Зектин махабаты 2 бөлүм.

https://kyrgyzcha.site/?p=37076&preview=true Кызыктуу окуялар.

? Зектин махабаты 2 бөлүм

 

Мүнөзүнүн өзгөрүшүнө, көп ойлонтуп, өзүнчө жүргөнгө дагы сүйүүнүн күчү, сүйүүнүн азабы, сүйүүнүн керемети туртку берди. Бешим намазыныз убагында Нурлан шаарга келди да, автобустан түшүп Тахмина окуган институтту көздөй бет алды. Өзү теңдуу балдар иномарка машина тээп жүргөнүн, ал турсун фирма ачып байлыкка умтулганын көргөн Нурлан ичинен сызып арданган күндөрү дагы болбой койгон жок. Нурлан окуу жайдын жатаканасына келди да, вахтада отурган аялдан Омурова Тахминаны чакырып коесузбу деп сылык сурады, вахтада отурган аял, Нурландын бир башкача карап :

– Кызык мен ал кызды тааныбайм. Кайсы бөлмөдө, кайсы этаажда жашайт? Кирип бара жаткан студенттерден чакырып ал деди.

Нурлан эмне кыларын билбей туруп калды. Себеби Тахминанын жашаган болосун, ал турган окуган группасынан билбейт эле. Буга чейин бул жөнүндө ойлобогонуна көңүлү кирдей түштү. Бери жакта турган стулга отуруп кирип чыгып жаткан студенттердин карап оюу алагды болду. Балким башка жатаканада жашайбы мумкун эжемдердин үйүнө кетип калдыбы — деп кап баягы да дарегин жакшылап сурап калсам болмок экен. Эми эмне кылсам болот. Буга чейин Тахмина жөнүндө гана ойлосо, эми аны кантип табам деген ойго чөмүлүп көпкө отурду. Эжесинин үйүнө такыр баргыс болгон. Себеби жээндеринин Тоң моюн мамалеси кичинекей жээнинин зек деген сөзү духовный жактан катуу сокку бергени Нурланды ал үйгө такыр барууга эле мүмкүн эмесине түрткү берди. Эми эмне кылсам, кайда барсам, кимден сурайм — деп ою чаржайыт болуп турганда :

-Саламатсызбы? — деген тааныш үн Нурландын оюн бузду. Башын көтөрүп маңдайында турган Тахминаны көрүп, көргөн көзүнө ишенбей, жалдырап эле туруп калды.

Качан гана Тахмина:

— Сиз кимди күтүп турдуңуз эле? Мен чакырып коёюн. Нурлан калдастап түштү. Шашып:

-Тахмина, окууларың кандай? Мен сени күтүп тургам. Сага жолугайын деп атайын келгем. Ырас болбодубу. Сени кайдан табам. Дарегин сурап албай деп ойлонуп жаттым эле. Тахмина күлүп:

— Сиз мени күтүп отурганыңызга ишенбейм. Себеби мен сизди жана эле көргөм. Бул сөздү уккан Нурлан чындап эле уялып кетти. Калпы чыгып калгандай. Тахмина, кечирип койчу. Мен сени байкаган жокмун. Сени кайдан табам деп ойго алаксып кетипмин. Тахминанын жылдыздуу көздөрү, ыктуу айткан сөзү Нурланды жер каратты. Жакшы эле карманып өзүн кайраттуу кармайын деген өз оюн Нурлан иш жүзүндө аткара алган жок. Тайсалдай түштү. Бир айдан ашык убакыт көрсөм, суйлошсом деген көксөөсунө жеткен менен, оюндагы сөздү айтып, ишти аткара албасын биринчи эле жолукканда анык билди. Ооба алгач жолукканда Тахминаны өөп учурашам андан кийин сени сагындым деп эле айтам деп план койгон алдына. Бул пландары иш жүзүндө аткарылган жок. Тахмина кайра үстөмдүк кылып, сүйлөгөндөрү так жана маанилүү эле. Жүрүңүз анда, атайын мага келсеңиз, бөлмөмө баралы. Вахталады аялга Тахмина :

— Байкем болот, киргизесиздерби? — деп сураганда, ал аял документ таштагыла да кире бергиле деп Нурланды карады. Нурлан чөнтөгүнөн паспорт алып чыгып сунду да, Тахминаны ээрчий басып үчүнчү кабатка көтөрүлүп, бөлмөгө киришти. Бөлмөнүн ичи кандайдыр бир жылуу учурап, жакшы жыттанып, Нурландын көңүлүн бурду. Тахмина үч кыз менен бир бөлмөдө турат экен. Албетте кыздар жашаган бөлмө таза, анан атыр жыттанып турат эмеспи. Нурлан бөлмөнүн ичин кыдыр ата кармап, тоодо илинип турган Тахминаны сүрөтүн көрүп :

— Тахмина бул сүрөткө качан түштү эле? Абдан жакшы түшүптурсун, деп Нурлан сөз баштады.

