Жашагым келет. 20-болум.
Кайраттын мугалими үйгө келип, бир сыйра урушуп кетти. Мен эмне демек элем, унчукпай гана туруп бердим. Кайрат болсо кетип калды сөзүн укпай эле, мугалими өйдө жака жеткирем дейт. Жеткирсе жеткирсин, баланы жакшы карай албаган күнөө жалгыз менде эмес, мугалим дагы өзүнө сөз тилеп алат. Өзү уруш угат, бир чети жиним келет эмне бойго жеткен бала да, үйлөнсө эмне болуптур деп. Үч ай чыдаса экинчи курсту да бүтөт, анан тойду кыла берсек болот. Сайрага куда тарап жакпай, жаман болуп калды.
—Эжеке тиги келиниңизге анча чабылбай туруңузчу, мага анча жакпай турат төркүнү да, өзү да. Күйдүрүп кетпесин, Шуруга эле канча болдуңуз кан жутуп. Шуру го өз канын жуттуруптур, бул деген башкалардын канын жутчудай. Анан көпкө деле чыдабайт го, кетип калчудай эле сезилип жатат да.
— Оозуңа кара таш, кудай деп сүйлө. Жакшынакай эле болуп турбайбы, төркүнү не болсо ошол болсун алар менен жашамак беле.
— Айттым да койдум эжеке. Мурункудай боорукерлик кылам деп кайра башыңызга балээ тилеп албаңыз дегеним.
—Койчу ай ушунунду, андан көрө жүрү ресторанга барып дагы жүз орун коштуралы.
—Куда тарапка элүү эле орун берилет.
—Мен жүз орун берем, үйгө чакырбагандан кийин жүз орун берем.
—Астыга да түшүү керек.
—Астыга түшпөгүлө, биз дагы сеп бербейбиз дейт кудагый.
—Эмнеге антип жатасыңар? Силер өзүңөрдү ойлогонунар менен жаштар эмне болот. Же тойдон же чептен дайын жок кыйналышат. Кийин сиздин сөзүңүз кыска болуп калат, септи өздөрү билишсин сиз астыга түшүп коюңуз. Той эмне өзүн-өзү жабат, ойлонбой эле коюңуз.
—Туура ошондой кылалы э, кудагыйлардын алдында жүзүбүз жарык болсун.
Туугандар чогулуп кеңештик, жетимиш миң сом, бир жылкы, үч кой менен астыга бармай болдук. Куда аны угуп алып чалкасынан кетти, сүйлөштүк эле го дейт. Акыры сеп бербесеңер дагы ыраазыбыз, болгону жаштардын көңүлү калбасын дедик!-деп араң кутулдук. Астына түшүп келдик, эми тойго даярданып жаттык. Кайрат экинчи курсту бүттү, тойго дагы жакын калды. Биринчи келинимден экинчиси, экинчисинен биринчиси өтүп жакшынакай тим эле. Кантсе да балдарымдын туугандары деп кайын-журтту дагы чакырдым. Ошончо жылдан бери эмне туура, эмне туура эмес экенин түшүнүшкөнбү же Мыкы менен Кайратты өз каныбыз дештиби, же Тураттын арбагын сыйлаштыбы айтор тойго кайненем, кыздарын, балдарын алып келиптир. Аларды көрүп алып ыйлап жибердим, ушул жакшылыктарды Туратым көрсө болбойт беле? Ушул тойдо өз келинчегин буралта жасантып Салимим да турса болбойт беле. Арман дүнүйө экен, бир чети кубансам экинчи жагынан өксүп турам. Кайненем дагы араң турган экен боздоп жиберди, баардыгыбыз кучакташып ботодой боздоп алдык. Кудалар, тамада түшүнбөй турушту. Анан барып тамадага баарын түшүндүрдүм. Унчукпай туруп тойду ачуу аземин кайненеме тапшырды. Кайненем байкуш оозуна сөз келбей ыйлап гана туруп берди. Анан сөз кезегин мага берди эле, болгон күчүмдү жыйнап нечен жылдар бою чогулткан сөздөрүмдү айтууга чыктым.
