1-БОЛУМ.
Эми ойлосом ал энем экен.Мен аны аялдар киринтип жаткан экен дептирмин.Көрсө сууга алып жатышкан турбайбы…Ооба, энемдин өлгөнүнө үч жылдан ашса да атам үйлөнгөн жок.Мен алтыдан өтүп жетинин тамагын ичип калган кезим болсо керек эле.Бир күнү кыздар менен бактын көлөкөсүндө алачык жасап,куурчак ойноп жатсам кошунабыздын Батма деген кызы биздин жаныбызга келип калды.Аны айылдагылар өз атынан такыр чакырчу эмес.Бардыгы эркелетип Батыш дешчү.Эмне үчүндүр ошол Батыш эжем мени жанындай жакшы көрүчү.
-Мыкатым кыздар менен жакшы ойноп жаткан турбайбы.-Эжекем көкүлүмдөн сылады.Анан чөп алачыктын ичине жүйүртө басып эңкейип карады.
-Булар кимдин куурчактары? О-уу канча деги?
Төргө жыйылган кичинекей жүктүн алдында кыркалата отургузуп койгон куурчактарды бирден колуна алып,кайра коюп жатты.
-Бул меники эжеке!-Айгүлдүн көзү эжемди тиктеп жоодурайт.
-Ии,сеникиби? Татынакай кыз тура.
Эжем экинчи куурчакты алганда иаа деген үн чыкты.
-А бул ыйлаак куурчак кимдики?
-Меники.
Кыздардын бардыгы Батыш эжеме өз курчактары менен мактанып жатышты.Батыш эжем «Сенин куурчактарың кана?» дегендей мага карады.Мен колумду оозума салып, маанайым пас турган.Атам мага куурчак менен оюнчук алуудан кыя өтпөсүн баары билчү.Тим эле үйдүн бир жак капшыты толо куурчактар боло турган.Ар түрдүү канаттуулар, жапайы айбандар менен машина,самолеттордун макеттерине шаа жетчү эмес.Кыздар менен ойноп,көрүнгөн эерге көтөрүп журүп,бириндеп жок болгон.Атама айтсам «жоголсо дүкөндө куурчак деген толуп жатат.Шаарга барсам куурчак да,өзүң мингендей кичинекей велосипед да сатып келип берем» деген.Бирок атам андан бери шаарга бара элек.
-Мыкаттын куурчагы жок.Биз аны тим эле ойнотуп жатабыз.Энеси жок жетимда,биз такыр урушпайбыз. -Кыздар быдылдап кетти.
-Ойнотуп урушпаганыңар го жакшы.Бирок жетим дебей жүргүлө,Мыкаттын энеси келип,кызымды таап келгин деп мени жибербедиби. ..
Мен да,кыздар да оозубузду ачып,Батыш эжемди тиктеп калыптырбыз. Эне деген сөздү угуп эреркеп кеттим окшойт,көзүмө жаш айлана түштү.Батыш эжем өзүнө жарашып,ичке белине кыналып,этеги көпөлөктүн канатындай жайылып турган ак жибек көйнөгүн делбиретип ордунан турду.Астына түшүп кеткен бир өрүм узун чачын колу менен акырын артына таштады.Эжем мени өзүнө каратып,жеңинин учунан алган беи аарчысы менен жүзүмдү аарчыды.
-Карачы,бетиңдин баары кир,колдоруң топурак.-Резинасы бошоп,көк тор шымымды өөдө көтөрүп,туфлимди чечип ичиндеги чаңдарды күбүп,таманына жабышып кургап калган баткактарды ташка уруп түшүрду.-Жүрө гой тиги сууга барып бети-колуңду жууп берейин.-деп колумдан жетеледи.
«Энең келди» деген сөзгө ишене бербей,бутумдун башын туфлим кысып оорутуп баратканынан аксаңдай басып илмиңдеп келаттым.Энемди жерге көөмп салышпады беле деп ойлодум.Анан мен энемдин эски чапанын атам бирөөгө бергенин эстедим.Эртели- кеч чапанды барбы-жокпу дегенсип карап коёр элем. Аны көргөндө энемди көргөнсүп,энем келип аны кайра кийүүчүдөй болуп туюлчу.Бир жолу адатымча,чапан илинип турган оозгу үйдөгү кийим жапкычты келип ачтым.Өз көзүмө өзүм ишенбегендей көздөрүм чекчейе түштү.Чапан жок болуп чыкты.Жерге отура калып ыйлап жибердим.Энемден эми биротоло ажырагандай, ал эми такыр келбечүдөй болуп сезилди.Эшиктен кирип келаткан атамды да байкабаптырмын.
