«ЖЕЛЕДЕГИ ЖУРОКТОР»

https://kyrgyzcha.site/?p=42554&preview=true Кызыктуу окуялар.

«ЖЕЛЕДЕГИ ЖУРОКТОР»

 

 

Ар бир убак өз кезеги менен болот турбайбы. Улам барган сайын социалдык түйүндөрдүн түрү пайда болуп, биринен бири өтүп, улам кызыктар жаралып, атандаштыктар күч алууда десем болот. Мен дагы ошол социалдык түйүндүн мыкты фанаты болгондуктан убагында агенттин популярдуулугу артып турган учурда, бир окуяны башыман өткөрдүм. Бирок тагдырымды талкалап алаарымды эрте билгенимде эмне. Чет жакта, тактап айтсам Сахалинде   иштеп жүргөн кезимде “Агент” деген бир шумдук нерсе чыкты. Агентке күн- түнү отуруп, айтор, уйку бетин көрбөй калдым. Кызыгы, бирдигим түгөнүп калса дагы,  түн ортосу болсо дагы эшикке чуркап чыгып, бирдик жүктөп келип кыздар менен таанышат элем. Чынын айтсам көп кыздар менен сүйлөштүм. Ошолордун ичинен тандап отуруп акыры бир сулуу менен таанышып, ал кызды жактырып, агент аркылуу сүйлөшө баштадым.  Убакыт тез өтүп кеткенин байкабаптырмын. Биздин сүйлөшүп жүргөнүбүзгө эки жылдын жүзү болуп кетиптир. Ал кыз Бишкекте болчу. Телефон аркылуу да кээде чалып турчумун. Бийкечке болгон махабатым күн сайын арбып, борборго келүүнү чыдамсыздык менен күтүп жүрдүм. Мен аны көрбөсөм да, бирок  жипсиз байлап алды. Айланамдагы кыздарга такыр эле көңүл бурчу эмесмин. Акыры мен күткөн күн да келип, Мекениме кетүүгө билет алганымда сүйүнгөнүмдү сурабай эле кой. Андагы убакыттын өтпөй калганын айт. Оюмдун баары эртерээк шаарга келип, баягы кызга жолугуу эле. Убакыт сааты жеткенде Бишкекке келип, эртеси эле ал иштеген жерге бардым.  Бирок келгеним тууралуу ага айткан эмесмин. Анткени ага күтүүсүз белек кылайын дегем. Дарегин мурда өзүнөн сурап алган элем. Жолдо ага бара жатып аны көрүүгө ашыгып тим эле толкундап алганымды айтпа. Жумушуна жакындап калганда эмне кылаарымды билбей бери жакта тура бердим.  Бир маалда узун чачын эки өрүп алып, баягы мен сүйлөшүп жүргөн бийкеч суу алууга чыкканын көрүп дароо эле тааныдым. Ал болсо эч нерсе билбестен тез эле кайра  кирип кетти. Мен болсо кайрадан көргүм келип, качан чыгат деп кечке күтүп тура бердим. Бирок кайра экинчи ирет көрө алган жокмун. Аны көргөндөн кийин эмнегедир менде бир башкача сезимдер пайда болуп, бассам-турсам, такыр эле оюман кетпей калды. Ошентип,  барганын барып алып бирок,  сүйлөй албай кайра кетип калдым. Күнүгө жумуштан чыккандан кийин артынан аңдыйм, бул көрүнүш мен үчүн адат  болуп калганы менен бирок барып жолугууга күчүм жетпейт. Ошентип аңдып жүрүп, бир күнү көз айнегимди тагынбай калыпмын, дагы аны күтүп отурсам, мени көрүп калып  таанып калды. Өзүмдү андан алып качууга эч аргам жок эле. Мына ошондо биздин алгачкы жолугушубуз болду. Ал бийкеч башында: “Мени тамашалап жатасыңбы, сен мени кайдан таап алдың?”-деп мага таарынып калды. Бирок, мен андан кечирим сурап, сюрприз кылууну каалаганымды айттым. Кыздар таарынчак болгону менен кечиримдүү да келишет эмеспи. Анын таарынычын бат эле жазып алдым. Кызыгы, экөөбүздүн алгачкы жолугушуубуз болсо дагы  бирок эски тааныштардай эле бат эле тил табышып кеткенибизди айт.   Сүйүүмдү тапсам, бактымды жоготуп… Мына ошентип көктөн издегеним жерден табылгандай эле ал кыз менин оюмдагыдай болуп, махабатка мас болгон  эң сонун күндөр башталды. Ал да мага арбалып, айтор экөөбүз бири-бирибизди бир күн көрбөй калсак жашообуз токтоп калгандай эле сезилчү. Арадан алты ай убакыт өткөндөн кийин биздин сүйүү үй-бүлөө курууга алып келип, акыры баш коштук. Буга чейин “интернеттен таанышып үйлөнүптүр” дегенди укканда анча ишене берчү эмес элем, көрсө, бул жашоодо кээде сен күтпөгөн, сен ойлобогон деле нерселер болуп кетет тура. Мен дагы интернет аркылуу түгөйүмдү таап, үй-бүлө курам деп эч бир оюма албаптырмын го. А бирок, тагдыр бизди ушундай жол менен баш коштуруп койду. Анткени менен бул бактым көпкө созулган жок. Кызыгы, бактымды интернет аркылуу тапсам, ал эми кайра дал ошондой агенттин бир түрү-фейсбук аркылуу жоготуп жатканымды кара. Жакшынакай үй-бүлө куруп, бир уулду болдук. Жубайым шаардагы