?ЖЕТИМДЕР
19- БӨЛҮМ
Толкун Чокоевди жалооруй тиктеди. «Энеси байкуш ачкасынан балдарына жетпей ошентип талаада өлгөн экен го» деп ойлоду.
Силер кайда кеттиңер? Же балдар үйүндө калдыңарбы, байке.
— Анда калтырбай калсын Сыдык байкем. Ракат экөөбүз жанагынтип обочо турсак Никонор Васильевич менен Сыдык Исмаиловдор биздин жаныбызга басып келишти.
— Биз Силерди тигил жактан издеп жүрсөк, — деди Никонор Васильевич, — бул жакта турган турбайсыңарбы. Қана бир жерге
барып олтуралычы. — Бактын көлөкөсүнө коюлган скамейкаларды көздөй бет алдык.
— Қана балдар, экөөң менен ата-балача ачык сүйлөшөлүчү. Силер бизге туура түшүнгүлө, айланайындар. Бул жерге тамак ичип курсак тойгузуп, жан жыргаталы деп келген жокпуз.
Туурабы жолдош старший лейтенант.
— Туура, Никонор Васильевич.
— Мен сүйлөй берейин. Катасы болсо Сыдык сен кийин түзөтүү берерсиң.
Сыдык байкем күлүп койду.
Анда мындай, балдар. Бир аздан кийин салтанат аяктайт.
Силер бул жер менен түбөлүк коштошуучу минут улам жакындап келатат. Сыдык экөөбүздүн экөөңө мындан он жылы мурда берип, он жыл бою орундалбай келаткан бир ыйык убада бар. Ал биздин эсибизден али
чыга элек. «Үйрүн сагынбас мал болбойт,
элин сагынбас эр болбойт» деген кыргыз элинин алтын сөзү ушул жерде эске ала
турган сөз болуп олтурат. Сыдык экөөбүз силердин атаңар, өзүбүздүн жакшы көргөн жолдошубуз Чоконун биздин мойнубузга жүктөп кеткен карызынан, энеңер Шайымкүлгө берген убадабыздан аздыр-көптүр кутулдукпу деп ойлойбуз. — Никонор бир демге унчукпай мени тиктеп туруп кайра эле Сыдык байкеме бурулду. — Жанакы макал
кандай эле, унутуп жатам.
Кайсыны айтасыз «Атам өлсө өлсун, атамды көргөн өлбөсүн»…
— Во-во-во. Кандай акылман сөз. Көрдүңөрбү «Энем өлсе өлсун, энемди көргөн өлбөсүн» дейт ээ. Биз Александра Жигайловна болуп
олтуруп сүйлөштүк. Экөөңө кирени балдар үйүнөн алмак болдук.
Балким издештирсек машина таап каларбыз. Сыдык силерди жеткирип барат.
Ракат ордунан тура калды.
– Қайда барабыз, байке?
– Элиңерге. Қиндик кесип кир жууган
жерге. — Ракат сүйүнгөнүнөн адегенде алаканын чапкылап, анан бир Никонор Васильевичти, бир Исмаиловду алмак-салмак өпкүлөп жатты. Анан мени келип кучактады.
— Байке, үйгө барабыз! — Ракат менден бөлүнө түшүп кайра баштан капитандын мойнун орой кучактады. Анан улактай секирип Сыдык байкеме асыла кетти.
— Бул акылды кантип ойлоп таптыңар,
байке. — Оо кудай, балким энем тирүү дүр ээ!..
Ракат ошентип өз терисине өзү батпай төгүлүп-ташып жатты.
А мен болсом өз эл, өз жеримди канчалык көрүүгө ынтызар болуп турсам да, элиңерге барасыңар деген сөздү угуп бөксөрө түштүм.
Бир заматтын ортосунда оюм онго, санаам санга бөлүндү. Жүрөгүмдү титиреткен чоң кайгы алдымды тосуп турду. — Кимдикине барып түшөбүз, биздин ал жакта күтүп алуучу кимибиз бар эле, — деп тегерендим. Ушундан кийин көңүлүмө дагы бир санаа кылт этти. Ракат экөөбүздөн булар биротоло кутулалы деген экен. Ал жакка барсак талаада калабыз. Жок, жок, мен азыр буларга ачык айтам. Ракат
экөөбүз окууга жөнөгөнчө бул жерден эч жакка кетпейбиз… Мен тунуп кетиптирмин. Бир саамдан кийин Сыдык байкемдин:
— Ай Нуке, сен эмне болуп турасың? — деген сөзү оюмду бөлүп жиберди.