-Эмне болду кызым?Эмне ыйлап жатасың?
Атамды көрүп,көз жашымды колумдун сырты менен жанып алдым.
-Энемдин чапаны кайда?
-Бурулкан чоң энеңе бердим.Анын эмне кереги бар сага?
-Энем келсе кийбейби?
Атам мени жерден көтөрүп алды…Ошол күнү атам мени өзү менен бирге кош айдап жаткан жерине өңөрө кетти.
-Атаке,чымылдык көппү?-дедим жолдо.
-Толуп жатат.Тим эле айдоонун бетин бербейт.
-Мен чоңойгондо сага окшогон тракторист болом,атаке.
-Койчу балам,менин тракторист болгонум деле жетишээр.Догдур бол,мугалим бол,учкуч бол толуп жатпайбы.
-Учкуч деген эмне?Учабы?
-Самолет айдайт айрапланды билесиңби?
-Жо-ок атаке,айдагандан корком. Догдур болгонду да билбейм,укол куя албайм да кишилерге.Сенчилеп жер айдаганды жакшы көрөм.Тракторист эле болоюнчу,атаке.
-А болуптур,тракторист болсоң тракторист болчу.Ырас трактористтер жетишпей жатты эле!..
Мен атамдын кара май жыттанган чапанынын өңүрүн алмак-салмак ачып,тумшугумду колтугуна салып жыттаган сайын жарпым жазыла түшөт.Атам менен күнү-түнү чогуу болгонду каалайм.Өңөртүп жүргөндү жакшы көрөм…
Анан дагы энемдин жыл ашын берип,күмбөз көтөргөндөгү сүйүнгөндүгүмдү эстедим. Атам эртең менен көргөн түшүн айтты.»Шаршекан тору бээни минип алып келип жатыптыр» -деди.Мен түшкө түшүнбөй,чын эле энем келип кеткен экен деп ойлодум.» Эмне үчүн мени ойготуп койгон жоксуң?Энемди кетирбей ыйлап жатып алып калат элем».-деп атамдын мойнуна асыла кеттим.-Эртең энеме барганда үйгө ээрчитип келем,көрөсүң го.Силер энеме деп май токоч жасап,эт бышырып алып,кайра өзүңөр жеп аласыңар?..
Ушинтип оозума келгенди оттоп атамдын алдында отурат элем.Ал тумшугун чачыма катып дем албай калганын сезип,башымды жулуп алып чалкалай тиктедим.Атамдын мурду ылдый жорголоп келаткан бир тамчы жашы чекеме таамп кетти.Мен күлүп баратып мостоё түштүм.
-Ыйлап жатасыңбы?..
-Мыкат,бетиңди жуучу!-деген Батыш эжемдин сөзү оюмду бузуп жиберди.Биз суунун боюна келип калыптырбыз. ..
Биздикине кирп-чыгып жүргөн катын-калач көрүндү.Батыш эжем мени ички үйгө жетелеп кирди.Капшыт жакта эрди түйрүгүрөөк келген кара аял олтуруптур. ..Тизесине жөлөнүп отурган мени менен тең чамалаш кара тору арыкчырай кыз айланасына чочулай тиктейт. Кийген кийимдери көзүмө биринчи чалдыкты.аялдын үстүндө көк тубар көйнөк,тизесине жеткен кара тукаба кемсел,кызыл ала гүлдүү бир байлам ак шалы жоолук.Кызы болсо кулагын жаба кесилген суйдаң кара чачына жараштырып сайма топу кийип алыптыр.Бутунда кончтуу кара ботинка,кызыл капрон көйнөк,кичинекей кара чыптама.Мен эне-баланы карап калдым.Аялдын сумсайыңкы жүзү мага жагымсыз көрүндү.Төрдө алардан башка дагы бир чоочун аял.
