6-БОЛУМ.
#жапайырозаларэлдик
Эртең менен Айдар мени мейманканын алдында күтүп туруптур. Тамактанууга чогуу кирдик.Буфеттен чыккандан кийин опера-балет театрына чейин келди.
…Айдардан ойлоп отуруп чочулай баштадым.Аны менен мелдешкениме өкүндүм. Санаага баттым. Президиумга шайлангандардын тизмеси окулуп жатканын бир билем. Бирок кимдердин шайланганы кулагыма кирбей,бүт ой-санаам башка жакта болуп туруп алды.
-Пржевальский пединститутунан Жайнакова Махабат барбы?-деген эркек кишинин үнү чыкканда ордумдан учуп турдум.
-Мен!-дедим эчтекеге түшүнбөй.
Залда олтургандар дуу күлдү.
-Президиумдан орун алыңыз.
Мен өзүмдүн президиумга шайланганымды эми түшүндүм.Башкалардын бардыгы олтуруп калышыптыр. Уялганымдан килем төшөлгөн түз жолдон жыгылып кетүүчүдөй аярлай басып сүрдөнүп келаттым.
Бир кезде блокноттон айрылган бир баракча кагаз колдон колго өтүп олтуруп мага жетип келди. Бир демге өзүмдүн фамилияма тигилип туруп,кагаздын бүктөөсүн ачтым.
«Саламатпы Махабат!Мен сенин келгениңди азыр билдим.Өзүм да сени келип калар бекен деп ойлогон элем.Кайда түштүң?Мага Кыргызстан мейманканасынан орун берген имиш.Бирок үйүм бар да.Келгениме бир саат да боло элек.Самелеттон түшүп түз эле бул жерге келдим.Анан чыкканда кезигишели! »
Кат келген тарапты бир карап алдым.Ойдо жок жерден Майрамбектин бул жерде олтурганын билип, жүрөгүм опкоолжуй түштү. Мен караган убакта Майрамбек да мени тиктеп олтуруптур. Анын маңдайкы тамыры көбө түшүп,жүзү алоолоп,көздөрүнөн ысык жалын учкундап,чыкыйыма чыга атылды.
Кызык.Көрө электе көрсөм деп,көргөндө минтип… Аны эмне үчүн эстеп,эмне үчүн сагынып,эмне үчүн күтүп жүргөнүмдү ойлодум.Менин алдымда чечүүчү мезгил сагалап тургандай туюлду.Турсунайдын квартирасына барып,мейманканага чакырып записка калтырганымды эстеп,ага Майрамбекти айтсамбы,айтпасамбы деген ойду чече албай жаттым.Бул кезде Турсунай фабрикада иштеп жаткан кези болчу.Мен барганда ал кызматында экен.Иштеген жерине издеп бардым.
Фабрикага кире бериштеги кичинекей үйдө күзөтчү аял олтуруптур. Ал колундагы окуп жаткан китебин жанындагы столдун четине коюп,көз айнегин чыгарып,мени бурулуп карады.Саламдашкандан кийин Турсунайды чакырып берүүсүн өтүндүм.
-Кайсы цехте,фамилиясы ким?
Турсунайдын иштей турган ишин да түзүк биле берүүчү эмесмин.
-Фамилиясы Мукамбетова. Кайсы цехте иштээрин билбейм эже.
Ал өз атасына жазылуучу.Аял ийинин куушуруп баратып:
-Мукамбетова дейсиңби?Биздин Турсунай эмеспи?
Аялдын сөзүн угуп кубанып кеттим.
-Ооба,ооба Турсунай.
-Аны тышта илинип турган портреттердин ичинен көргөн жок белең?Кайсы цехте иштегени жазылуу.Ал фабрикадагы көрүнүктүү алдыңкы кыздардан.Завцех болуп иштейт бизде.Эгер,Турсунай эжең болсо эмне үчүн билбейсиң?
-Кечиресиз,Пржевальскийден келдим эле.