Байке, биз элге кимди издеп барганы жатабыз. — Көзүмдүн жашы кылгыра түшкөнүн жашыра албай алысты тиктеген болдум.
— Кайра бизди бул жерге ким жеткирет. Окууга кандай кетебиз. Менимче барбаганыбыз эле оң болгону турат го.
Менин сөзүмдү уккан Ракат бозала болуп томсоро түштү.
Сенин ушинтип ойлоп жатканыңды билгемин, — деди Сыдык байкем. — Бардыгы ойдогудай болот. Кайра Фрунзеге да келесиңер,
окууга да кетесиңер. Отпускам аяктаганча экөөңдү алып барып келүүгө үлгүрө аламын го деп ойлойм. Бет алды талаага таштап кетет
экен деп санааркаба, Нуке.
Анда машинанын өте эле аз сандагы кези. Айтор агаларыбыз министерстводон министерствого чейин кирип жатып Тянь-Шань жакка командировкага баруучу Совминдин машинасына руксат алышыптыр.
Балдар үйү менен коштошор алдындагы учур жүрөгүмдүн башынан эмдигиче кетпейт.
Күлкү аралаш төгүлгөн көз жаштар, жакшы
каалоолор, өбүшүүләр, жүрөктөрдүн түрсүлдөшүн арбытып бардыгыбызды бир бешикке салып акыркы жолу терметип жаткандай балдар үйүнүн ичи-тышы бөтөнчө шанданып, чайпалып турду…
Машинага олтурарыбыз менен балдар үйүнөн бөлүнүп, шаардан алыстай баштадык. Ракат экөөбүздүн балалык жүрөгүбүз да, алгачкы сүйүүбүз да балдар үйүндө калды.
Кочкорго кетүүчү жолду Ракат эмес мен унутуп калыптырмын.
Менин көзүмө жер да, жол да, за да бөтөнчө бир өзгөрүп кеткендей көрүнөт. Оо, турпагыңдан айланайын тууган жер ай, көзгө улам ысык, улам жакын көрүнүп жүрөгүмдү удургута баштады. Қызыл эт балапан кезде алыска бакыт издеп кеткен уул-кызын көптөн бери чыдамсыздык менен күткөндөй айлана шаңданып, айлана ырдап жаткандай туюлду.
— Ракат, бул жерди таанып жатасыңбы? — деди уполномочен жигит. Карындашым берилген суроону жоопсуз калтырды. Ал айланадан алда кимди издеп, алда немени эсине түшүрө албай убараланып жаткансып, бакыракай коймолжун кирпиктүү көздөрүн алыска кадайт. Мен аны тиктеп калдым. Ракаттын эки бети эндик сүйкөгөндөй албырып, агы ак, кызылы кызыл тартып, көздөрү балбылдап мурдагыдан да сулуу болуп кетиптир.
— Мына Кочкорго да кирип келдик. Силердин үй тетиги бөксөнүн этегинде болсо керек эле. Азыр ал жакта эч ким жок. Бардыгы
ушул жерге отурукташып колхоз болушкан.
— Эми кайда барабыз, байке! — дедим.
— Қолхоздун конторуна барып түшүп калалы. Машина кете берсин. Кайра келатканда бизди ала кетишет. Ал жерден Сарбандыкы
кайда болду экен, сураштырып көрөбүз.
Машинадан түшкөндөн кийин Сыдык байкем бизди колхоздун башкармасынын контору орношкон үйгө баштап кирди. Акталбаган,
асты жер, эки бөлмөдөн турган жапыс там экен. Тышкы үйүндө эки-үч киши кагаз жазып, чот кагып олтурушат. Үстүндө жабуусу жок,
сырдалбаган эски столдор, жапыс скамейкалар. Қишилер бизди көрүп ыргып турушту.
— Салоомалейкум. — Сыдык байкем оң колундагы шинелин сол каруусуна которду. Тигилер менен кол кармашып токтоду. Ракат
экөөбүз чемодандарыбызды көтөргөн бойдон туруп калдык.
Сыдык байкем бизге бурулду.
Силер эмнеге учурашпайсыңар. Чемоданыңарды коюп койгула. Ракат экөөбүз уялып калдык. Бейтааныш кишилер менен учурашып Сыдык байкемдин жанына да турдук. Биздин үстүбүзгө дагы кишилер кирди.
