Зектин махабаты 3 бөлүм.

https://kyrgyzcha.site/?p=37076&preview=true Кызыктуу окуялар.

?

ЗЕКТИН МАХАБАТЫ

 

3-Болум

 

 

 

 

 

Бул жолу Нурлан эч сөз айта алган жок. Көңүлү суз паспортту колуна алып, Тахминаны узата карап, ордунда каккан казыктай туруп калды. Нурландын ичи сыздап, пайдасыз жашоо өлүмгө тете деп өзүнүн жоругуна нааразы боло, жер тиктеп ойлонуп туруп калды. Атайын жасанып чыккан Тахмина экинчи этажга чыгып, терезеден Нурланды карады да, аны көрүп өзүн — өзү жемелеп алды. Өткөндө өзүнүн курсташы Кубатка абдан нааразы болгон эле. Себеби Кубат өтө эле жоош жана чечкинсиз жигит эле. Анын жоругуна ичи бышкан Тахмина эркек деген чечкиндүү, шар болуш керек. Сен минтип жүрсөң аял албайсың деп айткан. Эми минтип Нурландын чечкиндүү мамилесин жактырбай, көңүлүн сындырганына кабатырлана терезеден Нурланды бир топко чейин карап туруп, өзүнүн комнатасына кирди. Нурлан жатакананын жанында туруп таамай айтылган :»Пенденин оозунда, Кудайдын кулагында» деген сөздү эстеди. Өзүнүн Тахминага :»Сени канча убакыт болсо дагы күткөндөн тажабайм» деп айткан сөзүн эстеп, экинчи этажда өзүн карап турган Тахминаны көрдү да, эмнеси болсо да сени ушул жерден жылбай күтөм деп ойлоп, бир орундан жылбай, таттуу кыялга батып тура берди. Тахмина бөлмөсүнө кирип, кийимин чечип, сабакка даярданымыш болду. Бирок башына эч нерсе кирген жок. Ачууга алдырып ийгенине өкүнө болгон окуяны жана өзүнүн айткан сөздөрүн эстеди да «Эгер Нурландан башка бала болгондо анда мен айткан сөздөрдү көтөрө албай, мени менен айтыша кетмек. Эмнеси бар экен, жигит кызды өөп койсо. Керек болсо атасындай болгон эркектер менен деле өбүшкөн кыздар бар. Ай ушу менин чорт кыялым качан болсо зыянын тийгизип келет. Эми мен Нурланга жолуксам эмне деп айтам жана анын бетин кантип карайм «деген ойго жетеленип, бушайман болду. Курбу кыздарынын берген суроолоруна дагы көңүлсүз жооп берип, сабак окуп аткан түр көргөздү. Арандан эки сааттан ашык убакыт өтүп, көз байланып, түн көшөгөсүн тартып келатканда Нурлан деле ордунан жылган жок. Илгери үмүт менен өзүнүн тилегине жетип, Тахминанын жүрөгүн багынтып, ага арнаган сүйүүсүнүн өтөсунө чыгуу алдыга койгон биринчи максаты болду. Бул максатты ишке ашабы, болбосо ашпайбы белгисиз. Алдыда боло турган окуяны ачык билүүгө болбойт. Тахмина менен тил табыша аламбы, эгер мындай чорт кыялы болсо. Мен деле өтө осол ишке барган жокмун. Ошо болбогон окуяга ушунча коркутса, анда келечек кандай болот?Эки күндүн биринде төркүнүнө качып отурса, анда кандай күн болор экен? Баарын текши ойлогон Нурлан нечен-нечен колун шилтеп басып кеткиси келди. Бирок жүрөгүнө тынчтык бербеген сүйүү, оозунан чыккан сөзү буга жол бербеди. Көк беттикке салып бир оорунда жылбай туруп өзүнө өзү сөз берди. Эмне болгон күндө дагы Тахминанын жүрөгүн багынтып, ага үйлөнөм деп. Негизи түрмөдө бир гана сүйлөнүп, убада аткарылбаса анда ал адамды мейли жаш мейли кары киши болсо дагы кадыры түшүп, бедели сынат. Канчалык жаш болуп сөзгө туруп, берген убадасын аткарса, анда адамды баары сыйлайт. Бул адам жеке эле абактагы адамдарга эмес негизи эле эркек адамга тиешелүү адат. Тахмина кечки саат ондордо Нурлан кетти го деген ойдо сыртка чыгып, баягы ордунан жылбай турган Нурланды көрүп, чочуп кетти. Нурлан утурлай алдынан тосуп

– Бийкеч, ачууңуз тарадыбы? Сиз менен сүйлөшсөк болобу?

