Зектин махабаты 11 бөлүм.

https://kyrgyzcha.site/?p=37076&preview=true Кызыктуу окуялар.

? ЗЕКТИН МАХАБАТЫ

 

11-Болум

 

 

 

Бактияр толук эсине келгени менен сүйлөй албай дагы эки күн жатты. Ден соолуктун кадырын ооруганда билесин дегендей, Бактияр качан ден соолугунан ажыраганда гана турмушка терең көз караш менен карап, алгач ата — энесинин эмгегин баалады. Топурап жанында жүргөн достору бир — эки жолу келгени болбосо, бара бара алардан алыстап баратканын Бактияр жүрөгү менен сезди. Качан гана сүйлөп, эсине толук келгенде апасы Нагима :

Бактияр, сен аварияга учурап, ооруканага жатканы болгон теңтуштарың, тааныштарың келди. Бирок мен күткөн Тахмина алигиче келе элек. Эмне аны капа кылдың беле? деп сурап, Бактиярдын ички жарасын козгоду. Бул жерден Бактияр арасын күнөөлөгөн жок. Баарына өзү күнөөлүү экенин арасынын берген суроосунан улам билип отурат. Берилген суроого эмне деп жооп беришти билбей, сырын ичине катып :

Билбейм, балким уга элек чыгар…

Нагима кабагы түйүп :

— Кантип бир жумадан бери укпасын. Ал кызды капа кылып койгонсун го… Мага абдан жаккан бир көргөндө эле. Тахмина барган жерин көгөртчү кыз. Абдан жакшы келин болчудай, деп атаң дагы айткан эле. Эгер укса сөзсүз келмек. Нагиманын айткан сөзү Бактиярна ийне болуп сайылып атканын байкуш эне билген жок.

Көзү тумандаган Бактияр Тахминага окшогон канча кыздын убалына калып, аларды ыйлатканын эстегенде, кудайдын бар экенине ишенип, өзүнө бул жаза аздык кыларына ынанды. Мына ушул убакта гана атасынын акчасына чалкалап көөп, болгону акчанын гана күчү менен окуп, кадыр баркка ээ болуп жүргөнүн толук мойнуна алды. Баарынан дагы Тахминанын : Эми качан үйлөнөбүз? Эгер сен менин этегимди ачып, абийиримди бузбаганда мен бул сөздү айтпайт элем деген сөзүн эстегенде, оор онтоп алды. Өткөндү эстеп алып, Бактияр арасынын берген суроосуна дагы оңгулуктуу жооп бере алган жок. Чаржайыт ойлорго алаксыганга башы салмактанып, көзү дагы илинип кетти. Бактиярга туура эмес суроо берип алган Нагима бул ишке Тахминанын тийешеши бар экенине көзү жетти . Анткени Бактияр сөзүнөн жана көз карашынан да апасына сыр алдырып койгонун, сезген, бирок ыңгайлуу сөз таба албай, көзүн тартып алып сыр алдырып койду. Кыраакы эне эки жаштын ортосунда келишпестик мамиле болгонуна ынанып, ооруканадан чыгып, Тахминага жолугуу үчүн анын окуу жайын көздөй жөнөдү. Бул убакта Бактияр Тахмина жөнүндө түш көрүп, өзүнүн палатасында мемиреп таттуу уйкунун кучагында жаткан. Бирок Бактияр бир укмуштай түш көрдү. Түшүндө аппак көйнөк кийген Тахмина темир торлуу эшиктен чыккан кара костюм шым кийген, токтоо мүнөзү күткөн бала менен бийик тоону көздөй ээрчишип баратып ал жигитке менин убалыма калган бала ушул деп өзүн көргөзүп жаман көзү менен жактырбагандай карап адамдын убалынан корк деген мааниде белги бергенсиди. Аңгыча эле жанындагы өзүн сыйлаган алиги бала Бактиярды көздөй басып келип, кош колдоп салам берген соң Бактияр, сен абдан туура эмес иш койгон экенсиң, эми өз убалын өзүңө, мен Тахминаны кечирем, ал сага алданып калган, эми экөөбүздүн сүйүүбүзгө

эч ким тоскоол боло албайт деп, дароо көздөн кайым болуп учуп кетишет. Экөөнүн артынан чуркап баратып Бактияр суурдун ийнине буту кирип жыгылып, ошол бойдон тура албай калат. Аңгыча эле ак кийген адамдар тегеректеп калышат. Бир убакта бутунун теңин кадимки кол арага менен таарып кесип атканда, Бактияр ачуу кыйкырып өзүнүн үнүнөн өзү чочуп ойгонуп кетет да, эсине келип, оор үшкүрүнүп көргөн түшүн эстеп, терезеден түшкөн күндүн нурун тиктеген тейде ойго чөмүдү.

