«Жалгыз» 3-бөлүм

https://kyrgyzcha.site/?p=54198&preview=true Кызыктуу окуялар.

Жалгыз.

Үчүнчү болум

 

Жамал апасынын уйуно келген куну эжеси да келип учоо копко чейин чер жазышып суйлошуп отурушту. Алардын созунун акыры келип Жамалдын турмушуна такалды. Анын кыз багып алаарын укканда эжеси суйунгону менен апасы коп деле конулдоно бербеди.

— Жамал сенин кыз багып алаарына каршы эмесмин дечи кызым. Бирок куйоого тийип озун торогонго не жетсин . Сенин куйоого тийгенинди коруп, конулум тынч анан олсом мейли эле деп апасы жашып да алды. Карыган апасынын эмшиндеп ыйлактап отурганын коруп Жамалдын апасына боору ооруп кетти. Журогу ачышып апасын аяп турду. Бирок анын колунан эмне келмек эле.

Ал куну Жамал ооналактап ойлонуп жакшы уктай албай чыкты. Козун жумса эле бырыш баскан апасынын эмшиндеп ыйлаган элеси коз алдына тартылып журогу ооруй берди.

— Чындап эле эмнеге ушу кунго чейин эптеп бироого тийип албадым экен деди ал ичинен. Журогун каалабаса озунду зордоп тийиш да кыйын экен. Тообо кылдым! Бул дуйного эл катары жаралып, бирок жалгыз отот деген эмнеси!? Мен эмнеге жаралгам озу! Мен да эркектин койнунда эркелеп, денелерим сылатып башка аялдар катары боюма бутуп эне болуп бала эмизип бакытка балкып, эмнеге андай жашоону откорбодум. Башкалардан эмнем кем ? Кудай неге мага мындай тагдырды жазды экен? Эмнеге мен деле элдин агымында кошо агылып, оз курбуларымдын катарында бала-чакалуу болуп калбадым? Кызык, менин да балдарым азыр бой жетип он сегиз онтогузда болуп турса, мен аларга кандай эне болмок элем? Эл арасында кандай аял болмокмун?!

Бирок Жамал бой жетип калган уул кызын бир да коз алдына элестете албай койду. Себеби алар бул жашоодо жок эмеспи. Ал ушундай ойлор менен алпурушуп жатып кайсы убакта козу илинип уктап калганын билбей калды.

 

 

Эртеси куну туш ченден отуп Жамал Ошко улуу агасыныкына жоноп кетти. Женесинин бир тууган синдиси каза болгонуна бир жыл болоюн деп калган. Барып ал, женесине жолугуп куран окутуп батаа кылып келмей болду. Жамал улуу женесин аябай жакшы корот. Студенттик кундорундо, бала бакчада иштеп жургондо коп жыл агасынын уйундо жашап журуп, Жамал алардын булосуно аябай эле жакын болуп калган экен.

 

 

Жамал женеси экоо сагынычтары жазылып, сырдашып копко чейин суйлошуп отурушту.

— Кыз, кырк жаш деле кеч эмес. Азыр деле турмушка чыгып тороп алсан болот. Сен мени жакшылап ук кыз. Менин синдимдин да омуру кыска экен. Балдары чоноюп, улуу кызын турмушка берип, уч баласын таштап ал о дуйного кете берди. Чырактай балдары энесиз жетим калды. Азыр эми куйоо балабызга аял издештирип жатыштырыптыр. Менин созумо жок дебе кыз! Багам десен менин синдимдин балдарын багып, аларга эне болуп бер! деп женеси козунун жашын агызды.

-Озун да тороп алат элен кыз. Мен куйоо бала экоонду бир куну жолуктуруп суйлоштуройун деди женеси Жамалга карап.

Жамал чынында женесинен мындайды куткон эмес эле. Ал суйлоор созун таппай калды. Жок деп айтайын десе ыйлап отурган женесин капа кылып алгыдай.

