Жүргүнчү

https://kyrgyzcha.site/?p=53100&preview=true Кызыктуу окуялар.

Жүргүнчү

 

 

Студенттерге Оштон Бишкекке кетиш, же Бишкектен Ошко келиш оңой эле, мен аны үч жылдан бери башымдан өткөрүп көнүп да калдым. Быйыл дагы жайкы каникулду ата- энем, жакындарым менен сагынычым таркаганча бирге чогуу болуп, эми Бишккеке жол тартканы Оштун автобекетине келсем таксисттер “жүнүн жейт”. Өзүнчө эле базар, ызы- чуу. “Бишкек” деп маңдайына жазып алган жеңил машиналардан жол тийбейт. “Бир орун калды,олтурсаң эле жылабыз” — деп бирөөсү жолумду торосо, бири колумдагы жүгүмдү көтөрүшө коюп, тааныбасам деле; “бу карындашымды Бишкектен өзүм алып келдим эле, эми өзүм алып кетем”-, деп сүйлөнүп алдыма түшүп жөнөсө, күлкүм келди. “Мен сизди биринчи көрүшүм”-, деп артынан бастым. Жеңил машинанын арткы эки орундугунан башкасы баары ээленип,жүргүнчүлөргө толуптур. “Майли,жолдо токто деген жерге токтоп кетесиз,анан катуу айдабайсыз,ошондо сизге түшөм” десем, шыпылдаган неме “куп болот, сулуу кыз, азыр катуу айдаган мода эмес, кел олтура гой” деп машинасынын аркасын ачып, менин жүгүмдү элдин жүгүнө кошуп койду. Менден кийин жанымдагы бош орундукка колунда көк баштыгы бар, элүүлөр чамалаган эже келип олтурду.

— Кысылбай кенен эле олтура бериңиз-деп бери жылсам;

— Рахмат кызым,батышабыз- деп, терезе тушка жакыныраак жайланышты. -Студент окшойсуң, каникулуң бүтүп Бишкекке кайттыңбы?,-деп мага карады

да,мончоктогон терин сүрүп.

— Ооба,окуумду, агай-эжелеримди сагындым. Анын үстүнө онлайн менен көпкө окуп

калбадыкбы.

-Айтпа, кызым, ковиддин азабын тартпаган эл калбады го,-деп эже үшкүрүп алды.Ошол

кезде алдыңкы орундукта олтурган байке кыйкырды; “Эмне, жолго чыгабызбы деги, унаанын ичи эбак толгон, айдоочулар ушундайсыңар да, баарыбызды унаага тыгып коюп, өздөрү жок болуп кетишет. Батыраак жылыштын алакетин кылалы да, түн ичи жол жүрөбүз”-деп сүйлөнүп кирди.

-Мына, мына акебай жөнөдүк. Кана,

бир бата кылайлычы,көздөгөн жерибизге аман-эсен жетип алалы деп, алакан жайган айдоочуну коштоп, баарыбыз “Оомиийин” деген бойдон жолго чыктык.

Жол ката жанымдагы эже ойго чөгүп, көп сүйлөбөй келди. Мен да кеп козгогум келбеди. Кара-Суудан чыгып, Өзгөндү көздөй бет алганыбызда, эженин кол телефону шыңгырап калды.

-Кудай буйруса, жолго чыктым, түнү саат 12лерге барып калам. Сен үйдөсүңбү, Самат жумушуна кеттиби?

Дагы чалам,-деп телефонун өчүрдү да, көк баштыгына салып,көңүлү ачылгандай боло түштү. Үстү-башына, өңүнө караганда эже оштуктарга окшобойт.

