ЖЕТИМДЕР 16 бөлүм

https://kyrgyzcha.site/?p=7148&preview=true Кызыктуу окуялар.

?16- БӨЛҮМ

Ал карындашы Ракатка союп каптагандай эле. Ал эми өзүнөчү? Толкун Нурланга да коёндой окшош болучу. Сүйлөгөн сөзү, жылаажындай чыккан назик үнү кадим эле Ракатыкындай.
Анын шырыктай болгон келбеттүү мүчө түзүлүшү да ушул алдында олтурган бейтааныш кыздыкындай эмеспи. Өз карындашынын сүйкүмдүү сөлөкөтү бет мандайында турду. Қоймолжун, бажыракай чоң көздөрүнө жарашып, кулакты көздөй сызылып кеткен көөдөй кара каштары, жазы маңдайы, бир аз таноолуу келген дердегей
кырдач -мурду, анан анын жылдыздай жайнаган жайдары мүнөзү кез
алдына тартылды. Толкун менен жанаша турган Ракаттын ушул окшош портрети жүрөгүн толкундатып жатты. Бул, мен эчак өлдү деп түңүлгөн кичинекей Токушум болуп жүрбөсүн. Анын алгыр, кыраакы көзү Толкунду тиктегенден тиктей берди. Жүрөгүнөн оолактап, көңүлүнүн көмүскөсүндө эчак унутулуп калган кичинекей бир ишти жигит эсине даана түшүрө албай буйдалып жаткансыды. «Токуштун калы бар беле?» Нурландын кулагына карындашын алдейлеп олтурган энесинин сөзү угулду. «Атасы, карасаң Токушуңдун калын. Анан калса кол менен жасагансып, бетинин отунун алдына түшүптүр.
Қийин айнектин үстүндө жаткан кожогаттай болуп, чырайына чырай кошуп турар бекен дейм. Атын Калбүбү койсок болмок экен. Кыяматкайым болгондо адамдар эмне болгонун эстей албай, же бири-бирин тааный албай убара болор имиш. А мен болсом, элчилеп убараланбай эле Токушумду калынан таанып алам го…» Нурлан башын мыкчый кармады. Ал андан ары айылдан кетип бараткан биринчи күнүн эстеди. Никонор Васильевич менен Сыдык Исмаиловду да көрдү. Эч нерседен бейкапар ойноп олтурган кичинекей Токушту жерден көтөрүп ала коюп, көкөлөтө айландыра берип, бооруна кысып-кысып алды. Эки бетинен алмак салмак өптү. Мени сагынбай жүргүн, жарайбы?.. Анан дагы баякы балдар үйүндө карындашы Токуш менен энеси Шайымкүлдү өлдү деген сөз… Же энеси өлгөндөн кийин Токушту бирөөлөр багып алды бекен. Анда Сыдык агай тирүү карындашымды өлдү деп билбей туруп кантип жалган айтсын. Жок жок алар эчак өлгөн. Сыдык байкем эч качан калп айтпайт. Кантип эле ач бел-куу жолдо энеси өлүп, кызы тирүү калсын.
Нурландын көзүнө кандайдыр бир белгисиз кишинин элеси тартылды. Ал энесинен ажырап, өлүм алдында солуп жаткан кичинекей Токушту чапанына ороп, бооруна кыса кучактап алып желдей сызып келаткандай сезилди… Ушунтип өлүм менен өмүрдүн ортосунда кантерин билбей салгылашып жаткан учкул кыял Нурланды улам бир жакка үмүткөр жетелеп жатты.
Толкун Нурландын табышмактуу кебетесин таңдануу менен эси оой карап олтуруп, айсыз караңгыда белгисиз жакка баратын жолдон чыгып туюкка капталган адамдай болду. «Ракат дегени ким болду экен?» деп ойлоду. — Деги бул кишинин дени сообу? Қыз бул жерден эптеп чыгып кеткиси келди. Уктаса түшүнө кирбеген шумдуктуу сөздөрдү айтып олтурган ушул табышмактуу сулуу жигиттен көздөн
далдоо болууну ойлоду. Толкун ордунан турду… А Нурлан болсо башка жерде, башка үйдө мындан көп жылдар мурун алыста калган
кичинекей карындашын издеп жүрдү.
Эшикти этият ачканга болбой каалга кыйч эте түштү. Қыз босогого бутун уруп алды. Нурлан ордунан октой учуп турду.
— Сиз кайда?
