Ошол муздак керебетте бир кылым жаткандай болуп жаттым. Же бир тирүү жан кабар алып койсочу, ич жагым дагы катуу ачышып туруп алды. Заара кылгым келет, сүйүнүп кеттим денемдин ылдый тарабы бардык жокту сезип жатканына. Көөптө барып жаныма бирөө келди, көзүм тунарып жакшы көрбөй койду. Ак кийимчен экени билинет, ким экенин тааный албай курудум. Кызым болсо таарынат деп кимсиң дей албай айлам кетет. Көзүмдү жумуп алсам бир жагымдуу үн чыкты.
—Эжеее туруңуз, балдарыңызды аябай коркуттунуз го. Төрт күндөн бери ушул жерден кадам жылбай олтурушат. Болду эми көп эркелеп жата бербеңиз.
—Сен кимсиң кызым?
—Мен ушул жерде иштейм.
—Суу берчи, суу..
—Сизге суу ичкен азырынча болбойт!-деп оозумду суу чүпүрөк менен сүртүп койду. Мен Аку кызымды чакырып берчи!-деп сурандым. Чыгып кеткенден кийин көөптө барып кызым кирип келди. Кичине өзүмө келип калган элем. Жылмайып киргени менен көздөрү шишигенден ачылбай калыптыр, өңү бозоруп тим эле ичти ачыштыра тургандай.
—Аку кызым, өңү башың кантет? Сени жаңы келин дейт, күйөөң аялым сулуу эмес экен дебейби. Эмнеге мынча ыйлайсың?
—Алтын апакем, сиз төрт күн ушул жерден чыкпай жатып алсаңыз ыйлабаганда кантем? Кайсы жериңиз ооруйт? Эмнеге мурун айтпайсыз, байкем айтканда эле догдурга барсаңыз мындай болбойт беле.
—Баардыгы жакшы кызым, мына турбаймынбы тирүү. Андан көрө агаларына дагы айт үйгө бара беришсин, сен болсо үйүңө бар, кызматыңды кыл кызым. Жаңы келген келин башка жакта жүргөнү жакшы эмес, анан сурап дагы келбегин. Мен бул жактан чыкканда төр көрсөтүп чакырам, ошондо күйөөң, кайненен болуп келесиңер макулбу.
—Апаа кантип сиз ооруп жатсаңыз кетип калам? Өзүм карайм сизди.
— Жеңелерин турбайбы, ошолор карайт. Сен өзүңдүн кайнененди кара, Салим жакшы жүрөбү? Жеңелерин үйгө келиштиби?
— Жеңелер барган жок үйгө, тойдон бери келген боюнча үйгө бара элекмин. Күйөө балаңыз болсо эртең менен кечинде кабар алып жатат. Унчуккан жок, уруксатын берип эле жатат, сиз кыжалат болбоңуз.
— Көп сөз бок сөз дейт, бир айтканда болду да, жыйнал дагы үйүңө бар. Мага Мыкы кирсинчи э шашпай, азыр кирсе чарчап калдым сүйлөй албайм. Кызым суу тамызып койчу.
Кызым оозума суу тамызып жатып, ыйлаап алды. Көз жашы бетиме ыссык болуп тамып кетти. Өзүм дагы таң калып жатам, жашым элүүгө жете элек болсо мен эмнеге жыгылып жатам!-деп. Туугандар жалгыз кызын күйөөгө берип, ичи ачышып жүрөгүнө күч келип жыгылды дешиптир. Ооба туура, ичим ачышып жатат, ачышат дагы. Бирок, анчалык деңгээлде эмес да. Мен жакшы түшүнүп турам, кыз бала бизге жөн гана конок экенин. Эртеби кечпи баарыбир күйөөгө кетмек, жакшылыктын эрте кечи жок дейт эмеспи. Бактылуу болсун деп эле ыраазы болуп бергем. Реанимациядан палатага которушту, анан балдардын баары жаныма киришти. Мыкы көзүмө тик карай албай кайсалактайт. Ушул жерден мен жаман ооруга чалдыгып калганымды түшүнгөндөй болдум. Бала-чака кеткенден кийин Мыкы менен ачык сүйлөшкүм келди. Айтпайт, эч нерсени айтпайт. Апа жакшы болосуң, үйгө чыгасың жакында. Көп кайгырба, көп ойлонуп койгондон болуптурсун деди. Ишенгим келди, кудайдан ошондой эле болсун деп тиленем. Мыкы кеткенден кийин догдурдан ден-соолугумду сурасам, шашпай баардыгын түшүндүрүп берди. Мен билбеген эле бирөөгө барып жүрө бериптирмин. Кайдагы даарыларды ичип жүрүп боорумду эзип алган экенмин. Дагы канча жашайт экенимди айтпаса да, оорум катуу экенин ачык айтты. Ашып кетсе алты ай!