Тармалданган капкара чачы ак куба жүзүнө жабышкан жаш аял кең аянттын ортосунда өзүн унутуп жамгыр менен кошо бийлеп жатты. Жамгырга суу болгон көйнөгү солкулдаган боюна жабышып адеми мүчөсүн, бир тутам белин ансайын сымбаттуу көрсөтөт. Шатырата төккөн жамгырдан калкалана качып ары-бери өтүп бараткан адамдар аялды таң кала карап, кээ бирлери шылдың аралаш коштоп ышкырып коюшат. Жаш аял мунун бири менен да иши жок, өзүнө гана белгилүү башка ааламда жүрдү. Аңгыча элеңдей баскан орто жаштагы буурул чач аял келди да келинди оболу колдон тарта четке тартып, ыгына көнбөй боюн таштай чалкалаган аялдын кулагына бирдемелерди шыбырап жоошутуп жатты. Жаш аял бир топто тынчтанды. Анан улгайыңкы аялдын арык ийинине башын жөлөй жетегине көнүп, аял титиреген келиндин ийнине күрмөсүн жаап, бооруна кыса кучактап четке жетеледи.
– Ал келген жок,-деди жаш аял муңкана.
– Жамгыр жаап ийбедиби. Келет? каралдым, жамгыр басылаары менен келет.
– Ал жамгырда да келчү,-деди жаш аял ыйлап сооронгон баладай солуктап.
Картаң аял жаш аялдын суу болгон саамайынан сылай унчукпай шуу үшкүрдү.
***
Суусар бой жеткени алда кандай улуу сезимди күттү. Кызга арналып жазылган далай каттар, ырдалган ырлар да Суусар көксөгөн сезим эместей умсунуп, бейтааныш жанды эңседи. Сары изине чөп салган далай жигиттер сулуунун бир ирмем көз карашына зарыгып, бирок, бири да негедир жооп ала албай бозорду. Суусар кыялындагы адамды шаардан жолуктурам деген менен андай адам негедир зарыктырып көпкө жолукпады. Жогорку окуу жайды ийгиликтүү аяктаган кызды университетке калтырмак болушту эле апасы асман айдан кетип:
– Кагылайын, сен шаарыңда калсаң мен ээн үйдө соксоюп куурабаймынбы. Жаныма эле кел,-деп кулагына кумдай куюп жатып айылга алып келип алды. Эне-бала бири-бирине эш болуп эртели кеч кобурашкан менен Суусар алда неден буулугуп жалгызсырачу болду.
– Сукентай, өз теңиңди тапсаң болот эле, каралдым. Мен да көңүлүм тынчып кетет элем,-деп муңканат апасы кызы экөө сырдашкан узун түндөрдө.
– Апа, кимге чыгам?-дейт кыз ойлуу.
– Кимге чыгам дегени эмнеси, сен онунчуну бүткөнү канча жуучу эшигимди жыртты, бирине да макул болбодуң. Мейли окуусун бүтсүн дедим, мына окууңду да бүттүң. Кара далы болбой бирөөнүн этегин карма, каралдым. Тиги Абдыразактын уулу жаман жигит эмес, канча каксаң да көңүлү калбай үмүттөнүп келе жатат. Кечээ да жеңесин жибериптир,-деди коомай.
– Апаке, дагы кичине коё турчу, эмне, менден тажадыңбы?-деди Суусар ызалуу.
– Ок, тажадыңбы дегени эмнеси, кыздын барар жери күйөө, кагылайын. Мен да элчилеп колум менен сеп берип кыз узатып, небере жыттап, бешик той, жентек бергим келет.
Апасы бышактап ыйлап кирди.
– Апаке, ыйлабачы. Макул, сен айткандай эле болсун,-деди Суусар апасынын жаштуу көздөрүнөн өпкүлөп. Таасил көпкө унчукпай жатты да, анан бир кезде мурдун шуу тарта муңайым кобурады.
– Көңүлүң каалаган адам болсо аны айт, аны деле күтөйүн,-деди кызынын көңүлүнөн өтө албай кыңырылып.
– Апакем ай, ошо адам жок болуп жатпайбы,-деди Суусар энесинин көкүрөгүнөн шуу жыттай.
Арадан ай айланбай кызга жуучулар келип, той белгиленди. Суусар көкүрөгү бопбош, дили суз бойдон башкарма Абдыразактын уулу Райымжандын аялы болду.
