Зектин махабаты 12 бөлүм.

https://kyrgyzcha.site/?p=37076&preview=true Кызыктуу окуялар.

? ЗЕКТИН МАХАБАТЫ

 

12-Болум

 

 

Нурлан свиданиядан абдан көңүлдүү кайтты. Абакка түшкөнү азыркыдай сүйүнбөсө керек. Тахмина алып келген пакетти көрүп, кыңылдай ырдап келатканда, алгач алдынан Кемелбек чыкты. Кемелбек Нурланды көрүп эле дароо байкады, жакшы кабар угаарын. Бир тууганындай болуп калган Нурландын сүйүнгөнү Кемелбекке өзү сүйүнгөнгө тете мүмкүнчүлүктү тартуулады. Нурлан ылдамдай басып Кемелбектин алдын тосо токтоп :

— Байке, биздин бөлмөгө баралы. Азыраак оокат келди. Болгондо дагы мени азапка салып арыктаткан, уктасам түшүмдөндон кетпеген сүйгөн кызым Тахмина алып келиптир. Анын келгени эле мага канча күч, канча дем, Кемелбек Нурланды кучактап : Экөөңөрдүн сүйүүңөр өмүрлүү, ажырагыс бекем болсун — деп сөзүнүн аягын туюк туюк бүтүрдү. Бул жерден Нурлан Мен кабылган өмүрү кыска сүйүүгө туш болбо — деген сөздү дароо түшүндү. Пакеттеги чай, ондон ашык пачка чылым жана таттуу-тарапаларды Нурлан алып чыгып ортого коюп, хлебаштарына кайрылды.

Капа болбосоңор, тамекилерди, башкасын бүт алгыла, тиги конфеттерди мага калтыргылачы. Себеби мен эртенң менентен бери чылымды таштаганга ниетимди буруп койдум эле. Ишенесиңби жана гана Бактиярдын чегип жаткан чылымын алып бир эки жолу гана сордум. Түшкү тамакты ичкенден кийин чылым чекпейин деп өзүмө кеттим, силерден бөлүнгөнүмдүн жөнү тамеки ден алыс болуу эле. Антпесем, чылым чеккендерди көргөндө азгырыла берет экенсиң, деп түшүндүрүп, кеп учугун улады. Хлебаштары Нурландын сөзүн угуп:

-Абдан тура кылгансың. Бизге алиги тамеки болсо эле болду. Конфетти өзүң ал. Чылым таштаганга конфет дагы салымын кошот. Аныңа биз каршы эмеспиз. Билесиңерби деп Султанбек сөз баштады, чылымын күйгүзүп, түтүнун үйлөп армиядан деле тамеки чекпегендерге бирден пачка кант берет го. Мен армиядан болгон үйрөнгөн өнөрүм чылым чеккенди анан орус тилинде сүйлөгөндү үйрөнүп өзүм менен бирге ала келдим. Себеп дегенде армияга жаңы барганда чылым чеккендер жети мүнөт эс алат, чекпегендер иштегиле деп бизди ишке салып коюшуп, тамеки чеккендер эс алып турушат, тамеки чеккендерин шылтоолоп. Анан мен дагы кантип тамекиге берилип кеттим, билбейм. Азыр жөн эле жейм. Түнкүсүн дагы бир эки маал туруп тамеки чеккен адатка айланды. Сөзгө Бакыт кошулду :

Кайсы войскада кызмат кылдың эле?

Султанбек күрс күрс жотолуп, ошондо дагы тамекинин оозунан түшүрбөй :

-Стройбатта болдум, болгондо дагы Сибирдин борбору Кемерево шаарында. Суукту айтпа. Эгер аскерге барбасам арак менен чылымдан алыс болуп, эл сыяктуу жашоомду өткөрөт белем…