Жамал аларды жакшы эле таанычу. Синдиси менен куйоо баласы эжесиникине коп эле ээрчишип келип калышчу. Жамал алар менен чогуу бир дасторкондо далай жолу суйлошуп отурган. Агасы ал бажасы экоо, бирин бири бажа дешип оздорунчо кээде майрамдарда ичишип суйлошуп отуруп калышаар эле. Бирок ошондо эле Жамал ал кишини женесинин синдисине коп ылайык корчу эмес. Себеби синдиси аябай сулуу эле. Анан да ал кишинин шыпылдап коп суйлогондору жакчу эмес. Агасынын жардамы менен ал кандайдыр бир мекемеде зав.склад болуп иштеп журду окшойт.

— Жене капа болбонуз мен турмушка чыкпаймын деп чечкем деди бир убакта Жамал жай гана.

— Кыз!…

— Жене башка айтпанызчы суранам.

-Эх, кыз! Сен мени тушунбодун. Озуно эле жакшы болмок деди женеси ушкуруно.

— Жене ачыгын айтканыма капа болбонуз. Ал киши мага жакпайт! деп жиберди Жамал андан козун алып качып. Женеси унчукпай эле аны тиктеген бойдон туруп калды. Ал кайын синдисинин мунозун жакшы билгендиктен ашыкча соз суйлободу

— Мейли кыз, озун билесин. Ал таарынгандай тур корсотуп козунун жашын аарчып койду.

Ал куну Жамалды айылга, эжесинин баласы Кемел машина менен алып кетмек эле. Ал шаарда иштейт Кемел жумуштары менен кармалып жатып аябай кеч, саат тогуздан отуп келди. Женеси Жамалды кочого чейин узатып чыгып алар машинига отуруп жатканда

-Кыз, менин айтканымды дагы бир жолу жакшылап ойлонуп кор. Жалгыз журбой озуно эле жакшы болмок деп кала берди.

 

 

Жамал жолдо озунчо катуу ойго чогуп келаткан. Оштон айылга чейин бир сааттык жол. Айлана капкарангы. Кыштын куну болгондуктан жолду бир аз туман басып турган. Жолдо бир эки гана нары бери откон машиналар болбосо, тундосу жолдо эч ким деле жокко эсе. Алар жарым жолго келгенде, бир аз бурулуш жерде, жолдун четинде бир жак капталы кыйшыйып катуу урулган машинанын жанында шаштысы кетип кол которуп турган адамды корушту. Аны коруп машинасын токтотуп жаткан Кемел

— Ой? Аваз аке го. Ошонун машинасы! деп жиберди.. Алар машинадан шашылып эле тушушту. Аваздын ону купкуу. Машинанын ичинде дагы уч адам бар экен. Бироосунун бети башы кан болуп эсин жоготуп коюптур. Кемел менен Жамал шашып эле аларга жардам бергенге отушту. Аларды машинадан чыгарып ооруканага жеткиришти. Жамал алардын бироосун тааныды. Ал апасынын синдилери болуп кетет эле. Бактыга жараша анын жараты женил экен. Ал коргон билгендерин айтып берип жатты. Корсо алдынан каттуу келаткан машина башка эле бир машинаны коюп кетейин деп, андан кача коём деп булардын машинасын коюп кетиптир. Рулда Аваз келаткан экен.

Ал куну Жамалдар тан атканча оорууканада болушту. Алар баары бир айылдан болушкандыктан, туугандары келип чогулганда гана, ал экоо айылга кайтышты. Аваз Кемелдин аяш акеси болгондуктан, ал Жамалды уйго таштап коюп эле Аваздын туугандарына жоноп кетти. Эртеси куну алардын бироосу Аваздын тайакеси каза болгонун угушту. Калгандары кудайга шугур жакшы экен. Ошол куну Жамалдын уйундогулор Аваздарды соз кылышып суйлошуп отурушту. Жамалдын коз алдына Аваздын он алеттен кетип, эмне кылаарын билбей эки жакка чуркап жургондору корунуп жатты.