***
Мектепке шашып бараткан Суусарды жандай берип токтогон УАЗдан башбаккан бейтааныш киши токтоо саламдашты.
– Саламатсызбы, кечиресиз, мектепке ушул жол менен бара алабыз да ээ?
– Бизде бир эле жол, бир эле мектеп бар, түз бара берсеңиз адашпайсыз,- деди Суусар жактыра бербей. Бейтааныш осол болгондой ыңгайсыздана жылмайды.
– Кечиресиз, менимче, сиз да мектепке баратасыз го, жүрүңүз, ала кетели.
– Рахмат, жөө эле кетем,-деди Суусар бейтааныштын жүзүнө карабай. Машина акырын жылып кетти.
Суусар мектепке кире бериштен баягы УАЗды көрдү да бейтааныштын ыңгайсыздана уялып кеткенин эстеп ууртунан жылмайып алды. Мугалимдер бөлмөсүнө кирип бараткан Суусарды окуу бөлүмүнүн башчысы утурлай тосуп алып шашкалактай:
– Суусар, ырас келбедиңби. Райондон чоңдор келиптир, сенин сабагыңа киргизели деп жатабыз. Булар атайын байкатпай басып калып абийрибизди кетирмей болду, уят кылбай ачык саат өтүп бер,-деди эрди-эрдине тийбей шакылдап.
– Даярданбай туруп кантип ачык саат өтөм, кадимки эле сабакка кире беришсин,-деди Суусар ишенимдүү.
– Ырас болбодубу, ошентчи бай болгур.
Окуу бөлүмүнүн башчысы Суусардын жообун гана күтүп турганбы, дароо директордун кабинетине кирип кетти.
Суусар сабакты эми эле баштаганда эки бейтааныш адамды ээрчиткен директор менен окуу бөлүмүнүн башчысы кирди. Дуу этип тура калган окуучулардын саламына алдыда кирген узун бойлуу, чап жаак, көздөрү адамды мээрим, ошол эле учурда бир сүр менен тик караган орто жаштагы киши:
– Саламатчылык, балдар, отургула,-деп салабаттуу жооп узатты да, арткы партага өтүп отурду.
Суусар анын коңур жумшак үнүнөн улам жанагы УАЗдагы жол сураган адам экенин тааныды. ”Кап, улуу эле кишини уялткан экенмин” деди ичинен ыңгайсыздана. Директор:
– Бул агайыңар райондук билим берүү бөлүмүнүн башчысы Сагындыков Аманат Шамшиевич, жанындагы агайыңар инспектор Төлөбек Аскарович,-деди да, анан конокторго карап: — Бул кызыбыз болсо орус тили жана адабияты боюнча мугалимибиз Суусар Жаныбекова,-деп баарын бири-бирине учкай тааныштырып өттү.
Бүгүн “Согуш жана Тынчтык” романындагы Наташа Ростованын биринчи балын өтүшмөк. Суусар сабакты эргип өттү. Айрыкча, кыздын биринчи бийин айтып жатканда өзү да ошол балда бийлеп жүргөндөй делбиреп, толкуп сүйлөп жатты. Сабак бүткөндө класс саамга тунжурап калды да, анан куду концерттик залда отургандай Аманат Шамшиевич кол чаап, аны жанындагылар да коштоп кетишти. Суусар да, окуучулар да саамга ыңгайсыз боло не кыларын билбей отуруп калышты.
– Азаматсыз карындаш, көптөн бери мындай жыргап лекция уга элек болчумун. Куду бала кезге кайра баргандай болдум,-деди Аманат Шамшиевич ордунан тура келип Суусардын колун кыса кармай.
– Рахмат, агай,-деди Суусар уялыңкы.
Кечке маал директордун уулу келип:
– Суусар жеңемди жардам берип койсун деп апам чакырып жатат,-деп калды.
– Бар, ботом, бу абысыным ар кимди эле чакырта бербейт,-деди кайненеси жетине албай. Суусар барганда директордун аялы Касиеткан жеңе атлес көйнөгүн шуудуратып очок боюндагы келиндерге аны-муну көрсөтүп жүргөн экен.
– Кел, мугалим келин, дасторконго жардам бербесең болбой калды, садага,- деди жагымдуу күлүмсүрөп.
– Макул, жеңе, эмне кылайын?-деди Суусар элпек.
