ЖЕТИМДЕР 12 бөлүм

?12 — БӨЛҮМ

Султанбектин кызы Байкожоевдин инисине качып кетиптир деген сөз Жол-Арык айлына чагылгандай тез жетти. Бул сөз биринен бири-
не угулуп олтуруп айылдын аяк-башына жөө тумандай тарады.
Эртеңки жумада улактуу эчкисин ала барып сатып, кызына кийимдик кезмал алам деп ойлогон Султанбек ушул күнү базар камын көрдү. Колхоздун чоңдоруна арнап, өзү жаңыдан жасаган дрошманкесинин акыркы дөңгөлөгүн кийгизип бүттү. Аны эртең менен көк чолокко кошуп алып, кичүү кызы Чолпонду эжесине бирге ала кетмек болду. Муну уккан кичинекей Чолпондун тынчы кетти.
Уйкусу качты. Жатаарда эртең менен кийүүчү кийимдерин да энесине дайындатып, баш жагына койдурду. Уктап калып атасынан калып калбас үчүн, эрте ойготуп коюуну үйдөгүлөрдүн баарынан өтүндү.
– Ойготом, кызым. Дөгдүрү келип калса, эжеңди чыгарып алып өзүң менен кошо ала келсең ажеп эмес. Силер келгиче сүткө жупка
салып турам.
– Кара улакты соёсуңарбы?
– Эжен чыкса кудайга жалынабыз.
– Кудай да келеби, энеке?
– Ок. Антип айтчу эмес. Кудайга шек келтирбе.
– Өзүң кудайга жалынабыз деп жатпайсыңбы?
– Жалынабыз.
– Эмне деп, эжем үйгө келди деппи? Анда эжеме эле жалынбайсыңбы?
– Тантыбачы, кудайдан айлангыр.
– Мейли, мен кудайга такыр жалынбайм. Ал чоочун киши.
Эжекем кудайдан жакшы ээ, атаке?
Зайракан жакасын карманат. Чолпон болсо кыткылыктап күлөт.
— Энеке, сен кудайдан коркосуңбу? Кудай ачуулубу? Бизди урушабы жалынбасак. Кудай деген кишинин үйү кайда?
– Укта дөөдүрөбөй, эртең менен уктап каласын…
Зайракан көпкө чейин тынч алалбай жатты. Эмне үчүндүр эки эмчеги анда-санда — зыркырап сайгылашат. Анткен сайын эненин эт жүрөгү опколжуп согот. Өзүнөн өзү кирпиги катып, уйкусу келбейт.
Санаасы . санга бөлүнөт. Толкунду ойлогон сайын улам бир жагына оодарылып, төшөгүнүн тынчы кетет. Бир кезде Султанбек аялын
капталга түрттү.
— Сен эмне болуп эле чарк көпөлөк айланып жатасың? Адамды да уктатпас болдуң. Ары жатчы.
— Ой түгөнгүр ай, уктай бер. — Экөө унчугушпай калды.
Султанбектин көзү жаңыдан илинип баратканда Зайракан кайра кобурады.
– Эртең мен да барам.
– Қайда?
– Толкунга.
– ой байболгур, кааласаң азыр деле бара берчи, Адамга тынчтык бербес болдуң сен.
— Султаш дейм, сен бирдемени билип жатасыңбы? Мен баламдан санаам тынбай жатат. Эмчегим зыркырап, жүрөгүм туйлайт да.
— Көзү ачыктыгындан өлмөк болдум. Чымыныңдын көрүн урайын, ыроолобой жөн жатчы. Сенин чымындарыңды суракка алмак
турсун чарчап араң турам.
Султанбекке таарынган Зайракан жуурканды тартып, ортолорун бөлгөн болду да, терс карап жатты.
