 — БӨЛҮМ

Толкун Саматтын ишине күбө катары чакырылды. Ал айылга келгенде күн кечтеп калган болучу. Күнү-түнү тынбай жаап, чайыт-
тай ачылган күндүн суугунан тү деген түкүрүк жерге түшпөйт. Темир аяз чыкылдап бети-колду каарыйт. Али абдан таптала элек тоңголок кар аяк астында кычырайт. Там үйлөрдүн морлорунан кара кочкул түтүндөр созолонот. Айлана күйгөн тезек жыттанып кыздын мурдуна алда немедей жагымдуу жыт берет.
Айылдын четиндеги узунчасынан салынған боз тамдын көчө жак терезесинен бүлбүлдөгөн жарыктын бүдөмүк шооласы чыгат. — Имаштын үйү,- деп ойлоду кыз — Абас экөө жакшы жолдош эле. Баатырдык менен курман болду деп кагаз келген. Жаркылдаган кайран жигит. Анан кыз бир күнү Абас менен имаштын ушул үйдөн чыкканын, алардан уялып өзүнүн жашынып калганын эстеди. Экөөнүн басып келаткан жерин карап келатып маңдайындагы жалгыз терекке жөлөнүп бышактап ыйлап турган өспүрүмдү көрдү. Кыз токтоп
калды. Үйдө бирөө кошок кошуп жатат окшойт, деди Толкун өзүнүн титирегенин токтото албай. — Имаштын күйүтү аз келгенсип
дагы кимисин угузган. — Канын эненин улуу баласы Болотбекти эстегенде Толкун коркуп кетти…
Көчөнүн ортосу менен келаткан аял Толкундун жанынан өтө берип кайра бурулду.
— Экагылайын, сен кайсы кызсың? – Толкун селт этти.
И жеңе, мен эле, тааныбай жатасызбы?
Астына кетейин Толкунсуңбу. Боронзодон келаткансың го.
Бул жерде эмнеге турдуң? — Аял кызды бетинен өптү.
— Каныш энемдин үйүнөн ый чыгып жатабы?
Уга элексиңби, Болотбек абанды угузган. Эртели-кеч балдарын ушинтип жоктойт шордуу. Келининин да эси кем неме экен.
Каныш энеге таарынымыш болуп, төркүнүнө кетип, келбей койбодубу. Небереси экөө эптеп күн өткөрүп жүргөндө жаман иш болбодубу.
Аял терекке жөлөнүп турган баланы көрүп шыпшынып алды. — Қагылып кетейин ыйлап турат окшойт ээ. Оо окшошкон шордуу жетимдер, убалыңар пашиске жетсин… Сенин ата-энең да келишти эле. Качан кетишкенин көрбөй калдым. Менден беш бетер бырбыңдап Зайракан да жашык неме тура. Ыйлап жатып болуп калды окшойт. Шордууларды карап эсим ооп олтура бериптирмин. Эми келатам. Балдарым тиштеринин кирин соруп куурады го ачка.
Қайда бардыңыз эле?
— Асанбай шордуунун жанарак эле эки баласын бир угузбадыбы. Кара кагаз көп келиптир деп жатышат. Канчабыздын шорубузду кайнатар экен. Энеси баш болуп келин-кыздары тим эле беттерин
чарыктай тытып салышыптыр. Эчтекеден капарсыз эртең менен эле кенже уулун аскерге узатып, пристанга барып келишиптир. Кагылайын Толкун ай, кандай заман, кандай күн болуп кетти.
Аял жогору жакка кулак тосту.
Өкүрүк чыгып калды. Сыпагүлдүн төркүнү келе элек деп жатышат эле… Ошолорбу, же башка үйгө келген немелер болду бекен.
Бир күнү соо калган күн болсочу. Күндө ый, күндө өкүрүк. Тобо кудай, ушул күндүн кенемтесин чыгара турган күндү көрөр бекенбиз.- Аял жакасын кармады.
