?ЖЕТИМДЕР
20 — БӨЛҮМ
Нурлан дагы унчукпай калды. Бөлмөдө кайра баштан тынчтык.
Ал Толкунду телмире тиктеп турду.
— Сен менин Ракатыма да, ошол балдарым деп канатын каккылап бизди издеп жүрүп талаада тентип жүрүп көзү ачык өлген байкуш энеме да окшошсуң, Толкун. Ооба, Токуштун өзү да Ракатка окшош болсо керек эле. Анын да сеникиндей, так эле ошол жеринде
капкара болгон таруудай калы бар болучу. Аны мен толук билем. Эгер ал тирүү болгон болсо, дал эле сеникиндей болуп, өзү менен
кошо калы да өсөт эле.
— Менин ата-энем бөлөк да, Нурлан байке. Сиз бекер эле шектенип жатасыз. Қантип эле атамдын асыранды, өгөй кызы болуп калайын. Эгер минте берсеңиз экинчи Сизге такыр келбейм. Жанга жагымсыз, үч уктаса түшкө кирбеген, ойдо жок сөздү Сизден биринчи угуп олтурам. Окшош экенимде талаш жок. Қарындашыңыздын сүрөтүн деле көрдүм. Бирок, Султанбек менен Зайракандын бакма
кызы деп Сизден башка эч ким айткан эмес. Үйгө барганда ушунун баарын айтам. Ата-энемден сурайм. Мен мындай олку-солкулукту
көпкө көтөрүп жүрө албасмын.
Нурлан эрдин кесе тиштеди. Қарындашым болуп жүрбөсүн деп олтурган бул шектүү кыз, минтип эч кимди өзүнө жакындатпай асман
түйүлүп, ойноп олтурса жигит дагы эмне деп айтмакчы. Өзүнүн кансыктап турганы аз келгенсип, өзүнө тааныш эмес башка бир
бактылуу үй-бүлөнүн, ата-баланын, эне менен кыздын ортосуна от жаккысы келген жок. Ал Исмаиловдун жообун күтүүнү ойлоду.
— Оо жолуң болгур десе, өз ата-энең экени чын болгондон кийин эмнеге минтип жеңилип жатасың. Уккан уккан жерде, көргөн
көргөн жерде калыш керек эмеспи.
— Ата-эне болсо да айта турган
сөз бар, айтпай турган сөз бар. Укканды учуруу, көргөндү көчүрүү бул ачык ооздукка жатат. Экөөбүздүн сүйлөшкөнүбүз ушул жерде,
ушул үйдө калыш керек. Артык баш сөз айтып, көңүлүңдү оорута турган болсом мени кечирип кой садагасы. Бирок, сени Султанбектин
асыранды кызысың деп айткан жокмун го.
— Айтпасаңыз да, сөзүңүздүн күүсү мага ошондой угулуп жатат. Катуу кетсем сиз да мени кечириңиз, Нурлан байке. Айтыңызчы,
анан эмне болду? Окууга кандай кеттиңер?
— И-и баса, биз Кочкордон түз эле Сыдык байкемдикине кеттик.
Қийин окууга да ошолор узатышты. Пишпекке чейин жеткирип келишти. Оо алар ушундай бооркер, мээрбан адамдар. Азыр ал киши
Пржевальскийде турат. А Никонор Васильевич болсо Сталинградды коргоодо баатырдык мнен курман болду. Кайран киши. — Нурландын
каңырыгы түтөп сүйлөдү.— Ах, оңбогон согуш!…
Балдар үйүндө Сизди тарбиялагандардан дагы эле барбы?
— Бар. Александра Жигайловна менен үймө-үйдөй катышып турабыз. Ал бизди дагы эле өз балдарындай көрөт. Тарбиячылар, мугалимдердин бизди билгендери менен келиш-кетиш кадимкидей. Бирок, көптөрү башка жакка которулуп кетишти.
Жигит сөзүн токтотуп ары-бери баса баштады. Анан тамеки күйгүзүп ачык турган форточканын алдына келип токтоду. Кечээки
кечте ветврачтын эшигинин алдынан көргөн Толкундун элеси Нурландын көз алдына келди. Кайра баштан ошол окуя, ошол көрүнүш жүрөгүн өйүп кирди. Турмуштун ачуу-таттуусун али татып көрбөгөн ушул татынакай секелекти ошол бузулган, ыплас ветврач азгырып
түбү жок орго түртүп жиберүүчүдөй ичи тарыды. Қайра басып келип кыздын жанына токтоду.— Айтсамбы, айтпасамбы? Жок, айтыш керек. Айтканда эмне деп айтам, эмнеден баштайм, — деп ойлоду Нурлан. Мурунку папиросун калтырып, жаңысын алды. Зажегалкасын жандырып жатып көзүнүн алды менен Толкунду карады.