… Зайракан Толкунду издеп, кайдадыр ээн талаада кезип баратты. Күн төбөдө балбылдап, эң эле ачуу тийип турат. Аял мандай
терин кайра-кайра сүртүнөт. Оң жагынан да, сол жагынан да булбулдун мукам сайраган үнү делебени козгойт. Аял токтой калды Куштардын үнү кызынын үнүнө окшогонсуйт. Кусалуу жүрөгү муштумдай болгон кичинекей чымчыктын үнүнө эргип согот. Булбул да Зайраканга улам жакындап тилин безеrенден безейт. Эне бет алдына келген ошол тула бою кереметке толгон боз чымчыкты колу менен
сермемекчи болду. Булбул ойт берип, канатын абада эркин ойнотуп, бийиктеп учуп баратып «тигине Толкун, тигине-тигине!» деп сайрай
көздөн кайым болду. Зайракан аңгыча алды жагынан күрпүлдөп жаткан суунун шарына аралаш чыккан кызынын күңүрт үнүн укту. Эне
ошол жакка боюн таштады. Зайраканга суунун шары, кызынын үнү эми арт жагынан чыкты. «Энеке! Өл-дү-үүм» деген үн эненин эсии
оодарды. Добуш кайра-кайра муун-жүүндү калтыратып қайрадан жаңырды. Аял алдастай түшүп артын коздой чуркады. Ал азат бойду
үркүткөн, түбү жок терең дайранын жээгине келип токтоду. Бийик жар. Ичи көрдөй караңгы. Қандуу суу анын эң тереңинде жулкунуп
жаткансыйт. Зайракан эңкейип өжөр дайранын түпкүрүнө көз чалырат. Жардын боорундагы кичинекей тектирчеде жармашып араң турган Толкунду көргөн эне алаканын шак койду. «Кокуй-кокуй, бул жерге кайдан туш болдуң балам» деп безеленет. Анан эне-бала
бири-бирине колу узатышат. Зайракан кызын өлгөн-талганда тартып алды. Кубанычы койнуна батпаган неме кызын чукул коштоп, үйүн көздөй куштай учуп келатты. Балакет дагы башталды. Алды жагынан башкы ырайымсыз суунун шары кайра баштан угулду. Зайракан шашкалактап кызын артын көздөй ала качты. Алар жаңы гана кадам
Шилтегенде жер жарылып кетти. Эми анын түпкүрүнөн кан жыттанган чоң дайра жулкуна баштады. Толкундун баскан жери жемирилип, сымаптай куюлган кумдуу топурак аны өзү менен кошо ала кетти. «Э-не-ке-е!» деген кызынын аянычтуу үнү кайра баштан жаңырды. «Кокуй, кокуй, кулунум кокуй» дегенден башка оозуна сөз келбеген Зайракан, суунун шары, кызынын үнү чыккан жакак далбас уруп ээн талаада аркы-терки чуркап жүрдү. «Кокуй, кокуй, кулунум кокуй!»
Аялынын үнүнөн чочуп ойгонгон Султанбек Зайраканды тарткылады.
— Ай, ай, Зайраш! Эмне болду сага?
Ө-ө-х. — Зайракандын демиккени басылбай турду. Уктап жатып жаздыгына аккан жаштан саамай чачы чыпташып, терге чөмүлгөн тула бою калч-калч этет.
— О-о жараткан, түшүм экен ээ. Бар
балаадан, жок жалааңдан сакта, кудурети күчтүү кудай.
Албарсты бастыбы?
Жүрөгү түшкөн Зайракан бул жаман түштү Султанбекке ачык айткандан коркту.
— Толкунду жоготуп коюп табалбай жүрүптүрмүн,— деп саруулаган аял күңк этти.
— Эстеп жатканыңкы да. Түшкө да киши ишенеби?!
Султанбек өмүрүндө түшкө ишенүүчү эмес. Ал аялынын үрөйү учуп турган кейпин көрүп, соороткон болду. Бирок, аял күйөөсүнүн
сөзүнө ишене бербей чайпалды. Төшөгүнүн үстүндө жылаңбаш оозун күбүрөтүп бир топко олтурду.
— Жатпайсыңбы? Көзүңө шайтан-шапат көрүнгөнү ошол. Андан эчтеке болбойт.
