— Ахмат жакшылыкча кетип калсаңчы, бир нерсе болсо мен өзүмө жооп бербейм.
— Эмне болмок эле, мен түбөлүк дегеним жок акыркы жолу деп жатам. Акыркы өтүнүчүмдү аткара албай эмне болдуң? Аялдар өзүнчө каадаланып каласыңар, кемип кетчүдөй.
—Сенде уят, ар-намыс дегендер барбы?
— Сага анын эмне кереги бар? Күйөөң баарыбир жок, өзүңө же өзгөгө жок болуп жүрөсүң. Жашоонун даамын татып алсаң болбойбу андан көрө, эртең эле өлүп, жерде чирип жок болосуң. Ошондо сени бирөө өзүн аяп, кадырлап жүргөн!-деп медаль такканын көрөм.
— Сен мал, адалдык деген сезимди эки дүйнө түшүнбөй өтөсүң. Сага мунун баарын түшүндүргөнгө пайда жок, мага таза жүргөндүгүмо пенде медаль такпаса да кудай баа жеткис бейиш менен сыйлайт. Туратыма жүзүм жарык барам, кийин абийирим таза болот. Сен болсо тозоктун төрүндө күйөсүн уктуңбу!!!
—Уктум, балаң уктадыбы?
Ыйлап эле туруп бердим, жакындап келе жатканда колума тийген нерсе менен чаап калдым. Же бул өлгүр жыгылып да калбайт. Дөөдөй болуп тоготкон да жок, менин урганыма жинденип булкунта ыргытып жиберди. Барып эле дубалга жабышып калдым, бутум столдун кырына тийген экен тырышып калды. Бутум ооруп же ордумдан жыла албай койдум. Келди да мурункудай эле бир колу менен муунтуп алып каалаганын кылып баштады. Мунусунда алышууга да дарманым жетпеди. Ыйлап гана жатып бердим, ушунчалык кускум келип турду. Ахматтан эмес, өзүмдөн жийиркенип турдум. Ушундай абийирим төгүлүп, кадырым жерде калып, бузукуга айланганыма. Жата бердим. Канча убакыт өткөнүн да билбейм. Эшик ачылганда селт эте түштүм. Көргөн көзүмө ишенбей калдым, Сайра туруптур.
— Мына айттым беле бир-тууганын көчөдө калган деп. Мени өзү азгырды, эми өзүң чечишип ал. Мен сени кармабайм дагы, айдабайм дагы. Мени менен жашасаң могу менен катышпайсын экинчи!-деп чыгып кетти. Сайрага да сүйлөй албадым. Ал киргенде менден үн чыкпай эле ыйлап жаткам. Зордуктады деймби? Анда эмне каршы болбодуң, эмнеге бул жака чогу келдиң, эмнеге үйдөн ошондо кача көчтүн дейт да. Чын эле бул жерде мен бузуку болуп көрүнүп калдым. Сайра көргөндө баары дал ошондой көрүнүп турду. Унчукпай жаткан жериме оңдолуп олтурдум. Сайра жаныма шалп-шулп эте бүтүн сүйрөп басып жетти. Башын менин көкүрөгүмө коюп ыйлап кирди. Көз жашынын ыссыктыгы жүрөгүмдү куйкалап жиберди. Чыдабай кеттим. Сайраны ары түрттүм да Ахматтын артынан чыгып кеттим. Ахмат Сайра эле эмес Мыкыга да айткан экен. Чыксам Мыкы Ахматты жакалап жатыптыр, чуркап жетип ортого түштүм. Ажыратып жаттым. Балам мени ушундай жек көрүү менен карады эле бычакты сайып эле кайра сууруп чыккандай болду.
—Балам өзүм күнөөлүмүн, тийбе жездене. Жибер дейм, мына мени ур, мени өлтүр.
—Апа ушул кандай болсун? Мен сизге ишенем апа, бул сизди зордоп салды. Туурабы айтыңызчы туурабы.
