Зектин махабаты 14 бөлүм.

https://kyrgyzcha.site/?p=37076&preview=true Кызыктуу окуялар.

? ЗЕКТИН МАХАБАТЫ

 

14-Болум

 

 

 

Кемелбектин акыркы айткан сөзү Нурландын жүрөгүн тилип кетти. Ошол судимый деген сөз адамды канча басынтат. Дароо Нурлан абактан бошонуп, Тахминага үйлөнгөнгө алгач кайын журту : – Күйөө бала кесилип, түрмө көрүп калган бала экен — деп айтаарын эстегенде, бүткөн бою калчылдап, Султанбек айткандай өзүн Султанбектин ордуна коюп жогорку окуу жайларды окуган Тахминага өзүн ыраа көрбөй, ал эмнеге качып келбей жүргөнүнө терең түшүндү. Бирок, сүйүү эч нерсеге карабайт. Акыры Тахмина келбедиби. Келмек турсун :Мен сендикмин, сени гана сүйөм — деп айтпадыбы. Эгер мен Тахмина келе электе ушул сөздөрдү уксам, анда эмне болмок элем, аны күтүп куса болуп жүргөндө — деп аз убакыт ичинде көп нерсени ойлогонго жетишти. Бир чети Кемелбек абдан туура соз айтты. Баарына текши ой жүгүрткөн Нурлан эбин таап, бул жактан кутулуп чыгуунун жолун изденүүнү алдыга план кылып койду.

Тахмина Нагиманын жанынан узап кеткени менен ою Нагимада болду. Анын өзүнө жасаган мамилеси, сыйы, үйүнө барганда маңдайы жарыла сүйүнгөну Тахминанын көз алдына тартылып, туура эмес кылып койдум дегенсип,акыры Нагимага карата жасаган мамилеси үчүн өзүн куноолоп алды. Анда эмне күнөө? Таарынсам, баласына таарындым, Нагима эженин бекер шагын сындырдым кечирим сурап коёюн деген ойдо артын карады. Бирок Бактиярдын жосунсуз жогуру жүрөгүнүн түпкүрүндө мөңгү муздай ээрибеген абалда калганы, кайра артка бурулууга, Нагимадан кечирим суроого бөгөт болду. Куратордун бөлмөсүнө кантип кирип келгенин билбей калды. Качан куратор:

— Ии, Тахмина, кел эмне болду? — дегенде гана оюн бир жерге топтоп, келген иши жөнүндө айтып, сыртка чыгып эки курбусуна жолукту. Ириде чогу келаткан көңүлү суз, Тахминаны көргөндө, эки курбусу жарыша :

— Тахмина сага эмне болду? Өңүн жаман болуп турат. Алиги аял катуу сөз айттыбы? — деген кат-кат суроолорду берди. Бой мүчөсү келишкен, бакыран көз, орто бойлуу, арыкчырай, акжумалынан келген Тахмина өзүнө жарашыктуу көйнөгүнүн жакасын ондогон болуп :

— Эч нерсе болгон жок. Ал аял — жакшы аял. Баласы кырсыктаптыр, билесиңерби, баягы ауди машинасы бар Бактияр деген баланы.

Эки кыздын бири :

— Ооба, өткөндө таанышпадыңар беле…

— Ошол бала машинасы менен баратып авария болуптур. Мен аны уккан эмесмин. Апасы келип айтты. Эмне кылаарымды дагы билбейм… — деп сөзүнүн аягына чыкпай Тахмина сурмалуу көздөрүн эки курбусуна кадады. Бул көз караштан эки курбусу Тахминанын эки анжы өйдө калганын жаземдебей билиши дагы, экөө бир ооздон :

Анда ооруканага барып ал баланын акыбалын сураш керек.