— Гермендин түп орду менен өрттөнүп өлгөнүн уксак ээ!
Толкун аялдын оозун аңкая тиктеп, үнсүз турду.
— Астына кетейин, үшүп кеттин окшойт. Барагой эми…
Кыз кичинекей дарбазадан киргенде ары жактан алы-жаны калбай ичип-жеп жулкунуп үрүп жаткан Кумайыктын сүрдүү үнү кан
буугандай басылды. Көптөн бери көрбөй көзүнөн учуп сагынган дөбөт өз кишисин көргөндө кулагын тикчийтип, куйругун шыйпандатып, боору менен жерге жата калып кыңшылап жиберди. Анан ордунан кош аяктап тикесинен тура калып кызды көздөй каргыды. Толкун чемоданын эшик алдына коё коюп Кумайыкты көздөй жүгүрдү.
Колундагы сумкадан бөбөктөрүнө деген эки-үч пряниктин бирөөнт алып теңин сындырып иттин алдына таштады. «Кумайык! Кумайык!
Байкушум, сен да мени сагындыңбы?» — Жонунан сылап эркекетти.
A Кумайык болсо алдындагы пряникти лап эттирип бир сугунуп коюп, Толкундун колдорунан жалап-жуктап эркелеп жатты. Үйдөн дүрбөп чыккан бөбөктөрүнүн ызы-чуусу кызды шаштырды.
– Кудай, э-же-кем, эже-кем!
— Ата-а, эжекем келди.
Сүйүнчү энеке, эжекем келди.
Толкунду короонун ортосунда жылаңаяк, жылаңбаш, көйнөк-ыштанчан чыккан бир туугандары ортого алып кучактап жыгылышты. Бутунан орой кучактап, өзүн карап эркелей күлүп турган Чолпонду Толкун жерден көтөрүп алып бооруна сыга кучактады.
— Балакетинди алайын кулунум, аман-эсен келдиңби? Дени-кардың сакпы? — Зайракан кызынын бети-башынан туш келди өпкүлөп жатты. Аялынын көрүшүп бүтүүсүн күтүп, топусун желкесин көздөй жылдыра берген Султанбек барк этти.
— Ой байбиче, бала үшүп кетпедиби? Калганын үйгө киргенде өпчү бай болгур. Секет кетейиним менен мен деле учурашайын да.
А-а түгөнгүр, сен да бар белең. Мына учураш эми. Очойбой кел бери. — Зайракан көз жашын башындагы жоолугунун учу менен
сүртө берип, Чолпонго умтулду. А кыз болсо эжесинин мойнун орой кучактап, бетин бетине тийгизди.
Сени келет деп угуп үч күндөн бери жолуңду тособуз.
Өлүктөн келип, кара жолду карап олтуруп үшүгөндөн жаңы эле кирип чечиндим эле. Қайсы тараптан келип калдың. — Султанбек кызынын маңдайынан кор жыттады. — Тосуп баралбай калдым. Куурадың го жөө.
Кара аякка толтура суу куюп чыккан эне эшик алдынан Толкундун башынан тегеретти.
– Түкүр.
Толкун күлүмсүрөп оозун бүлк эттирди.
– Қапырай, көңүлдөнүп эле жакшырак түкүрсөн.
– Мына, тү-тү. Болдубу?
Айтыңызчы энеке, Сиз молдосузбу? — Камчыбек энесин ээрчий басты. — Молдолор сууга мурда өздөрү түкүрүшөт. А Сиз эжемди түкүртүп жатасыз? Кайсынысы туура?
Султанбек ортодон чыкты.
Бакшыныкы туура.
Ким бакшы. Баякы Сиз урган молдобу? — Қанатбек нурданып
турду.
— Молдо кара жерге кирсин. Зайракан бакшы. — Үйдүн ичи күлкүгө толду…
– Энеке, тоок соёсузбу? — Камчыбек эшик алдынан үн катты.
