Жашагым келет 8 бөлүм 

Жашагым келет!! 8-болум.
Жашоо ушундай экен да, бир күн жыргал болсо, экинчи күн ый, үчүнчү күн таакыр башка нерсе болуп кетет экен. Ошол күн алиге чейин эсимде, кеч күз болчу. Жамгыр аздап себелеп, күн анча-мынча өзүн көрсөтүп турган. Мен болсо адаттагыдай эле балам менен алышып жүргөм. Бир маалда эшиктен күйө-баламдын үнү угулуп калды. Жаш болгону менен үнү тамекинин айынан кырылдап чыкчу. Ошондо деле болбой күрөп тартатко чиркин. Шыбыраса да баарыбир дабышы угулду. Кызыма сүйлөп жатканын билген эмесмин, карай койсом эле кызымды тосуп жатыптыр. Барып колунан жулуп алдым.
—Эмне кылып жатасың?
—Кайнеже кызыңды тосуп жатам, эмне болду анча зиркилдеп?
—Эчнерсе.. Колтойгон немени тоспой эле кой сен. Кызыма жакындабай эле койчу э эми.
—Мен адам жебейм.
—Билем..
Акшыйып, басып кеттим. Эмне кылышым керек эле анан? Ушунун үйүндө баш калкалаганым үчүн кызымды салып беришим керекпи эмне? Уяты жок неме экен, мурун Туратым тирүү кезинде тим эле болбой сыйлап, сылык болчу. Көрсө бул эки жүздүү тура. Же туура эмес ойлоп алдымбы? Жок, туура эле өмүрүндө көңүл буруп карабаган кызды эми кантип тосуп калды дейм да. Кечинде сиңдим келсе сүйлөшөйүн дедим. Кечке аңдыдым, аябай кечикти. Тамагын даярдап, уктабай күтүп жаттым. Сиңдим бир маалда жаркырап кирип келди. Көзүм жашылданып калган экен, сиңдим дароо байкап калды.
—Эжеке эмнеге уктабай олтурасың?
—Сен менен сүйлөшүп алышым керек.
— Айтыңыз эжекем.
—Мени туура түшүн сиңдим, мен бөлөк эле жашайт окшоймун. Силерди да кыспай, өзүм да ыңгайсыз абалда калбай, кыйналып кеттим.
—Эжеке эмнеге антип жатасыз? Бир нерсе болдубу? Ахмат бир нерсе деп койдубу же? Ал байкабай айтып алат дайым, орус мектепте окуп ошондой болуп калган. Сиз көңүлүңүзгө албаңыз, өзүм сүйлөшөм. Же менин да балдарымды карап кыйналып кеттиңизби? Мен айылдан кайнисиндимди чакырайын,сизге жардам берет. Кетпейсиз э?
—Сайра сөз анда эмес, сен өзүмдүкү болгонуң менен күйөө балам бөлөк. Сен дагы башыңды көтөрүп жүр да. Кайын журтуң айтып жаткандыр төркүнүн көчүрүп алды!-деп. Ошол эле негизи, жаман ойлобо. Ушул үйдөн таткан тузума ыраазымын, силер да берген ашыңарга ыраазы болгула. Ахмат биздин акчабызды берсин, биз өз оокатыбызды кылалы.
—Туура ал нерсеге каршы чыга албайм. Мен жаман ойлоп албадымбы. Ахматка айтам.
—Эже сиңди эмнени сүйлөшүп жатасыңар?
—Ахмат эжекем өзүбүзчө кетебиз!-дейт. Ошону эле сүйлөшүп олтурабыз. Акчаларын чогултуп берели тез арада.
—Биз мындай сүйлөшкөн эмеспиз да. Жок дегенде бир жыл дегенбиз, мен акчаны бул жылы бере албайм киргизип салгам бизнеске. Эжеке ушунуңуз туура эмес да, мен эми кайдан табам мынча акчаны? Жылаан чакпай, жылкы теппей эмне болду анча? Бирөө бир нерсе деп койдубу же, жакшылык кылсаң кайра ушинтишет да. Кече эле ыйлап келгениңизде мен киргиздим го. Ойлоп иш кылыңыз, эртең эле кайра жүз көрүшөбүз.
—Ахмат мен оордугум тийбесин деп жатам, ыраазымын силерге. Мейли акчаны быйыл бере албасаң кийин берээрсин.
—Эжеке болмок беле андай, Мыкынын тапканы эмнеге жетмек эле. Эй Ахмат акча бар эле го.
—Эй сен оозуңду жапчы, менин ишиме киришпей. Ал акчанын өз орду бар.
—Эмне кыйратып жибересин айтчы ошол акчаны айлантып эле. Булар ач калганынан келген жок, жайланышканча эле конок болуп турду. Төрт ай жашаганына жанын сууругудай болбочу көп, сенин деле карындаштарын жашап эле жүрүшпөйбү дайым. Мен кыңк эттимби ошондо.
—Сен али менин үйүмдө жашаган карындаштарыма сүйлөгүң барбы э? Менин үйүмдө каалагандай жүрөт билдиңби?
