Пример HTML-страницы

Жашагым келет 18 бөлүм

https://kyrgyzcha.site/?p=6541&preview=true Кызыктуу окуялар.

Жашагым келет. 18- бөлүм.
Азыр Шуру тирүү болгондо өзүн туугандарынын алдында актоо үчүн, бир нерсе айтмак. Балким актануунун ордуна, кайра жинденип терс бурулуп кетмек. Эмнеге дейм да, дайыма кылмыш кылган адам эмес ошол кылмыштын жабыр тартуучусу жоопко тартылат. Мен Шуруну такыр актаган жокмун, атасынын таарынып жатканын дагы түшүнүп турам. Кайсы ата кызынын мындай болушуна жөн гана кол шилтеп койот. Убагында жеңил ойлуулука алдырып, кийин эсине келгенде баарыбир кылган катасынын кара тагы чекесине кеткис болуп басылып калып жатпайбы. Мындай кара тактуу адамдарды, баардыгы сөөмөйү менен гезеп көрсөтүп, ушул тактын себебин дайым эске салып турушат. Айткылачы мындай жагдайда жашап кетүү оңойбу? Эмнеге, өз башыбыздагы төөнү көрбөй, бирөөнүн башындагы чөптү көргөнүбүз көргөн? Ар бир адамдын адашууга укугу бар, бирок бир адашуусу үчүн кээ бири өз өмүрү менен эсептешип жатпайбы. Мына менин Шурум, өз жанын кыйып берип кутулду. Жанын алгыча тынч коюшкан жок, эми эмне кыласыңар жырткычтар? Сенин төшөктө жаткан кыймылсыз балаң сага кандай кымбат болсо, Шуру дагы ата-энесине, күйөөсүнө, мага, жаңы төрөлгөн баласына ошончолук кымбат болчу. Шурунун өлүмү сага утук алып келген болсо, бизге түбөлүк караңгылыкты алып келип жатат. Бул күнөөсүз наристеге жетимдик алып келип жатат. Кийин, энеңди мен өлтүргөнмүн, сени тартып алуу үчүн аргасыз болгом!-деп кантип айтат. Бир өмүрдүн баасы менен алынган небере, баккан адамдарына ыраазы болобу? Баардыгы унутулуп, бала жакшы тарбияда өссө анда балким үмүт бардыр, эгер бала жүрөгүндө толо ыза менен өсүп калса анда бул заманга дагы бир бузукунун кошулуп жатканы эмеспи. Кудай кантип ушундай адилетсиз нерселерге жөн карап тура алат? Бирок дайым адилеттүүлүк, жакшылык, боорукерлик, барчылык боло берсе баркын билбей калбайбызбы. Жараткан дагы бирөөнү карап тообо калсын дейт экен да. Азыр жүрөгүм токтоп калчудай жаман болуп турат, Шурумдун жансыз жатканын элестетсем эле денем титирейт. Айткылачы кантип он тогуз жаштагы секелекти муздак жерге ыраа көрөм.? Кече баламдын кучагын жылытып, бакыт тартуулаган кызды жерге тарттырып койомбу? Ээх, жаштар каарыбас, каарылар өлбөс болсо эмне. Баладан энени, энеден баланы ажыратпа замана. Өлгөндүн өзүнүн шору, анан эненин шору. Бешиктеги бала эптеп чоңойот, эркек үйлөнөт, бир-туугандар өз үй-бүлөсүнө алаксып кетет. Бир гана эне байкуш өзү жерге бармайынча ыйлап өтөт. Ушундай нерседен соң адамгерчиликке ишенбей кетем, мен дагы таш боор болуп жаман адамдардан өч алгым келет. Колдон келбейт, жүрөк чыдабайт.

