Кабыргам кайышып төрөгөн баламды элдер арамга чыгарып жатышат. Мени бузукуларга кошуп салышты. Кимге даттанып, кимге актанаарымды да билбей калдым. Менго мейли баарын көтөрөм, атам, балдарым бул уятка чыдабай жатышпайбы. Бул уят бул жакта турсун эки жакынымды жерге бергенге чыдабадымбы. Анын жанында бул эмне болуп калыптыр, айтса айта беришсин. Бирок, «жигитти намыс өлтүрөт»-дептир. Мыкым дагы намыстан өзүнө бир нерсе кылып алабы!-деп жатпаймынбы. Мыкы көзүмдү карабай эле тайсалдап жүрөт.
—Мыкы, келчи балам сүйлөшөлү. Эмнеге менден качып жүрөсүң? Таарынып же мен жөнүндө жаман ойлоп жатасыңбы?
—Жок апа ойлонбоңуз, мен сизди билем апа. Эл эмне десе дей беришсин, мен сизге ишенем. Атам каза болгондон кийин сиздин акыбалыңызды мен гана көрдүм го. Мен ишенбесем ким ишенмек эле сизге апаке. Бул иним өзүбүздүн гана каныбыз, чоң-атамдар менен болсо өзүм сүйлөшүп алам.
—Келчи балам келчи кучагыма. Сага ыраазымын балам, кулунум. Сен мага жөлөк болуп турасың азыр, сенсиз бул кайгы менен кантип алышмакмын билбейм. Өмүрүң узун болсо экен .
—Сиз дагы көп жашасаңыз экен, бөбөктөрүмдү үйлөп-жайлап, төрдө сыйыбызды көрүп гана жыргасаңыз дейм.
—Кой балам оокатыңды кыл!
—Апа кудай буйруса дебейсизби, көп жашайм!-деп сөз бериңизчи.
—Кудай берген жашоону жашайм да.
—Ооба апа ооба, туура айтасыз. Эң башкысы өзүңө кол салбасаңыз болду апа. Бизди таштабаңыз.
Байкуш балам, мен аны аңдып жүрсөм ал мени аңдып, кооруп жүргөн тура. Эмне деген жаман энемин? Балдарымды теңтуштарынын алдында уят кылганым аз болгондой, эми коркутуп да жатыптырмын. Жаман кыз боозуп алып, энесин өлөм!-деп коркутат менмин да. Уят.. Уят …
Ооруканадан чыгып келип үйдө жатканмын. Кайнатам таягын таянып алып кирип келди. Жаагы кайышып эки бети ылдый салаңдап калыптыр, бул аябай жини келип турат дегени болчу. Туратым дагы ушундай болуп калчу жинденгенде, ал тургай балдарым дагы ушундай. Өзүм төрөгөндө аябай кыйналдым, бала чоң болуп ичимди кесип алышты. Ийиле албайм, олтура албайм, туруп турушум керек же жатышым керек. Кайнатам келгенде ордумдан туруп, учураштым.
—Кандайсыз ата, келиңиз. Апам жакшы олтурабы, неберелериңиз жакшыбы?
—Алар менен ишиң болбосун, Дарика сени урушканы келдим. Уят эмеспи, балам кара жер кучактаганына бир жыл боло элек сен бирөөдөн төрөп алыптырсың. Ошондо сен калп эле кайгырган кейп кийген экенсиң да, кыркын чыгарып эле бирөөнүн кучагына кирсең. Балким балам менен жашап жүргөнүңдө эле, тирүү кезинде ойнош ойночу элең. Кайран уулум, кудай дагы ушуну көрсөтпөйүн деп алып кетиптир да. Өлүп кетсин дейин, мени уят кылбай ошого тийип алчы. Уялып бүттүм, көчөдө баса албай калдым. Кичине намыс болсо сенде, бар да өзүңдү жардан таштап ал. Билип кой Салимди болсо сенин кесириң урду уятсыз. Эми биздин үйгө болгон жолду унуткун. Мыкы балам калсын бул үйдө, силер чыгып кеткиле. Мыкы баламдыкы экенине ишенем калганы күмөн, ошого алып кет кошуп буларыңды.
—Ата эмнеге антесиз, кудай турат төбөмдө бир жолу дагы балаңыздын көзүнө чөп салган эмесмин. Эгер калп айткан болсом ушул түндөн чыкпай калайын.