– Сени мен кечинде биздин көчөдөн көрдүмбү? — Сенби деп эле ойлодум. Ветврач менен ошолордукуна кирип кеткендей болдуң?
Тууганың болобу ал?
Толкундун бети манаттай жанып кулагынын ұчуна чейин кызарып чыкты.
— Мага таяке болот, – деп акырын оозу бош күңк эгти.
– Жакын таякеби?
– Ооба, жакын эле. — Столдун четин кармалады.
– Күндө келесиңби анда.
Жаңыдан жүзүнөн тарап бараткан кандын толкуну кайра баштан дуу койду.
– Кечээ эле…
Қыздын кебетесин байкап турган Нурландын көзү кыздан өтүп турду. Чыга албай турган сөз оозунан төгүлүп кетти.
– Сен менин сөзүмө капа болбо айланайын. Қыз баланын андай бой-бойдок кишилердин үйүнө барышы ылайыксыз болот. Туругу
жок жигит дешет экен эл. Байкабасаң уят болуп калышың мүмкүн.
Түндө таң атканча сенин келечегинди ойлоп уктабай чыктым.
— Ал кишинин туулган күнү экен, барбайм десем болбой ээрчитип келди. Қайта бат эле жолдошторум менен кетип калдым.
— Туулган күнүндө жолдошторун чакырбай, студенттерди чакырат бекен?
— Билбедим аны.
Билишиң керек, кичине эмессиң да. Эчен-эчен киши киргизейин десем жеңең болбой койду.
Нурлан тамекисин өчүрүп жатып кайра сүйлөдү.
Сени карындашым Ракат менен тааныштырайынбы?
Тааныштырыңыз. — Кыздын үнү ындыны өчкөндөй, уялыңкы
чыкты.
— Мына бул катты окуп көрчү.— Нурлан костюмунун ички чөнтөгүнөн алып, четтери жыртылып, эскилиги жеткен бир калың конвертти сунду.
— Балким сага да сабак болуучу жерлери бардыр.
Чокоев кепкасын баса кийип, пальтосун желбегей жамынды да
эшикти көздөй басты.
Толкун ыңгайсыз абалда катты ачып окуй баштады:
— Ардактуу байке! Қандай, практикаңыз ийгиликтүү өтүп жатабы? Дениңиз сак, жакшы жүрөсүзбү? Сизге мындан мурда да кат
жаздым эле, алган чыгарсыз. Бүгүн эртең менен Сиздин катыңызды алып чоң кубанычта болдум. Менин бул ошол катыңызга жазган
акыркы жообум. «Ооруну жашырса, өлүм ашкере кылат» дегендей Сизге айтпай да, жазбай да коюуга акым жок. Сизден мен эч нерсени жашырган эмесмин, жашыргым да келбейт. Ооба, бул күтүүсүз окуя Сизге канчалык оор болорун түшүнөм. Ата-энеден ажыраганда эле экөөбүздү бирдей бутубуздан кармап туруп шорго бирөө малып
алса керек. Сиз менден көп жакшы нерселерди күтүүчүсүз. Ал эми
Сыдык Исмаилов менен Никонор Васильевич, Александра Жигайловначы. Көп кишилер мени адам болот деп үмүт кылуучу. Анын бардыгын чотко салып кайсы бирин жазып олтурайын.
Бул катты мен жатаканада жалгыз калып жазып олтурам. Биздеги кийинки жаңылык дипломдук спектаклге Шекспирдин «Отеллосун» даярдап жатабыз. Мага Дездемонанын ролун беришкен. Укмуштуудай кайгылуу, оор пьеса. Бирок, ошого карабастан, ошол ак жеринен, эки жүздүү бузуку Ягонун жалган чагымына өрттөнүп, өзүнүн сүйүктүү жары Отеллонун колунан жан берген ак пейил, жүрөгү таза сулуунун образын сахнага алып чыгууда кандай чыгармачылык күч жумшабадым дейсиз. Жакында генеральный репетиция болду.
