Атасын келеттен капарсыз олтурган балдар
аттын каңыртын алыстан угуп, ызы-чуу түшүп
кыйкырып коё беришти. «Ушул келаткан атам,
энеке!», «Кудай, кудай атакем!», «Атам келатат».
Нурлан оттун боюна жайылган кийиз өтүгүн кийгенче, Ракат жылаңайлак, жылаңбаш эшикти көздей атылды. Үлпүлдөгөн кара чырактын жарыгына салып жамап олтурган жамачысы Шайымкүлдүн колунан ыргып кетти. Өңү өчүп, муундары калтырай баштады. Шайымкул эмне кыларын билбей делдирей түштү. Өчүп бараткан отту ичкерештирем деп» коломтодо капталы менен отто турган сары чайнектеги сууну алып барып казанга куюп жиберди.
— «Мен жинди болуп турамбы?»
деди өзүнүн туура эмес иш жасап жатканын байкай коюп.
— Бүгүн келер күнү эмес эле, кандайча
келип калды. Кечээки өзүн ур-берге алып камаган басмачылар эсине түштү. Алар азыр да Чокону аңдып ушул тегеректе жүргөнсүп кетти. Көзүнөн чаар чымын учкан Шайымкүл отту оңдоштура албай калтактап жатты.
Ракатты көтөргөн Чоко теректей болгон узун
бою менен эшик жабуунун бир жагын өзү менен кошо ала кирди.
Салынган төшөктөрдү бир жагына оолаштырып, күйөөсүнө орун камдаганы жаткан аялын Чоко билектен алып өзүнө тартты.
– Эмне келдиң?
– Келбесин дедиң беле? Эмнеге антип сурадың?
Шайымкүл мукактана түштү.
– Жайык мындан чыктыбы? – деп сурады Чоко.
– Жок. Ал кайда жүрөт?
– Азыр көрдүм. Бекболот карыяныкына кирип кеттиби деп калдым. Мен мындан чыктыбы дедим эле.
– Сандалып эки күндүн биринде эле ушул айылга келип калуучу болду.
— Келе берсин. Қандай, өзүң жакшысыңбы деги?
Шайымкүл ызалуу, коркок көздөрү менен Чокону жалдырай тиктеди.
— Жаман болгондо кудай алат беле мени. Коё бер эми, чай коёюн.
Жигит шалдая түштү. Шайымкүлдөн көзүн албай таңдана тиктеди.
– Жезбилек кайда кеткен?
– Атып кетиптир.
– Атып кетиптир? Ким атып кетет.
– Билбейм.
– Атаке, басмачылар атып кетти. Кечээ эле.
Шайымкүл уулун алая карады.
– Болду. Басмачылар экенин көрдүң беле?
Нурлан унчукпай калды.
Чоко тура калып жаңы эле керегеге илген беш атарын кайра алды.
Жакшы жөрөлгө эмес.
Атайын аткан экен да итти. Кап…
— Чоко ойлоно түштү. Ортодо чоң каланган тезек созолонуп, текши
күйө баштады. Бардыгы ошол «отту тиктешет. Қаректерден да жалындардын соймоңдогону көрүнөт. Аял үч бурчтуу тулганы бир жак
капталына жыгып, анын үстүңкү бутуна сары чайнекти илмек болду.
— Мен үчүн убара болбо, жаным. Бери чыгарда тамактанып аттандык. — Чоко чөнтөгүнөн бир тоголок кантты алып, балдарына тиши менен бөлүп таратты. Бир кесегин Шайымкүлгө сунду.
– Эмне эле сен мени көргүң келбей туйтуңдап калгансың? Олтурчу, жаным. Эл ичинде эмне кеп, эмне сөз бар? Чалгынга баратабыз. Учураша кетейин деп бура тарттым.
– Жолдошторуң барбы?
Мени жалгыз жүргөн экен деп чочулабай эле кой. Жолдошторум тигил жакта калды. Алар мени күтүп жатышат. — Чоко бал-
дардын төшөгүн баса, малдаш урунуп олтурат. Күйөөсүнөн бир аз обочороок, сыңар тизелеп оттун жалынын телмире тиктеген Шайымкүл дагы эле үнсүз.
Жигиттин көзүнө кечээ эле бурала басып койкоюп, кызылы кызыл, агы ақ тартып жадырап туруучу тегерек толмоч жүзү шалпайып, жаак эттери шимиле түшкөн келинчегинин кебетеси нары
кичирейип, нары картая түшкөндөй болуп көрүндү.
– Ооруп жүрөсүңбү?
— ?..