Мен өз энме окшош ак жуумал,субагай жүздүү,шыңга бойлуу жайдары аялды издеп томсоруп турдум.Бул жерде энемдин энеме окшогон аялдын жоктугун көрүп ыйлагым келди.Батыш эжемди карап тизесин орой кучактадым.
-Эжеке,жнем канакей?
-Тигине энең,кана жанына барып өптүрүп койчу.
Мен басар-басмаксан болуп Батыш эжемдин коштоосунда жыйрылып барып,ый-аралаш сүйлөдүм:
-Бул менин энем эмес.Өптүрбөйм. Коё бергиле мени…
Алиги семиз кара аял сумсайган калыбында күлүмсүрөдү.
-Ии,Жайнак айткан алиги кызы ушул го.Тим койгулачы ыйлатпай.Эл кеткенден кийин өзүбүзчө таанышып алаарбыз…
Ошентип,мени жаңы энем өппөй койгон.Мен өгөй энемден сүрдөдүмбу, же аны күнүлөдүмбү билбейм.Эми ойлосом күнүлөгөн экенмин,ал да мени күнүлөптүр.
Эшикке чыккан бойдон экинчи үйгө киргеним жок.Ошол учурдан тартып эмнегедир өз үйүм өзүмө суук көрүнүп жатыркай баштадым.Бир кезде атам эшикке чыгып,менин дубалга сүйөнүп ыйлап турганымды көрүп чочуп кетти.
-Энелүү болгон киши да ыйлайт бекен!Жүр, үйгө кир.-Атам көз жашымды сүртүп,үйдү көздөй жетеледи.Мен мурункудан да күчөп булкулдадым.
-Барбайм үйгө.
Атам мени көтөрмөкчү болду.Мен буттарымды тыбыратып,колдон суурулуп түшүүгө аракет кылдым.Атам экөөбүз ошентип жатканда биздин уйдөн Алмадай чоң энем чыкты.Атам экөөбүздү көрүп токтоду.
-Э ботом,сен Жайнаксыңбы? Кызың экөөң бул жерде эмне кылып турасыңар?
-И,Махабатты үйгө жүрү десем болбой жатат.
-Э кокуй,ошол да кеп болот бекен.Атасынын тилин албаганы эмнеси?Антпе балам,атаңды капа кылбай сөзүн ук.Минтип энелүү болуп олтурасың.Эстүү бол,айланайын. ..
Биздикине келген эл тарап,орун салуу башталды.-Мыкаттын төшөгү кайсы?-Эки бети тамылжып турган атам мени жетелеп турду.
Энем жалгыз салынган бурчтагы кичинекей төшөктү көрсөттү.Эки кишилик кроватта дагы бир төшөк салынып турат.Ал тигил жаңы энем менен бирге келген чоочун аял,чоочун кыздыкы экенин түшүндүм. Мен өлгөндөн бери такай атамдын койнуна жатуучумун. Үч жылдан бери атам мага кудум эне сыяктуу болуп калыптыр.Азыр да атам менен бирге жаткым келип турду.Жалгыз жаткандан коркуп,жүрөгүм титирейт.
-Ата,сен кайда жатасың?
Атам менин суроомо буйдала түшүп жооп берди.
-Апаң менен!
-Ал апам да,энем да эмес,чоочун катын.Жаткырбайм сени менен.
-Антпе балам,энең укса таарынат.Кана бысмылда деп жатып алчы.-Мени төшөгүмө көтөрүп жаткырды.Эки жагымды кымтып,көзүмдөн өптү.Үстүмдөгү жуурканды ыргыта тээп томолонуп турдум.
-Мен сени менен жатам,атаке! ..
-Сен жакшы кыз эмес белең.Мага эне алып келип бер деп өзүң айтпадың беле.Эми мен жокто жалгыз калбайсың.Турсунай экөөң ойнойсуңар. Энең дайым жаныңда болот.
-Ооба,алдап жатасың.Бул энем эмес.Мен аны жакшы көрбөйм.Кетсин кызын алып өзүнүн үйүнө.
Бизди карап тикесинен турган жаңы энем атамды алая карады.