Ийгилик жаман болгон жок эле. Айрым көрүнүштөрдө али жеткире иштеле элек камкөш образдарды кайра баштан иштеп чыгууга кээ бир актёрлорго туура келип жатат. Институтту бүткөндөн кийин киноактриса кылып калтырабыз деген сөз бар. «Мосфильмдин» башкы режиссёру биздин репетицияга келип баштан аяк катышып
олтурду. Ал киши акыркы көшөгө жабылганда менин жаныма келип, алгачкы ийлигигим менен алдын ала колумду кысып куттуктады. Кинодо калуумду сурап, кеңешин айтты. А мен болсом Сиз менен кеңешпей туруп макулдугумду бере албай тургандыгымды айткамын.
Арман ай, ушундай да өзүмдүн аткарган ролума шайкеш келген окшош окуя болорбу. Бирок, мен өзүмдүн мындай ишке дуушар бо-
лорумду кайдан билдим.
Эки-үч күндөн бери табым жок. Эч нерсеге көңүлүм чаппайт.
Балким чын эле ичер суум, көрөр күнүм түгөнүп баратса керек. Мендей акылсыз карындашыңыздын күнөөсүн кечирип коюңуз. Ырас эле Сизге акыркы катымды керээз катары жазып жаткан жокмунбу. Муну ойлосом ичим уйгу-туйгу түшүп, көңүлүм караңгылайт, демим кысылат. Сизди таштап кетүү канчалык оор. Жарыкчылык, өмүр, бир тууган. Ушул үчөөндү ойлосом башым айланып, асман кулал, тоо урап, жер жүзүн топон суу каптагандай болот. Жашагым келет.
Канткен менен жарыкчылык менен коштошуу оңой эмес көрүнөт. Жана эртең менен дүкөнгө барып, бир бутылка уксус эссенциясын алып
келдим. Ал менин жанымда, кроватымдын астында, өткөн жылы 8-мартта мага белек кылып өзүңүз сатып берген чемоданымдын ичинде турат. Бул катты жазып бүтүп, жатакаңанын алдындагы почта ящигине салам да, кайра келип андан ичем. Андан кийинки бактысыз тагдырымдын эмне болуп аяктаарын өзүңүз түшүнөрсүз. Бул жерде
өзүм аткарып жаткан Дездемонанын өлүмү улам жакын жерден мени акмалап күтүп тургансыйт. Орто кылымда жашаган, байыркы Рим республикасынын эң жогорку мамлекеттик Советинин мүчөсү, сена»
тор Враванционун кызынын тагдыры менен менин тагдырым окшобосо да ошондой трагедиялык өлүмгө дуушар келгени олтурамбы чын эле. Ар адамдын жашоосу да, сүргөн өмүрү да, көргөн күнү да бири-
бирине окшобгон сыяктуу, өлүмү да ар башка болот белем. Ак кишилердин канына себепкер болгон ягодой арамза адамдардын али да
болсо эл ичинде билинбей жашап жүргөнүн кайдан билдим.
Мынча болду бардыгын, жазайын. Өзүңүз жакшы билесиз, мугалимдер эле эмес, студенттер да сыйлашат. Бардыгы жакшы көрүшөт. Анткени, менин эч кимге жамандыгым жок да. Окуя мындай
болду. Жаңы жатакана пайдаланууга берилгенде бир тобубуз ошого көчүп кирдик. Мен мурда чогуу жашап жаткан жолдош кыздарымдан бөлүнүп калдым. Башка кыздар менен турууга туура келди.
Жаңы курдаштарым биринчи күндөн баштап эле өздөрүн менден оолак кармашты. Адегенде буларга акылым жетпей жүрдү. Акыры айрым сабактар, же жаңы даярдалып жаткан спектакль же көпчүлүк жумуштар боюнча мени чакырып келген студенттерди жактырбай, аларды жаман көздөрү менен карап ич тарлык кылып жүргөндөрүн
сездим. Атымдан айтпай Ракат Чокоевна дешип урматтап жер-сууга тийгизбей көтөрө чалышып, мени ар дайым мисалга алган директор менен мугалимдердин сөздөрүн укканда аны жактырбай, мурундарын
чүйрүп жүрүшкөн жолдоштордун кээ бирөө ошол мени менен жаткан кыздар экенин билдим. Ал сулуу, ал активистка, ал отличник дешет.
Мына кызык, алардын оюнча эмне кылышым керек эле. Бирок, мен өз артымдан айтылган мындай сөздөрдү уксам да этибарга алуучу
эмесмин. Айта берсин, дей берсин дечүмүн. Өзүм таза болгондон кийин эмнеге күйүгөм. Ошентип камаарабай жүрүп эмненин үстүнөн
чыктым?!
