Жашагым келет 14 бөлүм

Жашагым келет!!!!!
14-болум.
—Апа боюнда бар экенби? Анан мага ошондой кызды ыраа көрүп жатасызбы? Мен албайм аны, бир жолу мындай жолго барган адам мени да жарытпайт.
—Балам сен адамды кылган катасынан эмес жүрөгүнөн, кылган мамилесинен байка. Бул кыз жүрөгү таза, ишенчек жана жакшы кыз. Болгону бул дагы бул жашоонун курмандыгы, сен мени эстечи балам. Куру доомат менен кандай жаман атты болгонумду эстечи.
—Апа ал башка кеп, чындык башкада.
—Ал чындыкты сен, мен билебиз башкалар билбейт. Элдин өзүнүн чындыгы бар, баардыгына өз чындыгынды айтып ишендире албайсың. Эл оозунда элек жок дейт, биз дагы Шурунун чындыгын билбейбиз. Балким жардам колун сунуп көрөрбүз.
—Ал макул болбосочу. Эл эмне дейт?
— Сүйлөшүп көр сен биринчи.
Акырын барып ордума жатып алдым, ойлонуп жаттым. Шурунун өмүрүн, абийрин сактайм деп өз баламды жоготуп албаймынбы!-деп. Балким Мыкы дагы бактылуу болуп кетет. Эртеси кыштоого түшүп келели!-деп баарын дарбыттым. Шуруну уй саап, Мыкыны жардам бересиң деп калтырдым. Экөөнө жакшылап сүйлөшүп алыш керек болчу. Убагында мен туңгуюк жолдо турганда бирөөсү мага жол көрсөткөн эмес, ошол кезде мага канчалык колдоо керек экенин эч ким сезген жок.
— Кандайсың Шуру. Сүйлөшүп алсак болобу?
—Эмне дейсиз Мыкы байке, угуп жатам.
— Жигитиң барбы?
— Эми жок, апей жок дегеним.
—Мен баардыгын билем, кече сүйлөшүп жатканыңарды угуп калдым.
—Билип туруп эмне сурап жатасыз? Шылдың кылганыңызбы?
—Жок тескерисинче, жардам бергим келет. Шуру эгер көңүлүбүз туура келсе үйлөнөлү, мен сага мурункуну эске салбайм!-деп сөз берем.
—Мага мындай курмандыктын кереги жок. Баланы алдырып, шаарга окууга кетем. Эч качан эркек аттуу менен жанашпайм, жалгыз өтөм. Окуп, иштеп бутка турам, азыр мени ыйлаткандардын көзүнө ак түшүрөм.
— Ата-энеңчи алар менен эсептешпейсинби?
—Алар мени эч качан туура түшүнүшпөйт.
— Канча айлык ичиндеги?
— Билбейм, бирок мени зордоп жыкканына эки айдан бир аз өттү.
—Демек ашып кетсе эки айлык экен да. Шуру мен сага чын айтып жатам, жакшылап ойлон. Балаңа ата, өзүнө абийр керекпи?
—Мындай чечимге келүүгө сизге ким түрткү болду? Билем ар бир азамат булганган кызды алгысы келбейт.
—Баардыгы чындыктан башталышын каалайт элем, чынын айтканда апам сени аласың деди.
—Дарика эже да билеби эмне?
—Жок билбейт, кыжаалат болбо. Апам бизди катуу кыйынчылык менен чоңойтту, апамдын сөзүн жерге таштай албайм. Анан дагы сени сүйүп кетүүгө, бактылуу кылууга болгон күчүмдү жумшайм. Макул эле десең сени бир күн койбой алып кетем. Бирок, сен баардыгына чыдайм деп сөз бересиң, үйдө апамдын айтканы болот. Качан Салим үйлөнгөндө өзүнчө болобуз, ага чейин баардыгын үйлөп-жайлап бирге болобуз. Өз апандай көрүп чын дилден сыйлайсын, анткени менин апамдай адам эч жерде жок. Ал мен үчүн бүт аалам керек болсо, апамдын бир күн муңайганы мага миң жылдык тозоктон да күчтүү.
— Эгер кийин өкүнүп калсаңызчы?
—Мен ойлондум, ойлонуп сага сунуш жасап жатам. Мен өкүнүп калбайм.