Сайра экөөбүз бирде ыйлап, бирде соороп эптеп олтурдук. Кыргызда бар эмеспи тирүү кезинде көрсөтпөгөн сыйды, өлгөндө көрсөтөбүз. Ошондой сыяктуу эле биз дагы боорсок жасап, жылкы сойдук. Сайра таң атпай базарлык кылып келди. Түштөн ооп барып Мыкы достору менен Шуруну алып келишти. Алардын артынан эле кошуналар, туугандар жабылып жетип келишти. Боз үй тигилип, үн чыгарып баштадык. Элдин баары эмне болгонун сурап жатышты. Эмне деп жооп беришти билбей башым катты. Ажал экен деп кутулдум. Милициялар иш козгоптур, Мыкы экспертиза кылдырбоого миң аракет кылса да, болбой коюшуптур. Мен бүгүн койобуз деп болбой койдум, себеби сууда бир нече күн жаткан сөөк жаман болуп баратыптыр. Молдо чакырдык. Сууга чөгүп кетти деп ачык айттык бирок, сууга өзүн өзү таштаганын айта алган жокпуз. Себеби жаназа окулбай калуусуна жол бере албайм. Күнөөсүн өзүм тартайын, бирок Шурунун эки дүйнө ортосунда түбөлүк каңгып калышын каалабайм. Баардыгы чочулап жуугандан качып кетишти. Өзүм сууга алайын деп жатсам Сайра токтотуп калды. Шурунун туугандары үч машина болуп келишиптир. Байкуш апасы ишенгиси келбейт, атасы дагы бетин жеңи менен жаап алган. Өпкөлөрү көөп калганы көрүнүп эле турду. Биз Шуруга жолотпой алдын тородук, анткени араң турган апасы көтөрө албайт болчу.
—Кантиип? Кантип эле өлүп калат? Кызым, ичиңе жутуп жүрө берген экенсиң да э. Мени ойлосоң болбойт беле, мени аясаң болбойт беле. Шуру биздин намысыбызды ойлоп ушундай жолго барган болсоң, туура эмес кылгансың. Эгер биздин сен үчүн уялганыбызды көргүң келбесе айтсаң болбойт беле. Сени көрбөсүн деп атаң экөөбүз тең биринчи өлүүгө ыраазы элек. Сенде күнөө эмне айтчы? Күнөө мына менде, күнөө мына бизде. Намыска бек кылып тарбиялап койгон күнөө бизде гана. Жанагы бетпак болуп өскөндөр жыргап эле жашап жүрүшөт, жок дегенде ошондой бетпак болуп калсаң болбойт беле? Кара жерге башыңды катып албай, жашап жүрө берсең болбойт беле кызым.
—Болду, сабыр кыл. Айласыз экенбиз, Шуруну жоготуп алдык. Көп ыйлаба, шүгүр кыл. Сөөгү табылып калганына шүгүр кылгыла.
—Эмне бул келин өз жанын өзү кыйдыбы?-деп ары жакта турган молдо сурады. Мен сүйлөй албай аптыгып калдым. Эмне дейм?
—Ооба, ушундай болуп калды. Бирок жашоодо жакшы адам эле, бир мүнөттүк алсыздыкка алдырып койду. Кудай кечиримдүү, кечирет дейт. Кудайдын алдында сиз эч ким эмессиз туурабы, кечирбей коюуга акыңыз жок. Жаназасын окуңуз, суранам.
—Ооба кудайдын ырайымына чек жок, бирок мен дагы пендемин. Кудайдын буйругуна каршы чыга албайм, сиз туура айтып жатасыз кечирүү, кечирбести кудай өзү чечет. Мен кудай үчүн чечим чыгара албайм, кечиргиле.
—Сиз кетип кала албайсыз..
Молдо унчукпай кадамын тездете берди, эмне дешти билбей калдым.
—Баардык жоопкерчиликти өз мойнума алам, кудай алдында ант берейин.
—Сизге ким болот маркум?
— Келиним болот, сиз болгон жагдайды уксаңыз баардыгын туура түшүнөсүз. Суранам кудай үчүн кетпенизчи.
—Кайнене келини үчүн жан уруп жатса, маркум чындыгында жакшы адам окшойт.