-Жайнак сен убара болбой кызың менен жат.Мен да кызым менен жатам.Болбосо аны ырсактатып оюна койбой,такымын тарата чаппайсыңбы? Кудай ургандын тажаалын.Жашабай жатып атасын кооруйт.
Атам тайсалдап,энемди карап ыржайып күлүмүш болду.
-Ой байбичеси,баланын иши чала деген ошол.Сени менен жатам дегеним кулагына өөн учурап жатпайбы.Үч жылдан бери ата эле эмес,эне да болуп калдым.Көнөт да.Андан көрө бооруңа тартсаң…
Мен башымды атмдын колтугуна катып алып күчөп ыйладым.Аял ушул саамда мурдагыдан да көзүмө жаман көрүнүп кетти.Атам мени ыйлаткан бойдон көтөрүп,ордунан турду.
-Болуптур,кызым, ыйлаба мен сени менен жатам…
Атамды кучактайм.Уктап калбоого тырышам.Денем бошоп көөшүп баратып чочуп кетем.Ошентип жатып уктап калыптырмын. Эрте менен ойгонсом жалгыз жатыптырмын. Көзүмдү ачар ачпастан ордумдан томолонуп турдум.Тышкы үйдү көздөй:-Атаке- ее!- деп ич көйнөкчөн бакырып жөнөдүм. Атам жаңы энем менен кучакташып уктап жатыптыр.Денем дүрүлдп,көзүм тумандай түштү. «Ата,атаке. «-деп ыйлап жибердим.Экөө тең чочуп ойгонушту…
атам мени уруп койду.Өмүрүмдө атамдын таягын эмес,катуу тилин да укпаган мен,эми андан тез эле оолактай баштадым.Катуу үнү чыкса кирээрге жер таппайм.Тагдыр менин наристе башымды ушинтип катуу түйшүккө,ысылуу- суукка көнүктүрө баштады.Баарынан да өгөй энемден биринчи жеген таяк эсимден кетпейт.Ошол түнү жаңылып,төшөгүмө сийип коюптурмун.
-Ай кыз,туруп уйду бадага кошуп кел!-деп өгөй энем мени жулкулдатканда ойгоо жаткан болчумун.Ордумдан учуп турдум.Үйдөн чыгып кетсем төшөккө сийгенимди билбей калат экен деп ойлодум.Уйду бадага кошуш үчүн айылдын четине чейин айдап баручубуз.Көчөдө уй айдаган эч ким көрүнбөйт.Бададан кечигип калган экенмин деп чолок мүйүз кызыл уйду астыма салып алып өкүрөңдөтүп, чыбык менен сабап бараттым.Мен келгенде бада чогула элек экен.Башкалардын келишин күттүм.Мен кайра келгенде өгөй энем сааган сүтүн тартканы Бердалы абамдыкына көтөрүп баратканын көрүп,бактын далдасына токтоп калдым.
-Сен ал жерде эмне кылып турасың!-Энем мени көрүп калыптыр.-Бар, кечээки мен көрсөткөн огороддун четине музоону байла.Көзүңдү жакшылап кара.Кокустан бедеге жетип калып,ичи жарылып өлбөсүн.Күрмөгөндү жакшылап үйрөндүң беле?Темир казык ордунда турат.Уктуңбу?
-Ооба.
Мен музоону чече албай көпкө убараландым. Ары-бери жулкунуп мени улам жыга коёт.Эптеп жатып жибин жаңы эле чечип бүткөнүмдө жулунуп,жылаңаяк бутумдун беш манжасын сый басып кетти.Музоо колумдан чыкты.Бутумдун башы кабарып,кан- сөлү кача түшүп барып,кайра бир заматта каракөк тартып тыталанып көөп чыкты.Ооруган бутум жанымды көзүмө көрсөтүп,жер бастырбай калды.
-О-о,бу-ту-уум. Бу-тум-аай,бутуу- уум.Бутумду кармап алып ыйлап жаттым.
-Маха-ба-аат! Оо мамыран калгыр,музоо бедеде жүрбөйбү,э кокуй.Өлдү ээ ичи жарылып.Бул эмнеси ботом,арканда десе агытып ийип.Ма-ха-ба- ат!
