Зектин махабаты 13 бөлүм.

https://kyrgyzcha.site/?p=37076&preview=true Кызыктуу окуялар.

?ЗЕКТИН МАХАБАТЫ

 

13-Болум

 

 

 

Султанбек надзирателге жолугуп келгенде алгач болуп Бакыт:

-Султанбек байке, алиги айтып аткан сөзүңдү отосуно чыкпайсызбы?

Султанбек күлүп :

-Эмне деп айтып аттым эле? Сөз бөлүнгөндө адам сүйлөп аткандагы сөзүн жоготуп дагы коёт эмеспи. Айткандай, Султанбектиндагы ою алагыды болуп, сөзүнүн негизги маңызын эстей албай, суроо бергенге тура келген. Бакыт сөз укканга куштарлыгын билгизип :

-Алиги кара далы кыз менен таанышканыңыз жөнүндө кеп баштагансыз… Султанбек бир кезде болгон өмүрүндөгү жакшы окуяны эстегенде көңүлү көтөрүлүп :

-Ии, баса, ооба. Филармониянын аялдамасынан таанышкам деп айтып атпадым беле. Алиги надзиратель болбогон нерсе үчүн чакырып калбадыбы деп, сүйлөп аткан сөзүнүн учугун тапканга маанилүү сөз айтчудай:Ооба, мен үчүн ал күн эсте калган күндөрдүн бир күнү деп, башта айткан сөзүн кайталап, анан сөзүн улады :

-Көлдүк Толкун деген кыз. Билбейм, ана чейин деле кыздар менен таанышкам, бирок бири дагы Толкундай таасир бере алышкан эмес. Ошондо мен бир көрүп сүйүп калууга толук ишендим. Толкундун сурмалуу көздөрү, коңгуроодой назик үнү, бой келбети дароо менин конулумдун торунон орун алып, журогумду козгоду. Ишенесиңерби, ошондо мен Толкун үчүн мен баарына кайыл болгом.

Бирок тагдырдын тамашасы буйругу кайда гана жетелебейт. Мен ал күнү Толкунду үйүнө чейин узатып баргам.Сөзүбүз түгөнбөй, эки сааттан ашык эшигинин алдында сүйлөшүп турдук. Ошондо мага жашоо кандай кызык көрүндү. Экөөбүз ажырай албай бир топко туруп, анан эртеси күнгө жолугушчу жерди болжошуп айрылыштык. Султанбек сүйлөп атып образа кирип кетти. Жөн эле угуп отургандарды өзүнө буруп сүйлөгөндө сөз бөлгөн киши болгон жок. Ошол кезде баары Султанбектин гана оозун тиктеп,ашыкча кыймыл жасагандан жазганып турушту. Сөздү уккан жерге айт дегендей сөз угуп отургандардын мамилеси дагы Султанбекке шык берип аткансып, кез кез колу менен дагы жаңсап жиберип атты. Эртеси күндөгүдөн эрте турдум. Негизи эле уйкум катуу. Эртең менен саат он болмоюн төшөктөн тура алчу эмесмин. Ал күнү эрте туруп, чоң болуп иштеген досума бардым. Жумушунан кармап калайын деп, таң атканча кыйратып деле уктаган жокмун. Досум конторуна кирип баратканда алдынан чыгып, болгон ишти ачык айтып, ал турсун машинасын дагы эки саатка сурасам, таң калган досум :

