Зектин махабаты 16 бөлүм.

https://kyrgyzcha.site/?p=37076&preview=true Кызыктуу окуялар.

? ЗЕКТИН МАХАБАТЫ

 

16-Болум

 

Нурлан абактан чыкканына бир апта болгондо тактай саткан базарга ишке орношту тааныштары аркылуу. Алгачкы күндөрү иштин жүрүшүнө баам салып, иштин алдыга жылышын көздөдү. Бул убакта Нурлан эжесинин үйүнө болгону бир гана жолу барды. Барганда дагы мойнунан байлаган иттей, айласы жок барууга туура келди. Эжесинин муздак мамилесинен улам экинчи ал жакка кадам шилтебес болгон. Иштери алдыга жылганын, бардар жашап жатканын үйгө кирип эле байкаган. Жездеси саламды жакшы кабыл алганы менен жанына отурбай, ички үйгө кирип кеткен. Үйгө кирип кеткен бойдон кайра чыккан жок. Өзүнүн басынткысы келбеген Нурлан болгону бир чыны чай ичип, кайра ишине тарткан. Эжесинин:

«Кайда жашап атасың» деген суроосуна кыска гана «Квартирада» деп койгон. Түшкө чейин жакын жүрүп, түштөн кийин көп иш журбогонункелген күнү эле байкаган. Бирок бул иште тил менен гана иштеш керек экенин Нурлан бара — бара түшүндү. Саат учко чейин иште болуп, үчтөн кийин сөзсүз Тахминага келет. Бул адатка айланды. Эки жолу жакшы моментти колдон чыгарды. Эгер беш жүз доллар болгондо көп суммадагы акчага ээ болмок. Ортодон ортомчулар пайда көрүп кетти. Бирок жоктон көрө жогору. Бир күнү Нурлан тан эрте базарга келатып, чоң бактын түбүндө жаткан кошелекко көзү чалды. Эки жакка көз жугуртсо, эч ким жок. Бирөөнүкү түшүп калса керек деп аны колуна алып, ичин караса 150доллар жана 5000мин сом бар экен. Ошондо Нурландын суцунучундо чек жок эле. Бул табылга Нурлан үчүн чоң ачылыш болду. Эгер кудай буйуруп койсо бат эле берчүсун берип коёт эмеспи. Көңүлү ачык базарга келсе эки машина тактай келип калыптыр. Алар шашылып аткан соң арзан баада беребиз дегенде Нурлан таап алган акчаны дароо пайдаланып, тактай сатып алды да арадан эки саат өтпөй кайра сатып жети миң сом пайда тапты. Ошентип бир айга чукул иштеген соң, Тахминага уйлончу кез келип жетти. Анткени убакыт өткөн сайын Тахминанын ичи борсойуп билине баштаган эле. Баарын Тахмина экөө кеңешип, ишемби күндү белгилешти уйлончу күндү. Нурлан почтага барып айылына телеграмма жиберди үйлөнүп барам деп. Нурлан бул убакта ишине камчы салдырбай алып кеткенге улгкргон. Күндө чонтогуно акча түшкөн Нурлан акчасын Тахминага каттырып, өзү ылайыктуу квартира издеп атты. Бул арада Тахмина менен Нурлан эрди катып болуп жашап аткан. Эртең мененки наардан кийин Султан менен Батма шаарга барып уулуна жолугуп келүү үчүн, жаңы гана үйдөн чыгышканда, почточу аял энтиге басып экөөнүн алдын төрөй чыгып салам берди :

-Саламатсыздарбы? Таң атпай кайда бет алдыңар? Почточу Бурулдун берген саламын кабыл алган Батма:

-Жакшы. Тиги шаарга баратабыз «Баланын баары да балээ, жогу да балээ» экен. Баягы Нурланга барып абалын сурап коелу деп жолго чыктык. «Ичтен чыккан ийри жылан» демекчи, бала үчүн ата — эне тутпойт тура. «Аял алып келем» деп кетип мушташып түрмөгө кайра түшкөнүн уккандырсың. Акыркы убакта абышка экөөбүздүн тушубуздон кетпей койду. Ооруп калбаса экен деп, бир топ сөздүн башын сүйлөп жиберди. Дем албай сүйлөгөн Батманы күйөөсү Султан сөз менен зекип, тыйган болду:

-Болдучу эми, ийне жибине чейин айтып, отчёт бересиң да. Кыска эле айтып койбойт белең. Наалып сөзүн улаган Батма күйөөсүнүн сөзүнө маани бербей :

