ЖАШАГЫМ КЕЛЕТ. 4-БӨЛҮМ.
—Мага туура келет ошол, маакулмун.
—Туура келсе жакшы экен, бүгүн эки-үч анализ тапшырасыз, анан баары жакшы болсо ишке киришебиз. Кабар бергенибизде элүү миң сом алып, ушул жерге келесиз.
—Элүү миң сом? Эмнеге мынча кымбат?
—Сиз эмнени кааладыңыз эле?
—Макул мен табам.
Ээх эмне болуп баратабыз. Эне али жарык дүйнөнү көрө элек өз баласын бирөөнүн колу менен өлтүрсө. Бул күнөөсүз ымыркайдын жашоосун адилетсиз тартып алса, өз кызыкчылыгы үчүн баарын курман кылса ушул дагы адамбы? Ушул адамбы? Бул адам бала төрөп, тарбия бермек түгүл, жер энебизди басып жүрүүгө акысы жок. Өз баласын өлтүргөн аялдарга кудайдын каргышы болсун, жокчулука, намыска шылтоолоп кылган бул иштерин кудай өзү уруп кетсин. Акыр өзүңдү бул жашоого алып келген дагы эне го. Сага дагы бул жашоону көрсөтпөй ичинен мүчөлөп сууруп чыкса эмне кылаар элең? Ойлончу, ойлонсоң боло…
Бул сөздөр кулагыма анык жаңырып турду. Азыркы убакта мен түшкө деле ишенбей калдым, азыр дагы бул түшкө кол шилтеп койдум. Үйдө андай акча жок болгондуктан кайын-журтумдан сураганы бардым..
—Кандайсыздар ата-апа, күүлү-күчтүү олтурасыздарбы? Ден-соолук сураганы келдим эле.
—Кагылайын десе келегой, өзүң жакшысыңбы? Тиричилик кыйнаган жокпу балам.
—Мыкы өзү эптеп жатат баарын, мени болсо кудай урмак беле жүрөм да.
—Ай кокуй кой антпе, акыркы күндөрү кудайга көп асылчу болдуң да. Мунуң туура эмес, эсиңе кел.
—Анан кимге асылам? Баламды, күйөөмдү ошол тартып алган болсо.
—Кудай өзү берген жанды өзү алат, ага эчкимибиз каршы чыга албайбыз. Андан көрө экөөнүн акыретин сурасаң боло, намаз оку.
—Мейли, буйруса дейинчи..
—А баракелде мына өзүңө келдиң балам. Кел олтур чай ичели. Төргө өт балам атаңдын жанына.
—Апа сизден өтүп кетмек белем, сиз өтүңүз төргө, мен чай койоюн.
—Мейли, жөнжай эле келдиңби кызым?
—Мага акча керек болуп жатат ата.
—Капырай акчаны эмне кыласың? Курсагың тоюп, кийимиң жаңырып жатпайбы, эмне болуп кетти.
—Догдурга көрүнсөмбү дегем, табым анча болбой турат.
—А мейли балам канча керек? Кече пенсиябыз тийген беребиз.
—Элүү миң сом.
—Апеей ботом ал акчаны эмне кыласың? Ошончого көрөт экенби? Тиги биздин Күлүйпага барсаң бепбекер эле көрүп берет.
—Бул жака көрүнсөм болбойт экен, шаарда ошончо алып кел дешти.
—Деги калпычылар эмес экенби? Кайсы жериң ооруйт экен ыя? Акыркы күндөрү шишип кеттиң да, жүрөк эмеспи балам.
—Билбейм айтпай коюшту.
—Мен сени менен чогу барып сурап келем, акмакты табышыптыр тим койсо. Сен болгону сууктап калгансың, анан ыйлай берип жүрөгүң сыгылып турат. Ошону билишпейби эмне?
—Жок мен өзүм эле барам, акча болсо берип туруңуздар.
—Балам анча акча жок эле бизде. Үч миңден пенсия алганбыз алты миң бар. Жетпегенин тиги акеңдерден сураштырып көрөйүнчү.
—Бербестин шылтоосу түгөнбөйттөн болуп жатасыңарбы? Тукем тирүү болгондо ушинтип зарыгат белем. Турат мени эмнеге таштап кеттиң үү—үүүү, андан көрө мен кетсем баласын азыр колдоп коюшмак. Эми буларга мен бөтөн болуп калбадымбы үүү—үүү..