Мен талканды алып келем! — Чолпон эжесинин астынан ыргып турду.
Сен билбейсиң кызым, өзүм алып келем азыр.
– Эжеме каткан майынды дагыбы? — Канатбек так секирди.
— Май жейбиз кудай. Май, май.
Зайракан дасторконун жайып ичпей-жебей кызына сары майдай сактаган талкан-тулканын алып кирди. Көптөн бери мындай кеңиричиликти көрбөгөн балдар Толкунду тегеректеп дасторкондун үстүндөгү кошкон майды көрүп шилекейин жутушуп, моюндарын созушат..
Эне балдарына кичинеден бөлүп берди.
— Болду эми, акыйбай кийин олтургула. Тигини эжеңер жесин.
Силер үйдөсүнөр го. Окуймун деп ичсе ичпесе жүрө берип шапайып арыктап алган тура жылдызым. Жок дегенде кеткенче карды бөксөрбөй турса экен. Ала кеткендей азык камдап бере алар бекенбиз.
Балдар туш-туштан чыгышты.
— Энеке, ушундан башка такыр кошкон май жебейбиз. Бардыгын эжекем жесин маакулбу? Биз жарма эле ичебиз. Коюнузчу эне! Ошол кантип акыйкат болсун. Мен эмне таш көтөрүп келдим беле. Тең эле жейбиз. Алагой Чолпонка, кана баарыңар тең.
— Жо-о-к, мен тойдум. Сиз ачкасыз да.
Ким айтат, ачка деле эмесмин, көлөкөм.
Қабырылып ичи-ичине катып турган Толкун колундагы ысык кымыранды байкабай чоң ууртап алып көзүнөн жаш ыргып кетти.
Манаттай болуп кызара түшкөн кыз чынысын жерге коё коюп Чолпонду карап күлгөн болду.
Қыз эжесине божурай баштады.
— Энем кампадан эгин тазалап жатып өтүгүнүн кончуна буудай катып келген, эжеке. Атам да, энем да Сизди ачка жүрөт деген. Қызым келгенде жесин деп мөөнгө май куюп катып койгон. Анан жумуртка да чогулткан. Ата дейм, энем эжемди сагынып ыйлаган ээ.
Билесизби, эжеке, энем Сизге жүндөн — Чолпон колун жая салып кулачын кере көрсөттү, — момундай, эң эле сонун чо-о-о-ң жоолук, анан мээлей, анан дагы байпак согуп койгон. Көрсөтөйүнбү ишенбесеңиз. Сандыкта ээ, энеке.
Жашабагыр, жарылдаган, мунуңар эжеме тамак ичирбес болду. — Қанатбек Толкунга көрсөтпөй, колун далдаалап туруп Чолпонго муштумун көрсөттү.
Қарачы, эжеке, Қанатбек мени урамын деп жатат?
Кой, кой Канат байкеси, Чолпонумду урба. Қызга тийсең томаяк болуп каласың.
— И-и, кантесиң. Эжем сени уруштубу? Льа-льа-ла…
Балдардын төшөгүн салып жаткырып коюп Зайракан менен Султанбек кызы менен жарптары жазылганча сүйлөштү. Уйкусу келгенге карабай Толкундун тизесине башын коюп Чолпон үргүлөп жатат.
— Эл арасы муңдуу го, энеке. Қара кагаз көп келип жаткан окшойт ээ.
— Айтпа балам. Тим эле жан кулактын учунда. Анысы аз келгенсип жокчулук жондон басып турат элди. Дагы биздин жаман кара уй ишке жарап, балдарга аш катык болуп жатты эле, байып калды. Тооктордун жээр жеми жок ачкасынан кырылганы турушат.
Жарытып жумуртка да бербей калды. Атаңдын арыгын көрдүңбү.
