9Болум
Иним, дагы айтам, эч сыр бербей кетип кал. Эгер мушташам десең, менттерге арызданбагандай бололу. Мен мушташкандан качпайм. Бирок анын кимге кереги бар? Бул жолу Бактияр өзүн өзү кармап, кайрылган колун силкип :
Сен ким болосуң Тахминага? Дагы айтам :экинчи мен сени бул жерден көрбөйүн!
Калыйбек ачуусун ичине кармап :
-Көрсөң колуңдан эмне келет? Азыр бир чапсам турбай каласың. Алыңа карап сүйлөсөңчү . Тахминаны кызгангандай сен кимсиң? Ушул сөздү адамча жай сүйлөшсок болот беле… Бактияр колун шилтеп :
Койчу эй сен, антип айтканыңды деп Калыйбекти түртүп жиберди. Бул убакта Тахмина келип калган эле. Бактияр бош турган Калыйбекти түртүп жибергенде, Калыйбек жыгылып кетти. Ушуну эле күтүп турган Бактияр күч менен келип башка тепкенге үлгүрдү. Бул окуяга күбө болгон Тахмина үнүнүн баарынча кыйкырып жиберди. Тахминанын үнүн уккан Калыйбек дароо ордунан атып туруп, Бактиярдын кийинки соккусун тосуп, өзү чабуулга өттү. Башында бир эки жолу сокку бергенге үлгүргөн Бактияр бул жолу өзүн ишеничтүү сезип, баары бир жеңиш мен жакта дегенсип, чабуулун азайтты. Калыйбек Тахминаны караганда, анын жан тарта карап турганына ичи жылып, эбин келтирип Батиярды талуу жерине тээп жыгып, анын үстүнө минип олтуруп алып, бет талаштыра эки үч жолу уруп жиберди. Денеси катуу ооруган Бактияр Калыйбектин эки колунан кармап байкелеп жиберди. Болду эми мен экинчи бул жакка келбейм деп Калыйбек урганын токтотуп, алың ушул беле деп ордунан туруп, Тахминанын колунан кармап, жетелеп ары басты. Жерде оонап Бактиярды жийиркене карады. Бул убакта айлана көзгө сайса көрүнгүс караңгы болгондуктан, мушташ болгонун эч ким байкаган жок. Бактияр эптеп ордунан туруп машинасына жетти да, салондун светин күйгүзүп, күзгүдөн өзүн карады. Көзү көгөргөн, бети шишиген Бактияр өзүнчө үнүн чыгарып сөгүнүп алды. Чөнтөгүнөн жүз арчысын алып чыгып, бетин сүртүмүш болуп, машинасын от алдырып, ордунан жылдырды. Жолдо баратып өзүнүн жоругуна өзү нааразы болуп кетти. Алым жетпегенден кийин эмнеге ага кол көтөрдүм. Милицияга дагы жакшы шылтоо таап кутулбадык беле. Эгер милиция кармап алса эмне болмокмун. Ушул бир кыз үчүн токмок дагы жедим, экинчи бул жака басып келбейм. Тахминадан башка кыз түгөнүп калса дагы деп жолдогу кафелердин бирине кирип жүз грамм арака жана пивого заказ берди. Ачуусу келгенин анын өңүнөн эле бир көргөн киши билсе болот эле. Официантка алып келген аракты тартып жиберип артынан кружка толтура пивону кере кере жутуп, өткөн окуяны унутканга аракет кылды. Колундагы жарымына чейин тартылган чылымын күл түшүргүчкө салып, наркы бурчта отурган чачы каре кесилген, арык чырай, кара тору, көздөрү бакыракай, ойго чөмүлүп отурган кызды көзү чалды, анын жанына баргысы келди, бирок көгөргөн көзүнөн уялып, бул оюнан баш тартты. Айлананы карап, бул жерге көпкө отурганга болбосун билип, кружкадагы пивону түгөтө ичип, акчасын төлөп, сыртка чыкканда арак менен пивонун касиети өз деңгээлинде таасирин тийгизип Бактиярдын башына тепти.Ыраазы болгон сайын күч алып, Чөнтөгүнөн сотка телефонун алып чыгып, физкультурный институтунда окуган Данияр досуна чалып, болгон ишти үстүртөн айтты. Азыр кел, бул ишти азыр чечпесек, эртең кеч болуп калат деп катуу жапа чеккен адамдай үнүн аянычтуу чыгарып Даниярга жолугууучу жерди катуу дайындады. Эгер азыр ичимдик ичилбегенде Бактияр Даниярга телефон чалбайт эле да, үйүнө кетмек.Машинага олтуруп учу жок ойго чөмүлгөн Бактияр эмне болгон күндө дагы Калыйбектен сөзсүз өч алам деген максатты койду алдына.
