10-БОЛУМ
#жапайырозаларэлдик
«Энеке,кандай жакшысыңбы? Ал-жайыңды атамдан уктум.Махабат жөнүндө капалуу экениңерди билдим.Эмесе мындай:
Ал экөөбүз бир үйдө жашап,бир казандан аш ичип,бир эненин көз алдында чоңойсок да,эки башка тарбияда,эки башка мамиленин астында өстүк.Бул сөзүмдү кандай дейсиң энеке,же жалганбы?Мен билгенден Махабат оозу кубанып аш,ийни кубанып кийим,кулагы кубанаар сөз уккан жок эле.Менден калганды ичип,менин эскимди кийип жүрүп эс тартты.Аны үй жумушка,түгөнбөгөн көр оокатка салып,түйшүктөн көзүн ачырган жоксуң.А мени болсо оюм менен ойнотуп,барган жагыма баргызып,конгон жагыма кондуруп,эрке талтаң кылдың.Анда мен сенин ошентип жүргөнүңдү акылдуулук катарында эсептептирмин. Ал кезде мен балалыгым менен ойлосом,сен чының менен эле Махабатты өспөөчүдөй, өзгөрбөөчүдөй, бактылуу болбоочудай ойлоп жүргөн окшобойсуңбу. Чынымды айтсам мен да сага окшоп,ошондой болот экен деп жүрүптүрмүн.
Жалгыз кызымды эркин өстүрөм,эрке өстүрөм деп жүрүп багымды байлап,таалайымды тартып салганыңды, балким,али да болсо түшүнө элек чыгаарсың.Чөптүн бүрүнөн башканы кийгизип,бөдөнөнүн сүтүнөн башканы ичирип чоңойтсом да кем акыл болуп калды деп,мага доомат коюп жүргөнүңдү кантип түшүнбөйүн. Айтор,далай- далай эле иштер өтүп кетти.Кайсы бирин айтып,түштөн кийин жакшы киши болуп олтурайын.Ошентсе да бир мисал келтирип кетким келет.
Анда үчүнчү класста окуп жүргөн,эне сүтү ооздон кете элек,наристе кезибиз болчу.Сенин жаман көргөнүңдөн пайдаланып, Махабатты жамандагым, сага тилдетким келе берүүчү.Ал мектептен кичине кечигип калса эле:»Кайда калды?»-деп сураарыңды билчүмүн.Анткени аны сенин бүтпөгөн оокатың туруучу да.»Махабат кана?»-дедиң ошол күнү да адатыңча.» Энеке!Үйгө жүрү десем болбой койду.Эркек балдар менен каналга түшөмүн деп болбой кетип калды»-десем болобу.Ошол айтканымды эми эстесем да,төбө чачым тик турат.Мен Махабатты ойлогондо ошолорду кошо ойлойм,бардыгын эстейм.Уялам. Сен ошондо эмне кылдың эле?Чын-төгүнүнө жеткен эмессиң.Жылаңачтап алып сууга салып өлөөчө сабагансың. Турсисин чечип алып,башка-көзгө койгулагансың. Андан дагы,догдурга алып барып тазалыгыңды текшертем деп наристелигине карабай маскаралагансың. Мен сен ошентип тилдеген сайын,урган сайын күлкүм чыгып,душманымдан өч алып жаткансып,табалап тургамын.
Энесин тарткан бузуку дечү эмес белең. Бирок мен Махабаттын энеси жөнүндө ар дайым жакшы сөздү,мактоолорду угуучумун.Айылдаштары Акылкарачач дешчү. Анан дагы эки өзүңдүң бирөө:»Сен төрүмө тууп кетпесең эле мурдуму туурасынан кесип берейин»- болоор эле.Мыкатка такыр ишенчү эмессиң.Ал эми мага болсо Кудайыңдай сыйынып,Курандай ишене тургансың.Мен бойго жеткен кезде да баскан-турганыма, жүрүш-турушума, башка энелерге окшоп көз салбадың.Көрсө, сенин энелик кыраакылыгың, энелик тажрыйбаң тайкы турбайбы.Келечекке карай туура багыт берүүнү билген эмес экенсиң.Сага окшоп кызын кыздай,уулун уулдай тарбиялай билбеген энелердин күнөөсүнөн оор,жер жүзүндө орчундуу кемчилик жок болсо керек деген жыйынтыкка келип,эрдимди кесе тиштейм.