Силерди ачка болуп калбасын деп, куу кекиртектин айынан жарым чыны талкан чыга турган жер табылып, жумуш чыкса таң атканча
узанат уктабай.
— Байкуш атам,— деп ойлоду Толкун куркуюп мойну узарып, тартайып эти кетип, бетинин чүкөсү чыгып картая түшкөн Султанбек-
ти жалооруй тиктеп.
— Согуш бүткөнчө биздин тамагыбызды таап,
киймибизди бүтөйм деп жүрүп куурайт экенсиң го. Сенин ал жакта экениңди ким билип чакырыптыр?
– Прокурор өзү.
– Пуркорол!..
Толкун Нурландын өзү жөнүндө шектенгенин эстеди. Ушуну ата-энеме айтсамбы деп кыялдана түшүп, кайра иренжип кетти.
«Кантип эле ушулар менин өгөй ата, өгөй энем болсун. Кой, кой, кой. Ушул да ата-энеге айтып, оозго алар кеп болуп калыптырбы.
Окшошкон каралдыларым…»
– Иниң айттыбы сага, оюнкеметке чакырганын.
— ыя?! Эмнеге чакырыптыр? Кичинекей немениби?
– Тим эле бирдемени сөз деп сүйлөй берет экенсиң. Сурап кайра коё бериптир. Жаңылыш чакырса керек.
– Жок, ата, жаңылыш эмес. Чарба книгада балким ошондойдур.
Эртерек такташ керек муну. Сельсоветке айткан жоксузбу?
— Жок балам, айткан жокмун. Өкмөт өзү көрөр. Көрбөсө алар.
Қантебиз. Биз эмне, элден артык белек.
— Қаргадай баланы аскерге алып эмне кылмак эле деп санаамды тындырып коюшту ар кимиси. Атаң го камаарайын десе кудай урсун.
Менин коркконум Камчыбек эмес, сенсиң, балам. Деги шумдук, — деди кичирейип бараткан чыракдандын билигин оңдоп жаткан Зайракан демин ичине тартып.
— Мындай болот деп ким ойлоптур. Кайран Зайнидин. Эгер аны Саматтын өлтүргөнү чын болсо емне болор экен? Тегеренип кетейин төл башым ай, өзүңө залакасы тийбесе эле
болду го. Менин коркконум атаң экөөңсүң.
Бизди эмне кылмак эле? — деди Толкун бүркөлө түшүп.
— Эй макоо баш, өкмөт деген өкмөт. Акты кара, караны ак деп бирөөнүн отуна бирөөнү күйгүзүүчү мезгил өтүп кеткен. Көп болсо
Толкунду күбө катары сурар. Самат деген айбан жөнүндө эмне билсе ошону айтып берер. Андан башка эмне…
— Эмнеси курусунчу. Ылайым Саматтан башкалар колдуу болор
күнү кайда. Самат өлтүрдү дегенче биздин башыбызга да кайра баштан балакеттер үйүлдү дей бер, Султаш, Зайнидиндин ичине бычак салалбай турган туугандары сени бир балакет кылабы деп корком.
Эмитеден эле бизди каргап-шилеп жатат дейт.
— Мен кызымды Саматтан тартып келип бергенге жардамчы бол деп Зайнидинге асылыптырмынбы. Бардыгын өз адамкерчилиги, өз жүрөгү, өз башы менен иштеген.
— Ошондой болсо да энем туура айтып жатат. ата. Бул иш эл ичинде унутулбай айтылып жүрө турган сөз болуп калды го. Самат
түрмөдө жалгызбы? — Толкун Чолпондун тизесине койгон башын сылап олтурган калыбында улутунду.
— Баякы Алыйка деген келинди да камаптыр деп жатышат. Ошол экөө өлтүргөн имиш го.
Жүзү каралар, кантип колдору барды экен. Байкуш Зайнидин агай, же бир көп кишинин бир кишиси болсочу. — Толкун жашып барып токтоду.