 

 

Жаны жылга карата Жамал, Кемел иниси экоо азык-тулук алып базардан чыгып келатышса аларга Аваз жолугуп калды. Кун да кеч кирип бараткан. Аваз болбой жатып аларды жолдун четиндеги кафеге алып кирди. Ал бир ботолко аракты столдун устуно коюп алып Кемел экоо ичип отурушту. Кемел аяш акесинин конулу учун бир аздан гана алып отурганга мажбур болду. Аваз ошол кунку кырсыктын кандай болгонун айтып берип жатып бат эле мас болуп калды. Анын устуно бир тууган тайкеси да каза болуп калбадыбы! Албетте мунун баары Авазга аябай эле оор келди. Анын депрессияга тушуп калганын карап отуруп, ага Жамалдын боору ооруп аны кадимкидей журогунон сезип кетти. Себеби ал озу да бир убактарда оор кундорду башынап откорбоду беле. Ал колунан келишинче жакшы создору менен Авазга кайрат берип суйлоп отурду.

Кафеден чыгып жолдо келатышканда Кемел Аваз жонундогу оз билгендерин Жамалга айтып берип келатты.

-Аваз акенин Бишкекте машина ондогон чакан бизнеси бар деп уккам. Россиядан атайын ошондой курсту окуп бутуруп, керектуу аппараттарды сатып алган. Жумушу жакшы деп коп угуп калам деди Кемел. Анан да Бишкекке чоон кылып уй салыптыр. Эки кызын озу менен айылдан алып кеткенине коп жыл болуп калды. Бир тууган торобогон тайэжесин да кошо алып кетиптир. Балдарын ошол тайэжеси карайт экен. Аялы экоонун жашоосу тушунуксуз. Эмне экенин билбейм деди Кемел ойлоно. Жамал ошол учурда эмнегедир качанкы бир окуяны эстеп кетти. Ал нерсе ошондо эле Жамалдын эсинен такыр чыгып кеткен экен. Аваз Жамалдан эки жашка улуу. Экоонун аталары чогуу иштешчу. Жамал окуу жайын бутургон жылы Аваздын ата-энеси бир куну алардыкына келип жон жай эле суйлошуп отуруп кетишкен. Эртеси куну Жамалды апасы чакырып алып

— Жамал кечээ кечинде келишкендердин институтту буткон уулу бар экен. Сенден эки жашка чон. Создон соз чыгып отуруп

— Кызынарды бизге келин кылып бергиле. Кудай кошкон куда бололу дешкенинен, биз силерди экоонорду суйлошуп корсун дедик. Эгер алардын баласы келсе жакшылап суйлошуп кор кызым деди. Жамал кулуп эле унчуккан эмес. Аваз бойлуу келген, дене мучосу келишимдуу, коп кыздарды кызыктырган жигит болчу. Ал экоо бири-бирин сырттан эле билишчу. Жамал чынын айтканда Авазды ошондо келет деп кутту. Бирок ал келбеди. Арадан жарым жылдай убакыт отуп Аваз кошуна айылдын кызына дунгуротуп той берип уйлонгон. Ал кызды кошуналары табышыптыр, кыз сулуучан келген, мектепти быйыл эле буткон кыз экен дешип айылдагылары ошондо айтып журушкон эле.

 

 

Жаны жыл куну Жамалдын бир туугандары баары бала-чакалары менен апасыныкында чогулушту. Карыган энесин балдары, небере- чеберелери тегеректеп, бугун баарынын маанайы которунку. Кичинекейлердин кылыктарына баарысы каткырышып кулушуп уйдун ичи озунчо эле базарга айланды. Жетимиш бешке таяп калган кемпир аларга кубанып отурганы менен, эмнегедир бугун анын конулу коп ачылбай отурду. Карыган эненин кабагын коруп, анын эмнеге антип жатканын, уул келиндери баары эле сезип отурушту.