Астыңа кетейин жалгызым байке, мени өлүмдү көздөй жетелеген чон, аябаган чоң уяттуу иш болуп олтурат. Алма-Ата шаарынан келген Сатыбек деген жигиттин мени менен жолдоштук байланышы жакшы болучу. Ал мага көп келүүчү. Бара-бара ал экөөбүздүн жөнөкөй
жолдоштук мамилебиз чиеленишип кетти…
Менин ушул ат көтөргүс күнөөмдү канткенде кечирээр экенсиз. Жок, жок, бул чектен чыккан айбымды эч качан кечирбессиз, сөгөөрсүз, наалайт айтарсыз, кaргaрсыз. Өлгөнү сооп болуптур дээрсиз.
Анткени, менин айбым ошончолук да. Мен Сатыбектин апкөй тилине алдандым, жаштык кылдым. Аны сүйүп калдым. Сүйгөндө да кандай сүйдүм дейсиз, байке. Анын баарын айтып олтурууга тилим да, кудуретим да жетпейт. Оо акылсыз мен. Эгер анын акмактыгын, өзүмдүн ушундай абалга дуушар болорумду башта билгенде мындай окуя
болбос беле, ким билсин. Ал менин жалган жалаага калышыма себепкер болду. Анан Сатыбек ошого карабастан, башыма кыйынчылык түшкөн оор күндө таштап кетип олтурат. Сен экөөбүздүн ортобузду
кылыч менен кессе да бөлүнбөйбүз деген сөз кайда? эл алдында жүзүмдү кара кылды. Қайда барам? Сизгеби? Жок, байке, антүүгө
кубатым жетпейт.
Оюмда эч нерсе жок лекцияда олтурган жеримден мени шашылыш чакырып кетишти. Мен жатаканага келгенде комендант бар
болгон эки милиционер, студенттер, баякы үч кыз болуп менин келишимди күтүп турушуптур. Комнатадан тигилерди көргөндө окуянын баш аягына түшүнбөй делдее түштүм. Комендант мага жалтаңдай карады да, жаныма жакын басып келди. Ал киши мага бирдеме
дегенче болбой милиционерлер чөнтөктөрүнөн удостоверениелерин алып чыгып мага сунушту. «Чемоданынызды обыска кылууга руксат этиңиз. Бул жолдошторуңуз жоголгон буюмдарын Сизден көрүп жатышат» десе болобу. Мындай жамандыкты ойлобогон менин денем өлө түштү. Актыкты көпчүлүктүн алдында көрсөтүш керек болду. Эч
сөз айтпай чемоданды алып тургандардын алдына таштадым. «Уятсыздар, мени ууру деп милицияга билдирүүгө кантип дитиңер барды»
дедим, кыздарга бурулуп. «Тапсаңар го жакшы, таппасаңар, болосуңар». Ушундан башка эчтеке оозума келбеди. Мендеги бир ой,
чемоданды обыска кылып бүткөндөн кийин гана беттерине жаба-жаба түкүрүп, бул комнатадан биротоло чыгып кетейин деп ойлодум. Чемодан ачылды. Бир заматта көңүлүм караңгылай түштү. Таң каларлык окуя. Бир кыздын косинкасы, экинчи кыздын ич көйнөгү, үчүнчү кыздын жаңы тигилген жибек көйнөгүн, дагы-дагы майда барат бир
топ немелерди кызыл-тазыл кылып кийимдеримдин эң астынан сууруп чыгышса болобу.
Ал эле дейсизби, мындан бир ай мурда жоголгон Сатыбектин чөнтөк сааты да менин чемоданымдан чыкты. Аны мен өз саатым бузулуп калганда убактылуу пайдаланууга алып, анан уурдатып жиберген болучумун. А дегенде көзүмө көрүнгөн жалгыз гана Сатыбек болду. Ал өнү өзгөрүп, мени жеп жиберүүчүдөй карап туруптур. «Өнүң жалтырак, ичиң калтырак турбайбы» деди да, чаап жиберүүчүдөй, маңдайыма жакын келип тура
калды. «Tфү, бетиң курусун, эми жооп
берип жат буларга» деп түкүрүндү. Мурун кийин мындай жамандыкты көрбөгөн мен, көргөн көзүмө ишенбей калтырап турдум. «Жалаа, акмын. Булар муну мага атайын жасашты. Акыйкаттагыла. Жүзү каpa жaлaкорлорго колтук ачпагыла» деп үй жаңырта кыйкырдым.