Азыр ооба!-деп актансам Мыкы Ахматты өлтүрүп салмак, жаш жаны түрмөдө чиримек. Өзүм десем мени жек көрүп кетип калат, мейли кете берсин, таарына берсин эң башкысы боштондукта, тирүү болот эмеспи.
—-Жок балам мен өзүммүн. Өзүм ыраазы болуп келдим, үй алып берем деди.
Мыкымдын көзү ызадан чыгып кете жаздады. Ахмат болсо качып кетти. Эмнеге мага анча өчөштү түшүнбөйм. Ойнош болбой койгонумабы? Же жөн эле Сайрадан оңой ажырашуу жолубу? Түшүнбөй койдум. Мейли Сайраны чакырасын Мыкыны эмнеге чакырды дейм да. Же өлгүсү келип жатабы? Жаш баланын колунан эч нерсе келбейт деп жатабы? Мыкы жакалаганда өңү көгөрүп өлүп кала жаздады, коркуп качып кетти арсыз. Баарыбир ичимден чыккан да, баламдын көзүнчө жер менен бир болуп турсам да ичкериге кирип Салимди, Сайраны алып чыгып үйгө жөнөдүк. Үйдө жымжырт, ким сөз баштайт!-деп баарыбыз кезек күткөндөй.
—Мени кечирип койгула!-дедим. Сайра болсо мени кучактап алды.
—Эжеке ушундай болоорун мен да сезгем, бул акмак мени көзгө илбей аябай кууратты. Мен го мейли, балдарын каратып туруп башка аял алып келип жатып алат. Күйбөгөн жерим күл болуп бүттү. Сиз өзүңүз экенине ишенбейм. Башыңызды караңызчы, бутуңузду караңызчы.
Бутум столго тийген жерип кара көк болуп кетиптир, мойнумда колдун ийизи, башым да бир жерге тийген окшойт бир аз канап кетиптир.
—Жана кулап түшкөм ал эмес.
Бул Ахматты актоо эмес, баламды кылмыштан куткаруу болчу. Ага болбой эле Сайра улам чукуланат айламды кетирип.
—Мен Ахматты мыкты билем, мени да ушунтип кордоп бузуп коюп, боюмда бүткөндө айласыз алган. Менден башка канча кыз ыйлап жүрдү. Сизге айып койбойм, болгону баары башталганда эле баардыгын ачык айтсаңыз болбойт беле эмне? Балаңыздын жанында абийриниз төгүлүп бүттү эжеке.
—Айта албадым, дитим барбады. Мени катуу коркутту Сайра. Мен андан корком. Жана Ахмат акча бергенде чөнтөгүмө салган элем ошол бойдон калыптыр. Учу чыгып калган экен Мыкы көрүп калып сууруп алды.
—Апа эмне үйдүн акчасын өндүрүүгө бардыңыз беле?
—Ооба ошону берем деп алып кеткен болчу.
—Мага сизди айласыздыка салып, кор кылган акчанын кереги жок. Атамдын эмес мага демек кудайдын мээнети болсун!-деп акчанын баарын майдалап тытып салды.
Чын ушул акча жүрөктү өйүбөгөндө бул окуя болмок эмес. Кайнежем үйдү сатып алганда акчаны каргап берген окшойт, ушул акча бизге ушунчалык кайгы алып келди. Мыкым айтканыма көнбөй эшике чыгып кетти. Ыйлап бутуна жыгылсам да карап койбоду. Эртеси андан эртеси да үйгө келген жок. Сайра да үйүнө кеткен бойдон дайынсыз болуп кетти. Үйдө ойлоно берип башым онго чачырап кетти. Мыкынын жумушуна барсам келген жок дешти. Анан милицияга бардым. Арыз жазып таштадым, алар болсо бой жеткен бала ойноп бүтүп келет да деп коюшту. Арызга дарегимди да жазган элем, балким дайыны билинип калабы!-деп. Ал жерден чыгып базарга кайрыла кеттим. Үйдө жегенге нан калган эмес болчу. Ун алып үйгө барсам Кайрат менен кызым ыйлап олтурушат, Салим уктап жатыптыр.
