Жашагым келет 2 бөлүм

ЖАШАГЫМ КЕЛЕТ
2-бөлүм.

Түшүмдө дагы ызы-чуу болуп жатат. Же бул түш эмес окшойт. Көзүм жумулуп турганы менен жүрөгүм, мээм баарын угуп эле тургандай. Бүт эмне болуп жатканын сезип жаттым. Болгону көзүмдү ачууга алым келбей койду. Бир маалда кайненем ушунчалык чаңырды, мен дароо туруп кеттим. Мени ордумдан тургузбай басып калышты.
—Эмне болуп жатат? Кармабагылачы мени, жибергилечи.
—Дарика өзүңдү карма, сабыр кыл. Балдардын жүрөгүн түшүрөсүң, басыл болду.
—Баламды көрүп алайынчы, балама барайынчы айланайындар.
—Жибер, тим койгула.
Туруп алып боз үйдү көздөй жөнөдүм. Боз үйдүн сыртындагы сүрөткө көзүм түштү. Эмнегедир Салим менен Тураттын сүрөтү чогу турат.
—Эмнеге Туратты кошуп илип салдыңар? Башка сүрөтү жок экенби? Салимдин жалгыз сүрөттөрү толтура го.
—Дарика кагылайыным, сен мага келин эмес кыз болуп калдың. Турат дагы баласын жалгыз жибере албай кошо кетиптир. Кайгыңды тең бөлүшөм, мен балам менен неберемди жоготсом сен жолдошуң менен балаңды жоготтуң. Бири-бирибизге бел бололу балам, өзүңдү карма. Менин көрөөрүмдөн өлөөрүм жакын калды, балдар сенин мойнуңда эми. Мен дагы сенин акыбалыңдамын, айлам жок.
—Апаааа, эмнеге антип жатасыз? Туратты ооруканада дебедиңер беле, калп айттыңарбы? Ооо кудаай, балам сага аздык кылдыбы? Мына мени албайсыңбы, мени алып кетпейсиңби. Балдарды карай албайм, бага албайм. Турат өлбөш керек эле, мына мен кетишим керек эле ордуна. Мен жашоонун түйшүгүн тарта албайм, оо кудай түшүм болуп калса экен. Түш болсо экен, ойгонуп кетсем экен, түшүм эле болсо экен.
—Бас эми эл келе баштады, боз үйдө кошогуңду айтып олтур. Мынтип өзүңдү жегенде айла жок.
—Жанында эле жатып алайынчы, мени дагы кошо көмгүлөчү. Жашагым келбейт, жашоонун кереги эмне эми. Турат менен кошо жерге кошо бекинип алайынчы.
—Ай кыз сени кыйын аял!-деп жүрсө доолу турбайсыңбы. Сен жерге эриң менен жатып алсаң тиги үч кара-көз эмне болот ыя? Ошолорду ойлосоң.
—Эми мага баарыбир, баарыбир..
—Дарика дейм, белиңди бекем буу эми. Болду өзүңө келчи, шум ажалдын иши да козутайым, айла барбы, кайраттуу бол. Тарта-тарта ыйла кагылайын.
—Мени тынч койгулачы, мага тийишпегилечи айланайындар. Жок дегенде ыйлап алайынчы, чыгып тургулачы, жалгыз калтыргылачы.
—Кой антпе, коркуп каласың өлүктүн сүрү күчтүү баарыбир.
—Чыкчы жеңе чыкчы, тынч койчу мени. Кантип эле чечекей балам менен жандан артык көргөн жолдошумдан коркуп калайын, бекерди айтыпсың жеңе мен коркпойм.
—Ай Салима ай тим койчу, коштошуп, акыркы жолу көрүп көкүрөк отун басып алсын. Көргөзбөй койсоңор кийин кыйналат байкушум. Атаганат ааай шордуум, эми эмне кылат экен ыя.
—Коркуп калсачы апа, сиз кой-ай деп коюңузчу. Болбосо ботодой сыздап өзүн түгөтмөй болду да.

Кемпир, укпамышка салып койду.

