Пример HTML-страницы

«Жалгыз» 2бөлүм

https://kyrgyzcha.site/?p=54198&preview=true Кызыктуу окуялар.

ЖАЛГЫЗ.

Экинчи болум.

 

 

Айгул менен Данияр аркылуу, Талант Гулум менен таанышып, экоо мынтип уйлонуп отурушат. Жаны жылдан бери бир жума убакыт отсо да достордун майрамы токтободу. Бугун да алар чогулушуп Талантын уйуно келишкен. Аларга бул кундор, кундо майрам, кундо той дегендей эле болуп калды окшойт. Ал кундору баарысы эле

-Эмки кезек Данияр менен Айгулдо, алардын да тоюнда ойнойлу! дешип отурган жерлерде калоо тилектер айтылган сайын ушул созду кыстарышып айтып журушту. Андайда Айгулдун коздору жайнап Даниярга тигиле эркелеп калат. Жамал да досторуна кошулуп ал экоону

-Батыраак той кылгыла, силердин да тоюнарга катышып калайын. Мен Россияга кетип калсам, силердин тойго келе албай калам го, деп журду. Ага Айгул

— Жамал, сен биздин тойду откоруп коюп анан кетесин. Ага чейин кетип эле корчу! Катуу капа болуп калам деп ал ошол жерден эле тарына баштайт.

Бирок кийинки кундору Жамал тез эле кундордун ичинде Россияга кетип калгысы келип журду. Ал ушунчалык ойлонбоюн десе да болбой, Даниярдын элеси анын коз алдына тартылып бир аны, бир Айгулду ойлой берип кыйналып жудоп кетти. Журогу тынч эмес. Даниярдын кийинки убактарда аны уурдана тиктеп отурганын коп байкап калчу болду. Кээде экоо бирдей тиктешип калат, андай учурларда Жамал андан козун ала качат. Болбогон шылтоолорду айтып аларга жолукпайын деп аракет кылган менен, Айгул ага болгудай эмес. Билинбей журуп Жамал менен Данияр да кийинки убактарда жакын эле адамдардай болуп калышкандай. Ошондой кундордо Айгулдун кышкы сессиясы башталып калды. Мындай учурларда Жамал дайыма ага жазма, кочурмо иштерине жардам берип калчу. Бугун да Жамал жумушунан чыгып Айгулдун квартирасына бармак. Кечээки кочуруп жазып жаткан рефератты бугун жазып буткормок. Анын жумуштан чыгышын Данияр машина менен келип кутуп алды.

Ал экоо машинада баратышканда Данияр бардачокту ачып ичинен кыпкызыл чон жанатан алманы алып чыгып

— Бул сага Жамал! Атайы сага деп алып келдим деп ага сунду.

— Ой сонун алма го! Жамалдын коздору жайнай колуна алманы алды да, козун жумуп аны жыттап алды. Данияр Жамалга жылмая карап

-Жыттуу бекен? деп сурады

— Ооба, сонун жыты бар экен. Жамал ага карап кулуп койду.

Данияр Жамалды Айгулдун квартирасына таштап коюп, ал озунун уйуно кетти. Ал уйунон жасанып алып Айгулдун жанына барышы керек болчу. Бугун Айгулдун группалаштары сабактан чыгышып чогуусу менен туура кафеге барып отурушмак. Айгул бул кечеге Даниярдын созсуз келишин отунгон эле.

 

 

Жамал уйго кирери менен эле сырткы кийимдерин чечип, эч нерсеге карабай, отуруп алып ишине киришти. Данияр берген алманы столдун четине коюп коюп, баш которбой конул коюп, тынымсыз рефератты жазып жатты. Ал оюнда Айгулдордун келишине эртерээк жазып буткоруп коюп, алар менен кенири суйлошуп отургусу келди. Айгул бул бир болмолуу квартирада группалаш кызы экоо коптон бери турушат. Экоо тен иштеп, сырттан окушат. Квартирасы да аябай таза, жарык ичинде бардык буюмдары бар. Ал эми Жамал бир тууганынын уйундо тургандыктан, Айгулдукуно бат-баттан келип, кээ кундору калыпта кете берчу.

 

 

Жамал жазуусун жазып жатып столдун четине коюп койгон кызыл алмага козу чалына тушту. Ал аны кызыга колуна алып айландыра копко тиктеп турду да, жыттап туруп кайрадан ордуна коюп койду. Ал жазуу иштерин бутойун деп калганда эшиктин конгуроосу басылып калды. Ордунан туруп барып эшикти ачса Данияр озу жалгыз экен.