Калыйбек Тахминаны жатаканага киргизип, жолугушуучу жерди Рабочий городоктун аялдамасына белгилеп, жолуна түштү. Караңгыда жанынан узап бараткан Калыйбекти Тахмина Нурланга окшоштуруп жиберди. Бир кезде болгон окуяны эстеп узап бараткан Калыйбекти кайра өзүнө чакырып:
–Суранам сенден, сак бол. Бир кезде Нурлан дагы сендей болуп, ушул жерден балдар менен мушташып, түрмөгө кайра жатып калды. Анын түрмөгө жатышына мен себепкер болдум эле. Эми сага да менин залака тийбесин. Суранам, үйүңө чейин такси кармап жетип алчы, деп сумкасынан акча алып чыгып. Калыйбекке сунду. Мындайды күтпөгөн Калыйбек:
Кереги жок, өзүмө жетишээрлик акча бар.
Сураныч сенден. Тиги бала депутаттын баласы. Сенде күнөө болбогон күндө дагы ал атасынын иш кызматын пайдаланып, сени жыгып коёру белгилүү. Өзүнө сак бол. Калган сөздү эртең сүйлөшөлү, жолуңдан калба эми.
Калыйбек чын ниетинен ыраазы боло Тахминаны аянычтуу көзү менен сөзүнө терең маани берип, жолго чыгып эле такси кармап түшүп кетти. Калыйбекти таксиге түшкөнгө чейин карап турган Тахмина кадамын жай шилтеп көңүлү суз жатакананын астанасын аттады. Ооздо тосуп турган вахтёрша аял жанынан өтүп бараткан көңүлү суз Тахминага студенттик билетин сунуп :
-Кызым, экинчи алигидей тартипсиз балдарды бул жакка келтирбечи. Сага эле эмес, мага дагы терс таасирин тийгизди. Тахмина үнсүз башын ийкеп жооп берип, ичкери кирип баратып кайра артка кайрылып :
-Эгер мени сурап келгендер болсо, эжесинин үйүнө кетти деп сырттан эле кетирип жибериңизчи. Сабакка даярданайын дедим эле. Вахтёрша макул дегенсип башын ийкеп:
Сулуулуктун жаман жагы да бар, кызым. Сага мен түшүнөм. Мен кыз кезимде абдан сулуу элем. Менин дагы убагында артымдан көптөгөн балдар чуркап, сөз айткандары канча. Андан дагы мени талашып, мушташкандарын айтпай эле коёюн… Сөздүн артында эмне жатканын Тахмина илгиртпей түшүндү да, алсыз жылмайып ступенка менен өйдө көтөрүлүп бөлмөсүнө жөнөдү.
«Адам кагуу жеп кагылат, жеме угуп жетилет» дегендей жаштайынан абактын сызына кабылган Нурлан турмушту терең түшүнүп, эч кимге деле таарынбай калган. Эң негизгиси, оозунан чыккан сөзгө туруп, убадага бек болсо, ал адамды алынын жетишинче сыйлаганга аракет кылат. Хлебашы Кемелбекти алгач жолуктурган да эле, анын сүйлөгөн сөзүнөн, баскан турганынан адамдык сапаты жогору экенин байкаган. Бир жолу абак боюнча чылым тартыш болуп калганда Кемелбектен чылым сурап кайрылганда, Кемелбек улуу башын кичуу кылып:
Азыр эле чегип ыргытып жибербедимби, кап. Эртерээк сураганыңда болбойт беле. Мен азыр… — деп катып койгон жеринен жарымысы чегилген чылымды алып келип бергенде чын ниетинен ыраазы болгон. Азыр дагы берилүү менен айтып берип аткан окуяны кандайдыр бир деңгээлде сабак болуп аз да болсо сүйүүнүн азаптуу чеңгелинен бошонгон го салымын кошту. Бирок убактылуу гана алаксыса дагы, Нурлан баштагыдай көп ойлонуп Тахминаны эстегенден өзүн алыс туткан га аракеттенди. «Сөз — сөзмөргө кул» дегендей, сөздүн эбин келтирип айткан Кемелбек жолугуудан келгенден кийин Нурландын суроосу менен айтып аткан сөзүнүн токтогон жеринен улап айтып, кайра узун сабак сөзгө өттү. Көңүлгө тийген сөз кокойдон кетпейт, коколотуп ыргыткан таш көккө жетпейт дегендей Кемелбектин сөзү көкүрөккө такалып кокойдон кетпей калды. Кемелбек чыпкасы жок чылымдан бир даанасын Нурланга сунуп, бирөөнү өзү күйгүзүп машырлана түтүнүн үйлөпоп, сөздү токтогон жеринен улады. Көрсө байкуш Александрдын