Агамды тирүү өрттөгөн акмактар, аркы дүйнөдө өзүңөрдү да кудайым тозоко куйкаласа экен. Агам да намыска бек адам мени тилдегенине чыдап тура албай койгон тура бир боорум. Агамдын өрттөнүп жатканын көргөн апам согуп жаткан кийизин үстүнө жаба коюптур, жеңем суу алып келип чачып жиберген экен тирүү калыптыр. Байкуш агам шаарга жеткенче онтоп келиптир, эсинен танбай келип ооруканада өзүн жоготуптур. Дароо жандандыруу бөлүмүнө алып кирип кетишип, жеңемдерди киргизбей коюшуптур. Ошол учурда жеңем мага келген тура. Үйдөгү аз акчаны алып ооруканага чуркадым. Барсам апам дагы келген экен, мен тарапка бурулуп карабай койду. Мага таарынган окшойт, мен капа эмесмин. Баарын туура түшүнүп турам, апам баласына күйүп жатат, эч кимди түшүнгүсү жок. Башка бирөө эмес апам азыр өзүн өзү түшүнгүсү жок. Болбосо апам менин акыбалымды мыкты билет.
Ээээ кудай, мени албас болдуң го, жашоодон тойгон адамды бул жашоого зордоп жашатуу бул туура эмес да. Жашоодон тойгом, эчак тойгом. Көрүп жатасыңбы кудайым, бул жашоодо мен башкаларга азап гана алып келем. Өз баламды кылмышка түрттүм, аруулугумду сактай албай зына кылдым. Эми келип бир-тууганым мен үчүн бул акыбалда турат. Ушул күнгө келип эмне күндү башыма салсаң да ыйлап-сыктап көтөрдүм, эми чыдабайм, чыдай албаймын. Балдардын ырыскысы өздөрүнө жазылуу, мен андан коркпойм. Өзүмдү жок кылам..
Агам өзүнө келбей үч күн жатты, үч күн апам ошол жерден кетпей койду.
—Апа мен айылга барып келейин э.
—Эмнеге барасың?
—Балдар эмне болду кабар алайын, жанагы уятсыздар балдарга зыянын тийгизбеди бекен.
— Жеңе мен дагы барам, мен аларга ким баатыр экенин көрсөтөм али.
— Чачындан жулуп, ташбараңга алышпасын байкуш. Айылга баруу оюңа да келбесин.
—Жок мен аларга көрсөтөм.
Жеңем экөөбүз айылга жөнөп кеттик. Улуу агам келип апамды карап калды. Мен райондон түшүп милицияга кирдим. Арыз жазып, жанагы айбандарды камака алышын талап кылдым. Милицияда мындай кылмыш катталбаганын айтып бир топ жинге тийишти. Акыры чоңуна кирип тополоң кылып жатып машина айдатып айылга жөнөдүк. Жеңем коркуп алган, мен түк да коркконум жок. Ажалым келсе өлөм да, мен өлүмдөн коркпойм. Өлүмдү ак, чындык!-деп эсептейм. Эртеби кечпи баарыбир баарыбыз ошол эки метр чуңкурга барабыз. Эң башкысы ал эмес, эң башкысы биз бул жашоодо татыктуу жашадыкпы? Бейишке жакындарыбыз менен бизди киргизеби? Ошол эң башкысы. Мен ушул айбандардын колунан ажал тапсам кудайга ушундай ыраазы болмокмун. Асмандан издегеним жерден табылмак. Жеңем айткан досторунун үйүнө жакындап калды. Бул жанагы бензин чачканы экен. Милициянын машинасын көрүп эле артты көздөй качты. Мен машинадан түшүп коркпостон тиги айбанга жөнөдүм. Ушунчалык ыза көзүм менен көзүнө тик карадым, ал өзү чочуп кетти.
— Эмне келдиң? Байкенди жазалаганыбыз сага аз болдубу? Ажалынды издеп келдиңби? Азыр эле айыл топтолот, ошондо көрөм.
— Көзүмө кара айбан, эмнени көрүп турасың? Коркунуч дегенден тырмактай болсо да бар экенби? Мен сенден коркпойм. Өлүмдөн да коркпойм, колуңдан келсе өлтүр кана, сендей арсыз жалгыз эчнерсеге жарабайт. Өзүнө окшогондор чогулуп чала баатыр болуп чыгасыңар, жалгыз кезиңде мына менден да коркосуң. Сени аяп турам, өзүңдү күзгүдөн көрчү кулкумуштуусун. Сен азыр милициядан коркуп жатасыңбы э? Кудайдын алдында кантип жооп берееринди ойлодуңбу? Сага сөз берем, көзүм тирүү экен мен сени темир тор артындагы жашоонду да тозоко айландырам. Кыйнабай өлтүрчу деп сурана турган болосуң. Өлүп калсам арбагым башыңа балээ болот, силер эми менден кутулбайсынар.
