?
5-Болум
Нурлан өзүнүн камерасына келгенде, ушунчалык кабагы ачык кирди. Хлебаштары Нурланга суроо бергенде эле :
-Ой, тиги кызың жөн эле чүрөк го. Сен кандай бактылуусуң! Экөөңөрдү көрүп алып бери жактан мен сүйүндүм, деп Капар деген бала өзүнүн сөз сүйлөп, Нурландын колун кысып бактылуу бол деди. Нурлан, Тахмина алып келген пакетти ортого коюп, ичинлегилерди алып атып :
-Ырахмат, өзү студент болсо дагы ушуларды алып келгенине. Көңүлүм көтөрүлүп калбадыбы. Анан эмне. Керек болсо студент эмес, колуна акча уучтап жүргөндөр дагы мындай оокат алып келбейт. Кап фильтр тамеки эмес эле анын ордуна махоркадан көбүрөөк алып келгенде болмок экен деп сүйлөп жаткан Жорикке карап:
-Ал кайдан билсин, биз махоркага ыраазы болорубузду. Билсе, махорка эле алып келбейт беле. Айтылган сөздү бери жактагылар коштоп кетишти:
— Эчтеме алып келбесе дагы волялагылар бизди унутпай эстеп турушса болду да. Капар чылымды күйгүзүп, түтүнүн асманга үйлөрдү. Тордолгон терезеден түшкөн күндүн нуру көп деле камеранын ичине жарыгын чача алган жок. Кунары кеткен бөлмөдө алты айыпкер сөз учугун ар кайсы кептен баштап, көңүлсуз отурушту. Тахмина келип кеткени Нурлан баштагыдай болбой, кабагы ачылып, тамакка жагы табити тартып, келечекке үмүтүн жарыгы пайда болуп, таттуу кыялга көп батчу болду. Кыялы менен кайда гана барган жок. Бардык нерсенин дарысы сүйүү жана жылуу сөз экенин билди. Көз алдында Тахмина менен өбүшкөнү, анын жагымдуу айткан сөздөрү, жылмая карагандары коздорундогу жылдыздуу нурлары тартылып, түн бир оокумга чейин уктабай жаткан адат таап алды. Денеси темир тордун артында жатканы менен ою, кыялы эркиндикте, Тахмина менен бирге болду. Бул таттуу кыял жакшы ой бирок көпкө өмүр сүрө алган жок. Кийинки жумада келем деген Тахминанын бир айдан бери дайынсыз жоголгону Нурланды кайра санаа тартканга түрткү берди. Эки жолу кат жазып, дареги менен жөнөткөн катка дагы жооп алган жок. Убакыт өткөн сайын Нурлан үмүт менен Тахминаны күтүп, убакыттын көбүн күтүүгө арнады. Сагынычын койнуна катып, сырын эч кимге айтпай, эмнегедир акыркы, убакта түнт дагы болуп кетти. Эч ачылып сүйлөбөй, дембе — дем чылым чеккени күчөдү. Сүйүүнүн күчү менен Тахминанын дидарын эстегенде жүрөгү тилинин, муздак сууга түшкөнсүп, ичиркенип кетет. Мөөнөтү бүтүп абактан чыккан балдарга аманат кылып кат жазып, Тахминанын дарегине 2-3жолу берди,бирок эч оңгулуктуу жооп ала албай, катуу кыйналды. Жок эле дегенде Тахмина учурашып келбегенинде, балким үмүтүн андан үзүп коёт беле, ким билет? Сууга түшкөн момолой чычкан дай ойлонуп атып жүдөп дагы кетти. Өзүнүн