 

Кемелбектин айткан сөзүн уккан Нурландын аялзатына карата ою бузулду. Анан эмне кылат, чынында Кемелбектин айткан сөзүндө

эч калет жок. Никелеш аялы көзүнө чөп салса ал эми али үйлөнө элек Тахминага эмне болуптур. Чырайлуу кызга ким кызыкпайт. Мынча кечикти сөзсүз бирөөнү таап алган чыгар. Чоң окуу жайында окуган сулуу кызды кандай эркек көз жаздымынан кетирет. Балким, ага эмгиче кудалашып сөйкө салып ата-энесинин алдынан өтүп, башын байлап алышкан чыгаар. Ошол себептен келе албай жүргөндүр. А балким, мен көргөн иномарка машинадагы кыз нак эле Тахминадыр. Кемелбек байке айткандай, өзгөчө азыркы замандын адамдары ишенип болбойт. Эгер Тахминанын менде көңүлү болгондо эмгиче бир келип абалымды сурап кетет эле. Эмне үчүн мен ал үчүн азап чегип ойлонушум керек. Маңдайга жазган бирөө бардыр. Эң негизгиси, ден соолугума карап, Тахминаны унутканга аракет жасабасам, өмүрүмдү кыскарып алчудаймын деп өзүнө өзү кеңешип, спорт менен машыгууну алдына максат кылып койду. Кемелбектин башынан өткөн окуялары Нурланга сабак болуп, өз деңгээлинде таасирин тийгизди. Эртеси эртең менен эрте турган Нурлан адатынча орозосун тамеки менен ачпай, чуркап дене тарбия көнүгүүлорун жасап, канчалык табити чылым чеккенди эңсеп турса дагы Нурлан сөзүнө туруп, чыдап тамеки чеккен жок. Тамекинин кумары канчалык азгырса дагы ага туруштук берип, өзүнүн эркин сынап көрдү. Айтканга, убада бергенге оңой болгону менен иш үстүндө аткаруу кыйын эмгекти талап кылат. Эрки бекем, өзүнө ишенген гана адам сөзгө туруп, убаданы кулунан бошоно алат эмеспи. Анын сыңары, Нурлан дагы өзүнүн эркин, күчүн сынап көрмөккө болгон аракетин жумшады. Түшкө чейин өзүн жакшы эле алаксытты. Убакыт өткөн сайын чыдоого күчү жетпей, чылымдын түтүнү, даамы мурдуна келип, БАКЫТ деген баланын чегип аткан тамекисин сурап, эки соруп кайра берди. Буга чейин көзү караңгылашып, кимгедир ачуусу келип өзүн өзү араң кармады. Эмнеге чылым чеккенди өнөр кылып алганына өкүнүп дагы алды. Түшкү тамактан соң чылым чеккенге карата эңсөөсү баштагыдан дагы күч алып, өзүн араң кармап тамеки чеккендерден алыс барып, ойго чөмүлүп турганда, алиги Бакыт деген бала :

-Нурлан сени свиданияга чакырып атат. Эмне бул жакта жалгыз отурасың, баятан бери издеп таппай атса. Нурлан болор болбос жылмайып :

Чылым чеккенди таштасам деген ойдо силерди көрбөйун дегем. Эгер чылым чеккендерди көрсөң, кызга берет экенсиң деп бери басты да, ким чакыртты болду экен. Калыйбек келген го деп ойлоп, көңүлү суз:

Ким келди болду экен? — деп, үнүн чыгарып кобуранды да, ашыкча сөз сүйлөбөй вахтаны көздөй ойлуу кадамын таштады.

 

Артынан карап турган Бакыт Нурландын ак жерден келгени жөнүндө уккан. Ичинен аны аяп,

ак, ага ж.б нерсеге сатылган укук коргоочулардын жоругуна нааразы боло, кайран бала ичинде кири жок, бекер кор болду, деп, кайра изине тартты.

Жолугушуу кайдай өтөт, Нурланга эмне деп жооп берем? деген бушайман ойлодун тегерегинде беймаза болуп турган Тахминага жарым сааттык убакыт бир жылга тете болду. Эптеп Нурлан менен жүз көрүшүп алса, анан андан кийинкиси жеңил болот беле… Абийир сотту баары бир уяты, намыс бар адамдар үчүн өтө жогору. Эгер Тахминадан уят, ар болбогондо мынчалык өзүн кыйнабайт эле. Чоң күнөө кетиргени аз келгенсип, буга чейин бир келип абалын сурап койбогону эмне деген ат көтөргүс жүктү ичине камтыйт. Арийне, күнөөсү бар адам кеч болсо дагы күнөөсүн мойнуна алып, кечирим сурап койсо дагы жакшы эмеспи. Кээ бир албуут, сөз жебеген адамдар ар качандан бир качан чыпдын үстүндө жүргөнү айтыла турган сөз эмес. Терең ойдун кучагына сүңгүп кирген Тахмина тааныш үйдөн улам башын көтөрүп маңдайында күлүмсүрөп турган, баштагыдан өтө арык арыктаган көздөрү чаркынкы Нурланды көргөндө, эмне кыларын билбей, жалдырап эле туруп калды. Жолугушуу жерге келгенге чейин ким болду экен? деген Нурлан Тахминаны көргөндө көргөн көзүнө ишене берген жок. Кайран гана сүйүүнүн күчү, кайран гана кусалык эмнени гана кылбайт. Эки жаш дээрлик бир мүнөт убакытка чейин тиктешип, көз менен гана сүйлөшүп турушту. Тахминанын көзүнүн тереңинен Нурлан кандайдыр бир сырды байкады. Бирок өзүнүн абалын сурап жолугушууга келгени эле Нурлан үчүн ат көтөргүс бакыт эле. Ортодогу тынчтыкты жана текшерүүнү Тахминанын :