– Коноктор суу боюнда шишкебек жеп отурушат. Алар келгенче экөөбүз дасторконду жасалгалай салалы. Агайың келсе шаштырат,-деди үйгө баштап. Суусар дасторконду жасалгалоо жагынан алдына киши салчу эмес. Касиеткан экөө дасторконду жуп жасап бүткөндө сырттан директордун бакылдаган үнү угулду.
– Келишти, сен колго суу куй, садага,-деди Касиеткан Суусарга.
– Жеңе, жаш балдарга куйдуруңузчу,-деди негедир сүрдөп.
– Кантет, бата алып, ушул кишилердей элге башы көрүнгөн уулдуу болоюн деп тилесеңчи,-деди Касиеткан келинди эркелете карап. Анан босогодо турган күмүш кумган менен чылапчынды кооз саймалуу сүлгү менен кошо келинге карматты да, өзү конокторду утурлаганы чыгып кетти.
Аңгыча сырттан оболу Аманат Шамшиевич, артынан Төлөбек Аскарович, аларга удаа эле айыл өкмөт башчысы, анан үй ээси директор кирди.
– Келиңиздер,-деди Суусар. Келиндин колундагы күмүш кумган менен күмүш чылапчын болор-болбос калтырап турду.
– Бактылуу бол, карындаш, тилегиңе жет,-деди Аманат Шамшиевич колун жууп бүткөндөн кийин келинди тик карап. Сурмалуу сулуу көздөрү ойлуу, анан миң бир ойду камтып тургандай терең экен.
– Айтканыңыз келсин,-деди Суусар үнү дирилдей, көзүн ала качып.
Суу куюп бүтөөрү менен келин сыртка чыкканча шашты. Касиеткан Суусарды улам дасторкон жаңылап, чай киргизип турганга жумшап, келин кирген сайын Аманат Шамшиевич менен көзү чагыла, карегин жашыраар жай таппай алдастады. Ашыкча идиш-аякты жыйнап чыгып бараткан Суусарды Аманат Шамшиевич сыпаа токтотту.
– Суусар карындашым, менин бир өтүнүчүм бар эле, айып этпесең айтайын,-деди күлүмсүрөй карап. Аманаттын көздөрү ичкенгеби, коюулана жалжылдап башкача карап туруптур. Келин не дээрин билбей аптыкты.
– Айтыңыз, кайним,-деди Касиеткан келинди ыңгайсыз абалдан чыгара жарашыктуу күлүмсүрөп.
Аманат Шамшиевич алдындагы чыныга мөлтүрөтө толтуруп минерал суусунан куйду да, тамагын бир кырып алып ырдап жиберди. Үнү абдан уккулуктуу, коңур экен. “Бир көрдүм да издегеним ушул дедим” деп муңканды. “Өмүр өрлөгөнчө кайда элең” деп сыздады. Үнү бирде шамал жирей катуулап, бирде жай сызган куштай дирилдей акырындап көпкө ырдады. Ыр бүткөнчө келинден көз алган жок. Ыр бүтөөрү менен саамга баары тунжурай мелтиреп калды да, анан директор:
– Ай атаңдын көрү, ыр эмес бекен, бу Аманат иним Кудай сага талантты ченебей берген экен,-деди дил жашыткан сезимин жашыра албай толкуй бакылдап.
– Ушул ыр кесени Суусар карындашыма сунсам кандай дейсиздер?-деди Аманат Шамшиевич келинди сурана карап. Суусар күтүлбөгөн сунуштан апкаарып калды.
– Мен ырдап көргөн эмес элем,-деди ордунан тура калып.
– Суусар, улуу кишинин шагын сындырчу эмес, садага, ырдап кой. Башка айылдын кызы болсоң да ырдай албайм десең ишенет элек. Сенин ырдаганыңды Аманат агайың билген го.
Директор анан конокторго кайрылып:
— Бу Суусар карындашым мектепти да, жогорку окуу жайды да эң мыкты бүттү. Мектепте ырдан, бийден калбаган активист кыз болчу,-деди сыймыктана. Суусар тамагы кургай саамга туруп калды да анан өзүн колго алды. Дилине дароо эле элдик ыр “Даткайым” келди. Ырдап жаткан келинди Аманат көз албай карап отурду да, ыр бүтөөрү менен ойлуу:
– Бали, бактың ачылсын,-деди чын дилден алкап.
Коноктор кеч тарады.
