Зектин махабаты 10 бөлүм.

https://kyrgyzcha.site/?p=37076&preview=true Кызыктуу окуялар.

?ЗЕКТИН МАХАБАТЫ

 

10Болум

 

 

Өзүм шофёр болгондуктан, атайын алыс жактарга каттаганы шефке кирип путёвканы жолдугун сурап алчумун. Мен барбаган Орто Азияда шаар калган жок. Бир жолу Башкортостандан жүк менен келатып, жолдон аялым менен таанышып калдым. Аялымдын улуту казак, өзү Жамбыл областынан эле . Негизи казактардын тили таттуу келет эмеспи. Бой мүчөсү келишкен Саулени алгач көргөндө эле өзүмө жакын алып, аны менен бат эле тил табышып, жакшы мамиледе болуп кеттим. Чынын айтканда, Сауле ачык айрым, ичине сыр ката албаган, сүйкүмдүү кыз болчу. Бара бара ортобузда сүйүү пайда болуп, бири-бирибизди көрбөсөк сагынышып дагы калчубуз. Сүйүүнүн өзү керемет дегендей, атайын Фрунзеден Саулеге жолугуш үчүн Жамбулга барган күндөр болбодубу. Бирок мен азыраак шашып койгонумду кеч сездим. Саулени дагы бирөө ала качып кетпесин деген ойдо ал биринчи курсту бүткөндө эле алып алдым. Кайда окуучу эле? — деп Нурлан Кемелбектин сөзүн бөлүп, суроо берип калды. Торговый техникумда окуп жаткан. Мага тийгенде окуусун таштап салды. Ошондо бекер кылган экемин. Көрсө, ал кезде Сауле бала эле бойдон экен. Биз эркектер көбүнчө аял затынын келбетине, анан өзүнө көп карайбыз. Тээ илгери Мухаммед пайгамбар мындай деп айтыптыр «Кызыктуу жерде өскөн кызыл гулдон көрк» деп. Бул сөз абдан туура айтылган. Нурлан таң калып :

-Кандайча, эмне үчүн кызыктуу жерде өскөн кызыл гүлдөн коркуш керек. Мен түшүнбөй калдым, деп дагы айтылып аткан сөздүн даамын кетирип, сөздү сындырды. Кемелбек туура суроо бердиң дегенсип, Нурланга болоор болбос жылмая карап:

-Өзүң чечмелеп көрчү. Негизи бул айтылган сөз өтө маанилүү. Илгерки аалым, акылман адамдар сөздүн буруп тандап, эбине келтирип сүйлөшкөнүн ушул сөз айгинелеп атпайбы. Бирок азыр сөздүн тереңине маани берилбей, болгону акча деген гана сезим менен жашап калышпадыбы. Андан да карылардан сөөлөт, жаштардан ыйман кетип, ынтымак эмнегедир соолуп бараткансыйт. Сөз такыр башка нукка түшүп баратканы Нурландын чыдамын кетирип, дагы сөздү бөлгөнгө туура келди. Кемелбек байке, жанагы айткан сөзүңүздүн маанисин чечмелесеңиз? Кемелбек оң колундагы кол саатына карап, али убакыт эрте дегенсип, Нурландын берген суроосун жактырбагансып:

Ойлон, эгер жакшылап ойлонсоң анын жандырмагы оңой эле. Сөз ушул жерге келгенде мурду кырдач, бою узун, кара тору, дайыма өзүнүн жашоосуна нааразы болуп, наалып сүйлөгөн жашы кыркка барып калган Бейшенбек келип :

-Нурлан, анан мага кайрылып кетчи, сенде сүйлөшө турган сөзүм бар эле… Нурлан макул дегенсип башын ийкеп анын кетип калышын тиледи, сөздүн аягын укканга куштарлана Кемелбекке карап:

-Анан, байке, кулак сизде деди. Кемелбек сөз кайсы жерге келди эле дегенсип, ойлонуп калганда, Нурлан :

– Сөздү чечмелеген жерге келгенсиз. — Ии, ооба — деп Кемелбек салмактуу сүйлөп, сөзүн андан ары улады.