Өткөндөгү ошол күндөр эсиңден чыга элек болсо керек,эне.Теңтуштарыбызды, классташтарыбызды, айтор,ким эле болбосун Махабат экөөбүздү ит өлө турган жерге вечерге чакырабы,туулган күнүн белгилейби, аны жибербей мага уруксат берүүчү эмес белең.Мени ошентип жүрүп өзүң талкалап,өзүң бузуп алган турбайсыңбы. Ага шор тилеп,мага бак тилегениңди айтпасаң да билүүчүмүн. Кайда ошол бак,кайда ошол таалай.
Атам байкуш өз кызы Махабатты кандай көрсө,мени да ошондой ала-куласыз көрүүчү.Бирок сен ал кишидей кең пейил,ак,адил боло албадың.Ырасын айтсам атасын тартып,кызы да көлдөй кенен экен.Сени атам несен жолу кызына кылган мамилеңе чыдабай кетирем деп көгөргөндө, дагы эле кетирбей алып калган ушул эле Махабат эмес беле.Ал сенден көргөнүн көбүн жашырып,атасына айтуучу эмес.Сен экөөбүздү кектегенин билесиңби деги?Ошон үчүн биз да аны кектешибиз керек эмес.Анын сага жакпаган бир кемчилдиги бетке айткандыгы болчу.Мен азыр ошолордун бардыгын бирден талдап ойлоп отурсам,Махабат чынчыл экен.Көрсө,ал адам турбайбы.
Чын сырымды сага мурда айтпасам да,эми айтайын,энеке. Мен таякемдикине жатып.институтка экзамен бергени келген кез.Күндөрдүн биринде эки жолдошу менен Майрамбек келип калса болобу.Жигиттер машинасын анда калтырып коюп киного барабыз деп чыгып кетишти.Көңүлүмдө күтүүсүз жерден келип калган бул жигиттер менен киного чогуу барып келгим келип турду.Бирок алардын эч кимиси мени киного чакырган жок.Ойдо жок жерден шашып кийине баштадым.
-Сен кайда?-деди таякем алая карап.
-Махабатка.- Оозума ушул сөз кириптир.Бирок мен Махабатка эмес,тигил жигиттердин аркасынан барганы жаткамын.Максатым- Майрамбек менен таанышуу эле.
Көчөгө чыксам алар экинчи көчөгө жетип калыптыр.Түз эле Ысыккөл кинотеатрын көздөй бурулушту… Кассада эл жокко эсе экен.Анткени билет да калбаптыр.
-Азыр эле үчжигит билет алып чыгышыт го,-дедим көжөлүп.
-Алардын абонементтик китепчелери бар экен,бийкеч.
Тигилер байкап калышкан көрүнөт.Майрамбектин жанындагы жапалдаш бойлуу,сары чийкил жигит кинотеатрдын теке маңдайындагы скамейкадан туруп,менин жаныма басып келди.
-Сиздин киного келээриңизди билбей калыптырбыз.
Жанынан абономенттик китепчесин алып кассирге сунду.Биз киного чогуу кирип,үйгө чогуу келдик.Майрамбек үйгө кирбестен машинасын от алдыра баштады.
-Кетесиздерби? -дедим мен жанымда турган,алиги мага билет алып берген жигитке карап.
-Эмне бизди кетиргиңиз келбей турабы?-деди жолдошунан мурда озунуп жооп берген Майрамбек,машинанын терезесинен күлүмсүрөө менен.-Кааласаңыз келип-кетип сизди киного киргизип турууга кудуретибиз жетет.
-Чын эле келесизби?-дедим ага жакындай берип.
-Бирок мен жалгыз келе албасмын.Көрдүңүзбү, тигил экөөнү.Мага сөөмөйлөрүн кезеп жатышат.-Каткырып күлдү.