Тахмина жактырбай түр көргөзүп :

— Мен кантип барат элем эгер экөөбүздун ортобуздагы мамиле бузулса. Андан көрө достук милдетинерди аткарып, менин атымдан экөөңөр барып койгулачы. Чынын айтсам, аны көрөйүн деген көзүм жок. Бирок апасынын чайын ичип, үйүнөн даам сызып калдым эле. Бул айтылган сөздөрдүн тупкурун эки курбу кызы айтырбай эле түшүнуштү. Баштарын ийкеген экөө Тахминанын сунушун макул болуп :

Тахмина, сен абдан туура кыласың, сен барбасаң дагы, сенин атындан биз барып койгонубуз оң. Ошондо ал бала сенин кандай экениңди түшүнөт. Анткени адам баласынын башына кыйынчылык келмейин, бири-биринин баркын билбейт.

Тахмина улутулуп :

— Андан күнөө кетсе дагы, менден кетпесин. Эртең барып акыбалын сурап койгула. Менден салам айтып мени сураса ал келбейт деп бир ооз сөз айтыла. Ашыкча сөз козгобосонор. Сөз ушуну менен уланбай үч курбу өз жолдору менен кетишти.

Эртеси сүйлөшүлгөн сөз боюнча Айзат менен Бурма сабактан соң Мамакеев атындагы ооруканага келишти. Тахмина аялдамада күтүп турмай болду. Анан эмне кылат, чынында эле Бактиярдан көңүлү ушунчалык калды эле. Бир жолу апасын жана анын бир кездеги сыйы үчүн гана ушул жолго барды. Бурма менен Айзат Бактияр жаткан палатаны издеп таап келгенде, Бактиярдын жанында апасы бар эле. Эки кызды көргөн Бактияр дароо Тахмина жибергенин билип, эмнеге өзү келген жок деп ойлоп, эки кыздын берген саламын алик алып, кара күчкө алып жылмайып койду. Бактияр кырсыкка учураган адам баркын билди.

Акчага көөп жүргөн убагында, Бурма менен Айзаттай сыяктуу кыздарды экинчи сорттогу адамдардай карап учурашмак түгүл, кемсинте карачу. Анын баарын Бактияр эми гана билип, чоң катачылык кетиргенин билди. Баарынан дагы кырсыктаганы өзү кемсинткен, колунда жок теңтуштары көбүрөөк келип абалын сураганда билди, кимдин ким экенин. Бурма менен Айзаттын келиши Бактиярды катуу окундурду. Экөөнүн келгени менен Тахминанын кандай деңгээлдеги кыз экенине көзү жетип, бармагын тиштеп ичинен катуу окунду. Андан дагы апасы Нагима жаңы эле Тахмина жөнүндө сурап аткан эле.

Билинбей өткөн убакыт өз нугунан бир топ күндү багындырды. Нурлан алтынга тете убакытын абакта өткөрүп айтканынан өкүнө көңүлү кирдей өзүнүн кроватына келип жатты. Эки күн илгери Тахмина келип жолугуп, аз да болсо аны узатаарда ичи эңшерилип, кетиргиси келбей араң узатты. Шыпты тиктеп жаткан Нурлан Тахминанын өзүнө карата жасаган мамилесин эстеди. Бир гана жакшылыктан, бакыттан үмүт кылганына Тахмина өбөлгө. Баарынан үмүт үзүп, өзүн бул жашоодон ашыкча сезген Нурланды Тахмина гана кармап тургандай. Нурлан акырындык менен тамеки чеккенди таштап, спорт менен машыккангабы, тулку бою өзгөрүүлө түштү. Бирок туугандары, тааныштары абалын сурап бир да жолу басып келген жок. Ага деле капа болбоду. Эптеп ушу аты жаман абактан бошонсо эле баары ордуна келчудой сезилди. Өткөндө надзирателге жолугуп сүйлөшсо, 2000доллар АКШ акчасын сураган. Андан бери бир убакыт өттү.