өлүмүнө сүйгөнү Наташанын жазган каты себепкер болуптур. Билбейм, ошол болбогон сөз үчүн бир келген өмүрду садага чабуу, бул өтө эле жеңил ойлуулук. Мына мен ушул жашка келгени үч жолу сүйүп сүйгөн кызымды ала качырып жибергеним аз келгенсип, аялым менен кызымдан кол жууп, эч кандай жеңилдикке алдырып жапа чеккен жокмун. Биринчи Жумгалдын Кызарт деген айылынан Салкын аттуу кыз менен сүйлөшүп жүрүп анан армиядан кайтып келатсам, Фрунзенин чоң көчөсүнөн бир жаштагы кызын жетелеп, алдыман чыкты. Эки жылга чейин кат алышып жүрдум. Кийин кат келбей калганда эле сезгем анын эрге тийип кеткенин. Баарынан дагы өз элиме өз жериме келип кубанычыма чек жок келатканда Салкындын баласын жетелеп алдыман чыкканы, бетиме суу сепкендей эле таасир берди. Андан соң экинчи сүйгөн кызымды көз көрүнө ала качтырып жиберип олтуруп калдым. Экөөбүз Токмок шаарынын борборунан жолукканбыз. Мен эртерээк келип аны күтүп тургам Ал мага жеткени 100метрдей калганда, мен аны утурлай бастым. Аңгыча эле аппак волга машинасы жанына келип токтоп, үч бала ушунчалык ылдамдыкта Айчүрөктү козуну бокторуп салгандай салып алып кетишти. Жанымда даяр машина жок болгондон кийин аны кайдан табам? Кийин уктум, Көлдун Түп районуна алакычып кетиптир. Үчүнчү Канымжан деген кыз болчу. Ал Оштун районунан эле. Ата — энеси каршы болуп, өзүнүн эле жакын туугандарына турмушка чыкты. Угушума караганда бөлөсүнө тийиптир. Нурлан Кемелбектин сөзүн угуп олтуруп, чындап эми аяп кетти. Кемелбек Нурланды сабырдуулукка үндөп :
Эгер сен менин ордумда болсоң, эмне болмок элең. Мен деле сүйүүгө туруктуу берилип сүйгөм. Бирок ар нерсенин чеги болот эмеспи. Сүйүүгө деле көп берилген болбойт экен. Мына Александр эгер өлбөгөндө, азыр Наташадан башка кызга үйлөнүп жашап, балалуу болмок эле да. Өзүнө өзү кылды. Көрсө Наташа катка мындай деп жазыптыр :Саша, сен эми мени ойлобо, колуңдан келсе унуткан га аракет кыл. Мындан ары менден кат күтпө жана мага кат жазба. Ортобузда сый гана мамиле болсун, дептир. Александр казарманын чердагына чыгып, катты уучтай кармаган калыбында, өзүн өзү асып салыптыр. Болбогон сөз үчүн кайран өмүр кыйылды. Эми адам болгондон кийин жашоодо өйдө төмөн иш боло берет да.Анан бир кыздан дайын жок деп эле, ден соолуктан айрылып, жапа чегүү бул болбогон иш. Сөз ушул жерге келгенде Нурлан кайра суроо жаңыртты :
–Аялыңыз менен кызыңдан эмне болуп айрылдыңыз? Кемелбек оор үшкүрүнүп алып, анан чегип аткан чылымын ыргытып жиберип, дароо экинчисин күйгүзүп :
-Ээ, Нурлан, ал эми өтө узун кеп. Эгер сен аны уксан жаныңдан түңүлүп, азыр кыйналып аткан сенин абалын суу кечпей калат. Кемелбек сөзүнүн аягына чыгып, чылымынын өчү бардай эки жаак эти ичти карай берилүү менен соруп, кайра бурулдата үйлөп, көчүгү талып кеткенин билгизип, көпшөлүп койду да, нуру өчкөн көзүн алсыз ирмеп :
-Эгер аялым жакшы адам болгондо, мен бул жерге жатпайт элем. Жашоонун жакшы жана жаман болушуна аял кишинин түздөн- түз байланышы бар экенине убагында көңүл бурбаптырмын. Сен али жашсың. Жашоо үйлөнгөндөн кийин башталат Ошондо сен кадимкидей бир үйдүн ээси болуп, Үй-бүлөөң сенин көзүңдү карап турганда анан билесиң өзүңдүн жоопкерчилигиңди. Башта мен кеп кылбадымбы, үч сүйгөн кызымдан айрылдым деп. Үчөөнун күйүтү мени көп ойго салды. Үчүнчүсү сузактык кыз, турмушка чыгып кеткенде такыр эле кыздарга көңүл бурбай калдым. Себеби кыздардан жана сүйүүдөн ушунчалык көңүлүм калды.
Уландысы бар…