баркын түрмөдө жатып билди. Эч ким учурашып келбеди. Акыркы жолу Тахмина келген. Андан бери дайынын, абалын сурап келген киши болгон жок. Топурап жүргөн достору эчак эле далысын салып калганын эбакта эле байкаган. Баарын акча жана мансап бийлеп калганын Нурлан түрмөгө түшө электе эле баамдаган. Нурбек деген эптеп мектепти бүткөн досу крутой. Жаңы абактан чыгып барганда «Ауди — 100″макасындагы машинаны айдап келип кабинадан түшпөй учурашкан эле. Ошондо өзүн араң кармап ооз учунан жакшы деп жооп берип, ага теңелбей басып кеткен, өзүн андан пас сезип. Бир убакта кандай гана кошомат кылып, жанында журчу эле. Көрсө абак бардык адамдардын беделин түшүрүп, өйдө каратпай салат тура. Эгер бирдеме деп сөз айтса: Сен ким элең, зек, десе эмне дей алат? Баарын текши ойлогон Нурлан ого бетер чүнчүп кетти. Бирок өзүн тыкан алып жүрүп, сөздү дагы орду менен сүйлөп, өз чөйрөсүндө бедели бийик. Анткен менен абактагы бедели эркиндикте кимге кереги бар? Күндө кечинде жатаарда Тахминаны түшүндө көргүсү келет, жок дегенде сүрөтүн алып калбаганына өкүнөт. Бир күнү түрмөнүн чердагына чыгып, хлебаштары менен сырттагы адамдарды карап олтуруп, иномарка машинанын алдыңкы орундугуна Тахминага окшогон кыз түшүп баратканын көрүп ою бузулду. Бирок дана тааный алган жок ал кызды. Ошондо гана Тахминаны бирөөдөн кызганып, кимдер менен жүрөт болду экен? Балким, тиги машинадагы кыз Тахминадыр. Ага эмне, мага окшогон зекти карамак беле? Депутаттын же бир чоңдун балдары менен көңүл ачып жүрөт го. Сулууга ким эле кызыкпайт? Тахминага ким кызыкпайт? Акчалуу болсо бат эле озуно имерет да кызды. Кыз кулак менен сүйөт деген сөз бекер чыкпаса керек, деп эми кызгануу сезими күч алып тезирээк абактан бошонсом экен. Буюрса эки айдан кийин амнистия болот. Ошого чейин эптеп чыдайын, деп өзүн алаксытты. Кайдан дагы чердакка чыга калды эле. Эгер тиги машинадагы кызды көрбөгөндө сезими болбойт эле. Эми кайдагы санааны башына үйүп алганына өкүнө, чердактан түшүп келип, газетага махоркадан калың кылып ороп, күйгүзүп, санаасын, сагынычын чылым чеккенден чыгарды.
Күндөгүдөй сабактанкелген Тахмина жатаканасына келгенде Нурландын хлебашы күтүп турган болчу Бейтааныш кара тору көздөрүнө караганда чарчагандыктын белгиси бар, турмуштан оор сокку алганы анын кебетесинен эле билинип турганын байкады.Саламатсызбы сиз Тахминасызбы? деди. Тахмина чочуркаган түр менен :
-Саламатчылык, сиз кимсиз? Мен сизди тааныбайт экемин. Калыйбек Тахминадан сүрдөгөнсүп :
-Ооба, сиз мени тааныбайсыз. Мен Нурландын аманатын аткарып коёюн деп эле, сизге Нурлан кат берди эле.
