Заманбап келиндер …..3-акыркы бөлүмү

https://kyrgyzcha.site/?p=65143&preview=true Кызыктуу окуялар.

Заманбап келиндер …..3-акыркы бөлүмү

Кээде туруп заман кайда баратат деп ойлойм.Биздин чоң энелерибиз, апаларыбыз,аталарыбыз бактылуу карылыкты көрүп,сый урматта төрүбүздө отурушат.А бизди кандай карылык күтөт болду экен?Балким биз карыганда ,ыссык чайды кандайдыр бир европалыктар ойлоп тапкан робот берип жүрбөсүн?.Келин кыздарыбыз биз көргөн күндү көрбөгөнүнө, биз жасаган иштерди кылбаганына кубанабыз,бирок баарибир күндөн күнгө илим техниканын өнүккөнү өкүнүчтүү… Адамдын мээримин,жылуулугун сезбей калабызбы деп корком.

-Ата биз Сургутка барбайбыз,Москвага эле барабыз.Сургутта аба ырайы суук,келиниңиз ал жакка көнө албайт.

-А сен Москвада эмне жумуш кыласың?

Эрте менен ата баланын маеги ушинтип башталды.Байзатты кучагыма кысып,сүтүн берип отургам,унчукпадым. Ата баланын сөзүнө кийлигишким келбеди.

-Официант болуп иштеген досторум бар.,

Пример HTML-страницы

-Хм,менин уулум официант болуп иштейт бекен…

Колундагы китебине үңүлүп отурган Залкар мыскылдап жаткандай сүйлөдү

-Байзатты да алып кетесиңерби?

Мен эмне дейт экен деп Айдайга суроо бердим

-Апа ,ал жакта кыйналабыз го бала менен,сиз карап турсаңыз акча салабыз да ,.—Айдай чай куйуп жатып жооп берди

-Азаттын окуусу эмне болот?

-Атам сүйлөшүп коёт да!

Ар дайым атасына ишенген Азат бул жолу да ишенимдүү үн катты

Биз эмне дейт элек?Азыр жаштардын айтканынан кайтарыш кыйын экен .Анын үстүнө Залкар экөөбүз тең жаш эмеспизби?Менин неберемди карап алганы алы күчүм жетет.Азырынча мейли,булар айткандай болуп турсун,кийин убакыт көрсөтөт.

Азатты жөнөткүсү келбей кыйылып турган Залкар,менин сөзүмө эле макул болду. Экөөнү ээрчитип барып билет алып берип,үч күндөн кийин Москвага узаттык.

Москва келгиндердин шаары…Бакыт ,акча,бийлик, жыргал жашоо издеп келгендердин шаары.Ал шаарда күндүн жанынан жылуу орун алуу үчүн бири биринен өтүүгө,бири бирин түртүүгө даяр турушат.Ал жерге максатсыз келген адам аз.Албетте туристерден башка.Алар деле Кремльди көргөнү келишсе керек.

Ар бир адам ал шаарга бараарда бир нерсени максат кылып,ошону көздөп барат.Алар ошол максатка жеткиче жанын үрөп,убакытка, оорууга алдырбай,баш бербей кыймылда болушат.Ал шаарга иштер менен кээ кээде барып турам.Москва уктабайт.Күнү түнү жашоо айланып турат.Метрого түшсөң эрте кеч элдин көптүгүнөн башың айланат.Адам эмес эле робот болуп калышкандай. ..Бир топ ары баратса,бир топ бери басышат.Баарынын көздөрү айнек сымал.Бопбош. Эч нерсе окуй албайсың . Бирөө бирөөгө көңүл бөлбөйт.Өздөрүнүн ойлору менен алек.Жергиликтүү эл,эптеп күн кечтеп үйгө кайтсам деп ойлошоттур, келгиндер качан ,кайсы күнү Мекенибизге кайтабыз деп ойлошот,же качан күз,жаз,кыш келет экен дешсе керек…Кызыксыз ,кунарсыз жашоонун да аягы болот эмеспи…

Турмуш аты айтып тургандай эле,Тур-Муш жейсиң.!Жаштар эмнеге шашылат түшүнбөймүн. Турмуш бир бетиңе урса,экинчи бетиңди тосуш керек . Ошондо анын соккусун чыдамдуулук менен жеңип,татыктуу жашоого жетишесин.Азыркы эркектер да,аялдар да ,турмуш бир бетине урганда эле артка карай кадам шилтешет.Экинчи бетин тосконду аз эле адам ойлойт.Калгандары жанын ооруткусу келбейт .