Қыз ата-энесинен Саматтын киши өлтүргүч айбы кандайча ачылганын укту. Бирок, кантип, кайдан, эмне кылып өлтүрүшкөнүн али
ачык билишпейт экен.
Этер имиштерге караганда иштин башы мындай болуптур: Самат менен Алыйканын ортосундагы «жаштык махаббат» бара-бара отко салган темирдей чыңалып, бензинге ширеңке тийгендей дүркүрөп
алоолой берет. Қолхоздун жумушун бетине кармаган Алыйка үй-бүлөсүнөн оолактай баштайт. Кээде талаага конуп-түнөп да калат. Муну көргөн абышка-кемпир бири-бирине сыр билдирбей ичтеринен сызат.
Күндөрдүн биринде чал кемпирине опурулган имиш. «Элдин келиндери ишин иштеп келип эле үйлөрүндө жүрүшөт. Алыйкага айтсаң боло, тизгинин тарта жүрсүн. Колтугуна суу бүркүп желиктирип жүргөн бирөө бар окшойт. Качан болсо эле Самат экөөнүн бирге жүргөнүн көрөм. Ушунчасында келиниңдин басыгын оңдоп, оң жолго сал. Жолго салуу колуңдан келбесе ачыгыңды айт, Алыйкага сен айталбаган сөздү мен айтамын» дептир. Кемпирдин ою абышкасынын сөзүн жөндүү көрүп турса да ажылдап коё берет. «Кайын эне болбой калганына тобо. Күнү-түнү куурап жумушта жүрсө, ушул сөзүндү сакалдуу
башың менен кантип уялбай айтып олтурасың. Уят кокуй, менден башка киши укпасын бул сөздү. Иши кылып жаман күйөөсү аман-эсен келип, акжолтой болсо болду. Самат менен бирге жүргөнүнө жаның эмнеге кашайып кетти. Талаа жери кен дегендей, жумуш деген
жумуш да. Басса басып койгондур, турса туруп койгондур. Анын эмнеси бар экен». Кемпир этек-жеңин кагынып ордунан турат. Абышка байбичесин эликтеп, мыскыл күлдү да «акылдуу кайын эненин тарбыялаган келинин» деп күңк этти.
Ушинтип жүрүшкөндө Алыйка кош бойлуу болуп калыптыр.
Мурда кийин курсак көтөрүп, бала төрөп көрбөгөн тажрыйбасыз аял боюнда барын кеч байкайт. Самат аны алмак болот. Бирок, айылдын шарты, ага-туугандык өтмө катар байланыштар бул ишти жүзөгө
ашырууга бөгөт болот. Эмне кылып ачыкка чыгуунун айласы табылбай дендара болуп жүргөн кезде Саматты аскерге чакырып калат.
Анан ал аялды алдап-соолап төркүнүнө жөнөтүп жиберет. Ишим бир жаңсыл болгондо артыңдан барам. Ага чейин атаңдыкына барып туруп тур деген имиш. Бирок, Саматтын оорусу бар болгондуктан аскерге барууну өзү сураса да албай коюптур.
Күндөр өтө берет. Бирок, кийин Самат убадасы боюнча Алыйканын артынан издеп барбайт. Күндөрдүн биринде келин каттоочудан
кат жазып жиберген болот. Қат алып келген киши Саматтын тоода карагай даярдоодо жүргөнүн угуп, келгенде берип коёр деп, аялдын катын Аман деген колхоздун бухгалтерине берип кетет.
Чатактын башы ошол каттан башталыптыр. Бухгалтер жигит Жол-Арык айлынан «Социализм» колхозуна келип иштеп жаткан Ата Мекендик согуштун инвалиди болучу. Кат жигитти кызыктырды. Ал
камыр менен бекем чапталган, чакмак кагаздан колго жасалган кон-
вертти ачып жиберет. Қаттагы сөздөрдүн ичинен Амандын жүрөгүн
опколкутуп, көңүлүн шектенткен бир гана сөз болду. «Самат! Эгер
мен сенин кылмыштуу иштериңдин бетин ача турган болсом, өмүр
бою түрмөдө чиририңди билесиңби?» дептир. Бухгалтер ойго батты.