Короого кире берип казыктын түбүндө ыйлап отурганымды көрүп,чакасын жерге коё коюп мени көздөй ачуулуу басты.
Экинчи күнү да ушундай болду.Жаңы энем менен жаткырбай атамды беймаза кылдым.Үчүнчү күнү
-Э,эмне болуп кетти сага?
-Бутумду музоого бастырып алдым.Ооруп жатат.Оо-ой бу-туум аа-ай.
Сөомөйү менен чекеме сайды.
-Кана,сынып калган жокпу,көрсөтчү мага.
Атамдын үнү огород жактан бакылдады.
-Музоону эмнеге бедеге агытып жиберген.О,Аныйпа!
Энем атамдын үнүн угуп дароо өзгөрдү.
-Тур эми кечке ыйлабай,-деп жашымды аарчыды.-Чебердебейсиңби. Бутуңду талкалай баскан тура,арам өлгүр…
Атам көрүндү.
-Бул баланы эмнеге таң атпай тургузгансың? Уйкусу канбаган бала-бала болобу?
-Мен муну уктаба дептирминби. Таң атпай турган өзү.
Атам тору быштысын мамыга байлап жатып мени карап калды.
-Эмне аксаңдайсың? Ыйладыңбы?Жылаңаяк да экенсиң.
Жаныма келип,мени астына алып көк кыртышка алып отура калып,бутумду көрө баштады.Ар жактан энемдин актанган үнү чыкты.
-Мен муну музоо арканда дегенсип,алы жетпеген немеге асылганын кантесиң.Кой дегенде коюп калган жакшы экен го…
Атамды жалдырай карадым.Ал көздөрүмдөн өптү.
-Көзүңдөн секет кетейин,Турсунай турганда туруп жүргүн деп канча жолу айттым.Ал музоого сенин эмес,менин алым жетпейт.Карачы бутуңду,ушу кантип болсун.Куураган турбайсыңбы.
-Энем өзү бадага уй кошкун деп ойготкон.
Атам селт этти.Ичинен дем алып токтоду.Өңү өзгөрүп,эрдин кесе тиштеди.Мага: «Бутуңду кий,жылаңаяк жүрбө,эрте турба.»-деп эскертти да,энем менен сүйлөшпөстөн, эртең мененки тамагын да ичпестен атын көздөй басты.Атам короодон чыгаары менен энемден коркуп,Батыш эжемдикине качып кеттим…
Алмадай чоң энем буту-колумду жууп,кесилген жерлерине кам каймак сүйкөп,эски көйнөгүнүн этегинен жыртып жарылган бармагымды таңып койду.Уйкум келип кирпиктерим илеше түшөт,кайра- кайра эстейм.Эртең мененки чайы даяр экен.
-Турчу Батыке түш болду.Үйдөгулөрдун жумушка кеткени качан.Баятан бери Мыкаттын буту-колун жууп жаттым.Жанакы булкактай болгон музоону аркандайм деп бутун талкалата бастырып алыптыр.Энеси жарашпай калды го курган баланын.
Чоң энем кызынын чекесинен өөп,маңдайынан сылаганын ачык эшиктен көрүп турдум.Батыш эжем менин атымды укканда ордунан атып турду.Эшикке чыгып жуунуп кирген эжем,менин жаныма жакын олтуруп,алдыма каймак,кант салынган тарелкаларын жакындатып койду.
-Өз кызы кайда?
Бутумдун башын тиктеп отурган калыбымда үн чыгардым.
-Уктап жатат.
-Уктабай өлүп кетсин.-Эжем башындагы ийри таракты алып,менин чачымды тараганы баратып,кайра сайды.-Анан тарап берейин.
Биз чайды ичип бүтүп калган кезде Турсунай кирди.
-Ай,Махабат, сени энем чакырып жатат.
Батыш да,энеси да кызга зааркана карады.
-Үйүңөрдө ким бар?
-Энем.
-Мыкат деле сага окшогон бала да.Бадага уй кошконго сени эмне жумшабайт?
Кыз эшик алдында мисирейип,кыймылсыз турду.
-Бул эмнени билет,тигил- бул деп эмне кыласың?Айтып барса,абийирди кетирет.-Чоң энем мага дагы чыны сунду.-Ичегой.