мектептердин биринде мугалим болуп ишке орношкон. Мен дагы жеке ишканалардын биринде иштечүмүн. Күндө эртең менен кетип, кечинде келмей, кайталанма эле көрүнүш дегендей. Жумуштан келген сайын үйдөгү компьютерден интернетке баш багып, жаңылыктарды окуп, анан көбүнчө фейсбук аркылуу алыс жактагы  чогуу иштеген досторум менен сүйлөшүп калчумун. Мына ошентип жүрүп, бир күнү фейсбук баракчама бир сулуусымак келген кыз, достошуу катын жөнөтүп коюптур. Мен дагы ага  көп деле маани бербей, ал кызды кабыл алып койгом. Эки-үч күн өткөндөн кийин, эле ал кыз мага кат жаза баштады. Мен дагы суроолоруна жооп берип коюп жаттым. Ал улам барган сайын байкалбаганы менен мени өзүнө тартып алыптыр. Мен да ага көнө баштадым. Эмнегедир ал башкалардан айырмаланып, өзгөчөлөнүп тургандай сезилчү. Күн сайын сүйлөшөбүз кээде жубайым: “ Уктабайсыңбы, кеч болуп кетти”- дегенине карабай түнкү саат эки- үчкө чейин ал кыз менен сүйлөшүп отура берчүмүн. Баарынан да  ал үчүн эртерээк интернеттке кирип, аны менен сүйлөшүү үчүн жумуштан да шашып келчүмүн. Келинчегим: “ Сен акыркы күндөрү башкача болуп бара жатасың, сага эмне болду?”- десе “Эмне болуп баратыптырмын”- деп кайра ага одоно жооп кайтарып койчумун. Ошентип тиги кыз менен бир айга жакын сүйлөшүп, бир күнү экөөбүз жолукмай болдук. Болжошкон жерге алып учуп барып калдым. Ал да көп күттүрбөстөн эле келди. Экөөбүз ресторандардын бирине кирип отурдук. Ал мага турмушка чыга электигин, учурда  жеке бизнес иштетээрин айтты. Көрсө, мунун баары жалган экен. Мына ошол жолугушуудан баштап менин жашоом таптакыр өзгөрүлдү. Үйдөгү жубайыма, балама  такыр эле көңүл бурбай, тиги кыз менен күн сайын жолуга баштадым. Тапкан ташыганымдын баарын ошол кызга жумшайм: ресторан, кафелерден тамактанып, үйгө алып келбеген азык-түлүктөрдү ага алып барчумун. Убакыттын өтүшү менен ал бийкеч мени мени өзүнө магниттей эле тартып алды. Кээде үйгө түнөбөй да калчу болдум. Үйдө жубайым менен уруш-жаңжал көп чыга баштады. Оюмдун баары эле  сулуу бийкеч болгондуктан,    бир күнү жубайыма: “Эгер кааласаң үйдөн чыгып кете бер, мен сени кармабайм”-деп айтканымды кара, көрсө, колумдагы бакытты учуруп атыптырмын.   Эртең кеч… Ал бийкеч мени өзүнө багындырып алган соң, андан аттап эч жакка кете албай калдым. Бир күнү туулган күнү болуп калып, баардык чыгымдарын мен көтөрүп кафелердин биринде өткөрдүк. Ошол күнү үйгө барган жокмун. Эртеси  барсам, жубайым балам менен  кетип калышыптыр. Ачуусу менен кеткен чыгаар, кетсе кайра келет да деп ойлодум. Жубайым кеткенден кийин үйдөгү кут да кетип, эмнегедир ишим жүрүшпөй, жетекчибиз алмашып, жумушуман  бошонуп ишсиз калдым. Акча керек болуп акырында үйдөгү буюмдарды сата баштадым. Бир жолу  тиги сулуу  бийкечке айттырбай барайын деп белек бечкегимди көтөрүнүп алып үйүнө барсам, кире бериштен шарактаган үндөр угулду. Туугандары келип калганбы деп ойлоп, сыртка чыгууга камынып жатсам, нары жактан эшик ачылып бир жигит чыга келди. Аркы бөлмөдө бир топ кыздар-балдар шаңдуу компания болуп, ичимдиктерди ичишип отуруптур. Ал аңгыча тиги сулуу бийкеч дагы чыгып калды. Мени көрүп эле эмне кылаарын билбей: “Сен келип калдың беле?”- деп калтырай сүйлөдү. Көрсө, мен арбалып жүргөн сулуу бийкечтин күйөөсү бар экен. Мен көп көңүлдөштөрүнүн бири экенимди билдим. Ушунча убакыт анын торуна түшүп, мени пайдаланып жүргөнүнө ичим туз куйгандай ачышып, жакшынакай очогумду жоготуп алганыма күйүп-жанып турдум. Кетүүгө аргасыз болдум. Аялымдан алдына  барсам:  “Үй-бүлөң бар экенин эми эстедиңби, мен сени эбак эле жашоомдон чийип койгом”- деген сөз айтты. Канча ирет барсам да болбой койду. Айтор, көңүлүн катуу калтырып койгом окшойт. Мына ошентип, үй-бүлө, жумушуман кол жууп, көчөдө калдым. Тамымды да сатып жибергем. Ошондуктан азыркы жаштарга айтарым интернет деген нерседен алыс болгула. Менин башыман өткөн окуямды сиздерге сабак болсун деп айтып жатам. Интернет аркылуу алданып калганыма өмүр бою ичим ачышып өтөт го деп ойлойм. Өкүнөм .

Досторуңуз менен бөлүшүңүз..........

КЫРГЫЗЧА САЙТ ⚜️