Зектин махабаты 17 бөлүм.

https://kyrgyzcha.site/?p=37076&preview=true Кызыктуу окуялар.

? ЗЕКТИН МАХАБАТЫ

 

17-Болум

 

Түрмөдөн чыккан балага мындай сулуу кыздын тийгенине таң калып атсам,көрсө негизги маселе анын ичинде турбайбы. Ал боюндагы бала кимден болду экен? деп ойлоп, кечээтен берки сүйүнгөн суйунучу каяккадыр жоголуп, кабагы бурколо түштү. Бул убакта абышкасы Султан эч нерсе менен иши жок, короодогу көк уюн бадага кошкону айдап жөнөдү. Ичине сыр ката албаган Батма өзүнчө эле туталанып, ички сырын кимге айтышты билбей бейжай эле басып эмне кылып атканын өзү дагы билген жок. Аңгыча оңдой берди болуп, уруулаш кайнисинин аялы келип калды. Абысынын көргөндө утурлай басып анын берген саламын Алик алып :

Каным бери келчи. Мындай бас! — деп, аш үйдү көздөй бет алды. Каным чоң жаңылык укчудай, кадамын тездетип Батманын артынан басып, аш үйдүн астанасын аттаганда, Батма эшикти ичинен жаап :

Каным иш жаман, деп көзүн аландата Канымды карап түрүн бузуп. Каным чочуп :

Эмне болду, жеңе? — деп көзүн алайтып Батмага боор ооруган тур көрсөтүп, угуп атам кулак сизде дегендей Батманы карады. Ушак дегенде жантыгынан жата калып уккан Канымга Батманын басым менен иш жаман деп айткан сөзү жага бербей калды. Ансайын Батма түрүн бузуп :

Тиги жаңы келинди өзүн сөзгө тартчы. Азыр эле байкадым. Анын боюнда бар окшойт. Бул сөздү уккан Каным :

-Ок, жене! Ошол кантип болсун! — деп чочумуш болду. Батма шыпшына:

-Чын эле, кулагым жакшы укпаса дагы, көзүм жакшы көрөт. Болгондо дагы үч айдан өтүп калса керек ичиндеги балага. Ал бала кимден экенин сен жеңе катары сурап билчи.Эл укса эмне дейт. Султандын келини атасынын торунон боозуп келиптир деп айтышса, анда эле уят болдук. Каным Бат анын сөзүн коштоп :

-Туура айтасыз, мен азыр шейшеп текшеримиш болуп кирип эл келе электе сурап чыгайын. Эгер Нурландан болсо, анда сөз башка. Эгер бала Нурланлыкы эмес болсочу?

Батма Канымдын сөзүн оозунан жулуп алып :

-Анда кетирем Бирөөнүн арам сийдик баласын багып эмне кылам? Абышка ачуу басарга кете электе азыр тез билип чык. Каным шашып:

Ачуу басарга кимдер барганы атат? — деп сурап, жооп күтүп калды. Батма берилген суроого көңүлү суз:

-Бектемирдин машинасын айдатып, таякеси, анан иниси үчөө барышат го, аны деле сүйлөшө элекпиз деп Канымды шаштырды. Каным макул дегенсип аш үйдөн чыкканда, Нурлан үйдөн чыгып келаткан.

Бактияр ооруканадан туура эки ай дегенде бир бүтүн кетирип үйгө чыгып келди. Оңунон азып, арыктап, купкуу болгон Бактиярды мурунку чамгарактап кооп жүргөн кезинде эч салыштырып болбойт эле. Бир орундан жылбай отурган Бактияр көп нерсени эми гана түшүнүп олтурат. Баарынан дагы Тахминанын ый аралаш айткан сөзү кулагына жаңырып, элеси көз алдынан кетпей койду. Анткени анын эң акыркы элжосу Тахмина болгон эле. Тахминага чейин абийирине код салган кыздардын көз жаштары, алардын каргышы аягы ушул жолго алып келгенин Бактияр эми гана сезип, өткөнгө өкүнүп, тунт дагы болуп кетти. Бактияр бутунун сынганына деле көп өкүнгөн жок. Врачтардын эми сен тукумсуз болуп каласын деп айткан сөзү жүрөгүн ойуду. Атасы менен апасы чарк кополоктой айланганып, болгон күчтөрүн жумшап, акчанын күчү менен мен деген күчтүү врачтарга коргозгонун Бактияр кантип билбесин. Бир гана ата — эне бала үчүн баарына кайыл экенине башына иш түшүп ден — соолугунан ажыраганда гана билип отурат. Кечке бир орунда отуруп, акыркы убактарда тажап кетти. Бул дүйнөдө ден соолуктан өткөн байлык жок экенин эми түшүнүп отурат. Эртең менен апасы жумушка кетип баратып :