-Мен дагы сени менен барайынбы, сенин жүрөгүңдү козгогон кандай кыз болду экен? Деле сага кыз жакчу эмес эле… деп кызыгуусу артып, мен сураган акчаны берди дагы «машина бошобойт, такси карма» деп дагы эки жүз сом берип жолума салды. Акча табылганы менен ал күнү убакыттын өтпөгөнү азап брлбодубу. Саат кечки төрттө ЦУМдун жанындагы саатын түбүнөн жолукмакпыз. Мен үйгө отура албай Толкунду көргөнгө, ага жолуугуга куштарлыгым артып белгиленген убактан бир саат эрте бардым, болжошкон жерге. Ошондо мен өзүмдү чыныгы эркектей сездим. Себеби кыз күтүү дагы бир эркекке тиешелүү касиеттин бири экенин билбедимби. Ага чейин бир дагы кыз менен жолугушуп кыз күткөн эмесмин. Чынында кыз күтүү дагы бир эркек жан үчүн бакыттын бири экенин ошондо байкадым. Өзүмдү бактылуу сезип, Толкунга жолуктурган тагдырыма ыраазы боло, кол саатымды бир, тиги чоң саатты бир карайм десең. Ал ансайын саатын жебеси ордунан жылбайт. Андан дагы өмүрү тааныбаган галстукту тагынып, одеколондон себинип, кара кастюм шымдын кырын чыгара утуктоп жөн эле депутаттардай кычырап алганым эле сүйүүнүн касиети экенин билсек болот. Көрсө сүйүү жакшыны жаман, жаман адамды жакшы кылып дагы койгон жагы бар экенин ошондо билдим. Эгер мен мурунку күнү Толкунга жолукпаганымда, ошол убакта кайдан 100грамм табам деп Ош базарда же Аламүдүн базарында журмокмун, кекиртектин камын ойлоп, ошондо мен Толкунду күтүп отуруп анан ойлодум. Эмнеге мен башта азыркыдай жакшы ойлорду ойлоп, таттуу кыялга баткан жокмун деп. Саатын жебеси жолугушчу убакка жакындаган сайын бир орунга тура албай, Толкунга эмне деген сөздөрду айтсам деп өзүмө эле сөз камдап даярдана баштадым, чоң окуу жайга киргенге экзамен тапшырганы аттангансып Нурлан Султанбектин ар бир айткан сөзүнө маани берип, анын башынан өткөн окуя, өзүңүз дагы башынан өткөнүн эстеп, Тахминаны көз алдына элестетти. Султанбектей болуп, Тахминаны күткөн күндү кантип унутсун. Султанбек чылым күйгүзүп, анан сөзүн улады. Негизи эле түрмө адамдарды чылымды атасынын очу бардай, биринин артынан бири чегет эмеспи андан калса. Чылым күйгүзүп, сөзүн улаганча шашма мүнөзү бар Нурбек :

-Анан байке, күткөн кызыңыз келдинби?

Султанбек күлүп :

-Ээ, иним, андагы окуя күлкү келерлик иш болгон. Көрсө эси бар кыздар атайын барктанып жарым саат, бир саат кечигип келет турбайбы. Аны мен кайдан билип коюптурмун, башымдан өтпосо. Болгон убактымды арак ичүү менен өткөрсөм. Сааттын жебеси төрткө беш мүнөт, калганда эле, отургучтан орун алганымды кантейин. Султанбек сөзүнүн ушул жерине келгенде отурган ордунан туруп, бир кезде өзү күткөн кызды кандай абалда күткөнүн кыймылы менен коргозду. Ары — бери басып, эмоцияга алдырып сүйлөп жаткан Султанбек ашыкча кыймыл жасаганын өзү байкаган жок. Сөз угуп отургандар Султанбектин ашыкча кыймылына мыйыктарынан кулушуп, тим болушту. Султанбек эч нерсени таназар албай, сөзүн улады. Саатын жебеси туура төрттү көргөзгөндө эки жакты элеңдей караганым күч алып Толкундун караанын элдердин арасынан издегенге оттум. Ошондо Рыспай Абдыкадыровдун «Издейм сени арасынан элдердин» деген ырын эстедим да дароо Рыспай дагы мендей болуп сүйүүнүн туткунуна кабылып, чыдамы кете суйгонун элдердин арасынан издеген турбайбы деген ойдо ойлогонго жетиштим. Ошол убакта менин талантым болгондо, сонун ырдын текстин, обону менен жаратат элем. Өмүрү ыр жазмак турсун, китеп бетин ачып, бир барак толук окуган жан эмесмин. Толкун кечиккенде төрт сап ыр жаратканга үлгүрдүм. Кемелбек Султанбектин сөзүн бөлүп :

-Султанбек, эгер мүмкүн болсо ошол сен жараткан төрт сап ырды окуп бербейсиңби. Балким кереги тийип калаар. Султанбек бул айтылган сөздү жактыра бербей :