— Кетем.
Жигиттин көзү чайыттай ачылды.
– Токтоңуз. Сиз менен иш боюнча али эч нерсе сүйлөшкөн жокмун.
– Қандай иш боюнча дейсиз?
Tфү. Башыма эч нерсе түшпөй турганын көр. – Жигит ойлоно түштү. Анан ал кайра келип олтурган Толкундун жанына таягын
жумшак такылдатып жакын келди. Қыз үрпөйө түшүп, орундугун артка жылдырып бүжүрөдү.
— Менден коркуп жатасыңбы?
Кыз үн катпай башын жерге салып, столдун үстүндөгү жашыл жабуунун чегин кармалады. Нурлан анын маңдайынан сылап, эркелеткиси келди. Эки өрүм учтарына бант байлаган узун кара чачы билектей болуп орундуктун арт жагында бүктөлүп жатты.
— Жолдош прокурор! Окууга баруучу мезгилим болуп калды.
Мүмкүн болсо кетүүгө уруксат этиңиз? — Ал муну калп айтты. Занятияга барууга али эрте болучу.
Нурлан Толкунга кайсы сөздөн баштоону билбей энги-деңги болуп турду. «Экөөбүз бир тууганбыз. Сен менин жоготуп таппай жүргөн, жок, жок, андай эмес, качандыр тентип жүрүп ачкадан өлгөн карындашым Токушсуң деп айтамбы? Антип айтууга кандай акым
бар. Башка, такыр башка, ата-бабам тааныбаган чоочун кишинин кызы. Эмне кылсам? Эмне деп айтсам? Чын эле бөтөн эл, бөтөн кызбы? Анан эмне үчүн менин Ракатыма окшош?!» — Прокурор кызды чачынан сылап турганын байкабай калды. Толкундун жүрөгү алып учту. Алдында турган бейтааныш жигиттин жумшак колдору тийген сайын кыздын денесин кандайдыр белгисиз күч бир эсе толкутуп, бир эсе дүркүрөттү.
— Жолдош прокурор, мен кетишим керек.- Ал Нурланга жалжылдай карап, кайталап өтүндү. Ордунан козголо берип сүйлөдү.
Олтур, олтур. Азыр кетесиң. Атым Толкун дедиң беле?
— Ооба.
— Мен сенден улуумун, туурабы Толкун? Улуулук иретинде бир сөз сурасам капа болбойсуңбу, садага?
Қыз Чокоевдин оозунан кандайдыр жагымсыз сөз чыгып кетеби дегенсип томсорду. Ал ушул секундда Абасты эсине түшүрүп турган.
«Жок, мен сени эч кимге алмашпайм. Согуш бүтүп аман-эсен келсең ушул прокурордой болуп бир көк столду кучактап олтурарыңа
ишенем. Эх, алтыным Абас, экөөбүз көрүшө турган мезгил качан болор экен. Мен сени сагындым. Сен да мени сагынып жүргөн чыгарсың…»
Қагылайын, эмнеге унчукпайсың, мен сенден сөз сурап жатпайымбы.
Қыз көзүнө көзү чоктой кадалып турган прокурордон тайсалдап терезе жакты карамыш болуп күңк этти.
Айта бериңиз, кулагым Сизде.
Экөөбүз мындан ары ушундай сүйлөшөлү Толкун. Мен сени сиз дебей, сен деп жүрөйүн.
А сен болсоң мени жолдош прокурор
дебей Нурлан байке деп жүр, жарайбы?
Нурлан байке деп жүр дейсизби?!
— Қыз таңдана сурады.
Ооба, байке деп жүр деп жатам. Эмне болуптур, улуусун кичүүлөрү ошентип айтат да. Же силер жакта андай эмеспи.
Толкун ойлоно түштү. Ал ичинде «Нурлан байке деп койгондун эмнеси бар экен. Улууларды урматтап, байке деп айтуу кичүүлөрдүн
милдети да», деп ойлоду.
Ма-а-кул.
Анда ошон үчүн кол алышып коёлу. — Экөө кол алышты.