— Айгул кана? деди Жамал ага таныркай карап.

— Алар калышты. Мен келе бердим.

Жамал аны тушунбогондой суролуу тиктеди. Ал тонун чечип, илгичке илип жатып

— Баары эле группалаштары оздору экен. Менден башка жат эч ким деле жок. Айгул деле мени чакырбай койсо болмок экен деди ага нааразы болгондой.

. Жамал унчукпай эле ордуна барып отуруп кагаздарын иреттеп жазуусун улантты. Данияр ага карап

— Озун эмне болдун? Жазып бутойун дединби? деп сурады

— Ооба бутуп эле калдым. Азыр бул жерди жазсам эле бутот.

Данияр унчукпай эле Жамалды копко тиктеп карап турду да

— Жумуштан келип чай ичтинби? деди

— Жок! деди Жамал башын чайкай.

— Жазып буткоруп коюп анан Айгулдор келгенде чогуу ичсемби дегем.

Даниярдын эсине бир нерсе келгендей унчукпай эле ашканага кирип кетти. Жамал жазуусун бутуруп кагаздарын салыштырып жатканда Данияр колуна, ысык эки чашки кофени патносто которуп кирип келип

— Жамал кел, сенин жазып бутушуно сага атайын кофе даярдадым деп патносту столдун устуно койду.

— Оо Данияр, рахмат сага! конулдогу ишти кылдын. Жамал Даниярга карап жылмая салыштырып буткон кагаздарын столдун четине койду.

Ал экоо кофе ичип, телевизор коргончо жай гана суйлошуп отурушту. Башында жакшы эле суйлошуп олтурушкандай болгон, анан эле Данияр созун таппай, бир нерсени айталбай жаткансып кыйналып чыкты. Аны сезген Жамалдын журогу кызыктай болуп, ичинен Даниярды эч нерсе айтпаса экен деп тилеп жатты. Бирок Данияр

— Жамал билесинби? Мен коптон бери бир нерсеге аябай окунуп журом деп созун баштады. Жамал унчукпай эле телевизордон козун албай, тубундо бир аз калган кофесин ууртап койду.

— Жамал мен сени эмнеге мурдараак корбодум экен, эгер билсен мен сени ойлой берип коптон бери кыйналып журом!

Жамал бул созду укканда чочугандай башын шарт буруп Даниярды тиктеди. Экоо унчукпай тиктешип туруп калышты. Ошондогу каректер ай!

— Данияр ал эмне дегенин? деп жиберди Жамал шашканынан кабагыны чытый.

— Мен эми тушундум Жамал! Мен Айгулду эмес, мен сени издеп жургонумду. Бирок…

— Болду токтот Данияр!

— Жамал!

— Кереги жок Данияр! Башка суйлобо! Жамал колун токтот дегендей ага которо суйлоду. Данияр унчукпай эле Жамалды тиктеп отуруп калды. Жамал терен бир дем алып алды да

— Данияр! Сен мени ким ойлоп жатасын? Сен эмне? Суйлосом эле, мени ишенип отура берет деп ойлойсунбу? ! Сен бул создорунду кечээ Айгулго, Бугун мага, эртен дагы бироого айтарсын! Сен буга чейин да, канча кыздын башын айландырдын экен? Аябай тажырыйбалуу болуп буткон экенсин! деди такылдай суйлоп. Бул создорду укканда Даниярдын оозу ачылып эле шалдырайып отуруп калды.

— Жамал, сен ушундай суйлойсунбу? Мен сенден мындай создорду кутподум эле! Жамал Даниярдын созуно мыскылдай кулуп алды да

— Мен да сенден мындай создорду кутподум эле. Мен сени Айгулду чындап суйот деп ойлогон элем деди.

Бул создордон кийин ал экоо тен тунжурашып унчукпай отуруп калышты. Данияр ичинен, азырынча башка ашыкча соз суйлоонун кереги жок экенин тушунуп турду. Жамал болсо озуно озу тан калып, бул создорду кайдан таап чыгып суйлогонун озу да билбей калды. Анын антип суйлобогондон башка аргасы да жок эле. А чындыгында Жамал деле Даниярды суйуп калган болчу. Бирок сырдашкан досу Айгул учун бул сезимин мойнуна алгысы келбей жургон.