Мына жашым кыркка чыкты, алигиче үйлөнбөй жүрөм. Ишенесиңерби, үйлөнгөнгө убакыт жок. Ушул түрмөдөн кол бошобой койду. Жакшы эле бошонуп чыгам, анан жанагы арак деген балакеттин жетегинен чыга албай, аң сезимимди ага бийлетип ийип эле чоң муштумдуктан күчүмдү чыгарам. Мына ушуну менен бешинчи жолу мушташ менен түштүм. Бул жерден кутулуп чыкканда, көзүн жалдыраткан баладай болуп эле арак деген неме бир байкуш болуп көрүнөт. Андан дагы аны ичээрде айтылган таттуу тилектерди айтпайсыңбы. Жаңы эле бир кара далы кыз менен таанышып, ортобузда сүйүү оюну козголуп келатканда, арак бул жакка жетелеп келип салбадыбы.Байкуш жакшы кыз эле. Жашы 29да болчу. Эми андай түшүнүктүү кызды таппайм. Көзү жок балдар андай кыздарды эмне көрүшпөйт билбейм. Күчтөрү тилинен чыккан кайдагы бир аялды алып алышып, тагдырларына таарынгандарын кантесиң. Бир сүйлөсө дем албай сүйлөгөн Султанбек сөздүн нугун ал кара далы кыз менен кантип таанышканы жөнүндө улады. Кылаарга иши жок, бекерчиликтен тажаган ал жердегилерге жага бербей эле калды. Султанбектин маашырлана айткан сөзү Толкун деген көлдүк кыз.

Мен аны менен филармониянын аялдамасынан таанышкан. Калп айтпасам, апрелдин экисинде. Жаз келип айлана жашыл туско боёлуп, өрүктөр гүлдөп аткан эле. Атаган ат, ал күн эми кайрылып келбейт. Менин эсте калган бактылуу күндөрүмдун бири Толкун менен таанышкан күн. Сөз ушул жерге келгенде «надзиратель чакырып атат» деп Султанбекти чакырып калды. Султанбек чегип аткан чылымын бурчтагы урнага ыргытып :

-Эмнеге чакырып атат болду экен? деп ордунан турду да, сыртка жөнөдү. Сөз аягына чыкпай үзүлүп калганда, ал жердегилер моокуму канбай калган эркек жандай умсунуп туруп калышты.

 

Бактиярдын апасы Нагима атайын машина менен Тахмина окуган окуу жайга келди да, ооз жакта сүйлөшүп турган үч кызга суроо менен кайрылды:

-Кыздар, силер кеминдик Тахмина деген кыз кайда экенин билбейсиңерби?

 

ЗЕКТИН МАХАБАТЫ.

17-бөлум

Кийинген кийимине караганда бардар жашаган, жашы элүүлөргө барып калган, толмочунан келген аялдын суроосун үч кыз бир ооздон:

Жок билбейбиз, кайсы факультетте окуйт?

— Билбейм, ушул окуу жайда окуйм деген. Кайсы факультетте окуурун эсимдет чыгарып ийиптирмин. Арыкчырай келген сары кыз :

— Тахмина деген кыз көп. Ичкери кирип сураштырып көрүңүз — деп жактырбагандай түр көргөздү.

Кийинки жаштардын кулк — мүнөзү албетте, Нагимага жеринен жакпайт. Жада калса өзүнүн кызы Нуркыз деле кээде : (хватит, мама, чарчадым) — деп үй жыйнагандан качып телевизор тиктеп отуруп алат. Ага катуу айтса 3-4 күн коркутуп тамак жебей, сүйлөбөй койгон адаты бар. Ошондуктан анын айтканы менен болбоско айласы дагы жок. Андыктан башка жаштарга сын тагып катуу айта албайт. Уулу Бактияр тил албаганынын айынан көргөн азабы тиги. Доктурлар бир бутун кесип салабыз деп коркутуп атышат. Ошол Бактияр кырсыкка учураган күнү энелик баркын салып суранган » Сокулукка алып барып кел, атаңдын машинасы бошобой калды» — деп. Бактияр кырс мүнөзүно салып :

— Өзүмдүн иштерим бар, колум бош эмес, — деп моюн толгоп койгон.

Эгер ошондо апасынын тилин алып Сокулукка барганда бул балээге жолукпайт эле.

Нагима эки жакты карап элеңдеп турганда оңдой берди болуп жанынан ыйманы ысык жашы отуз бетер чамасындагы мугалим келин көзүнө чалдыгып калды. Шашыла басып анан жагына келген Нагима :

— Кызым, капа болбосоң, Тахмина деген кыз кайсы факультетте окуйт, айтып бере аласыңбы?