Молдо артка кайтып келип, үйгө кирип кетти. Мен, Шурунун апасы анан ушул кошуналардан бир кемпир сууга алууга кирдик. Сууга алып жатканда ыйлабайт дейт аны жакшы билем, бирок көз жаш бизге баш бербей жатпайбы. Биринен бири ашып чыгып жатпайбы. Азыр мен кудагыйды жакшы түшүнүп турам, кызы менен бирге кучакташып жатып алгысы келип турат. Айласын таппай жатат болгону. Жарым саатта бүтүп, сыртка чыгып кеттик. Анан Мыкы дагы бир- экөө кирип гилемге ороп эшике алып чыгышты. Молдо чыгып жаназасын окуп, жайга алып кетип калышты. Байкуш эненин сыздаганы ай чачтарын жулмалап, төшүн аймалап жатты. Ооруну сезген жок. Көкүрөгү кадимкидей кан жалап, колуна уч-уч чач үйүлүп калды. Айла жок тез жардам чакырдык. Укол атып алып кетишти, бирок кайра эле келип алыптыр. Кызым ай кызым!-деп ыйлап токтобой койду. Кимге жалган кимге чын үч күн бир дагы басылган жок. Адамдан үч күн токтобой жаш чыга берет экен. Колдорун кармасам күйүп жатат, колунан эле жүрөгүнүн соккону сезилип жатат. Бул «күйүт». Күйүттү эч кандай даары айыктыра албайт. Айла кеткенде төшүнду тытмалап жибересин, эң жаманы бул күйүт жан дүйнөнү өрттөгөнүн койбойт. Бир мүнөт дагы басылбайт. Ичимди куйкалаган бул жалын аркы жашоого да чогу кетсе керек. Өлүп көргөн эмесмин дегендей, бул күйүт качан анык өчөөрүн өзүм да билбейм. Элдер тарап, бир топко тынчып калганда анан өзүбүзчө сүйлөшүп баштадык. Эмнеден башталып, эмнеден бүткөнүн баардыгын төкпөй-чачпай билип жаттык. Шурунун арбагын нараазы кылбай, баланы өздөрү алып багышмай болду. Толкундун атасын болсо бала уурдоо, коркутуу, адамдын өмүрүнө зыян келтирүү, өз жанын кыюуга түздөн түз себепкер кылып сегиз жылга эркинен ажыратышты. Ошентип арабыздан дагы бир адам азайды. Мыкыны колу айыгып, кайра жумушуна толук кайтты. Өзү аракеттенип Кайрат экөө өз алдынча жумуш башташты. Баатыр агам үйлөндү. Биринчи укканда каршы болуп жаттым. Анткени эки бала, бир кызы бар өгөйдун иши өгөй эмеспи балдардан чочуркадым. Дагы балалуу болсо, берки балдары жолдо калабы деп кооптондум. Бирок алып келген аялын көргөндө ойдон кайттым. Тим эле керилет, сыйды жайына койгон тил билги экен. Апамды караганы бир шумдук. Жетим чоңоюп алыс туугандары күйөөгө берген экен. Бир балалуу болгондо баласы чарчап калыптыр. Кийин күйөөсү дагы кырсыктаганбы билбейм, кыскасы жалгыз бой ыйманга катуу берилген аял экен. Көрсөң көңүлүн сүйгөн адам болсо жакшы да, ыйманы жылуу болуп турса мен дагы ыраазычылык бердим. Баатыр агамды аялга жарабай калды деп мурунку жеңем ырдап жүрдү эле, калп окшойт. Жеңемдин келгенине беш ай болот, ичи кичине билинип баштаган. Албетте биз кубанып эле жатабыз, ар бир бала өз ырыскысы менен болот да. Жамандыктын артынан жакшылык болоору анык кеп, биз дагы ошол жакшылыктан үмүт үзбөй жашап келе жатабыз. Жашоо ушуну менен бүтүп калган жок, жашаш керек. Жок дегенде тирүүлүктүн белгисин кылып койуш керек. Бир күнү баарыбыз бир жерге барабыз, келечектеги үйүбүз баарыныкы окшош. Кээ бир адамдын ичкени, кийгени эле биздикинен кымбатыраак болбосо келечегибиз окшош. Ошол үчүн ар бир адам азыркы байлыгына чиренбей, эртеңкисин ойлосо кандай соонун болмок.