– Жеңе, мен кете берейин,-деген Суусарга Касиеткан:
– Азыр кешик салып берейин, жеңем менен акеме ала бар,-деди астейдил. Касиеткан келинди өзү дарбазадан чыгара берип:
– Коркпойсуңбу?-деди акырын. Суусар бир башкача толукшуп турган Айды карап алып жумшак жылмайды:
– Жок, жеңе, ушундай ийне жоголсо табылчудай жарыкта эмнеден коркот элем?
Касиеткан келинди мээр төгө өөп, анан дарбазаны кыйч эттире акырын жаап кирип кетти. Суусар алда кандай кыялдуу ойдон алкымы буулду.
Бир аз узай бергенде артынан келаткан кадамдын добушун угуп жалт карады. Аманат Шамшиевичти көргөн келин кубанып да, алда неден коркуп да кетти. Ал келинге жете келди да:
– Узатып коёюн деп эле артыңан баскам,-деди акырын.
– Жок-жок, агай, убара болбоңуз. Ары бирөө жарым көрсө кепке калабыз,-деп жиберди шашып.
– Кепке калгыдай эмне күнөө кылдык, Суусар? Уруксат бер, тек гана узатып коёюн.
– Шаарда болсо бир жөн эле, бул жерде баары алаканга салгандай көрүнүп турат.
– Жети түндө дагыбы, ээ?-Аманат муңайым күлүмсүрөдү.
– Айылда түндүн да көзү бар,-деди Суусар элеңдей.
– Мейли, сага кеп тийбесин, мен кетейин. Бирок, кокус шаарга барып калсаң бул телефонго чалам деп убада бер,-деп төш чөнтөгүнөн алакандай кагазды келинге суна берип жалооруй карады.
– Макул,-деди Суусар шашкалактай. Аманат келиндин колун коомай кармап, анан шуу жыттап аяр өптү.
– Мен сенин коңгүрооңдү күтөм,- деди жумшак. Басып бараткан келин далысы ысый артынан узата караган көздөрдү сезип баратты.
Суусар сабакка бараары менен директорго чакырышты.
– Келегой келин бала, отур,-деди директор жылуу карап.
– Чакырткан экенсиз?-деди суроолуу.
– Райондо алдыңкы мугалимдерди семинарга чакырып жатыптыр, биз сени жөнөтүүнү чечтик. Ары сенин сабагын Аманат Шамшиевичке да абдан жаккан болчу, эсиңдеби?
Суусардын көз алдына Аманаттын шаңшып ырдаган үнү, бура бастырбай караган кусалуу көздөрү тартылып, кулагына “мен сенин конгуроонду күтөм” деген жалбарынкы үнү жанырып кетти. Бул элестер келинди бүгүн эле эмес, буга чейин да канча качпасын бучкактап, мындай эскерүүлөр Суусарга коркунучтуу, ошол эле учурда жагымдуу эле. Азыр да кадимкидей коркуп кетти.
– Менден башка деле жакшы мугалимдер бар го агай, ошолорду жибериңиз,-деди калтаарып. Дээрин деп алып ичи эншериле кыйылып алды.
– Суусар, биринчиден мен сени тандадым, ары бул менин гана сунушум эмес райондон да сенин атынды аташты.
– Кимдер?
– Аны бара көрөөрсүң. Азыр үйүнө бар да даярданып, эртен биринчи автобуста жөнө. Семинар үч күн болот, ошого жараша кийим-кече алып ал. — Директор сөз бүттү дегендей алдындагы журналга үнүлүп калды. Суусар унчукпай чыгып кетти. Үйүнө куду жоо кууп келе жаткандай ашыгып келди да дароо даярданып кирди. Өмүрүндө биринчи жолу ушундай ашыгып, шашып камданды. Эсинде мындан бир нече жыл мурун шаарга окууга бараарда ушинтип ашыккан эле. Анда алдыдагы белгисиздикке ашыккан. А азыр. Азыр дегенден келин коркуп кетти. Барбай койгусу келип, бирок, ага да жүрөгү чыдабай чайналды.
– Апа, мени семинарга жөнөтүп жатышат,- деди чарпаяда отурган кайын энесинен уруксат сурап жаткандай ыйбаа.
– Директор уулбу? Барып кел, балам, ал киши жөн жибербейт,- деди кайын энеси бейкапар.
– Райымжан не дээр экен?
