♡Жакын адамыңыздын кадырын билиңиз!
(Бир өмүр катылган баян)
Бир күнү түндө үйгө кеч келдим.
Аялым кечки тамак үчүн дасторкон салып жаткан,колунан кармадым да » Ажырашамын»дедим.
Сөздөрүмө ачууланган жок.
Жай гана себебин сурады.
Жооп бергим келбеди.
Жооп бербегеним анын жинин келтирди.Мага кашык,вилкаларды ыргытып «Сен адам эмессиң» деди.
Ошону менен ал түнү сүйлөшкөн жокпуз.Ал жөн гана уктап жатты..
Ажырашуубуздун себебин билгиси келип жатат.
Мен болсо тагыраак кандай жооп беришти билбей жатамын.
Жүрөгүмдү Жанеге уурдаткандан баштап аялдымды башка сүйбөй калганмын ага тек гана боорум ооруйт.
Терең бир абийир азабы ичинде үйдү,машинанын жана ишкананын акциясынан 30% ала тургандыгы жөнүндө ажырашуу кагазын даярдаттым.
Ал кагазымды көрүп көрбөй жатып майдалап,жыртып ыргытып салды.
Он жыл жашоомдо бирге болгон аял эми бейтааныш эле…
Сарптаган убактысына,эмгегине ичим ачышчу.Бирок айткан сөздөрүмдү артка ала албайт болчумун.Бир күнү жанымда бакырып ыйлады.
Негизи бул каршылыкты мен андан ажырашамын деп айткан күнү күткөн элем.
Ажырашуу пикири эми дагы күчөй баштады.
Дагы бир күнү түндө үйгө кеч келдим.
Столдун үстүндө мага жазылган бир жазууну көрдүм. Тамак да жеген жокмун, дароо уктаганы кеттим.Эртең менен ал мага ажырашуу шарттарын айтты.Менден бир дагы нерсе каалаган жок(материалдык байлык).Болгону ажырашканга чейин жашообузду бирге өткөрүп артта калган бактылуү күндөрүбүз сыяктуу жашашыбызды каалады.
Себеби болсо жөпжөнөкөй.
Балабыздын сынактары жакындашып жатат жана балабыздын бул окуядан таасирлениши каалабады.
Айрыкча, үйлөнгөн күнү мен аны үйгө колума кандай көтөрүп келгенимди эстетти.Сот боло турган күнгө чейин мен аны эшиктен уктоочу бөлмөгө чейин колума көтөрүп жеткирүүмдү каалады.Жинди болдубу деп ойлоно баштадым.Алгач үйдө жаңжал чыкпасын деп кызыктай болгон сунушун кабыл алдым.
Биринчи күн, аялымды уктоочу бөлмөгө чейин колума көтөрүп баратканда экөөбүз тең бир кызыктай болдук. Балам болсо кубанып «Арстан атам!Апамы колуна көтөрүп жеткирди!» деп кол чаап алкыштады.
Уулумун айткан сөздөрү ичимин бир жерлерине тийгендей болду.
Аялымды,уктоочу бөлмөдөн мейманканага андан кийин эшикке чейин колумда көтөрүп жүрдүм.
Бир убакта көздөрүн акырын жумуп шыбырап » Ажыраша турганыбызды уулубузга айтпа»деди. Макул болгондой белги менен башымы ийкеп жерге түшүрдүм.
Экинчи күн бул абалга дагы бир аз көнө баштадык. Көкүрөгүмө башын койгонунда көйнөгүндөгү атырдын жыты жыттанып турду. Көп убакыттан бери аялыма аялдарды карагандай эч карабагандыгымды байкадым. Эми мындан ары ал жаш кыз эмес эле. Бетинде бырыштар бар чачтары да агара баштаган экен. Бир мезгилде ага канча зыян бергеними түшүндүм.
Төртүнчү күнү аялымды колума көтөргөнүмдө ортобузда бир байланыш пайда болгонун сездим.
Кучагымдагы аял мага жана үй-бүлөбүзгө он жылыны арнаган болчу.
Бешинчи, алтынчы күндөрү ортобуздагы байланыш дагы жакындагандыгын байкадым.
Сот күнү жакындаган сайын ортобуздагы байланыш күчүнө кирип аялым дагы көтөргөнүмдө жеңил сезиле баштады. Аялыма берген азаптарды айрымалай баштадым.
Ошол мезгилде уулум ичкериге кирип «Ата, апамды көтөрүү убактысы!» деди.Ар күнү апасын колума көтөргөнүм уулумун жашоосундагы маанилүү нерселердин бири боло баштаган тура.
Аялым, уулумду кармап туруп кучагына бекем кысты. Мен болсо пикиримди алмаштырбоо үчүн башымды тескери буруп кеттим.
Аялымды колума көтөрдүм ал моюнумду катуу кучактады.
Аны кучагыма бекем кыстым кудум эле үйлөнгөнүбүздүн алгачкы күнү сыяктуу.
Сот күнүнөн бир күн мурун аялымды дагы колума көтөрдүм.
Кадам таштоодон кыйналып жаттым.
Эмне кылышым керек экенин чечип койгон болчумун.
Жаненин жанына бардым да ага » Кечирип кой Жане. Аялым менен ажырашууну каалабаймын» дедим.Эми мен баардык нерсенин айрымасын билдим.Үйлөнгөнүбүздө биринчи күн аялымды колума көтөрүп үйгө алып келип өлгөнгө чейин колумда көтөрүп жүрөмүн деп сөз берген элем.
Аялыма гүл алууну чечтим.
Гүл сатуучу катка эмне деп жазуу керектигин сураганда мен жылмайып» Өлүм бизди айрыганга чейин сени колумда көтөрүп жүрөмүн»дедим.
Колумда гүлдөр жүзүмдө жылмайуу менен үйгө келдим.
Үйгө келип мен көчөдө жүргөндө аялымдын көз жумганын билдим.
Кийин билишимче аялым бир нече айдан бери рак илдети менен алышып жаткан экен.
Мен Жане менен алек болуп жүрүп муну эч байкабаптырмын.
Көз жума турганыны билип уулубуздун мага капа боло турганын ойлоп ажыраша турганыбызды ага байкатпашымды айткан экен.
Уулумун көзүнө сон көз ирмемге чейин аялын сүйгөн бир ата болуп калдым.
Ошентип аялымды акыркы жолу колумда көтөрдүм…
● Күнүмдүк жашообузда маанисиз жана көңүлсүз көрүнгөндөр негизи мамилелерибизди кооздогон нерселер.
Канчалык чоң үйүңүздүн болгону, кандай маркадагы унааңыздын болгону же болбосо банктык эсебиңиздеги акчанын канча суммада болгону маанилүү эмес.Үй,Машина,Акча сыяктуу нерселер бактылуу болуу үчүн бир аз салым кошкон каражаттар.
Бирок эч бири сизге туруктуу бакытты бере албайт.
Бул себептен, сүйгөн адамыңызга жашоодо түбөлүк досу болуңуз.Араңыздагы байланышты күчтөндүрүү үчүн кичине болсо да аракет кылыңыз.
Макала түрк тилинен которулду.