 

 

Тун бир убак болуп ызылдаган жаш балдардын баары уктап калган болчу. Сыртка таза абага чыгып келишкен Жамалдын эки агасы уйго кирип эле апасына созу бардай отуруп калышты. Алардын турун коруп Жамал бир нерсени сезгенсип журогу кызыктай болуп кетти. Ал дароо эле улуу женесине карады. Женеси да созулуп унчукпай куйоосунун созун кутуп жаткансыды.

— Апа, деп улуу агасы созун баштап калды. Апа, чынын айтсам созду эмнеден баштаарымды да билбей турам. Ушул кундору баарыбыз эле Жамал кызынды ойлоп журогубуз ооруп журот. Сени карыганда кызындын турмушка чыкпай жургону кыжаалатка салып, кыйнап койду окшойт деп ал ойлонуп туруп калды.

Апасы унчукпай эле оор ушкуруно баласына карап, анын эмне айтаарын кутуп калды.

— Апа создун ток этер жерин айтайын. Ушул кунго чейин Жамалды конулуно карап, оз эркине коюп келдик туурабы? Эми Жамалын биз айтканга консун! Эгер сен макул болсон апа, кызынды куйоого берели деди. Апасы унчукпай эле башын ийкеп бир азга ойлонуп отуруп

— Балам, анын конулуно карап отурбай, буга чейин эле беришинер керек болчу. Мунун да балдары азыр силердин балдар менен ызылдап аралашып ойноп журбойт беле деди оор ушкуруно.

— Апа, балдызымдын каза болгонун озун жакшы билесин. Бажам эми уйлонушу керек. Эгер сен кызын менен суйлошуп туруп, макул дей турган болсон алар сенин алдына эртен эле келебиз деп турушат деди агасы.

— Балам мен карыдым. Олорумо аз калды. Козумдун тиригинде ушул кызды куйоого берип, мени ыраазы кылып конулумду жайгаштырып койсон, атандын да арбагы ыраазы болоор. Балдардын аксакалы сенсин. Аларга сен озун баш коз болуп, башын бириктирип ынтымакташып журсонор кудай ыраазыдыр. Жамалды да сага тапшырдым балам. Сен эмне десен ошол деп жиберди апасы козун жашытып.

— Макул апа, сен айткандай болсун деди баласы да ойлоно. Ал катуу ойлонуп эле бир жерди тиктеп отуруп калды. Аялына жан кирип бир аны бир Жамалды тиктей

— Анда тигилерди кайсы кунго келгиле дейсин? деди куйоосуно.

Ал аялын унчукпай эле бир тиктеп алды да

— Аны Жамал менен суйлошуп туруп анан айтам деди.

— Ой? Ал унчукпай эле отурбайбы. Бир жолу бутуп жаткан ишти озун эле аягына чыгарып сал да! деди женеси.

Жанатан бери унчукпай отурган Жамалдын чыдамы кетип

— Жене мен сизге башында эле айтпадым беле. Ал киши мага жакпайт деп.! Эмнеге болбогон ишти кайрадан козутуп жатасыз. Мага убара болбогула мен турмушка чыкпайм деди Жамалдын жини келе.

— Чыгасын! деди Эжеси Жамалга унун октом чыгарып.

-Жок дегенде апамды аяп, апам учун чыгасын! Сени деп баарыбыздын журогубуз ооруп бутмой болду деп эжеси бир убакта озун кармана албай ыйлап да суйлоп да эч кимге соз бербей алынып кирди. Аны баары унчукпай эле угуп отуруп калышты.

— Болду эми токтот ыйынды деди бир убакта агасы. Ал Жамалга карап

— Жамал, биз сенин эртенки кунунду ойлоп жатабыз карындашым. Сенин жаштыгын калган жок эми. Сен ага турмушка чыгасын деди жай гана. Отургандар баары эми ордуна келе тушконсушту.