—Эмне болду кызым? Бирөө бир нерсе дедиби? Неге ыйлайсың? Кайрат сен эркексин го сен айтчы кана.
—Апа милиция сизди издеп келди, үйгө келсе дароо келсин деди. Мына дареги. Бир ак кагазга дарек калтырышыптыр. Колума уктап жаткан Салимди алып учуп жөнөдүм. Барсам баламды темир тор артына олтургузуп коюшуптур, көзү билинер билинбес көк экен. Байкушумду кыйнаган окшойт түнү менен.
—Эмне камап койдуңар? Баламдын эме жазыгы бар? Кече арыз жазып кеткем, табыш керек болчу силер камап салыптырсынар.
— Балаңыз адам өлтүрүүгө аракет жасады, кече түнү колго түшкөн баардыгын мойнуна алды.
—Балам эмне деп жатышат? Менин баламдын колунан мындай иш келбейт, айтчы балам.
—Апа үйгө кайтыныз, Салим ыйлап калат бул жерде турбагылачы.
—Ахматпы?
—Ооба, мен аны өлтүрбөсом намыссыз нерсеге айланбаймбы. Кийин атам эмнеге энеңди коргободун десе эмне дейм? Корктум деймби?
—Балам менин намысым өлүп кетсин, айтчы сен бул жерде олтурсаң мен кантип жашайм? Салим менен атаңдын таштап кеткени мага аз болду дейсиңби? Атаңдын жанына барсам бетине түкүрүп кетем керек болсо. Бизди таштап кетип ушунча азаптады, сен дагы атаңдын алдына жүзү жарык баруу үчүн кылмыш кылып жатасын. Айтчы Ахматтан айрыман калдыбы сенин, ал зөөкүр болсо сен адам өлтүргүч. Сен өлгөн атаңды эмес тирүү мени, инилеринди ойлосоң болбойбу.
— Көргүм келбейт эч кимди, чыгарып салгылачы. Көргүм келбейт киргизбегиле.
—Балам, балам дейм..
Эки милиция колтугумдан жөлөп жолго чыгарып салды. Эшигин ургулап жалдырадым, ыйладым угушкан да жок. Үйгө кайтып келдим. Айылга барып келиш керек болду, келгениме жарым жыл болуптур. Туугандарымды сагындым, Мыкыны чыгарып алууга жардам сурашым керек. Даярданып баштадым, кеч болсо да айылга чыгып кеттим. Үйгө кирип барсам апамдын оозу ачылып калды. Коркуп кетти окшойт.
—Дарика кел кызым, тынчылыкпы? Түндө келиптирсин го кичинекей баланы кыйнап.
— Күндүз эл көзү көбүрөөк дедим да баары жакшы, кандай олтурасыз апа.
Апама жетип катуу кучактадым, жытына тойоор эмесмин. Көзүмдөн жаш агып кетти. Ананайын алтын апам десе, жалгыз апам ааламдын оордугун көтөрө алса керек. Бир топко чейин чай ичип олтурдук, улуу байкем да келди. Бүгүн улуу байкемдикинде жатам деп болбой койдум. Кичинекей агамды алып кеттик жеткир демиш болуп. Үйгө келип баардыгын айтып бердим. Апам укса кайгырып ыйламак, агамдарга ишенип айтып койдум. Булар дагы өч алабыз деп Ахматты анык өлтүрүп салышпаса экен. Чоң агам КАМАЗ алам деген акчасын берем деди. Кичинекей агам дагы малдарын сатып бермей болду. Апама үйүнө акча жетпей жатыптыр деп коюшту. Чоң агам мени менен шаарга келди. Сотторго, жактоочуга акча берип жатып бир жылда чыгарып алмай болдук. Ахмат болсо ооруканада өзүнө келе албай жатыптыр. Айла жок бардык, айбан болсо да балам кылган соң даарылаш менин мойнумда болчу. Болгон аракетти жасап айыктырдык, бирок аялга жарабай калыптыр деп айтышты. Ахматтын ызасы ушунчалык экен колдору титиреп кетти бизди көрүп. Жактоочунун айтканы менен мен дагы зордуктады!