Нурландын жылуу мамилесине Тахмина жылмайып :

-Ооба, дагы эле турасызбы? Мен сизди кетип калды го деп ойлогом. Нурлан Тахминанын жай сүйлөгөн сөзүнө ыраазы боло:

— Мен сизге сөз бердим эле. Канча болсо дагы күтөм деп. Чын айтсам сендей сулууну күтүү мен үчүн бакыт.

Тахмина, Нурландын сөзүнө ыраазы боло :

Сиз мени кечирип коюңузчу. Өтө аша чаап, катуу айтып койдум көрүнөт. Бул сөздү уккан Нурлан күлүп :

— Менден дагы күнөө кетип калбадыбы. Өзүң айткандай элди көзгө илбей…

Нурлан сөзүн аягына чыкпай калды. Тахминанын курбу кызы Жаңыл келип :

— Я, Тахмина, Нургулдү көргөн жоксуңбу?

– Жаңы эле бөлмөдөн көргөм. Жок. Тахмина ага :

— Көргөн жокмун. Мен деле жаңы эле чыккам. Жаңыл ары басканда Нурлан, Тахминага :

— Тахмина, жакын жерде кафе барбы, чогу барып тамактанып келеличи. Бул жолу сени өппөйм, деп сөзүнүн аягын тамашага чала сүйлөдү. Тахмина күлүп :

— Кафе бар. Бирок менин колум бош эмес. Сабак окуп жаткам. Тиги тамдын ары жагындагы көчөдө. Бул жол менен эле барсаңыз табасыз. Нурлан көңүлү суз. Сенсиз тамак менен жүрөгүмө баспайт. Болбосо эчак эле барып тамактанып келмекмин.Сени күтүп турдум эле. Нурлан ашыкча сөз сүйлөп албайын деп өзүн сак тутуп, Тахминага аяр мамиле жасады. Жылуу сөз жыланды ийинден чыгарат дегендей Тахмина акыры Нурландын сунушуна макул болуп, экөө кафени көздөй басышты .Бир нече минута мурун эле өз жолуна өзү нааразы болуп аткан Нурлан Тахмина менен катар басып баратып, кайрадан таттуу кыялга жетеленди. Кечки аба күндүзгүгө караганда салкын, жагымдуу дагы болот эмеспи. Эки жаш өз ойлору менен алек боло сыдырым соккон желге каршы басып баратышып бири-биринен сөз кутту. Бир убакта Тахмина Нурландын ички жарасын козгоп, мындай деп суроо берип калды. Сиз эмне болуп кесилип кеттиңиз эле? Бул сөзду уккан Нурлан жылан денесине оролгондой ичиркенип алды. Тахминадан мындай суроо күткөн эмес. Өзүнчө апкарып, бир азга дендароо боло түштү да, жанындагы бой, мүчөсү келишкен бийкечке, ушул суроону бербей эле койсоң болмок дегенсип көңүлү пас беш алты кадам басып, анан:

– Тахмина, суранам сенден, аны унутчу. Билесиңби мен ал жактан чыкканы такыр башка адаммын. Ал жакта жаткан беш жыл убакыт бир тең сага жолуккандан берки бир ай убакыт бир тең болду. Мен азыр бир гана сени ойлоп, сен деп жашап сени гана эңсеп калдым. Мен түрмөгө барып, ал жакта болом деп эч ойлогон эмесмин. Баарына теңтуш баламдын сүйлөшкөн кызы түрткү болду…. Сөз ушул жерге келгенде, экөө ээрчишип басып кафеге келип калган эле, сөз үзүлүп калды. Кафеден жайланыгып олтурушканда, сөздүн аягын уккусу келген Тахмина :

— Анан эмне болду?

