Зектин махабаты 8 бөлүм.

https://kyrgyzcha.site/?p=37076&preview=true Кызыктуу окуялар.

?ЗЕКТИН МАХАБАТЫ

 

8Болум 

 

Нурила Бактияр кетээри менен :

-Ох, аябай коркунучтуу бала турбайбы. Байкуш Тахмина эмне эле мындан качып, жок дедиртип атат десе, көрсө жөнү бар экен. Буга тийген эле кыздын шору. Ала электе эле Тахминага ушундай мамиле жасаса, алгандан кийин жөн эле өзү билгендей эзет го. Сары кыз сөзгө кошулуп:

Байкуш кыздардын эле шору. Сен айткандай заңкыйып эле жүргөн балдар аял алгандан кийин эле өзгөрүп кетишет го. Күйөөгө тийген кыздардын көбү сырларын ичине катканы менен билгизбей кыйналгандагы канча. Карачы бул баланы. Жөн эле кычырайт. Кийген кийимине карап тийип алабыз. Анан азапты көрөбүз. Өткөндөо бир классташ кызым турмушка чыккан, сүйлөшүп эле. Кечээ жолугуп калып, колуңдан келсе турмушка чыкканга шашылба. Тийсең дагы, тийе турган баланын бүт сырын билип туруп анан тий. Күйөөмдүн кыялы чатак экен. Көңүлүм сууп калды дейт. Эки курбу кыз Бактияр келип кеткени бир топко сүйлөшүштү.

 

Нурлан аз да болсо өзүн жеген санаадан алыс болуп Калыйбек келчү күндөн үмүт кылып, кандайдыр бир Тахминадан жакшы кабар алаарына ишенди. Тахмина жөнүндө кыялдануу Нурлан үчүн адат болуп калган. Жүрөгүнүн согушу дагы Тахмина деп согуп, Тахминасыз келечегин элестете албай калды. Өзүнүн ордуна келип үңкүйүп отурган Нурланды көргөн жашы элүүдөн ашып калган Кемелбек жанына жакын отуруп сөзгө тартты. Нурлан, мен сага түшүнөм. Бирок бул кездин дагы өтүп кетээрин эсте. Сен эми ал кыздан үмүтүңдү үзүп, өзүңдүн ден соолугуң үчүн кам урбасаң, майып болуп калып жүрбө. Сенин ал үчүн кыйналганыңды билет болду бекен сүйгөнүң? Тээ илгертен айтылган кеп бар :»Аял жолдо, бала белде, ата — эне табылбайт» деген. Ал кыз сени карабаса, башка бирөө тургандыр. Байкаганыма караганда, сени багып өстүргөн ата энеңе караганда, ал кызды эстегениңе жол болсун. Албетте сүйүүнү дагы бийик коюш керек, эгер сүйүү эки жактан тең кулак салып ук. Анан өзүң баарын калыстап көр. Нурлан Кемелбектин айткан маанилүү сөзүн угуп, башын көтөрүп, кулагым сизде дегендей түр көргөздү. Кемелбек газетага оролгон махоркасын күйгүзүп, түтүнүн берилүү менен соруп, андан ырахат алгансып, маашырлана түтүндү үйлөп, мурдунан чыгарып :

-Мен убагында Россиянын Магадан деген шаарында кызмат өтөдүм. Төрт жыл. Анда аскерге баргандар төрт жыл кызмат кылчу. Мен внутренный войскодо болдум. Тиги бизди кайтарган солдаттардай вышкада мен дагы колума курал кармап, биздей күнөөкөрлөрду кайтардым. Анда мен билген эмесмин минтип өзүм солдаттар га кайтарылып калам деп. Ошондо службада жүргөндө бир жакшы бала бар эле, Александр деген, алматылык. Ал дагы сендей болуп сүйүүнүн азабын тартып, жатаарда дайыма тушумго кир Наташа деп жатчу. Экөөбүздүн кроватыбыз катар турчу, бири-бири бизден сыр жашырчу эмес элек. Көбүнчө Александр сүйгөнү Наташа жөнүндө гана кеп козгочу. Бейиши болгур, бир кыздын айынан жанын кыйбадыбы. Байкуш досум. Бул сөздү укканда Нурлан чочуп :