-Анан эмне кылам. Элдин аны менен тең балдары аял алып, той берип, энелеринин колун узартып, небере жытын жыттатып, жашоонун ыракатын коргозуп жатышат. Ал эми биздин баланын башы абактан бошобой, экөөбүздүн карыганда кыйнап бүттү. Султан жактырбаган тур менен көзүн андан тартып алганда, Батма ашыкча сөз сүйлөп жибергенин билип, унчукпай калганда, сөз кезеги эми мага келди дегенсип, почточу Бурул :

-Эмесе суйунчу, эми силер кайра изиңерге тартыла. Буюрса суйунчуну кабелтен бересиң ер го? Ишемби күнү уулуңар колукту алып келет экен, даярдана бергиле деп, колундагы телеграмманы Султан аксакалга сунду. Мындай кабарды уккан экөө элейип эле туруп калышты да бири-бирин карап. Алгач Батма сөзгө келип :

-Ыя, абышка, Нурлан качан бошонду эле абактан. Басып барып абалын сурап койбогонубуз аз келгенсип, эми ал кандай келин алып келет болду экен?. Чогуу жаткан кызды алып келип, бизди курутпагай эле. Батма сөзүнүн аягына чыкпай калды. Султан Бурулга карап:

-Болсун болсун. Сенин суйунчуңду кантип бербей калайын деп чонтокунон жүз сом сууруп чыгып берди. Ырахмат сага, Бурул, жакшы кабарыңа. Калганын тойдон сүйлөшөбүз. Андан соң кемпирине кайрылды:

-Бас, кемпир. Жакшылыкты токтоткон болбойт. Тойдун камын көрөлү. Эртең күнгө жума, бурсугуну ишемби. Убакыт бат эле өтөт. Аны коюп сен шаардагы кызың менен байланыш. Ал эмне дейт?Аны менен дагы кеңеш. Калган сөздү үйгө барып суйлошолу, деп Султан алдыга басты. Жүзүндө кубанычтын белгиси пайда болгон Батма ашыкча сөз сүйлөп алганына өкүнүп, өзүн өзү жемелеп да алды. Ушул кабарды ушул жакшылыкты канча күтүштү абышкасы экөө. Которгон которумчулорун оозгу үйгө алып киришкенде чепкенин чечкен Султан кобурана ички үйгө кирип:

-Ыя, кемпир, эми эмне кылабыз? Жок дегенде көшөгө даярдап койдуң беле. Кайсы жердин кызы болду экен? Алыстан албаса болгону. Карыганда алыс жолго алып барып темселетпесе болду. Абышка-кемпир ары кетип, бери кетип той камын көрүшүп, өздөрүнчө даярданып атышып күмөн дагы санашты. Батма телеграфка барып шаар менен сүйлөшө албай келди. Ошол бойдон эч дайын болбогон соң, эки күн ичинде эмне деген гана ойду ойлошподу. Өзгөчө Султан аксакал бир жерге отура албай өзүнчө азап тартты. Калыңга алып бара турган акчанын суммасы да аз. Той кандай өтөт, кимдерди чакырам тойго. Короодогу кашка атты сатам да. Эгер ишемби күнү келин келсе, жекшемби күнү атты базарга алып барып сатсам пул болот да деген ойго жетеленген Султан бир жерде отура албаганы менен көңүлү ток болду. Ал эми Батма эне бечара камыр жууруп, бозо ачытып, өзүнчө эле куйполоктоп, ак жоолук салынган улбурогон келиндин кызмат кылып жүргөнүн элестете кыялдануу менен убакытты өткөрдү. Ошентип күткөн убакыт келгенде, бетишерлик даярданган абышка — кемпир жаңы эле «аср» намазынын убагында чайга отурушканда бейтаныш бала энтендеп чуркап келип «Суцунчу келин келди!» деп босогону аттап туруп калды. Шашылыш кабар уккан экөө эмне деп айтышаарын билбей делдейип туруп калышты. Алгач Батма :

-Болсун, болсун! дегенде, Султан ордунан туруп :

-Суйунчуно бир козу ал деди. Кемпир, эмне талпайып отурасын, дарбазаны ач, кошуналарга Кабар айтты, тойду баштайлы. Ошондо гана Батма :