Нурлан маңдайында олтурган сулуусуна суктана карап алып :

— Айылдан шаарга келгени аялдамада автобус күтүп тургам. Бир убакта жаныма досумдун сүйлөшкөн кызы келип :

Бул пакетти шаарга барсаң ала барып берип койчу, деп дарегин берди. Оюма жаман албай пакетти алдым да, автобуска түшүп шаарга жөнөдүм. Шаарга келип, аманатты аткарайын деп дарек боюнча үйдү издеп баратсам, алдымдан 2 формачан милиция чыгып, менин документтеримди сурады. Жанымда документ жок болчу. Алар колумдагы пакетти көргөз дешти.Ошого чейин эле пакетин ичин ачып карап койсом болмок экен. Пакетти экөө оодарып карап атышып, бир килого жакын меркурий тактап айтканда, наркозат таап алышты. Ошол жерден колума кишен салып, мени алып кетишти. Мен суракта болгонун болгондой айтып бердим. Бирок досумдун сүйлөшкөн кызы моюнуна албай танып баса берди. Ошентип беш жылды моюнга илип, кете бердим. Мендеги күнөө ушул. Андан дагы мен ал жакта ак жеримден кесилгенче деп эки милиция кызматкерин сабап, качып кетип күнөөнү дагы өзүмо үйүп алдым.

Тахмина Нурландын айткан сөздөрүн угуп олтуруп, аны аяп кетти. Күнөөсүз беш жыл өмүрун текке кетирип муздак дубал, ным жерде жашоо кимге эле жагымдуу болсун. Официант алып келген тамакты экөө өз ойлору менен алек болуп олтурушуп ичишти. Тахмина улам-улам Нурланды аяр көзү менен карап, өзүнүн ички сезимин ага билгизип койду. Нурлан ортодогу тынчтыкты бузуп :

— Тахмина, сага бир сөз айтсам болобу? Бирок айтылган сөздү туура кабыл алып, терең ойлонуп анан жооп берсең. Тахмина сүралуу көздөрүн бат — бат ирмеп:

-Айтып көргүлө. Анан силердин сөзүңөргө жараша жооп берейин, — деди. Улам убакыт өткөн сайын кабатырлана, маңдайындагы чүрөгүнөн алыстагысы келбей, убакыттын токтоп турушун эңсеп, сугалактык менен Тахминаны карап, анан айта турган сөзүн алыстан баштады.

— Тахмина, сен мени туура түшүнсөң, өзүң эле калыс алып ойлонуп көрчү. Бир чети меники деле туура эмеспи. Бул сөздү азыр эмес убакыт өткөрүп айтсам болмок. Аты жаман түрмөдө беш жыл жүрүп келгени мен жашоону абдан терең түшүндүм. Түрмөдө жатканда байкуш апам менен атамдан башка киши деле абалымды сурап барган жок. «Аккан достук кадырын деле жаралуу болуп билесиң» дегендей, ошондо билдим досторумдун кандай деңгээлдеги адамдар экенин. Анан атам менен апам санаалары тынбай барып, абалымды сурап, мен үчүн санаа чегишти. Эми мен аларды айткан сөзүн угуп, тилдерин албасака эч айлам жок. Алар менин айламды койбой үйлөн деп атышат. Мага ылайыктап кыз да издеп атышат. Бирок менин оюм жалгыз гана сенсиң. Эгер сенден башка кызга үйлөнүп калсам сени ойлоп жашаганым кандай болот. Ишенесиңби, азыр мен сен деп гана жашап калдым. Канча кут десең да күтөм. Бирок атам менен апамдын дагы көңүлүн дагы кыйгым келбейт. Өзүң бирдеме ойлоп тапчы, — деди.

Тахмина эми айтыла турган сөздүн өзөгүн угуп, башын жерге салып, ойлонуп калды. Азыр Нурланга «мен каршымын, сага тийбейм» деп айта албайт эле. Эмнегедир кандайдыр бир күч аз убакытта эле бир башкача таасирин берип, Нурландын сөзүнө каршы сөз айтканга мүмкүнчүлүк бербеди. Баятан бери анын сөзүн угуп олтурган Тахмина ага ылайыктуу сөз айтууну туура таап, Нурландан сүрдөгөндөй, башын жерге салып:

— Силер, анан мага үйлөнөйүн деп ойлойсуңарбы?