—Койчу сен кудайдан коркпой калгансың, ошого кенен карганып жатасың. Айтаарымды айттым, эми биздин көзүбүзгө көрүнбө. Бир айдан кийин жылдыгын өткөрөм, сен бул жерден карааныңды курут.
—Ата мен кайда барам? Мени куубаңызчы, бул үйдүн ар-бир кирпичин бутум менен ылай тебелеп Туратка куюштум эле го. Мен Тураттын, кудайдын алдында акмын. Билип-билбей мени күнөөлөп күнөөгө батпаңыз ата. Боюмда бар экенин билбей апам бир жолу төөнүн этин кууруп жедирип коюптур, ошого он бир ай көтөрдүм ата.
—Сенин шылтооң көп айтор, сен чыгып кетпесең өлүп кет. Жылдыкты мына өз үйүмдө өткөрөм, кадам басып келбегиле.
—Андай болсо мен дагы жылдыкты өзүмчө өткөрө берем.
—Өткөрө бер, сен бузукуга эчким басып келбейт уктуңбу.
—Ата дейм, мага ишениңизчи мен акмын. Калп айтып, жаман жүргөн жокмун ата, бир жолу ишениңизчи.
Кайнатам чыгып кетип калды. Догдур азыр кыжалат болуу мүмкүн эмес десе да көзүмөн жаш тыйылбай ыйлап жаттым. Эми кандай адам болдум, бузукуга айландым да калдым. Ушул сен шум эле бала болдуң го, туулбай өлсөң болбойт беле. Эмне кылсам да чып жабыштың да калдың, акыры атымды булгап, өзүң арам аталдың да калдың. Бул баланы эл көрө электе бирөөгө берип жок кылганым туура болот окшойт. Балдарым менен кеңешпей туруп эле жеңемдин агасына берип салмай болдум. Ал киши үч жолу үйлөнсө да баары кыз эле төрөп туруп алган. Он үчпү кызы бар. Кыздарды да кесир кылбайын!-деп аябай жакшы карайт. Баарыбир кудай эркек берген жок. Жеңеме кеңешимиш болсом дароо агасын айтты. Менин да күткөнүм ошол эле. Эртең жеңемдикине баланы алып бармай болуп келиштик. Ичимден кутулганыма сүйүнсөм, бир чети жүрөгүм ачышып жатты. Бул наристе дагы Салимимдей, Мыкымдай эле уулум болот эмеспи. Болгону ушундай тагдыр экен чекесине жазылганы, айла барбы. Эртең менен кийимдерин топтоп, өзүм да дайарданып жатсам жеңемдин агасы аялы менен үйгө келди. Баланы көтөрүп чыгып, машинеге олтурдум. Чакан чайканага барып жайгаштык.
—Дарика биз сени тааныйбыз, жолдошуңду да таанычубуз жакшы адам эле. Туура бала багуу кыйын жалгыз башка бирок, жашоо шартыңар анча жаман эмес эле го.
—Мен өзүмдү жаман сезип жүрөм, ошого бул баланы эптей албай жатам. Жеңемдин жеңеси көз кыйыгы менен баланы бир карап өттү. Балам таптаза эле. Жанагы эптей албай жатканыма ишенбеди окшойт.
—Мейли, туура түшүнөм. Кийин баланы талашпайсыңбы?
—Жок, эчкачан.
—Кандайдыр шарттарың барбы?
—Ооба, Мыкы быйыл мектепти бүттү. Ошол баламды окууга киргизип, окутуп бересиңер.
—Биз макулбуз.
—Анда документтерди бүтүрүп алалы э дароо эле, кийин дагы кыйнабай сени.
—Өзүңөр билгиле, айрымасы жок.
Тиги кудабыз туруп кетти, чөнтөгүнөн кол телефонун алып чыгып сүйлөшүп баштады. Башын чайкап, көз айнегинин кычыгынан улам көзүн ушалап жатты. Туугандары менен кеңешип жатса керек дегем көрүп. Андай эмес экен.
—Дарика мен бүгүн бошобой калдым, эртең бошсуңбу? Эртең Мыкынын окуусуна жетерлик акча менен келебиз, бала болсо бүгүнчө тоюуп эмип алсын, маакулбу!
—Маакул, бүгүн эле бүтсө жакшы болмок экен э я.
—Сени атаңдыкына таштап кой деди жеңең, куран окутушат окшойт.
—Окута беришсин, баланы эртең алсаңар бүрсүгүнү барып койом.
Же бүгүн эле алып кете бергиле да.