Бир убакта Данияр ойлонуп отуруп

— Жамал, сен мени кечирип кой. Мен сен ойлогончолук деле жигит эмесмин. Болгону…мен ..деп, ал созун улай албай туруп калды.

— Жакшы, Данияр! деди Жамал.

-Кел анда экообуз мындай суйлошуп алалы! Сен мага эч нерсе айтпадын, мен эч нерсе укпадым. Ал аны бир азга унчукпай тиктеп турду да

— Данияр! Экообуздун ортобузда эч кандай соз болбоду деп эсептейли! . Анан да мен сени, досум Айгулду капа кылып ыйлайтпайт го деп ойлоймун! деди. Ал бул созун айтып бутоору менен эле ордунан туруп, ичип бутулгон кофенин идиштерин патноско салып ашканага жоноп калды. Данияр унчукпай эле Жамалдын ар бир кыймылын тиктеп коюп отурду. Жамал ашканага кирип баратканда эшиктин конгуроосу басылып Айгулдор келип калышты.

Алар сырттан шанкылдашып конулдуу кирип келишти. Айгул бир аз кызып алганга, бир жагы сырттан сууктан киргенге эки бети кыпкызыл болуп кызарып калыптыр. Ал кирип эле тонун чечип жатып

— Жамалка! Эмне болдун, жазып буттунбу? деп сурады.

— Ооба Айгул, силердин келишинерге шашылып жазып бутурдум. Силер менен кененирээк суйлошуп отурайын дегем, деп Жамал аларды карап кулуп эле туруп калды. Ангыча аларды тосуп залдан Данияр чыкты да аларга

-Келдинерби? деди

-Ой Данияр! Сен да бул жердесинби? деди Айгул коздорун чон ачып, беттери кызарып

—Мага капа болбо. Мен бугун..бир аз… деп Айгул ичип алганы учун андан уялып турду. Жанындагы кыз да сыр бербегенге аракет кылып

— Ой, эми группалаштар жарым жылда бир жолукканыбыз учун, бир аз эле майрамдап койдук да! Данияр деле аны туура тушунот ко дейм. Анын устуно озу деле барып, коруп келбедиби кимдер менен чогуу отурганыбызды деди.

Алар баары залга кирээри менен эле Айгулдун козу столдун устундо турган кыпкызыл алмага тушту.

— Ой Алма го! Мынча сонун алма! деп ал алманы кызыга тиктеп турду. Жамал шашканынан

— Айгул! аны сага деп атайын Данияр алып келиптир. Жанатан бери сага сактап отурат деп жиберди. Данияр унчукпай эле Жамалды бир тиктеп алды. Айгул суйунуп кетти. Ал коздорун жайната колуна алманы алды да

-Данияр! Жаным менин! деп ага эркелей мойнуна асыла кетти.

 

Кыш жаратылыштын эн кооз, эн таза мезгили эмеспи. Айлана аппак карды жамынып, Жамал озу жалгыз аллеяда таза абада эки колун, эки чонтогуно салып жай басып келатты. Ал тал теректердин аппак карды жамынган кооздугуна суктана ойлуу, озу менен озу суйлошуп жатты.

— Эх, Айгул, Айгул деди Жамал ичинен. Ушундай да болобу? Даниярдын канча бойдок достору турат. А мен…? А мен сенин суйгон жигитинди ойлой берип кыйнылып журом. Сен аны билбейсин Айгул. Болбогон шылтоолорду айтып, сенден озумду алып качып, жузуно карай албай озумдон озум жудоп жургонумо, сен менден бир да шек албай журосун. Даниярдын жумуштун коптугуно шылтап, сага жолугалбай жургонун, сен ар турдуу болгоолоп мени менен сыр болушконуно кантейин. Эгер Данияр экообуздун ортобузда эмнелер болуп жатканын билип калсан, сен кандай абалда калаар экенсин? Жамал ушул жерге келгенде Айгулду ойлоп коркуп кетти. Анын качандыр бир айткан созун эстеди.

— Жамал, менин мурдагы жигитим да башкага уйлонуп кеткен. Эгер дагы ошол нерсе кайталана турган болсо мен аны которо албайм! Жамалдын козуно Айгулдун акылынан айнып чачтарын жазып жинди болуп жургон элеси корунуп кетти.