-Аа,ошондой де.Бирок эжеңди таба албайсың го.Азыр сенин алдыңда шаардык комитеттен телефон чалып,издетип жатышкан. Калп айтпасам парткомдун секретары экөө ошол жакка чыгып кеткендей болду…
Кетип баратып дубалдын бетине илинген плакаттарды, ураандарды,чакырыктарды, ушул жерде иштеген эмгек азаматтарынын портреттери илинген Ардак тактаны көрүп толкундап кеттим. Келатканда көңүл бурбаганыма таң калдым. «Т.Мукамбетова, фабриканын алдыңкы жумушчусу,эркектердин сырткы кийимин тигүүчү цехтин башчысы». Кайра-кайра окудум.Турсунайга ыраазы болгонумдан жүрөгүм толкуп турду…
-Жайнакова,Сиз сүйлөйсүзбү? -деген суроо угулду.-Тизмеге жазып коёюнбу?-Алды жагымда олтурган жигит кылчая карады.
-Сүйлөймүн.- дедим ордумдан козголо берип.
Жооп жазуу
-Жарыш сөз башталганда, бирден кийин чыгасыз.Сиздин сүйлөгөнүңүздү Пржевальскиде комсомолдун областтык конференциясында укканмын.Жакшы сүйлөгөнсүз.
Кызарып кеттим.Мен жарыш сөзгө чыгып сүйлөөнү мурда эле ойлогон болучумун. Колумда атайын жазылган материалым болгону менен блокнотумда сүйлөй турган сөзүмдүн томосу болучу.Мен ар дайым ролун күн мурун жаттап алган сахнадагы актерго окшоп айтайын деген оюмду жыйынтыктап шар сүйлөчүмүн. Уккандар ушундай жөндөмдүүлүгүмө суктаныша турган.
Майрамбек экөөбүз антрактта,тыныгуу учурунда кездештик. Мен анын жаныда жаш денем жалындап,бардык олку-солкулукту унутуп койгондой толкундап турдум. Ушул жерде өзүм башта эч качан даамын тартып көрбөгөн ырахаттын кучагында термеле бердим. Төшүндөгү Ленин орденинин катарына тагылган депутаттык значогуна карегим кадала түштү. Майрамбек менин оюма дароо түшүнгөндөй, алда-немени эстегендей толкундап турганын байкадым.
-Рахмат сага,Махабат, куттуктоо телеграммаңды алып,аябай ыраазы болдум.Башка бардык кубанычымдан да сенден алган кубаныч артык болду.Ишенесиңби?
-И баса жогорку наамыңыз менен дагы бир жолу куттуктап коюуга уруксат этиңиз.-Уялыңкы колумду сундум.Жигит серпиле түшүп,манжаларымды шашыла кармады.
-Рахмат…
Биз президиумга кайра келгенде Майрамбек өз ордун алмаштырып менин жаныма келип олтурду. Жарыш сөз башталды.Биринчи кишинин атын атагандан кийин,слетту алып бараткан киши «Даярдансын Жайнакова» -деп үнүн көтөрүңкү чыгарды. Майрамбек мага ыктала берип шыбырады.
-Даярдандың беле?
Башымды ийкедим…
Трибунага кичинекей блокнотумду кармай чыктым.Айлана жымжырт. Бул жерде менден башка жан киши жок сыяктууүнүм бирде көтөрүңкү,бирде каалгый түшүпжай чыккансып жатты. Мен өзүмдүн институтум жөнүндө,студенттер жөнүндө,комсомолдук уюмдун айрым орчундуу жумуштары жөнүндө сүйлөдүм. Окуусун бүтпөй,күйөөгө чыгып кеткен кыздар жөнүндө айттым. Мисалдарды келтирдим. Жаштардын жалпы орто билим алуусуна,өндүрүш менен чарбаларда иштөөдөн качып,арабөк калган айрым жаштарга токтолдум.Бир кезде колдор чабылып,айлана күүлдөп кетти. Мен токтоп калдым. Тамагымды жасап,стакандагы суудан ууртадым.Залдын ичин кайра баштан тынчтык басты…
Мен сөзүмдү бүтүп,ордума келип олтурганда колдор тынымсыз чабылып жатты.Майрамбек колумду кысты.