Жамал ушуга чейин улуу агасынан ыйбаа кылчу, аны сыйлачу ага тик карап бир да суйлогон эмес эле. Бирок бул жолу андай болгон жок.

— Мен силерге бул созду башка кайталап айтпаймын! Жакшылап мени эки кулагынар менен угуп алгыла. Мен турмушка чыкпайм! Мага экинчи эр таап убара болбогула! деди Жамал. Ал суйлоп жатканда коздорунон жашы куюлуп агып кетти. Анын бул создоруно баары эмне дээрин билишпей эле нес болуп катып отуруп калышты. Жамал ыйлай ордунан туруп, башка болмого чыгып кетти.

 

 

Кийинки куну Жамалдын апасы катуу ойлонуп атып, тошокто дарманы жок ооруп жатып калды. Жамал апасын карап жанынан жылбай отурду. Акыры ал апасына да ыйлактап тушундурду

— Апа суранам сенден. Ооруп мени кыжаалат кылба. Мен озумду зордоп ал кишиге турмушка чыгалбайм. Мен кыз багып алсам андан аркысына кудайдын айтканын короормун. Мага нааразы болбо апа. Мен да тынч жашайын деди. Апасы оор ушкурунуп эле Жамалга эч нерсе дебестен таарынгансып жата берди. Ошол убакта Жамалдын телефонуна званок келип калды. Ал козунун жашын аарчып жатып телефонун караса жат номер. Ким экен деп алса эркектин уну.

— Жамал кандайсын? деди ал.

— Жакшы, ким экен бул?

— Мен Аваз, сени жаны-жылын менен куттуктап коёюн деп чалып жаттым эле. Жамал ордунан туруп тышкы болмого жоноду.

— А рахмат. Силердин да жаны жылынар менен! Менин номеримди кайдан алдынар?

— Кемелден алдым Жамал. Мага оор кунумдо жардам берген кишилерди куттуктап койбосом уят ко! Алар экоо тен кулуп калышты.

— Анан да Жамал, откондо кафеде отурган кун учун сенден кечирим сурайын дегем. Мен мас болуп калып, коп суйлоп койгон окшойм.

— Жок андай деле эмес. Ага кыжаалат болуунун кереги жок. Баары жакшы! деди Жамал кулмундой.

— Бирок, сенин ошол кунку мага аябай куч кубат берип суйлогон создорун учун чон рахмат Жамал. Менин кыйла конулум которулуп, озумду жакшы сезип калдым. Аваз дагы бир нерселерди айткысы келип бирок соз таппай туруп калды.

— Эч нерсе эмес Аваз. Негизгиси озунду колго ал. Баары жакшы болот! деди Жамал. Ошол суйлошуудон кийин Жамалдын журогу Авазга бир аз жылый тушконсуду. Анын уну телефондон жагымдуу да угулду. Ал унчукпай эле Аваздын телефон чалганына ичинен кулуп койду.

 

 

Арадан бир жума убакыт отуп Жамал Бишкекке кайтмай болуп калды.. Апасы кудайга шугур мурдагыдай абалына келип жакшы болуп калган. Бирок ал уйдон чыгып келатканда аны эжеси турмушка чыгасын деп урушуп кыйла кыжаалат кылып салды. Анын создоруно чыдабай Жамал ыйлап да жиберди. Кемел Жамалды машинасына салып Бишкекке таксилер кетчу стоянкага алып келди. Келсе ал жерде Аваз туруптур. Ал да бугун досунун машинасы менен кызы экоо Бишкекке жоноп жатыптыр. Аваз Жамалды

— Биз менен чогуу кет Жамал, озум сени уйуно чейин жеткиртип коёюн деп айтып калды. Жамал унчукпай эле иниси Кемелди карады.