Тиги келин алгач жолуккан үч кыздай болуп, далысын салбай :

— Чет тилдер факультетинде окуган Бешимова Тахминаны айтасызбы?

Нагима Тахминанын фамилиясын деле билбейт эле. Жөн гана башын ийкеп — Ооба, Кеминдик кызбы?

Тиги келин башын ийкеп :

— Кеминдик. Тиги экинчи этажга көтөрүлүп, 45- бөлмөгө кирсеңиз, — деди.

Нагима ыраазычылыгын билдирип :

— Ырахат, кызым. Ырас болбодубу, — деп, экинчи этажга көтөрүлүп чыгып айтылган номердеги бөлмөгө баратканда, алдынан Тахмина өзү чыгып калды. Тахминаны көргөндө Нагима жакын адамын көргөндөй сүйүнүп кетти. Тахмина Нагиманы деле байкаган эмес, жанындагы эки кыз менен сүйлөшүп келатып. Качан Нагима :

— Тахмина кандайсың? — дегенде гана Тахмина Нагиманы көрүп чочуп кетти.

С абактын темасы боюнча сүйлөшүп келаткандыктан, чынында эле Нагима байкаган эмес. Ооба, эки апта илгери Бактияр менен үйүнө барып, Нагиманы колунан чай ичпеди беле. Ага чейин дагы жолуккан Нагима. Анда бойкоосуздан эле, ойдо жок жерден жолугуп таанышкан. Бактияр экөө Белинский көчөсү менен барышканда, Бактияр машинаны чукул токтоткон. Көрсө мамасын көрүп токтотуптур. Мамасы мени университетке жеткирип койчу деп айтып, салондун артында отурган Тахминанын салымын алик алып: Эмне бир жакка бараттынар беле? — деп сураган. Анда Тахмина Бактияр менен жаңы эле таанышкан. Ошондо Бактияр ойдо жок сөз айтып : Мама, таанышып алыңыз, келечектеги келиниңиз болот — деген. Бул сөздү укканда, Тахминанын көңүлү кирдей түшкөн. Бирок сыр бербегенге аракет кылып, Нагима менен таанышкан. Ошондо эле Нагима экөөнүн жылдыздары төп келише түшкөн. Көзгө толумдуу Тахминаны көргөндө эле Нагима кым дей түшкөн. Кимдин эле чырайлуу келиндүү болгусу келбесин? Таанышкан соң дароо эле Нагима

– Бактияр, сен Тахминаны үйгө ээрчитип кел, жакшылап таанышалы — деген машинадан түшүп алып. Тахмина дагы жылуу коштошуп, Нагима түшүп калганда:

— Бактияр, кызык экенсиң. Мен сага али сүйөм деп айта элекмин да. Мени менен эсептешпей эле, апаңа келиниң болот дегениң кантип болсун? Менин жигитим бар. Машинаңа түшүп койсом эле, ушинтип айта бересиңби?

Бактияр калп күлүп :

Сен мага абдан жагып калдың. Жигитиң менен өзүм сүйлөшүп алам деп кыска гана жооп берип, Жибек жолу көчөсүндөгү «Фаиза» деген кафенин жанына машинаны токтотуп :

Тахмина, азыраак капа болуп калдың көрүнөт. Жүрү, эми алдыңа түшөйүн деп болбой кафеге киргизген. Кийинки жумада сени мамам чакырып атат, даярданып алды деп болбой үйүнө алып барып коноктогон. Бир күн даам сызган жериңе миң күн салам бер дегендей Тахмина Нагиманы байкабай калганына уялып :

Өзүңүз кандайсыз! Мен сизди байкабай эле деп актана сүйлөдү. Жылдызы жанган Тахминанын жылуу учурашканынан улам Нагима ыраазы боло:

– Өзүң кандай? Окууларың жакшыбы?

Тахмина көңүлү шат :

Жакшы окуп атабыз. Сиз кандай жүрөсүз?