-Куттуктайм. Жакшы сүйлөдүң.Мен мындай болот экен деп ойлогон эмесмин.
-Ракмат.
Биздин алды артыбызда олтургандардын бардыгы мага көңүл бөлө карап жатышканын сездим.
-Карындаш оратор турбайсызбы. Өлбөй турган жакшы артыкчылыгыңыз бар экен. Фактыларды келтирип,цифраларды жаңылбай адамдын аттарынан тартып,жаттап алгандай сүйлөдүңүз. Бекеринен Лениндик стипендиантка болбоптурсуз.
Рас эле мен ушунчалык жакшы сүйлөдүмбү деп ойлодум.Майрамбекти карасам анын жүзүнөн да, көзүнөн да кубанычтын, ыраазы болгондуктун кумарлуу учкуну чачырап,талмоорсуй тиктейт мени. Биз слеттон чогуу чыктык. Айдардын келем деп айткан сөзү көңүлүмдө миң кайталанып жатты. Эки жагымды чолуй тиктейм,Майрамбекти сүйсөм да,сүйбөсөм да ушул жерден иренжитип албасам экен деп жүрөгүм дүпөйүл согот. Элдин арасы суюла түшкөндө эки жагын элеңдей карап турган Айдарды көрүп өңүм өзгөрө түштү. Ал мени акмалап турганын дароо билдим. Элдин шарданы менен бул жерден тезирээк узап кетүүнү Майрамбекке кантип билдирээримди билбей муунуп турдум.
-Кайсы жерге барып тамактансак болот?Же мейманкананын ресторанына кирелиби?
-Ресторанга да кирбейм,тамак да ичпейм ракмат.
-Ал эмне дегениң? Экөөбүз жакшы күндө,жакшы жерде кезиккендигибиздин урматы үчүн да тамактанбайбызбы? Ресторанга кирбесек,башка жакка деле барабыз. -Экөөбүз жаңыдан эле театрдан узай бергенибизде арт жагыбыздан бирөө келип мени токтотту.
-Мыкат!
Мен анын Айдар экенин билип,жүрөүгүм оозума тыгылды.
-Сени чыга элек деп тура бериптирмин. Кайда барасың?Бул жигит ким? Жүргүлө чогуу эле тамактаналык.
-Ракмат.Убара болбой эле коюңуз,биз башка жакка баратабыз.
Майрамбек экөөбүз басып кеттик. Айдар турган жеринде таштай катты. Бир далай жерге чейин унчугушпай келдик.Мен Майрамбекти сүйөмбү чын эле деп ойлойм ичимден.Эгерде, жөнөкөй эле жакшы көрүүнүн азап-тозогу адамдын баарына ушундай таасир берсе,чын сүйүү дегени кандай керемет болду экен деп өзүмө-өзүм суроо берем. Айдардын артыбыздан ээрчибей калып калганына сүйүнгөнүм менен Турсунайдын мейманканада күтүп турганын ойлоп тынчсыздандым.
-Деги мен жолтоо болгон жокмунбу?-деди бир оокумдан кийин Майрамбек.
Жигитти жалт карадым.
-Эмне үчүн антип айттыңыз?Тескерисинче, Сизге мен жолтоо болуп жаткан болбоюн.
-Ошентип ойлойсуңбу? Сени менен кезигүүчү мезгилди канча күндөн бери күтпөдүм дейсиң. Токточу,ушул жерден сүйлөшүп алалы. Жакын жерден тамактанып алып шаар көрөлү.Ары-бери басалы.Каршы эмессиңби?
-Мейли…
Биз ресторанга кирип,столго олтураар олтурбастан эле жаныбызга колуна блокнот кармаган официантка жетип келди. Жигит менюну мага сунду.