—Урматтуу биздин асыл коноктор, ушул биздин биринчи жакшылыгыбызга кош келипсиңер. Кудайдын буйругу экен бир эле күндө эки балам өздөрүнүн чакан мамлекетин куруп жатышат. Жүрөгүм толкундап көкүрөгүмдөн чыкчудай болуп турат, ойлогон ой максаттарыңарга жетип, өнүгуп өсө бергиле. Бул тойго күбөө болуп жаткандардын арасында кыйын күндөрүмдө менин жанымда болгон, баа жеткис жакындарым бар. Сиздерге миң таазим, ошондой эле кыздарын багып, тарбиялап мага тапшырып жаткан куда-кудагыйга таазим. Буйруса келин эмес кызымдай кылып алам.
Азыр чексиз кубанычка батып турсам да, жан дүйнөм өксүп турат. Ушул балдардын жакшылыгында той башчы болчу Турат жок. Биздин атабыз, биздин таянар аска-тообуз жок. Балдарымды атасыз атка кондурбай тойго келип, колдоо көрсөтүп берген мына акелерине ыраазымын. Буйруса жакшылыктарда кайтаралы, тойго кош келипсиз конок.
Дагы миңдеген саптарды даярдап барган элем, баарын унутуп койдум. Ыйымды ичиме жутуп, ушул сөздөрдү араң айттым. Микрофонду берип, ошол жерде тура албай эшикке чыгып кеттим. Таза абада туруп ыйлап-ыйлап алдым. Артымдан Аку чыкты, анан балдарым чыкты. Бизди өздөрүнө келип алсын дештиби артыбыздан чыгышкан жок. Бир нече мүнөт кучакташып ыйлап анан кайра кирдик. Апам сүйлөп жатыптыр, сөздөрү кулака деле кирген жок, ары-бери басып конок тейлеп алаксып кеттим. Ошентип той жакшы өттү, балдарымдын достору артисттерди алып келишиптир, айтор баары шаңдуу өттү. Той аяктаган соң конок узаттык. Анан келиндерим үй кийимдерин кийип чыгышты, дасторкон жыйнандык, эсептешип анан үйгө түн бир маалда келдик. Үйгө келсек үйдө апам, кайненем, кайнеже, кайнилерим олтуруптур. Байкуш апамдар менден кечирим сураганы келишиптир. Ак ийилет, бирок сынбайт деген чын экен. Мен ийилдим, жер менен бир болгуча ийилдим бирок сынган жокмун. Балдарым бар экен бутка туруп кеттим, алсыздыгымдан пайдаланып, мени кордогондор өздөрү оңбой калышты. Кайын-журтум болсо Салимди Тураттын көчүрмөсү экенин көргөн соң баладан айланып-тегеренип гана кетишти го. Кудайга шүгүр, актыгым далилденди, булганган атым кайын-журттун алдында ордуна келди. Кудай мага кайнене болуу бактысын берди, буйруса жакында неберелүү дагы болом. Бир-туугандарым, балдарым аман-эсен, оокатыбыз кудайга шүгүр бир топ оңолуп калган. Кайнежелерим биригип жанагы айылдагы өзүбүздүн үйүбүздү, өз баасына кайра сатып алышыптыр. Үйдүн ачкычын Кайратка белек кылышты. Мээнет менен курулган үйүбүз өзүбүзгө буйруган экен, мынтип кайра өзүбүзгө келди. Үйдүн акчасын күйөө балам жеп салбады беле, кудайдын көзү түз дейт мына мынтип кайнежелерди себеп кылып кайтарып койду. Кайратты айылга барып жаша, мал кылып беребиз, машина алып беребиз десек эле чанкасынан кетти. Келиним мурдун бир чүйрүйт, шаарда жашагысы келет экен. Мыкы айыл дегенде өлүп турат