—Кой Сайра мен үчүн урушпагыла, мейли дагы жарым жыл жашап турам.
—Жок эй Ахмат уксаң сен, эжем тамагыңды бышырып, балдарыңды карап, кириңди жууп олтурат. Киши жалдасан мындан көп акча төлөйсүң, курсагын тойгузуп, кийимин алып бересиң. Эжемчи жашаганы эле болбосо, тамак-ашын да өздөрү эле алып жатпайбы. Милдет кылсаң төлөп жашасын батирге. Сен болсо үй кызматтарына төлө, ошого келишесинби?
—Эй эмне эле болуп жатасың? Өз пайдасын билбеген мал, кыскасы кетсе өзү билсин бирок, акчасынын жарымын батирге анан тамак-ашка алып калам.
—Жарым үйдүн акчасынбы? Эй кудайдан корксоң боло, кайсы башың менен айтып жатасың? Көчөдө калышпайбы анда.
—Анда акчасын сурай бербей, болгуча унчукпай жашасын үйдүн ичин зыңкыйтып.
—Сен билесиңби эмне кылыш керек экендигин? Өз жашоосун өзү билет, бер акчасын тез.
—Менден акча доолап калдыңбы? Көрбөгөндүн көргөнү курусун дейт, керек болсо сен мага тийип куйрук жеп, май чычып калдың. Өңү бозоргон эле байкуш элең го. Акчаны алып кетмей болсо сен дагы кошулуп кете берсең болот. Чайылбаган катын алам.
—Ахмат оозуңа карап сүйлө, балдар бар экенин унутпа. Ушул менен ажырашып жаткан жокпуз, азыр эле уялып кечирим сурашын бар. Уятсыз экенсиң, сенин ушунча жыл бакканын атамдын бир күндүк ашына татыбайт. Сага тийгенден баштап жумуштан башым чыкпайт, мени алганыңда эмнең бар эле. Шалдайып эле жүргөнүңдү баары билет мага чейин. Ажырашсан ажырашып тыналы мен да чарчадым, бирок үйдөн мен эмес сен чыгып кет. Бул үйдүн жарым акчасын мына менин атам берген, калганынын жарымын мен тапкам. Сен кошкон акчаны жанагы эжемдин акчасын алсаң туура болот. Бир мүнөт калбай жоголуп кет тезден.
—Кыйын экенсиң тим эле, сен куунун ою ушул турбайбы ээ? Шашпа үйдөн кууп чыкпасам балдарды экинчи көрбөс кылам сени. Баарына эжең күнөөлү өзүнүн үй-бүлөсүн тынчытып эми сеникине өтүптүр. Бузуку эжеңдин айынан баары.
—Айланайыын мен үчүн урушпагыла, ажырашпагыла. Акчаны бербесеңер койгулачы, мен эртеңден калбай кетем болгону урушпагыла. Мени кечирип койгула Ахмат Сайра, жарашкыла айланайындар.
—Эжеке сиз барып эс алыңыз, кетем деген оюңузга келбесин. Ахмат болсо сизден кечирим сурайт, жинденип айтып алды. Кечириңиз бизди, туура эмес кылып алдык.
—Ооба эже ойлонбой сүйлөп алдым, убагында жездемдин да жардамы көп тийген мага. Жашайсыз ушул жерде, үй алгычакты.
—Мыкы келсинчи дагы сүйлөшөбүз.
—Жаш бала кызыл кандуу болуп жүргөн учуру азыр, Мыкыны аралаштырбайлы азыр эже.
— Үйдүн чоңу ошол айтышым керек.!-деп үйгө кирип кеттим. Ойлонуп жата бердим, Мыкы бүгүн түнкү сменада эле. Эртең менен келсе сүйлөшөйүн. Бирок, кантип айтам? Жезден карындашыңды тосуп жатыптыр, коркуп жатам деймби? Башка шылтоо айтсам балам көнбөйт, чыдап эле турганым оң окшойт. Кызымды жанымдан карыш чыгарбай олтурсам болот да.
Ошентип кайра эле кете албай калып калдык. Бир күнү кызымды мектепке жөнөтүп коюп кайра жатып алгам. Көзүм илинип кетиптир Салимди эмизип жатып. Бул убакта үйдө эч ким жок болот болчу. Сайра да балдарын бала бакчага алып кетет, мен эле калчымын. Эшиктин кулпусу чукуланып калды, бул Ахмат экенин билдим. Туруп, халатымды кийгичем эле биздин эшике жетиптир. Илүүгө үлгүрбөй калдым. Туура кирип келди.
—Сайра жокто сүйлөшүп алышым керек сиз менен. Эже ачык эле айтайын дедим, мен сизди көргөндөн баштап эле оюм бузулган. Жездемден дагы кызганчумун керек болсо. Ошол үчүн мүмкүнчүлүк болоор замат алып качтым сизди. Мени менен бирге болом десеңиз сизге үй алып берейин, болгону мен барганда кучак жайып тосуп алсаңыз болду.