Жерди тепкиледим, чачымды жулдум, башымды чапкыладым. Ичимдеги күйүткө чыдабай жерди өз колум менен казып жашынып алгым келди. Колум менен эле жер тыткылап казып баштадым, кийин билбейм. Караңгы болуп кетти. Кудай тилегимди орундап, жанымды жеңил алып койдубу!-деп сүйүндүм. Ошол караңгылык мага жагып турду. Тынч экен. Баардык жок баарыбир болуп калат экен, же баардыгын унутасыңбы иши кылып мага жагып жатты. Түшүм экен!-деп сүйүнүп жаттым. Ойгонсом Туратым жанымда, Салимим тирүү болуп калчудай кубандым. Ойгонгум келбей жатты. Бирок, болбой эле жарык улам жакындай берди. Артка качтым. Эгер бул караңгылык өлүм болсо, балам менен Тураттын күйүтүн тартпаш үчүн түбөлүк кала бермекмин. Болбоду.. Көздү тешкен караңгылык жарыка айланып кетти. Баардык жок дагы деле тынч. Көзүмдү атайын ачпай койдум. Көзүм дагы жумулуп жатып чарчады окшойт, мага баш бербей ачылып кетти. Көз жүгүртсөм аппак бөлмө. Колумдагы ийнеден ооруканада экенимди түшүндүм. Бакчада иштегендиктен ийнени койгонду, алганды билет элем. Өзүм эле ийнени алып турдум. Чыгып бирөөдөн сурадым. Жооп бербей жат!-деп палатагы сүйрөп баштады.
—Жибер мени, мен жакшымын. Канча күндөн бери бул жактамын,?
—Үч күндөн бери.
‘—Өзүмө келбей жаттымбы?
—Уйку даары сайып жаттык. Сизди алып келгенде акылдан азып кеткендей элеңиз. Колуңузду караңызчы.
—Колумду карасам тырнактарым түшүп калыптыр. Жер казганда жешилген окшойт менимче. Колумда артка каттым. Мен кетишим керек.
—Сизди жибере албайм.
—Мен жакшымын сиңдим, балам менен күйөөмдү акыркы сапарга узатып алайынчы. Бүгүн үчүнчү күн, бүгүн коюшса керек. Түшүнүп койчу суранам, мына мен жакышымын!-деп жылмайдым. Тиги кыздын ичи ачыштыбы унчукпай кетип калды. Бул деген мен көргөн жокмун, кетип кал дегени окшойт. Эшике чыгып, машина тосуп жүрөм. Бирөөсү токтоп алсачы. Ич көйнөкчөн, чачым саксайып жүрсө жинди дешти окшойт, баары айланып качышты. Болбой эле бирине жабышып отурдум. Жаш бала экен, мени аяп айткан жагыма айдады. Көчөнүн аягынан балам менен Туратымды алып чыгып кетишкенин көрүп, машинадан түшүп калдым. Эгер үйгө барсам кайра баса калышмак. Кыскартылган жол менен күмбөзгө алардан биринчи жетип бардым. Жайды оңой эле таап алдым. Ээх кудай мен ойлогондой эле жайды эки адамдык кылып казышыптыр. Тим эле кеңири экен ичи. Ата-баланы ажыратпайлы дешсе керек. Ошондо чын эле акылдан азып баштаганмынбы же күйүт мени эрденттиби, жайга кирип төрүнө жатып алдым. Коркконум жок. Өзүм тарапты топурак менен тостум. Тилегеним мени көрбөй калышса экен дедим. Мыкышым атасын көтөрүптүр, кайнатам Салимди, баарын көрүп турдум. Бир нерселерди айтышып, дагы бир куран окуп анан эки-үч эркек жайга түштү. Биринчи Туратты койобуз деп чечишти. Туратты алып түшкөнчө жайды бирөөсү бир текшерүүгө ылдый болуп бакырып жиберди.
—Бул жакта кепин чыгып жүрөт, бирөөнүн жайына тийишип алган окшойбуз.
—Биз казганбыз, соонун эле болчу. Эчнерсе жок болчу, сага көрүнүп жатат окшойт.
—Карасаңар өзүңөр.
Бир экөөсү секирип түшүп карашып мен карап турган жерди көрүп калышты. Баардыгы коркуп, чуркап чыгышты. Молдобуз келме келтирип өзү карап мени байкап, таанып койду. Кошо көмүлүп кетейин десем да жөн коюшпады.
—Кудай сакта, бул эмне шумдук.