-деди. Алты ай эмнени чечет? Алты айда эмне кылганы жетишем? Жашоого болгон кумарымды кандыра аламбы? Ушул жашка келгенче жашаган эмес эмекенмин, эми араң жашоонун даамын сезип, небере жытына балкып баштаганда ажал келип айламды алып турат. Турат менен Салим бизди таштап кеткенде кудайдан ажал суранып, намаз окуганда дагы тиленип жүргөм. Тезирээк Тураттын жанына баргым келген эле, убакыт баарын дарылайт дешет ко ошондой окшойт. Же мен балдарыма, неберелериме аябай берилип кеттимби, такыр өлгүм келбей калды. Баардыгы жай-жайына келди, балдар чоңоюп өздөрү да балалуу болуп калышты. Кызымды турмушка бердим. Азыр илингеним ушул кызым менен Салим болуп жатпайбы. Неберелеримдин го ата-энеси бар, кор болушпайт. Салим кайсы күндү көрөт? Мыкыга баардык жокту артып койсом туура эмес болот окшойт. Байкуш балам мектепти бүткөн күндөн баштап башын түйшүккө тыккан. Ошол бойдон башын бир өйдө кылбай келе жатат. Мыкым жок болгондо көчөдө калмак экенбиз, балдарымдан эс тартып калган улуусу болгон үчүн балам баардык жокту түшүнүп турат. Жашоодо эмнелерди гана көрбөдүк, айтпаганы менен баламдын дагы жүрөгү жабыркады. Мага таянаар аска тоо, коргоочу болуп жүрүп балалыкты дагы көрбөй калды. Адамдардын түрүн көрүп, жакшы жаманды ажыратып калды. Ооба Мыкыга өзүмө ишенгендей ишенем бирок, өмүр бою бир-туугандарын бага албайт да. Ушунун баардыгын ойлосом айлам кетет. Мен жашагым келип калды, ооо кудай угуп жатасыңбы жашагым келет. Балдарымды жалгыз таштап кетким жок, Салим Туратымдын жанында андан кабатыр болбойм, мен дагы Туратка кетип калсам бул балдарым кайсы күндү көрөт? Кызым жалгызымдын төрт шыйрагы куйкаланып жатып калбайбы. Ушул учурда жашоонун канчалык таттуу экенин түшүндүм. Жарым кылым жашаптырмын, угулганы аз болсо да жашап келгенде бир топ эле жыл. Жарым кылымда жашап өткөн жашоом көз алдымдан кино сыяктуу өтүп жатты. Мен бактысызмынбы?-деп өзүмө суроо бердим. Мен бактысыз эмесмин, эч качан бактысыз болгон дагы эмесмин. Болгону өткөн чактагы кыйынчылыктар баары бул жөн гана сыноо экен. Жашоо өзү керемет, мага окшогон акылсыздар жашоосун текке кетирип салат турбайбы. Жашоомдун жарымы эле өзүмө өлүм тилөө менен өтүп кетиптир. Чыныгы жашоого эртеби-кечпи баарыбир барат экенбиз, эмнеге шаштым экен. Кызымдын жаңы турмушка чыгып, кубанып асманда учуп жүргөнүн көргөндө кубанычына ортоктош болгум келет. Салимди чоңойтуп, өз колум менен үйлөнткүм келет. Жок, жашоого тырмышкан деле жайым жок, болгону кара көздөрүмдү кыйбай жатам. Жалган жашоонун таттуулугун дагы да таткым келет. Жашагым келет, жашай бергим келет.