— Жок Айгул! деп жиберди ал. Мен андайга жол бербейм. Мен сага соз берем Айгул! Сен созсуз Даниярга турмушка чыгасын! деди Жамал озунчо кубуроно.

 

 

Кийинки кундору Жамал канчалык Айгулдорго жолукпай озун алыстатканы менен, анын жумуштан чыгышын Данияр кутуп алып Жамалга суйуусун айтып жудотуп журду. Бугун да ошол корунуш. Данияр бат-баттан басып келаткан Жамалдан калбай остановкага чейин чогуу келди

— Жамал укчу мени! Айгулго тушундуруп айтсак ал бизди тушуноор.

— Эмнеге сен аны эмес? ал сени тушунушу керек! Сен Айгулду тушун! Ал сени суйот! Анын да оз суйгонуно турмушка чыкканга акысы бар! деди Жамал Даниярды жини келе тиктеп. Ангыча автобус да келип калды

— Болду Данияр экинчи мага келбе! деп Жамал чуркаган бойдон автобустун арткы эшигинен чыгып кетти.

 

 

Жамал ошол кундору катуу ойлонуп журуп акыры Даниярдын жакын досу Талант менен жолугуп ачык суйлошууну чечти. Анын устуно аялы Гулум да Айгул Жамалдар менен жакын эле дос эмеспи.

Эртеси куну Жамал Талант менен жолугушуп, алар экоо копко чейин суйлошуп отурушту. Корсо Талантын да Даниярдан кабары бар экен. Данияр жакын досторуна Жамалды суйуп калганын, аны Россияга кеткенче ала качуу керек экендигин айтыптыр. Аны укканда достору Даниярга каршы чыкканы менен, ар ким оз тагдырын озу чечет дешип, кайра эле алар унчукпай отуруп калышкан экен. Бул кабарды Талант келинчеги Гулумго да айтат. Гулум уккан кулагына ишенбей оозу ачылып, ал да ушул кундору Айгулго боору ооруп аябай кыжаалат болуп уйундо отурат. Талант бугун, Жамал менен жолугаарын келинчегине айтып анан келген болчу. Жамал бул жанылыктарды Таланттан угуп алып, унчукпай эле катуу ойлонуп отурганы менен, ичинен Талант менен Гулумго ыраазы болуп турду.

 

 

Арадан бир жумадай убакыт отуп,

Данияр бугун Жамалды ала качып уйуно алып келе турган болуп калды.Туугандары чогулушуп, алардын уйундо келиндин келээрине аябай эле чон даярдык болуп жатты. Анын устуно Данияр уй-булонун эн кенжеси анан да жалгыз уулу эмеспи.

 

 

Данияр достору менен шаарга келип Жамалдын россияга бугун тан эрте менен кетип калганын угуп озунчо аябай жаман болуп турду. Ишене албай кайра-кайра сураштырып издеди. Себеби ал кечээ кечинде эле Жамалга жолугуп кетпеди беле. Акыры анын кеткенине толук козу жеткенден кийин башын мыкчып отуруп калды. Кокурогу ачышып, козуно жаш да тегерене тушконсуду. Ал озунчо буулугуп

— Эх!… Жамал! деп алды тиштене.

— Сен мени тушунбодун! Тушунбодун мени! деп жиберди ичиндеги бугун сыртка чыгара.

Балдар машинага отурушуп Айгул жашаган уйдун жанына келип токтоп турушту. Ал убакта Айгул эч нерседен бээ капар жумуштан келаткан болчу. Анын алдынан Талант тосуп чыгып кол алышып учурашаары менен эле, ары жактан эки досу келип Айгулду машинага салышып жоноп кетишти.

Айгул Жамалдын Россияга айтпай кетип калганына копко чейин капа болуп ,озунчо таарынып журду. Себеби ал Жамал менен Данияр жонундо эч нерсени билбейт эле. Анын бир чекесин кийин гана Гулумдон укту.

 

 

Жамал менен Айгул ошол бойдон торт жыл дегенде корушту. Анда да алар кокусунан кочодон жолугуп калышты. Айгулдун колунда уч жашка жакын кызы бар эле. Жамал аябай шашылыш болгондуктан

— Айгул капа болбо, биз дагы жолугушабыз. Бул акчага аяш кызыма озун, жакшы бир нерсе сатып алып бер, деп кызынын колуна акчаны карматтып, бетинен чопулдатып ооп коюп кете берген.