-Эже, бул жака айылчылап келдиңизби?- дедим.Менин суроом эженин күлкүсүн чакырды. Мага өз кызындай мээримдүү карады да: “Ошо, айылчылап келсем арманым жок эле, кызым. Эми сурап калдың, узун жолду кыскартып, кеп салып олтурайын. Эки- үч жыл болуп калды, жалгыз уулумду үйлөгөнмүн. Келинчегин биринчи мага тааныштырмак болуп; “апа,алдың сизге жакса сүйлөшөйүн, көңүлүңүзгө толбосо,кыздар толуп атат, дагы бири тургандыр” деп айтканынан, “кудай жалгасын Самат, келсин,үйгө чакыр,босого-төрдү көрсөт, ал да бирөөнүн бапестеп баккан баласы да” деп дароо макулдугумду бергем. Ээрчитип келди, көрдүм. Көрүшүм менен эле жактырдым. Ырай- ороюнан кут төгүлгөн жылдызы башкача жан экен. Жүрөгүмө жылуулук пайда кылган кызга көз тийбесин деп, кудайдан жалынып жибердим. Менин сүйүнүч менен кабыл алганымды сезген Самат жерге-сууга батпай турду. Мага койсо, ушул келин эле мага келин болсо, уулума колукту болсо экен деп, ичимден тиленип жаттым. Аркасынан, ушунун баарын атасы көрсө, атаганат деп жүрөгүм канап-канап кетти. Саматтын атасы жол кырсыгынан уулу жети жашка чыкканда каза болуп, аны эрезеге жеткирген өзүм болдум.Өзүбүз Кеминден болобуз. Бир жылга жетпей Самат менен Айдананын тоюн бердик.

 

-Куда — кудагыйыңыз кайдан болот?- деп суроо жаңыртсам; “Айдананын ата-энеси Теңир- Тоонун Кочкор тарабынан болот. Бир көрүшүп эле ортодо бир туугандардай мамиле жаралды, эми ортобуздан кыл өтпөйт. Бул жашоодо ар кимдин башына өз бактысынан башка дагы көйгөйүн кошо берет тура. Ошо кызымдай көргөн келиним, үч жылга аяк басты, алигече төрөй элек.Бир данакер наристе болуп калса, тамырына суу жетпей жаткан сүйүүлөрү кайтып гүлдөп кетеби деп, эмне деген санааларга баттым. Өз боорумдан жаралгандай ынак, оюмдагыны айттырбай түшүнгөн, бир жолу бирөөгө өйдө карап сүйлөбөгөн, ызааты бир башкача келинимдин тушалган бактысына жаным сыздайт. Ал уктабай чыккан түндөрү мен да уктабайм. Күндөн-күнгө эки баламдын ортосу салкындап, бара-бара той-ашка да чогуу ээрчишип баскандан айбыгышып жүргөнүн байкаганда,көзүмдүн жашын билгизбей сыгып алам да, кудайдан тилегеним бир бала”-деп, эже карегинен сызыла түшкөн жашты бет аарчысы менен аарчыды да, терең үшкүрүнүп саамга үндөбөй,терезеден Токтогул суу сактагычын карап келатты. Мен да мындай жымжырттыкты буза албай,демимди басып, үндөбөй калдым да,анан чыдабай:

-Самат уулуңуз менен бир олтуруп сүйлөштүңүзбү? Мүмкүн, Турцияга, Россияга барып чоң дарыгерлердин кароосуна түшүп көрүнүшөөр,-дедим. Эже терезеден көз албай, суроомо жооп издегендей унчукпады.

-Аздан соң; -Жакында гана өзүмө сырдаш, жакшы-жаманда чогуу жүргөн , мен курактуу аялга болгонун-болгондой кылып айтсам, “Оо, Жайнагүл,азыр жаштардын эң эле көйгөйү ушу, үй-бүлө бактысын сактап калуу да. Бул бир эле сенин Саматыңдын колуктусу бекен,андайлар толуп атат. Көбү ошондон ажырашып жатышпайбы,сен дагы жакшы адамсың. Келиниңдин талабын талашып,күйүп айтканыңа ырахмат.Көп энелер бир жыл айлана элек келинди жолго салып, балдарына кыз караштырып жатышкан… Менин сага айтаар кеңешим, элдик ырым-жырымдан шыпаа издеп дегендей, Оштун Сулайман-Тоосуна барып, ыйык жерден тиленип көрчү,жакында эле биздин алыс туугандарыбыздын бир кызы төрөй албай жүрүп, бирөөлөрдөн укканбы, Сулайман-Тоого барып,таңда-кечте жалынып, кудайдан тиленген экен,жыл айланбай, кудайдын буйругу менен кызынын боюна бүтүп төрөп алыптыр, азыр дагы боюнда бар имиш. Сен дагы көз жашыңды көл кылып олтура бербей,эл барган жерге барып көрбөйсүңбү,бирок,уул- келиниң аны укпасын” дегенинен бир айдай өзүмчө ойлонуп жүрүп, Ошко барууну чечтим. Азыр ошол жактан келе жатам”-деди, Жайнагүл эже мага жылмайгандай көрүндү.

