19-Боолум
Бактияр бутуна протез бут кийгени ага такыр көнө албай койду. Бирок колясканы же балдакты колдонуп көбүнчө Эркиндик бульварында убактысынын откоргонду адатка айландырды.Кочодогу өтүп бараткан өзү теңдуу жаштарды көргөндө көкүрөгү ачышып, арданып дагы кетет. Бир жолу адатынча чоң бактын тубундогу отургучта газета окуп отурса жанына бир кыз менен бир бала келип отуруп, өздөрүнчө сүйлөшүп калды. Бала кызга :
-Айчурок, эгер менин бутум бул баланыкындай болуп сынып, мен дагы балдак менен басып калсам, сен мени таштап кетесиңби? — деп суроо салды. Анда кыз :
-Жөн турчу, бутун сынбай эле койсун, деди. Бала ансайын демитип :
-Чын эле эмне кылат элең?-деп сурагандан кыз :
-Убагында көрөт элем . Эмне эле аны такып калдың? — деди. Баятан газета окумуш болуп, экөөнүн сөзүнө кулак салып турган Бактияр кыздын жообуна муздай түштү. Бала дагы кыздын сөзүнө жараша келиштире сөз айтты:
-Азыркы кыздарга бай, анан сулуу бала болсо эле болду. Сүйүүнү экинчи орунга коюшат. Сүйүү деген эч нерсеге карабаш керек. Эгер мен сенин ордуңда болсом, «убагында көрөт элем» деп айтпайт элем. Көрсө сен мени чын жүрөгүн менен берилип суйбоптурсуң деп айтып, сөздү алыстан баштады. — Тээ илгери бир кыз менен бир бала экөөбүз сыяктуу кыз-жигит болуп ээрчишип, бирин-бири сүйүп жүргөндө, кыздын атасы билип калып кызына айтыптыр,» Эгер мени атам деп ойлосон, алиги кедейдин баласы менен жолукканыңда токтот.Мен сени башка байдын баласына күйөөгө» берем дейт. Кыз атасынан коркуп ашыкча сөз айта албай, башын ийкеп кутулат да, эртеси күнү болгон сөздү балага айтат. Бала кыздын сөзүн угуп, эми эмне кылабыз деп экөө кеңеш курушат да, алыс жакка качып кетмей болушат. Бирок экөөнүн тилектери орундалбай калат. Анткени кыздын атасы шашылыш түрдө кызын өзү айткан байдын баласына берүү үчүн тойго камына баштайт. Ошол убакта кызды эч жакка чыгарбай, үйгө камап көзөмөлдү катуу коёт. Кароолчулардын көптүгүнөн кыз бала менен байланыша албай, башка түшкөнүн кором дейт да, тие турган, күйөө болчу балага жолугуп, болгон ишти болгондой айтып түшүндүрөт. Бирок бала эмне демек эле. Ал дагы атасынын сөзүнөн чыга албаганын айтат. Ошентип кыз тие турган баласына дагы туура түшүнүп, ал жерден баланы күнөөлөй албайт. Анан иш татаал жагына айланганын билгенде, той болот деген күнү кыз өз жанын өзү кыйып өлүп калат. Кыздын атасы туура эмес иш кылганына кеч түшүнгөн экен. Кыздын өлгөнүн уккан бала үч күн ыйлап, өзүн коёрго жер таппай, акыры кыздын үйүнө келет да, Аны койгон күнү барып, кыздын мүрзөсүн казат. Жүрөгү кысылып, өзүн артык баш сезип, ошол түнү күрөк алып келип, кыздын мүрзөсун ачып, кызды мурзодон алып чыгып уурдап барат да, тоонун арасына барып кайра мүрзө казат. Эки күн дегенде мүрзөну казып болуп, кызды мүрзөгө жаткызып анан кыздын тошуно башын коюп, өзүн өзү бычак менен жүрөккө сайып өлгөн экен. Мына көрдүңбү, чыныгы сүйүү деген эмнени гана кылбайт. Ал эми сен мени убактылуу гана суйооруңду с созүңдөн билгизип койдуң деди. Кыз ошондо да моюн бербей, эркелемиш болуп кутулду. Баятан бери баланын айткан сөзүн угуп Бактияр өзүн жаман сезип кетти. Канчалаган кыздарды «суйом» деп алдаганы, андан дагы Тахминанын :»Мени унут, сен баары бир менин баркыма жетмек эмессиң» деген сөзүн эстеп, сүйүүгө туруксуз экенин, тигил баланын сөзүнөн улам билди. Ана дагы Тахминанын эркек төрөгөнүн уккандан бери чындап андан үмүтун узду. Ден соолугу болбогондон кийин барган сайын уйундогулордон дагы көбүрөөк тил укканы көңүлүн кирлетип, убагында убакытты туура эмес пайдаланып алганына кеч түшүнүп отурат. Бутунун оорубаганы менен басып турганда кыйналганы дагы өзүнө минус болуп, акыркы убакта чунчуп кетти. Чамгарактап көөп жүргөнүн эстегиси да келбейт. 2-август күнү адатынча Эркиндик багындагы өзүнүн ордуна күн көтөрүлүп калган убакта келип отуруп, кеч бешим ченде үйүнө кетейин деп атканда жанына бир жигит келип отуруп, тааныбаса дагы салам берди. Бактияр берилген саламды алик алып, сен кимсиң? дегенсип караганда, Нурлан анын көзүнөн билип:
-Тууган кабатыр болбо. Бирөөлорду күтүп атам, ушул жерден жолукмак элек. Кел, таанышып алалы, тируучулукто сый, тааныш болгонго эмне жетсин? — деди. Бактияр колун сунуп :
-«Бактияр» деп атын айтты. Нурлан дагы өзүнүн ысымын айтып, Бактиярдын бутун карап койду да, сөздү башкага буруп :
Келинчегим менен уулум келмек эле . Ушул жерден жолугушалы дегенибиз. Бүгүн уулум бирге чыгат. Туулган күнү. Кечке иштеп кол бошобойт, деп бери жакта токтоп турган кудум Бактиярдыкындайкыкызыл «Ауди — 80″машинасын карап койду. Кемелбек Нурлан алып келгендерди хлебаштары менен деп отуруп, өзүн бактылуу сезди. Мага дагы киши келет, мени ойлогон, мени эстеген киши бар дегенсип, өзүнчө эле барбалаңдап көңүлү жайдары күлкүлуу сөздөрдү айтып, хлебаштарын кулдуруп, конок тосуп аткан адамдай улам — улам алгыла, тариынбагыла деп кубанычында чек жок ушунчалык суйунду. Анан эмне кылат? Буга чейин хлебаштарына келген тамак аштарды жеп, ошол убакта ойлончу эле «мага дагы киши келип, мен дагы буларды сыйлаган күн келет болду экен?» деп. Ойлогон ою ишке ашып Нурлан кенен алып келген азык — тулук, чыпкасы жок чылым, пачка пачка чайлар дагы бир топ күнгө жетет. Эми өзүң хлебаштарынын алдына башын бийик көтөрүп жүргөнгө мүмкүнчулук табылды. Бирөөнүн тамагын жегенден кийин кайра ага жооп кылыш тамак берип коюш парз эмеспи. Анысы сыңары бул жолу Нурлан Кемелбектин сөөгүн агартты. Андан дагы Нурлан алып келген бир сыйра кийим жылуу кийимлерди өзүнө чактап кийип, жаш баладай суйунду. Кечки текшерүүдон кийин өзүнүн нарасында колун төбөсүнө алып жатып бир топко кыялданды. Көптөн бери мындай кыялга баткан эмес. Жашоодон үмүтун үзүп койгон Кемелбек үчүн кандайдыр бир туңгуюктан жол табылгандай, эркиндикке чыккысы келди. Тун бир оокумуна чейин ойго жаткан Кемелбек бир куту чылымдын жарымынан көбүн чегип койду. Улам улам кере кере жотолгону эле тынчтыкты бузбаса, башка эч бир үн жок. Айлана тымтырс. Улана жакта кровать эле анда санда кыйчылдаганы болбосо,Кемелбек башка үн уга албады. Тамекини дембе дем соргондо, караңгыдан чылымдын күйгөн чогу кыпкызыл болуп көрүнүп, анан кайра өчүп бөлмө түтүнгө толуп чыкты. Бул тынчтыкта жатып уйкусу келген Кемелбек бала кезинде, тактап айтканда аскерге кетээр убагындагы бир окуяны эстеди. Ооба, ал кезде Кемелбек политехникалык инистутка конкурс аң кулап отпой калгандан кийин айылга келип алты айлык шофёрдун окуусуна кирип, техникага аралашып калган . Бир күнү 80жаштагы баласы жок кошунасы Айдарбек карыя Кемелбекти өзүнө чакырып алып, ички үйгө киргизип, эшикти сыртынан жаптырып коюп, сөздү алыстан баштады :
-Кемелбек, сен эми бул айтылган сөздү ичине сакта. Бирок аткар Мына менин торумдон көрум жакын болуп, карылык өз койнуна алды. Адам көрсө, өзүн карыбагыдай сезип, оокат деп жүрүп, кантип карыганыбызды билбей калат экенбиз. Кечээ сендей кырчын курак кезде элем, эми бүгүн минтип кара жанды бага албай, карылыкка баш ийип турам. Сага муну эмнеге айтып атам.Артымда туяк калбады. Эгер сен аскерлен келгенче, мен аман болсом анда жакшы. Бирок аны так айтып болбойт. Дегеним, тээ илгери Уркун убагында он эки жашта элем. Чоң атам Мамбет экөөбүз Эчке суунун ичиндеги үңкүргө бир килограммга жакын алтын катканбыз. Аны мен пайдалана алган жокмун. Бирок андан азыраак алып, алтымышынчы жылдары керегимме жумшагам. Ошондон калган алтынды сен мага алып келип бер. Мал алып, даярданып коёюн. Алтын жөнүндө сөз укканда Кемелбек көп ишине берген жок. Бирок көңүл коюп, айдарбек карыянын сөзүн угуп турду. Болор болбос жотолуп, үнүн жасап алган Айдарбек карыя эшик жакты улам кармап :