Мыкы менин оорум тууралуу мыкты билет окшойт, мени караган көз карашы өзгөрүп кетти. Аяп тургандай, мени карап башкача жылмайат дагы артты карап көз жашын билдирбей сүртүп алат. Баламды барып кучактап алсам дейм, ансыз да эзилген жүрөгүн дагы да эзип кыйнагым келбейт. Чыныгы жашоого кетээримди билгенден бери ойлоно берип, өзүмө камалып алдым. Коргоно берем, бирөө оорум тууралуу билип калбаса экен дейм. Оорума дабаа издейм, үмүт артканым кудай. Өзү берген дартка өзү дабаа береби деген үмүт. Үмүт эч качан үзүлбөйт турбайбы, албетте буйрук деген нерсе бар. Буйругу бар болгон болсо дагы жашап жүрө беришим мүмкүн, бирок догдурлар үмүтүмдү дагы үзүп салышты. Он күн өтүп эле үйгө кетем деп чыгып кеттим. Акыркы күндөрүмдү оорукананын муздак дубалдарында өткөргүм келбейт. Айылыма баргым келди, үйгө барган соң таза абага баргым келет!- деп Салимди алып айылга кетип калдым. Айылдагы адамдар алмашып кетиптир, мен билген адамдар чоңоюп кеткенби же картайып кетишкенби айтор айылда жалаң жаштар толуптур. Менин мурунку өткөн өмүрүмдү бул айылда унутуп коюшкандай, эч ким менен эч кимдин иши жок. Өзүмдүн үйүм, өз уям. Ушул күндү кандай сагындым эле, тизеге чейин ылай кечип, ар бир кирпичин Туратка куюшкан элем. Ар бир топурагы мага тааныш, үйүмдүн ар бир бурчу мени кубанып күткөндөй. Мыкы айылга көчөм десем жөн дей албай, же оорумду ачык айта албай кыйналды. Көңүлүмдү карап айылга Салимди алып барып жашашыма маакулдугун берип, көчүрүп келди. Кайрат менен Аку эч нерсени билбейт да, мени айыкты деп көңүлдөрү ток жүрөт. Билдирбей жүрүп бир күн кете берсем кантишет экен. Бир кездерде мен зар какшагандай болотко. Балдарыма андай күндү ыраа көрбөй жатам, кыйынчылыкта гана эмес жакшы күндө дагы балдарым менен бирге болгум келип жатат. Жашоону сүйүп калдым. Эмне үчүн ажал тилеп какшаганда кудай караган жок, эми жашоо жагып калганда жанымды алганы жатат.? Же кезек беле? Ошондо тиленгеним кудайга эми жеттиби? Үйгө келип, бир кой сойуп түлөө өткөрдүк. Кайын-журтум калбай келди. Ал эмес үч баламдын кайын-журту. Айтор үйгө толуп кеттик, элдер майрамдап олтурса менин жаным ооруйт. Ичим кызып, арт жагым ачыша берет. Көп кыймылдай албай калдым, анан түндөрү баламдан жашынып ыйлайм. Кээде ыйлап жатып таң атканын да сезбей калам. Түшүнүп эле турам, канчалык көп ыйласам ден-соолук ошончолук начарлайт экенин. Айлам канча, ушул көзүмдүн артынан ооруга кабылып олтурам. Мага баш бербей эле түндөп- күндөп боздоп жатып боорду дагы эзип салыптыр. Эң башкы душманым ушул өзүмдүн көзүм болуп жатпайбы. Жок көзүм эмес, жүрөгүм, жан- дүйнөм. Жан дүйнөм өксүп жүрөкө даттанат, жүрөк чыдабай ооруп кирет. Оору анан көздөн чыгат, жаш болуп чыгат. Салим уктап калганча жаныма жолотпойм, менден эркелетип турган эскерүү калса балам байкуш өмүр бою эстеп кыйналбайбы. Баламдан жок жерден эле айып таап, урушуп алам. Көңүлүн калсын деп жатпаймынбы, көңүлү калып, кийин көз жашын азыраак агызсын деп жатпаймынбы. Жүрөгү сыздабасын деп жатам. Анан балам уктап калгандан кийин уурданып барып, катуу кучактап жытынан кере жыттап тоюп алам. Беттеринен өпкүлөп, жүрөгүнүн согушун таң атканча тыңшап жата берем. Баламдын жүрөгүнүн согушу мага күч берет, дартымды аз болсо да унутууга жардам берет. Убагында жээрип, бирөөгө бермек болгон балама азыр илинип жатканымды карап кой. Ашып кетсе алты ай деди, толук алты ай деп ишенсем болбойт. Кудайдын бергени, бирок бул кетиш менен алты айга жетпей каламбы!