-Эмне жейли.Сен тандачы Мыкат…
-Жок,сиз тандаңыз…
Майрамбек заказ бере баштады.Карапайым чабан деген бул жигиттин бир жерине таң калдым. Мен билбеген укмуштуудай тамактардын атын билет экен. Анан заказ алып жаткан кыз менен орус тилинде эркин,кичипейил сүйлөшүп жатканына кубанбай коё алган жокмун.
-Ичкиликти бекер заказ берип жатасыз?
-Эмне үчүн бекер,көп болбосо да аз-аздан ооз тийип олтуралы.
Бир заматта столдун үстү тамак-аш менен жер-жемиштерге толуп кетти.
-Суусадым деп жаттың беле,Махабат! Бир минут чыдасаң мен сага кымыз жасап берем:-Майрамбек эки бокалга тең минералдык суудан толтуруп,бирөөнө каймак куюп аралаштыра баштады.Жигиттин колундагы дары суу бокалдан аша баржактап кетти.
-Аябай чаңкап турган окшойсуң,Мыкат. Кана, ак жалгасын деп ушуну көтөрүп коёлу…
Анын көзү мени караган сайын балбылдап,жүрөгүмдүн тереңине от ыргытып жаткансыйт. Көөдөнүмдөн ысык аптап көтөрүлүп демим буулат.
-Такыр ичкилик ичпейсизби? -деп сурадым мен,колундагы рюмкадагы коньякты болоор-болбос бөксөрткөн бойдон,кармалап олтурган жигитке карап.
-Шарты келгенде ушинтип ууртап-татып иче коём…-Бир демге унчукпай калды.Салаңдап ойго чөмө түшүп,башын кейиштүү көтөрдү.-Ичкиликтин зыянынан башка пайдасы жок да.
Анын ушул сөздү айтып жаткандагы үнү,кандайдыр көөдөнүнүн тереңинен күч менен сыгылып чыгып жаткандай кулагыма алсыз угулду. Ошол саамда Майрамбектин өңү адегенде албырып барып, кайра бозоро түштү. Анан ла кайра кызарып, чекесинен тер чыпылдап чыкты. Майрамбек чөнтөгүнөн бет аарчысын алып,терин сүрттү.
-Сени Эламан байкемдикинен көргөн жерде эле,ойдо жок жерден көңүлүм да,жүрөгүм да сен жакка ооп кеткендей болду.Мен мурда издеп таппай жүргөн бактымдын ачкычы сенде экенин ошондо билдим.Чындыкты жашырганда эмне,жашырбаганда эмне,айтор өзүңдү көргөн секунддан тартып, жүрөгүмдүн башы күйө турган бир ооруга чалдыкты да калды.
Мен ойо түшүп кетиптирмин. Майрамбек жөнүндө көргөн түшүм көз алдыма тартылды.Чанагынан ачыла жаздаган жапайы розалар айланама толуп кеткендей,байчечекейдей жайнап,дуу коюп биринин артынан бири ачылып жатты…
-Чыныңды айтчы,мени көрсөм деп ойлочу белең?
-Өзүңүзчү?
Майрамбек талмоорсуй түшүп,карегин аты жогумдагы мала кызыл таштуу шакекти оң колум менен ары-бери кылып тынымсыз жылдырып жаткан манжаларыма жылдырып келип токтотту.
-Ойлогондо да кандай ойлоду дейсиң.Мен өзүм жөнүндө сага кандай деп айтып түшүндүрөөрүмдү билбей олтурам. Көзгө көрүнбөгөн, кулакка угулбаган көңүлдөгү бороон санаамды самандай сапырып,өзүңдү көздөй үйлөйт да турат.Бирок. ..
-Айтыңыз,эмне бирок!Сөзүңүздүн аягына чыкпай токтоп калдыңыз!
-Көңүлүңүз жылдыздабы дейм да.
-Кызык.Эч нерсеге түшүнбөгөн жокмун.
-Мисалы,билимдүү, окумушу бар киши менен карапайым кишинин ортосунда айырма болобу?
Мен токтолбой жооп бердим:
-Албетте,болот.