– Аны мага кой, мен түшүндүрүп айтам, балам, барып кел
Райымжан жумуштан келгенде эле кайын энеси бар жаңылыкты айткан окшойт:
– Районго сенден башканы жиберсе болбойт бекен?-деди келинчегин кабак үстүнөн карап.
– Мен суранган жокмун, Райымжан, жок дегенге да батынбадым. Директорду билесин го, каяша айтканды жактырбайт.
– Этиет бол да, элдин көзү мин.
– Райымжан мен ойногону кетип жаткан жокмун го, ал эмне дегенин? Мени директор же дагы бир эркек жетелеп бараткандай сүйлөйсүн да.
– Ал жактан эркектер болбойт деп ким кепилдик бере алат?
– Мен эркектерге эмес семинарга баратам,-Суусар чыйрыга сүйлөдү. Райымжан унчукпай шыпты карап үнсүз жата берди.
Суусар биринчи автобуста жөнөп кетти. Райымжан узатып чыкканга да жараган жок, бул келинди ызалантып, жүрөгү буулуга алда кандай мээримди, көнүл бурууну энседи.
Суусар районго жетери менен автобекеттен ары кайда бараарын билбей элендеп калды. Колундагы чакыруу кагазда жазылган даректи сурамак болуп таксилер тарапка басты.
– Суусар,-деди тааныш үн. Артына бурула берген келин өзүн утурлай басып келе жаткан Аманат Шамшиевичти көрдү. Аманат жаркырай күлүп келе жатыптыр. Келиндин көөдөнүн бир ысык толкун каптап өттү.
– Саламатсызбы, Аманат Шамшиевич… Сиз кайдан?
– Семинарга келгендерди тосуп жүрөм.
– Ар бирин тосуп алып жатасызбы, ээ?
– Ооба, айрыкча сага окшогон таланттуу мугалимдерди,-деди эркелете карап. Суусар Аманаттын көзүнө көпкө карап тура албай карегин ала качты. Кусага, алда кандай терен ойго чөккөн каректер курч да, өткүр да эле.
– Кел, машинеге отур,-деди аппак “Волганын” эшигин ача берип.
– Сиз башкаларын тосуп ала бериниз, мен такси менен эле кетем.
– Аларды да тосуп алабыз, мен сенин колундан чай ичип калган үчүн өзүм тосуп алайын деп чечтим. Суусар тартынба, жаман оюм жок, садага. Улуу кишини ушинтип суранта берет бекен?-деди капа болгондой кабагы кирдей берип. Суусар назданып жаткандай кынырылганына уялып кетти. Бети дуулдаган келин кантип машинеге отурганын байкабай калды.
– Суусар, курсагын кандай?-деди Аманат келинди күзгүдөн карап.
– Үйдөн чай ичип чыккам…
– Эрте менен тамак өтпөйт, ары жол жүрүп келдин. Силерден канча сааттык жол?
– Эки жарым сааттай го.
– Семинар экиде башталат, ага чейин убакыт бар, түштөнүп алалы, ээ?-деди да келинден жооп күтпөй эле машинени жол жээгиндеги кафелердин бирине токтотту. Тамактанып отуруп Суусардын кайда окуганын, студенттик күндөрүн сурап отуруп эле экөө кандай эски тааныштардай жакын боло түшүшкөнүн сезбей калышты. Суусар Аманаттан алда кандай мээримди, камкордукту туйду.
Семинар бүткөнчө чогуу жүрүштү. Аманат абдан сөзмөр, таланттуу, шайыр жигит экен. Үчүнчү күн семинардан кийин кечки сый тамак учурунда ыр-бий башталып, Аманат ошол жерде комуз менен ырдады. Суусардан көз албай шаншыган жигиттин көзүндө эбегейсиз зор сүйүү бар эле. Сый тамактан кеч тарашты.
– Суусар, мен сени узатып коёюн, бул жерде тартынбассын,-деди чыга бериштен артынан жете келген Аманат.
– Элдин көзү мин дейт…
– Суусар, кимден коркуп, эмнеден тартынып жатасын?
– Сизден,-деди Суусар тике карап.
– Эмнеге?
– Билбейм… -Аманат оор күрсүндү.
Экөө үнсүз катар басышты. Мейманканага бурула берген карангы бурчтан Аманат келинди колдон алды.