— Ошондой эле болсо экен. Кечээ эле барып кел десе тил албай койдуң. Ийлеп-ийлеп итке саламбы деп коркуп олтурам. Байкуш балам тирүү болсо эле болду го…
Зайракан мындан кийин кирпик каккан жок. Бул укмуштуу түштү караңгы түнгө, ачкарын барып кара сууга айтып, ошол караңгы
түн, кара суу менен кетсин деп жорумак болду.
Султанбек уктагандан кийин жүрөгүн өйүгөн бул балакеттен, кызына келүүчү кырсыктан батырак кутулуш үчүн, ордунан жылып
туруп, бутунун учу менен аярлай басып тышты көздөй жөнөдү..
Султанбек эртең менен улуу баласы Қамчыбекти эрте тургузуп, огороддун баш жагына тушап койгон көк чолокту кармап келгин деп жиберди.
Зайракан орусча салган кирпич плитага отту чоң жагып, арыдан бери казан асып, жолго чыгуучуларга өлчөп чай кайнатып жиберди.
Беш жашар Чолпон болсо торсоюп кийинди да, бети-колун жууп, эжесине арнап тамак-аш салынган жол-жол кызыл куржунду унутуп
калбайын дегендей дасторкондун жанына сүйрөп келип койду.
Султанбектин колуна Зайракан туз татытыл сүттөгөн карапа чыныдагы ак чай жаңы гана тийген. Сырттан кимдир бирөөнүн тар-
пылдап чуркап келатканын анчалык этибар албаган үй ээси, чыныны оозуна алып баратып, үңүлдөп ыйлаган Камчыбектин добушунан селее калды. Баланын көрүнүшү бейкапар олтурган ата-эненин көңүлүнө күтүлбөгөн жерден дүрбөлөң салды.
Эмне кокуй, тынччылыкпы?
Қамчыбек өксүп-өксүп ыйлады. Анын болбураган аксаргыл жүзү
ого бетер болбурап, кетирекeй чолок мурдунун таноолору бат-бат кыймылдайт. Анан ал үстүнө кийип турган атасынын чапанынын
узун жеңи менен жаштан суу болгон жүзүн алмак-салмак сүртүп алды.
– Эжем күйөөгө качып кетиптир.
– Кайсы эжең?
– Толкун.
– Ок. Калп айтпа. — Зайракандын колундагы кашык ыргып кетти.
Энеге үйдүн ичи бир заматта караңгылай түштү. Сурмалуу кой көздөрү чанагынан чыгып кетүүчүдөй каректери жайылып, кирпиктери
тикийип, эки ийни түшүп, бүткөн бою шалдырап жансыз сөлөкөттөй
турду. Султанбек болсо чайын кармаган калыбында Камчыбекти аңкая карады. Чынысы уламдан улам кыйшайгандан кыйшайып олтуруп, ичиндеги чай дасторконго төгүлө баштады. Анын колдору
калтылдап, муруту — бара-бара сербейгенден сербейип, жаак эттери түйүлдү. Эриндери дирт-дирт этти.
Ооба, ошондой болду. Ата-энеге муздак аяз туш-туштан уруп жаткандай сезилди. Баштар зың-зың этип, чечекейлер кысылды.
— Эй, сага ким айтты угар кулак? — Султанбек бир оокумдан кийин гана ушинтип үнүнүн бардыгынча Камчыбекке ачуу аралаш
бакырды.
— Акматтын баласы Сатарды билесизби? Ошол айтты. Ал кечээ шаардагы Алым абасыныкына барыптыр. Анан Толкун эжемди баяны
Қасымдын иниси шопурчу Самат деген бар го, ошол мындан үч күн мурда ала качып кетиптир. Эжекем өзү макул болгон дейт го.
Бул сөздү уккандан кийин бир заматта үйдүн ичи ызы-чууга толуп кетти. Булар Толкунду өлдү деп уккандан бетер өкүрүп-өксөп
ыйлашты. Өзгөчө балдардын буркурап-боздогону ата-эненин сай-сөөгүн сыздатты. Чолпон менен Қамчыбектики аз келгенсип, жаңы ойгонгон Канатбектин үнү кудайга угулду.