-Мен сенден ушундай жооп угаарымды билгем.
-Анан кандай жооп беришим керек эле?
Ийнимди куушурдум.Майрамбек столго жабылган дасторконду сылап жаткан оң колумдун үстүн жазы алаканы менен басты.
-Мына көрдүңбү,чабан менен студент бири-биринин тилин да,дилин да түшүнбөй жатышат.
Мен жигиттин сөзүнөн кандайдыр бүдөмүк түшүнүк менен аны карайын десем,ал дагы ушул саамда мени көзүнүн үстү менен суроолуу тиктеп туруптур.Экөөбүз тең күлүп жибердик.
-Карапайым чабан,же жөнөкөй жумушчу менен билимдүү адамдардын ортосундагы айырманы сурап жаткан жоксузбу?
-Ооба эми таптың.Ошону сурап жатканмын.Балким, мени менен олтурганыңызга ыраазы эместирсиз.
-Кызык суроо!-дедим Майрамбектен көзүмдү албай.-Азыркы малчы,азыркы жумушчу,азыркы механизатор мындан 20-30 жыл мурдагы муундагы адамдар эмес да. Азыркы кайсы гана кесиптин ээлери болбосун,колунан баары келет.Окуйм десе окушат,иштейм десе иштешет.Мен өзүмдү сизден өөдөмүн деп эсептесем,биерге келбейт элем да…
Биз тышка чыкканда күн кылкылдап өзүнүн чоктой кызыл нуру менен асманды алоолонтуп уясына батканы баратыптыр. Майрамбек асманды айланта карады.
-Эртең күн ачык болот экен. Азыр жаан-чачындын деле анчалык кереги жок.Чөп чабык учуру.
-Астрономдук жайыңыз да бар беле?
-Анча-мынча. Кааласаң үйрөтөм.Карачы, аба да сонун болуп туруптур.Бүгүн менин көзүмө дүйнө күлүп,дүйнө ырдап жаткансыйт.
Ооба бул күнгө чейин ичим мынчалык ачылбагандай, көөдөнүмдү Майрамбек айтып суктанып жаткан салкын аба жууп,тазартып таштагандай шоолдойт.Түз жолдо,алдымда келаткан бирөө менен жөөлөшүп калдым.Мени четти көздөй колтуктап,каруумдан кармаган жигит жарк этти.
-Троллейбуска олтурабызбы же…
Бир топ жерге келип калганыбызды ен ошондо билдим.
-Басып кетсек деле болот го.
Майрамбек айтаарга сөз таппайт.
-Капа болбойсуңбу, Мыкат!Кокустан өзүңдү сыйлоодон,өзүмдү алып жүрүүдөн кемчилик кетирсем кечирип кой. Канча кылган менен тоолуктун иши тоолук,койчунун иши койчу да. Сенин алдыңда маданияттуурак болоюн дегеним менен оңчулуктуу окшобой жатат көрүнөт бейм.
Мындан артык дагы кандай болгусу бар деп ойлойм ичимен.Малчынын баары Майрамбектей болсо,шаардыктардын маданиятынан тоолуктардын эмне айырмасы бар экен.Менин көзүмө жигиттин тула боюнда кемчиликтин кемтиги жоктой болуп көрүнөт.Анын сүйлөгөнү да,күлгөнү да өзүнө жарашып турат.Баска- турганы шайдоот.Кичипейил. Сүйлөгөн сөздөрү орундуу.Жигитти карап олтуруп кыздардын жүрөгүнө чок сала турган көп жакшы жактары бар экенин байкадым…
Биз мейманканага жакындыганда скамейкада олтурган эркек менен аял орундарынан туруп,обочо барып токтошту.Биз бош скамейкалардын бирине келип олтурдук.Алиги эркек менен аял бизге көз чаптырып турганын байкап,Майрамбекке карадым.
-Тигилер эмнеге бизге карашат?
-Кимдер?
-Аккуу фонтанынын аркы бетинде тургандар.