– Суусар, эмне кыл дейсин, сен жанымда болуш үчүн эмне кыл десен кылам. Мен биринчи жолу жаш баладай башымды жоготуп сүйдүм. Мен эмне унутканга, эсимди жыйганга аракет кылбады дейсинби? Болбой жатат, садага, көз алдымда турасын да айламды кетиресин,-деди калчылдай.
– Ал эмне дегениниз, мен күйөөлүү аялмын…
– Билем, кел, элдин көзү, сөзү жеткис жакка кетип калабыз.
– Ошентсе эле баары бүтөбү? Апамчы, сиздин үй-бүлөнүзчү, эл-журтчу? Агай эстүү адамсыз. – Аманат келинди андан ары сүйлөтпөй бооруна кыса кучактап өпкүлөп жиберди. Суусар карылуу кучакта саамга өзүн жоготуп барып анан катуу түртүп жиберди да чуркап кирип кетти.
Түнү бою Аманаттын ысык эриндери, жалбарган үнү, кусалуу каректери уктатпай мин алакетке түшүп жанчылды. Баарынан жаманы өзү да өрттөнүп, өзү да ушул адамды издеп жүргөнүн туюп-сезүү эле.
– Кудай ай, мен издеп жүргөндө жолукпай эмне болду, мынча азапка салдын жанымды?-деп төрт дубалдын ортосунда алдастай, жинди немедей угуза сүйлөнүп буулукту.
Суусар мейманканадан тан атпай чыгып, автобекеттеги таксилер менен айылга кетип калды. Ушинтсе эле бул азаптан кутулчудай сезилген. Жок, кутулбаптыр. Азаптын баары айылга барганда башталды. Басса-турса көз алдында Аманат. Куду жаны менен жаны, каны менен каны кошо жаралгандай. Райымжан жакындаса, бою жыйрыла калчылдап денеси үркчү болду. Келинчегинин мындай муздак мамилеси жигитти жинди кылып жиберчүдөй кыжырлантып, чыдам, сабыр чегине жетип баратты.
Танга маал дарбаза такылдады. Уктабай жаткан Суусар жүрөгү алкымына кептеле ордунан атып туруп чуркап чыкты. Кошунасы Аскердин баласы туруптур.
– Кел, жайчылыкпы?-деди үрпөйө.
– Апаныз ооруп, чакырып жатат.
Суусар үйгө кирип колуна тийгенди кийди да чуркап жөнөдү. Дарбазада директордун машинеси туруптур. Келин дарбазадан кире бергенде боппоз болгон апасын жөлөп чыгып келе жаткан Аскердин аялы Сулуукан менен беттеше түштү.
– Апа..?
– Коркпо, айланайын, жакшы эле, директор акем машине жиберип, районго ооруканага алып бармай болушту. Сени кошо барсын деп чакырттым.
– Рахмат жене, кем болбонуз,-Суусар апасын бир жагынан жөлөй берди.
– Келдинби, айланайын, жакшымын десем болбой сени чакырышып, минтип убара болуп доктурга жөнөтүп жатышат. Кечинде бул келиндин кызы жаныма жаткан, айланайын, тим эле балдан башкача сергек экен. Кыйналып жатканымды көрүп тан атпай апасын чакырып келген тура.
– Женеме койсо ичинде ит өлөт го, чиркин. Келсем өнү бир абалда, сүйлөй албайт. Дароо эле Касиет женеме барып машине сурап келип, анан сага чуркаттым,-деди Сулуукан шакылдап.
Райондо Таасилдин анализдери жакшы чыкпай облуска жибермек болушту. Апасын даярдап жаткан Суусар коридордон тааныш үндү укту да селт эте апкаарып алды. “Аманатпы?” деди ишенип-ишене албай апкаарып. Ангыча эшик ачылып ак халат жамынган Аманат кирип келди.
– Арыбаныз, апа?-деди ал Таасил апанын колунан өбө берип.
– Кел, балам,-деди Таасил тааный албай турганы көзүнөн билинип.
– Мен Суусардын чогуу окуган курсташы болом, апа, капыстан эле угуп калдым,-деди Суусарды кусалуу көздөрү менен бир карап алып.
– Бар бол, айланайын, биздин мында экенибизди кантип билип калдын?
– Бул жерде биз менен окуган баланын келинчеги иштейт, ошол айтты. Ал да Суусарды жакшы таанычу да. – Суусар “өх” деп алды. Ошол эле күнү Таасилдин анализдерин кайра тапшыртышып, дарыгерлер чуу түшүп калышты. Анан эч жакка жибербей эле ушул жерде дарылай турган болуп, жакшы палатага которушту. Эми эле уктап кеткен апасынын жанында отурган Суусарды жаш мээрман айым акырын ымдап коридорго чакырды.