Балакетинди алайыным чын эле колукту алып келдинби. Ушул убакка чейин эч кимге айтпай сырыбызды ичибизге катпадык беле деп кобурана ордунан туруп суйунчуоогон баланын бетинен өөп, алдыга кадам таштап, абышкасы экөө калдастап жыгачтан жасалган дарбазаны кенен ачты. Аңгыча эки жеңил машина сигнал беришип ээрчише эшиктин алдына келип токтогондо, Султан менен Батма туш көрүп аткансып, каккан казыктай эле туруп калышты. Анан эмне кылышат? Түрмөдө жатат деген баласы иномарка машина менен чондун балдарындай шаан-шокоттоно лента байлап, колукту алып келип атса, кантип тан калышпайт.Ойлош-

кон жөн эле бир машина менен алып келет деп. Мындайды күтпөгөндуктон, эмне кылышты дагы билбей туруп калган жондору бар болчу. Аңгыча эле кара костюм-шым, галстук тагынган Нурлан алдыңкы машинадан түшүп келип салам бергенде гана Султан кучагын жайып:»Уулум!» деп бир гана ооз сөз айтып, Нурланды кучактап көзүнө жаш алды. Нурлан атасынын эмнеге ыйлап, көзүнө жаш алганына түшүнүп, өзү дагы эрэркеп кетти. Бул суйунучтон эле да. Аңгыча Батма келип, Нурланды кучактап ыйлаган га өттү. Машинадан түшкөн Нурландын курбулары бул көрүнүшкө ыраазы боло карап турушканда, Султан :

-Кемпир, келинди үйгө киргизбейсиңби деди. Султанга кирген кошуналар бир ооздон келин кут болсун! деп айтышып, Нурлан менен учураш канга өтүштү. Тахмина уялыңкы машинадан сыртка чыкканда, Батма бетинен өөп өмүрлүү бол деп алкап, ичинен суйунду. Анткени өзүнө тааныш Тахминаны көргөндө, кооптонгон ою каяккадыр суңуп жок болуп, Нурланга ыраазы болду. Анткени Тахминаны эмес, такыр башка кызды күткөн эле. Себеби түрмөнүн даамын татып калган балага кандай кыз тиет деп көңүлүнө көлөкө түшүп турган буга чейин. Кошунасы Асипа:

-Ыя, жене, эмне жашырдыңар? Эртерээк айтсаңар, биз деле жардам берет элек да деп кобураша колтугуна кыса келген жоолукту Тахминага салып :

-Бар бол, тийгенин менен тең кары деп алкап сыртка чыкты. Көшөгөнүн ичинде өзүн күткөн ак жоолукту салынып отурган Тахмина өзүнчө өкүнүп калды. Ушул үйдүн босогосун ак аттасам эмне, убалым Бактияр сага жетсин деп өткөндү эстеп алды. Султан уулу Нурланга ичи жылып, ыраазы болгону менен көзүнө тике карай албай бушуркоп турду. Анткенинин жөнү бар. Анткени абакка экинчи жолу түшкөнүндо бара албай калдым деп, өзүнчө тартынып атканын Нурлан алгач жолукканда эле билген. Ошондо ичинен аяп кеткен эле. Бирок өткөндү эстебегенге аракет кылган Нурлан келген кишилер менен учурашып, өзүн алаксытканга өттү. Баарына текши көз жүгүрткөн Нурлан өзгөчө апасын аяды.Бир убакта атасы Султан Нурланды өзүнө чакырып:

-Балам, мени кечирип кой. Карыганда адам үйдөн чыккысы да келбей калат экен. Мурдагы күнү эртең менен энең экөөбүз даярданып алып сага баралы деп жолго чыксак, почточу келип сенин телеграммаңды алып келип сүйүнтподубу. Тойго деле даярдык жок эле. Эртең эртең менен ачуу басарга барып келели, сенин оюң кандай? деди. Нурлан өзүн токтоо кармап:

-Ата, менде бир аз акча бар эле. Керегиңизге жаратыңыз, деп Нурлан он миң сом акча бергенде, Султан эмне деп соз айтышты билбей туруп калды. Анан эмне кылат? Түрмөдө деген баласы калыңын камлаганы аз келгенсип, болгон тойдун чыгымын көтөргөну эмне деген сөздү ичине камтыйт. Султан түрмөдө жатып мынча акчаны кайдан тапты деп уулунан күмөн санап дагы турду. Ичинен сыр бербеген менен Нурландан сөз кутту. Аңгыча бакылдап сүйлөгөн Калысбек кошунасы сырттан кирип :