бирок, ал кетип калса биз кантебиз. Баарыбызды баккан ушул болуп жатпайбы, Кайрат болсо дагы деле жаш баладай эч нерседен ою жок жүрөт. Бизди ойлосо айтпай аял ээрчитип келмек беле, эмне дешти деле билбейм. Келиним окуйм деп чыкты, Кайратка өзүң бил дедим. Өзү каалагандай жашасын, кийин бир нерсе болсо мени күнөөлөбосүн деп квартирага бөлүп салдым. Өздөрү үй -жай кылып алышсын, колумдан келсе кылып бермекмин колумда жок да. Кантип Мыкынын оокатын жулуп алып Кайратка берем. Мыкы деле Салим бой жеткиче эле бизди багат, бизди бакканча өзүнө дагы үй-жай кылат. Мен калыс эле болуп жатам, үй Мыкыга калган жок. Экөөнө тең өз оокатынарды кылгыла дедим. Кайра Мыкы бизди багып да жатпайбы, баламдын акылы жетсе түшүнөт, жетпесе эмне демекмин. Өмүр бою буларга жөлөк боло албаган соң өздөрүн өздөрү эптей беришсин. Мен деле жөн олтурбай ошол Мыкы ачкан жаңы цехте үтүктөп иштеп жаттым. Аз болсо да кол кабыш да, баарыбыз эле ошол жердебиз акчаны өзүбүз алалы деп. Бирок чын эле кичинекей келиним куйчуке чыкты, Кайрат эки күндүн биринде мага катуу тийип кетет. Ичимден аа балам, атаң өлгөндө он эки жашта калып, биздин тарткан азаптарыбызды унуткан турбайсынбы, унутпаганында бул сөздөрдү айтуудан мурун миң ойлонмоксун деп койом. Таарынгым келбейт, эне балага таарынса баланын жолу жабылып калат дешет ко. Таң калам да, тогуз ай ичиңде, үч жыл колуңда, өмүр бою жүрөгүңдө көтөрүп өстүргөн жан балаң кантип аялынын сөзүн туура көрүп кетет. Менин он сегиз жылдык мээнетимди аялы бир жылга жетпей унуткарып салдырды го. Ичимден келиниме сен дагы балалуу болгондо түшүнөсүң деп алам. Бирок, ашыкча сөз айтпайм. Балдарым урушуп кетсе, мага эле кыйын болот. Баламдын келечегине балта чабылат, жүрөгү ооруйт. Айла жок, унчукпай гана баардыгын көтөрүүгө ыраазымын. Күнүбүз кадимкидей эле уланып, үй- бүлөбүз бир эмес эки башка толукталат экенине кубанып турдук. Салим дагы мен байке болот экенмин деп сүйүнөт. Мен өзүнчө эле ооруп баштадым, башым тегеренип, көзүм тунарып, ичим эле сыздаап ооруп турат. Билдирбегени аракет кылам, балдарым мен үчүн убайым тартканын каалабайм. Жүрөгүм бир маалда катуу мыжыгат дагы денемди бүт муздатып жиберет. Жашырынып догдурга барсам суук өткөн деп эле толтура даары берди. Ошону ичип жүрө бердим, үч жыл ошол даарыларды үзбөй ичтим. Үч жылдын ичинде Мыкы эки уулдуу, Кайрат бир кыз, бир уулду болду. Аку болсо бой жетип, мектепти аяктады. Салим болсо үчүнчү класстын окуучусу. Мыкы өзүнө шаар четине үй салып, Кайраттарды жашатып койду. Кайрат базарга чыгып кетти, Мыкы аялдарга, кичинекей кыздарга, жаш кыздарга чактап көйнөк тигет, Кайрат болсо сатат. Экөөлөп иштеп мына быйыл Кайратыма үй тургузганы жатышат. Төрт неберемдин тушоо тоюн үйдө эле чоң кылып бердик. Эмнегедир үч жылдын ичинде катуу картайып кеттим. Элүүгө чыга элек жаным жетимишке чыккан кемпирдей болуп калдым. Мыкы ичип жаткан даарыларымды жаман карап койот, кээде башка догдурга растап көрсөтүп жакшы даарылантам!