 

 

Бактияр үч күндөн кийин эсине келди,ооруканадан. Жанында отурган ак халатчан медсестраны көрүп :

«Мен кайда жатам, бул жакка эмнеге келдим эле» дегенсип, болуп өткөн окуяны эстей албай койду. Медсестра көзүн ачкан Бактиярды көргөндө эсине келди деген ойдо :

-Өзүңузду кандай сезип атасыз? — деди. Бирок Бактиярга медсестранын айткан сөзү угулган жок. Өзү дагы бирдеме айтайын деди, бирок сүйлөй албай койду. Бактиярдан жооп ала албаган медсестра бир азга аны карап туруп, анан сыртка чыгып кетти. Көзү тумандаган Бактияр эсине келгени менен эмне болуп бул жакка келгенине таң калып, оюн бир жерге топтой албай, шыпты тиктеп жаткан калыбында өткөндү эстегенге аракет кылды. Ооба, Бактияр досуна телефон чалып, жолугушчу жерге машинасын катуу айдап баратып, бурулуштан рулга ээ боло албай калып, бакты сүзүп, аварияга учураган эле. Ичине кирген арак менен пиво анын куру намысын козгоп, Калыйбектен токмок жегени, Тахминанын чанганы ушунчалык көңүлүн кирдетип, эмне болсо дагы өч алуу керек деген ойдо болгон Бактияр кырсыкка кабылганын, оор абалда ооруканага келгенин али эстей албай жатканда, апасы менен атасы сырттан кирди. Экөөнү көргөн Бактияр дале эсине келбей, таң калганынан:

«силер эмне кылып жүрөсүңөр?» дегендей карады. Апасынын жалынып сүйлөгөнү угулган жок, жөн эле оозу кыймылдагандай сезилди. Көзүн ачканы менен эсине келе элегин билген байкуш ата менен эне оор үшкүрүнүп, ичтеги буктарын үшкүрүктөн чыгарышты. Сүйлөшүлгөн боюнча Калыйбек убадалашкан убакыттан жарым саат эрте келди, болжошкон жерге. Бир чети Нурланды бактылуу жигит экен деген ойго жетеленди. Анткени Тахминанын сулуулугу, анын адамгерчиликтүүлүгү адамга жасаган мамилеси негизги эле бардык жагынан көңүлүнө толуп, суктандырганы жашыра турган ишпи. Себеби бирөөнүн сүйлөгөнүн тартып алганы Калыйбектин оюнда болгону менен ал ишке кадам таштабасына ишенсе болот. Нурландын Тахмина үчүн күйүп, анын карааны эле эмес, жайынын укканга зор болуп жүгүнөн билип туруп ага кыянат жасоо өлүм менен тете эмеспи. Бирок Тахминага жүрөгү жылып, көңүлү түшүп калганын чынында Калыйбек тана албайт. Абак адамдардын убадага бек жана сөзгө туруктуу экени башка сөз кылынгандай эсибизге салсак, ашыкча болбос. Алардын чөйрөсү ооздон чыккан сөздү аткаруу,болбосо тилин тишине катып жүрүү алардын мыйзамы. Эгер Калыйбек абак даамын татып, алардын мыйзамын билбегенде, Тахминаны салты бекем кармап, ала качмак дагы, өзүнө түбөлүк жар кылып алмак. Баарына текши ой жүгүрткөн Калыйбек Тахминаны күтүп олтуруп, пендечилик ойгон дагы жетеленип, Тахминага үйлөнгөн го дагы жетишти. Көңүлү түшкөн адам үчүн дагы кызбы, эркекпи кандай гана таттуу кыялга чөмүлүп, эңсөөсү күч алаары айтыла берчү эмеспи. Бирок, илгеркидей таза сүйүүсүнүн тамыры союлуп баратканын моюнга алып коюшубуз парз. Тарыхка сары эсеп салып карасак, сүйүүнүн акыры үчүн жан кыйган Олжобай менен кишимкандын окуясы тууралуу баяндар кимди болбосун сүйүүнүн баркы жөнүндө эске салаарын кантип тана алабыз. Айткандай, көңүлдун тереңинен орун алган сүйүүнүн касиети, дарманы убакыт өткөн сайын сөз менен гана сакталып, иш үстүндө шайы оогон боксердой багынып, багытын өзгөртүп баратканын Тахминанын эле жүрүшүнөн байкасак болот. Эгер Тахмина сүйүүгө туруктуу болгондо, Бактиярга алданбайт эле, тиги Нурланды санаага кабылтып, ден соолугуна зыян келтирбей болчу.

