Зектин махабаты 18 бөлүм.

https://kyrgyzcha.site/?p=37076&preview=true Кызыктуу окуялар.

? ЗЕКТИН МАХАБАТЫ

 

18-Болум

 

 

 

Эч билинбей убакыт өтүп, Тахмина да боюнан бошонду. Болгондо дагы балканактай уул тороду. Бала төрөлгөндө Нурлан өзүнүн канынан жаралгансып катуу сүйүндү. Нурландын сүйүнгөнүн көргөндө, Тахмина өзүнчө өкүнүп алды. Андан дагы буга чейин эч иш кылдырбай, ичиндеги баланы аяганы эле эмне деген адамдык сапатты айгинейлейт. Эми минтип тун ортосуна чейин күтүп суйунчулогон медсестра кызды ыраазы кылып андан дагы гүл берип жибергени, эртеси эртең менен жаш сорпо ичсин деп эт салып келгени Тахмина үчүн азаптын азабы болду. Өзү өзүнө батпай, бул арам сийдик балага эмне мынча жан уройт, өз канынан жаральагандан кийин деп, өзүнчө эле бушайман болду. Бир чети Нурланга тийгенине сүйүнүп дагы алды. Кантип мен эми Нурландын көңүлүн сындырып, жаман сөз айтам. Эркек болбосоң коё кал, чыныгы эркек сендей ичине кир сактабаган жөө март болсо гана деп баласын эмизип отуруп Бактиярды эстеди. Бактияр учурда өз канынан жаралган бала бар экенин билбейт. Эгер билсе, кандай болот болду экен деп ойлоп, Нурлан менен кеңешип көрүүнү туура тапты. Чын эле Нурлан деле каршы болбойт. Ал баарына түшүнөт. Баланын кимден төрөлгөнүн Бактиярга билгизели деп айтсам Нурлан кандай ойдо калат деген ойго жетеленип, бирок бул оюн сыртка чыгарбады. Баланын төрөлгөнүн укканда айылда кайын энеси менен кайын атасы дагы жетип келишти. Мунун баарына күбө болгон Тахмина чийки эт жегенсип көңүлү чөгүнкү жүрдү. Буга чейин Нурландын бополоп жасаган мамилеси бир тең, кайын энеси менен кайын атасынын жан алы калбай сүйүнүп куйруктуу коюн союп бала көрүп келгени бир тең болду. Тахминанын абийири күнөөсүн көтөрө албай ичинен сызды. Бирок негизги баланын кимден экенин күйөөсү Нурлан билгени гана Тахминага өбөлгө болду. Андан дагы өзүнүн апасы Калыйпа келип жетишээрлик урушуп, энелик акыл сөзүн айтканы эле Тахминага чоң сабак болгон. Ушунун баарына Бактияр күнөөлүү экенин бир өзү жана Нурлан билет.Кыз үчүн мындан өткөн азап барбы? Ал атасы Сапаралыга жолуга элек. Ал киши эмне дейт белгисиз? Сапаралы аксакал Тахмина айылга каникулга барган сайын какшап айтчу. Кызым адептуу кыз болуп, барган жериңе сый бол. Бизди жер каратпа деп. Бизди жер каратпа деп айткан сөздүн артында эмне деген сөз бар экенин Тахмина сөздүн маанисинен улам илгиртпей билген. Ошол пайгамбар жашына барып калган атасынын аманат сөзүн аткара албай, жеңилликке алдырып ийгенине алигиче бармагын тиштеп өкүнгөну өкүнгөн. Ооба апасы Калыйпа эшикти аттап кирип эле өзүнүн сепкил түшкөн бетин көрүп, көзүнүн заарын агыта карап:

-Тахмина, бул эмне кылганың бизди жер каратып. Ачуу басар келгенине али эки ай боло элек. Алдагы ичиң кантет челкейип дегенде, олбогон төрт шыйрагы калган. Эмне деп жооп беришти билбей жер карап, мелтиреп туруп берген. Андан башка эмне кыла алат. Эми минтип торогондогу тарткан азабы бул. Абийир кечирбейт дегендей, Тахмина абалын учурда өзүнөн башка эч ким билбейт. Кечинде жумуштан келген Нурлан Тахминанын буркоо кабагын байкап, атасы менен апасына байкатпай акырын сурады:

-Сага эмне болду? Бирөө капа кылды ы? деп. Тахмина тамак жасап аткан абалында болор болбос жылмайып :

-Ким капа кылмак эле?… Мен өзүмчо эле деп көзүн Нурландан тартып алды да, күнөөлүү кишидей жал актап карап :

-Курсагың ачкан жокпу? — тамак деле даяр болуп калды, деп сөздү башкага бурду. Түрмөдө жатканда адамдын көзүнөн же кыймыл аракетинен ички оюн билгенди оздоштургон Нурлан Тахминанын өзүнчө басынып,, чунчуп, күнөөкөр болуп атканын айтырбай билип :

-Тахмина, биз эмне деп суйлоштук эле өткөндү эстебе да, Болбосо өзүнө эле жаман. Мен сени тушуном. Бир гана сенден отуноорум, өткөндү эсиңден чыгар. Мен Тимурду өз канымдан жаралгандай мамиле жасайм деп айтпадым беле. Биз эмне деп суйлоштук эле. Тахмина көзүнө келген жашты аарчып:

Нурлан сага омур бою ыраазымын. Баары сен айткандай боло деп башын Нурландын көкүрөгүнө жөлөдү. Ошентип өз нугунда убакыт өтүп, көп нерсени артка калтырды. Бирок Тахмина уулу Тимур жөнүндө Бактиярга билгизген жок. Бул аралыкта Нурлан Бишкектин чет жагындагы жаңы конуштан уй алганга улгурду. Ал үй дагы буйрук менен арзан табылап калды. Финкага акча карыз болуп калган оштук келин арзан баада саткандыктан, жетпеген акчаны карыздап, эптеп ал үйдү алып калганга улгурду. Эми өз үйү, олоң тошогу дегендей, Тимурдун тушоо тоюн жаңы үйдүн тою менен бирге берди. Бир калыптан жазбаган Нурлан башка балдарчылап жан үрөп, акчанын артынан деле түшкөн жок. Кайра жетим жесирлерге кайрымдуу болуп, кайыр сурагандардын көңүлүн оорутпай, сунган колун бош калтырбай, аз акча берсе дагы ырым кылып бергенди адатка айлантты.Хлебаштарына дагы белек киргизгенди эсинен чыгарган жок. Баарын байкаган Тахмина бул жолу Нурланды тыган болуп :

Болдучу эми, көзүнө көрүнгөн кайырчынын баарына эле акча бере бересиңби? Мен студент болсом. Аз болсо да акчаны сарамжал кармасан боло дегенде,Нурлан болор болбос жылмайып:

_Мусапырдын көңүлүн сындырбаш керек. Мен алиги кайырчыга он сом берсем, Кудай мага миң сом буйуруп, ишиме киреше тушөөрүн эсиңден чыгарба-деп жылуу сөз менен жооткотуп койгон. Ошол күндүн эртеси кечинде Нурлан такси айдатып, толгон азык тулук алып келип:

-Тахмина, көрдүңбу кечээ сен мени он сомду аядын эле. Ошол он сом бүгүн 6000сом киреше алып келди. Жыйырма куб тактай саттым, туркторго. Мен кечээ чын ниети мден акча бергем,кайырчы ушунчалык ыраазы болгон. Анын аягын кара. Бүгүн минтип акчалуу болуп отурам деп айтканы бар. Тахмина ошондо Нурландын сөзүнө ынанып, башын ийкеп тим болгон. Чын эле ар бир нерсенин аягы болот эмеспи, анын сыңары көп эле сараңданып акчаны аяганды Тахмина көп жактыра бербей калды. «Сыныктан башкасынын баары жугуштуу» дегендей Нурландын жакшы сапаттарынын баары Тахминага жукту. Өзгөчө конок тоскон до болгон тамагын жайнатып келген коноктордун көзу менен тең айланып, сый коргозгонго аракет кылат. Убакыт өткөн сайын Нурландын иши баштагыдан дагы алдыга жылды. Тактай курулуш, каражаттары кымбаттаганы Нурлан дагы акчаны көп таап, көңүлү жайында. Дүйшөмбү күнү түш оой Ош базарына келип , кеминде миң сомго чукул акчага керектүү нерселерди алып, Кемелбекке жолугуш үчүн абакка келди көңүлүн көтөрүп коёюн деп. Анткени Кемелбектин айткан сөзү көкүрөгүндө орноп турган эле. Буга чейин эки үч жолу келген. Бирок анда мындай даярдыктар келген эмес. Кемелбек сени свиланияга чакырып атат дегенде, Кемелбек дароо эле Нурландын келгенин билди. Башка эч ким келбейт. Аны беш колундай билген Кемелбек Нурланга жолуга электе эле өзүнчө ыраазы боло кудуңдай басып кезикуучу жерге келди да, Нурлан менен кучакташып көрүшкөн соң, анын өзүнө арнап алып келгендердин көрүп, көзү жайнай түштү.Мындайды күтпөгөн Кемелбек көзүнө жаш алып, эмне деп сөз айтаарын билбей:

-Рахмат, Нурлан. Сөөгүмдү агарттың. Эми мен сага эки дуйно ыраазымын. Эми бул дүйнөдөн армансыз өтөмүн го. Себеби мени издеп, мени эстеп келген сен барсың. Ушуну менен үчүнчү жолу келип абалымды сурадың,омурлуу бол. Азыр мени күтө турчу, уулуңа бир белек берейин — деп, Нурлан алып келгендерди көтөрунуп ичкери кирип кетти. Нурлан Кемелбекти суйунтконуно ыраазы боло ырас эле келген экемин деп ойлоп койду. Адамдын көңүлүн көтөргөн ушунчалык сооп иш эмеспи. Өзгөчө абакта жаткан адамдын, Кемелбектин суйунгонунон көзүнө жаш алганы эле эмне деген сөздү айтып турду. Ичкери кирген Кемелбек кооздолуп сувенир катары жасалган бычакты Нурланга сунуп:

-Муну менден эстелик катары алып кой. Уулуңа арнап бердим. Уулуң бычактай курч, откур жигит болсун. Өзүндөй акчага берилбеген колу ачык, жоомарт болуп оссун-деди.Нурлан бычыкты колуна алып, «Муну качан жасалыңыз ушунчалык уста киши жасаганы билинип турат» деди. Кемелбек кулумсурогон калыбында :

-Нурлан, сенден өтуном. Анда санда ушинтип келип конулумду көтөрүп коюп турчу. Сени көргөндө бир тууганымды көргөндөй болом. Сен өңдүү канча хлебаштар воляда жүрүшөт келем деп сөз берип кетишкен. Келгендерди келди болгону бир эки жолу. Ошол бойдон караандарын узушту. Эми сени караан тутуп журойун, менден кабар алып тур. Не бар, не жок бул дүйнөдөн узап кетсем куран окуп жүр. Бул жердегилер кайдагы жаназа окусун. Жаназа окулбай комулсом дагы, сен эстеп куран түшүрүп жүр, — деп үнү каргылданып кетти. Нурлан Кемелбекти кучактап:

-Байке жөн туруңузчу каяктагы сөздү айтпай. Мен айтпадым бы келип турам деп. Андан кам санабаңыз. Керек болсо сизди өзүм жерге жашырам. Бирок анын бетин ары кылсын дейличи. Аны коюп айтыңыз эмне керек болсо, алып келейин деди. Кемелбек көзүн жумуп, бир топко туруп:

-Нурлан, рахмат сага. Сенин ушул эле сөзүн керек болчу мага. Эми сен сөзгө кулак сал. Жолугушчу убакыт бүтүп кала электе айтып калайын дегенде ушул эле сөз айтылганды күтүп тургансып, эки солдат басып келип :

-Жолугушчу убакыт бүттү, деди. Кемелбек өкүнгөн тур коргозуп илинип турган саатты карап:

-Нурлан, бурсугуну келчи, өтө керектүү сөз айтам. Аптекадан дары ала келгин, эгер тыйының болсо, өпкө калбай калды көрүнөт деп карс карс жотолуп керектүү дарыны жазып берди да бек кучактап дагы ыраазычылык билдирип эки солдат — тын коштоосунда ичкери кирип кетти. Нурлан абактан чыгып баратып, «Эмне сөз айтат болду экен?» деп табышмактуу сөздүн түйүнүн билбей жолуна түштү.

 

 

 

Уландысы бар ..

Досторуңуз менен бөлүшүңүз..........

КЫРГЫЗЧА САЙТ ⚜️