—Эй мастан, азыр оозуңду талкалайм. Мага атырылып келе жаткан немени милициялар колун бурап унаага салып алышты. Анан экинчисин, үчүнчүсүн колго түшүрдү. Алып барып убактылуу кармоочу жайга киргизип салышты. Анан биз дагы үйгө кайттык. Үйгө кирсек сарай өрттөнүп кетиптир, жанагылар өрттөгөнү анык, бирок өчүрүп калышыптыр. Байкемдин балдары үйдөн чыкпай олтурушат, коркушкан окшойт. Агам деп жүрүп балдарды унутуп коюптурбуз. Балдарга бир нерсе кылса эмне болмок э? Курсактарын эптеп тойгузушуп отурган окшойт байкуштарым. Чоң машина сүйлөшүп жүктөрдү жыйнап, шаарга кетип калдык. Малдарды чоң агамдын үйүнө айдап койдук, ал байкем да баарын сатып шаарга бармай болгон. Ал байкем айылдын четинде жашагандыктанбы же достору адамгерчиликтүү болгондуктанбы тынч олтурат. Баарыбир коорунуп милициядан кароол сураганбыз, дагы жакшы эки кызматкер бөлүп берди кичине акчага. Шаарга келип жүктөрдү Сайранын үйүнө таштап, өзүбүз ооруканага барсак байкем реанимациядан чыгыптыр. Сүйүнгөнүм ай ошондо, ойгонуп дароо мени чакырыптыр жанына. Апам мен кирем деп болбойт, врачтар көнбөй койду. Апамды коркпосун деген окшойт. Акырын кирип барсам агамдын бетинин баары ак бинт менен оролуу экен. Кырылдаган үнүнөн эле тааныдым, байкушум ушундай ооруну көтөрдү. Бул деген адамды тозоко бир салып эле чыккандай да. Ээк ушундан көрө тозоко түшсөм да мен өлөйүн, өзүмдү өзүм жок кылайын!-деп чечтим.
—Баатыр ага кандайсыз, кичине жеңилдеп калдыңызбы. Айтыңызчы мен сизге эмне кыла алам, суу ичесизби?
—Иче албайм, оозумду суулап эле койчу. Дарика сага бир нерсе айтышым керек, билесиң жеңең сабырсыз. Апам каарып турат. Экөөнө тең ишене албайм азыр. Мунун баары сен үчүн эмес, баары өзүм үчүн. Ошондой адамдар менен дос болгон өзүмө сооп болот. Эми баарын сага ишенем, өзүмө ишене албай турам. Кокус кетип калсам балдарым сага аманат. Өздөрүн өзү бакчу күн дагы алыс эмес, болгону жанында болчу. Аларды жалгыз калтырбай, өзүңдү аяп жүрчү. Жакшыны сөз ээрчийт аны жакшы билем, сенде кичине күнөө болсо бетиңе бурулуп карабайт элем карындашым. Бир-туугандарымдан эң жүрөгү тазасы сенсиң.
— Антпенизчи сиз айыгасыз, сөзсүз айыгасыз. Балдарыңыздын жанында өзүңүз болосуз, мен өзүмдүн балдарымды араң багып жатам. Бир нерсе болсоңуз мен көтөрө албайм, мен мунусунда анык сиз менен кошо жатып алам ошол жер астына.
—Аманаттка катуу экениңди билем, сен антпейсин. Сен сабырдуу, акылдуусун..
—Сабырым түгөндү, акылдан аздым ага.
Агамдын сүйлөөгө алы жетпей калды окшойт, колу менен чык дегенсип койду. Чыксам апам башын жерге шылкыйтып үмүтсүз олтуруп калыптыр. Барып кучактап алдым.
—Апаке эми баары жакшы болот, агам айыгат. Мен аны жакшы билем апа. Мага ишениңиз.
—Айлаанайын кулунум оозуңа май. Жакшы болуп кетсе эле болду кызым. Болду ыйлаба сен дагы .
— Эми башыңарга балээ тарткан нерсени жок кылам апа, тынч жашоо болот эми.
—Ооба ошолорду каматалы, рас кылабыз.