Ал сураган акчаны кандай тапмак эле. Эгер андай суммадагы акча болгондо, бул жакка келбей эле акчанын күчү менен кутулмак. Көңүлү кирдеген Нурлан надзирателге жини келсе дагы өзүн токтоо кармап:

— Кызык экенсиз. Эгер менде андай суммадагы акча болсо ушул жерде жүрбөй, менттерди эчак сатып алат элем го — деп артын карабай басып кетип калган. Өткөндү эстеп жатканда сырттан Кемелбек кирип келип, жакшы кабар алчудай түр коргозугп, көзүн болор — болбос жүлжүйтүп сынагандай көз карашта карап.

— Нурлан сүйүнүчүңдү камда деди.

Нурлан жаткан ордунан туруп жыйнаган көзүн ирмеп :

— Байке, эмне сүйүнчү? Берейин — деп шашкалактап жиберди.Кемелбек эч шашылбай маалкаткандай тур коргозуп, Нурланга жакын басып келип :

— Нурлан, сен бактылуусуң. Буюрса өсчү баласың. Сенин мага берген сүйүнчүң ушу болсун. Мени эстеп анда санда учурашып турсаң болду. Сен мунапыска илиниптирсиң. Кийинки аптада воляга чыгасың деди. Нурлан уккан кулагына ишенбей, Кемелбекти жалдырап эле карап туруп калды. Дароо көз алдына Тахмина тартылып, өзүн Кемелбек айткандай бактылуу сезип кетти. Нурландын суйунчундо чек жок эле. Кемелбек анын сүйүнчүн көзүнөн билди. Качан гана Кемелбек :

«Нурлан сага эмне болду?» дегенде гана эсин жыйып, Кемелбекти кучактап :

-Ырахмат жакшы кабарыңызга. Мен сизди кантип унутайын. Сиз кайдан билдиңиз менин мунапыска илингенимди?

Кемелбек токтоо мүнөзүнөнн жазбай :

-Алмаз айтты. Надзиратель менен жакшы мамиледе эмеспи. Бул жөнүндө эч кимге айтпа. Мен бакан ооз болуп калайын. Нурлан шашкан түр көргөзүп :

-Ооба, эч кимге деле айтпайм.Бирок мени сүйүнүп койдуңуз. Кемелбек Нурланды далыга чаап :

-Жаман кабар айткандан көрө жакшы кабар айтып сүйүнткөндү ким жаман көрсүн. Воляда менин эч кимим жок. Андыктан сен воляга чыкканда мени эстеп, менден кабар алып, көңүлүмдү көтөрүп турсаң болду. Эгер көзүм өтүп кеткен болсо, мага куран түшүрүп, эстей жүр. Сен менин бир тууган инимдей эле болуп калдың. Калган сөздү өзүң түшүнүп аткан чыгарсың. Бир катынга эрегишем деп, өзүмдүн адамдык баркымды кетирип алганыма өкүнөм. Апам мени төрөөр жылы кысыр калса болмок экен. Мени багып чоңойткону аз келгенсип, азабымды канча тартты. А мен болсо атанын баласы деген атка татыктуу боло албай, минтип темир тордун артында жакшылыктан үмүт үзүп, тамекиге өпкөмдү ыштап, жөтөлүп коюп жүрөм. Кыскасы, Нурлан сөзүмдүн тереңине түшүнгөн чыгаарсың. Нурлан башын ийкеп тим болду. Сыртынан сыр бербегени менен ичинен тутоп турду.