Шаарга жөнөө эстен чыкты. Султанбек менен Зайракан чын-төгүнүн тактап, аныгын билиш үчүн Акматтын үйүн көздөй ээрчише жөнөштү. Эне менен ата таламандын тал түшүндө жолдон адашкан немедей бет алды басышты. Алар арык-чөнөк, бийик өскөн чөп-чарга
карабай, огороддон огородго өтүп, аттап-буттап жарыша чуркап келатышты. Аркада ызы-чуу болуп өздөрүн ээрчий чыккан балдарын көргөн Зайракан кылчая калып муштумун түйдү. «Силер кайда?
Чөкөтаандай чурулдабай үйгө баргыла. Биз азыр келебиз». Балдар энесинин сөзүн угуп, Үркөрдөй болуп турган орундарында өпкө кагышты.
Акмат адегенде Султанбекке тамаша аралаш сүйлөп, жайдары каткырды.
— Кел, Султаш. Күйөөгө менин кызым эле качкан экен десем, сенин кызың да качат тура.
Үй ээси Султанбектин кебетесин көрүп, андан ары эмне деп айтарын билбей шашкалактап калды.
— Ачуу шайтан, акыл дос, — дейт Султаке, Қызыңарды күйөөгө бербегенде катын берет белеңер. Кудай бет алган жеринен жалгасын де. Башынан бери жети катар сөөкпүз. Бир жолку ачууңарды сурайм Зайраш экөөңдөн. Нике кыйып деген ошол. Өкмөттөн сөөк
күтүптүрсүң, баатыр, кут болсун ылайым. Кыздардын кылары ушул экен, кантесиң.
Эмки кыздар эрге өздөрү сүйүп, өздөрү тандап тийүчү болбодубу. Сенин Толкунуң да өкмөт уланды өзү тандап сүйүптүр деп айтышты.
Зайракан көз жашын жоолугунун учу менен сүртө берип, көңүл айтып олтурган Акматты беттен алды.
— Жалган. Менин кызым жигит сүйүп, күйөө тандаар барамына келе элек болучу. Көзүң кайсыл десе мурдун көрсөтүүчү. Жүзү каралар, наристе баламды жолдон чыгарышкан экен да. Ылайым жакшылык бетин көрбөй калсын ошолор. Мен өндөнүп ботосунан ажырап
боздоп калсын. Зайракан мурутун кайра-кайра чыйратып турган эрине алкынды. (Султанбек бирдемеге катуу ачуусу келгенде ошентип мурутун чыйрата берген адаты бар болучу). Жүрбөйсүнбү, мурутунду калп эле чыйратпай. Эрте туруп баруучу жерге бар. Байкожонун балдарынан башка өкмөт түгөнүп ќалыптырбы. Жашы толо элек
баламды алгандыктары үчүн башка жерде жооп берер алар. Жанакы тикенектей болгон сары катындан кызыма кылайып аткан таң жогун көрүп турам. Саматынын жайын да уккамын, кызымдан айлангыр.
Султанбек колуна мыжый кармаган калпагын оң тетири кылып башына салды.
— Баламдан жаралган балам болсочу. Окутуп адам кылам деген тилегимдин ташка чабылганы ушулбу. Бул төкөрдүн колунда эмне
бар дейсиң. Ыйлаба, байбиче. Толкунду кайрып алып келбесем Султанбек атым өчсүн. Мен кызымды Самат өңдөнгөн көпкөн зөөкүр үчүн
өстүрүп, тарбиялаган бекенмин. Заман эркек менен ургаачыга тең болгон. Менин Толкунумдун мээсиндей мээ бул айылдын кыздарынын эч кимисинде жок. Ал өз каалоосу менен кетпегенин билип турам. Оо байкуш кучкачым, куураган экен го. Шашпасын Байкожо эмес, олуя кожонун уулу болсо да улуктун алдында жооп берер. Мен алар менен жеткен жерге чейин чарпышып көрөйүн.