-Эмнеге, эмне болду?… — деп сөз айтылганча шашып жиберди. Кемелбек махорканы дембе — дем соруп, бир убакытта болгон окуяны эстеп, айтып баштаган сөзүнүн аягын айтканга шашылган жок. Тамекини көп тарткангабы, денеси каралжын тартып, арык оркойгон сөөктөрү Кемелбекти өз жашынан кары көргөзүп улам улам, күрс күрс жөрөлгөнү эле анын көп жылдан бери чылым чегээрин айгинелеп, убакыттын көбүн көк түтүн го өпкөсун ыштоо менен өткөргөнүн билсе болот. Көптү көргөн адамдай салмактуу сүйлөп атканын жөнү бар. Сүйүүнүн азабынан алыс бол деген мааниде сабак болсун деп атайын ушул окуяны айтып баштаган. Нурландын шашыла суроо бергенине көңүл бурбагандай мамиле жасаганы менен ичинен айткан сөзү Нурланга жогору деңгээлде таасир берип атканына көңүлү көтөрүлө сөзүн андан ары улады. Ошол күнү кечинде биз наряддан келгенбиз. Биз үч күндө бирден посто турчубуз. Постто кылмышкерлерди кайтарганча талаада кой кайтарган жакшы. Төрт жыл постто туруп абдан тажадым. Александр эки жыл болгондо өлдү. Александрдын өлгөнү мага катуу таасир берди. Себеби экөөбүз абдан ынак элек. Бир айдан кийин отпусккага бармак. Ага күткөн жок. Кечинде постту өткөрүп берип, кечки тамакка барып келгенбиз. Бир сутка нарядда болуп келген солдаттар чарчап эптеп эле төшөккө куласам дегенде эки көзү төрт болуп, отбой деген гана команданы күтүп аткан. Аңгыча эле старшина почта таратып калды. Биздин старшина орто бойлуу, арык, спорттук жакшы көргөн, калыс адам эле. Дайыма катты посттон келгенден кийин гана таратчу. Анын дагы себеби бар. Бир жолу постко бараткан солдаттарга кат таратып берсе бир солдат сүйлөшкөн кызынын сени сүйбөйм деген мааниде кат алып, посттон өзүн өзү атып салыптыр. Ошол окуядан кийин постко баратканда кат таратуу деген токтогон. Александр катты алып эле, алгач мага сүйүнгөнун билгизип, Наташадан келиптир деп айтып ээн олтуруп окуганы кеткен. Өзүнүн кроватынын аягына барып олтуруп алып, катты ачып окуп аткан. Мен ага деле көңүл бурган эмесмин. Бир убакта эле команда болуп калды кечки текшерүүгө. Себеби дайыма кечинде жатаардын алдында тизме боюнча солдаттарды текшерип, анан жатканга уруксаат берилчү. Старшина баарыбызды тизип фамилия менен толуктап атып эле Александрдын фамилиясын айтса Александр стройдо жок болуп чыкты. Баарыбыз аны издегенге өттүк. Жарым саат илгери эле бар болчу. Анын кайда кеткенин эч ким билбейт. Баары эле кат окуп отурганын көргөнбүз деп, андан башка сөз айта алышкан жок. Тун бир оокумуна чейин издеп таба албай койдук. Түнкү саат үчтө гана биз Александрга жинибиз келе төшөккө жаттык. Эртеси эртең менен алтыда жерге жаңы гана жарык киргенде, команда менен баарыбыз туруп кайра издей баштадык Александрды. Эки саатка жакын издеп дагы таба алган жокпуз. Эртең мененки тамакка бардык. Себеби сегизден калбай столовойго барбасаң анда тамактан куру калдың дей бер. Ротабыз тамакка барып келсек Александрды таап коюшуптур, бирок анын өлүү денеси табылыптыр. Биз таң калып эле Александрды өлүмгө ыраа көрбөй туруп калдык. Сөз ушул жерге келгенде Кемелбек жолугушууга чакырып калды. Нурлан сөздүн аягын укпай калганга өкүнө :

-Кемелбек байке сөздүн аягын анан айтып бересизби? деп, суроолу караганда Кемелбек:

-Ооба, андан кам санаба. Аны коюп өзүңдү кара, деп сөзүнүн аягына чыкпай Нурландын жанынан узап кетти.

Экинчи этаждын башындагы терезенин жанында өзүнүн бир аптадан бери таппай жүргөн кызы Тахминанын бей тааныш жигит менен кол алышып атканын көргөн Бактиярдын кызгануу сезими күч алып, кадамын кенен таштап, экөөнү көздөй шашыла басып келди да,Тахминаны ушундай бир жагымсыз көз караш менен карап, Калыйбекке :

-Сен кимсиң? Аман калам десең, азыр ушул жерден көзүмө көрүнбөй куйругуңду туй дагы, жогол! — деп катуу айтты. Калыйбек өзүн токтоо кармап:

Сен кимсиң, мага буйрук бере сүйлөгөндөй! Байкап сүйлө, иничек?! деп, Бактиярдан тайманбай көзүнө тике карады. Бактияр ачууга алдырганы менен Калыйбектен көзүн тартып алып, жай сөзгө өттү:

-Экинчи Тахминанын жанынан көрбөйүн. Тахмина мага гана тиешелүү. Бул сөздү уккан Калыйбек «бул айтылган сөз туурабы?» дегенсип Тахминаны карады. Тахмина баштагыдан өзүн эркин сезип :

-Бактияр, сен жаңылышасың. Мен сени качан сүйөм деп айттым эле? Сен эми мага келгениңди токтот. Бир жумадан ашык сага жолукпай качып жүргөнүмдөн эле билбейсиңби? Мен эми сага эч качан жолукпайм! Жолуңа түш! — Тахмина сөзүнүн аягына чыкпай калды. Ачууга алдырган Бактияр Калыйбекке :

-Сен эмне турасың! Мен сага эмне дедим. Жогол көзүмө көрүнбөй! Биз өзүбүзчө сүйлөшөбүз. Калыйбек өзүнөн кыйла жаш балага теңелгиси келбей :

-Иничек, сен мага адамча кайрылсаң болбойбу? Жай сөз менен эле айтпайсыңбы? Жогол дебей эле. Жоголбосом эмне келет колуңдан? Көрдүм сени арам акчага көпкөнүңдү. Улуу адамга улуудай мамиле жасасаң болбойбу?

Бактияр башын чайкап:

-Братан, акыл үйрөтпөй кетип калчы, болбосо өзүңө эле жаман. Калыйбек өзүн араң кармап, Тахминанын жанында сына түшкөнүнө ыза болгонун билгизбегенге аракет кылып, кетип калууну ойлоду да :

-Макул анда, Тахмина, жакшы кал, жолугушканча, деп ал жерден узап кетмекчи болуп, бери бурулганда, Бактиярдын ачуу сөзү Калыйбекти токтотту. Экинчи сага Тахмина жол укпайт! Жолугууну оюңа дагы алба, мен сага эмне дедим. Же эмне кулагың укпайбы. Тез жогол көзүмө көрүнбөй! Сен эмне? — деди Тахминага карап. Буга окшогон балдар сенин теңиңби, өз ордуңду биле жүрбөйсүңбү?!

Тахмина ызалана:

-Сен менин теңим эмессиң. Сага караганда Калыйбек төөгө өйдө адам. Атасынын акчасына көпкөн көңдөй адамдын мага кереги жок!

Бактияр үнүн катуу чыгарып, Тахминаны эки колдон алып

— Кайталачы алиги сөзүңдү. Мен эмне сага көңдөй болуп калдымбы. Кана, кайталачы?!

Тахмина коркконунан өңү купкуу боло түштү. «Мени мунун колунан бошот» дегенсип Калыйбекти карады. Калыйбекке:

Сага караганда Калыйбек төөгө өйдө адам деген сөзү ушунчалык жагымдуу угулуп, аз да болсо, Тахминанын өзүнө карата айткан жылуу сөзүнө ыраазы боло, өзүн Бактиярдан жогору сезип, Бактиярды эки колдон алып :

-Ушул кантип болсун, коё бер колуңду Тахминадан. Бул убакта бөлмөлөрдөн кыздар чыгып, жардап карап калышкан эле. Бактияр Тахминаны коё берип, Калыйбекти бетке коюп жиберди. Бактиярдын соккусун оңой эле тосуп :

-Кой, бала, ачууга алдырба. Бул жер экөөбүз уруша турган жер эмес. Эркексиңби жүрү эшикке, калган сөздү ал жактан сүйлөшөбүз деди Бактиярдын ызаланганы күч алып, Калыйбекти ич талаштыра тээп жиберди. Калыйбек дагы өзүн токтоо кармап:

-Бактиярлын колун кайрыды да алдыны көздөй жетелеп жөнөдү. Жардап карап турган кыздар өзгөчө Калыйбекке ыраазы болушту. Эгер Калыйбектин ордунда башка бирөө болгондо, анда мушташ чыкмак. Колу кайрылган Бактияр оозго алгыз сөздөр менен сөгүнүп, колумду коё бер деп үнүнүн баарынча кыйкырып келатты. Бирок Калыйбекке алы жетпесин билди. Ылдыйкы этажга түшкөндө вахтерша аял карап, эмне болуп кеткенине түшүнө албай таң кала карап туруп калды. Ооз жакта турган милиция кызматкерлери экөөнү утурлай басып :

— Сиздерге эмне болду? дегенде, Калыйбек :

-Эч нерсе эмес, иним азыраак кызып калыптыр, үйгө алып баратам. Бизге кийлигишпей эле коюңуз деди. Бул сөздү уккан милиция кызматкерлери макул дегенсип экөөнө жолтоо болгон жок. Сыртка чыкканда Калыйбек Бактиярдын колун коё берди.

 

 

 

Уландысы бар…

Досторуңуз менен бөлүшүңүз..........

КЫРГЫЗЧА САЙТ ⚜️