Турмуштан ажыраган, жыйырма үч жашка чейинки,кээ бир келиндерди көрдүм.Баары эле көрсө керек.Алар көп да.Сулуулук, жаштык,түрлүү түрлүү кийимдер,акча, эркиндик ,аларда баары бар.Жашоо ушулар менен гана чектелген деп ойлошот.Алар менимче он жылдан кийинки жашоосун Анджелина Джолиникиндей элестетишет. Сүйүктүү жолдошу,таттуу бөбөктөр,заңгыраган ак өргө,чет элдик машиналар… Кыялында жашаган үчүн,аларга жөнөкөй жигитке турмушка чыгып,мээримдүү эне,сүйүктүү жар болуп айылда отурган кызыксыз. Алар өздөрү акча таап,баарына жетишем ,келечек менин колумда деп ойлошот.Бирок мээде эч нерсе жок болсо,акчанын оордун табыш кыйын экендигин билишпейт.Айдай да ошондой аял затынын катарына кирет эле.Жалгыз эрке келин болуп,үйдө отурган ага жакпады.Көнгөн Москвасына барып,мурдагыдай акча кармап,кенен жүргүсү келди.Эгер Азаттын жашы бир топ улуу болгондо,экөө эч кайда барбай,бактылуу жашап калышмак.Уулум өзү жаш бала да….

Арадан бир ай эмес, бир жыл өтүптүр…Кээде күзгүдөн жүзүмө тигилип,өзүмө өзүм кайгылуу көздөрүм менен жылмайып аламын.Капкара чачымда бир эки ак чач болсо,эми саамайым билинбей эле агара баштагансыды. Көзүмдүн асты бир аз карайып,чарчаганым жүзүмө чыгып тургандай.Ананчы? Жаңы төрөлгөн баланы ,эмчектин сүтүсүз бир жашка чыгаруу да оңой иш эмес экен.Бирок эми гана оордуна тик туруп,каз каз басууга даяр болуп калган Байзатты көрүп,уйкусуз түндөрүм,кыйналган күндөрүм эсимден чыгат.Залкар экөөбүз үчүн бакыттын кушу жаңыдан конгондой… Башта ,кээде сүйлөшөөргө сөз таппай калсак,азыр сөзүбүз,күлкүбүз түгөнбөйт.Албетте неберебиз жөнүндө!Анын күлкүсү,кыймылы, кылыктары,деги койчу баары баары бизди айтып бүткүс керемет бакытка бөлөйт.Баарын унуттурат.Азатты гана ойлоп кээде кабатыр болбосок,Айдайды эстебейбиз .Алар өздөрү бир айда бир коңгуроо кылып коюшат.

—Маам,мен жакында барам!

Эрте менен шыңгыраган телефонду көтөргөндө эле Азаттын үнү угулду.Жылмайып алдым.»маам» деген сөздү көптөн бери уга элек элем.

-Айдайчы?

Кече эле телефондон сүйлөшкөнбүз. Уулум бир нерседен кабатыр болуп тургандай сууз сүйлөгөн эле

—Биз көптөн бери чогуу жашабайбыз. Кече кийимдерине келгенде силерге чалганбыз.Ал Туркияга кетип жатат.Түрккө турмушка чыгат экен.

Эч нерсе болбогондой жай сүйлөшүп жаткан уулума таң калдым

—Сенчи?Байзатчы? Байзатты алып кетет бекен?

Мен неберем үчүн чоочулап турдум.Аны азыр эле бирөө кучагымдан жулуп качып кете тургансып боорума кыстым

-Байзатты талашпайм деп тил кат жаздырып алдым.Кыргызстанга бир айдан кийин келет.Ошондо загсты кыркабыз….. ..Азат көпкө унчукпай ойлонуп туруп калды.Менин жүрөгүм сайгылашып кетти.Уулума боорум ооруду.

—Мааам…

-Мммм-мен бул сөздөн кийин сөзсүз бир нерсени сунуш кылат го деп ойлоп турдум

—Мен үйлөнөм!Ал жакшы,көрөсүз го сизге жагат!Биз болгону кеч жолуктук да!!

Азат жалынычтуу үнү менен кайрылды

—Чачы сары эмеспи?

-Жок капкара

-Селфиге түшкөндү жактырат бекен?

—Азыр баары эле түшөт го апа!—Азат күлдү

—Ал китеп окуйт …

—Качан келесиңер?

—Жакында апа жакында!

