Зектин махабаты 1 бөлүм.

https://kyrgyzcha.site/?p=36917&preview=true Кызыктуу окуялар.

?

Зектин махабаты

 

1 бөлүм

 

 

Күздүн күнү Нурлан абактан бошонуп чыкты. Бирок абактан чыкканы менен «зек» деген атты өзү менен кошо ала келди. Негизи эле түрмөгө кесилип келген адамды өзгөчө союз убагында адамдар бир башкача көз караш менен карап, аяр мамиле жасашчу эмес беле. Нурлан абактан эркиндикке чыкчу күндү ушунчалык зарыгып күткөну ушул убакта түккө турбай калды. Беш жыл абактын тамагын ичип, абактын тартибине көнгөн Нурлан көптөн күткөн эркиндикке чыккан биринчи күнү эле ушунчалык моралдык жактан күтүлбөгөндөй сокку жеди. Эжеси Анипанын үйүнө барган.

Анипа жакшы маанай менен кабыл алганы менен, балдары боюн бербей оолактап, Нурланга жакын жолобой, өздөрүн алыс кармашты. Андан дагы кичүү жээнинин бетинен өпсө

– таяке, сиз экинчи мени өппөңүзчү деди. Ансыз деле өзүн ашык баш сезип аткан Нурлан эч жаман ой жок, – эмнеге мен сени өппөшүм керек. Сени жакшы көргөнүм үчүн өөп атпаймынбы!

Жээни Мирбек :

-Таяке, сиз түрмөгө жатып келген зексиз да… Сизге экинчи өптүрбөйм. Нурлан бул сөздү укканда башы айланып, көңүлү айнып, өзүн бир башка дүйнөгө келип калгандай сезди. Таяктын уусунан дагы сөздүн уусунан күчтүүлүгүн Нурлан эми гана билди. Чоң киши айтса дагы эч нерсе эмес эле, бул сөздү акылы али жетиле элек наристе Нурланга карата басым менен айтканы ушунчалык оор эле тийди. Чоң кишилер эле эмес, наристе ушул сөздү айтып атканда, Нурлан үчүн эми эркиндик, түрмө сөзү менен айтканда «воля», түрмөдө жүргөндөн башка түрдөгү кайтарууда экенин билди. Ушул наристенин сөзүнөн кийин өзүн өзү эң чоң күнөөкөр, экинчи сорт адамдай сезди. Үстүнөн муздак суу куюп жибергендей шалдырап эле туруп калды. Ушул минуталарда эч ким тааныбаган, эч ким билбеген жакка барып жашаш керек деген ойду ойлоду. Ой-санаа кандай күлүк. Аз убакыттын ортосунда көп нерсени ойлогонго жетишти. Эжеси Анипа баласы Мирбекти урушумуш болду.

-Кой, экинчи антип айтпай жүр, уят болот. Улуу кишини кантип ошентип айтасың.

Энесинин бул айткан сөздөрүнө Мирбек моюн бербей анан эмне өзү түрмөгө жатат? Качан мен Мирлан таякеме өптүрбөй атам. Ага жөн эле өптүрөм.

Кичинекей жээнинин такылдап сүйлөгөнүн уккан Нурлан «Баары бир каны башка да.» Жээн эл болбойт, желкеге Тон болбойт «деген сөз бекер чыкпаптыр. Эгер Мирбек байкемдин баласы болгондо мындай сөз айтмак эмес» деген ойго келип такалды. Бул айтылган сөздөрдү уккан Нурландын баятан бери түрмөдөн кийин биринчи жолу эркиндиктен ичкен тамагы кайда кеткенин билбей калды. Кап бул үйгө келбей эле койбой деп Нурлан өкүнүп дагы алды. Көз алдына түрмөдөгү чогу жаткан» хлебаштары» тартылды. Алар да воляга чыкканда, мен уккан сөздү угушат. Ошондо билишет түрмөнүн заркындысы воляда жүргөндө дагы залакасын тийгизээрин учу кыйры, жок ойлордун кучагына сүңгүп кирип, өзү менен өзү болуп, санаа чегип отурганда, сырттан орто бойлуу татынакай кыз кирип келди. Салам айткан жылдыздуу, сүйкүмдүү кызды көргөндө Нурлан жүрөгү бир болк этип алды Тахминанын Нурлан бир топко барып тааныды. Бир заматта өзүн жеген санааны сырттан кирген жездесинин жээни Тахмина каяккадыр кубалап салып, башка бир санааны Нурланга алып келди. Берилген саламды алик алып :