Тахмина Нурландын атын укканда, уялып кетти. Калыйбек сунган катты колунан алып :
Рахмат өзү кандай жүрөт? — деп сурап, өзүн ыңгайсыз сезип кетти. Сөзгө чечен Калыйбек абалдан пайдаланып сиздин дайыныңызды биле албай, сүйүүнүн туткунуна кабылып, силерди күтүп жүрөт. Сизден сураныч, барып жолугуп койгулачы? Ушунчалык чүнчүп кетти. Менден өтүнүп калды. Анын күткөнү жалгыз сизсиз. Чердака чыгып алып, жол карап отурганы отурган. Тахмина Калыйбектин айткан сөздөрүн угуп, көзү жашылданып кетти. Ушул убакка чейин бир барып абалын сурап койбогонуна өкүнүп, оор үшкүрүнүп алды. Үшкүрүк ойдун туу чокусу дегендей, Тахминанын үшкүрүгүнөн улам Калыйбек анын ички сезимин толук билди. Бирок эмнеге бир жолу барып, абалын сурап койбойт деп ойлоду. Калыйбектин оюн билгенсип, Тахмина актангансып сүйлөдү, бирок тик карай алган жок. Күнөөлүү адам дайыма чындыкты тике карай албай жалактап, ар кайсы сөздүн башын бир сүйлөп калат эмеспи. Тахмина дагы куру шылтоонун бетке кармап, баягы эле кол бошобойт деген сөз менен сөзүн бүтүрдү. Негизи абакты көрүп келген адамдар психолог дагы болуп калат эмеспи. Эгер азыр Тахмина эркек болгондо ачык эле сөздөн чалынбай сүйлө деп кемсинтип айтат эле. Сулуу кыздын актанып жок шылтоону айтып атканы Калыйбекке абдан жаман көрүндү. Болбогон калп үчүн өзүнүн адамдык жаман сапатын билгизгени өтө эле одоно көрүндү. Нурланды сыйлап, ашыкча сүйлөгөн жок. Жөн гана бир ооз:
-Тахмина, бирөөнүн тагдыры менен ойнобо. Болбосо барып ачык айт, же кат жазып жибер. Сенден үмүтүн узсүн. Баарынан сүйүүнүн түйшүгү, санаасы, адам үчүн ден соолукка зыян экенин эсиңден чыгарба, деп жооп күтпөстөн хлебашынын аманатын аткарганына ыраазы боло жолуна түштү. Жада калса жакшы кал деп да айтпастан. Бул жерден Калыйбек абдан туура иш кылды. Тахмина эми гана каттуу жаңылганын билди. Нурланга барып келгенине бир апта болбой депутаттын баласы, Ауди — 100 маркасындагы машинасы бар Куунун эканомика факультетинин 4-курсунун студенти Бактияр менен таанышкан дан бери Нурланга карата болгон мамилеси өзгөрүп аны менен көп жолугушуп, пендечилик кылып, анын байлыгына келбетине, атасынын мансабына баш ийип, абакта жаткан Нурланды эсинен чыгарып баратканын Калыйбекке берген өзүнүн жообунан улам билди. Эмне болгон күндө дагы адам өзүнүн адамдык сапаты менен гана адам экенин Тахминага жупуну кийинген, бирок сөздү таап сүйлөгөн карапайым Калыбек бат эле түшүндүрүп койду. Баарынан дагы анын бирөөнүн дагы тагдыры менен ойнобо. Болбосо барып ачык айт, сенден ал үмүтүн деген сөздү Тахминага ушунчалык катуу тийди. Жердин катуулугунан гана өзүн кармап турду, качан гана Калыйбек бурулуштан бурулуп кеткенде, оор жүктөн кутулгансып, Тахмина колуна кармаган Нурлан жахган катты күнү түнү арак ичкен адамдай колу калтырап, Барактын араң ачты. Шурудай тизилген тамгалары көргөндө , Нурландын көзүн көргөнсүп уялып кетти. Каттын башында эле :
Урматтуу менин периштем, Тахмина!