Мен телефонду өчүрүп көпкө чейин жылмайып жүрдүм.Жашоо кызык ээ?Ажырашса эле болду.Аял да,эркек да даяр.Жакын эле курбум,уулун ажыратып,бир ай өтпөй үйлөп койгондо таң калган элек.Эми ошол нерсе өз башыма келип отурат.Азыркы жашоодо бирөөгө таңыркаштын деле кереги жок.Башкалардын башына түшкөн түйшүк,бат эле өз башыңа келип калат.

Арадан бир жума өтүп өтпөй,эрте мененки саат беш алтыларда эшиктин коңгуроосу узакка кагылды.Залкар экөөбүз сен ач,мен ач болуп жатып,ал туруп ачканы чыкты

—Гүлжан,коноктор келди!—ким болду экен деп тыңшап жаткам.Сырттан Залкардын үнү угулду.Оордумдан туруп,жеңил халатты үстүмө жаап сыртка чыктым.

Уулум кучагыма бой таштап ,беттеримден өөп жатты.Бою өсүп,бир аз денесине толуп,токтонуп калыптыр.

—Таксиде келиниңиз отурат.Биринчи сиздерди ойготуп,анан алып кирейин дедим.

Бул жолу көңүм жай эле.Оюмда эч кандай терс ойлор болбоду

—Тезиреек чыгып алып кир,аны сыртка койбой өзүң менен алып келсең,биз бир нерсе демек белек?

Азат чыгып кеткенден кийин,Залкар экөөбүз шашыла үй кийимдерибизди кийдик.Сандыктын эң төрүндө турган үлпүлдөк жолукту сууруп алдым.

Босогону аттаганда эле,уялыңкы жер тиктеп турган кара тору кызга ичим жылып турду.Саламдашып, ичкериге киргиздик.Башына жолукту салып,бетинен өөп койдум.Жылмайганда чыккан уячасы анын сулуулугуна сулуулук кошуп турат экен.Аңгыча ичкериден Байзаттын ыйлаган үнү угулду.Азат шашыла басып кирип,уулун колуна көтөрүп чыкты.Жарыка чыккан Байзат көздөрүн укалап,эки жакты кызыга карады.Кучагын жайып жылмая караган жаш келинге Байзат да бой таштады.Алар көптөн бери көрбөй сагынып калган эне баладай бири биринин мойнунан искеп турушту.Бул көрүнүшкө Залкар экөөбүз тең кубанып,ичтен ыраазы болдук.

Учурда Азат шаарда чакан клиника ачып,тиш дарылайт.Келиним Кундуздун биринчи турмушунан кызы бар.Биз менен чогуу жашайт.Алдырып алганбыз.Сеники, меники дебестен неберелерибиздин баарын бирдей жакшы көрөбүз.Асема менен Байзат биринчи класска барышат.Бир туугандай дайыма ээрчишип жүрүшөт.Кундуз дагы деле ошол биринчи келген күндөгүдөй жылмайганы жүзүнөн кетпейт.Анын уячасын Залкар экөөбүз тең жактыра карайбыз.Ал дагы кош бойлуу.Үчүнчү неберебизди күтүп жатабыз.Кудааларыбыз узаакта жашагандыктан, эки үч айда бир келип,же биз барып турабыз.

Айдай ошондо бир келип,официалдуу түрдө ажырашып кеткенден бери кабар жок.Туркияга кеткени эле маалым,эмне болгонун эч ким билбейт. Ата энеси небересине келген жок.Биз да эстебедик.

Жашоо ар кыл кырдаалдарга карап эмес,адамдарга карап өзгөрөт экен.Аз эле убакытта биздин үй бүлөдө күтүлбөгөн, түшкө кирбеген окуялар болуп кетти.Эң негизгиси азыркы жаштардын талабына ылайыктуу кайын эне болгонду үйрөндүм.Анча мынча кемчиликтерге көз жумуп коём.

Заманбап келиндердин жашоосуна,өзүмдүн келиндик доорумду,жана башка ошол кездеги мен курактуу келиндерди теңей албаймын. Ал башка заман,азыр башка заман.Азыркы келиндердин, дили таза,тили ширин,мүнөзү жумшак , мээримдүү болсо эле жетиштүү экен.Калган үй жумуштарын техника жасайт.Балким мен айткандай биз карыгыча келиндин кызматын аткара турган робот чыгып калаар…Интернет менен алаксып отурган келин кыздарыбызга калакыт бербей,жумшак отургучта отуруп алып,пульт менен үй кызматчы роботту жумшап калсак экен…….

 

Аягы…

Досторуңуз менен бөлүшүңүз..........

КЫРГЫЗЧА САЙТ ⚜️