?ЖЕТИМДЕР 11 бөлүм
— Чоң дөгдүр Пишпектен келмейин баары бир сени чыгарбайт тура булар. Жума күнү атаң бошосо базардан бирдеме-ардеме алганча келип кетет. Кокустан андан мурда чыгарабыз деп калса, үйдөн киши келмейинче эч жакка кетпеймин де. Өзүңө өзүң сак бол.
Зайракан кызына билген акыл-насаатын айтып, кайра тартты.
Самат менен Ракыйма болсо Толкунга көчөдөй каттап жатышты.
Энеси менен болжошкон жума күнгө жетпей эле Толкундун дарылоочу врачы келип калды. Эки жактан келген оорулууларга орун
жетпей, айрымдары коридордо жатып жаткан. Муну көргөн врач
сакайгандарды ооруканадан чыгармак болду. Кетүүчүлөрдүн ичинде
Толкун да бар.
«Үйүм алыс, ата-энем келгенче жата турайын» деген Толкундун
өтүнүчүнө доктор ынанбай койду.
«Билем, үйүң алыс болсо да бул жерде тууганың бар. Капитан
сени карындашым дебеди беле. Алардыкына медсестра жеткирип
коёт.
Врачтын үстүндө Толкун ушинтип олтурганда Ракыйма келип,
кызды чыгарып жатканын угуп, үйүн көздөй жүгүрдү. Үйүндөгүлөр-
дүн бардыгы эртең мененки тамагын ичип, эчак кызматына кетип ка-
лышыптыр. Аял эшик алдынан башка чапкандай кайра тартты…
Толкун не врачтын сөзүнө, не медсестранын сөзүнө жакшы түшү-
нө берген жок. Анын бардык билгени «Капитан Қасым Байкожоевич»
гана болду. Ошондон улам догдурдун эмне айтып жатканын түшүн-
дү. Қыз «анда барбайм, алар мага тууган эмес» деп башын чайкап,
көзүн жашылдантты. Ошол замат Маргарита Власовна Толкундун
оюн билгендей, тыштан кимдир бирөөнү чакыртты. Ал тууганымдын
үйүн таба албайм деп жатабы дегендей болжоду. Эшикти жаңыдан
ачып, баш баккан няняга кандайдыр тапшырма бергенсип, Толкунду
көрсөтө сүйлөдү.
Кыз оорукананын кийимин чечип, өз кийимин кийди. Анан ал
жердегилер менен коштошуп, аларга түгөнбөгөн алкышын айтып,
алиги аялды ээрчип ооруканадан чыкты. Толкун ушул нянканыкына
барат экенмин деп сүйүндү. Канча айткан менен болобу, элеттен
биринчи келген кыз үчүн кичинекей болсо да шаардын ичи шаар да.
Сап-сап болгон көчөлөр, кыркалаша салынган үйлөр. Бой тирешип
көчөнүн өйүз-бүйүзүндө окшош өскөн ак кайыңдар, мырза теректер
суйсалышат. Толкун өзүнүн кайсы тараптан, кайсы көчө менен келгенин эстей албай койду. Ал эмес энеси экөө келип чай ичкен Қасым
агайыныкы кайсы тарапта калганын биле албады.
Булар ооруканадан чыгып, чыгыш тарапты көздөй бир аз басып
келип, тоо тарапты карай оңго бурулду. Эки көчөнүн кесилишиндеги
кызыл кыштан салынган, үстү кызыл тунукелүү, терезелери бүт бойдон жумуру темирлер менен каршы-терши бекитилген үйдү көрүп
жүрөгү болк дей түштү. Бул мамлекеттик банк болучу. Толкундун
эсинде калганы ушул кызыл үй эле. Качан Касым Толкунду оорука-
нага алып келатканда акча сактоочу жай ушул болот деп түшүндүр-
Төн. Қасымдын үйү мындан көп алыстай эмес боло турган.
Жанындагы аялга эмне деп айтарын билбей элеңдей түшкөн
Толкун артынан чыккан үнгө жалт бурулду. Арышын чоң-чоң таштап,
ылдамдай басып келаткан Ракыйманы көргөн кыздын өңү түктөйө
түштү. Аял энтиккенин басалбай демигип сүйлөдү.
«Чыгарыңды айтып койсоң болмок. Көрөйүн деп барсам кетип
калыптырсың. «Силердикине жеткирип кой деп киши кошуп бердим»
деп врач айтканынан, үйдө киши жок эле деп, бардык жумушумду
таштап, артыңдан антаңдап жүгүрбөдүмбү,
Ох, жаман күйүктүм.-.