Эртеси жайлоого келсек эки жаш жакшы мамиледе болуп калышыптыр. Мыкым көндүргөнүн дароо билдим. Апама айтып, аяш апамды көндүрүшүн сурандым. Макул болушканы менен окуусун бүтсүн!-деп туруп алышты. Биз Шуруну дароо алып кетишибиз керек болчу, антпесек биздин абийр жапканыбыз ишке ашпай калмак. Шуру чынында уяттуу кыз экен, ошол күндөн баштап алдыман кесип өтпөйт. Күнү- түнү кызматта, күлүп гана жүрөт, бүгүн жоолук да салынып алыптыр. Шурунун атасы мектепке барып, мугалимдер менен сүйлөшүп келдиби кыскасы Шуруну бизге кошуп берди. Биз дароо эле калыңын берип, сандыгын жүктөп кеттик. Мына бизде той, бизде кубаныч, бизде да жакшылык болуп жатат. Өз үйүмө келин түшүрүп, кайнене аталдым. Кандай бакыт, кандай кубаныч. Болгону ушул бактыбыз көпкө узарса экен ээх кудайым. Күндөр өтүп Кайрат балам тогузунчу классты бүттү. Кызым бешинчи класста окуп жатат, Салим болсо беш жашка чыгат. Шуру эң жакшы келин болду, баарыбир айылдан чыккан кыздар ыймандуу болот эмеспи. Ичи бат эле чыгып баштады, Шуру уялып ичин бекиткени аракет кылат. Менден уялбасын?-деп шаарга келип оңолуп калдың, көркүңө чыгып деп койом. Мыкы биринчи Шуруга анча көңүл бурбай жүрдү, бара-бара Шурунун бизге болгон мамилесин, эптүү кыймылын, келишкен сулуулугун көрүп жакшы көрүп кетти. Кыйналбасын деп жумуштун көбүн Кайратка кылдырам, кош-бойлуу кезде кыймылдоо канчалык оор экенин жакшы түшүнөм. Баатыр агам операция болду, экинчи көзү көрүп калды. Дагы көрүнүп жүрөм деген, эмнеге деп сураган жокмун. Балким өзүнүн айтпай турган маселеси боюнчадыр. Жеңем балдарын шылтоо кылып келип кетиптир. Калайынбы деп сураган экен байкем жок дептир. Көргөн жокмун бирок кызы айтты ыйлап кетти деп. Чоң агам дагы баласын үйлөнтүп, ошол жаңы үйүнө калтырып өздөрү Россияга көчүп кетишти. Баатыр агам чоң кызын окууга тапшыртты, Кайрат экөө чогуу окуйт. Мурунку өткөн жашоом мага түшүмдөй эле сезилет. Тээтиги айылдагы үйүбүздө бизди Турат менен Салим күтүп жүргөндөй. Мага экөө тирүү сезиле берет, ишенгим келбейт дагы деле. Батыраак шаардын оокатын бүтүрүп коюп Тураттын жанына, айылга жетким келет. Өзүмдү койо тур, бул жактагы жумушуң бүтө элек. Айылга барсаң жан биргендин жанынан карыш чыкпай каласың!-деп токтотом. Олтуруп алып тээ бир кездеги күндөрдү эстеп кеттим. Ошондо Ахматка алданып, үйсүз абийирсиз калган элем. Ошондо кудайга мен бактысызмын!-деп арыздангам. Арызданып алып кайра өкүнгөнүм. Ушул төрт баламдын амандыгына шүгүр кылып, сөзүмдү артка алганмын. Балким азыркы бакытты дал ошол тообо кылганым үчүн берип жаткандыр. Бакыт андай эмес, мына мындай болот. Сен дагы менин пендемсин, чыныгы бакытты татып көр деп жаткандыр. Ооба, азыркы бактым ошол күндөгү жагдайдан алда канча жакшы, шүгүр шүгүрлөр болсун. Эми мен өзүмө- өзүм кол салбайм. Мурункудай намаз окуп жатканымда өзүмө ажал тилебейм. Тескерисинче ошондо өзүңдөн ушул нерселерди сурап, убайымга салганым үчүн кечирим сурайм. Эми жөн гана Туратымдын алдына убагы келгенде алып барышыңды күтөм.