-Өзүң кандай, окуп атасыңбы? — деп сурап ийгенин Нурлан өзү да билбей калды. Эх, сүйүүнүн күчү. Билинбегени менен кандай күчтүү. Томсоруп олтурган Нурландын бир заматта өңү өзгөрүлүп, жүзүнө күлкү кирди. Тахмина жагымдуу назик үнү менен :

– Ырахмат, жакшы. Өзүңүз кандайсыз? Биротоло кутулдуңузбу?

Тахминанын акыркы айткан сөзү кайра Нурландын ички жаратын козгоду . Бирок эч сыр бербей :

-Ооба, буюрса кутулдум…. Андан ары Нурлан сөз таппай калды. Тахминанын акыркы айткан сөзүнун түпкүрү эле барып, жээни айткан «зек» деген сөзгө такалды. Тахминанын айткан сөзү зектиктен кутулдуңбу деген маанини бергендей болду. Көздөрү бакыракай, бой келбети келишкен, өзүнүн боюна жарашыктуу кийинген, коңгуроо үндүү, жаңы бой тиреп келаткан Тахмина жеке эле Нурландын көңүлүн өзүнө бурастан болгон эркек жанды караткандай чыйралуу, көздүн жоосун алган аны жөн эле эркектер кылгыра карашат. Нурландын оюу тумандап, жүрөгү бир башкача согуп, Тахминаны тике карай албай сүрдөп дагы кетти. Бирок кыздын акыркы берген суроосу Нурланды жүрөгүн өйүп, эмнегедир өзүн Тахминага тең эместей абалда калтырды. Түрмөдө жүргөндө өзүн кандай алып жүрчү эле. Эч кимден тайманбаган, ал турсун менттер дагы тиктеше келгенде Нурландан тайсалдап, көздөрүн тартып алчу. Ал эми азыр Нурлан өзүнөн беш жашка кичүү кызды тике карай албай, сүрдөп, сөз таба албай тайсалдаганы эмненин күчү экенин Нурлан дароо билди. Кап! Өзү ойлогондой бул үйгө келбей эле, өзү менен чогуу чыккан хлебашы менен кеткенде, жээни жүрөккө тийген сөзүн укмак эмес дагы, Тахминаны көрмөк эмес. Баарына бир аз гана убакыт түрткү болду. Бир сааттан ашык убакыт өткөндө, Тахмина инистутуттун жатаканасына кетти. Узатып чыккан Нурлан кызга ылайыктуу сөз деле айта албады. Албетте буга дагы түрмөнүн заркындысы зыянын тийгизди. Сөз сүйлөсө эле, Тахмина түрмө жөнүндө сурап жибереби деп, эч сөз сүйлөгөн жок. Аялдамага чейин узатып келип:

«Келип тур, Тахмина» деген гана сөздү араң айтты. Бул сөздү айтып алып, дароо артын ойлоду. Дагы эмне деп айтып ийет дегенсип, Тахмина жагымдуу жылмайып :»Макул, келип турам» Нурландын ички дүйнөсүн, оюн билгенсип, ашыкча сөз сүйлөгөн жок. Бирок кыз Нурландын абалын түшүндү.Ал турсун өзүн жактырып калганынан бери билди. Тахмина машинага түшүп кеткенде, Нурланга аалам тар болуп, дароо көңүлу чого түштү. Күүгүм кирип көз байланып калганга чейин Нурлан эч максатсыз басып жүрдү. Күлүк ойдун кучагына сүңгүп кирип көз алдына Тахминанын ар бир кыймылы тартылып, таттуу кыялга батты. Боштондуктун абасынан кере кере жутканы менен, көңүлү түпөйүл абалда калды. Буга жээни Мирбектин айткан сөзү түрткү болду. Эгер жээни зексин деп айтпаса, анда өзүн эркин сезип, башкача ойлонот беле… Баары бир мени Тахмина теңине албайт. Эмне үчүн башта муну ойлонгон жокмун. Жарык дүйнөгө берилген өмүрүмдүн беш жылын камакта өткөзгөнүм аз келгенсип, кандай жагымсыз сөздү өзүмө жабыштырып алдым. Ушул зек деген сөз үчүн кыздар дагы мени теңине алышпайт эми. Жакшы болуш аста-аста жаман болуш бир паста деген кандай турмуштан таамай алынган . Мына эми мен жаман зек деген сөздү өзүмө чаптап алып, эми жакшы, жакшы деген сөздүү болуш үчүн канча убакыт, канча эмгек керек. Кайран өмүр. Беш жыл убакытта элдер жогорку билим алганга үлгүрсө, а мен болсо беш жылда эң төмөнкү сапаттарды :чылым чеккенди зектерге тиешелүү жаман сапаттарды алдым. Макул, мен ал жактан онолуп чыккан күндө дагы мага эми ким ишенет. Нурлан өз оюу менен алышып, максатсыз басып жүргөндө оюн эжесинин үнү бузду.

