Жаным узулгон жерге беш убак барып тур.

~ЖАНЫМ УЗУЛГОН ЖЕРГЕ БЕШ УБАК БАРЫП ТУР!~
Жалбырактар кубулгон куздун айлары да бутуп,кычыраган кыш колун созуп,келе жаткан эле.Бакыт менен Али сабактары буткон сон дайым зангыраган мечитти коздой чуркашаар эле.Алар аран 7-класс болушса да ото зирек ары акылдуу,боорукер,ыймандуу жана адептуу балдардан.
Бакыт Алиге абдан суктанчу.Анткени анын ата-энеси динзар,илимдуу,кадыр-барктуу кишилер.Копчулук учурда Бакыт Алинин уйундо болчу.Экоо бир туугандай болуп калышкан.Кундордун биринде Бакыт досуна:
-Досум,менин ата-энем да сеникиндей Кудайдан корккон,намаз окуган ,туура жургон адамдардан болушса ээ?-деди.
-Албетте ошондой болот!Досум сен коп дуба кыла бер,Аллах албетте аларды туз жолго салат.
-Мен элестетип коройун да Али?
-Эмнени?
-Ата-энемдин намаз окуп,жакшы иштерди кылууну адат кылып,арам аракты таштап,ыймандын таттуу каймагына малынып жатышканын.-деп Бакыт,козун жумуп,созун улантты:
-Эгерде ошондой болсо ,мен Багымдатка алардан эрте туруп,апакеме,атакеме дааратына суу даярдап,алардын чекелеринен суйуп ойготмокмун,анан биргеликте намаз окумакпыз.Апакем биздин усту-башыбызды карап,кийимдерибизди жууп,таттуу тамак-аш кылып,акылдуу аял болмок.Атам болсо бизге адалдан тамак-аш табып келип,бакмак.Мектептеги ата-энелер жыйналышына тынбай барып,менин келечегим учун кам корушоор эле.
Билесинби досум,ата-энем жанымда жана тируу болушса да,мен бары бир эмнегедир жетим сыяктуумун.-деди ыйлап. Али досуна боору ооруп:
-Кайгырба Бакыт,буйруса баары ордуна келет.Сен ойлогондой,кыялдангандай кун созсуз келет.-деп досун кучактады…
Бакыттын уй-булоосу жакыр жашачу.Ата-энесинин ичкиликтен башы чыкчу эмес.Кээде уулу Бакыттын бар экенин да унутуп коюшчу.Аларда мээримдуулук,боорукерлик сыпаттар очуп,жашоосунун манызы жок,супсактан супсак эле.
Бакыт мектептен чыгып уйуно келди.Адатынча уйдун берекеси учуп,арактын,тамекинин жыттары буркурап,конулду айлантып,бака-шака добуштар маанайынды тушурот.Бакыттын журогу тилинип,жан-дуйносу ыйлап турду.Ал басып барып алар отурган болмону ачты.Караса атасы,апасы жана ичкилик ичкен атасынын достору отурушат.Апасынын чачы албарстыдай болуп саксайып,жудоп калган.Бакыттын ичи ирин болуп,эмне деп соз айтаарын билбей нес болуп турду.Анан апасы:-Келдинби?-деди корсулдап.
-Ооба апа.
-Келсен эмне корбой турасынбы уйдун абалын?Тезинен жыйнап идиштерди жуу да,анан билгенинди кыла бер.-деди да ахаалап,башка баласына конул бурган жок.
Ношорлоп жааган жамгыр кандай болсо,Бакыттын коз-жаштары да ошондой болду.Ыйлап уйду жыйды,эки-уч кундук топтолуп калган идиш-аяктарды жууду.Бир убакта атасынын достору да кетти.Бакыт алар ичип отурушкан болмого башбакты.Адатынча атасы менен апасы ызы-чуу салып,атасы апасын уруп жатыптыр.Идиштер талкаланып тамактар тогулгон…Бакыт ыйлап,бакырып,колдон келген аракетин кылып жатып аран аларды болуштурду.Ата-апасы экоо тен алжып мас жана коркунучтуу абалда эле.Ошентип кеч да кирип баары укташты.
Тун ортосунда Бакыт жаш болсо да ,суукка карабай,карангыдан коркпой,даарат алып,тахаджуд намазын ыйлап окуду,жана ал алакан жайып,
-Оо Аллахым сен эн боорукер,эн мээримдуу затсын!Суранам ата-энемдин куноолорун кечир.Аларды озуно жакындат!Дуйнодо алар да сени таанып,ибаадат кылып калышсын.Мен сенден байлык ,акча сурабайм,сенден ата-энемдин шайтандын торунан ак жолго чыгуусун суранам.Бизди ачка кылсан кыл бирок жан-дуйнобузду,журогубуздогу ыйманыбызды алсыратып ачка кылба!Туура!Балким сен ата-энеме таарынгандырсын,бирок алар жакшы адамдаар,мен аларды жакшы кором.Суранаарым аларды ороп алган карангылыктан чыгара кор.Аллахым эгерде аларга туура жол насип этпесен,алардын акыбалы акырээтте кандай болот?Кабырда жан чыдагыс азап тартып,коркунучтуу тозокто куйуп,ирин суу ичип,кылган куноолору учун чынжырларга байланып кыйналышын каалабайм! Эч каалабайм!Айрыкча алар бул дуйнодо сени унутуп,тааныбай кеткен болсо,сен ата-энеме акырээтте «МЕН ДА СИЛЕРДИ УНУТТУМ»дешинден корком.Бизди арамдардан алыстат!-деп коз жашын кол кылып ыйлап дубаа кылды да,кайра ордуна барып,муздак жуурканын жамынып,умут менен уйкуга кетти.