Кандай жүрөсүң, окууларың жакшыбы? Сабагын дан кыйналган жоксунбу? Эмне байланышпай кеттиң? Мен болсо сенин карааныңа зар болуп, сени күтүп отурам. Келе албасан дагы жок дегенде дайыгынды билгизип койчу. Баары бир тең, сенин караанынды көрүү бир тең болду. Өткөндө чердактын сага окшош бир кыз иномарка машинага түшүп баратканын көрүп, сени бирөөлөрдөн кызганып кеттим. Эгер мен ал машинадагы сага окшош кызды көрбөсөм, менде кызгануу сезим болбойт эле. Чыныгы сүйүү кызганыч тартуулайт дегендей, балким сени чын жүрөгүмдөн берилип сүйгөнүм үчүн кызганып аткандырмын. Ишенесиңби, мен бул дүйнөдө сен үчүн жаралып, сен үчүн жашап жаткандай сезем. Мага байлыктын дагы, бийликтин дагы кереги жок. Бир гана сен жанымда болсоң менин дүйнөм түгөлдөй сезилет. Мейли анда, сөзүмдү кыскартайын, калган сөздү жолукканда сүйлөшөбүз. Сөзсүз дайыныңды билгиз. Мени санаага салба. Жооп күтөм. Тахмина катты окуп болуп, мас адамдай темселеп жатаканага карай басты. Өзүн өзү жек көрүп, бөлмөсүнө кирди да, өзүнүн кроватына жалп эле жыгылып, Нурлан жөнүндө ойлогонго өттү. Бирок бир сааттан кийин Бактыяр келмек. Экөө саат жетиде жолугушмак. Тахмина бук түшүп жаткан калыбында, түбү жок ойдун кучагында жатып, көзү илинип кеткенде, чогуу окуган коңшу бөлмөдө жашаган Жылдыз деген кыз уйкусун бузду. Тахмина, сени сыртта бир бала чакырып атат Таттуу уйкудан ойгонгон Тахмина көңүлү суз.
Жылдыз, мени жок экен деп айтып койчу, сенден суранам. Эмнегедир эч нерсеге көңүлү чаппай турат. Эртеңки сабакка дагы даярдансам болот эле. Жылдыз Тахминаны жактырбаган түр менен :
-Чыгып жолугуп койчу. Байкуш баланы убара кылбай. Менден суранып калды эле. Жылдыздуу бала экен. Тахминанын көз алдына Бактияр тартылып, көңүлү ага жол укканга ооп эки арача өйдө калды. Жылдыздын дагы жылдыздуу бала экен деген сөзү Тахминанын жүрөгүн жибитип, азыр эле айткан сөзүнөн баш тартканга түрткү берди. Жаткан ордунан туруп, чачын тарап ирээтке келтирип, Жылдызга бара бер, азыр чыгам дегендей белги берди. Жылдыз сыртка чыгып кетээри менен бөлмөлош кызы Нурила келип :
-Тахмина, сени бир бала чакырып атат, вахтага түшчү. Баягы сен айткан Бактияр деген бала го…
Тахмина көңүлү суз :
-Азыр чыгып жолугам. Эмне саат жети болдубу?
Нурила кол саатын карап :
-25 мүнөт өттү жетиден.
Жигит деген аз убакыт күтсө эч нерсе болбойт. Жетиге сүйлөштүк эле, жыйырма мүнөт күтүп калган тура. Нурила күлүп :
Тахмина, сен абдан туура кыласың. Кыз баркың көтөрүлүп, күттүргөнүң жакшы. Кээ бир кыздар керек болсо күтпөй, кайра өздөрү барып атпайбы, өз барктарын кетирип. Өткөндө бир классташ кызым жигитимдин үйүнө барып келеличи, көптөн бери келбей калды дейт. Менин жиним келип :
-Эмнеге сен барасың? Керекпи, ал өзү келсин деп болбой койдум. Чын дагы он мүнөттөй күтсүн, эгер сени чындап суйсо. И, баса баягы Нурлан деген балаң менен сүйлөшпөй калдың беле? Тахмина Нурлан жөнүндө укканда өңү өзгөрүлүп кетти. Кара күчкө жылмайып :
Жок, ага деле жолугуп атам деп калп айтып алып нары карап чачын оңдомуш болуп калды. Аңгыча сырттан Сырга деген кыз баш багып :