Нес болуп калдым. Бул акмактан баарын күткөм бирок, мындайды күтпөгөн экенмин. Уяты жок эже сиңдини жайлайын деген экен да.

—-Эмне деп жатканыңды өзүң билип жатасыңбы? Ушул нерсени кантип айтып жатасың?
—Эже сиңдин төшөктө таакыр жок. Эки айдын биринде эле ооруй берет, көлөмүн өзүң да көрүп турасың. Сиңдиндин ээрин бирөө тартып албасын десең өзүң эрмек бол мага. Сени көкөлөтүп алам.
—Сайранын ээрин кооругудай ээри алтындан жасалган эмес. Ооруну болсо сен алып келесиң көчөдөн. Сайра дагы көчөдө калганы жок, анын көзүнө чөп салгычам аны менен кошо ачка олтурганым артык. Оюңду оңдо дагы ойношту көчөдөн изде. Сени аяп жаткан жерибиз жок, кетсең кетип кала бер. Бир-туугандары бар көчөдө калбайт.
—Жакшылыкча көнбөйсүңбү ошондо? Мына сага анда, ушуну көрмөксүн.

Бул айбан зөөкүр дагы экен. Мени бир колу менен муунтуп, экинчи колу менен халатымды жыртып, көмкөрөмдөн жерге ыргытты. Ушул жерде алымдын барышынча алыштым, кыйкырдым алым жетпей койду. Баарыбир эркек экен да. Абийирим төгүлдү да калды. Ахмат ишин бүтүрүп алып өзүнө сыймыктангандай мурдун өйдө көтөрүп чыгып кетти. Мен болсо жер чапчып эле олтуруп калдым. Эркек калбай калгандай сиңдимдин ээринин алдында калдым. Уят эле ушул. Баягы күнү эле чыгып кетиш керек эле өзү. Айткандан тартынып эми жыйынтыгы ушул. Эл укпасын, жер көрбөсүн ээх. Эми шермендем чындап чыккан турат. Эмне айла табам эми.? Канча олтурганымды билбейм, Салим ыйлаганда өзүмө келе түштүм. Же жанатан бери ыйлаганын эми уктумбу билбейм. Көтөрүп соороттум да кайра уктаттым. Чыгып алып жуундум, мунун баардыгын Ахмат жыртайып карап турду. Ошентип олтурганда башына чаап өлтүрүп салгым келди. Бирок, колумдан келбей койду. Мен мыкаачы эмес экенмин. Акча баштан айланып кетсин, бир күн турбайм эми бул үйдө кетем. Көчөдө калсам да кетиш керек.
Үйгө кирип жыйналып баштадым. Мыкы келсе эле кетмей болдум. Керектүү кийимдерди, документтерди эле алдым кайда бараарыбыз белгисиз эмеспи азыр. Ахмат эми эмне кылаарымды аңдып турган окшойт, артымдан кайра кирди. Мен столдогу бычакты шарт алдым.
—Сага алым жетпейт билем, азыр жакындасан өзүмө сайам. Бир жерге менин өлүмүмө сени күнөөлү!-деп жазып каттым. Зордуктап салганынды да жаздым. Камаласын айтып койоюн. Балдарымдын убалына каласың, билесиң мен жашоодон тойгон адаммын. Мага баары бир, колумдан келет.
—Болду тынчтан тийбейм. Эмне кылган жатасыз? Кетесизби?
—Сенин бул кылыгыңдан кийин кетпей кантип турам. Сен ит экенсиң, сени тууган энеңе наалат уктуңбу. Сенин да түбүңө жете тургандар бар. Кызыңдан, уулуңдан кайтпасын!-деп тилен уктуңбу..
— Өзүңдүн сиңдинди каргап жатасың керек болсо. Өлүп кет, билген намазыңды окуп ал.
—Арыз жазам, сени каматам шашпагын.
— Колуңдан келеби? Бул кылыгың айылга жетсе ансыз да булганган атың соо калбайт. Сага эч ким ишенбейт. Байкемдердин шермендеси дагы чыгат. Балдарың шылдыңга калат, жаза бер мен акча менен чыгып кетем. Азыр кетчү болсоң Сайрага баарын айтам, ал мага ишенет. Сени мага жабышты дейм, жүзүңө бурулуп карагыс болот.

Ыйлаган бойдон жерге жабышып калдым. Чын эле мага ким ишенет. Төрт балалуу аялга ишенишпейт. Балдарым, агаларым уятка калат дагы.

Уландысы бар

Досторуңуз менен бөлүшүңүз..........

КЫРГЫЗЧА САЙТ ⚜️