—Мейли баланы мен алып калам, сени баарыбир жеткирели анда.
—Мейли, ырас болбодубу.
Жолдо баратып кудабыз мени улам күзгүдөн тиктеп койот. Көрбөмүшкө салып кете бердим, бир убакта атамдын үйүнө жакындап келип калдык. Кудача болсо мага баламды колума карматып койду.
—Алып кетем дегениңерден келдим мен, бул эмне кылганыңар. Бала керек эмеспи же? Мейли өзүңөр билгиле, балага көзү учкандар толтура, мени үйгө эле жеткиргиле.
—Дарика үйгө кирчи биринчи, ата-энең менен сүйлөш.
Тиги экөөнү жаман карап, кирип кеттим. Азыр атамдын алдына кирүүдөн уялып жаттым. Ушул жерде уяттан жер жарылып кетпеди, мен кирип кетпедим. Үйгө киргим келбей кадамымды араң таштап жаттым. Эшикти ачып өз көзүмө ишенбей калдым. Тегеректеп адамдар олтурса, ортосунда бети жабылган бирөө жатат. Шашып баардыгын жоктоп баштадым.
Апам, агаларым, сиңдилерим, жеңем, күйөө балдар, неберелердин баары олтурат. Атамдын орду бош экен. Кайра эшикти жаап койдум. Эки жакты карап туруп, баламды тапчанга жаткырып өзүм сарайга бет алдым. Биздин сарай аябай узун эле. Мал байлап оокат кылчу атам. Малдын арасынан издеп баштадым, жок.. Чөптүн турган жайына, жемдин жайына бардым атам жок экен. Сарайдын бурчуна жата калып жер чапкылап кирдим. Ишенесизби көзүмдөн жаш чыкпай койду. Көкүрөгүмдөгү өрт күчөп-күчөп кетти, мени куйкалап жибербейби ушул турушум менен. Жок, антпей койду. Бул от жан-дүйнөмдү гана өрттөп, тозоко айлантты. Балам ыйлаганынанбы же мен эшикти ачканымда көргөнүнөбү артымдан агам издеп чыгыптыр. Сарай ичин, бүт жакты издептир. Менин кулагым бүтүп эчнерсе уккан жокмун. Качан келип артымдан тургузганда селт эте түштүм. Агам үйгө жөлөп алып кирип атамдын жанына отургузду. Атамдын бетин ачтым, коркконум жок. Ыйлаганым да жок. Акырын гана чекечинен сүйүп койдум. Баардыгы таң калды. Турат менен Салимде улам өзүмдөн кетип, көзүмдөн жаш токтогон эмес эле. Түшүнүгү барлар же башынан өткөндөр түшүнөт менин азыркы акыбалымды, баардыгы түшүнө бербейт. Мына бир жыл болгону калды Турат менен Салимди жоготконума, ошол бир жылдын ичиндеги азап аз болгондой эми элге ак жеримден бузукуга айландым. Менин жүрөгүм таш болуп калды. Таш ыссык-суука кебелбейт, жыл сайын чоңойо берет мен дал ошондой ташмын. Болгону көп таштан айрымаланып мен аска зоодомун. Араң гана карманып турам. Дагы кичине убакыт өтсө көлөмү чоңойгон таш аска-зоодон кулайт, быт-чыты чыгып талкаланган таш, кумга айланат. Ал кум шамал менен жок болот. Ошондой эле мен дагы жакында талкаланып, шамалга учуп жок болом. Чыдабайм.. Азыр жүрөгүм эле эмес өзүм дагы таш болуп калдым, өз баламды бирөөгө берип жаткан соң менде адамдык сезим калган жок. Адамдык сезим калбаган соң менден жаш чыкпайт. Жаш чыкпай калды. Боз үйдө дагы ыйлай албай, термелип олтура бердим. Элдин баары шыбырашып мени чоң кызы!-деп көрсөтүп, жаман карап чыгып жатышты. Жаңы төрөлгөн баламды көрбөй калдым, мен ойлодум жеңемдин агасы алып кетти го деп. Алып кетпептир, эмчектеги баласы бар келин үйүнө алып кетип карап жатыптыр. Апам атамдын акыркы насаатын мага да айтты.
—Дарика атаң көп нерсени айтып кетти, сени болсо намыска алдырбай өз баласын карасын деди. Намыстын артынан бир адам өлүш керек болсо мына мен өлүп жатам, силер жашагыла деди. Эми шаарга эле кетип калгыла тынчыраак.
Уландысы бар.