Бир саатка чукул аялдамада отурган Калыйбек Тахминаны көргөндө ушунчалык сүйүнүп отурган ордунан тура калды. Узун кызыл көйнөк кийген, чачын тармалдатып ийинине таштап койгон Тахмина Калыйбекке асмандан түшкөн перидей ушунчалык сулуу көрүнүп, көзүнүн нурун алып, сугун арттырды. Көзүн бар-бар ирмеп, Калгый басып келаткан Тахминаны утурлай басып, алдын тосуп, салам берди. Тахмина берилген саламды алик алып, коңгуроодойой таза, назик үнү менен :

— Көпкө күтүп калдыңызбы, сабактан чыгып келгиче ушул убакыт болуп калды.

— Эч нерсе эмес.Сендей сулуу кызды күтүү биз үчүн бакыт эмей эмне?-деп, Нурландын айткан сөзүн айтып, болоор болбос жылмаыйп койду, Калыйбек.

Тахмина Калыйбектин сөзүнө жараша жооп бере алган жок. Бирок ыраазы боло көңүлү көтөрүңкү. Нурланга айткысы келген сөзгө барып токтолду. Экөө жакын жердеги базарчикке келип, керектүү нерселерди алып, 127-маршруткага отурушту. Жолдо ката Тахминанын жүрөгү бат — бат согуп, өзүнчө эле бушайман болуп, боло турган жолугушуу кандай өтөт деген мааниде санаанын ченгээлинде келатып, абакка кандай келгенин дагы билбей калды. Бир көргөн жанды өзүнө бура турган чырайлуу Тахминаны алгач ооздо турган солдат суктануу менен карап, азыраак сүрдөткөнү болбосо, бара — бара Тахмина өзүн эркин сезе баштады. Жолугушууга Нурланды чакырышкан да, жарым сааттай күтөсүңөр деди ичкериден формачан адам.

 

– Нурлан ачыгын айтсам азыркы жаштар ушунчалык жалкоосуңар. Жада калса ойгонуп, табыш акты болбосо айтылган сөздүн маанисин чечмелегенден дагы эринесиңер. Биз бала кезде жасаган иштин четин дагы жасап, көргөнүбүздүн үчтөн бирин силер көргөн жоксуңар. Бир эле мисал. Машак тердиңерби, орок ордунарбы? Бул эми талаа жумушу. Ал эми ылай чылап, кыш куюп там эмес, биз сарай салбадыкпы. Анын баарын айтсам көп сөз. Эми мен негизги сөзгө өтөйүн, көп сүйлөп койдум ондонот. Негизи көп сүйлөгөн адамды жаман көрөм. Бирок маанилүү кулактар кала турган сөздү сүйлөсө анда аны угам. Мугалимдер сабак өтүп жатканда түшүнүктүү кылып, жеткире айта алышпайт, анан окуучулар тынч отуруп угат беле. Ошол сыяктуу эле эмне сөз болсо дагы адам маанисине карап мамиле кылат эмеспи. Кулакка жагымдуу, уккулуктуу сөздү керек болсо кенедей бала дагы угуп, эсине тутуп калат. Кой, чала молдодой болуп, сага акыл айтканга оттум. Жанагы дабатта жүргөн молдолор жакшы сөздөрдү сүйлөшөт, бирок бирин дагы өздөрү жасашпайт. Алардын болгон күчү тилинде, тилдин учу менен гана иш бутурушот дагы, иш үстүндө борпондук кылышат.