Султанбек арыштай басып, аялынын алдында келатты, Булардын артынан шаша чыккан Акмат, түз эле башкарманын үйүн көздөй аксаңдай басып жөнөдү. Ал Арстанбектин үйүнөн селолук Советтин катчысы Уралыны да тапты. «Житкен окту аткан ок табат» дегендей, керектүү кишилердин кудай өзү чогулткансып бир жерден табылганына Акмат сүйүнүп кетти. Катуу чуркап келгендиктенби же тигилерди көрүп кубангандыктанбы, айтор анын кара чаар жүзү ого бетер кара көк тартып ылапшыйт. Оо, Акматтын минтип
жанталашып чуркап жүрүшүнүн да жөнү бар эле. Тигил аскер комиссариатынын капитаны Қасым Байкожоевдин энеси, Акматтын
атасы Жанболоттун бир тууган карындашы. Ошондуктан, жээндерине сөз тийгизбестин камын алдын ала ойлогон Акмат Султанбектин
чуусун шам-шаркыт кылбай, чууну өз айлында басууну таякелик, бир туугандык милдетим деп ойлогон.
Арстанбек үйүнө келген мейманды сыпайы тосуп алды. Султанбектин сөзгө келбей опурулуп кеткенинен санаасы тынбай апкаарып турган Акмат чайга ракмат айтты да, дасторкондун үстүндөгү нандын
четинен чымчып оозуна салды.
– Ракмат, теңир жалгасын балам, мага куйбай эле кой, — деп колун Арстанбектин аялына жаңсап койду. Чөк түшкөн калыбында
үй ээсине кайрылды. — Қасым жээниңден эмне кабар бар, уккан жоксуңбу? Келини эмне болуп жатыптыр?
Арстанбек эткел, чымыр денесин козгой берип, өтүгүнүн кончун кош колдоп чойду.
Эмне болмок эле, болору болду да.
— Болору болду дегениң кандай? — Акмат чөк түшкөнүн жазып, олтура кетти.
— Туура эмес иш кылышты. — Ал Акматка бурулуп, шыбырагансып сүйлөдү.— Қыз кетем деп баш ийбей жатат дейт. Аны алдап,
зордук менен алып барышыптыр. Анын үстүнө өкмөттүн эсеби боюнча Толкундун жашы жетпейт. Эми жашын тез арада тууралап бергиле деп бизге кадыр салып олтурат. Эгер бул жөнүндө билинип калса, кыркабыздан
боо түшөбүз го деп коркуп олтурам. Уралыга айтсам, бул да асман айдан секирип, ченине жолотпой олтурат, ак жүрөк комсомол да. Самат менен Ракыйма аман турса Қасымды там сүздүрө тургандай болуп калды. Султанбек биле элек. Ал бүгүн кызына барам деп кечээ суранып кеткен. Тигил-бул жумушту шылтоолоп, жибербөөнүн аракетин кылып тамырын тартып көрсөм, колума өлүп
бергени турат. Кызың качып кетиптир, барбай эле кой деп айтууга оозум барбады. Башка бирөөдөн угар деп ичимден тынып тим болдум. Султанбек орус мүнөздүү неме. Айтканынан кайра тартпаган, калп айтканды билбеген туура киши. Эгер ал кара беттигине салса Маскөөгө чейин жөө баруудан кайра тартпайт.
«Кенедейинде орустун ичинде жүрүп орус мүнөздүү болуп өсүп калыптыр. Кыргыздын шартына түшүнүп келатат. Законду сүйлөсө
ошол сүйлөсүн. Орустарды көрсө атасын көргөндөй жата калып сүйлөшөт» деген сыяктуу сөздөрдү угуп олтуруп, Акмат чыдабай
кетти.
— Ой, айланайындар, орусча өстү деп Султанбекти оюна коё бересиңерби. Же тентип келген бир түтүн саякка қасымды тебелетип
тим коёлу деп турасыңарбы. Мен силерге ошон үчүн келип олтурам.
