?ЖЕТИМДЕР
21- БӨЛҮМ
Толкун катты кыйналып, жүрөгү сыздап, кээде өзүнө өзү ээ боло албай солуктап олтуруп окуду. «Сыртынан бир көргөн киши Чокоевдин ичи толгон мынчалык оор кайгысы бар деп кантип ойлойт. Барып турган арманы арылбаган, күйүткө чөккөн, бактысы тайкы адам деп ушул жигитти айтыш керек. Гүлдөп турган кезинде мезгилсиз соолуп жок болуу кандай аянычтуу, ээ. Же жанакы кичинесинде энеси менен чогуу дайынсыз талаада өлгөн Токушу сыяктуу эрте өлүп калса
эмне» — деп ойлоду. Нурлан киргенде ага боору ооруп, ичи ачышып турган калыбында жалооруй карады.
Окуп бүттүңбү, Толкунтай!
Бүттүм, байке. Жаман кеп болгон экен да.
Ордуна жаңыдан олтурууга камынып бараткан Нурлан токтой калды.
– Эмне жаман болуптур?
Қыз өңү түктөйүп, ордунан козголо берип, оңдонуп олтурду. Ракатты Нурланга жаңы угузуп жаткансып, оозунан сөз араң чыкты.
Қарындашыңыздын ууланганы.
Нурлан жадырап күлдү.
— Ракат өлгөн жок, ал тирүү кагылайын.
Толкун сүйүнгөнүнөн ордунан тура калды.
Чын айтасызбы, байке? Ох жаным, өлүп калган экен деп ойлободум беле. Ылайым тирүү болсун.
— Ракаттан кечөө жакында эле кат алдым. Бул жерде суурмамда турат. Жакында түш көрүптүр, ошону жазыптыр мага. Энем Токушту ээрчитип келиптир дейт. Экөөбүз кучакташып алып аябай ыйлап жатыптырбыз. Биз сени сагындык энеке, балдарыңды таштап
кайда жүрөсүң дейм. Мына эми экөөңдү издеп келбедимби. Эми эч жакка кетпеймин, ажырашпай чогуу болобуз мындан ары. Бирок,
экөөң бир жакка чыкканда ажырашпай чогуу жүргүлө. Кокустан адашып кетип торумду кайнатасыңар — деп баякыда балдар үйүнө бизди узатып жатканда айткан сөзүн айтат. Токуш баягыдай эле кымындай, бойдон экен. Энем да картайбаптыр. Бирок, бизди таппай
ыйлап жүрүп эки көзү көрбөй калган имиш. Энемди Токуш жетелеп жүрөт экен. Биз балдар үйүнө кирип кайра чыкканча экөө тең кетип
калыптыр. Эч жерден издеп таппай калдым. Ары-бери жүгүрүп издейм. Үнүмдүн бардыгынча кыйкырып эне, энекебай, Токуш деп чакырам. Таппай калдым. Ушунчалык кайгырып, энем менен сиңдимди
ойлоп ичек-боорум эзилгенче күйүп-бышып жатыптырмын. ыйлап жатып ойгонуп кеттим,
– деп жазыптыр каралдым.
— Ойлосо керек. Ошон үчүн түшүнө кирген да. Энени бала унутпайт тура. Мен атам менен энемди сагынганда канатым болсо учуп
жетким келет. Айла жок. Бардык балага ата-эне бирдей ысык, бирдей ыйык да. Баса байке, анан эмне үчүн карындашыңыз жанакындай кат жазган?
— Да-а, ошондой кайгылуу мезгилдер да өткөн.
Толкундун көздөрү акылдуу жоодурады.
— Эх Нурлан байке, ырас эле өзүңүз айткандай жаштарга сабак болуучу кат экен. Каттын акыры эмне менен бүттү? Сиз бардыңызбы?
— Мен ошол кезде өзүбүздүн республиканын алыскы райондорунун биринде практикада жүргөн элем. Ракаттын оорусу катуу деп
институттан мага телеграмма келди. Аны мага телефон аркылуу билдиришти. Фрунзеге жетип келгенимче эки-үч күн өтүп кетти. Жолдоштор мен келгендин эртеси эртең менен поезд менен узатууга чыгышты. Паровоздун жөнөөгө берилген акыркы гудогу жер-сууну бузуп, кара кочкул түтүн буртулдап асманды көздөй атылды. Поезддин деңгөлөктөрү шаралтай түшүп кыймылга кирди. Бири-бирине чиркешкен вагондор силкине берип алдыга жүткүндү. Қол булгалашка жолдоштордун тобу бир заматта менден алыстай баштады. Поезддин жүрүшү ылдамдады. Артта калган жолдошторду терезеден кылчайып
карадым. Бир мезгилде таманы жерге тийбей чымын-куюн болуп вагондон вагонго өтүп чуркап келе жаткан республикалык прокуратуранын секретарь-машинисткасы Вера Тихоновнаны көрдүм. Колунда
пакет жүргөнүн байкадым. Мен турган терезеге жанаша түшүп, поезд
менен тең жарышып келатты. «Нурлан! Нурлан! Ракаттан кат» деп энтиге сүйлөгөн кыйкырык кулагыма шак дей түштү. Мен шашып калдым. «Поездге урунасыз, Вера Тихоновна» дедим. «Эчтеке эмес карма» деди кыз. Мен колумду сундум. Конверттин учу колума тийгендей болду. Вера артка чегинди. Кат менде калды. Бүткөн боюм ысып чыкты. Жакшылыктан үмүт кылдым. Ракат конверттин ичинен күлүп
тирүү чыга калучудай көрүндү. Бирок мен ойлогондой болгон жок.