Нурлан башын ийкеп,

— Ооба, мен сага үйлөнөйүн дегем оюм бар. Бул оюмду четке кага көрбө. Суранам сенден. Өмүр бою сени сыйлап, эч капа кылбайм. Бул менин сага берген эркектик сөзүм.

Тахминанын эми чындап шаштысы кетти. Азыр ага турмушка чыгып жаткансып, өзүнчө эле калдастап :

— Койгулачы, мен али окуумду бүтө элекмин да. Менин азыр шартым жок, турмушка чыкканга.

Нурлан үшкүрүнүп :

— Сенин ушинтип айтаарыңды билгем. Бир чети сеники дагы туура. Эгер сен акыры менин сунушума макул болсоң, мен сени канча күт десең дагы күтөм.

Туңгуюктан жол табылгансып, Тахмина сүйүнүп кетти.

Башын жерден көтөрүп :

— Анда сиз менин окуумду бүткөнчө күтөсүз. Андан дагы көрө жатабыз.

Нурлан Тахминанын бул айткан сөзүн пайдаланып:

— Тахмина, эгер сен мага чыпчын күт деп айтсаң, мага женил болот эле. Көрө жатабыз дебей.

Эми Тахмина ачык айтты :

— Эгер күчүңүз жетсе күтүңүз. Күтө албасаңыз, анда үйлөнө бериңиз, башка кызга. Мен сизди кармаганда алысмын.

Нурлан колун сунуп :

— Тахмина, келе колуңду. Экөөбүз сөзүбүзду бекитип алалы. Мен сени күтөм сөзсүз. Айттым го сага «сен» деп гана жашап жүрөм деп. Тахмина колун бербеске айласы жок эле, колун сунуп :

— Анда сүйлөштүк. Мен окуумду бүткөнчө күтөсүз. А мен болсо окуумду бүтөйүн.

Ошентип экөө ушунчалык бат сүйлөшүп, бат убадалашканга жетишти Тахмина өзү дагы түшүнбөй калды, кантип убада берип салганын. Ал эми Нурландын сүйүнүчүндө чек жок эле. Аны сөз менен айтып жеткирүүгө болбойт. Ушул жашка келгени мындай сүйүнүчкө туш болуп көрө элек. Жөн эле Тахминага үйлөнүп жаткандай абалда болуп, катуу сүйүндү. Бирок өзүн өзү кармап, бул жолу Тахминанын кучактап өпкөндөн алыс болду. Экөө ээрчишип кафеден чыкканда, эл арасы суюлуп калган эле, жай басып келип, жатканын жанындагы отургучка келип олтурушканда, Нурлан Тахминанын колунан аяр кармап :

— Тахмина, ишенесиңби, мен азыр өзүмдү кандай бактылуу сезип атам. Эми мен сени көрбөй калсам, жүрөгүм жарылып кетет го. Ушунча болуп сүйүүнүн баркын билбептирмин. Теңтуш балдар сүйүү жөнүндө кеп кылса, ага көп деле маани берчи эмесмин. Көрсө, алар дагы мендей болуп сүйүүнүн туткунуна кабылып, анан аны кеп кылышчу тура. Тахмина дагы Нурланды кубанычтуу жүз менен карап:

— Сиз, менин жүрөгүмдү ушунчалык бат багындырдыңыз. Эмнеге мынчалык бат убакыттын ичинде сизге сөз бергениме өзүм дагы таң калып атам. Мага деле көп балдар сөз айтып бирок бири дагы сиздей өзүнө имере алган эмес. Эмнегедир эле жаныңдан кетким келбей, сизди кетиргим да келген жок. Кыналыша отурган экөө эмне болуп өбүшүп калганын билбей дагы калышты. Ысык эриндер бири-бирине чапталышып кумарлуу онтоо, бирин-бири эңсөө күч алды. Экөөнүн тең өбүшүү жагынан опыты жок болгондуктан, ыңгайсыздык болду.