Бир күнү базарга кеткем, жайкы каникул болгон үчүн балдар Баатыр агамдыкына кетишкен болчу. Мыкы болсо Сайранын колунда жардамчы болуп иштейт. Жакынкы арада Мыкы өзү да цех ачсамбы деп турат. Үйдө Салим менен Шуру калган болчу. Дарбазанын эшигин ачсам эле Шуру ыйлап олтуруптур, жүрөгүм болк эте түштү. Оюмда балага бир нерсе болгонбу дедим.
—Шуру айланайын кызым эмне болду? Жыгылдынбы? Бирөө бир нерсе дедиби?
—Жок апа өзүм эле ыйлагым келди.
—Иий коркуп кеттим, кош бойлуу кезде ушинте берет кызым. Ыйлап ал жеңилдеп каласың, жүзүм алып келдим катып алчы.
—Кимден апа? Жеген эчким деле жок го.
—Салим көрүп калса сага бир даана дагы тийбей калат кызым.
— Бөлүп жейбиз, рахмат сизге.
—Сизге бир нерсе айтышым керек апа.
—Айлаанайын айта бер. Мен сени келин эмес кызымдай көрөм, колумдан келсе жардам берүүгө тырышам.
— Сиз мага өз апамдай мамиле кылып, өзүңүзгө ийип алдыңыз. Сизди чын жүрөктөн жакшы көрүп калдым апаке. Сиз эле эмес балдарыңыздын баардыгын жакшы көрөм, ушунчалык тарбиялуу экен. Мыкынын мүнөзү, кылган иши, боорукерлиги сизден экен. Бирок мен сиздин неберелеринизге жакшы эне боло албасам керек. Биз сизден бир нерсе жашырганбыз, айтууга оозум барбай турат.
— Баардык нерсенин себеби болот, менден жашырган нерсенин да өз себеби бардыр. Мага толук айтып берсең, түшүнүүгө тырышам. Жашырган бул жарым күнөө, калп айткан бул толук бир күнөө болуп эсептелет.
— Жок, бул нерсеге мен гана күнөөлүмүн. Мен айылыбыздагы бир балага алданып калгам. Анын аялы бар болуп чыкты, ажырашкам деп алдаптыр. Чын айтам мен өз каалом менен кошулган эмесмин, ал мени күчтөгөн. Баарын айтам десем алам, сүйөм деп алдап кетти. Мыкы баардыгын угуп, билип туруп мени алды. Биз сизге айтпайбыз дегенбиз, бирок сиздин мага чын жүрөктөн кылган мамилеңизден жүрөгүм башка жашыра албай койду.
—Шуру мен эки жүздүү көрүнгүм келбейт, бирок мен баарын билем. Ошол түнү Мыкы эмес мен уккам баардыгын. Анан Мыкы менен кеңешип чечкенбиз бул ишти. Сени уялбасын деп билмексен болдум, адашпаган адамдын өзү болбосо керек. Эң башкысы артка кылчайбай, кылган катачылыктарды кайталабаш керек. Ошондо гана бактылуу жашоо болот.
—Апаа сиздин жүрөгүңүз мен ойлогондон да кең экен. Мен сизге ыраазымын, эки дүйнө кызматыңызда болоюн. Апакемден артык көрүп, бутуңузду жууп өтөйүн. Айтыңызчы тайенемдер дагы билеби?
—Жок Мыкы экөөбүз гана билебиз. Мына төрөгөнгө саналуу күндөр калды, ошол үчүн сен элге көрүнбөй тур. Төрөгөндөн кийин жети айлык төрөдү деп сүйүнчүлөйбүз.
—Сиздин көзүңүздү кантип карайм апа?
—Адашуу менде дагы болгон, мен сени жакшы түшүнөм. Кайгырба балага тийет зыяны.
Келиним мени кучактап, бошошуп кеттиби буркурап ыйлап жиберди. Эмнеге бүгүн ушинтип калды десе, ичиндеги баланын атасы авария болуп баласы менен аялы каза болуп калган турбайбы. Аны мага аяш апам айтты, билбей эле ушу айылда кырсык болду деп калды. Кимдер деп сүрүштүрсөм ошондо көргөн бала экен. Анда дагы билмексен болдум, Шуру билдирбей ар бурчка барып ыйлап жатты. Мен аны тиги баланы сүйөт окшойт деп ойлоп койдум. Ой жаман да. Көңүл бурбоого аракеттендим, Шуру басыла албай койду. Чыдабай ачык суроого туура келди.
—Шуру эмне ыйлайсың? Бир нерсе болдубу?
—Апа неме, жанагы бала авария болуптур.
—Кайсы бала кокуй?
—Баланын атасы да.
— Тирүү экенби иши кылып.
— Өзү тирүү, баласы менен аялы көз жумуптур.
—Иий жаман болуптур, арттары кайырлуу болсун. Сен эмне ичиң ачышып жатабы же жакшы көрөсүңбү?
—Жок апа кудай сактасын, ак сөзүм мен Мыкыны жакшы көрөм. Ал мага звонтетти.
—Номерди кайдан алыптыр?
—Курбум менен байланышта болчумун, ошондон алса керек кыязы.
— Мм.. Жаман болуптур, эмне деп жатат?
— Төрөйүн деп калганымды да билет экен, күйөөңдөн ажырашып мага тийбесен абийринди ачып, баланы тартып алам деп жатат.
—Анын баласы экенин далилдей алат экенби биринчи, бекерлерди айтыптыр. Өзүңдүн көңүлүң болбосо эле сени эч ким мажбур кыла албайт.
— Ал эми бала көрө албайт окшойт, туяк деп өлүп жатканы ошол. Убагында ушул баладан өзү кечип кетти эле, эми кудай ушул балага зар кылып койду. Бардык жолдорду колдонуп баардыгын далилдейм деди.
— Биз бербейбиз, мага ишенип койчу.
—Анын туугандары чоң кызматтарда иштейт, сотту да сатып алышат булар. Коркуп жатам. Баланы алганы аз келгенсип мени бүт айылга уят кылат апа. Унчукпай баланы кармата качайын десем мени да мага тийесин дейт. Эмне кылышты билбей калдым.

Эх жашоо айланып эле жүрө берет экенсиң да. Кечеки менин акыбалымды эми келиниме кийгизип жатасыңбы? Айылга шерменде болуп куулган мен болдум, башка эч ким болбосун деп Шуруну айылдан жула качсам ага да болбодуң. Сен менден күчтүү экенсиң. Мен сага баш ийдим, жеңилдим сенден. Аргам жок, акылым жетпейт бул жагына.

Уландысы бар.

Досторуңуз менен бөлүшүңүз..........

КЫРГЫЗЧА САЙТ ⚜️