-деп коркуп жатам. Көптөн бери ойлоп жүргөн жумуштарымды бутуруш керек болду. Кайраттын үйүн баштай албай жүрдүк эле, чыр салып жатып баштатып жибердим. Салимди акырындап Мыкыга тапшырып баштадым, Акуну болсо эстегим келбейт. Кызымды ойлосом эле жүрөгүм титиреп, ичим ылдый тарта берет. Кызыма төркүн керек, Мыкы мыкты төркүн болот бирок, Кайратка ишенбей турам. Катынсаак неме карындашы менен иши болбой калабы!-деп корком. Салимдин болсо айылда үйү бар, бир аз чогулткан акчамды Салимге өткөрүп койдум. Кийин мал кылып алат деген үмүт да. Тың аял туш келсе эле жашоону алып кетет балам. Үч ай өтүп кетти, акыбалым оорлошуп баратат. Үч кадам ары турган нерселерди көрбөй калдым, адамды үнүнөн тааныбасам таануу мүмкүн болбой калды. Бул акыбалымды Салим эле билет, анткени жанымда да. Кайраттын иши дагы жок, Мыкы болсо көрмөксөнгө салат. Эки- үч жолу Казактардын ооруканасына алып барды күчтүү деп, алар деле бир нерсени айтып туруп алышты окшойт, башын шылкыйтып кайра алып келет. Бир даарыларды ичимиш болом, ал деле жардам бербей калды окшойт. Тургум келбейт, итирейген жаным шишиктен аябай жаман болуп калды. Көздөрүм араң ачылат, колдорум жумулбайт. Аку үйгө аябай келгиси келет, мен көнбөйм. Шарт жок демиш болуп качам, чындыгында мени көрүп кыйналбасын деп жатам да. Боюнда бар кызымдын, ушул төрөп алганча турсам жакшы болот эле жок дегенде. Мен дагы таене аталып, анан кызымдын боюнда бар кезинде кыйнагым келбей жатпайбы.
Мына арадан күндөр өтүп жатат, чын айтам эсептен адашып кеттим. Көзүм такыр көрбөй калды, төртүнчү айды эсептеп жүргөн элем. Андан бери канча убак өттү экен, менин ар бир төшөктө жаткан саатым кылымга тете болуп кетти. Кеч киргенин же таң атканын сезбейм. Жашоону, жарыктыкты, балдарымдын жүзүн, асманды сагындым. Караңгылык тирүү гөргө кирип кеткендей экен. Менде баардык нерсе барда бир дагы баалабаптырмын. Ден соолук, балдарым бул жашоонун эң кымбаты турбайбы. Өлгөндүн артынан өлөм деп жүрүп максатыма жеттим. Кудай тилегимди уккан кезде жашоону сүйүп калдым. Жашоо мен сени сүйөм, менин дагы жашагым келет. Жарык дүйнөдө дагы жүргүм келет, жашоого тойгонум жок.
Бир жолу ойгонсом тегерек тып-тынч. Мен эч нерсени сезбей дагы калдым. Бир эле каалоом болуп турду, менин башымдан өткөн азап күндөр башкаларга сабак болушун эңседим. Жашоону сүйүп, барктап, өзүн сыйлап жашаш керек экен. Бул жашоо көз ачып жумгандай өтүп кетет, жашоого тойбой каласың. Чыныгы жашоодо бизди эмне күтүп турарын эч ким билбейт. Ал жашоо бизге бүдөмүк. Балким ушул күн акыркы күнүм, аны билбейм. Бирок түшүмдө күн сайын шаркыратманын башында турган балам менен Туратымдын жанына тырмышып чыгып баратканым кирет. Жетейин деп калдым, жарык дүйнө, жалган дүйнө сени таштап барам. Балдарым, жакындарым түбөлүккө кошкула. Бирок силердин билишинерди каалайм, мен силер менен болгум келет. Жашагым келет.. Жашагым келет!!!!!
АЯГЫ.
Бул чыгармада бир адамдын кырк сегиз жылдык өмүр баяны баяндалды. Бирөөгө сабак болоор, өлгөндүн артынан өлмөй жок дейт. Кудай кандай сыноо бербесин сабыр менен карай билели. Кайраттуу бололу, жашоо улана берет. Башкы каармандай бул дүйнөдө жок адамга күйүп жүрүп өзүбүздү дагы түгөтүп албайлы. Бизди жакшы көргөн жакындарыбыз бизди жоготсо бизге окшоп жаман акыбалда калаарын ойлоп койолу. Дарика тууралу болсо азыркы күндө бул жашоодон кете элек, дареги, аты-жөнү сыр. Чыгармага көңүл бурганыңыз үчүн ыраазычылык билдирем.