Майрамбек экинчи жолу келгенде шаарга жакын бир колхоз менен социалисттик мелдешти текшерүүчү комиссия менен келиптир.Бул жолу ал экөөбүз,кадыр эсе эски тааныштардай сүйлөштүк. «Киного барып келели,андан кийин кетээрсиз» -деп суранып туруп алдым. Ыргылжың болуп туруп,макул болду.Кинотеатрдан чыгып,түз эле үйдү көздөй келаттык.Ал да унчукпайт,мен да унчукпайт. Ичим бышып кетти.
-Майрамбек,сиз кимдир бирөөнү сүйүп көрдүңүз беле?-дедим.
Жигит мени жалт карады.
-Жок,эч кимди сүйүп көрө элекмин.А өзүңүзчү?
Билдирүүнү түзөткөн: belka: 06 Октябрь 2014 — 01:59
-Мен жакындан бери бир жигитти сүйүп жүрөм.-Кыткылыктап күлүп,Майрамбекти колтуктап алдым.Бирок ал кандайдыр жыйрылгансып, колумду өзүнөн акырын бошотту.
-Колтукташкандын шартын билесизби?
-Жок.
-Кыз жигитти колтуктаса, бул менин сүйгөн жарым деген маанини берет.
Уялганымдан колдорум шалдая түштү…
Арадан күндөр өтүп жатты.Күткөнүм Майрамбек.
-Жаның болсо жакшы жигитти колуңдан чыгарба,-дейт таажеңем бир жактан сүрөп.
Майрамбек келген күнү экзаменден өтпөй калып,маанайым пас,кабагым бүркөө болчу.Жигит кирээри менен чай коёюн деген шылтоо менен тажеңем тышка чыгып кетти.
Таякем да,балдар да үйдө жок болчу.
-Саламатпы Турсунай!
Мен тескери караган калыбымда учураштым.
-Сизге эмне болду?-Жаныма келип колумдан алды.-Урмат салам айтты.
-Саламат болсун.-дедим түнөрүп.
-Тынччылыкпы? -Майрамбек жүзүмө эңиле карады.Мен ушуну эле күтүп тургансып,Майрамбекти кучактай калып,башымды көкүрөгүнө коюп ыйлап жибердим.
-Экзаменден кулап калдым.
-Жаман болгон экен,-чачымдан сылады.Тажеңемдин үнү чыкканда Майрамбектен оолактай берди.
-Эми эмне кыласыз?Даярдоо курсуна кириңиз…
-Эч жакка кирбейм да,окубайм да.
-Анда күйөөгө бар,-деди тажеңем Майрамбектен эмне сөз чыгар экен дегенсип.
-Жээн кызыңызды күйөө изде дегени турасызбы?-Майрамбек күлдү.
-Окууга өтпөгөндөн кийин күйөөгө барсын,-деди да,тажеңем үйдөн бирнерсе алып кайра чыкты.
-Турсунай чабанга күйөөгө чыгасызбы?Жеңең күйөөгө кетүүңүздү каалап жатыптыр.Эгер макул болсоңуз жолдоштор менен келип,машинага салабыз да кетебиз.
Менин жаман оюмда өзүн айтып жатат дептирмин.
-Чабан киши эмес бекен дедим күлүп.
-Келе колуңду.-Майрамбек сиз дегенден түз эле сен дегенге өттү.
Экөөбүз кол алыштык.Ошол замат таажеңеме кыйкырдым.
—Та-же-ңе-е!
-Эмне болуп кетти кагылайын?
-Колубузду көрүп турасызбы?
-Көрүп турам.Эмнеге мелдешип жатасыңар?
-Сүйүнчү,мен чабан күйөөлүү болмок болдум.
Таажеңем көргөн көзүнө ишенбегендей бизди алмак-салмак карайт.Жигит колумду кыса кармап турган калыбында:
-Ала качканды каалайсыңбы же ата-энеңдин колунан узайсыңбы?
-Ата-энемдин колунан узайм де.Туугандан көп душман бар.Эл көзүнө көрүнүп коюш керек да.
Таажеңем албырып турду.
-Анда ата-энемдин колунан кетейин.
-Убада убада,койчуну чанбайсың да.