Нагима сыр бербегенге аракет кылып :Тахмина, өзүнчө сүйлөшөлүчү. Сенде бир аз сөзүм бар эле деди. Тахмина дароо Бактияр жиберген го сүйлөш деп, деген ойго жетеленип жаныңдагы эки кызга :

— Силер бара бергиле, мен азыр, деп терезени көздөй басты. Анткени терезе жак ээн эле да. Экөө ээрчише бери басканда, Нагима Тахминаны бутунан башына чейин сыдыра караганга үлгүрдү. Алгач Тахмина :

– Кулагым сизде, эже деди. Тахминанын бул айткан сөзүнөн улам анын шашып атканын билди. Бирок сөздү эмнеден баштарын билбей :

Тахмина, сага эмне болду? Эки жумадан бери Бактиярдын болгон достору, тааныштары келди. Бир гана сен жоксуң. Эмне, Бактияр сени капа кылдыбы? Сөздүн маанисине түшүнбөгөн Тахмина :

– Эмне болду, мен каякка барышым керек эле? деп кайра өзүнө суроо менен кайрылды. Чынында Бактиярдын кырсыкка учураганын уга элек болчу. Нагима көзүнө келген жашты аарчып:

-Бактияр кырсыктап ооруканага жаткан. Эки жума болду. Андан бери болгон тааныштары келди. Күткөнум эле сен болдуң? Анан сенин дайныңды билейин деп келгем. Тахмина чочуп :

Эмне болуп кырсыктады качан?

-Эки жума болду дебедимби. Машинасы менен баратып аварияга учурады. Үч күн эсинен танып жатты. Азыр жакшы болуп калды. Сен жөнүндө сурасам, эч үн катпай койду. Анан өзүм келдим деп сөзүнүн аягына чыгып, көзүнүн жашын аарчыды. Бактиярдан көңүлү калган Тахмина :

-Эже, сиз кечирип коюңуз. Мен уккан эмесмин. Андан дагы Бактияр экөөбүздүн мамилебиз алыстап кеткен. Демек мындан кийин мени издеп убара болбоңуз. Эми биз чоочун адамбыз деп, Тахмина так кесе айтып салды да Нагиманы тике карай албай жер карады. Нагима дароо күнөөнү уулунан көрдү. Буга дагы характерин көргөзгөнгө үлгүргөн тура, шүмшүк, атасынын обу жок эркелеткенинин пайдасы деп, күйөөсүн күнөөлүлөп алды да :

Тахмина, эмне Бактияр сенин көңүлүңдү сындырдыбы? — деп сурап, жооп күтүп туруп калды. Тахмина үнсүз башын ийкеп гана жооп берип :

Эже, менин шашылыш иштерим бар эле, мага уруксат бересизби? деп сылык сурады. Нагима эмне дээрин билбей көңүл пас:

-Бара гой, Тахмина, мени кечирип кой убактыңды алганым үчүн деп күнөөлүү кишидей туруп калды. Тахмина Нагиманы чындап аяп кетти да, бир сөз айтчудай оозун таптап барып, ал жерден узап кетти. Нагима Тахминанын сөзүнөн улам асыл буюмун жоготкон адамдай абалда калды. Анан эмне кылат? Чынында эле Тахминанын муздак мамилесинен улам, ойлогон ою таш капканы, баласы Бактиярдын чектен сырт эрке, өзүмчүл болуп өскөнү эле кандайдыр бир жагымсыз окуяны тартуулады. Себеби врачтын дагы, Бир бүтүн кесип салбасак болбойт, уулуңар эми тукумсуз дагы болуп калышы күтүлүүдө деген сөзү кулагына жаңырып, жашоо көңүлсүз сезилип, үмүт кылган Тахминанын жоругу дагы Нагиманы туңгуюкка камады. Бул жолу Нагима турмуштун кийинки соккусуна кабылып, башы айланып кетти да, бир акылман кишинин :

«адам качан бактылуу жашайт» деген суроосуна өп-чап, жетип — жетпей жашаганда деп жооп бергенин эстеди. Эгер күйөөсү депутат жана бардар кызматта иштебегенде, баласы Бактияр, кызы Нуркыз четтен сырт эрке болушпайт эле да. Учурдан улам негизги байлыктардын бири ыймандуу жана кайрымдуу бала экенин билди.

 

 

Уландысы бар….

Досторуңуз менен бөлүшүңүз..........

КЫРГЫЗЧА САЙТ ⚜️