Бир жума өтүп өтпөй эле чоң агам мал-жайды сатып келди. Сатпаса да болбой калган экен жанагылардын туугандары бүт чогулуп, үйгө өрт койобуз арызын албаса деп калышкан экен. Досторуна арзан берип эле көчүп келе бериптир. Эки үйдүн акчасын бириктирип шаардын четинен кичинекей үй алып көчүп кетишти. Улуу жеңем түшүнүктүү байкушум, жумушка кирип алып көрбөгөндөй эле болуп кетишти. Кичинекей агам үйсүз калды да. Баары биригип эки бөлмөлүү үйдө жашап калышты. Чоң агам менен жеңем тамак-аш ташып баарын багат. Кичинекей жеңем мен да иштеп кыйратмакмын деп күндө жаңжал кылат. Үйдө кылган жумушун баарына милдет кылып. Унчукпай багып жатышканына ыраазы болбойт экен да. Ал иштеп кетсе эртең байкем ооруканадан чыкса ким карайт? Бир айдан кийин барып агамдан ак бинтти алып салышты. Эми өңүн көрсөңүз башка эле адам болуп калган. Ушунчалык түсү бузулган ээх кудай, балдары да тааныбай калган. Үйгө келип бардык күзгүлөрдү жок кылдым, балдарына баардыгын түшүндүрдүм. Азыр эң башкысы агам стресстен чыкканча колдоо көрсөтүү болчу. Эч нерсе болбогондой агамды эки ай дегенде чыгарып келдик. Көзү запкы жеп калган үчүн бир көзү көрбөй жаткан. Жакшы болгондон кийин операция кылсак көрүп кетет дешкен. Агам үйгө келгенде деле тынч эле жүрдү, болгону жеңем ары өтүп бир кагып, бери өтүп бир кагып жатты. Ортосуна түшөйүн дейсиң, кайра уруштуруп жибергенден коркуп унчукпай каласың. Мен го өзүнчө жашайм, апама эле кыйын болду. Келининен кечке тил угуп, баласынын акыбалына кейип, жүрөгүм эле эзилет ээх. Алып кетейин десем көнбөй койду. Өзүң араң олтурсаң, өлүгүмдү артпайм!-деп. Чыккан кыз чийден тышкары демекчи, өзүң чоңойгон үй-бүлөгө да сөз айта албай калат экенсиң. Агамды өрттөп жибергендер тогуз жылдан эркинен ажыратылды. Үй-бүлөсү агамдын баардык даарылануусун төлөп беришти. Бирок байкемдин ден-соолугун кайтара албайбыз да миллион беришсе да. Айла жок, тагдырга эмне жазылса ошону көрөт экенбиз да. Үйгө келип аябай катуу ойлондум, балдарымды таштасам кимге кор болот? Мыкы келген күндө дагы Салим эми араң бир жашта кантип эптейт, эх кетким келет Тураттын жанына бирок, кара көздөрүмдү кантип таштайм? Кимге жалдыратам.. Атамдын жылдыгын өткөрүүчү да күн келип калыптыр, айылда өткөрө албасак керек эми. Жарым айыл жанакы айбандардын туугандары, биз барсак каматканыбыз үчүн соо коюшпаса керек. Өз туулган жериңден куулуп кетүү бул жаман экен. Ал жерде үйүң эле эмес, бала-чагыңдын элеси калган. Эң бактылуу күндөрүм калган, баардыгы жакшы болмок болгону Салим он бир айлык болуп туулуп калбадыбы. Менин жазыгым ушул болсо анда мени өлтүрүп салышсын, жакындарыма тийишпесин. Кудай жакындарымды алып мени сынабачы, андан башка сыноондун баардыгын көтөрөйүн. Ачкалыка, суука, ысыка, ооруга чыдайын. Жакындарымды алганыңа эми чыдабасмын.
Баардыгыбыз аздан акча топтоп, кунажын алдык. Таттууларды алып, кошуналарды чакырып эттин жарымын бышырып, бөлүп бердик. Жарымын мечитке бердик. Чын жүрөктөн кылсаң кайда болсо да өтө берет деди молдо, ошого ушундай кылдык. Айылга барып жылдык өткөрүү буйрубаптыр.
Апам дагы көп сүйлөбөй өзүнчө аябай ойго батчу болду, түшүнүп турам. Апамдан башкалары ичинен менин эч нерсемди калтырбай каргап жатышса керек. Апам деле балким кападыр, унчукпайт. Андан көрө урушуп, урганы артык болчу мага. Апамдын унчукпаганы мени кебез менен муунтуп жаткандай болуп жатпайбы. Кичинекей жеңем чыр салып жатып жумушка чыгып кетти. Үйдө агамдын бешинчи класстагы кызы калып, баардыгын карап жатты. Мен дагы барып карашайын дейм бирок, балдарым менен барсам кайра аларды жүдөтүп салам. Ошого кээде гана жалгыз барып, апамдын көңүлүн алып келем. Жашоо улана берет тура, мен жанымдын татуулугунан эмес балдарымдын таттуулугунан гана жашап жатам. Кечинде мага керебетке жатасыңбы же гөргөбү десе мен эч ойлонбостон жерди тандамакмын. Ооба окуп жаткан адам мени ар кайсы сөз менен сөгүшү мүмкүн, бирок менин ордума бир эле күн алмашып калсаңар көтөрө албайт элеңер. Башыма түшкөн бул күндөрдү мен душманыма да каалабайт элем. Жок мен эң бактысызмын деп айтпайм, мен дагы бир убакта аябай бактылуу болгом. Ошол бактыма көз тийгизип албайын!-деп канча аракет кылдым. Туратым менен жашаган он сегиз жылым эң бактылуу күндөрүм болуп эсептелет, ошол бактылуу күндөрүм азырга чейин таасирин берип мени жыгытпай бутумду бекем кармап тургандыр. Кийинки жашообуз эмне болушу азырынча эч кимге белгисиз болчу.
Уландысы бар.