-деп урушат. Мен көнбөйм, баардык жакта эле догдурлар бирдей, даарылантып жатпайбы дейм. Эч барбай койдум, бекер кылган экенмин. Акыркы жылы өзүмдү аябай жаман сезип кеттим, жерге эле тартып туруп алды. Жаным жерге тийсе эле жыргап калат, мурункудай иштебей дагы койгом. Үйдө неберелеримди карайм, Салимди мектепке жиберем, балдар жумуштан келгенче тамак жасайм, кээде кир жууп койом. Өлбөстүн күнүн көрүп калдым, Аку кызым болсо окубайм деп такыр көнбөй койду. Мейли бир жыл эс ал, анан жок дегенде тигүүчүлүк кесибин аркала дейм. Анан кийинки жылы сөзсүз окууга тапшырмай болуп келиштик. Кызым калп эле өзүнө жол ачкан экен, ашыгы бар экен. Эки жаш быйыл үйлөнөбүз деп сүйлөшүп алышыптыр, каникул болгонуна бир ай ашпай үйгө куда келди. Акубайыма куда түшүп келишиптир, жүрөгүм түшүп калбадыбы. Апеей кызым жаш деп койом, бирок он сегизге чыгыптыр, мен мындай кезимде Мыкыны кучактап, Салимди ичиме түйүп калгам. Ичим ачышты, кичинекей кызым бирөөгө бүлө болуп кетишин ойлосом чыркырап жиберем. Кайраттын аялы деле араң он тогузда, эки баланын энеси болуп олтурат тигине. Өзүмдү канча алаксытсам да баары бир кызымды бергим келбей, кыйбай турдум. Кайненем менен апамды чакырсам бат эле жетип келишти. Анан мени тилдеп туруп, алып келген сөйкөнү Акунун ыраазычылыгын сурап, салдыртып салышты. Чыркырап калдым. Көнөт экенсиң, келин алган жакшы турбайбы үй-бүлө чоңойот. Кыз берсең азайат. Ошондо барып эки келинимдин ата-энесин түшүндүм. Кызым деп эле чыйпылыкташса, мен кул кылып жатамбы деп жаман көрчү элем. Көрсө эне үчүн бой жеткен кыздары деле бала бойдон калат тура. Эки күндүн ичинде кызыма бахмалдан төшөк толтуруп тиктирип, кабытып салдык. Кудалар тойду белгилеп кетишти, биз дагы кыз той кылмай болдук. Жалгыз кызымды үйдөн узаткым келет, атасы болбосо дагы агалары турат, жоктугун билдирбей тойду жаркыратып берели. Кыз той дагы келип, Ресторанга коноктор келе баштады, өзүмдү аябай жаман сезип араң олтурдум. Той башталып, жакшы өтүп жатты. Тойдун ортосуна келгенде кулагым укпай, жер тегерип кетти. Ушунча келген элге уят болбоюн деп өзүмдү колго алууга аракеттенип жатсам да болбой жыгылып калдым. Кулап баратканымды билем, көзүм караңгылап кеткен. Андан кийинкисин башка билбейм. Канчада ойгонгонумду билбейм, догдурда экенмин. Дароо кызымды тою эсиме түштү, эртеси эле үйлөнүү тойлору болмок. Мен үчүн токтоп калган жокпу? Кызымды оорумдун айынан эң бактылуу күнүнөн кур калтырган жокмунбу? Эки жагымды карасам эч ким жок, көөпкө жаттым. Суу сурагым келет, үнүм эч чыкпай койду. Ичимден бакырып жаттым, сыртка шыбыр чыкса кана?
Уландысы бар.