Бир чети Кемелбек туура сөз айтты. Ошол күндөн туура эки апта өткөндө, Нурлан Кемелбек айткан мунапыска илинип, эркиндиктин албасын жутуп, абактын эшигин аттап чыгып, артына кылчайып карабай күн чыгышты көздөй басып баратып, эми кайда барам? деген ой жүрөгүн тилип кетти. Эжесинин үйүнө барса жээндери дагы эмне деген көңүл кирдеткен сөз айтат, ал табышмак. Адамдын көңүлү гүл сыяктуу эмеспи. Аны жээндери билмек беле. Бар, жокту билбей, жашоонун кыйынчылыгын сезбей өскөн жээндеринен баарын күтсөо болот. Жумушчу городокко чейин жөө келген Нурлан таттуу кыялга жетелене, тогузунчу тролейбуска отуруп, айтылуу Ош базарына келди. Бул убакта бешим намазыныз убагы эле. Кыжы-кужу элге аралашкан Нурлан түз эле хлебашы Казыбектин аманатын аткаруу үчүн Берекет базарында тери куртка саткан классташын издеп жөнөдү. Казыбек унутпай берип кой деп кат берген эле. Аманатты аткаруу ар бир адамдын эң негизги парзы эмеспи. Жаңы гана Берекет базарынын улагасын аттаган Нурлан дароо эле бою кичинекей он беш жаштардагы чөнтөкчү баланы байкады. Кымбат кийим кийген орто бойлуу аялды ээрчип, чөнтөгүнө кол сала албай жатканын байкаган Нурлан кадамын тездетип алиги аялга чукул келип, акырын эскертип өттү :

-Эже абайлаңыз акчаңызды алдырып жибересиз деп. Сулуучумак келген аял Нурланды жалт карап алып чөнтөгүнө колун салды да, акчасы чөнтөгүндө экенине көзү жеткенде айланасына көз жүгүртүү ким чонтокчу дегенсип. Нурлан тери куртка саткан Казыбектин досун издеп таап катты колуна карматып :

-Казыбек берди эле деди. Узун бойлуу, толук, бети балжыгыраак келген Болотбек Казыбектин атын укканда, өңүн өзгөртүп :

-Кандай жүрөт, барып учурашканга убакыт жок. Ушул базар деп жүрүп баарына жетишпей калам го деп, актангансып сүйлөдү. Нурланга анын актана сүйлөгөн сөзү кулагынын сыртынан кетти. Бир чети акчаны ойлогон базарчылар акчадан көз каткансып, баарынан акчаны бийик тутушат эмеспи. Казыбек оозунан түшүрбөй мактаган досу Болотбек анчалык деле жылуу кабыл албаганынан улам пейилинин бузулганын билди. Аңгыча эле алиги сулуучумак келген аял кымбат баалуу курткаларды караганы алаксып калганда жанында алиги чөнтөкчү бала пайда болуп ылайыгын келтире албай туруп калганын байкаган Нурлан жакын басып келди. Көз ирмем убакта эле чөнтөкчү бала ушундай бир ыкчамдык менен аялдын чөнтөгүнө колун салып, кошелекту алганын даана көргөн Нурлан чөнтөкчү баланы узатпай билектен алды. Алиги бала Нурландан корккондуктануктан кошелекту илинип турган курткалар жакка ыргытып жиберди. Ошондо Нурлан чөнтөкчүнүн ыргыткан кошелегуна алаксып калганда, бала колунан бошонуп качып кетти. Нурлан кошелекту колуна алып, алиги келинген жакын келип :

-Эже мен сизге эскертпедим беле, акчаңызга сак болуңуз деп дегенде, ал келин чөнтөгүнө колун салып эле «Акчам жок!» деп кыйкырып жиберди. Нурлан:

-Чуу салбаңыз, меңиз кошелегуңузду. Чөнтөкчүдөн мен алып койдум. Келин Нурланды бир башкача карап, бир нерсе айтчудай болуп оозун камдап баратканда, бери жактан окуяга күбө болгон жаш кыз оозунуп:

-Эже, бул байкеге ырахат айтсаңыз болот. Он беш жаштардагы бала жаңы эле сиздин чөнтөгүңүзгө кол салганда бул байке аны кармап калды деп, болуп өткөн окуяны айтып берди. Ошондо гана ал келиндин жүзүнө күлкү келип :

-Сага рахмат. Сен болбосоң эмне кылат элем азыр. Куртка албасам койдум, жүрчү мени менен деди. Нурлан Болотбекти карады. Болотбек катты окуп болуп калган эле.

 

 

Уландысы бар…

Досторуңуз менен бөлүшүңүз..........

КЫРГЫЗЧА САЙТ ⚜️