-Айтам эле.Атайы айтып барсын деп айтып жатам.
Чоң энем кызын жактырбагандай кабагы түйүлө түштү.Анан Турсунайга мээримин төгө сүйлөдү.
-Келегой,Тукан, чай иччи.Эжеңдин айткандарын энеңе айтпа,балам. Анда сен ушакчы болуп каласың.
-Айтпайм.-деди кыз уялыңкы.
-Ошент,айланайын. Мыкат экөөң ынтымактуу болгула балам…
Турсунайдын аркасында ээрчип келатып биз жаткан төшөнчүлөр короонун ичиндеги отундун үстүндө турганын көрүп коркуп кеттим.Энемдин айбатынан денем дүрүлдөдү.Колундагы чыбыгы кыймылдап,беттери дирилдеп тургандай туюлду мага.
-Тетиги төшөк эмне?Өлтүрөйүнбү сени?Кир үйгө!
Үйгө жүгүрүп кирдим.Артымдан ээрчий кирген энемдин колундагы көк чыбык бутума ороло түштү.
-Энекебай,экинчи төшөккө сийбейм,урба мени.-Жыгылып кеттим.Энемдин буту далы ортомо тийгенде жүрөгүм үзүлүп кеткендей өзөрө түшүп,мурдум түтөктөп канап кетти…
Кечке ооруксунуп, көңүлүм ачылбай,жеген таягымды эстеген сайын муунум бошоп жүрдү.Ойногон да жокмун,көчөгө да чыкпадым.Энем көрсөткөн уйдун жампасын жаңы эле чогултуп,тыпын кошуп ийлейин деп жатсам Турсунай улактай секирип келип алдыма тура калды.Жыгачтын учуна илип алган уйдун жампасын оозума жакындатты. Мен жыйрылып,башымды буйтадым.
-Ме жейсиңби?
Колун кагып жибергенимче болбой оозума шыбап кетти.Үйдөн чыккан апамды көрүп даттандым.
-Апа,карачы Турсунайды, уйдун богун оозума сүйкөп кетти,чампалатпай жатат. Ал мени укпай калды окшойт.
Апам кечки тамактан кийин идиш-аякты чогултуп алдыма койду.
-Талкалап алба,абайлап жуу…
Эшиктин чала жабылган жылчыгынан Турсунайдын эркелеген үнү угулду.
-Мен Махабат менен жатпайм энеке!
-Макул ырысым,аны менен жатпай эле кой.
-Мага тетигил атлас жуурканды салып бер,макулбу? Турсунай энесинин мойнунан кучактап эркелеп жатты.
-Махабатка кайсы жуурканды жабасың?Ага да атластыбы?
Энемдин эмне дегенин укпай калдым.Мага да атлас жуурканды жапты го деп ойлоп,ичимден кымылдап,эшиктин алдына келип токодум.Байкасам менин төшөгүм жерге салыныптыр. Үстүнө атамдын эски пальтосу жабылып турат.Көңүлүм чөгө түштү.Турсунай болсо кийимдерин чечип туш келди ыргытып жиберип,кыткылыктап керебеттин үстүнө чыгып,шайы жууркандын ичине кирди.
-Энеке!
-Энең секет кетсин.
-Ушул тукаба,шайы жууркандардын баары меники ээ?
-Сеники каралдым.
-Күзгү,гордировчу?
-Алар дагы.
-Ушул үйдөгүлөрдүн баары меникиби?
-Сеники.
-Махабаттын эчтекеси жок ээ?
Энем унчукпай калды.
-Энеке дейм?
-Уктачы балам.
Энем ордунан турду.Эшикке чыгып келатып,босогонун түбүндө,оозгу бөлмөдө ыйлап отурган мени көрүп каалганы тарс жапты.
-И-и,дагы эмне болуп кетти?Көзүңө ак түшкүр,жаман жорукту баштап,караңгыда эмне ыйлап жатасың?
Мен ички бөлмөгө киргенимде Турсунай суналып жаткан калыбынан жазбай мага тилин көрсөттү.
-Ии,ии,сенин эчтекең жок.Мунун баары меники.Кантесиң?