Ал кызынын качканын угуп катыны экөө биздикине келиптир. Ары айтсам болбойт, бери айтсам болбойт. Қасым менен Саматтын күлүн
көккө сапырам деп күүлөнүп кетти. Бул чындыгында эле жан коёр шайтан көрүнбөйт. Қапырдын түрүнөн жүрөгүм түшүп калды. Тим
эле тиштерин кычыратат. Султанбектин кызынан башка кыздар кырылып калгансып, ошону көрүшкөн экен. Жанакы көөдөнү жок сылаңкороз акмак сулуулугуна кызыкса керек. Эх иттин баласы, сулууну көрсө суктанып, кырынан кете турган адаты бар экен. Мунун
иттигинен Қасым деле жалкотой болгондой болду эле…
Олтургандар чогуусу менен Султанбектин үйүн көздөй агылышты. Устаканадан өтө бергенде булардын артынан мектептин директору Зайнидин кууп жетти. Сыягы ал Толкундун Саматка качан, кандайча кеткенин толук уккан көрүнөт. Жигиттин өңү адаттагыдан
тышкары ачуулу экенин көптү көргөн куу каптал Арстанбек бир көргөндө эле байкады. Эки жагына карабаган Акмат Зайнидинди байкабай бакылдап сүйлөп келе жатты. Зайнидиндин келгенин ишаарат
кылып, алдыртан билдирейин деген Арстанбек курулай жөтөлүмүш болуп, башка сөзгө кирди. Бирок, ал аны угуп да койгон жок. «Жалынып-жалбарып, аке-үкө деп асты-үстүнө түшүп көрөм. Аа болбосо, жанакы силер айткан Маскөөгө эмес, андан аркы Ташкенге чейин
барсын. Қызым-кызым деп эле тишин кычыратат кысталак. Бул ит.
ушул жерге келгенден бери семирип кетти. Кара жиним кармаса кызын кайра жеткирип бергиле деп айтам. Келмеси оозунан түшүп,
Каныкейдей кадырлаган кызын кайра өткөрө албай Саматка өзү жүгүрсүн». Арстанбек чыдабай кетти. Акматты капталга түрттү.
Айтылган сөздөрдү толук уккан Зайнидин Акматты каруудан алып, өзүн көздөй булкту. Бул экөө ушул айылда тең өсүп, тең арып,
тең карып дегендей теңтуш адамдар эле. Ошого сүйүндүбү Зайнидин жаалданып турду.
— Уурунун ана башы сенсиң го ит. Эмне деп былжырап келатасың. Тилиң тишиңе күбө. Толкунду бүгүндөн калтырбай жээниң экөөң
үйүнө алып келесиңер. «Жабылуу казан жабылуусу менен калат экен» деп эч качан ойлобо. Убада бер?
Эмнеге убада? Биз талоончулук кылып, айыл чаап, сенин жылкыңа тийдик беле.
— Эй, макоо баш, мал эмес киши уурдап олтурасыңар. Бул үчүн
Жээндериң тирсегинен илинет.
– ыя де, ошондой дечи.
– Ошондой.
– Иле албасаң энеңди ал. — Акмат демите баштады. Зайнидинге асылып, аны жакадан алууга аракет кылды. А директор болсо камарабай мыскыл күлүп турду.
— Массыңбы? — Жакындап келаткан
Акматты түртүп жиберди.
— Ооз көптүрмө сөздү экинчи айтчу болбо.
Акмат жерден таш ала коюп жулуна баштады.
Султанбектин кызын сен алат белең доңуз. Тигинден аркы бирөөнүн кызынын качканы менен сен экөөбүздүн жумушубуз эмне.
ийрейген. Қасымдын богуна куурай сая албайсың. Ал деген өкмөт кишиси, журт башчысы. Кана жекеме жеке чыгып салгылашып көрөлү. Жеңин түрүнө баштады.
– Ур.
Тигинин колундагы ташты Арстанбектер жулуп алып ыргытып жиберди. Тургандар ортого түшкөнчө болбой Акмат Зайнидинди бир
койду.
Асыя жеген муштумга жооп бериш керек болду.
— Сыйлаганды билбесен, урган андай эмес мына момундай болот. Акматты кулак түптөн ары коюп калды. Тигинин колу Зайнидиндин жакасына жетпеген бойдон учуп кетти. Қарап тургандар ортого түшүп ажыратты.

x x x

Уландысы бар…

Досторуңуз менен бөлүшүңүз..........

КЫРГЫЗЧА САЙТ ⚜️