Аял жоолугун оңдоп байланды.
ну кетти. Толкун ыңтайсыз абалда калды. Уйгактай жабышкан бул
аялдан кантип кутулаардын амалын издегенсип, алдына түшкөн билектей эки өрүм узун чачын алмак-салмак кармалап, алардын учун
бир жандырып, бир өрүп жатты.
— Жүрү, кеттик.
— Эже, базар кайсыл жерде болот? Айылдан киши-миши келип
калса таап, үйгө кетейин.
— Қой, айланайын. Жума базар болбосо, айылдан кайдакы киши келет. Кече Қасым агаң силердин айылга барып, ата-энеңе кезигиптир. Толкун чыгып калса үйгө жеткирип койгула деп сурашыптыр.
Сыягы сенин догдурдан жакында чыгарыңды алар билишсе керек.
Бүгүн биздикине конуп алып, эртең деле кетээрсиң. Бир тууган турбайбызбы. Жамандыгыбыз болбосо жаттыгыбыз жок экен го. — Аял
кызды колдон алды. Қыз колун тартып бошотту.
– Жок, силердикине барбайм, эже, капа болбоңуз.
— Ушул сен Саматтан чочулап турасың го дейм. Ал бүгүн үйдө
жок. Жана агасы экөө бир жакка кетишти окшойт. Алар үйгө бир-эки
күнсүз келбейт. Самат үйдө болгондо да сактана турган эчтеке жок.
Өзүң макул болбой, ата-энен менен сүйлөшпөй туруп, азыр эле башыңа жоолук сала койгондой, башыбыз эки деп турасыңбы. Андай
ишке Самат барам десе да, Қасым агаң ага оңой менен жол бере койбойт. Кыз сатып, кыз ала качканга өзү каршы туруп, эскиликтин тамырына балта чабуунун башында иштеп жатып, инисине жол коёбу!
Жүрү, кагылайын. — Аял Толкунду кайра колдон алды. Талаага түнө-
мөк белең. Шаардын эли бейбаш келет. Кандай ишке дуушар боло-
руңду ким билсин. Кокустан бир кырсыкка учурап калсаң, ата-энең
биздин бетибизди карайбы.
Толкун ойлоно түштү. Ракыйманын апкөй тилине жаш неме
Ишенгендей, азыр эле аландап турган коркок көздөрүндө ишенимдүү
кубанычтын учкуну ойноп кетти.
– Жүрү эми. Көчөнүн ортосунда тартышып турбайлы. Чунак кыз
десе, эси бар киши да ушуну жасайбы.
Толкун басар басмаксан болуп Ракыйманын жанында баратты.
Алар жаңыдан эле дарбазанын түбүнө жуп жете бергенде, калиткадан кимдир бирөө булак деп көрүнө түшүп жок болду.
— Ай Самат, кызды жеңем ээрчитип келатат. Силер топурабай
ары жакка жашына тургула, — деген үн Толкундун кулагына шак дей
түштү. Кыздын жүрөгү оозуна келди. Ал окуянын түпкүрүнө эми толук түшүндү. «Жыландын ордосуна өзүм келип берген экенмин. Алданган турбайымбы» деп ойлоду. Толкун Ракыймадан четтей берди.
«Эч качан торуңарга түшпөйм. Алдай албайсыңар мени». Кыз бул
сөздү өз оюнда көчө жаңырта кыйкырып сүйлөп жаткандай болду.
Бирок, анын апкаарган үнү эч кимге жеткен жок. Эч ким уккан да
жок. Корккондуктан үнү буулуп, тамагы кургады. Бар болгону кетенчиктеп, теректен терекке далысы менен жылып баратты. Сокур
киши жол издеген немече артына сунулган эки алаканы менен аларды жансыз кармалайт, аландап артына жыла берет.
Ракыйма Толкунду көздей өзүн атты.
Бул эмнең, эшиктин алдына келип алып кайра качып.
Толкун калчылдай баштады. Аял анын көзүнө чайнабай Туруп
жутуучу жырткыч айбандай болуп көрүндү. Кыз теректен терекке
айланып өтүп качып баратты.
Барбайм, Толкун көчөнүн ортосуна атып чыкканда Ракыйма артынан жетип билектен алды. Қыз колун шамдагайлык менен жулуп бошотту.
Аял Толкундун артынан чуркады. Короодо бугуп жаткан жигиттер
октой атылып чыкты. Алар Толкунду турумтай тийген бөдөнөдөй
басып жыгылды. Қыз үйрүнөн ажыраган кулундай чыңырды.
Э-не-ке-е, А-та-а! Өл-дү-үү-м!