Ошол бойдон арадан он уч, он торт жыл отуп Жамал, Айгул менен Россиядан жолугушту. Даниярды ушул кунго чейин бир да жолу коро элек.

 

 

Жамал самалёттон тушкондо кеч кирип карангы кире баштаган экен. Ал таксиге отуруп уйуно келди. Машинадан тушуп эле Жамал коп кабаттуу уйдун терезелерине карады. Анын терезелеринин жарыгы жок, карангы эле. Ал унчукпай эле бир аз таза абадан дем алып турду да, оор дем ала сумкасын суйрой подьездге кирип кетти.

Жамал эшигин ачып уйуно кирээри менен эле жарыкты куйгузуп, ооздо озу жалгыз дубалга жолонуп туруп калды. Уйдун ичи жымжырт, эч ким жок. Аны муздак дубалдар гана кутуп алды. Уйдун ичине коз жугуртуп карап жатып Жамалдын козунон жашы сызылып агып кетти.

Жалгыздык — бул кандай гана оор, кандай гана коркунучтуу! Жараткан эгем, жараткан сон эч кимди жалгыз калтырбаса! Эрте менен уйкудан козун ачкан Жамалдын оюна биринчи эле ушулар келди. Ал ордунан турбай шыпты тиктеген бойдон ойлуу жата берди. Уйдун ичи жымжырт.

-Эх! Кудай! деп алды ушкуруно Жамал. Жер жузундо адамдар ушунчалык коп! Анан кантип ошончо адамдын ичинен менин озумдун теним болбосун?! Мени деле тугойум менен кошо жараткандырсын кудай! Ал да адашып мени бир жерде издеп таппай жургондур. Же чындап эле, ал адашып башка бироого уйлонуп, сезиминде мени издегени менен тагдырдын жазганы ушул экен деп коюп жашап журобу? Жамал копко жатты. Башына коптогон суроо-жооптор келип, озу менен озу суйлошо берип акыры жадап да кетти. Турайын дейт, мына турам азыр турам деп коюп ар нерсени бир ойлоп жата берди. Акыры бир убакта саатты караса он экиге жакындап калыптыр. Ал эптеп чыгынып жатып ордунан аран турду. Ваннага кирип жуунуп таранып чыгып эле телевизорду коюп, озу жангыз ойлонуп отуруп чай ичти.

 

 

Жамал Россиядан келгенден бери жаны жылга карата салчу товарларын салып бутуп азырынча уйдо эле. Агалары аны Россиядан

— Азырынча Бишкекте эле бол! Бизге товар салганча ден-соолугунду каратып эс ал деп жонотушкон. Жамал жаны жылды быйыл айылда карыган апасынын жанына барып чогуу тосмой болду. Атасынын козу отуп кеткенине он жылдай болуп калды. Ал уйдун кенжеси. Эн улуу эжеси экоонун ортолорунда торт эркек бар. Баары уйлуу жайлуу. Чон агасы илгертеден эле жакшы кызматта турат. Жамал мектепти бутуп, шаарда ошол агасыныкында жашап, окуу жайды бутуп иштеп жургон. Ошол убактарда Жамалга анча мынча соз айтышып журушкон балдар болгону менен алардын бироосу да Даниярчалык анын артынан чуркаган эмес. Анын устуно алардын бироосу да конулуно туура келбеди. Андан кийин Россияга агаларынын жанына кетти. Иштеп бишкектен квартира алды. Турмушта Жамалдын эч нерседен кемтиги жок, чындыгында ага баары жетиштуу. Жада калса бир тууган агалары да Жамалга жакшы конул бурушуп, жардамдарын беришип, жалгыз карындашын эч нерседен кем кылбай, камкордук кылып келишет. Женелери да кудайга шугур. Улуу женеси Жамалды жакшы сыйлап, оз синдисиндей эле мамиле кылчу. Кийинки келиндер деле, башкы коч кайда барса, арткы коч ошол жакка барат демекчи баары аны сыйлашып жакшы мамиле кылышат. Анын устуно Жамалдын да эч кандай жаман мунозу жок. Оор басырыктуу таза, тыкан эсепке да так, жалган суйлобогон, бироону ушактап, бироого жаман суйлобогон, жан дуйносу таза кыз. Ашыкча боёнуп жасанып, эрге тийиш керек эле деп эркектерге корунуп кочо басып аракет да кылбады. Кыялкеч. Суротту жакшы тартат. Кумары кармап калганда эле отура калып сурот тартып калчу жайы бар. Жамалдын башынан эле ушундай адаты бар, озу жалгыз кочодо сейилдеп парк аралап, аллеяда жай басып эс алып жургонду аябай жакшы корот. Анын жан дуйносу дайыма бироону кутуп журду. Ооба кутуп журуп мына жашы кыркка да келип калды. Карыган апасын да кыжаалат кылган ушул кызы болду. Эжеси Жамалды