-Султан байке, келин кут болсун. Мына чыныгы уул деген ушинтип аял алып, ата энени суйунтот. Нурлан менен учурашты. Куш бооң бек болсун. Ии, качан бошондуң эле абактан? Биз сени абакта деп ойлодук эле да. Султан байкем менен жеңем сага учурашып келебиз деп даярданып атышкан. Анан эле сени аял алып келди деп угуп калдым. Нурлан берилген суроого:

-Бир айдан ашты. Мунапыска илинип бошондум.Азыр базарда иштеп жатам, буюрса иш жакшы. Бул сөздү укканда Султан башын ийкеп, ичиндеги кооптонгон ойдон бошонуп:

-Ыя, балам, бир ай мурун бошонсон анан өзүн айтып койбойт белең бизге, бошондум деп. Бир айда энең экөөбүз канча оцлодук сени. Сөздү Калысбек бөлүп кетти. Ээ Султан байке, силерге айтканда эмне. Мына кудай деген бар, бардыгын калыстап коёт. Нурлан ак жеринен камалганын турмуш калыстап турат. Бир айда ким мындай жетишкенликке жетишет. Коросуз эми сиз урмат сыйдын гана үстүндө журосуз. Ак жеринен жаман абакка туштубу, эми ошончо чеккен азабынын аягы жакшы болот. Айтты, койду дебе, уулуңуз сиздин атыңызды чыгарбаса дагы жеңем экөөңөрдү алаканына салып багат. Силер мунун азабын кандай тартсаңар, эми сыйын гана көрөсүңөр. Менин жүрөгүм сезген Нурлан ак жеринен кесилгенин. Керек болсо жылдап шаарда жүргөн балдар Нурлан сыяктуу аял алып келбейт. Султан сөз кезеги келгенде :

-Ырахмат, Калыбек. Ылайым сен айткандай болсун. Ушул уулумду эмне кылып гана бакпадым. Бүгүн мен уулума абдан ыраазымын, ушул тойду Батма экөөбүз канча куттук, деп, кубанычын жашыра алган жок. Ошол күнү мал союлуп, эки жашка нике кыйылып, жол ачылды. Ак шейшептуу калың салынган жуурканга Нурлан менен Тахмина эзилишие өбүшүп, өздөрүн эркин сещишип бири бирине өздөрүн арнашты. Ушул түнү ак нике менен кошулган эки жаш эми даана сүйүүнүн теренине баа беришип, бири бирине жеткендерине ынаанышты. Бирок экөөнүн жүрөктөрүн өйүгөн маселе болду. Нурландын кесилип келгени, ал эм. Тахминанын боюнда болуп келгени ээрибеген мөңгү мууздай көкүрөкторун ээлеп, конулжоруно көлөкө түшүп турду.

Эртең менен таң согулуп баратканда Султан багымдат намазын окуган төшөктөн туруп, даарат алганы сыртка чыгып, өзүнчө дуба кылып тамды айлана басты. Тээ бала кезинен берки адаты, эртең менен эрте турган. Түнкү саат үчтө уктаса дагы эртен менен эрте турган. Түнү саат үчтө уктаса дагы, эртең менен эрте ойгонот. Багымдат намазын окуп болгондо, кемпир и Батма жылуу төшөктөн туруп, бетин жуумуш болуп, чоң самоорго суу коюп, от тамызып аткан убакта Тахминанын ичке жагымдуу апа деген үнүн укту.

Апа, келиниз мен тамызайын. Бул сөздү укканда Батманын эт жүрөгү элжиреп, канчадан бери күткөн келиндуу болсом экен деп кыялданган кыялына эми даана жеткенине ынанып, өзүнчө жалынып суйлоп жиберди.

Балакетинди алайын, мен өзүм эле, бүгүн о дагы көшөгөдо отура тур, балам. Өзүм эле жасайм — деп айтып Тахминаны караганда, ичине көзү урунду. Ошондо Батма энени бирөө балта менен башка чапкандай абалда калды. Бирок сыр бербкгенге аракет кылды. Барагой мен өзүм эле…

Бул жолу Тахмина Батма анын боюнда бар экенин байкап калганын билген жок. Ак жоолугун алдына салынган калыбында ичкери кирип кетти. Батма самоорду тамызып алып, көңүлү кирдей түштү.

 

 

Уландысы бар…

Досторуңуз менен бөлүшүңүз..........

КЫРГЫЗЧА САЙТ ⚜️