Жакынкы күндөн бери жеген тамагыбыз жарытылуу эмес, келинчегим ооруп калды

https://kyrgyzcha.site/?p=64419&preview=true Кызыктуу окуялар.

Жакынкы күндөн бери жеген тамагыбыз жарытылуу эмес, келинчегим ооруп калды

 

Колунда бар, өмүрүнүн акырына чейин жете турчу оокаттуу киши сооп иш жасоого бел байлап, акчалай садака берүүнү чечет. Көпкө ойлонуп, бул садаканы кандай адамга берүү керектигине башы жетпей, акыры атасынан кеңеш алууну туура көрөт. Орто жаштан эчак ооп калган, акылы салмактуу атасы бар эле.

 

— Ата, мен сооп иш кылсамбы деп көптөн бери ойлонуп жүрөм. Ал садаканы акчалай берүүнү чечтим. Бирок, кандай адамга берсем деп ойлонуп жатам. Мага кеңешиңиз керек.

— Уулум, сенден ушул кадамдарды күтүп жүрдүм эле. Эл көзүнө алынып, абдан байыдың. Тапканың арам эмес, шүгүр, баары адал. Каш-кабактын ортосундагы кырсыктан, төшөккө жатып калган айыкпас дарттан сактоочу нерсе бул – садака. Ал эми ал садака аябай муктаж, жашоосунда колдоого эч кимиси жок гана адамга берилиши керек.

Пример HTML-страницы

 

— Ырас айтасыз. А бирок, мен андай адамды кайдан табам? Азыр көчөгө чыксаң жол жээги толо тилемчи, же ошолордун бирине берсем кантет? Алар деле жыргаганынан олтурушкан эмес чыгар…

— Болбойт уулум. Андан көрө мындай кыл. Жол четинде үйүлүп жумуш сурап турган кары-жашы аралаш адамдар турган жерге бар. Барып, «мен ажаткана тазалатам, күрөктөп салып, чакалап төгөсүңөр. Ажатканам көп жылдык» деп айтасың. Кимиси макул болуп, машинаңа түшүп келсе, ошол адамга беребиз.

Бул акылды атасынан уккан соң, таңгалып, бир чети туура көрдү. Дароо жөнөдү.

 

— Жигиттер, жумуш бар!

— Эмне жумуш, байке? Баарын кылабыз, — деп жабалактап үйүлгөн жигиттерге атасы айткан кепти айтты. Заматта баары тарап кетишти.

— Жок ай, болбойт. Аз дагы төлөйт экенсиз.

— Көп төлөсө деле барбайм. Ошол кантип болсун, кол менен чакалап төгүү… Жок байке, кете бериңиз, — деп жолго салышты.

Жигит атасына келип, болгон окуяны айтат.

— Камсанаба уулум. Үч күн барып көр, мындан майнап чыкпаса, башка жолун издейбиз, — дейт атасы.

Экинчи күнү деле ошол көрүнүш. Жумуш сурап турган жигиттердин бардыгы баягы машинаны таанып калышты. Үчүнчү күнү барганда машинага жакын да жолошкон жок. Кээ бири сөккөнгө да үлгүрдү.

Бүгүн дагы таппадым, — деп машинасын айдап жөнөй бергенде, бир жаш жигит чуркап келип машинаны токтотту.

 

— Саламатсызбы!- деп энтиге сүйлөдү. Жигиттерден уктум. Сизде жумуш бар экен. Мен даярмын.

— Ооба, жумуш бар. Эки күндөн бери келип жатам. Жигиттер мени жаман көрө  башташты. Көп жылдык ажаткана бар. Толуп турат. Ошону чакага салып кол менен ташып төгүү керек. Башка шарт жок.

 

— Албетте, макулмун, — жигит ичинен абдан кубанды.

Жолдо келе жатып, жигитти  сөзгө тартты:

— Эмне болду айтып берчи? “Абалым оор” дегениңден сурап жатам.

— Эх, байке. Келинчегим кош бойлуу. Өзүм жетим өскөм. Эч нерсеме карабай мага турмушка чыкты. Аны эч нерседен кем кылбай багам деп сөз бергем. Жакынкы күндөн бери жеген тамагыбыз жарытылуу эмес, келинчегимдин кан басымы төмөндөп, ооруп калды. Эртең ооруканага жаткырбасам иш чатак, байке. Курсактагы балама да кыйын болду. Доктур чалып урушуп атат, “баланы ойлогула” дейт. Азыр абалым ушундай. Көп жерге жумуш издеп бардым. Кэчээ бир жерге эки саатка жалданып иштедим эле, иш бүткөндө келишкен акчамды бербей койду. Унчуга албадым. Өзүм араң жүргөндө дагы бир балээнин үстүнөн чыкпайын деп унчукпадым.

Бул сөздөрдү уккан жигиттин тамагы ыйга буула түштү. Сөзгө алаксып отуруп, үйүнө да жетип келишти. Дарбазаны ачып кирер замат, сырттагы чоң столдо атасы дасторкон жайып, уулун күтүп отурган эле.

— Ассалому алейкум! — деди жаш жигит колун сунуп.

— Алейкум ассалом. Сенби ажаткана тазалаганга даяр жигит?

— Ооба, жумушту көрсөтсөңүздөр, мен баштай берейин. Убактым тар.

— Кел, алгач тамактанып алалы, отур.

— Жок, рахмат ага. Жумуш күтүп калат.

— Бул жумушка эмне түрткү болду уулум, кана айтчы?

Уулу атасынын оозунан кебин жула сүйлөп, машинада келе жатып уккандарынын баарын атасына айтып берди. Жалданып барган жигиттин көзүнө жаш тегерене түштү.

— Анда эмесе мындай, уулум. Бул жигиттин аты Мелис. Сооп иш кылайын деп бел байлап калган экен. Акыры сени издеп тапты. Бул жашоодо абдан муктаж адамдарга жардам берүү – бул чоң сооп. Сен капа болбо. Эч кандай ажаткана жок. Жөн гана муктаждыгын көрүү үчүн ойлоп таптык. Ачык айтуу керек. Мына бул акчаны ал дагы, ажаткана тазаладым деп ойлоп, үйүңө кайт. Сенин бардык кем-карчыңа жарасын, пайдалуу ишке жумша. Анан бир күнү сен дагы ушундай сооп иш кыласың деп ойлойм.

— Жок, жок. Мен эч кандай жумуш жасабай туруп акчаны ала албайм. Анүстүнө мынча көп акчага келишкен эмеспиз.

— Туура уулум. Бизди туура түшүн. Сенин абдан муктаж экениңди көрүп турабыз. Ал алагой. Ушул акча керегиңе жарап, чакан иш баштап алсаң, сен дагы жооп катары сооп иш кыласың. Ошондо бул акчаны мага кайра кайтарып берген болосуң. Түшүндүңбү?

— Ооба ага, түшүндүм! — деди көзүнө жаш алып.

 

 

Досторуңуз менен бөлүшүңүз..........

КЫРГЫЗЧА САЙТ ⚜️