Мен таң калып карап калганымды сезген эже “Эми бул жагы кудайдан,жана дагы эки баламдын бактысынан” деп койду.Оозума сөз келбей, эмне дээримди билбей, эженин уул-келини үчүн отко десе отко бой таштаарына көзүм жетип, ичимден ыраазы болдум.Ага чейин айдоочу Ала-Бел ашуусуна келгенибизди, каалоочулар чер жазып, шам- шум этип алышыбызды өтүндү.Бул мага жакты, эже дагы “чай-пайы болсо деле кичине өзөк жалгап алсак жакшы болот эле” деп эл менен кошо сыртка чыктык. Ала-Белдин аркыраган шамалы коюн-колтугубуздан жойлоп, жакын турган боз үйгө киргенче шаштык.

Ысык чай, каймагы менен каттамасын алып, нанүштөгө олтурганда,мен теманы башка жака бурмакчы болсом да, эже жанагы сөзүн кайтадан улады.

-Эми кызыкты коё каласың, Ошто мен бирөө-жарымдан сурап да албаптырмын. Тоонун этегинде музей бар экен,мен ошол жерге кирип алып,зыярат кыла берипмин.Кийин музей кызматчысы келип, “сиз эртеден бери ушул жерден жылбай эле олтурасыз,эмнеге?” деп сурап жатпайбы. Мен ушундай-ушундай максат менен келдим эле,ошол аманатымды зыярат кылып аткарып олтурам

десем, таза күлдү. “Оо, эже, сиз оо Сулайман-Тоого чыгышыңыз керек эле.О,жөрөлгөнү ошол жакта жасаңыз” дебедиби. “Билбеген адам уу ичээр” деген сөз ырас экен. Мен дагы ага кошулуп күлдүм. Эртеси таң атпай туруп,тоого чыгып барып,зыяратымды кайта- кайта жасап,сенин алдыңда эле автобекетке түшүп келгем,-деди эже,пиаласындагы муздай түшкөн чайын уурттай, нанга каймактан сүртүп жеп олтурду.

 

Бишкеке киргенибизде түн бир оокум болуп калган. Олтурган жүргүнчүлөрдүн өтүнүчүн кыя албай айдоочу бизди Кыргыз филармониянын маңдайына түшүрдү.Эже менен коштошуп жатып:

-Самат менен Айдана балалуу болушат, камсана болбоңуз.Сиздин тилегиңиз орундалат эже,мээнетиңиз кайтат, энелер баары балдарына сиздей күйүшсө кандай сонун болмок!- деп, эжеге телефон номеримди бердим.

-Жайнагүл эже, неберелүү болгондо мага сөзсүз чалыңыз! Суйүнчүнүн чоңунан алып,алдыңызга барам!-десем, эже мени бооруна кысып, тилегиңден айланайын,ошол күндү чогуу көрсөк экен, өзүң да бактылуу бол!”-деп,батасын берди.

Мен такси чакырып, үйгө баратып,эжени, Самат менен Айдананы бир мүнөт да эсимден чыгарбадым. Эмнегедир “Ак кемедеги” баланын бугу энеден жалооруп сурагандай мен дагы Умай энеден “наристе кумарына зар болуп жүргөн ушул пенделериңе уул бере көр, уул бере көр деп”-ичимден жалынып-жалбарып келаттым.

 

Досторуңуз менен бөлүшүңүз..........

КЫРГЫЗЧА САЙТ ⚜️