Зайнидиндин каны Саматтын мойнунда тургандай болду. «Өмүр бою
түрмөдө чирий тургандай» киши өлтүргөндөн башка дагы кандай күнөөсү болушу мүмкүн, деп ойлоду. Эмнеси болсо да Саматты текшерип көрүш керек деген пикир Амандын эсинен чыкпайт.
Ошондон кийин бухгалтер жигит шаарга барат. Ал прокуратуранын тергөөчүсүнө кезигип, күбө болгон катка кошуп арыз жазып калтырыптыр. Бирок, Аман арыз суна турган кишиден жаңылат. Тергөөчү Ракыйманын бир тууган иниси болучу. «Қарга карганын көзүн чукубайт» дегендей, Саматтын чырагына дагы май тамды. Амандын
арызы прокурордун өзүнө жетпей жок болду. Бара-бара каттын изи
сууй баштайт. Самат согушка жөнөтүүнү сурап аскер комиссариатына дагы арыз берди. Бирок, ал дагы аскерге кеткен жок.
Аман прокуратурага келгенде баякы тергөөчү жигит прокурордун
убактылуу милдетин аткарып калган болучу. Иш таптакыр терс жагына айланды. Прокурор Саматтын ишин текшерип билгендигин айтат. Анын берген справкаларына караганда Самат сүттөн ак болуп
чыгыптыр. Бухгалтер булардан эчтеке чыкпасына көзү жеткенден
кийин өзү берген Алыйканын катын кайтарып берүүнү талап кылса,
тергөөчү ал катты шкафтарын, аңтарып жатып таппай койгон
ими.
Қаттын жоголгонунан улам ого бетер шектенген Аман Саматтын
үстүнөн иш козгоо өтүнүчү менен республикалык прокуратурага кай-
рылат. Самат жөнүндөгү иш ушинтип чиеленишет.
Уккан сөзгө караганда Фрунзеден келген тергөөчү Самат менен
Алыйканы бирине бирин көрсөтпөй сурак кылып жаткан имиш. Саматты сураганда тергөөчү: «Зайнидинди Самат өлтүргөн. Көмгөн жерин да билем. Беттештирсеңер баарын тең мойнуна коюп беремин, —
деп Сарбанова айтып жатпайбы» десе, аялды сураганда: «Самат
бардыгын мойнуна алды .Алыйка экөөлөп өлтүргөнбүз» деп жатат
Байкожоев. Қимиңердин сөзүңөр чын экенин билбей калдым. Ал Сизди аламын деп алдап оозун басып жүргөмүн дейт го. Ошенткени чын
беле? Ишиңиздин жеңил болорун кааласаңыз чындыкты гана айтыңыз
дептир. Анан Алыйка коркконунан, менден мурда Самат мойнуна
алып коюптур деген ишеним менен бардыгын төкпөй айтып бериптир.
Бирок, Самат дагы эле мойнуна албай танып жатыптыр, – деп бир
даары айтса, бир даары «Зайнидиндин Самат колдуу болгону төгүнгө чыгып жатыптыр. Жакында тергөөчү түрмөдөн тигил экөөнү бошотуп, алардын үстүнөн жалган арыз жазгандыгы үчүн Аманды ка-
майт экен», — деген сыяктуу сөздөрдү айтышат.
«Шамал болбой чөптүн башы кыймылдабайт» дегендей, элдин
этер имиш сөздөрүнүн көбү чындык болуп чыкты. Алыйка ырас эле
бул убакта Саматтын айбын ачып салган болучу…

Уландысы бар…

Досторуңуз менен бөлүшүңүз..........

КЫРГЫЗЧА САЙТ ⚜️