Майрамбектин көздөрү ойноктоп турду.Анда ал эч кандай атак-даңкы чыга элек,көп чабандын бир чабаны болчу.
-Чанбайм дедим,чанбайм. Колубузду тажеңем ажыратты.
Сүйүнгөнүмдөн жүрөгүм жарылып кетүүчүдөй түрсүл согот.
-И-и баса,Турсунай, мына бул рецепти сага таштап кетейин.Аптекада бул дары азырынча жок экен.Эки-үч күндө келип калыш керек деп айтышты.-Мен келгенче унутпай алып койгун.-Анан тажеңеме карады.-Жээн кызыңызды ошентип күйөөгө да узатмак болдуңуз…
Таажеңем Майрамбектин колун кармады.
-Уулубуз Казакбай аскерге кеткенден кийин сени каттабайт го дечү элек.Рахмат, кагылайын.
-Ал экөөбүз,он жыл бир класста окуп,бир төшөктө жатып,бой жеттик эле… Эми минтип куда башы болуп,биздин айылга өзүңүз барганы жатасыз.
-Ал эми той качан болот?-деди таажеңем.
-Турсунай болсун деген күндүк күтөбүз да жеңе…
Бул жаңылыкты силерге айтканы эртеси эле тажеңем айылга жөнөп кетти.А мен болсом күйөөгө кетмек болдум деп Махабатка барып «сүйүнчүлөдүм» .
Тажеңем барганда,адегенде чабанга бербейм деп асаман-айга түйүлүп барып,келиниңдин мактоосу боюнча макул болгонунду уккан жок белем.Күйөө баланы көрөм деп эки-үч курдай келип кезикпей кетпедиң беле.
Ошентип,биздин үйдө үйлөнүү тоюнун камы көрүлүп жатты.Ичиңе эчтеке жатпаган сен айылдын аяк башына:-Кызымды колум менен күйөөгө узатканы жатам,-деп жар салып жүргөнүңдү али унута элекмин эне.
Анан,баса,менин колумду сурап качан кудалар келди эле.Бул дагы өз ичиңден чыккан сөз эле го.
Таякем түнкү сменге жумушка кеткен.Тажеңем сага жардам берип,айылда болчу.Мен терезнин түбүндө көчөдөн көзүмдү албай ары-бери өткөн машиналарды карап,Майрамбек келеби деп күтүп олтургамын. Биздин дарбазаны көздөй мала Волганын бурулганын көрүп эшикти көздөй жүгүрдүм.Машинадан жаңы түшүп жаткан Майрамбектин бет алдына барып тура калдым.
-Турсунай,күйөө келди.-деди ал жайдары.
-Күйөө келсе кыз даяр.-Тамашасына тамаша менен жооп бердим.Чарк көпөлөк айланып,жолдошун үйгө баштап кирдим.Биздин артыбыздан келаткан экен деп ойлосом,Майрамбек тышта калыптыр.Кайра жүгүрүп чыктым.Аны менен тышкы үйдөн беттеше түштүм.Ошол замат кош билегимди колуна артып,козүнөн өөп алдым.
Майрамбек селт дей түштү.
-Тигил жигитти эмнеге ээрчитип келдиң?
-Сага күйөө болучу чабан,Урматты тааныбай калдыңбы?-деди Майрамбек мостоюп.
Уккан кулагыма ишенбей денем калтырап чыкты.
-Мен сени өзү алат деп…-Оозума ушул сөз кириптир.-Ата- энем тойго камынып жатышпады беле.
Майрамбектин көздөрү алайып,кетенсиктей баштады.
-Дениң соо кыз эмессиң го,мен сени качан алам дедим эле.
-Мен сени гана сүйөм.
-Кыз башың менен ушул сөздү кантип уялбай айтып жатасың.Эсиңе кел,Турсунай. Урмат да жаман жигит эмес.Ал сени сүйгөндө да кандай сүйөт дейсиң.Анын бир кемчилиги кыздар менен сүйлөшө албаган мококтугу.Мен ошон үчүн гана чапкылап жүрсөм,сен өзүм үчүн келип жүрө деген турбайсыңбы. Бул сөздү экөөбүздөн башка киши укпасын.Өзүңөр сүйлөшүп,байкашып көргүлө.