Бирок бара бара өздөрүн эркин сезип, өбүшүү андан ары уланды. Атаганат, дагы бир аз убакыт болгондо балким Нурлан Тахминаны түнү менен такси жалдап үйүнө алып кетет беле ким билет?… Эгер эки мас бала келип экөөнө тоскоол болбогондо. Убакыт өткөн сайын экөөнүн сөздөрү көбөйүп, ушунчалык бири-бирин бактылуу сезип олтурушканда, кандайдыр эки мас бала келип калды. Темтеңдей басып келип :

-Эй жигит, алдагы кызыңды бизге бир саатка бер. Канча болсо дагы төлөгөнгө акчабыз жетиштүү. Чоң кыз абдан эле сулуу экен. Нурлан мастарга теңелгиси келбей ордунан туруп :

-Достор, мас болуп калыптырсыңар. Барып эс алгылачы. Бул кыз силер ойлогондой кыз эмес. Туура түшүнгүлө. Мастардын бири Нурланды жакадан алып:

-Биз ойлогондой кыз болбосо, анда эмне үчүн сени менен өбүшүп атат. Сен жасаган иш биздин деле колубуздан келет. Кызыңды сыйың менен бересиңби, же эркекче сүйлөшөлүбү… Нурлан анын колун жакасынан бошотуп :

— Балдар койгулачы. Болбогон сөздү сүйлөбөй. Кыз керекпи башка жакка барып таанышып алгыла. Бизге тоскоол болбой деди. Аңгыча бирөө Нурланды бетке күч менен чаап калды. Нурлан бош тургандыктан, жыгылып кетти. Нурлан жыгылганда Тахмина аянычтуу үн менен чаңырып жиберди, бирөөлөрдөн жардам сурап. Бул окуя Нурлан үчүн өлүмгө тете эле. Ордунан ушунчалык тездик менен туруп, Тахминаны көздөй бараткан масты артынан барып, өзүнө тартып туруп ушунчалык күч менен кулак түпкө урганда, ал бала жалп эле кулап түштү. Экинчи масты алка жакадан алып, башы менен бетке сүзүп, ич талаштыра тээп, эңкейе түшкөндө көк желкеге уруп калды. Экөөнүн оңой эле сабап койгонуна эрдемсий түшкөн Нурлан :

-Тахмина, сен коркпо, булар эми экинчи бизге тийишпейт деп Тахминаны колунан жетелеп, ары басты. Бир заматта болуп өткөн окуяга Тахминаны көңүлү кирдеп, кабагы бүркөлө түшкөн эле. Нурлан, мен кете берейинчи. Эртең сүйлөшөлүчү калган сөздү. Эмнегедир эле тиги экөөнүн жоругунан кийин, көңүлүм бузулуп, жаман болуп атам. Нурлан Тахминанын бул сунушуна макул болуп, Тахминаны жатаканага киргизип жиберип, өзү жаңы автобекетти көздөй жолун улады. Себеби анын барып жата турган жери жок эле. Көңүлү шат көчө бойлоп келатып өзүнө өзү ыраазы болду. Бир чети Тахминанын көзүнчө тиги эки масты сабап салганы, ага кандайдыр бир деңгээлде шерденүүнү пайда кылды. Албетте кыздын көзүнчө токмок жеген жигит үчүн өтө эле одоно иш эмеспи. Андан дагы биринчи жолу, болгондо да сүйгөнү менен өбүшкөн Нурлан өзүн чыныгы эркек сезип, Тахмина үчүн баарына кайыл болуп, бүт дитин Тахминага арнап, таттуу кыялга батып келатып, автобекетке кандай келгенин билбей калды. Ал эми Тахмина ушул күнү гана сүйүүгө кабылып, тез аранын ичинде болуп өткөн сүйлөшүү, өбүшүү бир баштан кайра эстеп жатып уктап кетти. Түн ортосунан оогондо, алка-шалка тердеген Тахмина түшүнөн чочуп ойгонду. Мындай коркунучтуу түш көргөн эмес эле. Көргөн түшүн эстегиси келбей. Ордунан туруп барып светти күйгүзүп, муздак суудан кере — кере жутуп, катуу үшкүрүнүп алды,үшкүрүктүн артында эмне жатканын Тахмина али билген жок. Көргөн түшү эле аян берген жаман иш болгонун.

 

 

 

 

Уландысы бар

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

Сайтыбыздын ссылкасы менен бөлүшүп коюнуздар, тааныш, дос, туугандарыныз менен.

Досторуңуз менен бөлүшүңүз..........

КЫРГЫЗЧА САЙТ ⚜️