– Сизди аганыз чакырып жатат, апамды ойгопой эле коёюн деп сыртта күтүп турат,-деди кыз келинге баёо. Кире бериштеги вестибюлда Аманат күтүп туруптур.
– Кечирип кой.., сени көрбөй кете албадым. Суусар, сенден мага эч кандай кайтарымдын кереги жок, болгону качпачы.
– Кайда качам, качканга жер тар болуп калды. Бассам-турсам оюмдасыз…-деди келин ички толкундануудан буулуга титиреп.
– Кечирип кой, тынч жүргөн жанынды азапка салдым го, каралдым? Мен да куурадым.
Экөө көздөн далдаа сыртка чыгышты.
– Эми келбениз… рахмат жардамынызга.
– Сенден рахмат угайын деп жасабадым, сени көрүү үчүн мындан чон нерсени жасаганга даярмын, Суусар.
– Эми андан не пайда?
Аманат унчукпай келинди бооруна кысты. Бул жолу Суусар да качкан жок.
Арадан жыл айланды. Суусар менен Аманаттын мамилеси эл арасында оболу күнк-мынк болуп жүрдү. Айрыкча, Райымжан келе жатканда баары тымпыйып калса да эл оозуна элек тоскон жан чыкпады. Экөөн бири шаардагы бий аянтынан көргөнүн айтып бетин чойсо, бири кинодон, бири ресторандан көргөнүн, коркпой жетелешип жүргөнүн кеп кылышты. Бирок, жүрөк кургур сезет тура, ал деле аялынын жоругун сезсе да тилин тишине катып, кээде гана болоор-болбоско Суусарды чырылдатып сабаганы болбосо Аманат тууралуу ооз ачпады. Элдин сөзүнөн, көзүнөн Суусар чүнчүп, бирок, бактысынан баш тартууга да алы келбей ортодо чайналды. Аманатка жолуккан сайын акыркы дейт, бирок, коштошуп мындай басаары менен сагынат да турат.
Бул жолу да “акыркы жолу жолугабыз, бүттү” деп барган келин айта албай буулукту. Аманат кусалана өпкүлөп, кареги менен тен айлана жалбарган сайын жолукпайм деген чечими күчүнөн тая заманасы куурулду.
– Жүр, бийлеп келебиз?-деди Аманат Суусарды бооруна кыса кучактаган бойдон. Экөө ар бир жолуккан сайын бийге барышчу. Аманат да куду Суусардай бий десе жанын таштаган жайы бар эле. Экөөнүн окшош жагы көп болчу.
Бир кезде жамгыр жаап кирди. Элдин баары качып кетти да, жамгыр алдында кучакташкан Суусар менен Аманат калды. Алар карангыдан чыга келген бир топ караан жандарына качан келип калганын байкабай да калышты.
– Канчык, элди көзгө илбей калган экенсин,-деди келиндин желкесинен кыжырлуу үн. Суусар жалт бурулду. Көздөрү күйүп турган Райымжанды көргөн келин нес боло жалдырады.
– Бас үйгө, а тиги ойношунду болсо азыр бычып туруп экинчи бирөөнүн катынына көз артпай турган кылабыз…-деди калчылдай.
– Райымжан, мени эмне кылсан өзүн бил, Аманатка тийбегиле.
Суусар айтып бүтө электе эле көзүнөн от чагыла кулап түштү. Өзүнүн үстүнө түшө калган Аманатты килендеген жигиттер тепкилеп жатып калышты. Ары-бери агылган бир да адам жоон топ жигит топтой тепкилеп, буттан бутка учуп жүргөн адамга, чыркыраган аялга көнүл буруп койгон жок. Баары куду таш жаап жаткандай жанталаша үйлөрүнө чуркашты.
Эртеси жарым жан Суусар менен таанылбай кескиленген Аманатты каналдын жээгинен ойноп жүргөн балдар таап милицияга кабарлашты. Аманаттын өлгөнүн укканда бир чанырган Суусар ошол бойдон өзүнө келген жок. Жарым эс Суусар жамгыр жааган сайын бий аянтына чуркайт. Суусарга оорукчан апасы, жамгыр, суу чайган аянт гана шерик.
(Аягы)