Токтолуп калган кара мурут, узун бойлуу арык чырай жигит
кызды кучактап турган калыбында жалына баштады.
Капырай, Султакемдин кызы эстүү бала болду деп, көрүнгөн
жерде мактап жүрсө, бул кылыгың кандай. Секет кетейин карында-
шым, карачы мени, тааныйсыңбы?
Толкун жалт карады.
Тааныйм, Алым абамсыз.
— Анан эмне кaчaсын. Жеңең да мында. Биз дагы ушул короодо
турабыз. Айылдан кечээ келдим. Ата-энең жакшы турушат. Жума
күнү атаң сага келем деп айтты. Сен бул жерде жалгыз эмессиң,
Толкун садага. ен турам, жеңең турат, бөбөктөрүң бар. Булар сенин көңүлүңө жакпай турган иштерди жасай турган болсо колдоруна
өлүп берем. Өх, багыбыз бар экен. Ушинтип жатканда көчөдө кишинин болбогону жакшы болбодубу. Эси жок десе, Қасым агайыңдын
ким деген киши экенин билесиңби. Аз жерден уят кылып коё жаздадың.
Толкун Алымды көрүп тириле түштү. Ал эми Қасымдын атын
атаганда андан бетер көңүлүн зор ишеним уялады. Толкун Қасымды
көргөн күндөн баштап эле ага жүрөгү жылып, балалык мээрими түшүп калган. Анан калса Қасым дагы бала көрсө эле жалынып-жалбарып тура турган адаты бар болучу. Көчөдөн өтүп баратып тааныбаган кишинин баласы болсо да маңдайынан бир сылап өтмөйүн коюучу эмес. Ал чөнтөгүнө дайыма семичка же момпосуй салып жүрүүчү. Аны кезиккен балдарга кичинеден уучтап берип коюучу. Балдар да Қасымдын караанын алыстан көрүп таануучу. Көргөн жерден
чурулдап салам айтып тура калыша турган. Кээде Қасым кандайдыр
зарыл иштер менен алаксып, жолдошторунун ортосунда баратып,
балдардын саламын байкабай калса «Салоомалейкум, командир
байке» деп эдиреңдешип аны ээрчип да алышчу. Қасым Толкун менен
таанышкандан бери, ага да ушундай агалык мамиле кылды. Эчен
жолу барды. Атайы эле акыл-эстүү чон кийш менен сүйлөшүп олтургансып, анын жанында аркы-беркини айтып көпкө олтурган учурлары
да болгон. Чачтарынан кайра-кайра сылап эркелетүүнү каалоочу.
«Эмне жегиң келет, кызым? Эртең эмне алып келип берейин» деп
суроочу. Қасымдын мындай адамкерчилигине Толкун чын жүрөктөн
ыраазы эле. Ошондой мамиледен кийин Касымды кыз жакшы көрүп
калган. «Жаткан алтын киши экен» деп ойлогон. Бул киши жөнүндө
ата-энесине бир нече жолу айтып мактаган… Азыр да Толкундун көз
алдында Қасымдын сүйкүмдүү элеси турду. Ага болгон ишеним күчтүүлүк кылды.
Акыры Толкун Қасымдын үйүнө эмес, коңшусунукуна келип кирди. Бул күнү Қасым Жол-Арык селосуна командировкага кеткен. Үй-
бүлөсүнүн сөзүнө ишенген жигит калп сөздү кайдан билсин. Ал бүгүн
келиндүү болорун билет. Ошондуктан, эртенки үзүр-мазыр сөздөн
кутулуш үчүн өз изин жашырып кеткендир. Жол-Арык Толкундун
өсүп-өнгөн, торолгон жери. А кокус кыздын толбогон жашын толук-
таш үчүн, айыл аксакалдарына айтып эскертип коюш үчүн кетип
жүрбөсүн. Ким билет.
… Толкундун эки көзү көрүнбөйт, асты-үстү аябай шишик. Эки
күндөн бери боздоп какшап жатып алы аябай куруган. Кайгы-капа,
кана уктабаган уйку, тынымсыз төгүлгөн көз жаш кызды алты ай
жайы суу ичкенден жаман алсыратып салды. Ичи-ичине кабышып,
ичеги-карды туз куйгандай ачышып, от болуп күйөт. Мууну калчылдап, буттары титирейт. Толкун сыртынан бекитилген эшикти алсыз
буту менен тээп-тээп жиберди. «Өзүң кудай болбогондон кийин көрөр
күнүң ушул» да. Оозгу үйдө олтургандар өздөрүнчө уу-дуу. Биринин
сөзүн бири коштоп күжүлдөшөт. Кыз эшиктин туткасын кармап катуу булкулдатын түрткөн болду. Тышкы чагарактын шалдыраганы
угулду. Толкун кетенчиктей берди. Эшик шарт ачылды. Босогону
баса олтурган Қасым кыйшая кетти:
— Кана Толкун, менин үстүмдөн аттап кетүүгө кубатың жетсе,
улууну урматтагың келбесе атта.