Менин атым Нурлан, унутпайсыңбы? — Қыз күлүп жиберди. Анын эки ууртундагы чыпалак басым кичинекей чуңкуру чыга түштү. Нурлан кыздын күлкүсүнөн дагы бир жанга жагымдуу, жүрөгүнө жакын, өзүнө тааныш белгини көрдү. Жүрөгү алып учту. Эмне кыларын билбей кыздын колун кармаган бойдон эз болуп турду. Қыз колун Нурландын колунан акырын сууруп алды. — Бул капысынан учуп келген
көгүчкөн, эмне эле мынчалык жүрөгүмдөгү эски жаранын тагын жаңыртып турат. Же адамдар бир-бирине ушундай окшош. болуп
жарала береби? Қызык картина! Эске келбеген табышмак. — Нурлан өзүн бул жерде, кыздын алдында өз даражасын унутуп, аргасыз, алсыз адамдай чайпалып, эмне кыларын билбей турду. Нурлан башы менен асманды тиреп турса да, ал да адам да. Анын көрөгөч, кыраакы көзү, кусалуу жүрөгү, бир уядан учуп, бир жатындан чыккан сүйкүмдүү карындашын уламдан-улам өзүнө жакын сезип, магниттей
тартылып, өзөгүн өрттөп баратты. Бирөө келип «Ушул кыз сенин адашып калган карындашыңдын өзү» дебеспи. Анда Нурлан байлыккa дa, дөөлөткө да, кызматка да ыраазы болуп, бул кыз үчүн бардыгын берүүгө даяр эмес беле.— Колундагы ручканы ары-бери ойнотуп, ойлуу кармалап олтурган Нурлан бирдемден кийин «Эртең сабактан
кайсыл убакта чыгасың» деп сурады.
– Жетиде.
– Занятиядан кийин ушул кабинетке келгин.
– Жарайбы?
– Кечиндеби?!
– Биз иштейбиз. Сүрөтүң болсо бирди ала келгин. Делого чаптаганга керек.
– Қандай делого?
— А-а, аны кийин айтам. — Нурлан сүрөттү тим эле шылтоолоп сураган. Ал өз оюнда аны Ракаттын сүрөтүнө салыштырып көргүсү
келген.
Толкун бая күнү бирөөнү Абаска, бирөөнү үйүнө жиберген сурөттөн калган экөөнү өзүнө алып калган. Прокурордун сүрөт сураганынан улам, балким ошол жарар деген ниет менен колундагы сумкасынан конвертке салынган бир топ сүрөттү алып чыкты.
— Бул сүрөт жарайбы, жолдош прокурор?
Эми эле сүйлөшүп, макулдашпадык беле. Кайта эле прокурор дей бересиңби, айланайын. — Нурлан мээримин төгө бажырайып күлдү. Толкун жигиттин маңдайкы тиштеринин экөө алтын экенин эми гана даана байкады. Аппак жүзүнүн ажарын ачып турган бул тиштер Чокоевди мурдагыдан да сулуу, эң эле көркөм кылып көрсөттү.
Қыздын ичи ысып, жүрөгү жарылып кетүүчүдөй дикилдеди. Жигит көзүнө ушунчалык ысык көрүнүп кетти. А Нурлан болсо колуна жаңы алган сүрөттү тиктеп турду.
Жарайт садага, мага дал ушундай сүрөт керек болучу. Жаңы түшкөнсүң го?
— Энем менен атам сүрөтүмдү сурашыптыр. Алар мени сагынып жүрүшкөн окшойт.
Нурландын көзү Толкундун колундагы башка сүрөттөргө түштү.
Тигил кимдер?
Қыз алардын арасынан Абастын сүрөтүн бөлүн алып, калганын Нурланга берет. Анан алар менен бир баштан тааныштыра баш-
тайт.
–Бул Чолпон. Көлөкөм, жакшы түшүптүр. Карасаңыз, кадим эле өзү:
– Эмнең болот?
_ Синдим.
Нурлан сүрөт менен Толкунга алмай-термей карады. Жакшынакай ажарлуу кыз. Бирок, эжесине эч бир жерин окшото албай убаралангансып жатты. Экинчи сүрөттү көргөн жигиттин жүзү өзгөрө түштү. Жанаша турган баланын бирөө Толкунга окшогонсуп кетти.
Иниси болду бекен деген суроо көңүлүнө кылт этти.
–Бөбөгүңбү, Толкун, булар?
– Ооба, экөө тең менден кичүү. Ал эми бул биздин ортобузда олтурган атам менен энем.
Нурлан бейтааныш адамдарды көпкө тиктеди. — Атаңдын көрү дүнүйө ай, жок дегенде ата-энемден ушул өндүү бир эстелик болсочу.