Ыйладым. Бирок, менин сөзүмдү бул сапар тургандардын ичинен эч ким колдободу. Балким өлгөндөн кийин ак менен караны ылгашар.
Мени акташар. Акыры акыйкат жеңерине көзүм жетет. Бирок, анда.кеч болуп калат да. Милицияга бир суткача жатып калдым. Эртеси
колумдан расписка алып, институттун кийлигишүүсү боюнча убактылуу бошотушкандыгын билдирип, КПЗдан чыгарып жиберишти.
Көчөгө чыга албай калдым. Студенттердин алдында өзүмдү күнөөлүү адамдай сездим. Мени деканыбыз чакыртып жибериптир. Кеч барыптырмын, барып таппай келдим. Менин жуурулугум» жөнүндө укпаган киши калбаган көрүнөт. Студенттердин арасы шыбыр-күбүр.
Өзгөчө мени менен салмакташып жүргөн кыздарга ок эле жага беббей калыптыр. Мен жакындай бергенде «тигине ууру кыз, көрдүңбү» дешип бири-бирине сөз ыргытып, мага угуза сүйлөп каткырып күлүшөт.
Сатыбек тигил мени ууру туткан кыздардын бирөө менен мурда сүйлөшүп жүрүп, эмне үчүндүр ажырашып кеткен экен. Ал мага мындай деп кат жазыптыр: «Ракат, мени жолдошторумдун алдында шерменде кылдың. Сабираны начар кызбы деп жүрсөм, ал сага караганда адам- экен. Мен аны сенин окуяңдан кийин түшүндүм. Сабира менин биринчи сүйгөн кызым болучу. Мен сенин сулуулугуңа арбалдым.
Акылдуу кыз экен дептирмин. Мурунку туңгуч сүйгөнүмө кайрылгандыгыма ич тарлык кылба. Бир сөз менен айтканда, мындан аркы бактыңды эми менден эмес, башкалардан изде.
Эртең комсомолдук жалпы жыйналыш болот экен деп уктум.
Сыягы сенин ишиңди соттошкону жатышса керек. Мен сени ошол айбын ачылган күнү уялганынған өлүп калат го деп ойлодум эле. Бирок, өлбөптүрсүң, тирүү кайра келиптирсиң. Кол менен кылган күнөөңдү моюн менен көтөрүүгө бел байлаган сыягын бар. Менимче
бул жерден тез арада кетип калсаң түзүк болор эле деп ойлойм.
Кош. Акыркы саламым менен Сатыбек»
Ойлочу байке, ушундай соккудан кийин менин тирүү жүрүшүм кимге таңсык. Балким акыйкатчыл коллектив акыйкатташар. Абал ким акыйкаттабас. Кээде акыйкат дегенибиз аба менен аралашып, асманга учуп кетет да, чындыктын бетин калдайган кара туман каптап кара өзгөйлөр үстөмдүк кылып да кетишет. Ошол, байке, өлүүгө
татыктуу иш болуп жатканын өзүңүз да салмактаарсыз. Мына ажал да колумдагы сааттын жебеси менен тең айлана чуркап, уламдан улам жакындап келе жатат.
Эл көзүнө экинчи көрүнбөй, комсомолдук
жыйналышка түшпөй, тезирээк жок болушум керек.
Мен Сизге кунумду кууп ал деген ниеттен алысмын. Бирок, болгон окуяны болгондой жаздым. Кош байке, биз эми эч качан көрүш-
пөйбүз. Ооба түбөлөккө. Сиз мени сагынбаңыз да, ойлобонуз да.
Күйүткө күйүп өзүңүздү жоготуп албаңыз. Ойлосоңуз сиз күйө турган жакшы иш кылган жокмун мен. Жолдошторду тандоону билбедим. Бир гана Сизден акыркы жолу сурарым күнөөмдүн чоңун да, жогун да кечирип коюңуз. Мен сүрбөй калган өмүрдү, мен бүтпөй калган окууну, мен иштебей калган залкар иштерди сиз окуп, сиз иштеңиз, сиз сүрүңүз. Акыйкат менен чындыктын ээси болуңуз. Оо, менин көзүмдү ачып көргөн, оозумду ачып өпкөн, уктап жатсам
ойготкон, ыйлап жатсам соороткон, сүйүктүү уялашым, кош. Акыркы жолу бетиңизден өбө, колуңуздан кыса кармап, кучактап РАКАТ».
Уландысы бар…