— Ушинтип журо бербей, эртерээк турмушка чык. Бир туугандарындын да балдары чонойгон сайын ар кимиси озу менен озу болуп кете берет экен. Мына мен, Неберелуу болгондон бери алар менен эле болуп журуп сени деле коп ойлобой калыпмын. Кээде сени ойлосом, ошол жерден эле журогум кармап ооруп калчу болдум. Айланайын синдим эптеп ажырашканбы, же аялы олуп калган бироолор болсо деле мейли, эптеп балалуу болуп алсан озуно эле жакшы болот деп канча айтып журду. Женелери да канча айтышып, бироолорду таап журушту. Бирок Жамал дагы деле кимдир бироону журогундо сактап кутуп журо берди. Ошондой кундордун биринде ал бир жигитти жолуктурду. Анда Жамалдын жашы жыйырма тогуздарга келип калган болчу. Ал жигит озунон уч жашка кичуу экен. Кыздай созулган, коздору кулуп турган сулуучан келген ал жигитти Жамал бир коргондо эле жактырып экоо бат эле тил табышып кетишти. Ал жигит да ичип чекпеген, усту башына аябай жакшы каранган тыкан жигит эле. Жамалдын ага кандай башы айлангынын озу да билбей калды. Эч кимге билдирбей ал экоо чоогу жашап алышты. Анда Жамал ушул квартираны жаны алып коп убакытка чейин Бишкекте журуп калган болчу. Жамал чын дилинен ал жигитти берилип суйуп, ал учун жанын бергенге даяр болуп журду. Экоо кочодо ээрчишип басышса бири -бирине жарашып коп жакшы кундорду откоруп журушту. Жамал ал жигиттин койнунда жатып, озун кандай гана бактылуу сезип журбоду. Колун анын мойнуна ороп алып жыттап жыттап алчу. Ал суйууго ушунчалык мас болуп журду. Бирок эмнегедир ал, жигиттин эрки менен болуп журуп балалуу болгонго шашылбады. Жигитке Жамалдын коп жардамы тийди. Аны жумуш менен камсыз кылып, жигит бир аз да болсо бутуна туруп алгансыды. Ал Жамалга товар салышып, анын машинасын айдап шафёрлук кызматты кылып журду. Анын атасы ооруп калганда Жамал ага акчалай да жардам корсотту. Бирок Жамал ошол кундору учун азыр аябай окунот! Ооба ошол жигитти жолуктуруп аны менен жашап откон омуруно ото окунот. Чын чынына келгенде конулуно кок таштай тийген ал жигитти эскергиси да келбейт. Аны жашап откон турмушунан сызып салганга аргасыз болду. Канча жыл кутуп журуп, ошол тапкан жигитине короткон убактысы учун, ошол деп откон уч жыл текке кеткен омуру учун кандай гана окунбоду! Ал жигит эркек башы менен эн томон айбандык касиетин корсотту. Ал уйлоноорго келгенде уйундогулор тапкан кызга уйлонуп кете берди. Анда, Жамал эмне болот?, эмне кунду корот деген бир да айоо сезими болбоду. Жамал копко чейин жаман болуп журду. Ал жигит жонундо агалары деле билишчу. Бирок чон эле отузга таяп калган жигит- кыздын мындай болуп калышын алар да куткон эмес эле. Акылга сыйбаган иштер болуп кетти. Жамал ошол кундору озун озу олтуруп алгысы да келип журду. Намысына чыдабай акыр бир кун, бир агасы жигиттин уйуно барып, аны жаны келинчегинин козунчо эле олоорчо сабап жерге жабыштыра тепкилеп келди. Уяты жок адамдарда намыс деген деле болбойт турбайбы. Анын эртеси жигиттин бир тууган агасы милициялар менен келип, Жамалдын агасын колун кишендеп алып кетишти. Тулкудой кууланган эжелери артист болуп жатышып, биздин инибизди кызынар башын айландырып алып жургон дешип куноонун баарын Жамалга коюшуп, ит эле кылышты. Жамалдын ошол кундору башына карангы тун тушуп, бир жактан жан дуйносу кыйналса, экинчи жактан жалган жалаага кабылып, кудайга ушунчалык нааразы да болуп кетти. Тамагынан аш отпой ийне жуткан иттей болуп , эки буктолуп жатып калды. Ал копко кыйналып журду. Жалган создорго чыдабай акыры жигиттин энесине барып жолукту. Жамал ошол куну чын ниети менен эле кудайды каргады. Алтымыш жаштан ашкан эненин жалган суйлоп отурганын коруп, анын заманасы куурулуп, бул жашоого нааразы болуп кетти. Бирок ошол эле учурда Жамал бир нерсени тушунгондой болуп турду. Ал ошондо озунон озу чыйралды.