Жигит башын көтөрүп эки-жагын кайдыгер карап келип,алиги экөө турган жакка жүзүн бурду. Алар Майрамбек карап келатканда башка бир нерсеге алагды болгон сыяктанып калышты.
-Ой,менин эже-жездем тура.Кечирип кой,Мыкат,мен алар менен телефон менен гана байланышкан элем,учураша элекмин.Барып келсем капа болбойсуңбу…
Ордунан учуп турду.Майрамбектин эжеси да жездеси да инисин көрө замат күлүп жиберишти.Сыягы, атайын чыгышкан көрүнөт.Үчөө жайбаракат басып,меймандар үйүнөн узап баратышты. Мен Майрамбекке, Батыш эжемдин Гүлай эжеге айттырган аманатын айтпаганыма, кечээтен бери алардыкына телефон чалбаганыма өкүндүм. Гүлай эже ушул болду бекен,же Майрамбектин башка эжесиби?-деген ойдо алардын артынан аңкая карап кала бердим… Эмне үчүндүр Майрамбек кечиге баштады.Айдарды ойлойм.Ал азыр ушул жерге келүүчүдөй болуп туюлду. Майрамбекти көпкө күтүүдөн корко баштадым.
Комнатага кирсем бирге келишкен кыздар жасанып-түзөнү киного барууга камынап жатышыптыр.
-Кечигип жүргөндүгүң үчүн сага штраф,жолдош Жайнакова! -Баары тең бир үндөн жарыша сүйлөштү.-Же жигиттүү киши эле курдаштарды карабай калабы.
-Кечиресиздер! -деп эки колумду көтөрүп тура калдым.Кыздар күлүп калышты.Алар менен киного барганым жок.Майрамбекти күтүшүм керек болду.Жолдошторум чыгып кетишти.Эшикти ичинен бекитип алдым. Кийим которуп албасам күндүзгү кийимим менен кантип басууга болот. Жаңыдан эле шифоньерден алган көйнөктү мойнума салганы жатсам эшикти бирөө тыкылдатып калды.
-Ким!
-Айдармын!
Жүрөгүм атып кетти.Ачпай койдум.Чертти- чертти.Анан эшикти туткасынан кармап катуу жулкулдатты. Ар жактан аялдын үнү чыкты.
-Ал комнатада кыздар жатат.Ким керек сизге?
-Кечирип коюңуз,ушул комнатада карындашым жашоочу эле.
Майрамбек келип күтүп турганын билсем да,чыртка чыга албай камалып жаттым. Ал муну көрсө,эмне деп ойлоду экен?Бир топтон кийин Айдардын дабышы чыкпай калды.Жука,көк шерстен тигилген жеңи кыска,жашыл түс көйнөгүмдү кийген бойдон чачымдын прическасын бузуп,бир өрүп артыма таштап койдум. Бийик такалуу кара лакталуу туфлимди кийгениме сыныма чыгып,көйнөгүм да,чачым да өзүмө жарашып калгандай болуп көрүндү.Күзгүгө каранып,кашымды колум менен чогулта сыладым…
Бул күнгө чейин Майрамбекти күткөнчөлүк, эч кимди күтүп көрө элек болчумун. Айдардын Пржевальскиден Фрунзеге чейин артымдан кубалай келгени,Майрамбектин бир көз карашына да татый турган эмес. Көөдөнүмдүн башын Майрамбек деген бир күч тээп тургансыйт. Кыздар кинодон келгенге чейин же жатпай,же олтурбай,же сыртка чыкпай үйдүн ичинде аркы-терки басып жүрдүм. Эми мага бардыгы көңүлсүз боло баштады.Ичим күйүп,өзөгүм өрттөнөт.Ыйлагым келет…Жайсыз уктап турдум.
Ордумдан тураарым менен Батыш эжемдин тапшыруусу боюнча трубканы колума алып,номерди тере баштадым.
-Алло квартира угуп жатат.-Жаш кыздын үнү чыйылдады.
-Гүлай эже барбы?