Мыкыны үйлөнтүү керек, отузга чыга элек жаш бала аза тутуп дагы канча жүрүш керек? Мына жакында бир жыл болот Шурунун биздин арабыздан кеткенине. Эмне деген убакыт. Шуру байкуш кызганчаак жан эле, эгер Мыкы үйлөнсө бир оодарылып кетсе керек. Бир четинен Мыкыга дагы кыйын болуп жатпайбы. Бизге билдирбегени менен баардыгын ичине жутуп, сыздап жүрөт. Кээде түндөсү онтогон дабыш угам, бул дабыш Мыкымдын дабышы. Жан дүйнөсү ооруганда өзү байкабай онтоп жиберет да, мен шашмак деле эмесмин. Ойлогонум үйлөнүп калса, ичиндеги дарты басаңдап, бир аз болсо да жеңилдейби деген элем. Өзүм айтуудан корктум, бир нерсени туура эмес түшүндүрүп аламбы деп чочуладым. Апам менен Сайраны үйгө чакырып, баарын түшүндүрдүм. Туура сөздөрдү тандап, үйлөнүүгө көндүргүлө!-деп сурандым. Апам дагы туура түшүндү, дасторкон жайып Мыкынын келишин күтүп калдык. Адаттагыдай эле саат кечки ондон өтүп келди. Келер замат апам тамагын кырып калды эле токтотуп койдум. Анткени тамактанып алгандан кийин айтпаса дагы тамак жебей койот. Шаңдуу олтуруп курсакты тойгузган соң апа кайра баштады.
—Мыкы бул жагы эми буйрук экен, аза күтүп балдарым дегидей же балдарың болбосо. Аза күтүү жаш балага шарт эмес, мына бир жыл болгону калды ансыз деле. Батыраак келинчек таап үйлөн эми, жалгыздык кудайга гана жарашат. Мени сыйласаң бир каршы сөз айтпай, тез арада үйлөнөсүң.
— Туура айтасыз, апама жардамчы болбосо болбойт. Бирок, эми мага ким тийет? Аялы өлүп калган неме деп күйөөдөн чыккан эки-үч балалуу аял тийбесе.
— Оозуңа таш балам, эркектин өгөйү жок дейт. Эркеке жараша берет, колуңдан келсе жаш селки таап үйлөн. Мунусунда эч ким сага муну же тигини аласың дебейт, өзүң эрчитип келгениңе ак жоолук салабыз.
—Маакул караштырып жүрөйүн.
—Сен караштырып жүргүчөң отузга чыгып кетесиң балам. Айылга барабыз дагы күйөөгө тийчү кыздарды карап көрөбүз, сага жакканына куда түшүп, дароо алып келебиз.
—Кайсы айылга?
Апам өзүбүздүн айылга бара албай калганыбызды эстен чыгарса керек, айтып алып ыңгайсыз болуп кетти. Дагы тапкыч экен, алдыңдан чыккан айылга кирип катар менен тандайбыз!-деп сөздү оңдоп кетти. Сайра күлүп жиберди, эмне силерге атам заман беле алдынан чыккан кызды калпак менен чаап, жыгылбаса алып кеткендей!-деп. Апамдар кеткенден кийин Мыкы мени менен сүйлөшүүгө кириптир.
—Апа жана тайенемдин жүрөгүн оорутпайын деп айтканына макул болуп койдум. Кантип Шурунун жоктугуна бир жыл айланбай үйлөнүп алам? Эсиңиздеби Шурунун кызганчактыгы, азыр үйлөнөт дегенди угуп алса жаткан жеринде чыркырап жибереер. Анан эл дагы эмне дейт.
—Кайсы эл балам? Сени шаарда ким тааныйт?
—,Мен кайын журтту айтып жатам, алар дагы нараазы болбойбу.
— Кайненен менен сүйлөшкөм, сени бактылуу эле болсун деп жатат нааразы болбойт.
—Апа койчу, мына өзүңүз деле күйөөгө тийбей атама аза күтүп жүрбөйсүзбү дагы деле. Эми араң отуздан ашкан кезин эле атам өлгөндө.
—Балам сен отузга дагы чыга элексиң биринчиден. Экинчиден мен үч балам менен калганмын. Үчүнчүдөн Салим боюмда бар болчу, өзүңдү мага салыштыргыдай эмне боюңда барбы эмне? Сен эркексин, эркеке баары жарашат. Мына ортодо беш баласы бар чоң кишилер дагы жылдыгын чыгарып дароо үйлөнүп жатышат. Эч нерсени билбейм, мага эки ай ичинде келин алып келбесең катуу таарынам.
—Ай апаа эмне деп коркутууну да билесиз э. Макул аракет кылам э, буйруганын көрөбүз да.

Мыкы ошенткени менен Сайра Мыкынын жанын коймок беле. Цехте иштеген кыздарын көрсөтүп жатып, акыры Мыкыга бирөөсү жагып калды. Бизди куда түшүрө койбой ала качып келип алды. Анча ызы чуу салбай эле олтуруп калды кудай жалгап.
Уландысы бар

Досторуңуз менен бөлүшүңүз..........

KYRGYZCHA SITE