 

Ошентип ортодо сөз жүрүп, бир топ өзүн жеңил сезип калган Нурланды сырттан кирген Тахминаны курбу кыздары кайра корунганда түрткү берди. Өзүнчө эле сүрдөп, беш жыл кыз менен сүйлөшпөгөн Нурлан бөтөн чөйрөгө түшүп калгансып, коомайсынып отурду. Бир-эки чыны чай ичилгенден кийин орто бойлуу сары кыз.

— Ыя, Тахмина, Нурлан абдан жоош го. Эркек кантип ушундай болсун!.. — деп сөзүн аягына чыккан жок.

Бул сөздү уккан Нурлан чындап эле намыстанып кетти. Бир чети тиги кыздын айткан сөзүн туура көрдү. Өзүн ичинен жемелеп алды: » Эркек болбой кал, ушуну укмаксың». Тахмина Нурланга болушуп :

— Биринчи жолуккан кыздарга сыр бербеш керек да. Анан эски тааныштай эле ар кайсы сөздүн башын сүйлөй берсе, анда дагы кеп кыласыңар. Деги силерге кандай жигит жагат?

Бул айтылган сөз кыздарга жага бербей калды. Ар ким өз ойлорун айтып, ортодо бир топ талаш — тартыш болду. Тахминанын жан тарта сүйлөгөнү Нурланга дагы кандайдыр бир үмүтү пайда кылды. Көңүлү бар, болбосо мага жан тартып сүйлөмөк эмес деген сыяктуу ойлорду ойлоп койду. Убакыт кетип. Нурлан сыртка чыкканда, узатып чыккан Тахминага:

— Тахмина, шаар аралап басып келбейлиби? Сага дагы айта турган сөздөрүм бар эле…

Тахмина дароо билди Нурлан эмне сөз айтаарын. Ал сөздү уга электе эле жүрөгү дук-дук согуп, өзүнчө эле толкунданып, айткан сөзүнө эмне деп жооп берем деген ойго жетишти. Аттиң ушул сүйөм деген бир гана сөздүн айтылышы кандай кыйын жана айтканга чейинки азабы, түйшүгү андан кыйын экенин Нурлан эми гана иш жүзүндө билип турду. Сүйөм. Сен мага жагасын деген сөздү айтмак турсун, шаар аралап басып келбейлиби деген сөздү канча кыйынчылык менен айтты.

Айтаарын айтып алып, дароо санаа чеккенге жетишти. Жок колум бош эмес деген сыяктуу сөздү айтып кетип калса, эмне кылам жана дагы башка ойлорду ойлогонго улгурду да, Тахмина жооп бергенге чейин эле:

-Тахмина, сенден суранам, жок дебечи. Сенин жаныңдан кетким келбей турат. Ишенесиңби, бир ай убакыт мен үчүн канча убакытка тете болду. Сенин гана карааныңды көргөнгө зар болдум. Сага жолуккан күндөн бери мен өзүмө келе албай жүрөм. Жатаарда сени жок дегенде түшүмдө көрсөм экен деп тилеген дагы күндөр болду. Атайын сен үчүн келсем, суранам жок дебечи. Бул сөздөрдү Нурлан кантип айтканын өзү да билбей калды. Тахмина Нурландын чын ниетинен берилүү менен айтканына ыраазы боло, ичинен аяп кетти. Ооба, Тахминага сөз айткан, сүйүүнүн билгизген жигиттер жок эмес эле. Бирок Нурладай берилүү менен суранып, сүйүүсүн билгизгенин байкабаптыр. Чын ыклас менен сурануу, сүйүүсүн билгизүүнүн кандайдыр бир деңгээлде күчү бар экенин Тахмина эми гана байкады. Биринчи жолу Бакыт деген бала Тахминага сөз айткан 10класста окуп жүргөндө. Ошондо дагы азыркыдай абалга туш болгон. Себеби жигиттен биринчи жолу сүйүү тууралуу уккан Тахмина албетте толкунданып, өзүн чоң кыз болуп калганын сезген эле. Андан дагы өзүнөн Эки жаш улуу Бакыт жолун тосуп кармап алып :»кечинде келем, чыкчы» деп суранганы кандайдыр бир деңгээлде таасирин берген. Бирок анын чын ыкласынан айтканына көп деле маани берген эмес. Бара — бара такшалып, жигиттердин ички сырын кеңири өздөштүрө баштаган. Шаарга келгени көз кырын салган жигиттерге көп деле көңүлүн бурбай калды. Нурлан түрмөдөн бошонуп келген күнү алгач жолукканда эле сезип, «бир күнү сөзсүз келет» деп ойлоп койгон. Эми анын азыркы айткан сөзүнөн эле «сени жактырып калдым» деген сөздү айтаары турган иш деп алдын ала эле билди. Билбегенде эмнеси калды. Албетте, ал жетишерлик эле сөз айтпадыбы. Нурлан бул сөздөрдү айтканга чейин өзүн эркин сезген Тахиина эми сүрдөп, тартынууга өттү. Себеби буга чейин Нурлан сүрдөп, тайсалдап жаткан. Эми ал айтылган сөз менен сүрдөгөн Тахминага ооду. Ал эми Нурлан оор жүктөн кутулгансып өзүн аз да болсо эркин сезип, Тахминанын тике караганга үлгүрдү. Тахмина музоо кирпик кара көзүн тартып алып, жер карап:

– Убактым аз сиз менен бир гана саат басканга убактым бар. Көп кармана албайм. Сабакка даярданышым керек, — деди. Нурланга ушул эле сөз керек эле.

– Жүрү, анда кеттик — деди. – Тахмина күнөөлүү кишидей уялып:

— Мен кийинип алайынчы ушул халат менен шаар аралаган кантип болсун? Мен бат эле, — деп жатканы көздөй чуркады. Жүрөгү элеп-желеп болгон Нурлан өзүн бактылуу сезип, өмүрүндө биринчи жолу кыз күтүп, жатакананын жанында турду. Эмнегедир айлана — чөйрө көзүнө кооз көрүнүп, кубанычына чек жок. Эгер Тахмина мени «күт» деп таң атканча келбесе дагы, эч тажабай күткөнгө даяр эле. Тахмина бөлмөсүнө кирип, кийинип чыгып баратканда, вахтада отурган аял :

-Ай кыз, жанагы бала сага ким болот? Мен паспортун ала барып берип койчу. Ал бала кесилип келген турбайбы? деди. Бул айтылган сөз Тахминага өтө эле катуу тийди. Колу калтырап, паспортту араң алды. Тахминанын ою дароо бузулду. Буга чейин Нурландын кесилип келгенине көп деле маани берген эмес. Вахтада отурган аялдын бир ооз сөзүТахминага ушунчалык таасирин берди. Анын сөзүн угаары менен ичинен өкүнүп алды. Кап, бекер макул болгон экемин. Түрмөну көрүп келген адамдан баарын күтсө болот. Эми эмне деп шылтоо таап кутулам деген ойлорду ойлогончо Нурландын жанына келип калды. Нурландын ушунчалык кубанычтуу, жакшы маанай менен күтүп турганын көргөн Тахмина жылмайып, чын ниетинен Нурланды аяп кетти. Чындыгында эле Нурландын кубанычында чек жок эле Тахминаны утурлай басып:

Тахмина, ишенесиңби, мен бирөөнү күткөндү ушунчалык жаман көрчү элем. Сени күтүп туруп, күтүүнүн дагы жакшы жагы бар экенин билдим. Эгер сен мени бир сутка бою күт десең дагы эч тажабай күтөт элем. Сага жолукканы мага жашоо кызык көрүнүп, айлана көзгө кооз болуп, өзүмө эле күлкүм келип жатат. Ишенсең мунун баары сага жана сүйүүгө тийиштүү. Нурландын берилүү менен айткан сөздөрү вахтадагы аялдын айткан сөздөрүн бир заматта унуттуруп, уялыңкы жылмайып:

-Анда сиз мени таң атканга чейин күтүңүз деп тамашалай кылыктана артка бурулду. Тахминанын бул кылыгы Нурланга абдан жакты. Каткырып күлүп :

— Бийкеч, катуу кетпеңиз, деп алдын торой кыздын эки колунан аяр кармап, көзүнө тике карады. Бир саам экөө тиктеше түштү, каткыра күлүшүп бери бурултушту да, катар басышты. Ортодо жетишерлик тынчтык өкүм сүрүп, экөө өз ойлору менен алек боло алдыга кадам ташташты. Бир убакта тынчтыкты Тахмина бузуп :

Сиздин планыңыз кандай? Кайда баралы деген оюуңуз бар? — деп жылдыздуу карегин Нурланга кадады. Нурландын ичи ысып кетти. Тахминаны кучактап бетинен өөп жибергиси келип, өзүн араң кармап:

— Тахмина, ишенесиңби. Мен азыр өзүмө келе албай турам. Өзүң айтчы, сен эмне десең мен баарына макулмун. Ушул жашка келгени мен мындай абалга туш келген эмесмин. Чынын айтсам, ооруп атам. Айыкпас оору менен. Тахмина чочуп :

Коюңузчу. Ал эмне оору айыкпаган?… Азыр илим өсүп турганда илимпоздор бүт ооруну айыктыра алышат. Больницага көрүндүңүзбү? — деп чын ниетинен аяп, жалооруй карады. Нурлан ого бетер кабагын бүркөп:

— Ал ооруга илимдин дагы, илимпоздордун дагы күчү жетпейт. Бул сөздү укканда Тахмина баштагыдан дагы кабатырлана аялзатына таандык аёо сезими менен :

— Ачык айтыңызчы, чын эле ал оору эмне оору? Докторлар анализин чыгарыштыбы? Нурлан Тахминанын азыркы чын ниетинен жасаган камкордугуна ичинен абдан ыраазы болду. Башта кандай сүйүп, жакшы көрсө, азыр андан миң эсе жакшы көрүп, ичинен эзилип, бук болуп кетти. Анын жароокерлиги, таза, тунук ою, чын ыкласы менен сүйлөшкөнү Нурланды баштагыдан дагы арбап, өзү айтып аткан оорунун чеңгелине тереңирээк сүйрөп кирип баратты. Ушунчалык бат сүйлөшүп, ал турсун Тахмина менен ээрчишип басам деп ойлогон дагы эмес. Баарынан дагы Тахмина өзүн аяп, айткан илдетине кам көргөнү эле Нурлан үчүн чексиз бакыт болду. Толкунданган Нурлан өзүн кармана албай Тахминаны эки колунан өзүнө тартып, кучактап:

-Ал оорунун дартынан сен гана айыктыра аласың. Менин көгүчкөнүм, менин сагынычым. Менин баа жеткис бакытым, деп Тахминаны өпкүлөп жиберди. Мындайды күтпөгөн Тахмина Нурландын кучагынан бошонууга кам уруп, аны өзүнөн алыстатуу үчүн түртүп :

-Сиз эмне, жинди болуп жатасызбы?! Эл көрсө эмне дейт? Уятыңыз жок экен, деп артка бурулуп, кадамын ылдамдатып басып баратканда Нурлан алдын тосуп өзүнүн осол кеткенине өкүнүп :

— Тахмина кечирип койчу. Мен өзүмдү кармана албай калдым. Билесиңби… Тахмина таарынганын билгизип, жатакананы көздөй жүктүндү. Нурлан эмне кылып көңүлүн жибитээрин билбей, кайра — кайра кечирим сурап, Тахминаны коё бербей бир топко турду. Бир аз мурун өзүн бактылуу сезип аткан Нурлан бакыт кушун учуруп жибергенсип, ыйлап жибергенге даяр турду. Ал эми Тахмина өзүнүн оюнан кайтпай :

-Болду, эми сиз экинчи мага келбеңиз дагы, көзүмө көрүнбөңүз . Биринчи жолукканда эле ушундай мамиле жасадыңыз, анда сизден мындан жаман жорукту да күтсө болот. Жада калса кызга дагы мамиле жасаганды билбейсиз. Сизди сыйлап көңүлү калбасын деп айтканыңызга макул болсом, элди көзгө илбей өпкүлөйсуз. Сиз эмне мени жеңил ой кыз деп ойлойсузбу? Жанылышасыз. Мен эч качан андай ишке жол бербейм

Тахминанын бул айткан сөздөрү Нурланга абдан катуу тийди. Ою уйгу — туйгу. Кап, бекер иш болду. Дагы кичине чыдап койсом болбойт беле. Бир келген бакытты колдон учурдум.Эми мындай шанс келбейт деп Нурлан кечирим сурагандан башка сөз оозуна келбейт. Күнөөлүү кишинин кейпин кийип, мусапырдай муңайып турду. Тахмина эми күчүнө кирип айтчу сөзүн айтып болуп:

— Тоспо менин жолумду. Менин теңим сен эмессиң. Мен сендей экссиз жигиттерге убакытымды коротпойм. Кечээ келип тор меники дегендей, жолукканыбызга аз эле убакыт болсо «тоокту уйпалаган короздой» мамиле жасаганыңа жол болсун. Керек болсо, мен таякем менен таажеңемди сыйлагам.

Нурлан мугалимден тил уккан окуучудай :

— Кечирип койчу эми. Сенден суранып атпайынбы. Нурландын муңайым кейпин көргөн Тахмина эч сөз айпай кадамын ылдамдатып басып жатаканага кирип кетти да, аз убакыт өтпөй кайра чыкты. Себеби чөнтөгүнө салган Нурландын паспортун бербей унутуп калган эле. Өзүн жемелеп, өз кылыгына нааразы болуп турган Нурлан кайра чыккан Тахминаны көрүп сүйүнүп кетти. Нурланга паспортун сунуп атып:

– Катуу айтсам кечирип койгула. Меңиз паспортуңузду, деп Тахмина паспортун берип, кайра жатаканага кирип кетти.

 

Уландысы бар…

 

Досторуңуз менен бөлүшүңүз..........

КЫРГЫЗЧА САЙТ ⚜️