– Кандайсың Нурлан? — деген сөзү бузду. Ушул эле сөз жетпейт тургансып, Нурлан жооп бергендин ордуна ордуна алдыга кадам таштап, Тахминага жакындап келип эки ийининен кармаганда, Тахмина ага боюн таштады. Ушул жолугушууну Нурлан канча күттү жана эңсебеди.Түшүнө башын жөлөгөн Тахминанын башына башын жөлөп, чачынан шуу-шуу жыттап :

Ак куум менин Сагынычым-деп жалынычтуу үн менен шыбырады. Нурландын чын ыкласы, чын ниети менен айткан сөзү Тахминанын жүрөгүнө канжар болуп сайылып, көзүнөн жаш агып кетти. Бул жаш чын сүйүүнүн жашы эле.

 

Тахмина Нурланга жолугуп чыкканга өзүн кыйла жеңил сезип, көңүлу көтөрулуп, оор жүктөн кутулгансып Калыйбекке

– Мен сага абдан ыраазымын. Эгер сен болбосоң мен ичимен эзилип жүрө берет элем. Чынын айтсам Нурланга жолуккан га чейин өзүмдү өзүм бир карай албай калдым эле.

Сөз кезеги келгенде Калыйбек

Тахмина, эгер жашыруун болбосо кечиндеги бала ким? Мени кызыктырган ошо бала болуп атат. Чынын айтсам, абдан эрке өскөн экен го. Бир ишкананын баласы болсо керек.

Тахмина Калыйбектин суроосуна баштагыдан көңүлу жай бул жолу шар жооп берди.

Ооба аны туура баамдагансын, ишкананын баласы экени чын. Чала тааныш бала. Сени сүйөм деп , кезектеги сүйүүсүн мага арнап жүргөнүн тана албайм. Бирок анын менен таанышкан ыкма аз убакыт өтүп өтпөй эле андан көңүлүм көк таштай калды. Буйурса Нурлан абактан чыкса, ал мага келгис болот го. Мен ага баары бир жолукпайм.

Калыйбек Тахминанын сөзүнөн улам бир нерсени байкады. Себеби Тахмина сөзүнөн чалынып, сыр бергенин сөзү байкаган жок. Маршруткага отурушканда ортодо сөз үзүлүп калды. Буга чейин эбин келтирип, Тахминага сөз айтайын деген Калыйбектин Нурланга жолукканы каяккадыр учуп жок болду. Нурлан Калыйбекти кучактап

Досум, сенин бул жакшылыгынды эч качан унутпайм. Колундан келсе айлына кеткенге чейин көз сала жүр, Тахминадай сулууга тийишкендер болбой койбойт деп Тахминага угуза эле айтканда, Нурландын сөзүнө ыраазы боло, башын ийкеп макулдугун берген. Тахминага жолукканы дароо Нурланга Нурлан да кандайдыр бир өзгөртүүнү байкады. Сүйүнүп күчүнө баа берип, мага эми качан сүйүү келет болду экен? — деп Нурландын сүйүүсүнө кызыкканын тана албайт эле. Убакыт жетип Тахминанын жатакана сына чейин жеткирип келген Калыйбек :

— Тахмина, эми ушул бойдон убакытка уттуруп жибербей Нурландан бат бат барып кабар алып тур, байкадынбы сага жолуккан анын абалын? Суйгонун көзүнөн эле билим. Өмүрүндө экөөңөр жолуккандагыдай Нурлан Сүйүнбөсө керек. Өзү абдан жакшы бала. Сени кор кылбай багып кете алат деп ишенем. Андан дагы ал туруктуу бала.

Тахминага Калыйбектин айткан сөздөрү майдан жагып, дагы Нурлан жөнүндө кененирээк айтса экен деп эңсеп турду. Экөө дагы жарым сааттай сүйлөшүп турган соң кош айтышып, эки жака тарашты.

 

Уландысы бар…

Досторуңуз менен бөлүшүңүз..........

КЫРГЫЗЧА САЙТ ⚜️