Эртеси Бакыт багымдат намазынан сон,ата-энесине тамак даярдап аларды ойготту.Бети-колдорун жуушкан ата-энеси чайга отурушту.Тып-тынч тамактанып жатышты.Ал тынчтыкты Бакыт бузуп,мындай деп кеп баштады:
-Атаке-апаке суранаам силерден эми башка ичпегилечи.Мени ойлобосонор да озунорду ойлогулачы.Кааласанар тизе бугуп жалынайын.Суранам алтындарыым,ушул арам сууну оозунарга албагылачы…-деп жатканда Атасы тамак ичкен столду тарсылдатып,-Токтот,очур унунду!Айбандын гана баласы!Сен эмне бизге акыл уйрото турган даражага жетип калдынбы?!Акмак!Бир тыйын уйго алып келбейсин дагы анан кайдагы сандырак создорду суйлойсун!-деди.Бакыт ыйлап,тамак ичкен болмодон чуркап чыгып кетти.Кийинип,коздору шишип,окуусуна жонойун деп батинкесин кийди эле,бут кийиминин ичи суу экен.Башка батинкесинин жоктугунан ошол суу батинкеси менен окуусуна кете берди.Жолдо Бакыт эмнегедир кундогудон озун абдан жаман сезди.Журогу ойнолоктоп,козу кубара тушту.Журогу катуу ооругандыгынан жерге отура калды.Бир аз отургандан сон оорусу женилдей тушуп,жакшы боло тушту.Бакыт журогунун ооруганына маани берген да жок.Оюнун баары ата-энесинде эле.
Ошентип кундор куштай учуп,бир жыл заматта отуп кетти.Бакыттын уй-булоосу озгоргон жок,мурда кандай болсо азыр да ошондой эле.Бирок Бакыттын журогу мурдакыдан коп оорумай болуп,оорусу кучоп бараткан.Ата-энесине айтайын десе,алар тушунууну каалашчу эмес.Ары даарылатканы чак-чамалары да жогун тушунгон Бакыт,дартын жашырып, эч кимге ундогон да эмес эле.
Бакыт 8-класста окуп жаткан кез.Сабак буткон сон,досу Али менен чогу басып келе жаткан. Анан досуна :
-Али,мен сага бир катты берем,суранам,аны ата-энеме тезинен жеткире аласынбы?-деди. Али танкалып:-Сен эмне бугун уйуно барбайсынбы?-деди.Бакыт болсо:
-Уксан Али,ашыкча суроо бербечи суранам,аны озум да билбейм.Сен болгону менин кичине кагазымды ата-энеме жеткирип берчи.
Али кулуп:-Бугун сага эмне болгон?Ой макул жеткирем да ,качан созунду эки кылдым эле?-деди.Бакыт колундагы кичинекээй катты Алиге сунду да,досун катуу кучактап,кундокудон башкача коштошту.Али эч нерсеге тушунбой,танкалып турду.Экоо эки жака кетишти.
Бакыт жолдо баратып,апасын-атасын кучактап,опкусу келди.Бирок ата-энеси уулун эс тарткандан баштап, бир да жолу жакшы эркелетип,оппогондуктон,мени жаман коротко деп ойлочу.Эмнегедир олоорун билгенсип,катуу чуркап,досу менен кундо намаз окуучу мечитти коздой чуркады.Акыры жетип,даарат алып,намаз окуп баштады.Коз-жашы молт-молт агып,журогу катуу кысылып,денеси чымырап ,аран намаздын эки рекетин окуп,учунчусун окуп жаткан кезде,шайы кетип,шалдырап,коздору тумандап акыры Бакыт жан берди…
Али катты берейин деп Бакыттын уйуно барса Кудай жалгап экоо тен соо экен.Али:
-Ассальаму алайкум,байке сизге Бакыт кат берип ийди.-деди.Атасы:
-Кат?Кандай кат ?-деди таныркап.
-Билбейм,мага да айткан жок,болгону ушул катты сизге берип коюумду отунду.-деп Али катты берди да уйуно кетти.Ал катты атасы алаары менен окуду да,эч нерсеге тушунбогон бойдон турду.
Ал катта Бакыт: » Ардактуу атакем,асыл апакем мени кечиргиле.Мен силерди катуу жакшы кором,катуу! Апа-ата Алланы эстегиле! Атаке сизден отунуп суранаарым ЖАНЫМ УЗУЛГОН ЖЕРГЕ БЕШ УБАК БАРЫП ТУР!
<<уулунар Бакыт>>.»
Алар эмне деп ойлонгучакты мечиттен Бакыттын олгондугу тууралуу кабар келди.Ошондо гана ата-энеси уулунун жиберген катына толугу менен тушунушту.Апасынын журогу,суйуусу эми гана ойгонуп,чыркырап ыйлады.Балам-балаам десе да Бакыттын кайрылып келбестигине ишенбей турду. . .
Атасы акылына келип,жакшы уулунун баркына жетпегенине окунуп,баласынын суранычын жерге таштабай,кундо беш убак Бакыттын жаны узулгон мечитке барып,жакшы адамдарга кошулуп,намазын узбой окуп жатты…..

Досторуңуз менен бөлүшүңүз..........

КЫРГЫЗЧА САЙТ ⚜️