Ошентип Жамал алардын машинасына отурду. Машинанын арткы орундугунда Аваздын мектепте окуган кызы отуруптур. Алар тортоо бир аз жол жургондон кийин айланага карангы кирип, машинанын ичинде музыканы жай коюп алышып Аваз досу экоо оздорунчо суйлошуп баратышты. Жамал адатынча каттуу ойго чомулуп бир туугандары менен болуп откон создорду эстеп, аларга озунчо нааразы болуп жатты.. Негизи эле анын бул жолку айылга келиши аябай эле оор болду. Баарынан да карыган апасына журогу ооруп Жамал билдирбей козунун жашын утуру аарчып коюп ыйлап жатты. Бир убакта алардын машинасы жакшы журбой бузулгансып жаткандыктан, Алар жолдун боюндагы жакшы бир кафеге келип токтошту. Жамал машинадан тушоордо козуно кунурт коз айнегин тагып алып жерге тушту. Алар ыссык Кафенин ичине киришип топчандан орун алышты. Тамактанышып бутушкон сон Аваз досу экоо

— Силер буту колунарды сунуп эс алып отуруп тургула. Биз машинаны бир катар текшерип карап чыгалы дешип чыгып кетишти. Жамалды дагы деле катуу ой басып, столду ээктей эч нерсе менен иши жок отурду. Аваздын кызы сумкасынан калын дептерди алып чыгып бир нерселерди чиймелеп жаткан. Арадан канча убакыт откону белгисиз бир убакта кыз Жамалдын алдына дептерди таштады. Жамал алдындагы тартылган суротту копко карап отурду да кызга суролуу тигилди.

— Бул сиз! деди кыз, ага жылмая.

Жамал унчукпай эле кызды тиктеп туруп калды. Ал ушуга чейин оз ою менен болуп жатып кызга бир да, конул коюп карабаптыр. Кыздын коздору карагаттай болуп, кирпиктери узун гана чачы бир аз тармал келген сулуу кыз экен. Жамалдын жузуно эми жылмаю пайда болду, Ал кызга карап

— Жакшы тартат экенсин, бирок мени эмнеге ыйлатып койдун? деп сурады.

— Сиз машинада ыйлап келдиниз, деди кыз. Жамал унчукпай эле кыздын колундагы карандашты сурап алып, ал да кыздын суротун тарта баштады. Жамалдын чиймелеп жатканын тиктеп отурган кыз бир убакта

— Мен да сизге окшоп озумчо коп ыйлаймын, деди. Жамал башын которуп аны тиктей

— Сен неге ыйлайсын? деди ага тан калып.

Кыз оор ушкуруно

— Сиз аны тушунбойсуз деди жай гана. Жамал андан башка эч нерсе сурабады. Унчукпай эле суротту тартканды улантты. Ал кыздын кулуп турганын озундой кылып тартып койду.

— Укмуш! деди аны коргон кыздын коздору жайнай. Сиз аябай жакшы суротчу турбайсызбы.

— Атын ким деп сурады Жамал андан.

— Атым Назик.

— Назик! жакшы ат экен. Кайсы класста окуйсун?

— Мен сегизинчи класста окуйм Жамал эже!деди кыз кулмундой.

Назик менен Жамал жакындан таанышып суйлошуп кетишти. Назик келечекте модельер болгусу келгенин айтып, Жамалга тарткан суротторун корсотуп отурду. Назик да суротту жакшы тартат экен. Жакшы коргон мезгили да кыш. Ал экоонун коп жактан окшоштуктары бирдей чыгып, ага экоо тен тан кала кулуп жатышты. Алар копко суйлошуп отурушту. Бир убакта Жамалга, бироо аларды тиктеп тургандай сезилип кетти. Ал башын буруп караса аларды Аваз тиктеп турган экен.

 

 

Машина Жамал жашаган уйдун жанына келип токтоду. Анын жуктору, айылдан келгенге оор болгондуктан ага Аваз жардамдашып сумкаларын уйуно чейин которушуп киргизип коюп, анан кетти.

 

 

Уландысы бар.

Досторуңуз менен бөлүшүңүз..........

КЫРГЫЗЧА САЙТ ⚜️