-Бар,бар.Азыр чакырам.-Кыздын энесине айткан сөзү трубкадан угулуп турду.-Ма-ма, ма-моч-ка!Сени телефонго чакырып жатат!
-Алло,мен угуп жатам.
-Саламатсызбы эже!
-Саламатчылык. Бул ким?
-Мен,Батыштын сиңдисимин.
-А-а,Махабатсыңбы? Жакшыбы айланайын.
-Сизге эжекем салам айтты эле.Анан ательедеги. ..Сөзүмдүн аягына чыгарбай сөзүмдү бөлдү.
-Пальтосун үйгө алып келип койгом. Сенин слетко келгениңди ошол эле күнү айтышкан. Кабарың болбогондуктан бүгүн издеп чыгайын деп жаттым эле.Кыргызстан мейманканасында турбайсыңбы. Болуптур кечинде өзүм таап алам…
Эртең мененки гимнастиканы терезени чоң ачып коюп комнатада ойноп,муздак душка түшүп,кийинип алып залга чыктым. Ал жерде иштеген аялдар менен учурашып,ачкычты берип кайра бурулуп,лифтти көздөй бастым.Артымдан үн чыкты.
-Пай-пай-пай, жигиттер сени эмдигиче алып качып кетпей кантип жайыңа койду экен?Түндө бир жигиттен өлгөн-талганда кутулсак,таң атпай дагы бирөө келип алыптыр.Анык жигитиң экөөнүн кайсынысы,бийкеч? -Тамашага чалса да,өз оюндагысын айтып жаткандай туюлду мага.Админстратор эже жеринен тамашакөй, жайдары,ачык- айрым жан болсо керек.Чынымды айтсам,Майрамбектин келгенин угуп,териме батпай чытырап турдум.
-Эжеке,айтыңызчы, сиздин көңүлүңүзгө экөөнүн кайсынысы көбүрөөк жагат?
-Мага жакканы сага да жагабы?
-Айтсаңыз.-Кайра келип токтодум.
Аял ордунан көтөрүлө берип кулагыма шыбырады.
-Менин жактырганым, тышта сени күтүп турган депутат жигит.
Каткырып жибердим. Аял менин колумдан жетелеп,терезенин жанына келип токтоду.Бешинчи кабатта турсам да Майрамбектин залкар денеси көзүмө күндөй чагылышты.Ал түндө Айдар олтурган скамейканын бир жак четине олтуруп,жанында бош жаткан газеталардын улам бирин алып ары-бери оодарып,көз жүгүртөт…
Мен чыкканда Майрамбек газеталарын баш-аламан жыйыштырып мени көздөй басты.
-Кандай,жакшы жатып жайлуу турдуңбу?-кол алышты.
-Жаман эмес.Өзүңүз?
-Сака-чүкө аралаш.Менин келгеним качан?
-Көргөм.
-Кайдан?
-Терезеден.
-Мен сени телефондон сурасам уктап жатат деди.Качан ойгоноор экен деп күтүп отурам.Биротоло чыктыңбы?-деди ал.-Башка жактан барып тамактаналы. Азыр эле ушул жерден кечээки Айдар деген жигитти көрдүм.Мейманканага кирип кеткендей болду.Түндө ал да келиптир.Бири- бирибизди ушул жерден букача тооруп калганыбыздан кетип калгам.Ал калган.Пржевальскиде иштейби?
-Биздин колхоздо зоотехник.Колхозчулар өз ишин жакшы билет дешет.Айыл ичинде кадыры бар.
-Сыртынан түзүк эле жигит сыяктанат.Сүйүү деген адмды дөө болсоң да,жинди кылат окшобойбу.Анын ысык-суугун, азап-тозогун ар-ким өз башынан өткөргөндө билгендей.Сыягы, мага окшоп көлөкөгө тон бычып,жүрөгүнүн азабын тартып жүргөн бечаранын бири көрүнбөйбү.
-Болсо болоор.Бирок анда менин кандай жумушум бар?