-Байкап буттум.Жоголгула! -дедим кыйкырып.
Менин үнүмдөн берки мага күйөө болчу жигит үйдөн октой атып чыкты.Эки колум менен бетимди баскан бойдон жерге отуруп өксөп жибердим.Майрамбектердин кетип баратканын билсем да,ордуман козголо албай өпкө кагып жаттым…
Тажеңем келгенде болгон окуяны төкпөй-чачпай айтып бердим.Бирок сенин жаалыңдан коркуп,ал чындыкты өзүңө ачык айта алган жок.»Майрамбекти колхоз шашылыш Фрунзеге курска жиберди.Үйлөнүү тою Майрамбек келгенден кийин өтмөк болду,»-деп жалган сөз менен сенин жемеңден кутулдук.Алгач өзүң укканда»Сасыган койчуга кызымдын этегин карматпайм. «-деп сен чанган Майрамбекке татыктуу болбой калганымды ойлосом эмгиче от жутам.
Азыр ойлосом Майрамбекке барсам да,берки жолдошуна барсам да баарыбир түбөлүктүү үй-бүлө боло алмак эмес экенмин.Калп айткан менен болобу,кыздын кыздай өскөнү,кыздын кыз бойдон күйөөгө барганы сүйүүнүн да,үй-бүлөнүн да данакери болучу неме окшобойбу.Тарбиялуу кыз менен тарбиясыз кыздын ким экендигине эми түшүнүп жүрөм.Майрамбекке болгон махабат оту жүрөгүмдөн али өчө элек.Ал сымбатына жараша,акылдуу жигит болучу.Мен аны узак аралашып билбесем да,сүйүп калган турбаймынбы. Майрамбек деген атты азыр эмтесем да уктап жатсам умачтай көзүм ачылат.Деги кайсы арманды айтайын.Кыскасы, сенин кызың эркиндикке жеңдирип,өзүн- өзү билип,өтүгүн төргө илип жүрүп,гүлгүн кезинде күмүрөн болгон тура.
Сен мага эмгиче түшүнбөй,дагы эле болсо Майрамбекке барат деп түңүлбөй жүргөнүңдү атам келгенден кийин билдим.
Мен турмушка эми гана түшүнүп,өткөнгө эми өкүнүп жүргөн кезим.Бул жерде Махабаттын көзү жок.Ойлоп-ойлоп олтурсам ал кызга энелүү-бала- сен экөөбүз карыздар да,күнөөлүү да экенбиз го,энеке?!
Махабат кызың Майрамбекке турмушка чыгууну атайылап эле мага же сага кастык менен жасаган жок.Ал Майрамбекке жар болууга татыктуу кыз.Эгер кызың биздин жашыруун сырыбызды билип туруп,ушул ишке барса жөнү бир башка эле.Бирок ага кимибиз чындыкты айттык?