Қатты окуп чыгып кара көзүм кашайып, жалгыз карындашымды жутуп алган экенмин деп гана ойлодум. Алдагы сен окуган кат ошол
болучу. Эх, ошондогу күйгөнүм ай, Толкун. Ошол замат өлүп кетемин го дедим эле. Бирок, өлгөнүм жок. Поезддин астына өзүмдү
таштоону да ойлодум. Эгер күйүткө чыдабай өлүп кеткен болсом, карындашым ошондо анык өлмөк экен. — Нурлан папиросту үстөкө-
босток, тартып жатты. Бөлмөнүн ичинде аркы-терки жай басып жүрүп сүйлөдү. Илеп тартып кайра үйлөп чыгарган тамекинин көгүлтүр
түтүнү Нурландын оозунан үйдүн шыбын көздөй жүлүндөй сызылын чыгып, айланага каалгыган бойдон жай тарап, каңылжарды өрдөп, көөдөндү уруп турду. — Жок дегенде байкушумдун жүзүн көрүп коштошпой, же топурак салбай калдым деп жолдо катар өкүнүп да, өксүп да бардым. Эчак коюп койгондур деп ойлодум.
Иш мен ойлогондой болбой чыкты.
Ракат катты мага жиберип коюп, уксусту жаңыдан иче баштаганда институттун мугалимдери келип үстүнөн чыгыптыр. Сыягы аз ичип калган көрүнөт. Карындашым ооруканада экен. Олда көлөкөм
ай, студент болсо да институтка кадыры мынчалык экенин мурда байкабаптырмын. Анын узун өмүрүн тилеп менден кыйын камкордук кылып жаткандар көп экен.
Мени театралдык институттун директору банн болгон мугалимдер менен Мосфильмдин башкы режиссеру, мен окуган университеттин
коллективи, Ракат менен өзүмдүн жолдошторум болуп гүл менен поездден тосуп алышты. Алардын жаштуу көздөрү, күнөөлүү адамдардан бетер калтырап чыккан басмырт үндөрү көзүмдөн да, кулагымдын да эмгиче кетпейт. Анткени, кыздын абалы ошол мен келген мезгилде да өтө оор болуп киши тааныбай жатыптыр. Адам болобу,
болбойбу деген суроо ар кимисинде бар экен. Тосууга чыккандардын баары эле мени жалжылдап тиктегенсийт. «Ракат өлдү. Биз аны эчак көөмп салганбыз. Күнөө өзүн өзү өлтүргөн ууру карындашыңда, кечигип келген өзүңдө» деп ойлоп жаткандай туюлду. Поезддин тепкичин жаздым басып алып учуп кетиптирмин. Мени жерге жеткирбей
жолдоштор кучагы менен тосушту. «Ракат тирүү. Эмнеге сен минтип өзүңдү жоготуп жатасың» деген сөздөр жашоосун аяктап, муздай түшкөн жансерек жүрөгүмө кайра баштан кан жүгүрттү.
Элден, коллективден айланса болот. Мен барганча эле иштин бети ачылып калыптыр. Ракаттын өз жанын өзү кыйып өлүш үчүн уу
ичкени институтка ошол эле замат угулуптур. Кудай жалган ооруканага өз убагында жеткирилген экен…
Нурлан токтоп-токтоп, ойлоно калып, кээде күлүмсүрөй түшүп, жай сүйлөп жатты. Ал өзүн ушул мезгилде карындашы Ракаттын ти-
рүү калганына канчалык сыймыктанып турса да, дагы бир кымбат нерсеси жетпей, өмүрү бир эли бөксөрүп тургансыган бир күчтүү
агым мандайында олтурган бей тааныш Толкунду журөккө атып жаткандай болду.
Карындашыңыз азыр кайда? Иштейби бир жерде?
Иштейт, иштейт. Мурда Москванын өзүндө Мосфильмге актриса кылып калтырышкан. Азыр театралдык институтта сабак
берет. Мурда күнү Сочиге учуп кетиш керек эле. Мага ошентип жазыптыр.
Күйөөгө чыкканбы?
Чыккан. Акар-чакар болуп калды. Жолдошу хирург. Азыр ал военный госпиталда иштейт. Мен ошол күйөө баламдын колунан
сакайып чыктым, Толкун. Өзү Ысык-Көлдүн күнгөй тарабынан. Сении жердешиң… — Нурлан унчукпай калды. Бакыракайынан келген сурмалуу коймолжун окшош көздөр бири-бирине кадала түштү. Жүрөгү
дүпүлдөп, ичи ысый түшкөн Толкун көзүн ылдый түшүрдү…
* * *
Уландысы бар…