— Сен аны бүгүн түнү алып келип колго тийгиз. Чоң атам Мамбет мага катуу эскерткен. Эгер менин көзүм отуп кетсе, бул алтынды өтө кыйналган убагында пайдалан деп деп. Мына эми азыр сага айтып жатканымдын себеби, сенден башка ишене турган ич кимим жок. Бул бир. Экинчиден, ал үңкүргө мен басып бара албайм. Баарын текши ойлоп, акыры ушул ойго такалдым. Сенден сураныч, ал жөнүндө эч кимге айтпа. Бар эми, сен ал үңкүрго азыр жоно деп Үңкүр таштын кайсы жеринде алтын катылганын толук түшүндүрүп берди. Кемелбек алтындын чын эле бар экенине качан Айдарбек карыя алтындын катылган жерин толук түшүндүрүп берген соң гана ишенди. Айдарбек карыя Кемелбек үйдөн чыгып кетээрде колун кысып :
-Кемелбек, каткан сырымды сага гана айттым. Убадага туруп аманатымды аткар. Сенин эмгегиңди актап, сага дагы улушуң тиет деди. Кары кишинин жалдырап, өтүнүч менен айткан сөзүнө Кемелбек башын ийкеп :
-Андан кабатыр болбоңуз. Мен аз күндө аскерге кетем. Мага деле байлыктын кереги жок. Аскерге барып келген болсом сөз башка эле. Аманатты аткаруу адамдык парз деп Айдарбек карыяга ишеничтүү сөз айтып, Ичке суунун ичиндеги Үңкүр ташты көздөй бышты чыкма, Айдарбек карыянын жээрде атын минип жөнөдү. Бул убакта шашке убагы эле. Кемелбек үңкүр ташка чейин ат менен бара албайт болчу. Элүү метрдей бери жактагы караганга жээрде быштыны байлап, өзү жөө барды да, адам сойлоп кире тургандай кудум мүрзөнун казанагындай тешик тең сойлоп кирип кол фонарикти күйгүзүп, ичкери беш метрдей сойлоп кирип чоң таштын он капталындагы кирпичке окшош жалпак ташты алды да Айдарбек карыя айткан жарым метрге жетпеген чуңкурчадан тулуп баштык ты колун сыйпалап алып чыкты. Ал баштыкты тапканга чейин жүрөгү түшүп калдастаганы эле өзүнчө бир сабак кеп. Анткени алтын катылган жерде жылан болот деп укканы дагы бар эле. Өтө сак эки жакты элең деп, баштык колуна тийгенде сыртты көздөй шашыла сойлоп жөнөдү. Ушунчалык калдастаган Кемелбек сыртка чыгып өтө тыкаттык менен байланган баштыктын ичин ачып, алтынды колуна кармаган Кемелбектин ошондо ою бузулду да, баштыктагы алтындан алып өзүнчө катып койгусу келди. Бирок Айдарбек карыянын сураныч, аманатын толук аткарайын . Бул алтындын азыр мага канча кереги бар деп баштыкты койнуна салып айланага кылдат көз жүгүртүп, ылдый түшүп келди да атка минип айылды көздөй жөнөдү. Нурлан суйлошулгон сөз боюнча айтылган күнү куру кол барбайын деп, Кемелбек айткан дарыларга кошуп абакка керек чылым, чай ондуулорлу алды да табышмактуу жолугушуунун түйүнүн чечмекке абакты көздөй бет алды. Качан гана жолугушучу жерге келгенде эстеди, кошунасы Бурманын катын алдымбы деп. Айтмакчы жашы кыркка таяп калган Бурма күйөөсү менен ажырашып келген. Күйөөсү төрөбөйсун деп кетирип жибергенине эки жылдын жүзү болду. Сиңдиси менен бир турат. Учурда тикмечи аялдардын катарын толуктап, менчик ишканада иштейт. Кемелбек жөнүндө Нурландан уккан. Келиштире кат жазып сүрөтүн кошо берген. Ал актап колун төш чонтокуно салгпюан Нурлан Бурманын жазган каты жанында экенин билгенде ох деп ушкуруп алды. Качан Кемелбек байке жолугушууга келгенде ыңгайын келтирип берем деп ойлоп койду. Адатынча жолугушуу үчүн керектүү кагазды толтуруп Кемелбекти чакырткан Нурлан оор дем алып, бери жактагы олтургучка отуруп, убакытты өткөрүү үчүн ларыканадан сатып алган дарынын кагазына көз жүгүртүү.
Уландысы бар…