-Тахмина, сени чакырып атышат, деди. Тахмина башын ийкеп, макул дегенсип белги берди. Эгер Нурлан болгондо кайра — кайра чыкыртпайт эле. Жигит деген сабырдуу болсо гана атаганат, деп Бактиярга карата көңүлү кирдей түштү. Нурила оюн билгенсип :
-Тахмина, чыгып жолукчу, антпесен жан койбойт го. Бир жолу чакыртты, болду да. Кайра кайра чакырат,деп жактырбагандай сүйлөдү. Тахмина эч үн дебей көңүлү суз эшикти ачып, салмактуу кадам шилтеп, шашылбай ылдый түшүп келатып, Бактиярды көрдү. Бактияр Тахминаны утурлай басып:
-Кандайсың, эмне мынча кечигип? Биз канчага сүйлөштүк эле? Тахмина жаман көргөнүн билгизбей токтоо, жай сүйлөдү :
Жигит кызды күтсө эч нерсе болбойт. Азыраак жумуштар менен кармалып калдым. Тахминанын суз кабыл алганын туйган Бактияр актана:
-Бизди күтүп калышты. Жүрү, кетикпи? — деп шаштыра сүйлөп, жооп күтпөй эле алдыга басты. Бактиярдын өңү эле болбосо, башка ишке жөндөмсүздөй сезилди. Эмнегедир андан бир сыр байкадым, бирок ал эмне сыр, билген жок. Эгер Нурландын жазган катын окубаганда, Тахмина Бактиярга мындай муздак мамиле жасабайт эле. Экөөнүн өбүшүп, беттери ачылып калгангабы, Бактияр өктөм мамиле жасап, Тахминанын сөзүн уккусу келбегендей алдыга басып, машинага олтуруп ичинен Тахмина отурчу эшикти ачты. Ою уйгу — туйгу болгон Тахмина ичинен өкүнүп алды. Бактиярга сыр алдырып, анын акчасына көз каранды болуп калганына. Нурлан үчүн эмнегедир акыркы күндөр такыр эле көңүлсуз өтүп жатты, себеби, Тахминадан Кабар ала албаганы кусалантып, санаанын кучагында калтырды. Эч нерсе көңүлү чаппай, ал турсун тамакка дагы табити тартпай калды Көздөрү чүңүрөүп, чарчаган түрү, арыктаган денесин көргөн киши сөзсүз Нурланды оору адам деп ойломок. Чынында эле Нурлан кесел адамдардай эптеп эле жаны калган. Эгер сүйүүгө кабыл балганда, Нурлан мындай абалда калбайт болчу. Көп эле кыйынчылыктар башынан өттү. Бирок мынчалык өзүн таштаган эмес. Арийне, Нурлан өзүн жеген ойдон бир гана Тахмина кутултуп, бул санаадан алып чыгаары шексиз. Андан башка эч кандай дары жардам бере албайт. Эгер наркозат колдонсо, анда өзүнүн өмүрүнө балта чаап алышы турган иш. Өзүнө өзү эркекче сөз берген : Наркозат эмес, арак дагы ичпейм деп. Эмнегедир жүрөгүнүн түпкүрүнудо кандайдыр бир жакшылыктан үмүт пайда болуп, бүт кыйналган кундор артта каларын сезип, үмүт менен жашап келет. Күндө бир маал чердакка чыгып, эркиндикте жүргөн адамдарды сыяктуу менен карап, кээде ичип мас болуп жүргөн балдарды көргөндө өзүнчө эле өкүнүп алган адат таап алды. Бир келген жашоонун алтынга алмашкыс күндөрүн арак ичип, аракка арноо түшүнгөн кишиге өтө эле оор. Андан көрө иштеп, эмгек кылып, келечегине кам урушса гана. Адамдан адамдын эмнеси кем. Азыр илгерки баатырлардай күчтүн, баатырлыктын кереги жок. Жөн гана убакытты эмгекке арнаса, кандай жакшы болот эле. Өздөрүнө дагы, элге дагы эмгектин пайдасы тиет эле деп, арак ичкен мастарды көргөндө оюу бөлүнөт. Баарын текши ойлогону менен оюнун туу чокусу, ага башы Тахмина. Уйкудан ойлогондо эле алгач Тахмина эсине келет. Анан учу жок ойлорго жетеленип, чылымдан күчүн чыгарган Нурлан үчүн адатка айланды.
Уландысы бар…