Кыз качуунун амалын ойлоп, ыкыс берди. Ал ушул эшиктен чыкса эле эркиндикке чыгуучудай ойлоду. Ошондуктан ал Қасым эмес
пайгамбар болсо да уят-сыйытка кайыл болучу.
Ой-ой кантет. Атта десе эле аттайт бекен? — Толкунга тааныш
үн жанталашып кетти. Алсыраган кыз боюн эшикти көздөй таштай
бергенде, өз колхозунун башкармасы аны кучагы менен тосту.
— Абаке, жан соога, арам өлтүрбөгүлө мени, — деди кыз.
Бирок, анын кардыгып бүткөн тамагынан добушу буулуп сөзү
шыбырап чыкты. Қасым ордунан ыргып турду. Кызды Арстанбектин
кучагынан сууруп чыгып, жаш балача бооруна кысты. Аны таптак
көтөрүп алып ички үйдүн төрүн көздөй басты. Толкунга үгүт ишин
жүргүзүү эми эркектерге өттү. Қайын ага «келининин» уйпаланган
чачтарынан сылады.
— Толкунтай, убал-сообуң менин мойнумда айланайын. Мен
жокто ушундай иш болуп калыптыр. Алдында мөгөдөй салбырап
турган ушунча элди жер каратпа. Эл укпаса бир жөн эле. Минтип
айыл-апа, ага-тууган бут билип калды. Эми үйүңө барсаң Толкун
күйөөгө барып, кайра чыгып келиптир деген кеп болот. Эгер ошол
сасык сөзгө макул болуп бел байласаң, айла канча… Билсең жакшы
күйөөгө кез болдуң. Өмүрүм өткөнчө алаканыма салып сыйлайм, Самат эмне, жаман жигит бекен?
«Күйөөгө барып кайра чыгып келиптир» деген сөз Толкундун
жүрөгүнө жаанын оrундай тийди. Буга чейин ал мындай сөздүн болорун эч ойлогон эмес болучу. Қыздын ындыны өчө түштү. Ал бул
сапар эч кимди эстеген жок. Жалгыз гана алыста жүргөн Абас жөнүндө ойлоду. Бул эшикке келип, кайра кеткенимди укса, чын эле
ал дагы күйөөдөн чыгып келдиң дейби. Мени күнөөлөйбү? Толкун
ушуну ойлоп эки алаканы менен бетин бекем басып алып кайра баштан өксөп кирди. Кыздын жүрөгү өзүн да, Абасты да башкага кыяр
эмес. Эгер ал болбогондо балким алдоого көнүп, апкөй тилге алданып, Касымдын төрүндө олтуруп калышы да ыктымал эле. Кыздын
эркин жапыра албай обого канат серметит өзүнө чакырып жаткан
ошол жигиттин булактай тунук ыйык махаббаты эмес беле, Жанакы
Қасымдын сөзүнөн кийин колундагы үмүт кушу боосун биротоло үзүп
өзүнөн алыстап бараткандай сезилди.
Кайратынан тая түшкөн Толкундун көрүнүшүн байкаган баамчыл Қасым аялына кыйкырды,
– Ракыйма! Толкунга жаңы кийим даярдалган жок беле? Карачы баланын үстүн. Тез алмаштыруу керек.
— Кийим эмес, сөзгө келбей баарыбызды суй жыкты. Кийим
кийгизүү кимдин эсине келди дейсин.
— Жаагыңды жанбай, азыр кийиндир. Алың жетпесе алып кел
мага, өзүм кийгизем кызыма.
Толкундун ирип турган көңүлү кантерин билбей чакчелекей түшүп, толук жыйынтыкка келалбай турду. Азыр кыздын башы мурункудан да катуу иштеп жаткан болучу. Эл «Султанбектин кызы күйөөгө барып кайра чыгып келиптир» дейт имиш. Абас дагы. Эмне кылышым керек? Эгер макул болсомчу? Жок, жок, эч качан. — Кыз кыйкырып жиберди. — Ал эшикти көздөй кайра баштан далбастай баштады.
Касым шамдагайлык менен колдон алды.