—Ай болду жаагыңды жап, тынч жаткан баламды гөрүнөн оодарылтпай. Мен сага жок деген жокмун, болгону сураштырыш керек. Бар азыр үйүңө барып эс ал, эртең сүйлөшөбүз.
—Мен ооруканага үч күндүн ичинде барышым керек, мен өлсөм балдар тоголок жетим калат ошону ойлогула.
Кайнатам көзү менен жер тешип калып кетти, кайненем бышактап ыйлап кирди. Өз апама айта албайм, айтсам ичимдегин эки дүйнө алдыртпайт, билем да.
—Тууй-ата мунуңа эмне болгон? Тиги Туке тирүү кезде башкача эле го э я.
—Ал кезде баары башкача, баары соонун эле, муну да түшүнсө болот. Жаны ооруп жаткандыр да.
—Ошондойго, болбосо мынчалык катуу сүйлөбөсө керек.
—Тиги келиниңдин басканын байкадыңбы я?
—Жок эмне экен?
-Кичине талтаңдап калганбы дейм да, ичинде эчнерсе жокпу.?
—Эркек башың менен ичин аңдып жүрөсүңбү эмне? Уят эл укса..
—Ким укмак эле, койчу. Ошондой бир болсо.
—Ошондой эле, мынча көп акча издегенине караганда алдырат окшойт да.
—Дарика андай кылбайт, ал акылдуу.
—Мени айтты дейсиң, келиниң бооз.
—Мага ошентип акча бербей коюшту, мен акча издеп тапканча жетинчи айга өтүп кетти. Мейли эми өзүм эптермин, баарыбир бул баланы төрөбөйт экенмин да. Үйдөгү кийим аттуунун баарын чыгарып жуудум. Эшиктин астына эки чака менен суу ташып септим, баланын төрөлүшүн, өлүк төрөлөшүн күтүп жатам. Эчким боюмдагын билбесин!-деп ичимди болушунча таңып салгам. Бул баланы кудайым бул жашоого тамырлаганбы ким билсинби, эч болбой койду. Эгер бала тирүү болуп калса эркек керек деген үйгө берип салат элем. Бала ичимден чыкпай койду. Тогуз ай, тогуз ай толук болуптур бүгүн Тукем каза болгонуна. Достору союшун союп куран окутса дагы чыкканым жок, уялдым. Эң жаманы бул бала тогуз айдан өтсө да төрөлөөр түрү жок. Ооруканага бардым, толгоо чакырган даары дагы таасир болгон жок. Бетим ай, шерменде. Эми эл эмне дейт? Эринин өлгөнүнө тогуз ай болду, ичиндеги чыккан жок!-деп жатышат. Сөөмөйү менен гезебеген адам калган жок.
—Эй кыз басчы бери жашабагыр. Эй ичиңдеги кимден? Уялбайсыңбы эми, атаңды уят эле кылдың. Эми бозутканыңа тийип кет тезден.
—Апа бул Тураттын баласы, эмнеге мынткенин өзүм да түшүнбөй жатам. Чынын айтам апа, нан урсун апа ошонун баласы. Башка эркектин койнуна кирмек түгүл, көз кырымды салууну ойго келтирбепмин.
—Кокуй десе, нанды аралаштырба. ——Мен сага ишенейин, мейли ишендим дейли де, тээ элге кантип түшүндүрөбүз. Алар ишенишпейт.
—Мага баарыбир..
—Сага баарыбир болсо балдарыңа баарыбир эмес экен, теңтуштарынан уялып жатат. Билесиңби бир жолу эт алып келгем, кууруп жегенбиз ошол төөнүкү эле да. Кош кат экениңди билбей жедирип салыпмын, болбойт да негизи. Төөнүн этин жесе боюнда барда он бир ай көтөрөт да.
—Апа эми анык өлдүм.
Он бир ай болуп уул жарык дүйнөгө алып келдим.
Уландысы бар.
Достор кечиккенин себеби телефонум өзүмдүкү бузулуп бирөөнүкүнөн жазып чыгарып жатам. Катасына дагы анча-мынча көңүл бөлбөңүз эми. Телефон алсам оңдоп чыгам