Ичим күйүп кетти.Анын жамынып жаткан жуурканы да меники болчу.Мен бардыгын тартып алгым келди.Жанына чуркап бардым.
-Келе,бул менин жуурканым,менин керебетим.Турсунай тура калды.Экөөбүз кармаша түштүк.Ал менин үстүмдөгү жекетти талаша баштады.
-Чеч,бул меники.
Тиземе тээп жиберди,мен жыгылып кеттим.Турганымча болбой басып жыгылды.Үстүмө минип алып,чачтарымы жулмалап,башка- көзгө койгулайт.Колдорум бош эле,оңтою келгенде мен анын бетин аймап алдым.Бардык күчүм менен каршылык көрсөттүм.Колун тиштегилеп, чачына асылдым.Турсунай кыйкырып жиберди.
-Энеке-е-е,карачы Махабатты,мени уруп жатат.
Энем киргенде экөөбүз эки жерде турганбыз.Турсунай энесин көргөндө мени башка дагы бир муштап калганга үлгүрдү.Анан даттана баштады.Ал кызынын бетин жарыкка салып карады.
-Э кокуй күн,баламдын бетин чарыктай тытып салган тура.Сен муну аягансың го.Көзүн чукуп алууң го.-Мен тиштеген колдорун сыртынан өөп-өөп алды.-Тишине келсин.
Энем мени жаакка чуу-чуу тартып жиберди.Санымдан катуу чымчып туруп толгоп алды.Чыдабай кеттим.
-А-таа-кее-ее! А-т…
Энем мени колу менен катуу тумчуктурду.
-Ма-ха-баа-т! О-о,кызым Ту-ка-ан!
Тыштан атмдын үнү ушинтип угулду.Эмне кылаарымды билбей сүйүнгөнүмдөн эрээркеп,үнүмдүн бардыгынча кыйкырып жибердим.
-А-таке!Карачы буларды,Турсунай менен апам экөо мени уруп жатат.
Энем шашып калды.
-Болду эми басыл.Тигине Турсунай деле ыйлабай калды.-Көз жашымды сүрттү.-Өзүң тийишпедиңби. Таң атсын,анын жазасын колуна берем.
Атам кирип келди.Ал бизди карап сестейип калды.Өпкөм көөп,кайра-кайра солуктап,ыктытып жатып толук эчтеке айта албай койдум.
-Ата-ке! М-е-н-и..
-Бул кандай?-Атам дагы эле ирегеде турду.
-И,тетигил бетпак экөо урушуп,ботом, араң ажыраттым шайтандарды. Бул анын бетин тытып алыптыр.
-А-та-ке,Ту-ур- сун-ай…
-Каралдым,каралдым, эмне талаштыңар, урушпай ынтымактуу болбойсуңарбы?
-Жуурканымды алып алды.Анан мени Турсунай да,энем да урду.
Атам бетимден сүйүп чачымдан сылады.
-Антип бириңдин бетиңди бириң тытпай жүргүлө.Бир туугандар да урушат бекен.Эл укса уят болбойбу.
-Өзү урду,анан…
-Ой ыймансыз,ал качан урду сени.Чатакты өзүң баштабадыңбы?
Энем менин төшөгүмдү көздөй басты.Сыягы, атамды бүгүн дагы келбейт деген көрүнөт.
-Алдагы мунун төшөгү го?!
-Өзү салып алган тура.
-Өзү салып алган экен да ээ.Тфу.-Жерге катуу түкүрдү.-Ушунча жууркандан буга тиешелүүсү жокпу.-Атам менин төшөгүмдү ыргыта тепти.-Алып кел теетигил энесинен калган жууркандарды. ..
Ошол күнү энем менен атам урушуп калышты.Бирөө кетем десе бирөө кет дейт.
-Эртең мен келгенче үйдү бошотуп кой,-деди атам.-Сен тойсоң мен да тойдум.Кетем дедиңби,кетип жогол,көзүмө көрүнбөй.
Бирок апам кетем деген менен эч жакка кеткен жок.Мага болгон энелик мээрими да өзгөрбөдү… Эртең менен энемдин үнүнөн ойгонуп кеттим.
-Тур уйду бадага кош.