– Нурлан! Бас үйгө, жездең келди, деп чакырды. Эжесинин бир башкача караганын Нурлан светтин жарыгынан даана көрдү. Бул көз караштын артында убагында бекер кылгансың баарына өзүн күнөөлүсуң деген сөз жаткан эле. Нурлан калп күлүмүш болуп, мына азыр эже. Артыңыздан барып калам, деди Нурлан күркөнү көздөй тамеки алганы басты. Нурлан абактан бошонгону арадан бир ай убакыт тез эле билинбей өтүп кетти. Бул күндөрү Нурлан абактан бошонгону менен сүйүүнүн туткунуна кабылып, андан чыга албай эзилип келет. Жок дегенде сүйөм сени деп айтпаса дагы Тахминага жолугуп, анын дидардын бир эле жолу көрүп койсо, ошого каниет кылат эле. Абакта жатканында тааныштары абалын сурап келгенде, өзүн кандай жеңил сезсе, эми Тахмина көзүнө бир көрүнүп койсо, өзүн бир кыйла жеңил сезип каларын билди. Ооба бир кезде мектепте окуган кичинекей кыз, ушунчалык азапка салат деп Нурлан эч ойлогон эмес эле. Андан дагы ата энеси Нурланга:

-Эми үйлөн. Эгер сен үйлөнбөсөң, дагы тентек, тартипсиз бирөөлөргө кошулуп, бизди сыздатып кайра түрмөгө түшүп каласын, деп күнүгө мээсин жей башташты.

Беш жыл ичинде Нурлан кимдин ким экенин айрып билди. Жанындай көргөн достору абалын сурап, абакка бир, болбосо эки жолу барып коюшканы болбосо, башка басып барышкан жок. Атасы менен апасы гана абактын эшигин сагаалап, жер алыс болсо дагы жылына төрт-беш жолу барганда, Нурлан чын жүрөгүнөн ата-энесин аяган эле. Эми дагы ата — энесинин көңүлүн кыя албай, үйлөнөм же үйлөнбөйм деп айта албай абдан кыйналды. Эгер абакка барып зек деген атты өзү менен кошо ала келбегенде, Тахмина менен эч тартынбай сүйлөшүп, эмдигиче үйлөнүп алат беле… Эгер Тахминаны кыргызчылыкка салып ала качып келген күндө дагы анын алдында өмүр бою күнөөкөр болмок. Анан дагы анын жагымсыз сөзүн уккусу келген жок. Идиш аяк кагышат, эрди катын урушат дегендей, бирде болбосо бирде Тахмина :

Сен ким элең керек болсо сен менин ички сезимим менен эсептешпей туруп ала качып алгансың. Сен кесилип келген адамсың. Сен менин теңим эмес элең жеген сөздөрүн айтса, анда кандай болот. Жок дегенде анын дагы мага көңүлү болсо, анда сөз башка эле.