— Үйлон десем тилди албадын эле, эми качан үйлөнөсун? Эгер тилди алсаң, сени аялын карайт эле. Тахминаны эле келин кылып бергенинде, ал сени да, мени да жыргатмак. Бул айтылган сөздүн тереңинде эмне деген сөз жатканын Бактияр айтырбай билди. Энеси сыртка чыгып кеткенден кийин бир топко ойлонуп отуруп акыры Тахминага кат жазууну чечти да, акырын жылып, столдун четине келип ак кагазды колуна алып кат жазуу менен алек болду. Улам бир барак кагазды толтыруп, анан кайра аны жаратпай тытып салып атып акыры эки барак толтура барак кат жазды. Каттын мазмуну төмөнкүчо жазылды.

Тахмина! Кандай жүрөсүң? Окууларың кандай? — деп өзү жөнүндө сурап келип, акыры өзүнүн сөзүн жазды.

Тахмина, чынын айтсам мен сени суйом. Бирок убагында копкондукко салып, сенин баркынды билбептирмин. Эми гана баарына тнкши ой жүгүртүп, түшүнүп отурам. Сен эгер колундан келсе, мени кечирип, мага бир жолугуп кетчи. Окуном сени капа кылганым үчүн. Менин окунучумду аткарып көзүмө бир гана жолу көрүнүп койсоң, мен сага ыраазы болот элем. Бир мүчөмдон ажырап, ден соолуктун кадырын эми билип турганымда сөзсүз келип кет. Сени кутом деген мааниде сөздөрдү жазып, Бактияр жазган катын бир сыйра окуп чыгып, тыкан буктоп чонтогуно салды да, эми бул катты кимден берип жиберсем деген ойдо терезеден сыртты карады. Бул убакта күн шашке болоюн деп калган эле. Куулдогон машиналардын үндөрү тынчтыкты бузуп, ары бери кыйма чийме өтүп жатканын бир топ карап туруп, өзүнүн бир кездеги мишина айдап сулуу сулуу кызды тандап салып жүргөн убагы эстеп, ичинен тутоп кетти. Бешинчи этаждан жерди бир топко карап туруп ордуна келди да, диванга чалкасынан жаткан калыбында, өткөндү эстеп бир топ жатты. Бул ооруканада эсине келгенден кийин бутуна протез бүт салганга чейин үйдөн чыгууга болбойт. Бул убакыттын ичинде Бактияр баарынан атасы менен апасынын эмгегин баалады. Эми баштагыдай эч качан аларга орой мамиле жасабайм, эмгектерин баалайм деген максатта өзүнчө план түзүп, аны иш жүзүнө ашырууну ойлорду.

Каным үйдү көздөй шыпылдай басып келатканын улам анын шейшеп текшергени келатканын Нурлан айтырбай билди… Анткени аш үйгө апасы менен кирип кетип, кайра чыкканына чейин байкап турган эле. Каным үйгө киргенде, Нурлан алдын тосуп салам айтып, учурашып сөздү чукул баштады :

Жеңе, сиз Тахминаны уялтып, шейшеп текшип убара болбой эле коюнуз, анын боюнда бар — деди. Каным кара күчкө чочуп :

— Кантет, эмне дейт, чечек. Ошол кантип болсун — демиш болду. Нурлан көзүн күлүңдөтүп:

-Аны коюп апама түшүндүрүп айтып коюңуз. Бала менден. Азыраак жаңылыштык кетти бизден. Кеткен күнөөлорду кечирип, атама дагы түшүндүрүп айтып койсун. Сиз ушул ишти бүтүрүп берсеңиз чоң сооп иш жасайт элеңиз. Тахмина уялып үйдө отурат » өлгөндун үстүнө комгон» кылып аны уялта корбогуло. Анда күнөө жок, күнөө менде деп Нурлан үстүртөн түшүндүрүп айтып, Канымды жолго салды. Каным Нурландын айткан сөздөрүн өзүнүн сөзү кылып Батмага айтты да:

-Сиз акеме түшүндүрүп айттыңыз. Ал капа болбосун. Эң негизгиси эки жаш ынтымакта жашаса болду да деп Нурланга тарта сүйлөдү. Батма оор жүктү үстүнөн бирөө алып салгансып :

Чын эле ичиндеги баласы Нурландан болду бекен? Түрмөдө жатып бул келин менен кайдан байланышып жүрөт. Бул жагы бүдөмүк ойду айтып турбайбы деди. Каным калп күлүп :

-Аны сиз экөөбүз кайдан билебиз. Эң негизгиси, үйгө келген булону кодулабаганыбыз оң. Кыз бойдон келген келиндерди деле көрүп атпайбызбы. Эң негизгиси экөө кол кармашып кетсе болгону. Батма сөзгө кошулду. Ошону айтсаң, түрмө көрүп калган Нурландын келечеги кандай болот, аны ким билет? Эки бакыр, бир тукур болуп жашап кетишсе болду деп сөзүнө чекит койду. Ошентип сапар карып, үйлөнүү той дагы өтүп, Нурлан менен Тахмина шаарды көздөй бет алышты. Экөөнү Батма эне узатып чыгып, акыл сөзүн айтып узатты. Шаарга келгенде Тахмина менен Нурлан алдын ала төлөп койгон батирге келип тушушту. Бул экөө эң биринчи өз алдынча жашоого кадам шилтеген күн болду. Өзгөчө Нурлан дын кубанычында чек жок эле. Анткени абакта жатып, ушул күндорду күтүп кыялданбады беле. Тахмина Бактиярдын бутунун кесилгенин жазган катын алып окуган соң билди. Аялдык боорукерлиги менен аяды. Бирок андан башка эч нерсе жасай алган жок. Турмушка чыкканы жөнүндө гана үстүртөн кат жазды да, андан боюна бүтүп калганы тууралуу билгизбестен сөзүнүн аягында :

Эми мени унут, менин башым баштагыдай бош эмес деп жазып, катты алып келген кыздан берип жиберди. Алгач Бактиярдан катты алганда уулуу жыланды кармап алгансып ичиркенип алган эле. Анткени жаңы эле Нурланлардын үйүнө барып, бетин ачып келген. Анда дагы шакылдап сөз жебеген келиндердин өзү жөнүндө айткан сөздөрүн кулагы чалбай койгон жок. Баарыдан да кайын энеси Батанын жумуш кылдырбай, ичиңдеги баланы ая деген сөзү ушундай бир катуу тийип, ошондо дагы Бактиярга карата жаман ойду ойлоп койгон эле :