— Эмне учун бул жашоодо жалганчылар жыргап жашашы керек! деген ой кетти ага. Же эмне, бул дуйно жалганчылар учун жаралганбы? Мен кайсыл куноом учун мункуроп журом. Жок! Мен бироого жалган айтпадым, бироону алдап акысын жеп, же уурулук кылбадым! Эркек башы менен акча учун, мени менен жашап жургон ууруга мен эмне учун кыйналышым керек! Жамалдын эми козу ачылып, адамдарга болгон коз карашы такыр озгорулгонсуду. Ал бир туруп ал жигиттин алдында озун ото бактылуу сезип кетти. Бул жашоодо жалган суйлобой ак эмгегин менен тапкан нанын кандай дамдуу. Мен кандай гана бактылуумун деп жиберди ал ичинен. Мен бироолордон алданганым менен, мен бироолорго жалган суйлоп акча учун намысымды сатпадым. Мен ката кылсам озумдун жеке жашоом учун ката кылдым. Мен эч кимге ката кетирип жамандык кылбадым! Мен кайдагы бир тушунугу жок начар жалганчы ууруларга эмнеге капа болуп журом? Ал коп нерсени тушунду. Ал ошол жигит менен кощо анын уй- булосун кудайга салып койду.

 

 

Жамалдын озунон озу чыйралып куч алып, кыймылдай баштаганын коруп бир туугандары аябай суйунушту. Агалары Жамалдын колуна кол, бутуна бут болушуп конулун алышып анын козуно карап журушту.

— Жамал. Сен эч качан чокпо карындашым. Баары жакшы болот, кудай буйруса жакшы кундор алдыда деп кичуу агасы жан алы калбай Жамалды айланчыктап болбой эле калды. Женелери да Жамалды аяшып, колдорунан келишинче конулун алып жакшы создорун аяшпады.

Убакыт дарылайт, демекчи Жамал кыйла озуно келип, конулунун баарын коммерцияга бурду. Ал жумушка кызыгып алаксып журуп жаман окуялардын баарын журогунон чыгарып салгансыды. Анан да алардын иштери аябай алдыга катуу кетти. Агалары иш каналарды ачышып, аябай бутуна турушту. Жамал дагы уч болмолуу квартираны алып иностранецтерге тапшырып салды. Машинанын мыктысын минди. Торговый точкаларды сатып алышып арендага берип салышкан. Андан тышкары тигуучу цехтери да бар. Бирок Жамал бир да эркектерге конул бурбай койду. Алар ушунчалык конулунон калгангабы женелери, тааныштары канча жигиттерди тапса да, аларды бир да карап койбоду. Ошентип журуп мына эми ал кырк жашка келип калды. Жамал жашаган уйго жакын жерде эки агысынын уйлору бар. Алар Жамалдын озун жалгыз калтырбай аны чакырышып, кээде балдары аныкына келип турушканы менен акыркы кундору ал эч кимди каалабай озу жалгыз отурганды адат кылып алды. Бул жолу да женеси тынбай телефон чалып

— Кыз, туштонууго биздикине кел. Суйлошо турган создор бар. Созсуз келгин деп чакырган. Жамал терезеге келип сыртта жаап турган карды тиктеп турду. Ал кышты ушунчалык жакшы корот. Жааган карларды тиктеп коодону тазарып табигаттын сулуулугуна суктанып тура берди. Телефондун унунон улам озуно келип караса женеси чалып жатыптыр. Ал шашылып кийинип уйдон чыгып кетти.