Нурлан Кемелбектин ар бир сөзүн тике келтирбей угуп отурду. Кемелбек улам ар бир сөздүн башын козгоп, улам башкасына өтүп, негизги сөздү айтканга чейин көп убакытты өткөрдү алардан. Качан сөз кезеги келгенде Кемелбек Нурлан күткөн сөздү айтты :

— Кыктуу жерде өскөн кызыл гүл деген сөздүн мааниси тарбиясы жок үйдө чоңойгон сулуу кыз дегенди билдирет. Көрсө сауле дагы тарбиясы жок үйдө чоңоюптур. Анын өңү эле чырайлуу болбосо, башка кызга турган деле жери жок экенин кеч сездим. Мен болгону аны менен үч жыл гана жашадым. Шоферлордун жашоосу менен артистер дин жашоосу окшош кетет. Себеби алардын көп убактысы башка түстө өтөт. Ошонун себебинен шоферлорду күйөөм дебе, артистти аялым дебе деген сөз чыккан. Күнү — түнү эле талаада жүрсөң уй- бүлөңдү карабай анда үй бүлөдө уруш талаш башталат экен.

Башында Сауле менин иштен же рейстен келишимди чыдамсыздык менен күтүп, алдымда тосуп чыкчу. Бара — бара ал адаты калып, келип атамбы, келип атамбы, анын иши да болбой калган. Көрсө, менден дагы күнөө кетиптир. Карабаса катын кетет, бакпаса бала кетет дегендей, жумуштан келгенде Сауле көңүл бурбай эле, чарчаган жаным жатып уктап калчумун. Мен анткен сайын анын оюу бузулуп, башка бирөөнү таап алды деген жаман ойго жетеленип, менин көзүмө чөп салганга өтүптүр. Эгер мен убагында көңүл буруп, эркектик мээримимди төгүп койгонумда баары башкача болмок экен. Кийин кеч ойлонуп, баарын кеч сезип калдым. Көрсө аялга жылуу сөз, анан аяр мамиле жасап, көңүлүн гана көтөрүп коюш керек экен. Ушул сөз эсинде болсун.

Бир күнү дальний рейстен түнү келип, машинаны жүгү менен бир жаштагы кызыма Сагынычы артып, бир айга чукул алыста жүрүп, үй бүлөң көздөн учуп аларга жетүүгө ашыккан сайын убакыт өтпөй, жол арбыбай калат эмеспи.

Өчөшкөнсүп жолдон МАИлер тосуп анан алар менен «поле чудес»ойногончо дагы убакыт өтүп, жолдон кармаласың. Кара-Балтадан тоскон МАИ көп убакытты алды. Эгер ал тоспогондо үйгө эрте келип, жагымсыз иштин үстүнөн чыкпайт элем. Такси кармап үйгө келсем, свет өчкөн, үй караңгы, Сауле бир жакка кеткен го, же уктап жатабы? — деп эч жаман ой жок, чөнтөгүмдөн үйдүн ачкычын алып, эшикти ачып үйгө кирип барсам, сүйүп күйүп алган аялым, менин төшөгүмдө менин ордума бир эркекти кучактап уктап жатат,эч нерседен бейкапар. Алар мени сезишкен да жок. Себеби мен Сауле менен кызымдын уйкусун бузбайын деп шыбырт алдырбай үйгө кирген элем да. Терезеден түшкөн айдын нуруна бөлөнүп, экөө уктап жатканын көрүп бир топко турдум да анан аларды ойготуп тынчын албайын деп, кухняга кирип, блокнотумдан бир барак кагаз айрып «Кош, Сауле, бактылуу бол, кызымды кор кылбай багып ал. Мени күтпө, көзүм көрбөсө болот эле. Сенден муну күткөн эмесмин» деп жазып, анан кайра сыртка чыгып, үйдү сыртынан бекитип кетип калдым да, ошол бойдон кайра изиме кайтып барган жокмун. Ошентип ак никелүү аялым менен алмончоктой кызымдан тирүүлөй айрылып, аракка берилип, ишимден айдалып, акыры минтип сен менен хлебаш болуп отурам. Эгер Сауленин аялдык деңгээли, тарбиясы болгондо, мен бул жакка келбейт элем деп сөзүнүн аягына чыкканда Нурлан :