Баарыңа сен күнөөлүүсун, Бактияр деп. Анан эмне кылат?Ак көшөгөнү ак аттаса болот эле го. Алакандай жерин коргоп ала албаганына окуно кайын журтуна барып катуу сынып келгени кандай ойду тартуулайт. Бактиярдын катын окубай нечен жолу тытып салгысы келди. Бирок өзүн сабырдуу тутуп, болгон күчүн жыйып катты окуп чыгып, кайра аны аяп кетип, жооп жазып көңүлүн которойун деген ойго барды. Бирок барып жолуга албасын басым менен жазып, мени унут деп кайра кайра эскертти. Бул учурда Бактияр чыдамсыздык менен Тахминадан жооп күтүп, өзүнчө толкунданып отурду. Андан дагы акыркы убакта туш көрсө түшүнгөн, ойгонсо оюнан кетпеген Тахминанын сүрөтүн чонтогуно салып алганы адатка айланган. Бул дагы кандайдыр бир денгээлде сүйүүнүн күчүнүн деми эле. Ою оңго, санаасы санга бөлүнгөн Бактияр буга чейин мынчалык бушайман ойго калбаса керек. Өзгөчө атасы Жогорку Кеңешке депутат болгону чамгарактап көөп кеткенин төрт дубалды теше тиктеп отуруп эстеди. Атасынын арам жол менен акча таап, жасалма жол менен чоң кызматка көтөрүлгөнүн Бактияр беш колундай билет. Андан дагы атасынын жасалма мамиле жасаганды оздоштургонун башынан эле бирлери бышык. Анткени анын кабагы үйгө киргенде туноруп, сыртта көңүлү ачык жүргөнүн бала кезинен эле билген Бактияр атасын болгон жаман сапаты жана тапкан арам акчасынын куну өзүнүн бутунан ажыраганы экенин эми гана калыс ойлоп отуруп сезди. Көрсө ар нерсенин аягы жана жооп берчү убагы болорун ден соолугунан ажыраган соң билип отурат. Эгер атасы машина сатып бербегенде, күнүгө керегиңе жарат деп арам жол менен тапкан акчасын бербегенде анда Бактияр бул абалга туш келбейт эле. Жаш кезинен ойноп кулчу убагында бир бутунан ажыраганы Бактияр үчүн өтө эле

чоң жоготуу болду. Ушул ажыраган бутунан аскерде жүрүп ажыраса анда сөз башка эле. Баары дан дагы тукумсуз калганы катуу сокку болбодубу. Көңүлү алып учуп Тахминадан жооп күткөн Бактияр, не деген гана таттуу кыялга жетеленип, үмүтү бир гана жан дүйнөсүнө тынчтык бербеген, бүт дитин ээлеп алган сүйүү сезиминин ээси Тахминада болду. Тахмина менен жаңы таанышканы аны менен Рахат кафесине барганы. Андагы Тахминанын тунук күлкүсү, ачык айрым мүнөзү, ичинде тырмактын агындай кири жок жасаган мамилеси көз алдына тартылып, анын өзүнө жасаган Аруу мамилесин, өзүнүн айбандык сезим менен мамиле жасаганын эстеп көңүлү кирдей түштү. Эми болгону бир гана багытта жакшы үмүт менен жакшы жооп алсам деген ойдо адатынча терезеге жакын келип сыртты карады. Ушул убакты сырттан дабыш чыгып өзү өтүнүп кат берип жиберген кызды көргөндө, анын көздөрүнө көзүн кадап, кандайдыр бир жылуулукту издеди. Бермет эч сыр бербей :

, Мени күтүп отурасызбы? Кичине кечигип калдым деди колуна кармаган бир буктом ак кагазды Бактиярга сунуп жатып. Мен кете берсем болобу? Азыраак иштерим бар эле деп өзүн Бактиярдан оолак тутту. Бактияр кунарсыз көздөрүн Берметке кадап:

Кухняга кирип чай ичсен боло. Курсагың ачкандыр деди. Бермет бул жолу Бактиярды аяп кетти. Жалгыз кечке үйдө отурат. Азыраак болсо дагы эрмек болоюнчу деп. Сиз чай ичесизби,эгер чай ичсениз, сизге чай берип деле коюп кетейин деди. Бактияр дубалда илинип турган мюсааты карап :

-Мейли, чай койсоң койчу, чогуу отуруп чай ичели. Кечке отуруп тажап да кеттим. Эген уй жкр там болгондо эптеп сыртка чыгып алаксыйт элем. Бермет башын ийкеп мен азыр деп чай койгону кухняга бет алганда, Бактияр колундагы ак Барактын ачып, шурудай тизилген тамгалар жүгүртүп Тахминанын жазган катын окуп чыкты да, дароо каьагын түйүп өзүнчө ойго батты, чоң бакыттан каласын.

 

 

Уландысы бар…

Досторуңуз менен бөлүшүңүз..........

КЫРГЫЗЧА САЙТ ⚜️