Агасыныкына келсе столдун усту жайнап, баары Жамалды кутуп калышыптыр. Чон женеси да ошол жерде экен. Кичуу женесинин бир кыздуу болгондон кийин ажырышып кеткен синдиси да келиптир. Тамак салынып баары келип столду тегеректей андан мындан тамашалай суйлошуп тамактанып отурушту. Бир убакта женеси, чон женесине карап

— Откондо десениз жене, бул синдиме бироолор жакшы бир жигитти табышып экоону тааныштырганбыз. Жапжакшынакай эле жигит экен! Эмнеси жакпады билбейм? Ошого турмушка чыгып ал десек болбой жатат деп калды синдисин жаман коздору менен тиктей.

— Кой антпей чыгып ал. Качанга чейин жалгыз журмок элен деди чон женеси да абысынын созун колдоп.

— Койгулачы каяктагыны айтпай. Ал жигитинер болбойт деди синдиси жини келе.

— Анда журо бербей, боло турганын озун таап албайсынбы кыйын экенсин? деп озунчо суйлонду эжеси. Ал унчукпай бир азга ойлонуп отурду да

— Нормальный эркек жок болуп жатса эмне кылайын. Нормальный эркекти табыш учун, нормальный уй-булону бузуш керек! туурабы Жамал эже? деп ал ага карап козун кысып кулуп калды. Жамал да кулуп эле

— Туура деп башын ийкеп койду.

— Ай ушул силер барсынарбы. Силерге айтылган кайран гана создор деп женеси таарынгансып унчукпай отуруп калды. Созду чон женеси баштады.

— Кыздар тамаша создорду токтоткула эми. Чындап эле мындай жургонунор болбойт. Ар кимин оз турмушду ойлошунар керек деп ал Жамалды тиктей ойлонуп туруп

— Кыз биз агаларын менен чогуу суйлошуп, сени бала багып алса жакшы болот беле дегенбиз. Озун да жакшылап ойлонуп кор. Бугун сени менен жакшылап суйлошолу деп эки женен атайын чогулганбыз деди.

Жамал бул созду укканда журогу болк дей тушту . Эмне дээрин билбей эле эки женесин жалдырап тиктеп отуруп калды.

— Кыз ошенткенин озуно эле жакшы го. Сага эми эмне жетпейт. Иштебей эле уйдо бала багып отур эми. Биз сага кошо багышабыз. Эртен эле чоноюп калса озуно эле жакшы, баланды ээрчитип биздикине келип кетип турасын. Озун жалгыз болбой балага кыйла алаксыйсын деп кичине женеси кошумчалап кирди.

Бул создорду укканда Жамалдын козунон жашы куюлуп буркурап ыйлап жиберди. Эки жагынан эки женеси ордуларынан туруп келип Жамалды башынан кучактап сылап сыйпап, алар да коздоруно жаш ала аны сооротуп жатышты.

— Биз куруйлу кыз! Ушуга чейин эле сага бир баланы таап берген эмес экенбиз. Сени турмушка чыгып кетеби деп ойлоп журбодукпу. Ыйлаба алтын кыз. Баланды биз озубуз багышып чонойтушуп беребиз дешип экоо биринен бири отуп суйлоп жатышты. Жамал коптон бери ойлонуп буулугуп жургон учунбу озун токтото албай копко чейин опко опкосуно батпай ыйлады. Ага чон женеси

— Мейли кыз, ыйласан ыйлап ал. Кыйла женилдеп аласын деди желкесине башын жолоп отурган Жамалды кучактай чачынан сылап.

— Берекем десе! Ыйла ыйлап ал!

Женеси козунун жашын колу менен суртуп

-Ушундай жакшы кызды корбогон эркектердин да козу кор! деди ал озунчо кубуроно суйлонуп.

 

 

Жамал ал куну чындап эле ыйлаганга кыйла женилдеп калган экен. Ал женелери менен суйлошуп отуруп жаны жылга айылга барып келгенден кийин бир кыз алып асырап алмай болду. Анын журогу толкунданып озунон озу конулу которулуп эртеси куну таксиге отуруп айылга карыган энесине жоноп кетти.

 

 

Уландысы бар!

Досторуңуз менен бөлүшүңүз..........

KYRGYZCHA SITE