Өгүнү Махабат Фрунзеге келгенде меймандар үйүнө чакырып,мага кат жазып кетиптир.Ал күнү бошобой,эртеси издеп чыктым.Кеч кирип калган эле.Кыргызстан мейманканасын көздөй тротуар менен ылдамдай басып баратсам алдымдан кыз-жигиттин сөөлөттөнө басып баратканын көрүп,аягым өзүнөн-өзү солгундай түштү.Экөө тең жаңы ачылган кызгалдакка окшоп биринен өтүп бири шыңкыйышат. Жаштык илептери адамды жүрөккө урат. Атаңдын к-ө-р-ү-ү,-дедим ичимден тынып,-мен эмне үчүн,сүйүүнүн кадырын башкаларга окшоп баалай албадым.Эмне үчүн сүйгөнүм менен ушуларга окшоп жанаша басып сөөлөттөнө албадым.Башкалардан эмнем кем эле?Же кыз балага тиешелүү артыкчылыктар менде жокпу?Тигил экөөнө карегимди кадай берем.Ышкындай солкулдап турган кездери экен дейм.Бет алдынан өңдөрүн көргүм келет.Ылдамдай басып алардан өтүп кетмекчи болдум.Экөөнө улам жакындап жетээр-жетмексен бараттым.Капысынан кулагыма кыздын үнү Махабаттыкына окшошуп кетти. Сүйлөшкөн сөздөрү кулагыма чалдыкты.Өздөрү катышып жаткан республикалык жаштардын слету жөнүндө сөз болуп бара жаткансыйт. Кубанычтан жүрөгүм элеп-желеп боло баштады.Ал чачын мурункудай эле бир өрүп артына бош таштап коюптур.Жанындагы жигитти көрүүгө мурдагыдан көбүрөөк дилгирлигим артып баратты.Мен алар менен катарлаша түштүм.Шыпылдай басып экөонөн саал-паал узай түшүп кылчайдым.Дене боюм дүркүрөп,көздөрүм тумандай түштү.Кулагым дүңгүрөп,мээмдин ичине жел толуп кеткенсип шуулдап,чекем кысылып баратты.Махабаттын жанындагы жигит Майрамбек экенин дароо тааныдым.Буттарымдан жан кетип,тушалган тооктой болуп калдым.Алар мени байкабай калышты.Тротуардан кандай учуп чыкканымды билбейм,машинанын сигналынан селт эттим. Желдей учкан Чайка этегимди шуу коюп сылап өттү.Аңгыча кимдир бирөөнүн күчтүү колу далымдан чапчып ыргыткандай болду.Карасам жолдун жээгине чыга түшкөн экенмин.Машинанын алдында кала жаздаганымды эсимди жыйганда гана билдим…
Мен экөөнү ошонжо көргөм.Махабат Майрамбекке турмушка чыгып кетээр бекен деп ойлогом.Бир- эки күн санаадан кайрадан нес болуп жүрдүм.Махабатты көргөндө да сыр билгизген эмесмин.Аны кетээрде да узаткан жокмун.Майрамбекти экинчи көрүүнү каалабадым…
Эл сени да,мени да,Махабатты да билет.Баарыбызга түшүнөт.Өгөйлүгүнөн дагы ич тардык кылып жатат деген сөз болбосун.Сүйүү деген балакет тоодой тоскоолдук болсо да жүрөгү менен бузуп өтөт окшобойбу.Атамды капа кылбагын.Өзү да санааркап,өңү өчүп калыптыр.Менин күнөөмдү күнөө дебей кечирген сен,Махабатты да кечиришиң керек. Же мен Майрамбекке барып,кайра ажырашып келдим беле?Келебиз дешсе келишсин,күтүп ал.Чакырса барып сыйын көргүлө.Бир кезде бир иш болуп кетти эле деп сап кармай берген жарабас.Махабатка акыркы жолу өз энесиндей болуп берүүгө аракет кылып көргүн.Атамдын Асан,Үсөн менен Махабаттан башка кимиси бар,чынында. Баланын баркын өз балдарыңды ойлосоң деле биле тургансың.
Ошол эне.Өз ал-жайым болсо жаман эмес,иштеген болуп жүрөм.Коллективдин арасында аздыр-көптүр кадырым бар.Партиянын мүчөоүгүнө кандитаттыкка өтүүгө даярданып жатам.Бирге иштеген жолдоштор рекомендация беришти.Анан дагы ушул бешинчи күнү радиодон өз ишим,өз жолдошторум, өз фабрикам жөнүндө чыгып сүйлөймүн.Уксаң болот.Ой энекебайым, чапкан сайын көз чыкмак беле.Бөксөнүн толуусу да болор.
Өткөндөгү эркеликтер да,кемчиликтер да азыр мага сабак.Өз күнөөмдү иштеген жеримде адамкечилик менен,ак эмгегим менен жуусам экен деген гана жалгыз аракетим калды.Өгүнү бир жазган катыңда: Кайдагы бир Майрамбек деген өтү жарылган эмени күтпөй,ылайыктуу неме болсо жалгыз жүрбөй,турмуш күтүп алсаң жакшы болор эле,-дептирсиң. Азырынча күйөө жөнүндө капарыма да,оюма да келе элек.Мен теңдүү кыздар эр дегендин эмне экенин билбей,даң салып бир жагынан иштеп,бир жагына окуп жүрүшөт.Мен дагы ошол кыздарга окшоп илимдүү-билимдүү болууну каалайм.Эл алдында жүзүм жарык болсо экен дейм.Мен өңдөнүп түз жолдон адашкандар бул чойрөдө көрүнбөйт.Жашы да,карысы да турмушка акылдуулук менен алыстан кыраакы карашат экен.