Өлгөндүн артынан өлмөй жок, бул аял алжып калыптыр, алып чыгып кеткиле.
—Ким экен? Ким экен дейм?
Кайнатам жетип келди.
—Дарика бул эмне кылганың айланайын. Менин дагы көзүм агып турат, мен дагы жанчылып турам. Мындай кылганың туура эмес балам. Кудайдын да каарына калдың, балдарыңдын жүрөгүн түшүрдүң. Мени кичине болсо да сыйласаң өзүңө кел балам.
—Ата суранам, мени ушул жерге калтыргылачы. Булар жок баарыбир өлүп калам. Мени булардан ажыратпагылачы. Турган кишилердин баары ыйлап жиберишти. Балам болсо тизелей калып жер чапкылап жатат. Балама жетелетип мени айылга түшүрүп жиберишти. Сүйрөлүп эле баражаттым. Бир ууч топурагын колума алып алгам. Ичимден -мен коштошпойм, жакында мен да келем!-деп жаттым. Үйгө келип сулайып жыгылып калдым. Ким келсе да ишим болгон жок. Оозума суу дагы албай, өлүм тилеп жата бердим. Аксакалдар кирип урушуп да чыгышты, мага таасир эткен жок. Үйдөн элдин баары кетип, өзүбүз калдык. Балдар эмне болгонун да билбейм, Мыкы эптеп жатты окшойт.
Бир күнү баягыдай эле башымды мыжыгып жатканмын. Үңүлдөп ыйлаган үн чыгып калды, бир туруп ый башыма сиңип калганбы!-деп койом. Басылган жок.. Айла жок турдум. Кызым Мадина бурчта бүрүшүп ыйлап олтурат. Өзүм менен өзүм болуп жатып кызымды унутуп койгон экенмин. Тез жетип боорума кысып алдым.
—Кызым, сага эмне болду? Эмнеге ыйлайсың жаным кызым.
—Апа атам менен Салим байкем эмнеге шаардан дагы деле келбей жатат? Бизди таштап кетиштиби? Досторум өлүп калган!-деп жатышат. Өлгөндө эмне болот апа? Өлдү деген эмне деген?
—Байкуш кызым ай, байкуш, шордуу жетимим ай. Сени ойлобой калганымды кара. Сени унутканымды кара кызым. Сен ыйлаба, сен күчтүү бол кызым. Өлдү!-деп туура эмес айтышыптыр. Антип айтылбайт кызым. Атаң менен агаң биздин чооң, кооз үйүбүзгө кетти. Бизди күтүшөт алар. Биз барганча үйдү оңдоп, алма бакка толтуруп турушат. Биз барганда тойгончо жейбиз. Ал жерди бейиш дейт. Азыр жашап жаткан жерибиз бул жөн гана аялдама сыяктуу кызым.
—Бейиш кайсы жакта апа?
—Тээ асманды көрдүңбү?
—Көрдүм апа, ошол жактабы?
—Ооба ошол жакта, алар бизди көрүп турушат. Биз аларды көрө албайбыз. Сен мынтип ыйласаң атаң капа болот кызым, эчкачан ыйлабачы.
—Биз ал жака качан барабыз?
—Баарыбыз чогу барбайбыз. Биринчи мен барам, анан силер чоңоюп, балалуу болуп, картааң кемпир-чал болгондо барасыңар.
—Ошого чейин мен аларды сагынам да апа. Сиз дагы кетип калсаңыз чыдабайм апа. Келип тургулачы.
—Сен сагынганда уктап жатканыңда келип кетебиз. Сен акылдуу бол э кызым, ыйлабайм дечи.
—Өзүң деле ыйлап, тамак жебей жатпайсыңбы.
—Кызым менин башым ооруп жатпайбы, тамак жеп жатам сен уктаганда.
—Апа мен чоңойгондо кетиңизчи, байкемдер мектепке кетип калса жалгыз калат экенмин.

Кызымды бул сөздөрү мага катуу камчыдай тийди. Туура барып жүрөгүмө тийип, жарып кетти. Кансырап кетти. Сүйлөй албай калдым. Кызыма ушунча акыл айтып жатам дагы өзүмчү? Өзүм деген өзүмдү тирүүлөй өлтүрүп жатпаймынбы. Чын эле ким карайт буларды мен өлсөм. Эх акылсыз башым эй.. Мен баарыбир көп жашагым келбейт, Мыкы мектепти бүтөөр замат үйлөнтсөм көңүлүм жайында кетем. Мен сөзсүз жаныңа барам Туратым, Салим балам..

Уландысы бар..

Досторуңуз менен бөлүшүңүз..........

КЫРГЫЗЧА САЙТ ⚜️