-Азыр аны унутуп калдым. Арак менен тамеки акыл эсти алып, унутчаак кылып салбадыбы. Толкунду жарым саат куткон убакта төрт сап ыр жараттым. Эгер аны бир күн кечке күтсөм беш куплет ырды жаратып чыгармачылыкка кадам таштайт белем ким билет. Көрсө бир нерсени башталышына сөзсүз бир нерсе өбөлгө болот турбайбы. Төрт сап чыгарышыма Толкун өбөлгө болду. Ал эми түрмө жашоосуна арак түрткү болду. Ошентип элеңдеп эки жакты карап турганча отуз мүнөт убакыт өттү. Бул убакта мен Толкунду күтүп атып жинди болуп кете жаздадым. Көз алдыма Толкундун элеси тартылып аны алдабайт деп дагы он беш мүнөттөй куттум. Акыры жиним шакардай кайнап келген жагыма кетейин деп, Толкундун келишинен умутумду үзүп турган ордуман бери жылганда жаркылдай күлүп Толкун келатат. Ошондогу менин кубанганымды айтпа. Бир саатка күткөн азабымды унутуп Толкунду утурлай бастым. Экөөбүздүн ортобуздагы аралык жакындаган сайын менин бутум тушалып аттай албай калсам болобу. Ал эми Толкун эч нерсе болбой эле келатты. Ал эми мен болсо ага сыр алдырып койдум. Эх, сүйүүнүн күчү! Ошол убакта мага Толкун перинин кызындай гана көрүндү. Бул жолукканда сылык гана Толкунду аяп, ага болгон сүйүүмдү билгиздим да, эмне кечиктиң? — деп сурадым. Ошондо Толкун мага мындай деп айтпадыбы. «Кыз киши өз каадасын сактап жолугушууга бир саат кечигип келсе, ал күнөө эмес. Жигит үчүн бир саат кыз күтүү эч нерсе эмес. Кээ бир жеңил өздөрүнө пас кылып жүргөн кыздар жолугушууга эрте барып кыз адебин сакташпайт. Сиз менин кечиккениме туура түшүнгөндөрсүз дебедиби. Мен башымды ийкеп кутулдум. Башка эмне деп айта алат элем. Андай жерден баары баштан өтпөгөндүк маланиятсыздык кылат экемин. Толкун менин көзүмдү бир топ ачып койду. Мен адатымча эле кафеге киргенде көнгөн адаты менен аракка заказ бердим. Көрсө аракка берилген киши баары бир арак ичуунун жолун издейт экен. Ал жерден мен катуу уят болдум. Ошондо эмнеге ойлободум, жок дегенде Толкунга вино заказ берсем эмне болот. Тамак менен бирге заказ берген арак келгенде, Толкун :

Султанбек, мен сиз менен арак ичейин деп келген эмесмин. Аракты өзүңүз теңдүү досторуңуз менен ичиңиз, мага сухой вино болсо болот дебедиби. Ошондо күйбөгөн жерим күл болду. Бирок Толкун менин уяла түшкөн абалымды сезип, дароо сөздү башкага буруп кетти. Адамдын чөйрөсүнөн болот экен. Стакандаш өзүм сыяктуу аракка любителдер менен отурсам, анда такыр башка сөздөр сүйлөнмөк. ТОЛКУН экөөбүз турмуш, келечек, искусство жөнүндө сөздөрдү сүйлөшүп, көңүлүм бир топ көтөрүлдү. Ии, баса мен ал жерден арак ичкенде, Толкундан жазганып стаканды тендеп, өзүмдү колдон келишинче маданияттуу алып отурганга аракет жасадым. Эгер чөйрөдөгү адамдар болгондо, аракты кызганып толтура куюп шыкап ичмекмин. Ошентип үч сааттай кафеде отуруп, анан сыртка чыгып, экөөбүз Дзержинский бульварында ээрчише басып, бир топ жүрдүк. Аны бир атасыңбы, эки атасыңбы, акыры кайтып келбейт. Ошондон эки күн өткөндө таз кейпимди кийип, Ош базарында мас болуп жүрсөм, алдымдан Толкун чыгып, ушундай бир көз караш менен карады дейсиң, жердин катуулугунан гана калдым. Өзүмдү өзүм күнөөлөп, жер карап туруп бердим, эки алган окуучудай. Толкун болгон деңгээлиң ушулбу дегенсип жаман көзү менен карап жанымдан узап баратканда, кымбат буюмду жоготкондой абалда калдым. Эх, турмуш жок дегенде Толкунга үйлөнгөн го чейин эл көп жерге мас болуп барбай койсом эмне болот?

Сөз ушул жерге келгенде Кемелбек :

-Ээ, Султанбек, өткөнгө өкүнгөнгө эмне пайда. Сага ал кызды буйруган эмес. Дагы жакшы, сен өз убагында андан кол жуугансың. Эгер үйлөнүп, аны боозутуп, арак ичип алып ага кол көтөрүп, сүйүүңдүн баркын кетирип, мындан дагы жаман өкүнмөксүң. Себеби сенден төрөлгөн бала дагы сени кыйыр көз менен караса эмне болот элең. Баатырлык бул өзүн өзү башкара билүү. Сен өзүңду башкара албайсың, себеби өзүн айткандай арак эркиңди бийлеп кетет дагы, бактыңды колуңдан жулуп алат. Сен экөөбүз эми өспөй калдык го. Отузунда орок орбогон, кыркында кылыч чаба албайт деген сөз бар. Анын сыңары биздин убак өтүп кетти. Бул жаш балдар эми абактан бошосо биздин изди баспай, түз жүрүшсө өсөт. Бирок «судимый » деген балакет баары бир бүт тосот.

 

 

 

Уландысы бар…

Досторуңуз менен бөлүшүңүз..........

КЫРГЫЗЧА САЙТ ⚜️