Мен алардын кандай адамдар экенин да эске жакшы тута албай баратам. Оо, анда минтип сүрөткө түшүү кайдан. — Анан ал атасы Чоконун сүрөткө түшкөнүн, аны өз көзү менен көргөнүн эстеди. Бирок, аны чаң жугузбай ардактап сактоочу энесинин да сөөгү сөпөт, устуканы упат болгону качан. —Қайрандарым!.. деди кабагы карыш түшүп, көмөкөйүндө шыбырап.
– А бул ким?
–Зайнидин агай. Менин биринчи мугалимим эле.
Зайнидин?! Зайнидин деген облоно ушул жигитпи? — Прокурордун түрү дароо өзгөрдү.
— Согушка чейин мектепте директор
болуп иштеген ээ.
– Сиз аны кайдан билесиз? Же тааныйсызбы? — Толкундун деми буула баштады. — Байкуш агай, сонун киши эле. Азыр ал жок.
Өзүнөн өзү эле өлүү-тирүүсү белгисиз жоголуп кетти. Өзү эмес алган тырмагын жерге калтырууга кыюучу адам болсочу.
— Значить Зайнидин Буланбеков деген ушул жигит дечи. Да-а…
Жаш экен ээ бечара.
Булар ошентип олтуруп кызый-кызый сөздөн ишке өтүп кетишти. Кыз Нурландын суроосуна кыска жана так жооп берип олтурду.
Ал Самат жөнүндө өзү канча билсе ошону айтты…
Кыскасы Самат Зайнидинди сени өзүнөн тартып кеткендиги үчүн жаман көрүүчү экен да. Ушундайбы?
— Ошондой болуш керек. Анткени, агайым менин таламымды талашып, ата-энеме кошумча болду. Аны соттотту. Окууга келишиме
да ошол киши жардам берди.
Толкун сүйлөп да, ыйлап да жатты. Ырас эле минтип Зайнидиндин дайынсыз жоголуп кетээрин ал кайдан билди. Эгер аны Саматтын өлтүргөнү чын болсо, Зайнидиндин канына ортоктош, өлүмүнө себептер болгон менин өзүм эмей ким болмокчу деп ойлоду. «Жакшынын шарапаты, жамандын кесепети» деген ушул. Кенедейимден тарбыя-таалим берип, окутуп адам кылган адамымдын ичкен ашына, көрөр күнүнө уу болуп тамгандыгым үчүн эмне кылышым керек?..
— Айтчы, Толкун, Зайнидинди өлтүрүү Саматтын колунан келет
деп ойлойсуңбу?
Қыз тунжурай түштү.
— Ким билет…
Самат Жол-Арыкка барганда Зайнидин ошол жерде экен да ээ. Анан жигит ошол түнү жоголобу?
– Ооба.
Бул жөнүндө сенин түшүнүк катың иш козгоого жардамчы документ болот. Мурдагы, өзүң жөнүндө болгон иштин баарын кыска,
түшүнүктүү кылып кошо жазгын, жарайбы? Қачан алып келесиң?
Эртең сабактан кийин… Руксат этиңиз, мен кетейин эми.
Барагой. Сени көпкө кармадым окшойт. Бирок, эшикке чыккандан кийин эле Нурлан байкеңди унутуп койбо, Толкун. Тез, тез келип тур, макулбу. — Анан ал кызга муктаждыктарың болсо уялбай айт, жардам берип турам, деп айткысы келсе да айталбады. Анын
жүдөңкү киймин баштан аяк караган калыбында узатты.
Толкун Чокоевден чыгып, үйдү айлана берип форточкасы ачык турган терезени жалт карады. Ал айнектин ары жагында ойлуу тиктеп, өзүн ээрчий узатып тикесинен турган жигитти көрүп жылмайып койду.
Прокурордун мүнөзү Толкунга катуу жагып калды. Ал буга чейин сот, прокурор жөнүндө тап-такыр башка пикирде жүргөн эле.
Алар ачуулуу, орой, адамга жамандыктан башканы ойлобогон кара мүртөз, таш боор адамдар деп түшүнүүчү. Толкун жолдо келатып
мындай деп ойлоду. Булар адамдар менен сүйлөшүүнү гана эмес, күлгөндү да, боорукердикти да билишет экен. Чындыктын түбүнө жетиш үчүн ийне менен кудук казгандай изденишет көрүнөт. Анан Самат менен Зайнидин жөнүндө баш-аламан санаага батты. Көзүнө чоң кара жолдун боюндагы бийик өскөн шыралжын куурайлардын
арасында көзгө сайса көрүнгүс караңгылыктын ичинде ит жыгылыш
болуп жаткан эки кишинин караанын көрдү…
Ушул күндөн баштап эмне үчүндүр Толкундун жүрөгүндө экинчи бирөө пайда боло баштады. Анан калса Нурландын жаркыраган жайдары мүнөзү Толкундун эркин жетелеп алгансып, эсинен кетпейт.