– Қоё бериңиз, Қасым
аба. — Толкун ага каршылык көрсөттү. Жигиттин колунан бошой
түшкөн кыз үстөмөнүнөн кетти. Боорун жерден көтөрө албаган Толкун «Өлсөм өлөм. Бирок, Саматка барбайм…» деп өлкөлөп жатты.
Касым калтаарган абалда Ракыйма көтөрүп кирген кийимдерди
ары-бери аңтарып карады да, Толкундун башын жөлөдү.
— Карачы, мунун бардыгы жаңы. Үстүндөгү кийимдериң тытылып калыптыр. Қана, кетсең да буларды кийип ал. Жок дегенде
ушу, өтүнүчүмдү кабыл алып койчу, айланайын Толкун. Қасым абаңдын көзү тирүү турганда канаттууга кактырып, тумшуктууга чокутпайм сени. Бул менин сага берген антым, офицердик убадам. Түшүнүп жатасыңбы мага. — Ал Толкундун жакасы ылдый теңине чейин
айрылган желеткесин чечтирмек болду. Кыз Касымдын колун кайра
түрттү. «Кийбейм, кийбейм, Касым аба. Убара болбоңуз».
Ракыйма ачуусуна чыдабай каны ичине тартып турду. Эч нерсеге
татыбаган, арзан менен кымбатты ажырата билбеген ушул албарсты
Қасымдын кадыр-баркын тебелеп, башындагы багына түкүрүп, үстүндөгү сыймыгын учуруп, анын алтындай сөзүн кордоп, шылдыңдап
жаткандай сезилди. Ал Қасымга бир тийди.
— Тур нары, катындардын арасына кылчылбай өз жайыңа бар.
Бул эмне, кудайдын курсагынан түшкөн периште бекен, же эл арытып
журт бийлеген машаяктын кызы бекен? Кечээ жакында Жол-Арыкка
тентип келип, журттун жугундусуна семирген Султанбектин эле кызы
тура. Эркектин кусуру урган шайтан, көрсөң ой, мунун өнөрүн. Чечин
алдагы самтырактарынды. — Ракыйма. Толкунду жулкулдатып, чечиндирууго аракет кылды. Толкун аялды беттен ары жаба түкүрдү.
— Жүзү кара, тү бетиңе. Ушундай катын экенсиң ээ. Атамдан
айланган канчык, жолобо жаныма.
Қасым аялын чачтан алып чалкалата тартты.
— Чык эшикке желмогуз. Иштин барын чалмакейдей чалган
сенсиң. Окшошкон гана ата-бабаңдын көрүн “урайын иттер. Жок дегенде кечээ айтсаңарчы сырыңарды. э, айбан, макул болду, ошон үчүн
алып келдик дебедиңер беле. Тфу. Дагы уялбай эл чакыртышат.
Кайсыл кызматыңа күчөйөсүң Толкунга. Тилиңе күйдүргү чыкпады го
сенин. — Ачуусу келгенинен Қасымдын таноосу кыпчылып, өңү кубулуп турду.
— Ох, жарып өлтүрсө ээ сени. Биздин сырыбызды билген коноктордун кээ бирөө кача баштады. Көрдүңбү Сыдык Исмаилович жалынсам болбой аялын ээрчитип алып чыгып кетти. Менин кадырымды сыйлап унчуккан жок. Болбосо азыр эле баарыбыздын толо-
лонубузду тоз кылып, аягыбызды асманга чыгарат эле…
Акыры беш-алтоо колдон-буттан алып жатышып, жаңы кийидерди бут кийгизишип, дал-дал болуп кол күчүнөн айрылган эски кийимдерин алып чыгып кетишти. Кыздын өзүндө калганы жалгыз кызыл
чыптама. Толкун башындагы жоолукту кайра алып ыргытты. Жүрөгү
жардамга ата-энесин, Абасты, мугалимдерин чакырып жатты. Ооба,
Толкундун күткөнү да, жакшылыктан үмүт үзбөгөнү да көбүнчө атасынын деми болду. Эртеңке чейин аларды күтөт. Болбосо уу ичип
Қасымдын төрүндө өлөт.
Уйку менен тамакта ар барбы. Акыры ачыгып турган кыз Қасым
өз колу менен көтөрүп кирген бир чыны жаш сорпо менен бир тилим
этти жээри менен, олтурган жеринде эриген коргошундай кыйшайган
бойдон көзү илинип кетти. Касым кыздын үстүнө төшөк жаап, башына
жаздык алып койду. Анан эшикти бекитип, ачкычты өз чөнтөгүнө салып алды.
x x x
Уландысы бар…