Сөз ушуну менен токтоду.Экөөбүз тең ал жөнүндө кайра кеп козгогонубуз жок.Тамактан чыгып слет башталганча ары-бери басып жүрдүк.
-Ак көйнөк сага жакшы жарашат экен.Бүгүн аккуудай болуп эле койкоюп калыптырсың, Мыкат…
Күлүп койдум.Саат онго жакындаганда опера-балет театрын көздөй бет алдык…
Слет бүткөн күнү Майрамбек экөөбүз чогуу келип мейманкананын бешинчи кабатына көтөрүлдүк. Эшикте кыпчылып турган катты көрүп ачкычты колума кармаган бойдон токтодум.Турсунайдын колу экен.Бүктөөсүн шашып ачтым.»Мыкат! Сен келгенден бери колум бошоп кезиге албадым.Кечирипкой. Азыр атайын чыгынып чыксам жок экенсиң.Кайра келем.Эч жакка кетпе.Турсунай» .
Бул убакта Майрамбек менин колумдан ачкычты алып эшикти ачып жаткан болучу.
-Кат кимден экен?-Столдун үстүнө койгон записканы колуна алды.
-Тур-су-най! -Майрамбек селт этти.-Кайсы Турсунай?
-Ал менин эжем.Кааласаңыз тааныштырам.
-Жок,башка убакта таанышалы.
-Кетесизби?
-Мен сени тышта күтөм.
Жигит чынып кетти.Майрамбектин дабышы узап баратты.Бир заматта мага бардык сулуулук абага учуп,айланам ээн калгандай аңгырай түштү.Ойго түшүп,көпкө отурган көрүнөм.Бир маалда эшик тыкылдап калды.Турсунай келген экен деп ойлодум.Эшикти ачып жибердим.Санитарка экен.
-Сени тышта бир айым чакырып жатат.
-Азыр.
Мен чыкканда залдын ортосунда сүйлөшүп,тикесинен турган биздин колхоздун парторгу менен Айдар көзүмө чалдыкты.
-О-х-о-о,Махабат! -Парторг мени көздөй басты.Айдар мени кайдыгер карап койду.Кабагы карыш түшүп,көңүлү жайында эместей.Экөөбүздүн бая күнү мелдешкенибизди эстеп,күлүп койдум.Малик агай эртең кетээрин айтып,чогуу кетели деди.Дароо самолетко билет алып койдум деп калп айтып жибердим.
-Анда капа болбогун.
-Рахмат.Эмнеге капа болом.Мен Турсунайды күтүп жаттым эле.
-Болуптур анда эртеңге чейин дагы көрүшөөрбүз. ..Эки жагымды карап туруп мен тааныган эч кимдин жогунан сурайын деп,алиги санитарканын жанына басып келдим.Балким, биринчи кабаттадыр.
-Айтыңызчы,мени ким чакырды эле?Тигил жигиттер эмеспи?
-Жок,жок,булар эмес.Бир кыргыз келин чакырган болучу.Азыр эле ушул жерде турбады беле?Көз боочудай кайда учуп кетти.И-и тигине,өзү да келатат.
Мен бейтааныш аялды таңдана тиктедим.
-Батыштын сиңдиси сен эмессиңби садага?-Арыкчырай, орто бойлуу,бутуна жапыс така ак туфли,үстүнө ак чулоктон кыска жеңдүү көйнөк кийген жаш аял менин жаныма келип токтоду.
-Ооба,эжеке, менмин.Сиз Гүлай эжесизби?
-Батыш менен азыр эле сүйлөшүп чыктым.Сени звонить этсин деди.Эламан эртең Москвага учат экен.
-Көпкө кетип жатыптырбы?
-Анысын сурабадым.Үйгө барганда өзүң сүйлөшүп угасың да.Кеттикпи?
-Эжеке,мен ушул жерде иштеген эжемди күтүп жаттым эле.Келем деп записка калтырып кетиптир.Келип калса болбойт го.
-Күт,күт,айланайын. Мен олтуруп турам.
УЛАНДЫСЫ БАР….