Денем коргошундай ээрип,уйкудан көзүм ачылбайт.Көзүмдү кайра-кайра ушалап,кайра- кайра эстеп жатып,ордумдан зорго козголдум.Атамды ойлоп турдум.Ал эки күндөн бери үйгө келе элек.Талааны сагындым,тракторго түшкөн күндөрүмдү! Оо,анда кандай сонун эле.Чымылдыктын гүлдөрүнөн терип алып,какум аралаштырып таажы жасоочумун. Трактористтерге тамак бышырган Сулпукан энени көргүм келет.Казанга жапкан нанын сагындым.Атам мени өңөрө барып,ошол кишинин жанына көп калтыра турган.Биз баратканда астыбыздан утурлай баскан аял:»Оо,кагылайын, менин жакшы көргөн кызым келаткан тура»-деп бакылдап аттан көтөрүп алчу.Мен ал кишинин жанында калганымда атамды да эстебей калчумун.Бир күнү атам мени кайра өңөрүп келатып:» Минтип өңөрүшүп жүрбөй,сага эне таап берсем бекен ыя? » деген сөзун угуп сүйүнүп кеттим.»Атаке Сулпукан энемди эле эне кылып алайын да» атам бырс күлдү,»Ал сага эне болбойт балам,өзүнүн кыздары,балдары бар.Жаш кезинде эрге тийбеген эми тиймек беле!» … Мен атамдын сөзүн түшүнө берген эмесмин.Балдары мага бербейт тура деп гана ойлогом.Азыр да ошол Сулпукан энени эстеп,ошонун жанына,атам иштеп жаткан жерге кетип калгым келип турду…
Өгөй энемдин келгенине эки жыл болуп калды.Мен сегизге чыктым.Мурдагыга караганда кол арага жарап калдым.Энем эгиз эркек төрөгөн.Биринин аты-Асан,биринин аты-Үсөн.Ушул эки бөбөгүмдү көргөндөн бериатам энеме мурункудай болбой,баш ийгендей,кетирген кемчиликтерин этибарга албагандай, көзүн карагандай кебетеси бар.Энем Асан менен Үсөндү,Турсунай менен мени сууга түшүрөм деп сууга жиберди.Эки чака сууну көтөрө албай майышып келатсам Батыш эжем алдыман чыкты.
-Э,катыгүн Кудай,бөксө эле көтөрсөң боло.-Батыш эжем колумдагы чакаларды алды…
Мен үйгө киргенде энем Асанда ороп-чулгап жаткан калыбында мага бурулду.
-Эшикте үнү чыккан ким?Бирөө келдиби?
-Батыш эжем.
-Эмне дейт?
-Мени мончого түшкүн деп чакырды.Сууну көтөрүп келип берди.Чакаларга топтолтура.
Энем мени суу колу менен жаза-буза бир чапты.
-Э көгөрбөгөн бетпак,Өзүңдү жибербедим беле мен.Же сууга жиберди деп даттандыңбы ага? Бар ошондо барып кирип ал.Мончосуна түшөсүңбү,шайтанына түшөсүңбү өзүң бил.Тигине ич кийимдериң. ..
Алмадай чоң энем мончого келгенимди көрүп,аябай сүйүндү.Буту- колума текши вазелин жапты.Анан ыкчам сууга чүпүрөктү нымдап келип буттарыма ороп туруп өзүнүн чий баркут кемзелин тиземден ылдый жаап койду.
-Эжең чакырганча кыймылдабай олтуруп тур.Куураган шордуу балам,буттарың кычы басып,туурулуп кеткен тура.Кантип гана чыдап жүрдүң экенсиң.
Мен кабагымды чытып,буттарымдын башын кыймылдаттым.
-Эмне,ачышып жатабы.Эптеп чыда балам, жибисин.Анан ушул бойдон барып мончого түшсөң жакшы болот.Ага чейин буту-колуң жумшап калат.
Батыш эжем агаларынын балдарын жуунтуп жатыптыр.Мага бир далайдан кийин кезек келди.Кийимдеримди чечип,ысык таштын үстүндөгү аптапка салбыратып илип койду.Чылапчынга суу чабыштырып келип,башымды жаңы эле жуганы жаткан эжем кетенчиктей түштү.
УЛАНДЫСЫ БАР….