Баарын текши ойлогон Нурлан акыры убакыта такыр эле түнт болуп, өзүнчө жалгыз жүргөндү адатка айлантып алды. Ата- эненин айткандары эп. Албетте абакта жатып келген адамдын ишенич кайтып калат эмеспи. Түрмөнүн заркындысы өмүр бою жүрөктө каларын Нурлан убагында анча танаазар алган эмес. Убакыт өткөн сайын калыс басып алган изине өкүнүп аткан кези. Бирок өткөн ишке өкүнгөндө эмне пайда. Түн бир оокумга чейин ойлонуп, көзү илинип кеткенде гана Нурлан учу- кыйры жок ойдун кучагынан бошоду. «Уйку — жарым өлүк» дегендей, эч нерсени сезбей уктаган Нурлан эртең менен кобурашып сүйлөгөн үндөн улам ойгонуп кетти. Бул убакта сааттын жебеси жети жарымды коргозуп калган эле. Ордунан шайдоот турган Нурлан кечинде ойлогон оюн иш жүзүнө ашыруу үчүн шаарга барып, Тахминага жолугунуу ачык сүйлөшүп келүүнү алдына максат кылып койгон болчу. Эртең мененки чайды ичкенден кийин сыйга кийген кийимин кийип , апасын ички үйгө чакырып :

— Апа мен шаарга барып келейинчи. Эгер оюм ишке ашып калса, келинчек алып келем . Эч кимге айтпаңыз. Оюм ишке айпай кала турган болсо, анда мени мындан кийин үйлөн деп кыйнабагыла. Иш жок бош жүрүш дагы мен үчүн ыңгайсыз болуп атат. Иштеп дагы акча тапсам болот эле. Атам экөөңөрдүн жакшы эле кыйнадым. Нурландын чечилип сүйлөгөнүнө апасы Батма таң калган түр менен карап

– Балам, сен көп капа болбочу баары буйруктан да. Сен деле атайын кылмыш ишке барганың жок. Баарына жанагы арак күнөөлү эмеспи. Сени үйлөн деп кыйнаганыбыздын жөнүн туура түшүн. Үйлөнсөң аялыңа карап алаксып кетээр деген эле ой эмнегедир сен баш алгыдай эмессин. Көп ойлонбочу, атаң экөөбүз сени түшүнөбүз. Аны коюп жол кирең барбы? — деди Батма апа. Нурлан апасын ан акча сурай албай аткан эле. Эми акча сураганга мүмкүнчүлүк болду.

– Апа, Чынын айтсам сизден акча сурай албай аттым. эле. Өзүмдө азыраак акча бар. Бирок шаар жергесинде акчасыз басып жүргөнгө болбойт эмеспи. Аны өзүңүз деле билесиз. Эгер көздөгөн кызыма жолугуп калсам, иш оң жагына оосо, такси менен алып келем. Бирок таксинин акчасын үйдөн төлөйм деп айтам таксиске. Сизде акча барбы анан? Батма апа сүйүүнүп

– Ооба акча сенден айлансын. Атаңа билгизбей катып койгон акчам бар. Ме сага бул акча жетеби? — деп акча сунду. Нурлан арасынын колунан акчаны алып, эмне деп сөз айтаарын билбей калды. Үйдөн чыгып түз эле аялдамага келди да, шаарга кетүүчү автобусту күтүп калды. Болгону Тахминанын акыры көз карашынан үмүт кылып, баарын тобокелге салып, шаарга баратат. Түрмөдө жатканда дагы мынчалык ойлогон эмес эле. Башы кадимкидей улукулдап ооруп чыкты «Үйлөнөөрүн үйлөнөм, бирок аны кантип багам, кантип окутам? Өзүмдүн жумушум жок болсо?» деп бул жагы ойлоду. Баарына кол шилтеп салайын десе, жүрөгү өзүнө тынчтык бербей, баарын тобокелге салганга туура келди. Тахминаны унутууга такыр жол жок экенин Нурлан канча убактысын коротуп ойлонуп жооп таба албаган соң билди. Сүйүүнүн туткуну, азабы баары бир кыйнай берерин ойлоп, эң акыркы мүмкүнчүлүгү Тахминага жолугуп баарын ачык айтуу, андан башка айла жоктугун билип, анан ушул жолду тандап алып, шаарды көздөй бет алды.

 

 

Уландысы бар…

Досторуңуз менен бөлүшүңүз..........

КЫРГЫЗЧА САЙТ ⚜️