— Башкарма кайда?
Мына менмин, аксакал, — деди биздин артыбызда тургандардын бирөө. Башкармасы орто жашап калган чилетир, кичинекей сары
киши экен. Бизди өзүнүн бөлмөсүнө кирүүнү сурады. Сыдык байкем токтой калды.
— Қимиңердин атыңар бар? Сарбан деген жигитти билесиңерби?
Ал барбы аман-эсен.
— Бар, бар, аксакал. Тээтигил, айылдын четинде турат.
Үйүндө болсо барып чакырып келгилечи бирөөң. Сыдык Исмаилов деген киши чакырып жатат деп айтсаңар өзү билет. Чоконун балдары да келди дегиле.
Үйдүн ичи кым-куут боло түштү.
— Қайсы Чоко? Биздин революционер Чокону айтып жатасызбы? Э cекет кетейиндер, силер чоконун детдомдогу балдарысыңарбы?
Дуулдаган үндөр, бакылдаган сөздөр бөлмөнү көтөрүп кетти.
— Чокого Сарбандан мен жакынмын. Балдарды мен алып кетем, аксакал. Чоко менен Шайымкүл өлгөн эмес турбайбы. Секет кетейин жетимдерим, жетилип азамат болгон турбайсыңарбы? — Бир сакалдуу киши Ракат экөөбүздү өпкүлөп, жалынып-жалбарып ыйлап» жиберди.
— Эй Касымбай аксакал, мен тирүү туруп сага бербейм балдарды. Ушул эки жаманды көрүп өлсөм дечи элем. — Башкарма деген
киши тигил кишини алая карады.
— Э-к-е-е, муну көр ой. Башкарма болсоң өзүңө башкармасың.
Тапкан экенсиң талаада жаткан балдарды.— Жанакы Қасымбай деген кишинин баласы окшойт, жаш жигит мени колдон жетеледи.
— Ой мындай тургулачы, Чоконун балдары келди дейби, биз деле көрүп учурашалы.
— Қокуй күн киши экенсиң, жол берсең болo. Қайда жүрөт байкуш жетимдер.
— А шордуу арамдар, кимди көздөп келишти болду экен? — деген сыяктуу сөздөр ортодо турган биздин кулагыбызды көзөп өтүп
жатты.
Сыдык байкем таламайга түшүп жаткан бизди тигилерден ажыратып, эшикти көздөй алып чыкты. «Тууганыбыз жок десем, ага-инибиз көп турбайбы» деп ойлодум чыгып баратып.
— Ракмат, силерге туугандар, «Берерге бешөө болбосо, аларга алтоо» деген ушул. Мен мурда Чоконун мынчалык жакын туугандары
жок го деп ойлогон элем. Маркум Чоко бир атадан жалгыз боло турган эле. Мурда Сарбан келсинчи, анан сүйлөшөлү, кайда барып
кайда турарды..
— Ээ айланайын балам, сен түшүнбөй жатасың бизге. Сарбан ким, биз ким. Ушул тургандардын баары эки атанын баласыбыз.
A Сарбан дегениңиз Чоко менен кайнаса каны кошулбайт, кокуй.
Тээ төмөн жакта, айылды аралап өлөр тирилерин билбей бирөө чапкылап келатты. Көпчүлүктөн обочороок келип aлиги жайдак атчан киши аттан секирип түштү.
— Оо эл, Оо айланайын журт, менин жакшыдан калган керез дерим кайда?
Мен жаздым дедирбей тааныдым. Сарбан байкем экен. Атам Чоко тирилип бизди
көздөй чуркап келаткандай бүткөн боюм ымыр-чымыр болуп эрип бараттым. Алдын тосо чуркадым.
Сарбан байке!
Экөөбүз кучакташа түштүк. Бирибизден бирибиз бөлүнө албай өкүрүп-өксөп,
кайра-кайра жытташып, кайра-кайра өбүшүп жаттык.
Көзүмдү ачсам Ракат жаныбызда кезек күткөнсүп, өпкө кагып туруптур.
— Мына байке Ракат.
– Ракат! Ракат болгон атыңдан тегеренсин Сарбан байкен.— Ракатты бооруна кысты.
Көпчүлүк дымып турду.
Сыдык байкем Сарбанды көздөй басты.
Сарбан, саламатпы?