Анын балбылдаган коймолжун акылдуу кара көздөрү басса да, турса да артынан калбай, жанынан чыкпай ээрчип жүргөндөй, маңдайында карап тургандай сезилет. Эмне үчүн мен аны көп эстөөчү болуп баратам? Же Нурланды сүйүп калып жинди болгон тұрамбы. Кыз селт этет. — Өзүмдөн көп улуу кишиниби? Жок, жок, кантип эле Абасымды ошого алмаштырайын. Прокурор эмес падыша болсо да чачыңдын талына теңебейм аны. — Бирок, өзүн-өзү минтип бекиткени менен
Нурланды жаман көрүп иренжигиси келбейт. Аны ойлосо жүрөгү жалындап согот. Кыз үчүн бул учу-түбү жок керемет болду. Анан
калса жарашыктуу алтын тиштерин жаркырата күлүп көз алдынан кетпеген Нурлан Толкунду өзүнө чакырып тургансыйт.
Прокурор Султанбекованын түшүнүгүн алгандан кийин Саматтын үстүнөн топтолгон документтер тиркелген делону прокуратуранын башкы тергөөчүсүнө тапшырды. Күнөөлүү деп эсептелген шектүү
адамдардын үстүнөн иш козгоо максатында тергөөчү Ысык-Көлгө жөнөп кетти.
Республикалык прокуратурадан келген жигит, ишти Жол-Арык айлынан баштады. Адегенде эле Самат менен Зайнидин ошол айылдан кимиси кайсы убакта, кандай мезгилде чыгып кеткендиктерин тактады. Андан кийин согуштан жарадар болуп демобилизацияланып
келген жигиттин үйүнө барды. Жоокердин көрсөтүүсү боюнча чындыгында эле Саматтан шектенүү туулду. Зайнидин жарадарга атын
түшүп бергенде түн ортосу чeн экен. Жоокер дайынсыз жоголуп жаткан бейтааныш, боорукер жигиттен бөлүнүп бир чакырымдай узаган кезде шаарды көздөй бир полуторканын өткөнүн көрүптүр. Шофердун
жанында кимдир бирөө олтургандай болгон деп көрсөттү. Айтор тергөөчү Саматтын сары изине чөп сала баштады. «Социализм» колхозуна барганда Ракыйма менен сүйлөшүүгө туура келди. Ал адегенде
кайнисин үйгө таңга маал келди деп айтып түшүнүк берди.
Эртеси Ракыйма тергөөчүнүн артынан барып, кечээки түшүнүгүнө кошумча түзөтүү киргизип кетти. «Бир кыргыздын кулуну турбайбызбы, кагылайын иним. Агасы тиги кан күйгөн каргашалуу согушка кетпегенде мындай иштин болорун кудай өзү билет эле. Ылайым
убалыбыз германга жетсин. Коркконумдан туура эмес жазып бериптирмин. Колдо саат болбогондон кийин, уктап ойгонгон киши түнкү
убактынын кайсы экенин кайдан билсин. Ал келгенде эшикке да чыккан жок элем. Самат үйгө эл орунга отурганда эле келген…
Ал эми Алыйканын Саматты жек көргөн кайнатасы сакалы ылдый көз жашын агызып олтуруп сүйлөдү. Самат аппак бүлөөсүн,
жалгыз баласынын колуктусун жолдон чыгарганын айтты. Зайнидиндин жоголгон күнүн болжолдоп олтуруп, ошол түнү келининин пристанга эгин ташып жүрүп таң аппак атканда келгенин жөн салды
сөз катары кобурады.
Топтолгон иштин жагдайына, күбөлөрдүн көрсөтүүлөрүнө караганда Самат шектүү киши болуп чыкты. Тергөөчү күнөөлүү деген
кишилерди камакка алууга санкция сурап Чокоевге кайрылды.

* * *

Уландысы бар…

Досторуңуз менен бөлүшүңүз..........

КЫРГЫЗЧА САЙТ ⚜️