-деп арыз жазып, экспертизадан өткөн элем. Ошондо ал арызын алса мен дагы алмай болуп сүйлөшмөк болдук. Ахматка милиция келсе баардыгын мойундабай жата берди, балам менен сиңдимдин көрсөтмөсүн эсептебей коюшту менин жакындарым деп. Акыры денемдеги көк тактар, башымдын жарылганын көрүшүп сот мен жака ооп кетти. Ахмат дагы, мен дагы арызыбызды алдык. Мыкым эки айда чыгып келди. Мыкыга жалдырап жатып чет элге иштеп келгени кетирип жибердим. Бул эң туура жол болуп көрүндү ошол учурда, антпесе Ахматты кайра бир нерсе кылып салмак. Агам айылга кеткен, биз башка батирге көчүп кеттик. Сайра болсо Ахмат менен ажырашып кетти, соттошуп үйдүн Ахматка тийешелүү бөлүгүн акчалай берди да үйдөн кууп чыкты. Үйүн сатып көп кабаттуу үйгө көчүп кетишти. Мени чогу жашоого чакырды эле бетим чыдабай койду, барганым жок. Сиңдимдин мага болгон мамилеси тырмактай дагы өзгөргөн жок. Сайрам акылдуу, түшүнүктүү жан. Өкүнүчтүүсү өзүм байкабай сиңдимдин турмушун бузуп алганым болуп жатпайбы. Антейин десем балдарын көзгө илбей ар кимди алып келип жатчу экен, баарыбир келечек жок болчу буларда. Болгону мен себепкер эле болуп калдым окшойт. Күндөр өтүп жатты, кызымды башка мектепке которуп салгам, Мыкы дагы жакшы иштеп, бизди багып жатты.
Үйдө олтурсам эле кичи агамдын аялы жинденген немедей кирип келди.
—Кел жеңе, кайдан шашып.
— Атаңдын гана башынан уктуңбу? Ээрин менен балаңды жегениң аз келгенсип эми агаларына өттүңбү шуркуя. Сени жек көрөм.
—Эмне эле деп жатасың жеңе түшүндүрчү.
—Эмне болмок эле?- деп жеңем чачыма жабышып жулмалап кирди. Кайрат ортого түшүп араң ажыратты. Түшүнсөм өлөйүн эмне болуп жатканын.
—Айтып доолуланчы жеңе, жинди болдуңбу?
— Агаң өлүм алдында жатат. Сенин айындан Дарика, өлүп калса эмне болот эми? Балдарым жетим калабы айтчы? Апам баласынын өлүмүн көтөрө алабы? Уу—ууу.
—Эмнеге өлөт?
Далдырап калдым, агам эмнеге өлөт? Эмнеге мен күнөөлүмүн?
— Агаң жолдо баратса өзүнүн эле достору ичип олтурушуптур. Чакырышкан экен барса куюп бер деп асылышыптыр. Куюп берип кеткен жатса чогу ичесиң деп уруша кетишиптир. Катуу ныгып отургузуп кеткен жатса берки экөөсү таяк жеген досуна болушуп сабап салышыптыр. Алар кеткенден кийин үйгө сүйрөлүп кирип келди. Апама көрсөтпөй жуунтуп жаткырып койгом, тиги шумпайлары кайра үйгө бастырып киришти.
—Эй Баатыр чык бери, эмне корктунбу? Жанагы ээри өлгөндөн кийин дароо көчөдөгү бирөөдөн тууган карындашыңды ала чык. Андай шуркуялар жашабаш керек.
— Баатыр чыкпай эле кой, алар мас теңелбечи.
— Карындашыма жалаа жабууга эмне акысы бар булардын. Өлтүрүп салам азыр.
—Элдин баары айтып жатат, баарын өлтүр анда. Чыкпачы, чыкпа дейм.
Баатыр агам кызыл кандуулука алдырып атып чыккан экен жанагы достору даярдап келген бензинин агама куюп от жагып жиберишиптир.
Уландысы бар.