Оо, Сыдык Исмаилович. Экөө кучакташып көрүштү. Жетимдериңизди жетилтип алып келиптирсиз го. Ракмат Сизге. Қана кеттикпи балдар. Калган сөздү үйгө барганда сүйлөшөлү.
— Саке, сен токтой турчу. Бул жерде балдарга тууган көп чыгып жатат. Қайда барарын эки бала өздөрү чечсинчи, Кана Нурлан, Paкат кимдикине барасыңар?
— Агадар капа болушпаса, бүгүн Сайкал энемдин жанына баралы — дедим.
Чоң кара аякка суу кармап, биздин алдыбызды тосо баскан кары эне өзүнчө сүйлөп, кимдир бирөөгө жалынып-жалбарын түз жерден
бети менен кетүүчүдөй бөкчөндөп келатты. Кайран киши картайып калган экен» деп ойлодум ичимден.
— Оо сербейген секет кетейиндер, эл издеп келаткан эсиңерден тегеренсин чоң энеңер. Нурлан менен Ракатпы чын эле, — деп коюп,
кайра биздин ата-энебизди жоктоп, аларды айтып бышактап келатты. — Менин кербеним кокуй Шайымкүл, кырчыным Чоко кайдасыңар.
Оо балдарыңар келатат. — Эненин а дээрге алы калбай бирде кошуп, бирде бизге жалынып үйүлдөйт.
Ракат энемдин өлгөнүнө эми ишенгендей кулундай чыңырды.
Бизди тосо баскан эки аял жалынып-жалбарып Ракатты колтуктан алды.
— Қагылайын энекебайлар, секет кетейин жеңекелер менин асыл
энем Шайымкүл кайда? Қайда кеткен энебиз. Энемди көргөн жоксуңарбы? Мен энем менен Токушту тирүү деп түңүлбөй жүрбөдүм беле. — Ракат Сайкал энеге жакындаганда бети менен кетти.
— Чоң энеке!
Сайкал эне калтаңдап колундагы сууну аялдардын бирине карматты.
Балдардын башынан айландыргыла. — Оо армандуу байкуш жетимдер, аа айласы кеткен жетимдер. — Чоң энем Ракатты кучактап алып дагы эле кошуп жатты. Эл бизди үйгө алып киришти.
Айлана ыйга тунуп турду. Үйдүн ичинде аялдардын жүрөктү титиретип, муун-жүүндү бошоткон үндөрү созолонот. Алар биздин ата-
энебизди жоктоп жатышты. Ракат экөөбүздү Сарбан абамдар ошентип өз баласындай, өз бир тууганындай тосуп алышты. Аксарбашылга бир тайын союп, айылга тамак беришти.
Сыдык байкемди кетирбей үч кондурушту.
— Өкмөтүңдөн да, өзүңдөн да айланайын Сыдык балам. Ылайым кем болбо кагылайын. Ракатың менен Нукенди бир аз күнгө таштап
кет. Сагынганыбыз жазылганда Сарбан Балыкчыга жеткирип, андан ары пароходуна салып жиберер. Сайкал эне бирде Сыдык байкеме, бирде бизге жалына берет. Бир жерибизди атабызга, бир жерибизди
энебизге окшоштурат.
Олдо айланайын байкем ай, бир күнү Ракат экөөбүзгө эки ат миңгизип алып, Сарбан байкемди кошо алып биздин кыштоого чейин
алып барып келди. Атама ок жаңылган жерди көрдүк. Бизди энем узаткан жерди карадык. Атамдын мүрзөсүнүн үстүн чөп басып, топурактары басырылып жер менен жексен болуп калыптыр. Энем маркум кийин чоңойгонуңарда атаңардын жаткан жерин таппай каласынар деп чоң-чоң таштарды үстүнө алып келип койгонун эстедим.
Мен да, Ракат да энемдин көрсөткөн таштарын ташыганбыз. Бизди туурап Токуш да бир кичинекей ташты көтөрүп келатып чөпкө чалынып жыгылып ыйлаганы көз алдыма келди. Таштар чачылып жатат.
Ракат экөөбүз кайра чогултуп энемкиндей кылып үйүп койдук.
«Кийин атамдын өзүнүн теректей бою менен тең кылып эстелик тургузсам» деп ойлодум ичимден. Ал оюм да орундалды. Атага кылган
кызматыбыз болсун деп Ракат экөөбүз иштегенден кийинки жылы келип эстелик тургузуп кеттик.
Уландысы бар…