— Айттым го сага, бул жерге конуп-түнөгөнү келген жокмун.
Азыр эле кайра аттанам. Каалабай да калыптырсың мени. Убакытты
бекер созбо. Мага даярдаган эмне кеп-сөзүң бар. Ошону угайын деп келдим. Оо байкушум десе, кокустан арманда калып ыйлап жүрбөгүн ыя?
— Арманда калбасын десең тез аттан.
– Анчалык эмне болуп кетти. Билгениң болсо айтпайсыңбы?
– Сени басмачылар колго түшүрөбүз — деп аңдып жүрүшөт.
– Билем.
Чоко Шайымкүлдөн Тынтай корбашынын кабарын укту.
Анын жигит-жалаңдары кечээ түн жамынып келип, аялдан Чоконун качан келерин сурап, анан аны колго түшүрүп берүүнү талап кылыптыр. Эгер ал кара ниеттиктен кайтып, жаңылдым-жаздым деп Тынтайдын алдына келсе өткөн күнөөсү кечирим болор имиш. Кокустан бул тапшырма орундалбай турган болсо Шайымкүлдүн өзүн баш кылып, балдарын койчо мууздап өч ала тургандыктарын билдирген.
Шайымкүл муну Чокого көз жашын көлдөтүп олтуруп айтты. «Басмачылар сени да, бизди да өлтүрөт» — деди аял. «Өзүм өлсөм мейли
эле, балдарымды кантем. Қандай бир балакеттүү ишке башыңды чатып алганыңды да билбейм. Али да кеч эмес, ойлонуп көргүн. Өз элиңдин канын төгүп, аларды орустарга кармап бергендигиң үчүн сени эч ким алкабайт…»
Чоко мындан бир ай илгери Қаныбек, Бакачы, Жанбо сыяктуу басмачылардын тополоңун тоз кылган. Узун сакал Тынтай корбашынын атын атып, өзүн жарадар кылып, атактуу Төлөбай баатырды колго түшүрүп кеткен. Чоко ошондон бери Тынтайдын кайда житип кеткенин иликтеп, билалбай жүргөн.
Баятадан аялынын сөзүн унчукпай тыңшап олтурган Чоко башын көтөрө берип алая карады. Шайымкүлгө анын жайнаган өткүр
көздөрүнөн от күйүп тургандай көрүндү.
– Сүйлөп бүттүңбү же дагы айтарың барбы?
– Мени аябасаң да балдарыңды аясаң боло, — деп кумсарды Шайымкүл.
– Сенин оюнча Тынтайдын алдында кол куушуруп, аягын кучактап кечирим сураса дейсиң го. Алар менен кайнаса каным кошулбай калганын билүүчү элең го өзүн. Же бизди жасаган кудай ошолор беле. Менин Тынтайда ата-бабамдан берки кетпес кегим, өткөн өчүм бар. Алардын түбүнө жетмейинче Чоконун жаны тынат экен деп ойлобо. Бийлигин пир кылган мезгил өтүп кеткен.
– Ушинтип канкор атка конoюн дедиң беле. Жаңы өкмөтүндү жыргатат жыргатат эле дейсиң, тапкан жыргалың ушулбу? Карачы
балдарыңдын үстүн. Қайдагы бир жок жомокторду айтып башымды айландырып бүттүң. Ач-жылаңач болсом да балдарым менен ызы-чуусуз тынч жашагым келет. — Аял басылбай ыйлап жатты.
А балдар болсо уйку аралаган чарчаңкы коркок көздөрү менен ата-энесине алмак-салмак жал жылдап Чоконун тизесин баса олтурат.
– Эмнеге эле мынчалык ыйлайсың? Ажалыңа Чоконун себепкер болоруна көзүң жетсе бар, азыр кармап бер мени…
– Кантип эле сени душманга кармап берейин дейин. Алар сенден мурда бизди өлтүрүшөт. Ишенсең ушуга.
Эмне кыл дейсиң?
Шайымкүл кайра баштан өпкө-өпкөсүнө батпай ыйлап кирди.
– Ыйлап коркутам деп турасыңбы мени.
– Эл сени чокунуп кетти, динден чыкты деп жатышат. Ушул жакшы сөзбү?
– Мага баары бир. Нурлан, карачы балам, ат үркүп жатабы?
Нурландын чыкканынан киргени бат болду.
— Жөн эле жер чапчылап жатыптыр.
Чоко ордунан турду. Аялынын маңдайынан сылап, ээгин көтөрүп койду.
Мен кеттим, байбиче.
Уландысы бар :
Сайтыбыздын ссылкасы менен болушуп коюнуздар. kyrgyzcha.site