– Ал анан сизди артыңыздан издеп келип, кечирим сураган жокпу?

-Ал кечирим сурап келгенде деле мен кечирмек эмесмин. Айттым го «көзүм көрбөсө болот эле» деп. Өз төшөгүңдөн никелеш аялыңдын койнунда, сенин ордуңда башка бирөө жатканын көрсөң, сен эмне кылат элең? Менин толук мүмкүнчүлүгүм болгон, ошол убакта экөөнүн тең жайлап салганга. Бирок мен ал жерден өзүмдү өзүм кармап, кетип калгам. Жолго чыктым да чөнтөктөгү болгон акчага арак ичтим «ачууну ачуу басат» дегендей, арак ичкенде ичтеги күйүт аз да болсо унутулуп, көңүл көтөрүлгөну болбосо аягы баары бир туюк жолго такалды. Айткандай акча, арак жана аялдын түбүнө жеткен эч ким болгон эмес. Бирок пендечиликке алдырып үчөөнүн түбүнө жетчүдөй жан үрөйбүз. Азыр айтылган үчөө менен оорубаган ким бар? Мына мен арактын артынан кубалап жүрүп тапкан пайдам. Чынын айтсам илгери акылман адамдардын айткандары туура «Алтын баштуу аялдан, бака баштуу эр артык» дегендей. Аялдын акылы барып туюкка такалаары турган иш. Эгер жанагы менин ишенип, ак сүйүүмду арнап алган аялым Сауленин акылы болгондо, ойношуна менин төшөгүмдү тебелетпейт эле. Менин үйүмдөн башка жата турган жер жок болуп калыптырбы? Эс болсо Сауле» Кемелбек келип калса, эмне болот» деп ойлойт эле го. Ошол окуядан улам мен аялзатынан көңүлүм калды. Албетте беш кол тең эмес. Анын сыңары жакшы аялдар бар. Аны танбайм. Бирок андай жакшы сапаттагы аялдардын катарын Саулеге окшогон деңгээли пас аялдар булгап атканын кантип тана алабыз? деп улутунуп алып кайра сөзүн улады. Иштеген жеримде жакшы баркым бар эле. Катынга тенелип арак ичип, бүт баарынан айрылдым. Башында кызымды сагынып куса болуп журом. Кийин бир таанышыма сырымды айтсам, ал адам мени карап :

«Ошончого барган аялың ал кызынды сенден төрөлгөнүнө көзүң жетеби»? деп сураганда гана менде чукул ой пайда болду да, ошол сөздү уккандан кийин кызыма карата сагынуу дагы жалп өчтү. Кайдан билем, кыз менден төрөлдубу же башка бирөөнөнбү. Ага чейин бул маселени деле оюма албаптырмын. Ушул сөзгө салыштырмалуу мындай бир сөз бар :

«Улуу жашап калган киши көрсөң салам бер, балким ал сенин атаң, ал эми өзүңдөн кыйла кичүү өспүрүм көрсөң башынан сыла, балким ал сенин балаң» деген. Бул сөз абдан туура айтылган.Нурлан, сен сөздүн маанисине түшүндүңбү? деп Кемелбек кулак салып отурган Нурланга карады. Нурлан өз төркүнү эмне жөнүндө болуп атканына терең маани берип, башын ийкеди.

 

Уландысы бар…

Досторуңуз менен бөлүшүңүз..........

КЫРГЫЗЧА САЙТ ⚜️