Мен атамдан Махабаттын жайын алгач укканда Майрамбек менен Махабаттан, атамдан,эл-журттан уялганымдан бузулуп барып оңолдум.Сенин эми ал жерде кылар ишиң жоктой,сен ал үйдө ашыкча киши болуп көрүндүң.Бул жакка түн түнөтпөй көчүрүп алууну ойлоп,кыялымда бузулуп турдум. Бирок ал оюм да акылсыздык болуп чыкты.Кайра баштан ойлонууга туура келди. Мени сүйбөй койгон жигитке Махабат турмушка чыкты деп ошентемби?Асан, Үсөн бар эмеспи.Алар да атасынан ажырап тирүүлөй жетим өсөбү.Эки бала эр жеткенде эмне дешет экөөбүздү.Жазыксыз наристелердин уясын бузуу шаар бузган менен бирдей эмеспи. Атама да боорум ооруду.Ал киши мени да балам деп бакпады беле.Балам экен дебесе ат арытып атайылап келеби?Бузулганды түзөйт,сынганды бүтөйт деп ойлоду го.Мага келбей койсо,айтпай койсо чаап алмак белем.
Баякы өзүң көргөн,өзүң мактап кеткен кошуна аялга өзүм жөнүндө баарын айткам.Экөөбүз чогуу бир цехте иштейбиз дебедим беле.Жакшынын шарапаты,жамандын кесепети дегендей,көптү көрүп,көптү билген турмуштук жактан чоң тажрыйбасы бар эстүү киши экен.Жашы улуу болсо да,жаныбыз курбу теңтуштай болуп калды.Ыйлап жатсам сооротту,уктап жатсам ойготту дегендей,мага эмнелерди гана айтып,эмнелерди гана үйрөтпөдү дейсиң.Сенден укпаган акылман,энелик кеп-кеңешти мен ошондон уктум.Бул жолу да Екатерина Башковская менен сырдашууга, андан кеңеш угууга туура келди.Бул катты андан келгенден кийин жазып олтурам.Ал аял сенден да,менден да Махабатты кечирүүбүздү өтүнөт.Сүйүү адамды андан чоң күнөөлүү ишке кириптер кыла тургандыгын айтат.Сүйүүнү маскаралоого, аны күнөөлүү деп соттоого эч кимдин акысы жок,-дейт Екатерина Башковская. Чынында эле Махабаттын эненин сүтүндөй ууз сүйүүсүнө уу болуп төгүлүшүбүз адамгерчиликке сыйбай турган иш экен.Ал эч кимдин турмушун бузуп,бирөөгө кыянаттык кылып жаткан жери жок да.
Коңшумдун айткан акылы,берген кеңеши өз оюма шайкеш келгенине абдан кубандым.Буга сен да кубанаарсың. Эмесе балдарың бактылуу болсун,энеке!
Кош.Кат жазган Турсунай.»
Катты окуп бүттүм.Көз жашым төгүлүп,жүрөгүмдөн бороон чыгып жаткансып,бир күчтүү куюн көөдөнүмдө удургуйт.Ал менден алда канча акылдуу болгон экен деп ойлодум.Эмгек, коллектив,турмуш, айлана-чөйрө аны кайрадан төрөп,кайрадан тарбиялап чыкканын билдим.Турсунайдын Майрамбекти сүйгөнүн окуп,нес болдум.Мен эми атамдан да,энемден да,элден да уялбастан,жалгыз Турсунайдан уялып,Турсунайды аяп турдум.Экөөбүз кандай шартта кезигишээр экенбиз деп,кантээримди билбей өзүмдү жоготуп,убайымга чөгүп бараттым…
Колумдан бошоп жерге түшкөн катка Майрамбек колун узатып келатты…
АЯГЫ……….